Наристелүү апаларга жардам Жаңы төрөгөн жаш балалуу энелер үчүн кеңештер
#901 31 Январь 2015 - 11:38
Рахмат Рая эже кенештеринизге!
Оа балам жотолуп атат.Биз кайнатамдар м.н чогуубуз.Чон уйго чык,кичине уйго кир болуп,бир кундо 5-6жолу кирип чыгабыз.Эки уйдун ортолугу 12-13метрдей,ошо маалда муздак аба жутуп алып атабы билбейм.Сизге кошулам торкундобой эле отурган жакшы кыштын кунундо.
#902 31 Январь 2015 - 14:12
Кандайсынар?
Мен кызымды эмизип жатканда сут ийип кетет эки эмчегимден фонтан б.п атып чыгат,ушундай силерде да болгонбу?Кызым 4айлык .же убакыт отушу м.н калып кетеби?
#905 31 Январь 2015 - 20:48
оа ошентип сут коп болгон менде да.3айлыгында беле де 2ай беле.жазып болчу.муздак сууга мойнуму сурто коем деп мастит болгом.бат бат эмизбесе суук тийгизип албаса эле эмчекке да жакшылап конул буруп коюш керек экен.мен маститтин азабын жакшы эле тарткам биринчи кызымы тороордо..
#906 01 Февраль 2015 - 10:14
Кандайсыздар мээримдуу энелер?Менин эмчегим (он жагым)карангыда эшике чыгып келсем эле ооруп шишип жатат.Учуктатсам жакшы болуп калат.2,3 кундун бириделе ошондой бт.Учуктатпасам температура чыгарып эмизалбай калып жатам,каттуу ооруп.Эмне кылсам болот.
#907 01 Февраль 2015 - 12:01
Akylai_aktan (31 Январь 2015 - 11:38) жазган:
Рахмат Рая эже кенештеринизге!
Оа балам жотолуп атат.Биз кайнатамдар м.н чогуубуз.Чон уйго чык,кичине уйго кир болуп,бир кундо 5-6жолу кирип чыгабыз.Эки уйдун ортолугу 12-13метрдей,ошо маалда муздак аба жутуп алып атабы билбейм.Сизге кошулам торкундобой эле отурган жакшы кыштын кунундо.
#908 01 Февраль 2015 - 13:01
Ulutum_Kyrgyz (01 Февраль 2015 - 12:01) жазган:
бизде да ошол койгой,ары бери болуп жатып акыры бала жотолуп калды,кара редькага бал куюп берип жатабыз кечээтен бери,бугун бир топ жакшы болуп калыптыр.Жаманы озум да ошонтип ооруп калыптырмын.
((((
Эртереек жакшы болуп калыныз.Эне ооруса бала дагы кыйналат.Оа менда менда турпко асел салып берип,Рая эже айткандарды жасап атам.Бирок мына аазыр эле дагы наркы уйдон келдик
#909 01 Февраль 2015 - 14:55
-rusalka-
(31 Январь 2015 - 11:12) жазган:
Кандайсынар?
Мен кызымды эмизип жатканда сут ийип кетет эки эмчегимден фонтан б.п атып чыгат,ушундай силерде да болгонбу?Кызым 4айлык .же убакыт отушу м.н калып кетеби?
Бары да балее жогу да балее дегендей менин сүтүм да ошондой балам жети айлык болду дагы эле ошондой фонтан,таң аткыча сыгып алма болот пижамам,хотя атайын подкладкасын койсом деле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#910 01 Февраль 2015 - 15:01
raia (30 Январь 2015 - 04:23) жазган:
Туну жотолсо,Асел (бал) ди бир аз ысытып ( Идиши менен ысык сууга салып турсан) жылыйт,жука (одна разовый) пакетке бир чон кашык аселдли тамагына ылайыктап туруп шыбап,тамагына кой да устунон хб матиралдан жаап кой.кийимдерин топчулап жылуу жаткырып кой.Какырыгын айдатыш учун турпту ичин бир аз ойуп бир кашыкча турпко бал куйуп койсон согу чыгат.Ошону бир кичине кашык менен ар 3-4 саатта берип тур.Бул врач жазган мукалтинден кучтуу.Бир кун асел кой,бир кун койдун майын жакшы шыбап хб матиралды жылытып тамагын жаап жука хб жоолук менен ийнине арчындатып салып киймин кийгизип кой.Иче алса бир кашык (чайкашык) сары майды сутко сапырып ысыгыраак ичирсен Тамагынын кырылдагы калып калат.7айлык болсо шамаалга баланды кармап койгонсун же уктаганда суук жерде уктап калган.Ошон учун балага бешик жакшы.Жылуу жумшак жатат.,чумботтолгон.
Озунун демине озу ысып жылуу жатат.
Рахмат Рая эже кеңештериңизге, түрпкө бал куюп койдум,бүгүн ичирем буюрса,кечинде тамагына шыбадым,койдун майын,куйругун сызгырып шыбайм да ээ? Шамалга деле көтөрбөдүм эле, манежинде жатат,биз Сочидебиз ошондуктан бешигибиз жок. Жаңы жыл алдында грипп болду эле ошонон бери жөтөлөт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#911 01 Февраль 2015 - 16:05
Менин кызым тункусун жотолуп, кыйналып, дем ала албай калганда жарым чай кашык таза сары майды ысытып ичирип коюп аттым ошол боюнча тынч уктап аткан. Ошо биз да жаны жылдын эртеси торкундойбуз деп шамалдап,жотолуп калганбыз. Азыр кудайга шугур баары жакшы. Силер да айыгып кеткиле.
#912 01 Февраль 2015 - 16:08
raia (30 Январь 2015 - 08:04) жазган:
Бисептол жакшы жардам берет бирок зыян жагы да бар деп окуган жайым бар эле.Жаш балдарга коп бериш болбойт деген.Азыр караштан убактым жок,Интернеттен ачып окуп коргулочу.Деги эле жаш балдарга даары бериштен мурун,майлап,
масаж жасап,чоп даарылардан демдеп берсенер жакшы болот эле.Азыркы жаштар таяр аптекага чуркайсынар.
анан да кайсыл даары кучту ошону бергинер келет.Кучтуудон баштап алсанар,кийин кантесинер.
Баланын оргонизимин даары менен уулап атасынар.Кийин бала кыйналат.Мен 27 жашымда башка даары таасир бербей бисоптол ичкенимде терепев врачтын айтканы бар эле.Сен азыр бисептол ичсен 50 жашка барганда эмне ичесин деген эле.Бул даарыны мага уролог жазып берген эле.Чындап кийин температурам тушпой,жакшы боло албай калганымда чустивителный анализ алганда коптогон даарыларга чыкпай калган эле.Ошон учун мен балдарга даары бергенден корком.,коз карегимдей сактайм ,орутуп алсам дары бербей майлап ,суттоп,чоптон демдеп беришке аракет кылам.
Азыр силер жашсынар,интернет бар,кайсыл чоп эмнеге даары ,кантип демдеп беришинер керек ошонун баарын интернет булактан алсанар болот.
Азыр силер жашсынар,интернет бар,кайсыл чоп эмнеге даары ,кантип демдеп беришинер керек ошонун баарын интернет булактан алсанар болот.
Салам рая Эже !ачуу бадам деген кадимки эле бадамбы же турлору болобу?кенениреек жазып кетсениз сураныч!
#913 01 Февраль 2015 - 18:29
Салам энелер.Коз жаргандар БЕШИК БООНОР БЕК БОЛСУН.Менин сурайын дегеним балдарынарды общ.баняга алып барасынарбы же жокпу.Азыр домдо муздак обогреватель сайсан деле жакшы жылыбайт.Алып барамда кайра ойлоно берем.Ошого силердида угайын дегеним.
#914 01 Февраль 2015 - 19:04
эже общ эмес.мындай частный банялар да бар го..Баланыз канчада.?_озунуздун таза тазик тапочкаларызды которуп частный таза баняларга барсаныз болсо керек.
#915 01 Февраль 2015 - 23:18
Жоролор женс.барабызда.
Тазаледейго менимче.Озубуздун тазик,шлепкалар3,
6жаш.Элдер да алпарышабы экен дегеним.
#916 02 Февраль 2015 - 03:19
Койдун майын сызгырып шыбайбы? Айтып койгулачы сураныч?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#917 02 Февраль 2015 - 07:56
-rusalka-
(31 Январь 2015 - 14:12) жазган:
Кандайсынар?
Мен кызымды эмизип жатканда сут ийип кетет эки эмчегимден фонтан б.п атып чыгат,ушундай силерде да болгонбу?Кызым 4айлык .же убакыт отушу м.н калып кетеби?
Суттуу аялдардарда ошентип агат. Мен да бироосун эмизип жатып экинчиси да ийип кеткенде бир аз учун укалар койчумун. Ага да болбой атылып ага баштаганда идиш коюп койчумун. Биринчи сутум агып бутуп экинчи сутумду эмизчу элем. Бул нерсе 2 айга созулду. Эки айдап сон ошол сутторду да таппай калдым го.
#918 02 Февраль 2015 - 13:28
#919 02 Февраль 2015 - 15:13
#920 02 Февраль 2015 - 15:16
Дагы суроо бойго бутуудон сактоочу таблеткаларды бала эмизип жаткан убакта ичсем болобу? Сактанайын дегем.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!