Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 87
  • 88
  • 89
  • 90
  • 91
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#1761 Пользователь офлайн   happy02   23 Январь 2015 - 17:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Оору болдун журогумо дабасы жок,
Дарылачы кулкун менен табасы жок.
Сезимиме булук салып ойнодун сен,
Журогумо муз салып кордодун сен.

Тонгок журок алсыз гана согуп барат,
Коз жаштарым талаа бойлоп агып барат.
Журогумдо алоолонгон махабат,
Жарк этет да кара тустуу кулго айланат.

Суйуудон конул калып катуу аксап,
Турамын кыл учунда миздуу бычак.
Айла таап жай турмушка кайта албадым,
Бул менин алсыздыгым не кыламын?
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1762 Пользователь офлайн   CauseLove   24 Январь 2015 - 14:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 298
  • Катталган: 02 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Янв 2019 20:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,
Мезгилдер карматпай өтсө дагы...:)


Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1763 Пользователь офлайн   VANCOUVER   24 Январь 2015 - 18:43

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер



Милая менин сүйгөнүм,
Нежная сенин күлгөнүң.
Без тебя кантип жүрөмүн,
Навсегда сени сүйөмүн.
.
Слушай жаным кулак сал,
Көп кыздар мени покидал.
От вали десең сен дагы,
Анда мен точно пропал.
.
Сүйүүмдү сага показал,
Ыр менен аны доказал.
Горный мёд сымал сүйүүмдү,
Гордая болбой кабыл ал.




.

Ушундай ырлар да боло береби? )
Бир жерден көрүп күлкүлүү экен сүйрой келдим.






Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1764 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   24 Январь 2015 - 20:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Күлгүндү күнгө кактабайт, бегим
Күмүштү күлгө таштабайт, бегим
Сырганы сыңар сактабайт, бегим
Сыр аяк турса аттабайт, бегим

Күңгөйдө күкүк мен элем, бегим
Күйкөгө качан жем , элем, бегим
Кулаалы салбайт акууга, бегим
Куп келген теңим сен элең, бегим
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1765 Пользователь офлайн   jon_jurbos.   24 Январь 2015 - 23:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 488
  • Катталган: 05 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 23:37
  • Жынысы:Эркек

Боз уланды сыздаткан ииииииий
Бодоно тумшук мамагын.
Шок жигитти суктанткан ииииииий
Шортадан корунгон сандарынСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1766 Пользователь офлайн   Mr.ExclusivE   28 Январь 2015 - 01:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 31 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Апр 2015 05:04
  • Жынысы:Эркек

Бир балада баары барбы,

Шаардын баары колдо.

Атасынын машинеси,

“Фаап-фаап” жолдо.

Учуп жүрөт иш кылгансып,

Чаң сапырып күчөтүп.

“Урганым жок”- дегенсип,

Асылганды кекетип.

Толо, толо калп достору,

Кана мени макта.

Капчыгында кысылышат,

Сатып алчу акча.

Диско клубда шагырашып,

Шайтан үйү.

Бири-бирине сүрүлүшүп,

Түшүнүгү сүйрү.

Төштү ачып кыска кийип,

Жарнактай чакырып.

Жигиттердин көңүлүнө,

Дене менен жагынып.

Мен балдарды жактабаймын,

Айтып жатам күйүп.

Канча деген карындаштар,

Алданышат сүйүп.

“Современный”- деп айтышат,

Кыргызчасы – заманбап.

Сен абийирдүү, таза болсоң,

Келбетиңе жарашат.

Терс түшүнүк батыш жактан,

Бекем сиңип калдыго.

Улутуңдун жоголушу,

Тил чайналып чалдыго.

Ай кыргыздар ойгонгула,

Камчылата салса.

Канча кыргыз кыз жигиттер,

Тантырашат орусча?

Жыйрма жылда эмне бердиң,

Мамлекет балдарга?!

Билим сатып бизнес кылдың,

Билими талада!

Кыргыз тилде так сүйлөсө,

Баары аны - мырк дейт.

Орус тилин түшүнбөсө,

Жабылышып - мырк дейт.

Терең ойлоп көргөнүмдө,

Неге мындай басынтат?

Өз жеримде эне тилди,

Кемсинтип жатышат.

Шаарда өсүп кыргыз тилди,

Билбейсиңби - мырк дейм.

Калпак кийгенден уялып,

Тартынасың - мырк дейм.

Манас ата ким экенин,

Билбейсиңби - мырк дейм.

Чоң апаны “бабушка” деп,

Айткандарды - мырк дейм.

Ичим күйгөн ойлорумда,

Күндө көргөн күнүмдүк.

Көкүрөктө кызыл жүрөк,

Тилиме кылат үстөмдүк.

Мен кайдыгер бола албаймын,

Жамынгансып чүмбөткө.

Элим кайда баратканы,

Кантип сыят жүрөккө?..




Кыргызыма не керек?

Мусулмансың дин керек!

Кыргызыма не керек?

Таза кыргыз тил керек!

Кыргызыма не керек?

Өзөк керек күч керек!

Кыргызыма не керек?

Чындык керек, ак керек!

Сен тазасың мен таза,

Кир жолобойт жаныңа.

Андай болсо ханыңда,

Таза болот тагында.

Андай болсо балаңдын,

Келечеги колуңда.

Андай болсо быргыздын

Келечеги балаңда!

Элди каргап жасалганбы,

Аянттагы эстелик?..

Кыргыздарга дал келбеген,

Терс көрүнгөн эркиндик.

АКШнын эркиндиги,

Биздикинен ыймандуу.

Оң колуна отту кармап,

Этек башы жабылуу.

Кыргыз кыздар бузулсун,

Деп курулганбы эркиндик?

Канаттуу бир сойку кызды,

Элден бийик секиртик.

Сол колуна түндүк кармап,

чачын кыска кыскартып.

Таштан чегип жылбас кылып,

Үлгү кылып караттык.

Эми жаштар кылганына,

Кантип капа бололу?

Элибиздин символдору,

Бузукулук жолдобу?

Бүт жагынан карап көрсөң,

Элге чоочун саясат.

Гезит бетин ачып көрсөң,

Көзүң качып уялат.

Жыныстык катнашка чейин,

Жазып жүргөн катмарлар.

Келечекке балта чаап,

Акча үчүн жазгандар.

Сыналгынын төмөн жагы,

Акча үчүн смс.

Секс издеген жаш бала
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1767 Пользователь офлайн   admin_superstan   29 Январь 2015 - 16:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Ырлар" темасы менен бириктирилди.
Флуддабагыла!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1768 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 13:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Дем берип жанга, күчөтүп күндүн жылышын,
Дүйнөмдү ээлеп, акылдан алып тымызын.
Душманга дагы багынбай турган жүрөктү,
Дүрбөлөң салып, багынтып алды бир ысым
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1769 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 13:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Көңүл эрки ашыктыктан мокобой,
Көп жүрөктөр дүкүлдөктөн бошобой.
Сүрү күчтүү болгон менен чынында,
Сүйүп калуу бу заманда опоңой..

Махабатка чөгөт дечи ар киши,
Майдалардын сүйүү менен барбы иши..?
Сүйөм деген сөз чыкканда оозуңдан,
Сүйүүнүн да кайтып кетет ал күчү..

Бүт баардыгын бүгүнкүгө болжобо,
Сүйүүдө да болуу керек жол жобо...
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1770 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 14:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Мен билген бир кыз

Мен билген кыз бар эле, мезгилди алаксыткан,
Мээлешип далай көздөр турчу эле карап туштан.
Байланып ошол кыздын жан эзген ажарына,
Бир далай досторумдун жүрөгү канап чыккан.

Жетем деп сабагына дал ошол ыйык гүлдүн,
Желпинип бар дүйнөмдү далай жыл күйүктүрдүм.
Ок болуп ойрон жаным түбүнөн омкорулуп,
Окууну ойдон алып мен дагы сүйүп жүрдүм.

Чыдамы кетип күндө туйлаган байкуш жандын,
Чыгалбай ашыктыктан бариктей кайкып калдым.
Башкалар азыр гана менчиктеп кетүүчүдөй,
Бир күнү балп эттирип «сүйөм» деп айтып салдым.

Эх, ошол убакыттар билинбей эч өткөнү,
Эсимди карайлатып көздөрү тешет мени.
Мен сизди жүрөгүмдөн дайыма сыйлап келем,
Калганын жалгыз гана убакыт чечет деди..

Кыз жообу айтылган соң мен жакта майнап барбы,
Кыялым ошол маалда чачылып жайнап калды.
Айткандан көп күн өтпөй ал кызды ала качып,
Убакыт чечпей эле азапка байлап салды…
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1771 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 14:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Бутум чыкпай турмуштун баткагынан,
Буулугуулар турганда каптап улам.
Көңүлүмдү жылыткан көз ирмемде,
Көз мончоктой көлүмдү бат сагынам…

Жаштыгыңа алпарган кайрып дагы,
Жалган эмес сөз жеткис байлык бары.
Арзуу болуп угулат кышкы көлдө,
Алыкулдун качанкы кайрыктары…

Арууланам көлүмдүн жели менен,
Арзып бүтпөс ажарлуу пери белең.
Кыялдарды тазартып келүү үчүн,
Кышкы көлгө ким барат мени менен.?.
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1772 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Эргибесе жүрөктөн да акпас ыр.
Бүгүн сага төгүлсүнчү накта сыр,
Жүргөн кезде жарык таппай муңайып,
Жаштыгыма соолубаган жаз чакыр.

Жалгызымсың, жарыгымсың деп турган,
Өзүң болчу сезимиме чеп курган.
Көп адамдын көңүлүндө жүрсөм да,
Жан-дүйнөмдү түшүнбөдү эч бир жан...

Баардыгынан, баардыгынан түңүлдүм,
Саргаюуудан, кусалыктан күбүлдүм.
Эми сенин тулпарыңа айланып,
Сүйүү үчүн келип турат жүгүргүм
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1773 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Баркыңды эми жолдошуң билсин

Кусалык күчөп калтырайт денем,
Куру сөз тура жан чыдайт деген.
Башында билсем сүйгөндүн баркын,
Бар дүйнөм толуп балкыбайт белем.

Жоготуп сени жол сурайт белем..?
Сезимден үшүп тон сурайт денем.
Ырысым сен деп эртерээк билсем,
Ызага батпай толкубайт белем..

Кайрылбас күндүн төркүнүндөмүн,
Эстесем сени көл түбүндөмүн.
А бирок чындап жашоомдо азыр,
Азаптын ылай көлчүгүндөмүн.

Элесиң көрсөм тоо башындамын,
Сүйүүнүн кайтпас ооматындамын.
А бирок чындык тартылса көзгө,
Армандын бүтпөс коогасындамын.

Ардактап балким эстейсиң мени,
Кан какшап балким жектейсиң мени.
Жадымдан кетпес, жашоомдон өчпөс,
Жарыгым сенсиң көк мейкиндеги.

Санаага мендей конбосуң күлкүң,
Сагыныч баскан жолдосуң мүмкүн.
Мээримиң сезбей жоготтум сени,
Баркыңды эми жолдошуң билсин

Бердибек Жамгырчиев


"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1774 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 14:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Декабрдын түгөнбөс ыры

Оо Декабрь, жүрөктү титиреткен,
Сыйкырыңа кимдердин күчү жеткен.
Ансыз дагы жүрөгүм туңгуюкта,
Аябачы арзууңду ушу кечтен..

Сезимдердин кулатып көбүн жардан,
Селкилерден оолактап көңүл калган.
Жандап жүргөн өңүмдө түшүмдө да,
Жалгыз гана жалын бар сен ыйгарган.

Дене-бойго кусалык күчү тарап,
Бирок азыр жан-дүйнөм үшүп барат.
Демейдеги көнүмүш күнгө таштап,
Декабрь да аяктап бүтүп барат.. Бердибек Жамгырчиев
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1775 Пользователь офлайн   kuu-1005   01 Февраль 2015 - 14:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 02 Июл 2025 13:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Түнкү шам

Түн ортосу..жымжырт дүйнө..тыш жарык,
Түркүн ырды жүрөгүңө кыстарып,
Окуп жаттым эргүү менен бир башка,
Оттуу сааттар улам барат кыскарып.

Көздөрүңдөн мени каптап бүт табың,
Көңүл кызыйт темириндей устанын.
Мээ сергиткен нур дүйнөгө кошууда,
Мээрим төгүп мени муюп укканың.

Айырмасыз өкүм сүрүп өң-түшүм,
Аруу кыздын арзуусунда көлкүсүн.
Майда турмуш кулап жатты оюмдан,
Маңдайымда күйүп турган көрк үчүн.

Эх, аруу кыз, көңүл күүсүн черт эми,
Көтөргөнгө бактылуудур жер сени.
Тазалыкта уланса экен ушундай,
Тагдырыңдын татаал болбой эртеңи.

Азаптарды думуктуруп күлкү-шаң
Аалам кошо отко айланды бир тутам,
Сезимдердин улуу күчү көбөйүп,
Азаюууда ортодогу түнкү шам…
"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1776 Пользователь офлайн   Sheke-brat   08 Февраль 2015 - 13:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Эненин кадырына жет!
Болбосо Россияга келип кет!
Мусаапырдын Наны ширин,
Ушул Нандан бир жеп кет!
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1777 Пользователь офлайн   Sheke-brat   12 Февраль 2015 - 01:16

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Сен эмнеге унчукпайсын, таарындынбы?
Же кутуунун азабына кабылдынбы.
Копкоо журуп жолукпастан конулундо,
Карлыгачым же сен мени сагындынбы?

Сагынсан айтып койчу, жолугайын,
Жанында ырлар окуп олтурайын.
Коктогу сен жетпеген кыялдарга,
Аракет кылып мен да кол сунайын.

Сагынсан айтып койчу, келип турам,
Жапжаны ырлар окуп берип турам.
Менден алыс журсон да мага деген,
Суйуун бар журогумдон сезип турам.

Сагынсан айтып койчу, жана келем
Кыпкызыл гулдор терип ала келем.
Журоктогу сага болгон ак суйуумду,
Назигим ырга кошуп жаза келем.

А.Тургунбаев
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1778 Пользователь офлайн   rabia   14 Февраль 2015 - 04:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 594
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2015 10:06

суйгом сени кусалыка багынып ,
кусалыка чыдай албай сени сагынып.
Сагынып жургон кезимде да ,
келбедин сен кайрылып.
Кайрылып келем деп соз бербедин,
бирок мен негедир куто беремин.
Кутуп журуп кусалыкты женем деп.
Эмнеге ишенимдуу айтамын билбедим.
Бирок сезем бир кайрылып келишинди,
суйуумду кайрадан сезишинди.
бир нече жыл мурун бир адамга арналган эле...аттин ал адам эч качан кайрылбайт .бул саптар кусага толгон калын дептерде саргарып гана кала берет .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1779 Пользователь офлайн   rabia   14 Февраль 2015 - 04:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 594
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2015 10:06

тун ортосу айды карап олтурам,
козумо ачуу сууну толтурам.
Айланамда канча адам журсо дагы,
коз ирмебей сени кутуп зарыгам.

Сезбедин сен коз жашымдын дайра болуп атканын,
нугу жок кай бир жактарга акканын.
Жараланган журок ыйламсырап.
Кундон-кунго каны тугонуп бара жатканын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1780 Пользователь офлайн   rabia   14 Февраль 2015 - 05:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 594
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2015 10:06

жолуктум жигитке кыялымдагы ,
айта албадым журоктогу сырларымды .
Билсе эгер сырымды сыздаткан,
карай бекен жылмайып кайрадан.

Булут да тушунот ушул дартымды,
карайт ыйламсырап каранымды.
Бир гана сен тушунбойсун, сезбейсин,
журокту ойкогон азабымды.

Азаптуу кундор айланып айларга,
куралды айлардан 2 жыл арманда.
Ушул жылдар кылым сымал отту мага,
Кыйнадын мени неге айтчы мага.

Мумкун журогундун ээси эместирмин.
Мумкун бул жашоого сен учун келгендирмин.
Бирок тагдырыбыз туташпаса,
аттин деп бармак тиштеп кететтирбиз.

Кундор да уча берет экен алыска,
кубаныч ,кайгы,азап да.
Бирок мен айтар элем баарынарга,
суйуунорду тартынып билгизбестен калбагыла бушайманда .
23.02.2010.
Эсептелуу кундордон кийин 5 жыл болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 87
  • 88
  • 89
  • 90
  • 91
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Июл 2025 23:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: