КАРАҢГЫ ТҮНДӨГҮ КАРААНДАР
Алар канча укташкандары белгисиз аттардын дүбүртү,бака-
шака үндөн бирөосү селт этип чочуп ойгонуп кетти.Анан башын акырын көтөрүп атчан жүрүшкөн он чакты караанды көрдү.Сыртынан караганда алардын аябай шаашкалактаган түрлөрү бар.Беш-алты атка жүктөлгөн куржун-мүшөктөрдү шашылыша эски мүрзөнүн оюкчасына ташып жатышат.Ары жакта турганы бир нерседен кабатырлангандай,
шашкалактай буйрук берип жатты.
-Болгула жигиттер,ылдам чамдагыла,тигилер ана-мына жетип келиши мүмкүн.
Алар аябай ылдам иштеп атышты.Баш аягы болуп он мүнөтчөлүк убакытта алиги нерселерди ташып бүтүрүштү. ---- Кана,эми сыртынан билгизбей оюкту топурак менен бүтөп таштагыла,болгула тез,ылдам!
Түнкү караңгылыктагы караандар жанталашып,
ары-бери чуркаша иштеп жатышты.
-Кана бүттүңөрбү,
баары жайында болдубу?
-Баары жайында мырза.-Бирөөсү ага иштин жайын тшүндурүп жатты.
-Кана,тургулачы мындай,өзүм көрөйүн.-Ал бир сыйра текшерип чыккан соң.-Эң жакшы,жигин билгизбептирсиңер,
эми үстүнө эски чөп-чарларды таштап салгыла.-Эки үчөөсү ары жактан чөп-чарларды алып келип акырын ташташты.-Кана болгула жигиттер,кеттик бул жерден эртерээк кетти!-Алиги он чакты караан шапа-шупа аттарына секирип миништи да,камчыланыша чакылашкан боюнча заматта көздөн кайым болуп кетишти.
Айлана бир азга жымжырт боло түштү.Бирок көп өтпөй дал эле өзүнүн түбүнөн элүү алтымыштай куралчан атчандар дүпүрөп өтүп жатышты.Алар да каяккадыр шашып баратышкандай.
Бир аз убакыттан кийин алар да караңгылыкка сиңип кетишти.Тигил мурун кеткендердин багыты менен кетишкендитеринен,
аларды кууп баратышканы билинип турду.Арадан чай кайнам убакыт өтпөй тээ алыс жактан мынтыктар менен атышкан,элдердин кыйкырык чуусу кадимкидей угулуп турду.Ал ызы-чуу таңга жуук гана басылып,анан таптакыртынчып калды.Сыягы салгылашуу аяктаса керек.
Айлана жаңыдан куланөөк тартып таң агара баштаганда тээ алыстан куралчан атчандар жайбаракат кайтып баратышканын көрдү.Демек тигилерди кууп жетишкен экен да бийик күмбөз үстүндө аңдып турган Улукбек деген дербиш ичинен ушуларды ойлоп койду.Анан катуу чарчагандыктан кайрадан көзү илинип кетти.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#102 29 January 2015 - 01:37
ОЙГО КЕЛБЕГЕН БАЙЛЫК
Эртеси экөө ойгонушканда күн чак түш болуп төбөдөн тийип турган эле.Түнкү болгон окуянын эч нерсесин билгизбей чымчыктар,куштар сайрай биринчи болуп ойгонгон Улукбек дароо эле төмөн жакты карады.Кечөөкү үймөлөктөшкөн карышкырлардан эбакта эле дайын жок болуп кетиптир.Анан түндөгү окуяны эстеди,сыягы карышкырлар түкуралчан атчандардан чоочулашып качып кетишче керек.Түнү бою эч нерсени сезбей уктаган экинчиси очуркана оозун ачып керилип,чоюлуп эстеп алды да,бир нерсени эстегендей дароо төмөн жакка көз жүгүрттү.
-Ой,карышкырлардан дайын жок го,каякка кетишкен алар?
Улукбек ага таң калгандай карады.
-Чын эле сен түндө эч нерсени сезген жоксуңбу?
-Жок,Кудай урсун эч нерсени сезбей катуу уктаптырмын. Эмне бирдеме болдубу?
-Демек,карышкырлардын эмне себептен качып кетишкенин билбей калган турбайсыңбы. Түнедө Кокон бийлиги өкүм жүргүзгөн Кызыл-Үңкүр бийик чеби бекерден-бекер алоолонуп жалбырттаган жок да.Сыягы,кыргыз- кыпчактар менен Кокон хандыгынын Армиясынын ортосунда кандуу кагылышуу болуп кетти окшойт.Менимче Кокон хандыгынын күчтүү армиясы кыргыздарды кыйратып,чептен кууп чыгышса керек.Түндө качкындардын үймөлөктөшкөн тобун көрбөдүмбү. ..
-Аа,анда алиги карышкырлар ошолордон коркуп качышса керек.
-Кеп анда эмес,башкада болуп атат.Түндө алардын качкындар тобу бизден анча алыс эмес жерге келип үймөлөктөшүшпөдүбү.
-Анан эмне болду?
-Оозу ачылып калган оюк көрлөрдүн ичине бир нерсе жашыргандай болушту.Мен акырын акмалап байкап турдум,алар аябай шашылып атышты.Ат менен жүктөлүп келген нерселерин ылдам-ылдам түшүрүшүп,сыртынан билгизбей жашырышты да,заматта көздөн кайым болуп кетишти.
-Анан..?
-Арадан бир чай кайнам убакыт өтпөй эле тигил Кызыл-Үңкүр тараптан топураган куралчан атчандар чыгып тигил жерден алар кеткен тарапка жөнөштү.Менимче Кокон хандыгынын жазалоочу отряды,куугундар окшойт.Ошондон көп өтпөй эле тээ алыс жактан кандуу кагылышуу болуп өткөндөй болду.Анткени элдердин ызы-чуусу,мылтыктардын атылган үндөрү бир топко чейин басылган жок,таңга жуук гана барып араң басылды.Айланага жарык кирип,таң агарып баштаганда жазалоочу отряддын кайра кайтып баратышканын көрдүм.Сыягы, тигилерди кууп жетип,талкалап, анан кайра кайтып кетишти окшойт.
-Туткунга түшкөндөр да бар бекенби?
-Же качып кетишти,же бардыгы курман болушту.
-Кызык аңгеме айтып атасың,бардыгын өз көзүң менен көрдүңбү?
-Мен эмне сага жомок айтып атат деп атасыңбы?
-Анан тигил жакка эмне жашырышканын байкган жоксуңбу?
-Караңгыда кайдан.
-Анда барып көрүш керек экен да.
-Мен да ошону ойлоп отурам,тигилерден бирөө жарымдар кайтып келип калып,бизди өлтүрүп ташташпасын.
-Биз деген дервиш,эч кимге жамандыгыбыз жок,Кудайдын кишисибиз да.Ак ургандан башка эч кимге зыян кылбайбыз.Бизге ким тийишмек эле.
-Менимче курал-жарак катып кетишти окшойт.
-Курал-жарактын бизге кереги эмне...

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#103 29 January 2015 - 01:50
Мен да ошону айтып атпаймынбы,
балким ал жерге барбай эле койсокпу дейм,от менен ойнобой.
-Ал жерден жок дегенде бирден жакшыраак бычак алып албайлыбы,талаада көп жүрөбүз тентип,жок дегенде тиги карышкыр сыяктуу жырткычтардан коргонгонго жакшыраак болот.
-Адегенде көрөлүчү ал жерге эмне жашырышканын, анан...
Бийик күмбөздүн башынан биринчи болуп Улукбек түштү.Бутун карышкырдын азуусу жарып кеткен экинчи дервиштин аты Максүт эле.Ал буту ооруп,эски күмбөздөн түшө албай жатып араң дегенде жылмышып түштү.Адегенде артында асынып жүрүшкөн баштыктарынын баарын жерге ыргытышып,анан өздөрү түшүшкөн эле.Максүттүн буту түндө ооруганы анча билинген эмес,азыр локулдатып чыдатпай ооруп жатты.Таяк таянып аксаңдап араң басып жүрдү.
-Кана кайсыл жер эле?
-Тээтигил көп чийлүү дөңчөлөрдү көрдүңбү,ошолрдун арасында.
Экөө эски коргондорду, дөбөчөлөрдү аралап отурушуп,көп чий каптаган дөңчөлөргө келишти.Бирок эч кандай эчнерсе таба алышкан жок.
-Кана түндөкү сенин айтып аткандарың, эч шек билинбейт го.
-Даана эле бобул эки көзүм менен көргөм.
-Анан кана көрсөң...
-Токтой тур,бобул аттардын издерин көрдүңбү,демек мен жаңылбаптырмын даана эле көрүптүрмүн.
-Көрсөң алар жөн эле бул жерге бир аз буйдалып,анан кетишкендир?
-Буйдалышса эски мүрзөлөрдүн арасында эмне бар аларга,түз эле кете беришпейби. Токтой тур...,-Улукбек чоң калың чийдин түбүндө оролошуп турган эки жыланды көрдү.Анан калың чийдин түбүндөгү опурактар бош экенин байкап калды.Колундаг таякчасы менен жыландарга тап берди эле,алар качышпай кайра тигиге кол салчудай болуп ышкырып айбат кыла туруп калышты.Улукбекке ары жактан Максүт жардамга келди.Экөөлөп союлдары менен ургулап тап берип атышып алиги чийге оролушкан эки жыланды кубалап жиберишти да,түбу бош чийди так көтөрүп ары көздөй омкоруп ыргытып салышты.Калың өскөн чий түбүменен башка жактан алынып келип көрдүн казанбагын бүтөп калган эле.Качкындар анын айланасын топурак менен билгизбей көмүшө,тегерете эски саргая баштаган чөптөрдү таштап салышыптыр. Мындай караган адамга анча билинбейт экен.Чийди алып салышканда көрдүн ичи оңурайып көрүнө түштү.Ары жагы караңгы болгондуктан ичинде эмне бар эч нерсе көрүнгөн жок.Казанбактын оозун чоңойтуп,кенен кылып ачышкан соң,ичине баш багып көз жүгүртүштү. Ар кайсы жерде иреетсиз чачылып жаткан чоң-чоң каптарды көрүштү.Максүттүн буту ооруп аткандыктан көрдүн ичине Улукбек кирди.Шашкалактап жатышкан качкындар каптарды туш келди ыргытыша,сыртынан ары-бери жашыра салышып көздөн кайым болгон экен.Албетте, арттарынан ажал кууп келаткандыктан буларды ирээти менен жыйып сыртынан шашпай,жакшылап корумдап,анан билгибей белги коюп кеткенге чолооллру да жок болчу.Улукбек шашпастан бышык кендир менен тыкан оролгон каптардын биринин оозун чечип,ачып кирди.Чечилген кендир жипти ары ыргытып жиберип,каптын оозун кенен ачты да,талма тийгендей жалдырап туруп калды.Анан кандайча бакырып жибергенин өзү да байкабай калды.
-Мына,байлык, алты-ы-ын!

#104 29 January 2015 - 02:10
ТАБЫШМАКТУУ ЖОГОЛУУЛАР
(бүгүнкү заман)
Түрмөдөн эч кимге көрүнбөй билинбей аман-эсен качып келишкен Абдурахман, Сулайман жана Жафар үчөө шаардагы Бакирдин үйүндө бир жумадай сыртка чыкпай эс алып жатышты.Түрмөдөн качкан төртөө жөнүндө анча деле ызы-чуу болгон жок.Өздөрү жөнүндө бирдеме болуп калаар бекенби дептелевизорду күндө карашып эч нерсе көрө алышпады.Атүгүл, гезиттердин да бирин койбой карап атышты.Алар жөнүндө эч кандай эч нерсе жазылбаптыр. Тек гана бир жолу Вечерний Бишкек гезитинин кримжаңылыктар бетине түрмөдөн качкандар жөнүндө кыскача гана маалымат бергенин окушту.
-Ызы-чуу кылып бизге атайын розыск жарыялабаганы жакшы болду.Кичине ээн-эркинирээк жүргөнгө мүмкүнчүлүк бар.Ач кулактан тынч кулак деп кайда болсок да сак жүрүшүбүз керек.Кылтакка илинишибиз бат эле.
Бирок алар милициянын кылтагына илигнишпегени менен күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир башка бейтааныш болгондо да таптакыр кыргызга окшошпогон башка улуттагы адамдардын кылтагына илинишип,туткун болуп калышты.
-Биздин түрмөдөн качып чыкканыбызды өзүбүздүн кишилерибиз баары жакшы билишет.-Абдурахман кырдаалды тушүндүрүп жатты.-Кайрадан чачылып кеткен командабызды топтошубуз керек,кандай да болсо.Бул милдетти сен аласың Сулайман.Эртереек катылган кенчти таап,бул жактан жоголуп кетпесек болбой калды.Баарына кабарла,эмки жумада Ала-Арчадагы Курмангазынын дачасынан жолугушабыз. Ар кандай болуп кетиши мүмкүн,өздөрү менен кошо куралдарын да алып чыгышсын.Аземге айтып кой,мага да бир пистолет обоймасы менен толук ала келсин.Баарына билгиз,казынанын картасы надежный жерде жашырылуу,эртерээк ишке киришели,башкалар да билип калып бизге кийлигишип кете электе.
Абдурахман кырдаалды жакшылап түшүндүрүп, кайрадан өзүнүн кишилери менен байланышканы, жаңы иш-аракеттерди баштаганы Сулайманды жөнөттү.Ал тапшырманы алып чыгып кеткен боюнча баш-оту менен дайынсыз жоголду.Кечинде кайткан жок.Аны эртеси күнү да кечке күтүштү,ал күнү да келген жок.

#105 29 January 2015 - 02:34
-Ага эмне болду,милиция кызматкерлеринин кылтагына кайра илинип калдыбы?Андай боло турган болсо,дароо орун которуп башка жерге кетишибиз керек.Аземдер менен телефон чалып байланышайынчы барыптырбы аларга.
Аземге телефон чалды эле ал Сулаймандын келбегендигин айтты.
-Кызык же Абдурасулдун колуна тушүп калдыбы?
-Андай болсо бул жакка келишет эле го экөө.
-Аны жакшы эле табыштабадык беле өзүңө сак бол деп.Жок дегенде дайынын билгизип,телефон чалат эле го бизге...,-үйдөгүлөр анын дайынсыз жоголуп кеткенин өздөрүнчө талкууга ала башташты.
-Же ал бизден качып кеттиби?
-Качып кайда барат?Мынча байлыкты таштап качып кете албайт,болду- болбоду ал бир кырсыкка кабылды.Эмне болсо да милицияга түшпөсө эле болду.
-Андан Кудай сактасын.
Баары тунжурап калышты.
-Эми эмне кылалы,машине менен көчөгө чыгып издейлиби.Же телефон менен сураштыралыбы? Же...
-Анча паниковать этпегиле келип калаар.Эртең келбей турган болсо место алмаштырабыз да,бардык өзүбүздүн мурунку тобубуз менен байланышып, анан жапа тырмак издейбиз.
-Бизге каршы кол курасачы?
-Андай болбойт,болушу да мүмкүн эмес,бул биздин оюндан чыгып кете албайт.Эгер ал жөнүндө шектүү кичине эле маалымат алсак,анда анын да көзүн тазалап салабыз.Анын жарасы жеңил эле.
Эмнегедир Сулаймандын таптакыр дайыны чыкпай кеткен соң,Абдурахман калаанын чет жакасындагы эки кабаттуу үйгө жашыруун түрдө өзүнүн эски командасын кайрадан топтоду.Анын тобунда бардыгы болуп тогуз киши болчу.Сулаймандан башкасынын баары чогулушту.Абдурахмандын түрмөдөн келишин отметка кылып,бир аз тойлойлу дешти эле Абдурахман өзү улуксат бербей койду.

#106 29 January 2015 - 03:05
-Ага да үлгүрөбүз,андан көрө Сулаймандын дайынын билип бир беткей бололу.Ал кокого тыгылган сөөктөй болуп,бизди санаага салып,кыйнап турат.Ким билет,ар кандай болуп кетиши мүмкүн.Бул коркунучтуу оюн,наркомафиядан да жаман.Азырынча бул алтын оюну эч кимге маалым эмес.Маалым болуп калышы да мүмкүн,анда эле иш чатакка айланат.Казынанын артынан сая түшкөндөр көбөйгөндөн көбөйө берип,ортодо кан төгүүлөр болот.Жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө билинет,анда эле иштин бүткөнү,өкмөт күч менен тартып алып коёт өзүнүн казынасына.
Заматта жакыр өлкө байып эле жатып калышат.Азыр алтындын баасы да кымбат.Кыскасы,
анын бетин ары кылсын.
-Эмне жоголгон казына ошончолук эле...
-Мен ошондой деп ойлойманда жалаң эле уютулган алтын күмүштөр болсо керек.
-А эгер ал таптакыр эле жок болсочу.Тээ илгери Совет бийлиги түзүлө электе эле чет өлкөгө алынып кеткен же башка бирөөлөр кокусунан таап алып башка өлкөгө качып кетип,азыр миллионер болуп жашап аткан болсочу?
-Катылуу казынаны жеңил-желпи табуу кыйын.Аны каткан күбөлөрдүн бардыгы өлтүрүлгөн имиш.Алардын жетекчиси бирөө гана калып,чет өлкөгө качып кеткен имиш.Ал ошол боюнча же катылган казынадан жок дайынсыз кеткен.Балким киши колдуу болуп өлгөн,бирок катылган казына жөнүндө имиштер айтылып келген ушул убакка чейин.Анын картасы табылгандан соң,чындыкка чыкпадыбы.Ал карта биздин колубузда,бул чоң бакыт биз үчүн.Кудай таалам бизге буюрса керек бул казынаны.
-Кубанууга али эрте,алдыда дагы канча кыйынчылыктар турат.Биринчи аны издеп табыш керек,анан эч кимге билгизбей чет өлкөгө аман-эсен алып кетиш керек.Ошондо гана аны сарптап,убайын көрө баштаганда бакыт жөнүндө кеп козгосок болот.
-Кана эрте күндү кеч кылбай ишти баштабайлыбы. Өңү өчүп баратканк артаны компьютер менен жаңы кылып көчүртүп,катылган жерди тактап издөөнү эртелетпейлиби?
-Биринчи Сулайманды таап же ары же бери кылалы,Ал бизге тоскоол болушу мүмкүн.
-Ал бирөөгө айтса эле бүттү,же ички иштер бөлүмүнө айтып койсо эле иш чатакка айланат.Андан сырткары биздин номер один душманыбыз Абдурасул деген бар.Эртеби-кечпи ал бизди табат,бизге жамандык жасап коюшу да мүмкүн.Биздин өткөндөгү кылыгыбызды кантип эле унутуп койсун,казынаны картасы бизде болгону үчүн эле айласы жок өткөндүн баарын кечирдим деп бизге кошулгусу келип атат.Андан баарын күтсө болот.
-Анын көзүн тазалап коюу жеңил эле го.
-Кантип көзүн тазалайсың. ал деген чыгыш элинин мушташуу ыкмасын эң жакшы билет.
-Байкатпай уу берип эле...Баса,анан өткөн жолу кандайча бизге каршылык көрсөткөн жок.
-Кайсы өткөн жолу?
-Бычактап, сууга ыргытып жибергенде. ..
-Ким билет,түрмөгө баргандан кийин көрбөдүкпү анын ким экенин.
-Баарынан да анын аман калганы таң калыштуу болуп атпайбы.
-Бычакты эки жолу эмес он жолу сайгандан кийин деле аман калгандар толуп атат,анын эмнеси таңгалыштуу.
Алар дайынсыз жоголгон Сулайманды жапатырмак издөөгө киришкенден көп өтпөй эле Жафар да дайынсыз жоголуп кетти.Бул тигилер үчүн күтүлбөгөндөй сокку болду.

#107 30 January 2015 - 02:33
ТАЛААДАГЫ ӨЛҮКТӨР
(мурунку заман)
Кечөөгүдөн да бүгүн таң азандан күн ачуу тийе баштады,өчөшкөндөй асманда бир да булут жок,көпкөк болуп чайыттай ачык болуп турду.Тээ асманда жай каалгый чабыттап жүргөн бүркүт төмөн жактагы ар бир кыймылга көз жүгүртө,өзүнүн жемин издеп,бир эле орунда айланып учуп жүрдү.Бир маалда топ-топ болуп учушкан жорулар биринин артынан бири ээрчише өздөрүнө жакшы жем табышкандай кандайдыр бир багытка учуп кетип жатышты.Аңгыча асмандагы бүркүт төмөн карай катуу шукшурулуп жөнөдү.Ал чоң жалпак таштын түбүндө акырын жылып келаткан түлкүнүк өрүп калган эле.Түлкү да бир нерсени сезгендей таш менен таш болуп катып бир ордунда туруп калды.Тээ асмандан күү менен өзүн карай шукшурулуп келаткан бүркүттү күтүп туруп калган эле. Көз ачып-жумганчалык убакытта бүркүт түлкүнү ташка жапшыра тепмек,бирок түлкү ушунчалык ылдамдык менен ойт берип кеткендиктен ошол күүсү менен келип,өзүн кармана албай ташка катуу тийип күм-жам болду.Кез-кез буттарын,канаттарын ары-бери шилтеп жаны чыга албай кыйналып жаткан жаш бүркүткө ары жактан алиги түлкү акырын жылып келди да,канаттарын тиштегилеп, анан мойнун тооктун мойнун жулгандайазуу тиши менен кырча тиштеп жулуп алды.Анын өлгөнүнө чындап ишенген соң,көп чийлүү кууш колотко кирди да,өзүнүн жолу менен кете берди.Кайдадыр сапар тартып учуп бараткан жорулардын бир-экөөсү таштын түбүндө өлүп жаткан бүркүткө азгырылышты.
Тээ алыста өздөрүн карай баштык көтөрүшкөн эки караанды көрүшүп,өлүктөн оолак боло беришти.Эки караандын бирөөсү аксалаңдап араң келаткан эле.
-Алиги сен айткан үңкүр кайсыл жерде?
-Тээтигил бийик жарды көрдүңбү,ошонун дал ортосунда.
-Ал жакка кантип чыгабыз?
-Жолун мен билем,өйдөкү жакка бирөөбүз чыгып,экинчибиз буларды аркан менен тартып алабыз.
Бири оор капты артына көтөрүп,экинчиси кичирээк баштыкты мойнуна иле аксалаңдап, бул эки караан алиги өлүп жаткан бүркүттүн жанынан өтүштү.Алардын эси-дартынын баары алды жактагы жарчада болгондуктан тигил эмнеден өлгөнүнө маани да беришкен жок.Жарым чай кайнамда ошол көздөгөн жарчага жетишип,биринчиси анын түбүндө калып экинчиси жарды айланып ары жагына кетти.Булар күтүлбөгөн байлыкка,казынага кабылышкан алиги эки дербиш болчу.Алар эски мүрзөнүн оюгундагы чуңкурдан таап алышкан эбегейсиз чоң байлыкты каякка жашырышаарын, каякка алып кетээрин билишпей көпөк чейин баштарын катырышып акыры бирөөсүнүн башына ушундай ой жаралган эле.Мындан беш-алты жыл мурун эки дербиштин бирөөсү катуу жаанга кабылып жардын түбүндө олтуруп,карышкырлардан чочулап,күтүлбөгөн жерден бийик жардын ортосунда турган оюкчаны көрүп калган,анан жарды айланып отуруп кыйынчылык менен эптеп жол таап барган эле.Ал үңкүр бир киши кенен сойлоп өткөндөй оозу кууш болгону менен ичи жыйырма киши кенен баткандай бир ооп чоң болчу.Ал узун арканды төмөн карай түшүрө баштады.

#108 30 January 2015 - 02:39
-Максүт,
жалдырабай тез жипти каптарга байла.
Калың аркан жипти Максүт адегенде чоң каптын оозуна байлады.Ойдө жактагысы аны күч менен тартып көтөрө албай койду.
-Жарымын төгө тур,анан кайра саласың капка!
-Экөө көпкө убараланып жатышып алиги алып барган байлыктарын үңкүргө жеткиришти да,эски ордуларына кайра кайтышты.Күн аябай ысык болуп тургандыктан эски мүрзөнүне ичине кирип бир аз эс алып отурушту.
-Көрдө дагы канча кап бар?
-Беш-алтоо, же андан да көп окшойт.
-Биз минтип олтурсак буларды бир күн кечке ташып бүтө албайбыз тигил жакка.Анын үстүнө аябай оор да экен.Менин бутум да ооруп бастырбай атат.Андан көрө ат-пат,же эшек унаа издейли,анан келип ошого жүктөп ташып кетебиз.
-Аны кайдан табабыз?
-Алиги түндө салгылаш болгон жерге барбайлыбы, балким ошол жактан бир нерсе таап калаарбыз.Бир аз отуруп эс алышкан экөө түндөгү атышуу,салгылаш болгон жерге жөнөштү.Алиги көрдөгү казынанын оозун чий менен билгизбей кайра жаап коюшкан эле.
Тээ алыста ээлери жок аттардын жүргөнүн көрүшүп,экөөсү тең бирдей кубанып кетишти.Аттарга жакындап келишкен эки дервий укмуштуудай көрүнүшкө туш болушту.Ондон ашык адамдын баардыгынын колу-буттары, баштары кесилип ар-кайсыл жерде томолонуп жатат.Кокон хандыгынын жазалоочу жоокерлери качкындардын бирин да аяшпаптыр.Баардыгы өлтүрүп ал аз келгенсип баштарын,колу- буттарын кылыч менен шылый,кыя чаап ташташыптыр. Алиги топ-топ болгон жорулар ушул себептен ушул жакка учуп келишсе керек.Жакын келген эки адамдан чочулашпай, ээн-эркин өлүктөрдү аралап жүрүштү.

