Суперстан: Илимдүүлөргө суроо - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 121
  • 122
  • 123
  • 124
  • 125
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Илимдүүлөргө суроо

#2441 Пользователь офлайн   Xanif   31 Январь 2015 - 16:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Aitunuk (31 Январь 2015 - 15:24) жазган:

Саламатсыздарбы, Саламаттабыз шукур...

Cахаба-жанаша жургон достор, даават-чакыруу (дават-жакшылыка чакыруу), нефил намаз-адамдын оз каалоосу м.н аткарган же окуган Намаз, т.а окусаныз сооп, окувсананыз куноо болбойт. фатиха-Алхамду суросу, а кыргызча АЧУУЧУ болот, аяталкурсий- улуу, даражалуу болгон Курандагы ааяттардын бири, фатва-окум, мухоб-мухаббаттан келсе к.к, СУЙУУ, рекет-Намазда эки жолу сажда жасасаныз бир рекет болот (ислам дининде), санаа-мактоо, данктоо, азем масхабы-улуу ж.а туура жол, сажда-жерге мандайыны тийгизип, алсыздыгын билгизип Кудайга жалбаруу, же кулчулук кылуу, бакараа-Уй (Кара мал), бирок Куранда ушундай суро бар, аттахият-эки тизени алдына сунуп, эки буттун устуно олтуруу, муштахид-бирнерседен бирнерсени чыгаруу, же чечмелоо, бардах аалам-адам олгондон кийин рухтарынын жашаган ааламы.
(Азырынча ушул сөздөр гана).



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2442 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   31 Январь 2015 - 16:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Aitunuk (31 Январь 2015 - 15:24) жазган:

Саламатсыздарбы, билимдүүлөр. Мен төмөнкү суроомду "Сөздөрдү чечмелейбиз" бөлүмүнө бердим эле, бирок ал жакта бул сөздөрдүн маанилерин жакшы билишпейт окшойт, анткени сөздөрдүн баары динге байланышкан, демек араб сөздөрү. Бул сөздөрдүн баарын ушул бөлүмдөн алгам, андыктан сиздер мага кеңири түшүндүрүп бересиздер го дейм. Мен өзүмдү мусулман катары эсептейм, бирок тозок, бейиш ж.б. дегендерге атеисттик көз карашта мамиле жасайм. -- Тозок, бейиш ж.б башкалар жонундо ушул эле болумдо"Атеистминби" деген темадан тушунуктуу жооп ала аласыз

Cахаба
- Мухаммед (Аллахтын саоам салаваттары болсун) пайгамбарыбызын убагында аны коруп ээрчиген адамдар.
даават (дават) - Ислам динин адамдарга тушундуруу, жеткируу, Исламга чакыруу.
нефил намаз - ибадат 3ко болунот:
1) парз. - милдеттуу турдо
2)суннот (кучтуу) - пайгамбарыбыз калтырбай окуган намаздар. мисалы: асрдан башка убактагы суннот намаздар.
3) нафил - окубасан куноо эмес, окусан сооп ала турган намаздар.
фатиха, - Курандагы биринчи суро (глава)
аят аль, аят деген ырдагы строчкага жакын. Ырданы ар бир катар 1строчка 2строчка болсо Куранда 1аят 2аят деп айтылат.
фатва, Аалымдардын кайсы бир маселе боюнча шариятка таянып чыгарган чечими.
мухоб, Мубахты айтып атсаныз керек. Исламда уруксат этилген нерселер.
рекет (ислам дининде) - намаздагы кулак кагып тургандан кийин энкейип, бешенени жерге 2жолу тийгизип кайра тургандагы кыймыл аракеттер. санаа, - мактоо
азем масхабы, - Имам азам мазхабы. Азам - улуу, Мазхаб- Ислам мектеби десе болот. Ошондо Улуу имамдын мектеби деп тушунсо болгудай.
сажда, - намаздагы бешене, мурун, эки тизе, эки буттун манжалары кыбылага карап, эки кол жерге тийген абал.
бакараа, Курандагы экинчи суро (глава)
аттахият, - намаздагы создор, дубалар. бардах аалам. Адам олгондо руху бара турган бизге белгисиз жай.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2443 Пользователь офлайн   Aitunuk   31 Январь 2015 - 16:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Ыракмат, Ханиф мырза. Ушул сөздөрдүн арабча жазылышын жана аны кыргыз тамгалары менен жазып коёсузбу, өтүнүч.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2444 Пользователь офлайн   Daud   31 Январь 2015 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Aitunuk (31 Январь 2015 - 15:24) жазган:

Саламатсыздарбы, билимдүүлөр. Мен төмөнкү суроомду "Сөздөрдү чечмелейбиз" бөлүмүнө бердим эле, бирок ал жакта бул сөздөрдүн маанилерин жакшы билишпейт окшойт, анткени сөздөрдүн баары динге байланышкан, демек араб сөздөрү. Бул сөздөрдүн баарын ушул бөлүмдөн алгам, андыктан сиздер мага кеңири түшүндүрүп бересиздер го дейм. Мен өзүмдү мусулман катары эсептейм, бирок тозок, бейиш ж.б. дегендерге атеисттик көз карашта мамиле жасайм.

Cахаба, даават (дават), нефил намаз, фатиха, аятал, фатва, мухоб, рекет (ислам дининде), санаа, азем масхабы, сажда, бакараа, аттахият, муштахид,бардах аалам.
(Азырынча ушул сөздөр гана).


Тозок, бейишке атеистик коз караш менен карасаныз анда сиз мусулман деп эсептелбейсиз. Сиз озунуз эсептесениз да, биз сизди мусулман деп эсептебейбиз. Эми суроолорунунузга келсек:

Сахаба - Пайгамбарыбыз Мухаммадтты (солла Аллаху алейхи ва саллам) коруп, анын пайгамбардыгына ишенген жана мусулман абалында олгон адамдар сахаба деп аталат. Сахаба созун туз которгондо жолдош, шерик деген маанилерди билдирет.

Даават - туз которгондо чакыруу маанисин билдирет. Диний термин катары диний угут жургузуу маанисин тушундурот.

Нафил намаз - Туз которгондо ашыкча, кошумча намаз дегенди билдирет. Термин катары милдеттуу (парз) намаздарынына сырткары ар бир мусулман оз каалоосуна жараша окуса боло турган намаздар.

Фатиха - туз мааниси ачуучу. Ал эми диний термин катары Кураандагы эн алгачкы жайгашкан суронун аталышы. Анын минтип аталышынын себеби да ушуга байланыштуу.

Аят - туурасы ушинтип жазылат. Аят туз мааниси белги, жышаан дегенди билодирет. Термин катары суролордогу суйломдор десек да болсо керек.

Фатва - диний маселе боюнча жооп беруу.

Мухоб деген созду биринчи жолу угуп жатам. Балким мубах деген создур. Тактап койсонуз анан жооп жазалы.

Рекет - намаздагы кыймыл аракеттердин бир айлампасы десек болсо керек. Б.а. намаз алгач тик туруп башталып андан кийин руку (тизени кармап ийилип) кылынып, андан кийин сажда кылынат. Ошону менен бир рекет бутот. Андан кийин кайра тик турулган убакта ал экинчи рекеттин башталышы деп эсептелет.

Санаа - мактоо, алкыш айтуу. Бул намазга киришкен убакта Аллахка мактоо иретинде айтылчу создор.

Азем мазхабы дегенде имам Аазам мазхабын айтып жатсаныз керек. Мазхаб созу жол деген маанини билдирет. Термин катары мектеп деген мааниде колдонулат. Ислам укук таануусунда торт мазхаб (мектеп) бар. Ошолордун бири имам Аазам мазхабы. Орто Азия мусулмандарынын копчулугу ушул мазхабты карманышат.

Сажда - бир убакта жерге эки колду, эки тизени, бешене жана мурунду тийгизуу. Башкача кантип тушундурууну билбедим. Кыргызча сежде деп эле айтылса керек.

Бакара - туз мааниси уй (мал) дегенди тушундурот. Кураанда ушунда аталыштагы суро бар. Ал суродо уй жонундо да окуя айтылгандыгы учун ушинтип аталып калган.

Мужтахид - Кураан жана хадистерден Исламга байланыштуу окумдорду чыгарууга жараган аалым.

Барзах ааламы - рухтар денеден чыккандан кийин Кыямат кунуно чейин боло турган аалам.

Кыргызча шрифттерим иштебей жатканы учун ушинтип жаздым. Тушунуксуз жердери болсо кайра сурасаныз болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2445 Пользователь офлайн   Daud   31 Январь 2015 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ой аттахият калып кетиптир. Аттахият - туз мааниси саламдашуу. Ал эми термин катары намазда эки рекеттен кийин жана намаздын аягында отуруп алып окулчу создор. "Аттахияту лиллахи" деп башталгандыгы учун ушундай аталып калган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2446 Пользователь офлайн   kerakg   31 Январь 2015 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

nurdoolot94 туура которгон.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2447 Пользователь офлайн   Aitunuk   31 Январь 2015 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

[quote name='Daud' date='31 Январь 2015 - 16:13' timestamp='1422699206' post='2169221' ]
[/list]
Тозок, бейишке атеистик коз караш менен карасаныз анда сиз мусулман деп эсептелбейсиз. Сиз озунуз эсептесениз да, биз сизди мусулман деп эсептебейбиз. [/size]
Сөздөрдү кеңири чечмелеп бергениңизге чоң ыракмат, Дауд мырза. Динге карата мамиле ар бир адамдын жеке ишеничи, анын үстүнө мени ушундай тарбиялаган, "уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" дегендей көрүнүш, Сиз кандай эсептесеңиз өз эркиңиз, ал Сиздин түшүнүк. Ал эми ким чыныгы мусулман, мусулман эмес экенин айтыш кыйын, Кыргызстандын шартында, бүгүнкү күндө кыргыздардын (шарттуу түрдө) 90 пайызы мен өңдүү өзүлөрүн мусулман катары караган адамдар. Мен үчүн адам өзүнүн АДАМДЫК САПАТЫ менен баалуу, диндик түшүнүгү менен эмес.


"Мухоб" мүмкүн "мухабдыр" мен муну жогору жактагы билдирүүлөрдөн алгам.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2448 Пользователь офлайн   Aitunuk   31 Январь 2015 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Нурдөөлөт мырза, чоң ыракмат. Мындан кийин да зерикпестен жооп жазып турасыздар го деп ишенем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2449 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   31 Январь 2015 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Тозок, бейишке ж.б атеисттердей коз карашта мамиле жасаганынызды - тозок бейишке ишенбейт деп тушундук да. Ошого сизди Исламдын ишениминде сиз мусулман болбой каласыз деп айтты.
Мисалы сиз:
Мен американын жараанымын бирок паспорт ала элекмин деп айттыныз жана сизден сырткары Кыргызстандын "шарттуу турдо" 90% жарааны дагы ошентип айтышты дейли. Бирок американын закону боюнча мин жолу американкамын десениз деле американка болуп калбайсыз да. Ошол сыяктуу эле шариаттын мыйзамында тозок бейишке ж.б ишенуу шарт+ошондо гана мусулман боло алабыз Кудайдын алдында.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2450 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   31 Январь 2015 - 18:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Nurmuhammad (31 Январь 2015 - 08:43) жазган:

Бул жез кемпирлер жон эле жомок каарамандары сиз айткандай.
Биз акылыбыз менен ойлогончолук эмес бул жин шайтандары. Алар адамдардын козуно корунбойт. Эгер корунсо ото таза Кудайдан коркон инсандарга корунушу мумкун. Бирок жез кемпирлер жиндерге окшош деген ал туура эмес.
Биздин акылыбызга каршы келет булардын тузулушу,мындайча айтканда биз элестете албайбыз,элестеткен чакта да биз ойлогондой эмес.

Ойлорум эки анжы боло берет да. Ошого чекит коюу үчүн сурагам. Рахмат чоң!
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2451 Пользователь офлайн   Aitunuk   31 Январь 2015 - 19:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Nurdoolot94 мырза, дин маселеси "эки жерде эки - төрт" дегендей аксиома эмес, канча адам болсо, ага карата ошончо түшүнүк, көз караш болот, ар кимибиз алган билимибизге, тарбиябызга жараша мамиле кылабыз, мен үчүн азырынча "Куран" - илимий булак, ким билет, балким аны жакшылап түшүнүп, кийинчерээк көз карашым өзгөрөр, хиджаб кийбесем да башкаларын кабыл алармын, ал убакыттын иши. Бир гана нерсени жакшы билем: мен кыргызмын, атеист боломбу, исламчы боломбу айырмасы жок, кыргыз болуп өлөмүн. Калганын ошондон кийин көрөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2452 Пользователь офлайн   rasulberdi   31 Январь 2015 - 20:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 01 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Фев 2019 19:24

Айтунук айым. Суроолонузду узата бериниз. Бул жердеги илимдуулор сизге канаатандырарлык эле жооп берип жатышат окшойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2453 Пользователь офлайн   Aitunuk   31 Январь 2015 - 22:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Шахадит, ширик, мунафик кафлар, табиин, зулум, зына, нажат, ибадат деген сөздөрдүн туюндурган маанилери кандай?


"Бакара - туз мааниси уй (мал) дегенди тушундурот. Кураанда ушунда аталыштагы суро бар. Ал суродо уй жонундо да окуя айтылгандыгы учун ушинтип аталып калган."
Ушул сүрөгө кеңири токтолуп, ал окуяны да айта кетесиздерби. <br style="font-size: 13px; line-height: 19px; background-color: rgb(250, 251, 252); ">

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 31 Январь 2015 - 22:48

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2454 Пользователь офлайн   rasulberdi   31 Январь 2015 - 23:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 01 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Фев 2019 19:24

Aitunuk (31 Январь 2015 - 22:38) жазган:

Шахадит, ширик, мунафик кафлар, табиин, зулум, зына, нажат, ибадат деген сөздөрдүн туюндурган маанилери кандай?


"Бакара - туз мааниси уй (мал) дегенди тушундурот. Кураанда ушунда аталыштагы суро бар. Ал суродо уй жонундо да окуя айтылгандыгы учун ушинтип аталып калган."
Ушул сүрөгө кеңири токтолуп, ал окуяны да айта кетесиздерби. <br style="font-size: 13px; line-height: 19px; background-color: rgb(250, 251, 252); ">

Кечиресиз айым сиз суроолорунузду тура берсениз жакшы болот. Шахадит эмес балким шахид, мумкун шахадат тыр. Анан Ширик эмес ширк болот туурарагы . жоопту тура так алыш учун сиздин Берген суроолорунуздун так болушунда ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2455 Пользователь офлайн   Aitunuk   31 Январь 2015 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

rasulberdi (31 Январь 2015 - 23:08) жазган:

Кечиресиз айым сиз суроолорунузду тура берсениз жакшы болот. Шахадит эмес балким шахид, мумкун шахадат тыр. Анан Ширик эмес ширк болот туурарагы . жоопту тура так алыш учун сиздин Берген суроолорунуздун так болушунда ?


Мен бул мага түшүнүксүз сөздөрдү ушул эле бөлүмдүн ар кайсы папкаларынан алып жатам, ошондуктан туура эмес болушу толук мүмкүн. "Шахадит" деген сөз жок болсо, ошол эле өзүңүз айтып жаткан "шахадат" сөзүнүн маанисин айтсаңыз болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2456 Пользователь офлайн   rasulberdi   31 Январь 2015 - 23:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 01 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Фев 2019 19:24

Aitunuk (31 Январь 2015 - 23:30) жазган:

Мен бул мага түшүнүксүз сөздөрдү ушул эле бөлүмдүн ар кайсы папкаларынан алып жатам, ошондуктан туура эмес болушу толук мүмкүн. "Шахадит" деген сөз жок болсо, ошол эле өзүңүз айтып жаткан "шахадат" сөзүнүн маанисин айтсаңыз болот.

Мен илимсизмин . Илимдуулор келсе жооп беришеер. Куто туралы. Сабыр кылып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2457 Пользователь офлайн   carmen   01 Февраль 2015 - 01:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 02 Май 07
  • Соңку аракети: 05 Июл 2018 18:44
  • Жынысы:Эркек

paren (31 Январь 2015 - 10:36) жазган:

Жанды алган периште азирели беле ен коркунучту периште ошолбу


Ассаламу алейкум, Жигит.

Жан алуучу периште эл оозунда жана кээ бир жазма адабиятта Азреил деген ысым менен белгилүү.
Бирок, бул ысым Ислам дининин негизги булагы болгон Куран жана Сүннөттө Азреил деп жолукпайт.
Куранда жана Сүннөттө жөн гана өлүм периштеси деп эскерилет.
Бул сөзүмо далил катары АЛЛАХтын сөзүн келтирейин.

Аллах Таала Куранда мындай дейт:

"Сен айткын: "Силерге өкүл кылынган (дайындалган) өлүм периштеси жаныңарды алат. Кийин кыяматта кайра тирилип Роббинерге кайтараласынар" (Сажда сүрөсү, 11 аят).

Бул аяттан көргөндөй эле өлүм периштеси деп Аллах Таала айтып кетти.

Ал эми өлүм периштеси коркунучтуу же мээримдуу болуп келээри жаны алынуучу пенденин ыйманына, намазына, жакшы / жаман иштерине байланыштуу болот. Эгерде Аллахка гана ибадат кылып, намаз окуп, Аллах Тааланын буйруктарын аткарып, кайтарган нерселеринен оолак болуп жургон болсо, мээримдуу келбетинде көрөт; Эгерде анын тескерисин кылып жүргон болсо, анда коркунучтуу келбетинде көрөт (андан Аллахым Өзү сактасын ) ал өзүнчө чон тема.

Билдирүүнү түзөткөн: carmen: 01 Февраль 2015 - 01:18

░ Кул жеймин дейт куйрукту; Кудай билет буйрукту ░
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2458 Пользователь офлайн   carmen   01 Февраль 2015 - 01:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 02 Май 07
  • Соңку аракети: 05 Июл 2018 18:44
  • Жынысы:Эркек

Aitunuk (31 Январь 2015 - 22:38) жазган:

Шахадит, ширик, мунафик кафлар, табиин, зулум, зына, нажат, ибадат деген сөздөрдүн туюндурган маанилери кандай?
"Бакара - туз мааниси уй (мал) дегенди тушундурот. Кураанда ушунда аталыштагы суро бар. Ал суродо уй жонундо да окуя айтылгандыгы учун ушинтип аталып калган."
Ушул сүрөгө кеңири токтолуп, ал окуяны да айта кетесиздерби.


Саламатсызбы, Айтунук.

Шахадит - Бул сөздү жогоруда башка бир форумчандар белгилеп кеткендей, сиз туура эмес жазып алгансыз же сиз көргөн жерде адам туура эмес жазып алган. Туура сөзү шахид болуусу мүмкүн. Эгер ошол сүйлөмдөгү контекстти алып келсеңиз, балким, маанисине карата кыргызча маанисин жазат элек.

ширик - Бул сөз дегы орфографиялык жактан ката жазылган. Туурасы ширк. Бул араб сөзү. Кыргызчадагы шерик деген эле маанини берет. Мисалы, сиз жерди батирге алып эгин эккиңиз келсе, анан ага каражатыңыз жетишпесе башка бир таанышыңызды, тууганыңызды же досуңузду үлүшкө кирүүсүн суранып аны шерик кылып ошол жерди айдап, түшкөн түшүмүн бөлүп аласыздар. Ошол кезде сиз аны шерик кылып алдыңыз. Диний терминологияда бул сөз бардык заттарды жараткан Кудайдын кудуретине шек келтирип Ал гана кыла ала турган нерселерди башка бир зат да кыла алат деп айтса / ойлосо / ишенсе жана Алладан башка нерсеге сыйынса ошонун баарын Аллага шерик келтирди / ширк кылды деп айтылат. Ислам дининде эн ЧОҢ күнөө деп эсептелинет.

мунафик кафлар - Бул эки башка сөз. Мунафыктын сөздү мааниси "эки жүздүү". Ал эми шарияттагы түшүндүрмөсү Ислам динин жамынып өзүн ыйман келтирген адам катары көрсөтүп, бирок, ичинде же жүрөгүндө эч кандай ыйманы жок, тескерисинче, Ислам динине каршылыгы бар жана Ислам динин жаманатты кылууну максат кылган адам.

Ал эми "кафр" кыргызча эле каапыр деген сөз. Бул жерде эч кандай түшүндүрмө деле кереги жок болсо керек. Ошондой болсо да кошумча сөз кошо кетейин. Кыргыз да бул сөздү мындай түшүнөт - каапыр деген бул "Кудай жок" деген адам, ал эми мусулман "Кудай бар" деген адам.

Мисалы, баарыбыз эле тааныган тозоктун төрүнө бара турган шайтан эч качан "Аллах жок" деп айткан эмес. Тескерисинче, Куранда анын мындай деп айтканы келет: "Мен бардык нерсени жараткан Аллахтан корком". Бул аятта айтылгандай Аллахтан корком деп эле айтылган (бош) сөз адамды бейишке киргизбейт. Андай болсо корком деп айткан шайтан бейиштин төрүнөн орун алмак.

табиин - Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) убагындагы аны көргөн адамбар "сахаба" , ал эми сахабаларды көргөн адамдарды "табиин" дейбиз.

зулум - Кыргызча эле зулум. Диний терминологияда бул сөздү мындай түшүнүү керек. Мисалы, ата-эненин өз акысы бар. Алардын ошол акысын бербей, карыган кезде бакпай, карабай кеткен болсок, анда биз аларга карата зулумдук кылган болобуз. Демек, зулум деген бул ар бир нерсенин акысы берилбеген абал десек болот окшойт.

зына - никеде турбаган адамдардын жыныстык катнашы. Бир сөз менен айтканда, ойноштук.

нажат - жеңиш, куткарылуу, кандайдыр бир кыйынчылыктан, апааттан суурулуп чыгып кетүү ж.б. ушундай мааниде.

ибадат -
Аллахка жага турган жана Ал ыраазы боло турган бардык сөздөр жана иштер. Мисалы, жолдон адамдарга зыян берип жаткан нерсени алып коюу - бул ибадат. Ата-энеңизге жакшы мамиле кылып койдуңуз - ал дагы ибадат, ал тургай бул ибадаттардын эң жакшыларынан. Билбеген сөздөрдү кызыгуу менен сурап билип алуу, же башкача айтканда, илим алуу дагы чоң ибадаттардан болот. Ошондуктан азыр сиз бул сөздөрдү окуп жатып өзүңүздү ибадат кылып атам деп эсептей берсениз болот ;). Эгер тозок / бейишке болгон ишенимиңиз бекемделсе, бейиште сөзсүз түрдө бул ибадаттарга сыйлык аласыз, ин шаа Аллах.

Билдирүүнү түзөткөн: carmen: 01 Февраль 2015 - 04:47

░ Кул жеймин дейт куйрукту; Кудай билет буйрукту ░
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2459 Пользователь офлайн   Daud   01 Февраль 2015 - 01:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Aitunuk (31 Январь 2015 - 22:38) жазган:

Шахадит, ширик, мунафик кафлар, табиин, зулум, зына, нажат, ибадат деген сөздөрдүн туюндурган маанилери кандай?

"Бакара - туз мааниси уй (мал) дегенди тушундурот. Кураанда ушунда аталыштагы суро бар. Ал суродо уй жонундо да окуя айтылгандыгы учун ушинтип аталып калган."
Ушул сүрөгө кеңири токтолуп, ал окуяны да айта кетесиздерби. <br style="font-size: 13px; line-height: 19px; background-color: rgb(250, 251, 252); ">


Шахадат же шахид дегиниз келсе керек. Шахадат дегени куболук беруу дегенди билдирет. Анан шахадат келимеси деген бар. Ал "Ашхаду аллаа илааха илла Аллах уа ашхаду анна Мухаммадар расуулуллуллах" деген келиме. Мааниси: "Мен Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад анын элчиси деп куболук берем". Эгер шахид дегенди айткыныз келсе анда шахид адатта дин душмандары менен болгон согушта курман болгон адамга карата айтылат. Бирок кээ бир башка себептер менен олгон кээ бир адамдар да шахид деп айтылат.

Ширк (туурасы ушундай) - бул Аллахка шерик кошуу. Б.а. Аллахка ишенуу менен биргеликте андан башкага да ибадат (кулчулук, пендечилик) кылуу. Мисалы: отко, ташка, айкелдерге сыйынуу ширк деп эсептелет.

Мунафик же мунафык - сыртынан мусулман болумуш болгону менен ичинен каапыр болгон эки жуздуу адам. Б.а. мусулман адам ишенуусу керек болгон нерселердин баарына ишенбейт. Бирок ишенбегенин адамдарга айтпастан ичине жашырып, адамдар арасында озун мусулман катары корсотот.

Кафлар дегениниз кафырлар (каапырлар) деген соз болсо керек. Каапыр деген соз жалганга чыгаруучу деген маанини билдирет. Б.а. Пайгамбарлар айткан кабарларды жалган деп билген адамдар. Мисалы: Аллахтын бар экендиги, Анын пайгамбарларды жибергендиги, китептерди тушургондугу, бейиш, тозок, олгондон кийин тирилуу ж.б.у.с. кабарларды жалган деп билген адамдар каапыр деп эсептелет.

Таабийин - ээрчуучу деген мааниде. Термин катары сахабаларды коргон мусулман адамдар.

Зулум - адилетиздик.

Зына - никесиз жыныстык байланыш.

Нажат - кутулуу, ийгиликке жетуу.

Ибадат - Жаратканга кулчулук кылуу. Б.а. Анын буйруктарын аткарып, Ал тыюу салган нерселерден тыйылуу.

1. Муса өзүнүн элине: “Алла силерге уй сойууну буйурду”, – деди. Алар: “Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?”, – дешти. Ал (Муса): “Наадандардан болуп калбоо үчүн Алладан коргоо сурайм”, – деди.

2. Алар айтышты: “Өзүңдүн Эгеңе [1] кайрыл (Жараткандан сура), ал кандай уй экендигин бизге түшүндүрүп берсин”. Алайтты: “Уй карыган да, жаш кунажын дагы болбосун, ал ушулардын ортосундагы уй болсун. Өзүңөргө кылынган буйрукту аткаргыла! – деди (Муса).

3. Алар (Мусага): “Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, ал бизге уйдун түсү кандай болуу керегин түшүндүрсүн”, - дешти. (Муса) айтты: ”Алланын айтканынакарганда: “Ал уй көргөн көздү кубандырган, ачык сары түстүү болсун”.

4. Алар: “Өзүңдүн Эгеңе биз үчүн дуба кыл. Ал бизге уйдун кандай экенин түшүндүрсүн, анткени ал уй бизге күмөндүү болуп жатат. Эгер Алла кааласа биз туура жолдо болобуз”,- дешти.

5. (Муса) айтты: “Алланын буйругунда: Ал уй кордолуп жер айдабаган жана жер сугарбаган, [2] айыбы жок,[3] өз өңүнөн башка өңү болбогон болсун!” Алар: “Мына азыр сен чындыкты айттың”,[4] -дешти. Ошентип, алар бир аз кыйналышып, аны союшту[5] .


[1] Алардын Эгеси эмес, жеке гана Мусаныкы өңдүү кайрылышканы байкалууда.

[2] Аны менен суу ташылбаган. Ошол доордо уйга артып суу ташып келип жер сугарган учурлар болгон

[3] Кемчилиги жок (мисалы:кулагы кесилбеген, таноосу жырылбаган, жоору жок ж.б. айыбы жок уй).

[4] Буга чейин Муса калп айтып жаткан өңдүү мамиле кылгандары байкалууда.

[5] Эгерде алар буйрук келер менен белгилерин сураштырып отурбай эле бир уйдусойгондо мынчалык убара болушпас эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 01 Февраль 2015 - 01:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2460 Пользователь офлайн   adilettt   01 Февраль 2015 - 12:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 107
  • Катталган: 14 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 00:05
  • Жынысы:Эркек

Менде кызыктай суро барда балыкты же акуланы китти башын албайле канын агызбайле сойушат анан ошо сойгондо кантип сойт бисмилла Аллах акбар дейби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (364 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 121
  • 122
  • 123
  • 124
  • 125
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Авг 2025 22:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: