Суперстан: Кош бойлууларга кеңеш - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (629 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 118
  • 119
  • 120
  • 121
  • 122
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш

#2381 Пользователь офлайн   Lilia11   27 Январь 2015 - 07:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 284
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2017 20:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Saulen (27 Январь 2015 - 01:23) жазган:

Салам кыздар. бизге да буйруса 39 неделядан ашып калды,срогум 3-февральга берген. жакындаган сайын коркуп жатам. толгоонун признактары кандай болот,анан кандай аракеттерди кылыш керек толгоо учурунда и торот маалында эмне кылыш керек...ии ушуга окшогон сансыз суроолор ойлондурат да. тороп башынан откондор жооп берип,кенешинерди айтсанар пожалуйста


Менин сизге кенешим. Толгоону болушунча бышырып, анан барыш керек. Толгоо-табигый корунуш бел табарсык тартып ооруйт. Белди ушаласа майдай жагат да. Торотунузго апанызды киргизбениз. Анткени сизди экинчи жолу торогондой эле болуп калат. Толгоо маалыгда ысык ысык чай ичуу керек. Коп бакырып окуруп кучту кетирбегенге аракеттенуу керек. Кучон келгенде ыйынып баланы чыгарууга да куч керек болот. Аман- эсен коз жарып алыныздар кош бойлуу айымдар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2382 Пользователь офлайн   Ulutum_Kyrgyz   27 Январь 2015 - 09:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 15 Август 12
  • Соңку аракети: 04 Фев 2022 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где моя Звезда.

Saulen (27 Январь 2015 - 01:23) жазган:

Салам кыздар. бизге да буйруса 39 неделядан ашып калды,срогум 3-февральга берген. жакындаган сайын коркуп жатам. толгоонун признактары кандай болот,анан кандай аракеттерди кылыш керек толгоо учурунда и торот маалында эмне кылыш керек...ии ушуга окшогон сансыз суроолор ойлондурат да. тороп башынан откондор жооп берип,кенешинерди айтсанар пожалуйста
бир палец 2см ,2саатта ачылат,ошондо 5палец ачылышы керек,5*2саат=10сааттын ары бериси,биринчи торот 15-18саат толготушу мумкун.Аман эсен бошонуп алыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2383 Пользователь офлайн   bikusim   27 Январь 2015 - 10:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Тунку саат 12лерде толгоом башталып, саат 3 торогом. 3 саат эле толгоо тарткам. Аявай оной торогом. Кудай онунан берип. Баарынар аман эсен тороп алгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2384 Пользователь офлайн   Saulen   27 Январь 2015 - 14:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 192
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Фев 2017 21:02

Рахмат,айтканынар келсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2385 Пользователь офлайн   Begimkyz   27 Январь 2015 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

БОЛОЧОК ЭНЕЛЕРГЕ ТАМЕКИНИН ЗЫЯНЫ....
Эненин тамеки тартуусу ичтеги түйүлдүккө чоң терс таасирин тийгизет. Энеси тамеки тарткан учурда, түйүлдүк никотиндин бир бөлүгүн кан аркылуу алат да, натыйжада өлүк болуп төрөлүшү ыктымал же башка дени сак төрөлгөн балдарга салыштырмалуу өнөкөт бронхит, өпкөнүн сезгенүүсү, аллергия же кан тамыр оорулары менен көп оорушу мүмкүн. Ошентип, өзүн-өзү алдап мээни тынчытам деп тамеки тарткан эненин организмине таза аба жакшы жетпей, өпкөнү катырып, бала абага муктаж абалында төрөлөт.

Тамекини тарткан учурда организмде 800 гө жакын зыяндуу заттар пайда болот. Аммиак, ис газы, концерогендик заттар, түтүн, никотин ж.б.. Тамеки тартуудагы дагы бир опурталдуу жагдай - тамекини тартып жүрүп өпкөгө, жалпы эле организмге таза аба жакшы жетпей, мунун айынан жүрөк да иштен чыгат. Анткени, аба жетишпеген соң, тез- тезден жыйрылып иштеп, келечекте инфарк оорусу менен да ооруп калууга жол ачып берет.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2386 Пользователь офлайн   Begimkyz   27 Январь 2015 - 16:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

КОШ БОЙЛУУ АЙЫМДАРДЫН ВАРИКОЗДОН АРЫЛУУ ЖОЛДОРУ:
Варикоз- аял кош бойлуу кезинде вена кан тамырларында өзгөрүүлөр болот да, төрөттөн соң калыбына келет. Кээлеринде болсо кээ бир себептерден улам калыбына келбей, биротоло калып калышы да күтүлөт. Варикоздо гормондордун өзгөрүшүнүн айынан аялдар төрөттөн эрте калып да калышат. ДАРЫЛОО Консервативдүү дарылоо Бул - атайын багытта чыгарылган трикотаж кийимдерди: колготки, байпакты кийүү; дары-дармекти кабыл алуу; дарылык багыттагы физкультура менен машыгуу. Дарыларды кабыл алуу менен катар, аталган кийимдерди туура кийип жүрсө, төрөттөн кийин кеңейип кеткен веналар калыбына келет же алардын саны азаят. Хирургиялык дарылоо Склеротерапия. Дарт чалган вена иштен чыгып, кан соо тамырлар аркылуу ага баштайт. Склеротерапияда ошондой иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат. Бул жумасына бир жолудан жасалат. Мындай ыкма менен дарт чалган веналардан толук кутулуу убактысы оорунун формасына жараша болот. Флебоэктомия. Наркоз же жергиликтүү анестезия менен операция жасоо аркылуу оорудан кутултуу. Варикоздун алдын алуу боюнча кеңештер *Бир орунда узакка отуруудан же туруудан качыңыз. Чуркоо, сууда сүзүү менен алаксып, жөө сейилдөөнү адатка айлантыңыз; *Балтыр эттин булчуңдары иштөөсү үчүн, татаал эмес гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз; *Эс алганда, бут өйдө көтөрүлүп туруу үчүн, бут алдына жаздыкча төшөп коюу жакшы; *Бутту кайчылаштырып отуруу варикозго алып келерин эске алып, мындай адатыңыз болсо, таштаңыз; *Тар шым менен ичке, бийик такалуу бут кийим кийүүдөн, катуу курларды пайдалануудан баш тартыңыз; *Ичимдиктерди ашыкча ичүүдөн, ачуу татымалдарды көп колдонуудан качыңыз; *Кош бойлуу аялдар ашыкча тамактануудан баш тартканы оң. Себеби, ашыкча салмак бутка күч келтирет; *Буттар чарчаганда, деңиз же аш тузу, болбосо дары чөптөр салынган ванна кабыл алуу зарыл. Бутту муз менен сүртүү, массаждоо да эс алдырарын жадыңызга түйүңүз; *Жылына, жок дегенде, кан-тамырлар боюнча дарыгерге кайрылып, врач-флебологдун текшерүүсүнөн өтүп турууну унутпаңыз.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2387 Пользователь офлайн   Begimkyz   27 Январь 2015 - 16:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

АНЕМИЯ ЖЕ АЗ КАНДУУЛУК! !!
Кыргызстанда кеңири жайылган оорулардын бири, өзгөчө кош бойлуу аялдар арасында көп кезигерин дарыгерлер байма-бай айтып келишүүдө. Аялдар кош бойлуу кезинде аз кандуулуктун ар кандай түрлөрүнө чалдыгышы мүмкүн. Көбүнчө темирдин жетишсиздиги гипохромдуу аз кандуулуктарга алып келет. Адатта, аялдардагы бул аз кандуулуктарда гемоглобин эмес, темир деңгээлиндеги кандын уюшу төмөндөйт. Мындайда дарыгерлер бейтаптарга курамында темири бар дарыларды беришет. Бирок кээде кош бойлуу бейтаптарда анемия пернициоздук тиби боюнча өнүгөт, бул жагдайда оорулуу кош бойлуу аялдын организминде В 12 витами жетишпеген болот. Аталган оору, адатта, кош бойлуу аялдардын 5-6 айында башталат, себеби түйүлдүк В 12 витаминин жетишерлик санда талап кылат. Андайда эне менен түйүлдүккө В 12 витамини жетишпей жатса, эненин аз кандуулугу темир жетишсиздигинин күчөп кетишине алып келет. Темир жетишсиздигинин кесепеттери: Аз кандуулук оорусуна чалдыккан балдардын дене жана акыл-эс жагынан өсүүдөн артта калышына; Иммунитеттин азайышына; Жугуштуу ооруларга тез чалдыгууга; Бардык оорулардын оор өтүшүнө, көбүнчө өнөкөт ооруларга айланышына; Кош бойлуулук процессинин оор өтүшүнө жана төрөттүн кыйын болушуна, эненин жана ымыркайдын өлүмүнө алып келет.

Темир жетишсиздиги аз кандуулугунун алдын алуу Медициналык дары-дармектерди 1-2 ай үзгүлтүксүз колдонуу зарыл. Белок жана А 1, В 1,В2, С витаминдери камтылган тамактарды ичип-жеш абзел. Адамдын организми дайыма темирди керектейт. Тамак-аштар темирдин организмде болушу үчүн бирден-бир булак болуп саналат. Ошондуктан адамдын тамак-аш рационун темирге бай азыктар, атап айтканда, боор, тил, эт, балык, акшак (гречка, буудай, арпа), шабдаалы, курма, алмурут, алма, шпинат, ат кулак ж. б. түзүшү зарыл. Мында аскорбин кислотасы, тактап айтканда, С витамини организмде темирди көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми кофе менен чайдын ар кандай түрлөрү, тескерисинче, буга тоскоолдук кылышы мүмкүн. Андыктан чайды тамак ичкенден 30-40 мүнөттөн кийин ичүү сунушталат. Акырында дагы бир ирет кайталай кетейин: аз кандуулук оорусуна чалдыкпоо үчүн күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштарды түрлөп, жашылча-жемиштерди жана темирге бай азыктарды көбүрөөк жеп-ичүү зарыл.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2388 Пользователь офлайн   Begimkyz   27 Январь 2015 - 16:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Кош бойлуу учуруңузда өзүңүзгө кам көрүңүз

Аялзатынын дегеле ар бир үй-бүлөнүн бактысы бала экени ырас. Кош бойлуу учурда эненин ыйлаганы, күлгөнү, кубанганы, кайгырганы, айтор ар кыймылы курсакта жаткан түйүлдүккө түрдүү таасирин тийгизээрин эчак далилдешкен. Наристесинин дени-карды соо, психологиясы, аң сезими жайында болушун кайсы ата-эне гана тилебейт. Демек, наристеңиздин ден соолугу сиздин колуңузда экенин эске алып, бир нече кеңештерге көз жүгүртүп көрүңүз. Кош бойлуу айымдын эң негизгиси көңүлү жайында болуусу керек. Албетте, кош бойлуу кезде аялзаты өзгөчө ачуулуу, болоор болбос көрүнүшкө жинденип, сиркеси суу көтөрбөй калган учурлар кездешет. Мындай маалда өзүңүздү-өзүңүз алаксытып жашооңуздагы жагымдуу кездерди эстеңиз. Көп ачууланып, көңүлү чөгө берген айымдын баласы да ачуулуу, жини бат келген адам болуп чоңоёт.

Ичиңизде жаткан кичинекей периштеңиз менен сүйлөшүүдөн тартынбаңыз. Сиздин сүйлөгөнүңүз, музыка укканыңыз, күлүп жайдары маанайда жүргөнүңүз наристеге эң жакшы таасирин тийгизет.Ымыркай баардык көрүнүштөрдү курсакта жатса да сезээрин эске алуу керек. Окумуштуулардын далилдерине таянсак Бетховен менен Бромстын музыкасы наристенин "кан басымын" көтөрүп кыжырын кайнатса, Мауарт жана Вивальдинин чыгармалары ымыркайга жагымдуу маанай тартуулап, жакшы абалга алып келет. Бахтын музыкасын уккан түйүлдүк кыймылсыз ахыбалда болот. Наристе 32-33 жума болгондон тартып музыканы, башка добушту эң сонун ажыратып биле баштайт экен. Көпчүлүк энелер уюлдук телефондун зыяндыгын эске алышпайт. Жөө басуу негизинен пайдалуу экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми кош бойлуу айымга бул "көнүгүү" эки эсе пайдалуу экен. Көбүнчөсү жөө басуудан чочулашат да ичи чоңойгон сайын кыймылын азайтышат. Медиктердин билдирүүсүндө көп кыймыл болочоктогу энелерге пайдасынан башка зыянын тийгизбейт. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш өтө тоюп алуу да кыйынчылыктарды жаратат. Эл арасында айтылып жүргөн кээ бир ырым-жырымдарга назар салсак, кош бойлуу айымдын курсагы сүйрү болуп чыкса эркек, тоголок болсо-кыз төрөйт деп болжолдошкон. Болочоктогу эненин басканынан да наристенин жынысын аныктай алышкан экен. Эгерде ал басаарда дайым алга оң бутунан кадам таштаса-кыз, сол бутун таштаса эркек төрөйт деп эсептешет.

Байыркы заманда кургакчылык учурунда кош бойлуу аялдын башынан ылдый суу куйса жамгыр жаап, мээни куйкалаган аптап мизинен кайта түшкөн. Бул ырымды өтө көп колдонушчу экен. Ал эми отургузулган кээ бир өсүмдүктөрдү (резка,кылча) аттап өтсө боюнан түшүп калат деп чочулашчу.

- Төрөт учурунда чачты оробоо керек, анткени төрөт кыйын болот. - Караңгыга баланын кийимин калтырбаш керек, ымыркай таң атканча тынч уктабайт. - Тили жакшы, так чыгыш үчүн балыктын этин бербөө керек…

Айтор ушул сыяктуу учугу түгөнбөгөн "уламыштарга" ишенип, ырым кармоодон мурда, сиз канчалык деңгээлде ырымга ишенээриңизди жана сиз менен наристеңиздин жашоосунда ырымдардын канчалык деңгээлде зарылдыгы бар экенин тактап алганыңыз оң.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2389 Пользователь офлайн   Sagizgan   27 Январь 2015 - 17:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 931
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 23 Янв 2024 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тез тез озгорулуп турат

Салам менин сурайын дегениим бизге38жумадан отук.Саартан бери белим ооруп басам ичим да ооруп жатат бирок анчалык катуу эмес.Ооруган аралыгыда ар кандай.Толгоо башталган жокпу?Билгендер айты койунуздарчы?
[color="#006400" Куйуту жок кулуп журот дебегин, Куйутумду кулуп журуп женемин!!!!?[/ color]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2390 Пользователь офлайн   Begimkyz   27 Январь 2015 - 22:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Sagizgan (27 Январь 2015 - 14:20) жазган:

Салам менин сурайын дегениим бизге38жумадан отук.Саартан бери белим ооруп басам ичим да ооруп жатат бирок анчалык катуу эмес.Ооруган аралыгыда ар кандай.Толгоо башталган жокпу?Билгендер айты койунуздарчы?

Башталган окшойт. Эгер илгери мындай болбосо, башталган болот. Анан да ай толгоо деп коюшат го, ошондой болушу да мүмкүн.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2391 Пользователь офлайн   Turgunai   29 Январь 2015 - 09:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 07 Январь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 01:17

саламатсыздарбы? мен эми гана кошулдум.Эки балам бар,биринчи баламды озумдун кучум мн торогом,экинчим кыз анда операция мн тороп калдым салмагы чон болуп азыр кызым майда 3 жашка чыгат инша аллах!Дагы торойун деп жатам,эми дагы торосом озумдун кучум мн торой аламбы операция болбой?сураныч билгендер болсо жазып кенеш берип койсонуздар сураныч!ушул нерсе мени абдан ойлонтуруп жатат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2392 Пользователь офлайн   Akylai_aktan   29 Январь 2015 - 12:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 336
  • Катталган: 20 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Мар 2024 15:52
  • Жынысы:Аялзаты

Ozumun praktikamda bolo elek,birok bir podrujkam birinchi kyzyn kyzyn keserova bolup torop,2sin oz kuchu m.n ele torop aldy.32 nedelden bashtap muchnoi tamaktardy azaityp,shirindikterdin orduna momo jemishterdi jep,balanyn salmagyn chonoitpoi,davlenieniz norma bolso ele ozunuz torop alasyz,buirusa.
Esen aman koz jaryp alynyz.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2393 Пользователь офлайн   timasel   29 Январь 2015 - 14:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 12 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2021 22:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

саламатсыздарбы?
кош бойлуу кезде чачты кесип , боесо болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2394 Пользователь офлайн   Nariste...12   29 Январь 2015 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

timasel (29 Январь 2015 - 14:08) жазган:

саламатсыздарбы?
кош бойлуу кезде чачты кесип , боесо болобу?



Ушул эле теманы артка барактасаныз, суроонузга толтура жоопторду аласыз. Бул боюнча кенири жазылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2395 Пользователь офлайн   akzuura   29 Январь 2015 - 14:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 546
  • Катталган: 11 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 11:22
  • Жынысы:Аялзаты

timasel (29 Январь 2015 - 14:08) жазган:

саламатсыздарбы?
кош бойлуу кезде чачты кесип , боесо болобу?

Бойогонго болбойт ал баланс эмес сагада зыян.женем синдиси 5айында чачын бойоп тойго жасанам деп баласын олтуруп алган ичинде.чачты кыркса баланын омурун кырккандай болосун деешет бирок динде андай жок экен. Чачты узун таза кылып алып журсун деп кыркпасын деген экен ото эле жудоп тушуп кыйналып жатса кыркканга болот деди ажы отконку маегинде.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2396 Пользователь офлайн   timasel   29 Январь 2015 - 17:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 12 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2021 22:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

akzuura (29 Январь 2015 - 14:53) жазган:

Бойогонго болбойт ал баланс эмес сагада зыян.женем синдиси 5айында чачын бойоп тойго жасанам деп баласын олтуруп алган ичинде.чачты кыркса баланын омурун кырккандай болосун деешет бирок динде андай жок экен. Чачты узун таза кылып алып журсун деп кыркпасын деген экен ото эле жудоп тушуп кыйналып жатса кыркканга болот деди ажы отконку маегинде.



рахмаат чоон!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2397 Пользователь офлайн   kg.sity93   29 Январь 2015 - 19:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 15 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Мар 2015 10:15

Akzi (09 Январь 2015 - 19:28) жазган:

Саламатсы3дарбы болочоктогу энелер жана мээримдуу апа,мээрман таене,чон энелериби3. Си3дерден кенеш же оюнарды билейин деп жазып атам. Менин айы3ым ноябрда токтогон,декабрда да келбеди тест м.н текшерсем 2 сы3ык бирок бироосу кунурт,ток кы3ыл эмес,тушумо да аян берип баштагандай болду,косметика, шакек,шатылар кирип,боюмда бар окшойт деп ойлодум,куйоомо айтпадым. Конулуп айнып,куспадым. Анан аныгын дагы бир текшерип билейин деп 31-декабрда текшерсем 2 сы3ык чыкты,кы3ыл. Анан кийин айттым куйоомо,ал кубанды. Ишиндегилер сураптыр куйоомон,кусуп, таксико3 болбой атабы? Ложный беременность болуп калышы мумкун деп. У3И ге тушкону а3ырынча мумкунчулук жок. Коп жеп атам,куспайм, аны муну жейм дебейм. Кайнежемин да боюнда бар экен,мени менен тен,анын ичи уже билине баштаптыр,2- боюнда болуусу. Меники болсо семирген адамдардын эле ичиндей 51 кг чыгам. Же ичим билинип баштадыбы же семирип жатамбы биле албайтам.
куспагандын эч коркунучу жок экен.мен эки кыз тородум экоондо тен таксикоз болгон жокмун.жегим келип аппетит жакшы болчу бирок куспадым.талгак да болбодум.менимче сизге коркунуч жок деп ойлойм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2398 Пользователь офлайн   Turgunai   29 Январь 2015 - 20:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 07 Январь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 01:17

[quote name='Akylai_aktan' date='29 Январь 2015 - 12:24' timestamp='1422512697' post='2165342' ]
Ozumun praktikamda bolo elek,birok bir podrujkam birinchi kyzyn kyzyn keserova bolup torop,2sin oz kuchu m.n ele torop aldy.32 nedelden bashtap muchnoi tamaktardy azaityp,shirindikterdin orduna momo jemishterdi jep,balanyn salmagyn chonoitpoi,davlenieniz norma bolso ele ozunuz torop alasyz,buirusa.
Esen aman koz jaryp alynyz.
Рахмаат,чооон! инша аллах!Алла таала баарына женилинен берсин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2399 Пользователь офлайн   Turgunai   29 Январь 2015 - 20:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 07 Январь 15
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 01:17

akylay_aktan.чон рахмат,аябай кубанып жатам,кечке эле ошону ойлоном,кантет экенмин деп,баарыныздарга рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2400 Пользователь офлайн   Nariste...12   29 Январь 2015 - 21:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Боюнда бар эжелер-синдилер. Боюнда болуу ар бир аял затына буюрусун. Боюнда бар мезгил кандай сонун ээ. Баарыбыз аман-эсен, Аллахым ак жолунан берип , наристелерибизди боорубузга кысуу насип этсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (629 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 118
  • 119
  • 120
  • 121
  • 122
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Авг 2025 10:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: