3/4 Даават
Аллахка чакыруунун жолу (манхаж ад-даъва иля-Ллах):
1⃣ Дааватты адамдардын акыйдасын, таухидин оңдоодон баштоо. Андан соң гана ибадат ж.б. маселелерге өтүү.
Аллах айтат: “Биз ар бир элге «Аллаhка гана ибадат кылгыла, (башка) "кудайлардан" алыс болгула» (деп айта турган) Пайгамбарларды жибергенбиз” (Куран 16:36). Дагы айтат: “(О, Мухаммад! ) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп вахий кылдык” (Куран 21:25)
Себеби адамдын амалында ширк бар болсо, таухид туураланбаса - ибадат кабыл болбойт. Аны ибадатка чакыруу натыйжасыз болуп калат. “Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың өчүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!»- деп вахий кылынды” (Куран 39:65)
Пайгамбарчылыктын биринчи он жылдыгында адал-арам маселелери айтылган эмес, намаз-зекет парз болгон эмес, негизинен таухид-ширк гана баяндалган.
Муазды Йеменге жиберип жаткандагы Пайгамбарыбыздын ﷺ ага берген осуяты бул болгон – эң абал келмеге даават чакыргын, эгер кабыл кылышса гана намазга чакыргын, эгер намазды да кабыл кылышса зекетке чакыргын (Бухари, Муслим)
2⃣ Даават иштеринде Куран-Сүннөткө жана салафтардын (сахаба, табаин, табатабаин) ага берген чечмелөөсүнө таянуу (9:100)(4:115)(2:137) Хадис: “Эң мыкты доор менин доорум (сахабалар)”, “фитналар пайда болот... менин жана хулафа рашидиндердин сүннөтүн кармангыла” ж.б.
Себеби Куран-Сүннөттү кармануу деп сахабалар түшүнгөндөй, тафсирлегендей карманууну айтабыз. Сахабалар айтпаганды айтсак, алар кылбаганды кылсак биз эч качан Куран-Сүннөттү туура кармана албайбыз. Бул тууралуу сөз мурда айтылган, кайталаштын кажети жок.
3⃣ Даават иштеринде дүйнөлүк деңгээлдеги чоң аалымдарды кармануу. Себеби аалымдар пайгамбарларга эң жакын кишилер, “аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору, пайгамбарлар мураска алтын же күмүш калтырышкан эмес, бирок илим калтырышкан” (Абу Дауд: 3641; Тирмизи: 2682; Шейх Альбани хадисти сахих деди). Ошондуктан даават жолун, пайгамбарлардын жолун, Шариат жолун эң жакшы билген кишилер – бул аалымдар.
4⃣ Дааватта жумшактыкты, даанышмандыкты, жакшылык каалоону, боорукердикти негиз деп билүү. (3:159)(16:125), Пайгамбарыбыз ﷺ Муаз менен Абу Мусаны Йеменге Исламга чакырсын деп жиберип жатып айткан “жеңилдеткиле, оордотпогула, сүйүндүргүлө, [Исламдан] качырбагыла, [талашпагыла] бир пикирге келгиле” (Бухари: 6751; Муслим: 1734).
Шейх Альбани айтат: “Оройлук жана ташбоорлук дааватка зыян. Тилекке каршы бүгүн көпчүлүк бир туугандардан ушуну байкайбыз. Ошол бир тууганыбыз канчалык даават менен аз алектенсе – ошончо дааватында орой болот. Себеби ал өз пикиринде оройлук дааватка пайда деп ойлойт, бирок чындыгында ал зыян. Аллах Тааланын сөздөрү буга жетиштүү далил боло алат: «[O, Мухаммад! ] Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (б.а. сахаабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, ташбоор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек» (Куран 3:159)”
(Сильсиля аль-Худа ва-н-Нур: 181)
Албетте, дааваттын манхажында дагы көп нерсе бар. Айтылган төрт пункт эң негизгилери гана. Каалоочулар атайын даават боюнча китептерге кайрылып тереңирээк изилдеп алат. М: Мухаммад Насыруддин аль-Альбани "Таков наш призыв", Солих аль-Фаузан "Призыв к Аллаху – это миссия всех посланцев Господа", Раби аль-Мадхали "Мудрость и логика в методах призыва пророков к Аллаху" ж.б.

Супер-Инфо
super.kg
видео