#109 30 January 2015 - 02:42
Эки дервиш булардын эч нерсесине жолошкон жок,куран окуп,бата беришти да,өздөрүнөн анча алыс эмес жүргөн аттардын экөөсүн кармап алып,кайра артка тартышты.
Алар эски мүрзөлөргө жетээрине үч чакырмдай калганда,кечээ салгылаш болуп өткөн Кызыл-Үңкүр бийик чеби тараптан өздөрүн карай келатышкан куралчан топ атчандарды көрүштү.
Алар эски мүрзөлөргө жетээрине үч чакырмдай калганда,кечээ салгылаш болуп өткөн Кызыл-Үңкүр бийик чеби тараптан өздөрүн карай келатышкан куралчан топ атчандарды көрүштү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#110 30 January 2015 - 02:44
КЕЛИШИМ
(бүгүнкү заман)
Күтүлбөгөн жерден Жафардын да дайынсыз жоголуп кетиши баардыгынын үрөйүн учуруп,бир нерседен кооптонтоаябай сак болууга аргасыз кылды.
-Болду-болбоду мунун баары Абдырасул колдуу болуп жатат.Сыягы, бизди түрмөдөн качырып чыгарып,эми өткөн кегин азыр алгысы келип атса керек.Баары бир картаны ал менден ала албайт.Эми мага кезек келди окшойт.-Абдурахман өзунө алдын ала даярдык көрүп,спорт менен машыккан эки жигитин жансакчы кылып алды.-Ал мушташты аябай жакшы өздөштүргөн жигит,бир нерсе болсо эле аны атып салгыла.
Ал өзүн аябай сак алып жүргөнү менен арадан үч күн өтпөй кандайдыр белгисиз адамдардын туткуну болуп калды.Сыягы, аны эртеден бери акмалап,ыңгайлуу учурду таппай жүрүшсө керек.
Горький көчөсү менен кетип баратып машинесин токтото калып үй дүкөнчөгө кайрыла калган.Ал жерден кока-кола,эки банка пиво алып жаңы эле машинасына отура бергенде,желкеге урулган соккудан машиненин ичиндеги отургучка оңкосунан кулады.Калганы эсинде жок.Бетине суу чачканда гана эсине келди,колун артына кайрып,кадимки милициялардын кишенин салып коюптур.Мен эмне кайрадан милицияларга кармалып калдымбы? Бирок,жакшылап караса үйдүн ичи,сакал-муруту өскөн,тармал чачтуу бейтаанышкишилердин жүрүш-турушу милицияларга окшошпойт.Ал иштин чоо жайын дароо эле түшүндү." Даа-а демек Абдурасул өзүнүн кишилери менен мени туткунга алган экен да.Жафар менен Сулайман кайда болду экен,аларды өлтүрүп,көзүн тазалап койду болуш керек.Анда өткөн-кеткен өзүнүн эзелки кектери бар да". Көп өтпөй сырттан топурашып эки-үч адам кирип келишти.Алардын арасында өңү жылуу учураган адам да жүрөт,аны дароо тааныды.Ал түрмөдө чогуу отурган алиги Хусейин деген уйгур жигит болчу.Тигилердин бирөөсү ушул беле дегендей Хусейинди карады эле,ал ооба дегендей акырын баш ийкеди.

#111 30 January 2015 - 09:56
mekenchil_jigit
, Aizurok, теманы булгабагыла!
Темага чыгарма гана жазылышы керек! Авторго купуя менен жазгыла!
#112 01 February 2015 - 15:06
-Демек түрмөдө качкандардын бардык составы бизде туткунда турбайбы,эң жакшы.-Алиги толмочунан келген такыр баш киши Абдурахмандын маңдайына келип отурду.-Биз силердин ким экениңерди эң жакшы билебиз.Ал эми биздин ким экенибиз силер үчүн анча деле мааниси жок,эң башкысы жоголгон казынанын картасы сенде экенин жакшы билебиз.
-Менде эч кандай казынанын картасы жок.
-Безполезно Абдурахман, тигил үчөө тең же тагыраак айтканда Абдурасул,Сулайман, Жафар казынанын картасы сенде экенин айтышты.Эгер ишенбесең сени алар менен беттештирем.
-Каршы эмесмин,беттештиргиле.
Алиги киши ээги менен акырын сырт жакты жаңсап койду экөөсү чыгып кетип бир аздан кийин көздөрү,колдору таңылган үчөөнү жетелеп келишти.Анан үчөөнүн тең таңылган көздөрүн ачышты.
-Мына эми,эски тааныштар,учураша берсеңер болот.Колуңарды да чечип коёюн десем тигил Абдурасул сыяктуу жигитиңер ызы-чуу кылып жибереби деп корком.Кана эми буга эмне дейсиң Абдурахман мырза,карта сенде катылуу экен го?
Чоң ичи жарык жер төлөнүн бөлмөсүнүн ичин бир пазга жымжырттык аралап өттү.Бир ооп убакыттан кийин Абдурахман үн катты.
-Жок менде эмес ал,тигил Абдурасулда.
-Калп айтып жатат ал Жафарда!-Абдурасул (Каныбек) да туурадан чыкты.
-Абдурасул калп айтып жатат,ал деген тигил Сулайманда! -Жафар дагы көшөрүп танып туруп алды.
-Жаныңарды жебегиле менде эмес тигил Абдурахмандын озүндө.
Төртөө ызы-чуу түшүп бирин бири көргөзүп туруп алышкандыктан, төртөөнүн тең көздөрүн таңып төрт жерге отургузуп коюшту.
-Мен силерди тушүнүп турам,арабыздан бирөөбүздү өлтүрүп коюшпасын дегендин аракети да.Биздин колубузда тургандан кийин силерди өлтүрүп коюу оңой эле.Балким,аман калышыңар да мүмкүн,анүчүн биздин сунушубузга макул болушуңар керек.Бул казынанын картасы үчүн мен силерге бир миллион доллар сунуш кылам.Бул силердин сом эмес,Америка доллары.Биз бир чемодан акча,а силер болсо болгону бир барак эски кагаз,тагыраак айтканда казынанын картасын бересинер.
-Жок болбойт,эки миллион.-Абдурахман кадимки бангизатты соодалашкандай тигилер менен соодалашып кирди.Анын сөзүнө бери жактагылар каткырып күлүп калышты.

#113 01 February 2015 - 15:07
-Болуптур эки миллион дейли,акчаны силерге бердик деп коёлу,анан силер бизге башка картаны берип же компьютер менен башкага көчүрүп алып,анан бизге берип койсоңорчу.
Же болбосо ал карта настоящий карта эмес болсочу,ал жерде казынанын өз жок болсочу,ал эбакта эле башка киши колдуу болуп кеткен болсочу.Буга кантип ишенсек болот.Балким,
бул карта жалгандыр.Андай боло турган болсо,катылган казынанын бар экендигине толук ишенгенден кийин гана силер менен соодалашабыз.
-Мисалы,биз да силерге картаны бердик дейли,а силер алдап картаны алып алгандан кийин бизди өлтүрүп койсоңорчу, буга кантип ишенсе болот.
-Көрдүңөрбү, бирөөлөр менен соодалашып көргөн эмессиңер.Ошол себептен соодалашуунун эрежелерин жакшы билбейсиңер. Биз деген Аравия,Израиль, Гонконг,Пакистан, Кытай менен наркозат менен дайыма соодалашып турабыз.Бардыгы бирин бири алдашпай келишкен келишим боюнча таза,честный өтөт.Биз да дал ошондой кылып келишим түзөбүз.Силер тарап дагы,биз тарап дагы ал келишимди бузууга акысы жок.
-Бирок силер ойлобогула казынанын баасы канча тураарын.Ал жерде жалаң уютулган алтын-күмүштөр. Эгер казынага жетчү болсоңор,силердин эки миллион долларыңар чихня эле болуп калат,ошондуктан эки миллионго макул боло бергиле.Керек болсо ал жерде эки миллион эмес,жүз миллион долларлык казына бар чыгар.
-Эң башкысы андагы байлыкты таап алуу болуп атпайбы.
-Таап алсаңар аны чек арадан кантип алып өтө аласыңар?
-Андан кам санабай эле кой,ал деген биздин милдет.Чек араңардан наркозат ташып далай эле өткөнбүз.Силердин чек араңар менен тил табышуу жеңил эле.Андан көрө биздин сунушубузга макул болгула.
-Мен эки миллион деп жатпаймынбы. ..
-Болуптур бир жарым миллион.
-Жок болбойт,эки миллион.
Тигилер ары басып барышып,өз ара сүйлөшүп калышты.Тээ бир топтон кийин кайра бери басып келишти.
-Болуптур, биз аныңа макулбуз.Бирок бир шарт менен.Эгер картадагы көрсөтүлгөн жерде казына жок болсо,акчаны толугу менен кайра кайтарып бересиңер.
-Эгер ал жакта казына жок болсо акчалардын кандайдыр бир проценти бизде калышы керек да туурабы,биз картаны бергендигибиз үчүн.Баса,силер тапкан жокпуз деп арамзалансаңарчы? Алган акчаны биз кайрып беребизби,бербейбизби биздин өзүбүздүн ишибиз да.
-Анда керт башыңар менен жооп бересиңер.
-Муну кандайча түшүнсөк болот?
-Ошондойчо, анда бириңер да тирүү калбайсыңар, баарыңардын көзүңөрдү курутабыз.
-Качып кетсекчи?
-Асмандын алты кабат ары жагына,жердин жети кабат түбүнө кирип кетсеңер да таап алабыз.Так что,биздин сунушка макул болгула.
-Убакыт берсеңер биз төртөөбүз өзүбүзчө ойлонуп,акылдашып дегендей бир чечимге келгендей бололу.Бизге кичине мүмкүнчүлүк бергиле.
-Жообун качан айтасыңар?
-Бир саат жетиштүү болот го дейм.
Тигилер бирин бири карап калышты.Алар төртөөнү бир саатка ээн калтырышып, сыртка чыгып кетишти.Арадан бир саат өткөн соң алар кайтып келишти.
-Убакыт бүттү,кулак силерде.
-Биз макулбуз.
-Эң жакшы,келиштикпи?
-Келиштик.

#115 02 February 2015 - 02:38
КЫЗЫЛ ҮҢКҮРДҮН ТУТКУНДАРЫ
(мурунку заман)
Эки караанды көрүшкөн топ атчандар дароо ылдамдыктарын күчөтүштү.Булар Кококн бийлигинин Абдурахман афтобачи башында турган,жазалоочу отрядынын бир бөлүгү болчу.Экөө байкалып калгандыктан бир жерге жашырынып калууга да,качып кетүүгө да мүмкүн эмес болчу.Бирок, тишилерден бардыгын күтүүгө болот эле,анча-мынча эле ачууларына тийишсе же каяша сөз сүйлөшсө,кылычтары менен кыя чаап кете беришмек.Эмне болоор экенбиз деп Кудайдан аман калыштарын тиленише куралчан атчандарды күтүп турушту.Кабактары карыш салынган,мылтыкчан, кылыч найзачан топураган атчандар бат эле жетип келишти.Алар ар кандай курактагы адамдар болчу.Алдыдагы кара чапан,ак селдечен сакалчан киши бүжүрөп ак уруп турушкан тигил экөөнө кайрылды.
-Силлар кимсилар?
-Биз Меркеден Андижан,Маргелан жакка бараткан дервиш болобуз,Кудайдын кишилерибиз.
-Анда бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр тентип,аттар кимдики?
-Карышкырлар тигинин бутун жара тартып,баса албай кыйналгандыктан тигил жакта бош жүргөн аттардан жеьелеп алганбыз...
-Кайсы аттар,тигил качкындардыкыбы? Силер мүмкүн козголоң чыгарган кыргыз-кыпчактардан болуп жүрбөгүлө.Балким, арамзаланып, дервиштин кийимин кийип алган чыгарсыңар. Э-эй жигиттер буларды алып жөнөгүлө тиякка!
Экөөсү аттан түшө калып экөөнүн колун байлашты да,чепти көздөй жөө делдектетип алып жөнөштү.
Абдурахман Афтобачинин жасоолдору эки дервишти чептин ичине алып киргенде,анын ичи кадимкидей кан жыттанып,бул жерде кечээ,түн ичинде катуу салгылаш болуп өткөнүн кадимкидей билгизип турду.Анын үстүнө түндөгү кандуу окуядан кийинки адамдардын өлүктөрү али тазалана элек болчу.Кызыл- ала болуп ар-кайсы жерде башы,буттары кылыч менен шылый чабылып,сулап жаткан адамдарды көргөн экөө жандары көздөрүнө көрүнө ичтеринен келме келтирип бара жатышты.Көтөрүлүш чыгарган кыргыз-кыпчак, индустардын өлгөндөн,качып кетишкенден калганынын бардыгын,түрмө сыяктуу терезелери жок,дубалдарынын ар кайсы жерлеринде мышык сойлоп өткөндөй тешикчелери бар чоң бөлмөнүн ичине шыкап,камап салышыптыр. Экөөнү алып барышып ошолордун арасына кошуп салышты.Эки дервиш көтөрүлүшчүлөр менен кошулуп,үч күн ошол үй түрмөнүн ичинде жатышты.Бул жерде өлгөндөрдөн, качып кеткендерден калгандары жыйырмадай киши бар экен.

#116 02 February 2015 - 02:51
Таңга жуук туткундарды беш-бештен кылып сыртка алып кете башташты,бирок сыртка чыккандар кайра кайтып келишкен жок.Карышкырлардын азуусуна бутун жардырып алган Максүт катуу кыйналып жатты.Эч кимге билгизбей бутунун чүпүрөк менен таңылган жерин чечиптазалап кайра байлап алды.
-Эми эмне кылабыз,тигилер сыяктуу бизди да өлтүрүп коюшса кантебиз?
-Жо-жок биз көтөрүлүш чыгарган адамдардан эмеспиз да.Мындай эле жүзүбүздөн көрүнүп турбайбы.Болгону алыс жактан жол кесип бараткан дервишпиз.Ким экенибизди айтып түшүндурөбүз, балким бизге тийбей коё беришер.
Көп өтпөй эле сырттан кирген жасоолдор дагы бешөөнү алып кетишти,бурчта отурган экөөнө көңүл да бурушкан жок.Түш ооп баратканда дагы бешөөсүн сыртка ээрчитип кетишти.Үй түрмөнүн ичинде эки дервиштен башка болгорну үчөө эле калган эле.Арадан эки чай кайнамдай убакыт өтпөй үчөөнү кошуп,акыркы бешөөнү сыртка алып чыгышты.Жасоолдор аларды бийик дубалдуу короонун ичине алып киришти.Мурунку чыккан туткундардын бааары ошол жерде кылыч менен шылый чабылып,өлүп жатышыптыр. Аларды көргөн эки дервиш жандарынан түңүлүштү.Тээ төр жактагы бийик сөрудө отурушканчачтарын жалтырата алдырган сакалчан бешөө туткундарды жакыныраак келгиле дегенлей колдору менен жаңсай чакырышты эле,артындагы жасоолдор желкелеринен туртүп жакыныраак алып келишти.Узун килемдин үстүндө чоң жаздыкчада кыйшайып жаткан толмочунан келген семиз киши берки экөөнө акырын көз кырын салды.
-Силер кимсиңер?
-Биз Андижан,Маргалан жакка бараткан дервишпиз.Тигил жактан силердин кишилер кармап алып бул жакка алып келишти.Эч кимге жамандыгыбыз жок Кудайдын кишилерибиз.
Ал киши экөөнө баштан аяк сынай карап Максүттүн бутуна келип токтолду.
-Бутунду ким кылыч менен шылый чапкан?
-Бул кылычтын изи эмес,карышкырдын азуусу.

#117 02 February 2015 - 02:55
Алиги киши көпкө көзүн сүзө экөөнү тиктеп турду даберки үч туткунга кайрылды.
-Мен силерге алдын-ала эскертейин. Тигил өлүп жаткан кишилерди көрдүңөрбү? Эгер калп айта турган болсоңор силер да ушулардын кейпин кийесиңер.Аман калам десеңер,чыныңарды айткыла,казынаны каякка жоготтуңар? Аны кимдер алып кетти?
Үчөө унчукпай баштарын жерге салып отурушту.
-Мен дагы бир жолу кайталайм,силердин өмүрүңөр менин колумда.Эгер унчукпай ушинтип тура берсеңер,тигилердин артынан сапар тартасыңар аркы дүйнөгө,казынаны каякка жашырышты,ал кимдердин колунда?
Тигилер дале унчукпай турушкан соң,алиги киши булардын да көзүн курут дегендей акырын колун көтөрүп койду.Бери жакта турган жасоолдор жаңы эле тигилерге жакындай бергенде туткундардын бирөсү чөгөлөй жыгылды.
-Жан соога баатырлар,мен баарын айтам.Ооба,мен баарын билем,жаныбызды аман койгула!

#118 02 February 2015 - 03:08
ОЙГО КЕЛБЕГЕН МҮМКҮНЧҮЛҮК
(бүгүнкү заман)
Тигилер жоголгон казынанын картасын соодалашып, жаңы эле сүйлөшүп бүткөндө сырттан бир адам шашыла кирип келди.
-Ибрагим мырза,биздин үйдү бүт бойдон куралчан милициялар курчап алышыптыр,биз курчоодобуз. Эмне кылалы?
Алиги Абдурахман сүйлөшүп келишим түзүп отурган киши ордунан атып турду.
-Мындай болушу мүмкүн эмес,ким жеткирди аларга?-Ал бери жактагы колдору байланып турган төртөөнө акырын көз кырын салды да,чет элдик автоматы бар жигитти буларды кайтарып тур деп дайындап сыртка жүгүрүп чыгып кетти.
"Демек келишкен экен да" Каныбек иши оңдой бергендей ичинен кубанып койду.Мунун баарын ички иштер бөлүмүнө зажигалка-телефону менен Каныбек жеткизген эле.Түн ортосунда акырын,эч кимге шек алдырбай,мышыктай жыла басып,уурданып отуруп үйдүн ичиндеги тепкич аркылуу чатырына көтөрүлүп чыккан эле.Анан жакшылап жер шартын,кайсыл жерде турушканын үйдүн чатырынын тешигинен сырт жакты карап,жакшылап өздөштүрүп чыгып,анан ошол жерден Карабековго кабар берип,кырдаалды жакшылап түшүндүргөн болчу.Бирок, алар эки күн кеч келишти.
Көп өтпөй эле эшиктен пистолет,автоматтардын тарсылдаган үндөрү чыгып,атышуу болуп кетти.Төртөөнү кайтарып турган алиги автоматчан жигит улам терезеге барып,кайра бери келип,тынчы кете баштады.Көп өтпөй сырт жакта кыйкырык,элдердин ызы-чуусу,дүрбөлөң башталды.Бир кезде тигилер отурган терезеге ок тийип,баары бөк түшө калышты.Анын айнектери быркырап полго чачырай берди.Мындай кырдаалды текке кетирбеш керек болчу.Эки колу артына байлануу болсо да Каныбек кароолчуга жакындай басып келип,буту менен бетке тепти,ал чалкасынан түшкөндө ордунан тургузбай далдап туруп,күч менен моюндун күрөө тамырына дагы бир жолу тээп калды.Тигинин колундагы автоматы ыргып кетип,чалкасынан түшкөн боюнча былк этпей сулап жатып калды.Бери жактагы полдо жатышкан үчөө ордуларынан атып турушту. Каныбек чөнтөгүндөгү зажигалканы алып тигилердин колдорундагы байланган жиптерди күйгүзө баштады.Биринчи болуп Абдурахман бошоду.Ал дароо эле ары жакта жаткан полдогу автоматты ала койду да,Каныбекке кесей кармады.
-Мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт,биринчи кезекте азыр сени жайлаш керек, а то сен казынага ортоктош болуп кетесиң.

#119 02 February 2015 - 03:11
-Мени өлтүргөндөн пайда жок,менсиз бул жерден эч качан чыга албайсыңар,
мунун жолун мен жакшы билем.
Абдурахман бир аз ойлонуп турду да,арамзаланып күлүп жиберди.
-Тамаша,андан көрө убакытты өткөзбөй ылдамыраак бул жерден жогололу.-Ал арыдан-бери Каныбектин колун чечип жиберди.Көп өтпөй байлануу турган тигил экөөнүн колун бошотуп,эми эмне кылабыз дегендей баары Каныбекти карап калышты.
-Кана Абдурасул жол башта,түрмөдөн кандай качып чыксак,бул жактан да ошондой качып чыккандай бололу,биздин бардык үмүиүбүз сенде...
Каныбек шарт ордунан тура акырын терезе жакка барды.Сыртта эки жаат болуп атышуу күч алып жаткан эле.
-Бул жактан сыртка качып чыга албайбыз.Үй катуу курчалыптыр, андан көрө эч ким таппаган бек жерге жашыналы.Бардыгы тынчыгандан кийин ал жерден акырын чыгабыз.
-Үйдүн ичинде жашына турган жер жок го,каягына жашырынабыз? Бизди баарыбир таап алышат.
-Анын жолун мен таап берем,жүргүлө менин артыман ээрчигиле.
Тигилер жаңы эле үйдүн тепкичи менен үтүңкү кабатка көтөрүлө бергенде,күтүлбөгөн жерден эшиктен автоматчан эки жигит чуркап кирип келишти.Каныбек ушунчалык ылдамдык менен тигил экөөнө жетип барып,атканга үлгүртпөй,автоматтарын кармаганга жетишип калды.Анан алдыга түшүп алып жогоруга көтөрүлүп бараткан Абдурахманга кыйкырды.
-Эмне карап турасың,атпайсыңбы буларды?
Чет элдик автоматты атып көрбөгөндүктөн Абдурахман тигилерди туштап машаасын басты эле атылбай койду.Жанталаша анын ары-бери жагын чукулагыча тигил экөө эки жактан Каныбекке кол салыша муштагылап жиберишти.Ошентсе да Каныбек экөөнүн автоматтарын коё берген жок.Алардын соккон соккуларын дал тийгизбей буйтап кетип коргонууга өттү.Эки колу бошобогондуктан эки буту жардамга келди.Оң жакта турганын бөйрөк тушка тээп калды,ал эңкейе бергенде бетке тепти.Экинчи жолу дагы тепкенде гана колундагы автоматын коё берип сендиректей чалкасынан кетти.Каныбек тигинин колунда калган автоматы менен экинчисин башка шилтеп калды эле,ал дагы чалкасынан кулады.Эки колуна эки автоматты кармаган боюнча ал тигилердин артынан тепкич менен жогору карай чуркап жөнөдү.Төртөө үстүңкү кабатка көтөрүлүшүп, анын коридорундагы үстүңкү чатырга чыкчу,шатычага келишти.

#120 02 February 2015 - 03:14
-Азыр бобул менен үстүңкү чердакка көтөрүлөбүз,
анан бул шатынын өзүбүз менен кошо көтөрүп алабыз дачердактын оозун үстүнөн бекитип таштайбыз.
-Билип калышсачы?
-Биринчи үстүнө чыгалычы,андан кийинкисин дагы көрө жатарбыз.
Төртөө биринин артынан бири ээрчише темир шаты менен үйдүн үстүңкү чатырына чыгышты.Андан кийин темир шатыны өйдө көздөй өздөрүнө тартып алышты да,чатырдын оозун бектитип ташташты.Сыртта атышуу дале жүрүп жаткан болчу.
-Билип калышсачы?
-Биринчи үстүнө чыгалычы,андан кийинкисин дагы көрө жатарбыз.
Төртөө биринин артынан бири ээрчише темир шаты менен үйдүн үстүңкү чатырына чыгышты.Андан кийин темир шатыны өйдө көздөй өздөрүнө тартып алышты да,чатырдын оозун бектитип ташташты.Сыртта атышуу дале жүрүп жаткан болчу.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео