Мен бул тууралуу эч кимге айткым келген эмес, жана да башка кайталанбайт деп ойлогом. Бирок бул кайталанбай улам улам кобоюп жатат. Таятам менен таенемдин колунда чонойгом. 2010 жылы таятам дуйно салды. Таятамдын эн суйуп мээримин салган небереси мен болгом. Ким билет балким дуйно салып баарыбызды таштап кетээрин сезсе керек мен мектепке кийим кылганы шаарга Бишкеке келгенимде ыйлап жатып мени чакыртып алган болчу бир жарым айдай карадык. Окуу ачылганда таятамды узаттык (жаткан жери жайлуу болсун) туну менен жанында жалгыз калтырбай олтурганбыз.
Мени жакшы корорун баары билишчу (андыктан) сен да кир деп жаштыгыма карабай олтургузуп коюшкан эстесем дагеле коз алдымда жатканы. Ошол убакта жаш болгон экенмин ыйлаган деле эмесмин аттин билсемчи ушунчалык ал адам турмушта мен учун чон жоготуу болоорун. Оор кун да отту адамдар улам келип кеткенден кобоюп кыркы да чыкты таенем шаарга кыздарыныкына кетип калды. Мен учун жашоо суз болуп баратты таятамды сагынып анын жаткан жерине жатып алчымун. Ошентип журуп чыдай албай мен да таенемдин артынан шаарга кетип калдым. Ошол бойдон мен ал уйго барбадым артка бир карабай жашоомду улантып келем. Бир убакта бактылуу болгон кичинекей уйубуздун коломтосунда да от очуп азыр ар кимибиз ар жакта. Дегеним таенем башка мен башка таятам да башка жакта. Алардын колунда оскондуктон менин уй-булом ошолор болчу. Убакыт отту таятам алгач тушумо бат бат кирип журду мен тушум экенин билсем да кыйкырып ыйлап артынан кууп жоночумун мени неге таштап кеттин сенсиз жашоо кыйын сени сагындым бир кучактайынчы деп ыйлап артынан калбай баратып ойгонуп кетчимун. Ошентип журуп тушумдон да качырдым окшойт кирбей калды... Бирок ошол уй тушумо кирген сайын мен жаным кетип алсырап ужас киного тушкондой абалда боло берем. Ошол таятам жаткан уйдун ичинде калып кетем ал учурда алсырап жаным кетип басырык баскандай болуп жатып ойгонуп кетем. Бул бир эки жолу эмес коп жолу болуп келет. Мен бул коркунучтуу абалдан кантип чыксам болот? намаздан сон дайым дуба окуйум, кээде кураан да окуп турам. Бирок ушул койгойдон ары албай журом. Ошол уй, ошол уйдун чарбагы да менин тушумдо ушунчалык кыйнайт. Озум билген бир версия бар балким ушунун айынанбы деп да ойлоп калам. Тайкем (апамдын иниси) сени окутам шаарга да башка жака да барбайсын деп мени кочого да чыгарчу эмес эле. Шаарга жоногонумдо каршы чыккан бирок апам айтып алардын кал дегенине карабай жаштык кылып шаарга кетип калгам. Бугунку кунго чеин ыраазыбы нараазыбы менин кабарым жок балким ушунданбы деп да ойлоп калам. Чынын айтсам абдан кыйналып кеттим ушундай туштордон.
Бир жагынан жадасам бир жагынан коркуп кетем
#1 28 January 2015 - 19:46
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#2 28 January 2015 - 21:52
Сиз озунузду куноолу сезип, ичинизден сызып, кыйналып коп ойлонот окшойсуз. Ошондуктан жаман туш коросуз. Балким таятанызды сагынып ал жонундо коп эстеп арбагын кыйнап жаткандырсыз.
Мындан да болушу мумкун. Тушунузго кирген куну жыт чыгарып куран окутуп койсонуз жакшы болуп кетээр. Анан дагы мумкунчулук болсо таятаныз менен чогу жашаган уйго барып келсениз женилдеп калаар белениз.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#3 28 January 2015 - 23:30
Таятаңыз мн чогуу жашаган үйгө барып, ал үйдү жыйнап тазалап, ысырыктап куран окутуп кошуналарды,
аксакалдарды чакырып койсоңүз да болот. Көбүнчө жаман туш көргөндө ушинтишет да. Куран окутуп койсоңуз балким арбагы ыразы болоттур. Жаткан жери жайлуу болсун.
#4 29 January 2015 - 01:10
Менде да ушул көйгөй,мен окуган мектебим түшүмө киргенде эле ушинтип басырык баскансып өтө кыйнала берем. Окуп жүргөндө мектептин ээси ак эчки,ак киши деп укмуш окуяларды көбүртүп жабыртып айтышчуазыр түшүмө кирип кыйнайт мектебим.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#5 29 January 2015 - 02:17
Менин түшүмө эле кирет экен десем элдерге да кирет экен да тобоо. Биз айылдагы үйдү таштап шаарга көчүп келе бергенбиз. Ошол үй дайым түшүмө кирет, эки үч күн ойлонуп жүрө берем. Не болду экен деп кыжаалат болуп. Автор таятаңызды көп ойлонбоого аракет кылыңыз, башка жакшы ниет коюңуз. Антпесеңиз өзүңүздү өзүңүз жеп түгөтөс.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#6 29 January 2015 - 02:33
Молдолорго айтып жоорутуп алыныз коркуп калган да окшойз дем салдырып алыныз
#7 29 January 2015 - 03:07
Мындай нерселер менде еле десем, башкаларда да бар екен да. Менин да сиз сыяктуу Жан дуйном кыйнала берет,бирок менин койгойум Башкачараак.
Мен да кантип ушул нерседен арылаарымды билбей келем коп жылдан бери. . .
#8 29 January 2015 - 09:45
Убакыт отуп баары оордуна келет деп ишендирип кете алам. Мумкун болсо таятанызга багыштап коп-коп Куран окуп журунуз...шартыныз болсо ошол айылдагы уйунузго барып тазалап ирээттеп ал жакта да Куран окутуп келсениз дурусураак болот. Эн негизгиси сиз булар жонундо коп ойлоно бербей келечек жонундо ойлонууга аракет кылыныз. Себеби кундузу эмнелер жонундо ойлонсонуз кобунчо тушунузго ошол окуялар киришет.
#9 29 January 2015 - 13:40
Менимче сен таятаңды көп ойлоп унута албай жатасын. Ошого түшүңө көп кирсе керек.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#10 29 January 2015 - 18:22
Тай атаңдын уулдары барбы? Бар болсо,коломтосун өчүрбөй сактап калса болмок экен. Бизде да ушул көйгөй,мамамдан калган үй бар,эми ошону эжем саты, бөлүп алалы деп жатат. Иним экөөбүз канча чырылдап жатсак да укпай жатат. Мамам баарыбыздын түшүбүзгө кирип,сатпа,
буга бер деп жатат. Аны эжем укпайт...
#11 29 January 2015 - 18:27
Негизи уч уйубуз бар. Экоосу чон бироосу кичинекей эки болмолуу, мына ушул эки болмолуу уйдо биз учообуз турчубуз. Ал уйдо эч ким жашабайт азыр. Эшигин жаап оздору чон уйдо жашашат. Билбеймин себеби эмнеде ошол уй-огород кирсе эле мен учун ужас кино башталып андагы жетрва болгон каарман озум боло берем. жадап кеттим. Кайталана берет таятам эмес уй кыйнап кире берет...
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#14 13 February 2015 - 10:39
Андай тушторго маани бербей эле коюнуз. Анткени козу отуп кеткен жакындарыбызга биз, бир гана куран окуу менен дуа кылуубуз керек.
Ата-Эненин мээрими башкача болот. Мен дагы таята, тайэнемдин тарбиясын коруп чонойдум. Алар мен учун улгулуу уй-булоо болушчу. Экоо бири-бирин сыйлап, аярлап мамиле кылышчу. Тайэнем, "Атандын жакасы кирдебесин, кийимин ойдо койгула, тамагын таптап бергиле" - деп Таятама жылуу мамиле жасаар эле. Озгочо 9-май куну атамдын ордендерин тагып, жакшынакай кылып кийгизип, ардагерлердин чогулушуна узатып, келгенде кандай барып-келгенин сурап, баарлашчу. Азыр ойлосом экоо тен абдан маданияттуу экен.
Коздору отуп кеткенине 17 жыл болду. Бул убакытта мен айылга бир эле жолу барып-келдим. Чынында турмуштун агымы менен ар ким оз уй-булоосу менен алек.
Автор, сиздин милдетиниз болгону куран окуп, Таятаныздын жакын адамдарына жакшы мамиле кылып, келечекке карай умутулунуз.
Бактылуу болунуз!

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#15 13 February 2015 - 11:41
Жооптор учун ыраазычылык.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#16 19 February 2015 - 02:25
Менде да ушул көйгөй,мен окуган мектебим түшүмө киргенде эле ушинтип басырык баскансып өтө кыйнала берем. Окуп жүргөндө мектептин ээси ак эчки,ак киши деп укмуш окуяларды көбүртүп жабыртып айтышчуазыр түшүмө кирип кыйнайт мектебим.
Самовнушение.
Не всегда можно избежать в жизни жестоких испытаний и поражений. Но колесо судьбы крутится…
#17 19 February 2015 - 05:43
Суф куф кылдырып бер озуну.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!

Супер-Инфо
super.kg
видео