Аны учурда дүйнө боюнча 50 дөй адам кийип жүрөт. Жергиликтүү басылмаларда жарыялангандай, бут кийимдер GPS колдонмосу аркылуу кожоюну бара турган жердин маршруттук схемасын көрсөтүп турат. Бут кийим Bluetooth сигналы аркылуу башкарылып, кадимки батарейкалар салынат. Орточо баасы 100-150 доллар болгон мындай кийимдин негизги кардарлары туристтер экени айтылууда. Жаратуучулар бут кийим көзү начар көргөндөр жана жаш балдар үчүн да пайдалуу экенин айтышууда.
