Төрөтканадагы кызыктар толгоо убагы...
#101 19 January 2015 - 22:52
Мен үч күн толгоо тарттым. Үчүнчү күнү түнкү 11лерде тез тез туалетке каттай баштадым. Апам "не болду" дейт "ичим ооруп атат го" деп коём. Анан эле жаткам бир убакта ичим ооруй баштады. Дагы туруп бардым. Мында узаака отурдум. Апам эшикти чертип "катуу ооруп атабы" деди "оа" десем бас кеттик дейт. Кетип атабыз диңкилдеп. Барсак "таңатканда төрөйт" деди. Роддомдун жанында таежем жашайт эле ошо жерге келдик. Алар менен сүйлөшүп бир минут өтсөчү. Акыры кыйналып баштаганда кайра келдик. Киргизип,текшерип көрүп "эки сааттан кийин төрөйт" десе жаным чыгып кете жаздады го. Отурам, турам, кайра жатам. Бир палатага төртөөбүздү тыгып койгон. Төртөөбүз төрт бурчта кудайлап онтолойбуз.
Биринчисин врачтар урушуп бас деп жетелеп дикилдетип алып жөнөштү эле жүрөгүм түшүп калды,ушунча да копол мамиле кылабы деп. Канчалык бакырбайын десем да өзүнөн өзү оозуңдан чыга берет экен да. "Сен али бери төрөбөйсүң бакырба" дедиле "эжеее балам азыр түшүп калат, карап коюңчу" деп бакырып ыйлап алдым. "Кана жатчы" деп жаткырганда эле "апеей баланын башы чыгып калыптыр го, неге эртерээк айтпайсың"
деп кайра мен урушуп кушеткасына салып алпарып креслосуна чыгарып койду. Мени жаткырып коюп баары чыгып кетип калса болобу. Ошол жерде да жөн жатпай "эжее балам азыр түшүп кетет (оюмда бала сразу чыгып эле жерге түшүп кала тургансып коркком да) мени жалгыз таштабагылачы"
деп ыйлайм. Анан бир акушерка келип "сени кызганбасын деп атпайбызбы,
төрөй албай кыйналасың деп атабыз да" деди эле, "эже мен кызганбайм жанымда туруң" деп эч жакка жылдырбай койгом. Саатты карасам алты болгон экен. Ошончо кыйналып төрөп кызымды колума алгандан кийин саатты карасам алтыдан беш мүнөт өтүптүр. Арадан жарым саат бир саат өтсө керек деп ойлогом да. Анан палатага чыгарышты. Биринчи түнү тынч эле уктаганбыз.
Экинчи күнү деле түнү деле кызым байкуш ыйлайт эле ыйлайт. Врачты чакыртсам жок медсестрасы келип ары карап бери карап "азыр врач келсе көрөт го" деп чыгып кетти. Кечке ыйлады баягы врач жок. Түнү менен ыйлап чыкты. Эртеси больницаны бутка тургуздук кызым экөөбүз. Глав.врачты чакырып туруп арызданып таштадым ма сага деп. "Мени бүгүн чыгаргыла же кыйратып карабасаңар,
акчаны болсо олчойтуп туруп аласыңар, эненин же баланын ден соолугун карабасаңар.
Силерге адамдын өмүрү кызыктырбайт экен да" дедим. Ал жини келип детский врачты алдыртып не деген не жок келип эле бизге актанып кирди. "Мындай тигиндей иштерим чыгып" деп. "Эже алдабаң сизди баняга кетти деп мен кечээ эле уккам" десем эле жанагы быдылдап сүйлөп аткан эже тып басылдыго. Байкуш кызым үйгө келгенден кийин ыйлабай эле калды.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#102 22 January 2015 - 04:08
Боюмда барда дос кызымдым апасы кыргызчам бар,сен кыз төрөйсүң,иии кыздын толгоосу ачуу болот,өлүп кайра тирилесиң,даже өлүп да калышың мүмкүн деди. Настрой носкиге түшүп калды. Эшике чыгып алып ыйлап атам. Анан өзүмө өзүм кайрат бердим. По любому чыгат да. Коркуп төрөбөй кое албайм да деп. Төрөөргө жакын калганда ошол аяш апам төрөгөндө лед коет,көп койбо,суук тийип маткаңан ажырап каласың деди. Ошентип төрөп,бир сааттай лед коюп коридорго жаткырып койду. Анан тиги апанын сөзүн эстеп кетип,ледду он беш мүнөттөн кийин алып койдум. Эки күндөн кийин узиге салды,акушер гинеколог койуу кандар түшпөй жатат,азыр ледду коюп алып коридордо ары бери бас деди. Элестет,таш бакадай болуп ледду коюп алып үч сааттай бастым,капельница алдым. Эртеси кайра узи. Түшкөн жок,операция жасайм деди. Калчылдап алгам. Операционныйга алып кирип,таңып салды,наркоз берди эле,калганын билбейм. Көзүмдү ачсам керебетимде жатам. Жанымда кыргыз кыз жаткан эле. Ырдаптырмын,
ыйлаптырмын,
тигилерге балдарын апкелсе,где мой ребенок,дайте мне ее,она голодная деп бакырыптырмын.
Тиги аялдар эптеп тынчтандырыптыр.
Эртеси эшик ачылып шагыратып студенттерин эрчитип бир врач келди. Баарыбыздын тиягыбызды көрсөтүп,мунуку мындай,бул 45 күндө отурса болот деп үйрөтүп атат. Жаман жиним келген,как будто мен манекен болгонсуп. Бешинчи күнү чыгасың дегенде аябай сүйүнгөм. Андан да кызыгы,үйгө саат бештерде келдик. Кызым мемиреп уктап атат. Кичине ыйласа эмизип коем,уктап калат. Анан саат он бирлерде катуу ыйлады. Мамам чечип астын кургактадың беле дейт,жоок,эртең жуунтабыз да деп коем. Чечсем,памперси толуп,көтөнү кызарып кетиптир. Кызым ыйласа кошулуп алып мен ыйлап жүрөм,мамам башы жок,ушуну билбейсиңби деп урушуп атат. Чын айтсам,баланын сийип,чычаарын эсимен чыгарып коюптурмун.
Татынакай болуп таңылып турса,только эмизгенди билиптирмин да. Азыр кызым төрткө чыгам деп,эрмегим болуп жүрөт. Ошо....
#103 22 January 2015 - 09:54
5ай бп калдык мен да унута берем ал эмнеси экенин билбейм,апам менен жолдошум эстетип турушат,анан памперс салбай калгам кундузу.
#104 26 January 2015 - 17:29
"Төрөй турган убагыңды сезип каласың" дегени чын окшойт. Мен ошол күнү тамак асып коюп, кийимдеримди калтырбай жууп, таранып-тазаланып эле калгам да, ии анан да алтындарымдын баарын чечип бекитип койдум. Башка күнү мындай болчу эмес да. Ошентип түнү толгоо болуп таңга маал төрөдүм.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#105 26 January 2015 - 18:01
Озум эки уулду торосом да, эмнегедир эми тороттон коркуп жатам. Мурункуларды кантип торойм деп ойлончу да эмес экенмин. Азыр эмнегедир ичим чонойгон сайын , корку сезими да куч алууда. Кудайым ак жолунан берип, наристелерибизди боорубузга кысуу насип этсин.
Анан ошондо ушул темага кененирээк жазып кетем буйруса.
Анан ошондо ушул темага кененирээк жазып кетем буйруса.
#106 26 January 2015 - 18:41
1,2анча башына жетелек болот окшойт мен да коркуп кудайдан озун туйгон туйунду озун чече кор деп жатам кэчээ расса ичим ооруп басалбай жаталбай уйкум келип зорго чыдадым 8де баштап 5 6чейин оорутуп жок болуп кетти кудайга шугур бугун оорубай калды эсен аман коз жарып алгыла кош бойлуулар
#107 26 January 2015 - 18:49

Айтканын келсин. Сен дагы аман эсен коз жарып, бизге суйунчулогонду унутпа .
#108 26 January 2015 - 23:47
Негизи мен кыйын екенмин деп мактап койдум озумду,оор жумуш жазап атып еле роддомго кетем да торт баламда тен еле.Биринчи кызымда уй актагам,анда торт комната еле болчу,актап жыйнап коюп,ошол куну негедир жуундум сезгендей,анан кечки саат 9 да башталды,жарым саатта бир ооруп ,анан ертен менен кайнежемдин куйоосу кайненем болуп бардык,жолдошум как всегда уйдо калат негедир,анан тушто торойт деп койду,ошол убакка тан калам ,прокладканы шейшептен жазап алгам аны да аз алыптырмын,
улам былжырап суу кетет,улам жууп терезесине жайып коем,анан саат 11де бир келин кирип кети родзалга ,ешик ачылып жабылса карап коем,бат еле тороду,ии ушу темирге чыксам еле торойт екенмин деп ойлоп алыпмын,акушеркага чыга берейинчи ,чыксам еле торойм деп чыгып алдым же торосомчу ,буттарым талып белим талып качып кетким келет бир жакка бирок билбейм кайда качаарды,мени менен кошо акушерканын кара тери чыкты ,бир убакта суусадым ,еже суу беринизчи десем урушат болбойт деп,беринизчи деп жалдырасам ,мага колун салган перчаткиси менен еле суу апкелип ичирип койду,анан торолду кызым тушку саат 2:40та
#109 27 January 2015 - 00:58
Мен танкы саат 4то тушумдо бир нерсе б.п эле ойгонсом суу кетти коркуп кетип турдум,ары бери басып журом,жарым саат откондон кийин жолдошуму ойготуп анан кайненеме айттык 1сааттан кийин даярданып роддомго 6:30да бардык 4пальс ачылыптыр деп род залга алып киришти.Кайненем мен ыйласам кошо ыйлап белими укалап журот.Улам чай куюп берет ийй жаным козумо корунуп атат.Анан кайненем кетип кайнежем келди кыйналып унумду чыгарбай ыйлап атам,шоколад жейм,жатам,ооруганда кайра турам.Эжем эшике чыгып кеткенде кыйкырып ыйлап алам уялып,элдин баарыле кыйкырып жатса.Анан капельница берди толгоом кучоп эч нерсе жакпай кыйкырып атам улам туруп алсам жат кетпей калды дары деп урушат.Мени карап койгула деп кыйкырсам келип болуп калыптыр деп 15мин ичинде тороп алдым алтындай болгон кызымды саат 17:20 откондо.киндигин кесип кокурогумо койгондо ий садага болоюнум десе сен кыйнадынбы мени кызым десем,врачтар кулушуп ушинтесинер да анан кыйналып торогонунор м.н ишинер жок деп коет.анан жолдошума чалдым тородум деп.ийй андагы коз ирмемдер эстен кеткис 24. 09. 2014 болгон. Эхх дагы торогум келип кетти
#110 27 January 2015 - 08:59

Аз эле убакыт отсо да аял заты ушундай экенбиз,баякынын баарын унтуп коет экенбиз да))))
#111 28 January 2015 - 23:00
Биринчи кызымды тороордо срогум майда, дагы коп бар деп эч нерсе м.н ишим жок, даярданган деле эмесмин. 5 апрелде ичим ооруп жатса дагы ай толгоо деп журо берип, качан кана кан кете баштаганда роддомго барсам, 2саатта торойсун деп койду. Угроза болуп жатат деп барган жаным торойсун десе журогум тушуп жатса, акушер орус аял мени ты что на карнавал пришла деп урушуп жатат, эртерээк эле даярданбайт белен деп. Экинчи кызымда срогумду июньга беришкен, март айында эле даярданып алгам, ошентип 20июньда 2014ж экинчи жолу эне статусуна ээ болгом.
#112 28 January 2015 - 23:01

#113 02 February 2015 - 15:11
жаз келип жашылча жемиштер жаны бышкан убагы дымдама жасадым, бир аз суу келди анан айылдагы месестрага звант этим суу келди деп ал тес бальницага жоно деди мен ичимен оруу жок кайда барам дедим да дымдаманы салып эми устолго койуп алыныстар десем эшикте бироо чакырып калды жолдошум чыгып кетти, копко жоголду эле артынан кайын атам чыкты корсо месестра келиптир уйго атам менен жолдошум келип эмнеге айтпайсын тур даярдан дешип эле баары жоноп калды менде бирда оруу жок кайын атам, энем куйоом болуп кеттик бальницага барып корктум бироонун эгис бойунда бар экен аны коруп эрте менен торойт деди эле мени таштап кайтышты. Туну менен кудайдан тиледим элдер оруса магада оруу бер кудай эми тороп алайын деп бирок тан атты менде оруу жок саат 3то жолдошум барды эле ал экообуз бальницадан чыгып тамактанганы кеттип калдык манты жегим келип жаткан манты алдыма келгенде бироосун эле жеп ичим оруй баштады ичим ортат деп туалетке кирем эч нерсе жок бальницага келдик келсем мени урушту врачтар кайда журосун деп анан башталдыго оруу сым крават барго ошонун тубуно кирсем оруу басулчудай сезилетда тонкондоп тубуно кирем, бирас туруп кайра чыгам ошентип 2,3 жолу кирдим жанымда жаткан келин кулот пыкылдап. Бир убакта кайын атам келди анан энем, авсыным кайын агам келишти алар келген сайын мен уялам аябай катуу оруп жатат эч ким карабайт залга чыксам бир месестра кагаз жазып олтурат мен дубалга суйонуп аран басып бардым караныстар мен чыдабай калдым десем... Ошондой болот врач жок барып жатып турун дейт! жиним келип сени шашпа тороп алайын деп тиштендимда кайын атама звандадым мени карашпай жатат деп. Атам кирип бакырган экен врачтар жетип келди аларда шашылып калышты бала келип калыптыр деп мен аларга ишенбей жолдошум кирип турсун дедим, бир месестра чыгып жолдошумду кирин торотобус карап турат экенсиз десе кайын атам эки колун чабып ойун башталды!
дептир. Жолдошум кирди ага жабыштым киргенде эле шауу деп эле суу куйулуп кетсе аай тороп койдум деп кыйкырыпмын врачтар кулуп жиберди анан креслого чыктым башталдыгоо кучон! Ааааай... Кучон! Ааай демей жолдошум башымда бирас чыдап койчу деп козундо толло жаш ошентип кызым торолду 3,800 экенда тун жарым болуп кетти жолдошум эшике чыгып эч кимге суйлобой кранга барыптырда муздак сууга башын салып тура бериптир аны коргон кайын атам бир нерсе болгон экенда деп женемди жибериптир жанына женем барып ээй бала тынчылык элеби десе унчукпайт экен ээй бала эмне болду деп булкуп жиберсе жене авсыныныс тороду мен бир олуп тирилдим дептир
#114 02 February 2015 - 15:31

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#115 02 February 2015 - 16:03
Ушул менда куйоомду торотко киргизип бир коркутайын десем болбодуда биринчимде ооруп ооруканада эле 9айга отуп эле кызым торолду эч ким билбейда калды ... Экинчимде куйоом жумушта эле... учунчумдо эки баламды жетелеп коридордо жургон. Апам (кайнем)болду жанымда учоодо тен .
#116 02 February 2015 - 16:45
Рая эже сизге чоон рахмат. Менин кайненен жок ушундай жакшы кенешинизди жазып турсаныз жакшы болот.
#117 03 February 2015 - 16:26
Кудайым онунан берип аман эсен коз жарып алгыла болочок энелер!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#119 03 February 2015 - 23:35
Окуп отуруп аябай күлүп алдым
Чындап эле аябай чыдамкай калк экенбиз аялзаты
.
Толгоонун оор же жеңил болуусу жолдошунун мүнөзүнөн деп укканым бар эле,аныгын билбедим бирок.Адамдан адам чыгыш оңой эмес чынында.Төрөй элек кыздарыбыздын кулагына күмүш сырга болуп калсын,темага мен да жазганча кетейин.
Улуулардан 2-3күн толготот дегенди угуп калган жаным "ии баардык аялдар ошончо убак толготот тура" деген ой мээме сиңип калыптыр да.Тунумда жолдошум жумушка кеткен.Төрөйм деген оюмда деле жок.Күндүзгү саат 12лерде ичим ооруп баштады.Аралыгы 7-10мүнөттөн. Толгоо тездегенде төрөт жакындайт деп уккам да улам саатты карап коем.Анан ушунчалын шириндик жегим келди.Базарчикке түшүп шоколад алып жедим.Белим бир калыпта эле мыжыгып келип кайра таркап туруп алды.2саат эптеп алаксыдым,Жолдошума чалып аны чочутуп албайын деп(алактап кеткен жайы бар
)акырын айтып чакырдым."
Ии башталдыбы"
дей калды эле,"жоок кичине эле,жалгыз отургум келбей атат" деп коем дагы.Ошодон күчөдү толгом.Башталганда эле бөлмөдөн бөлмөгө чуркай баштайм.Менин бейкапарым 1саат дегенде араң келди.Кебетемди көрүп эле тилдегенче машинага салып алып роддомго жөнөдүк.Шашкалактап калганын көрүп кудайлап тынч жеткирсе экен деп толгоомду да билгизбей эрдими тиштейм.Машина солкулдаса көзүмөн от чыгат.Ошентип роддомго жетип эле приемныйга кирип ак халатчандарды көргөндө "төрөп коем"деп кыйкырдым.Айтканымдай эле 2-кабатка көтөрүлүп креслого жетпей эле кушеткадан саат 16-45те алтындай кызымды төрөдүм.Кийинки кызымда эрте менен саат 7лерде турайын десем оор болуп калыпмын.Бүгүн төрөйт окшойм деп сразу эле жуунуп таранып даярданганча бели башым ооруп баштады.Баарын даяр кылып алып күйөөмдү ойготуп скорый чакырдык.Толгоом тез экенин билип калгам да.Келип текшерип көрүп ушуга чейин отура бердиңби деп урушат врач.Эми эле башталды деп барып саат 9.30 жаркыраган кызымды төрөп алгам.
Кызыктын баары уулумда болду да
.17синде төрөйсүн деп врачым обменкамы колума берип койгон.20сы болду,25и болду 30у болду толгоонун "т"сы жок.Айыңан ашып кетип атасың дешкенинен 31и врачка бармак болдум,бирок барсам төрөтүп алышат туулган күнү 31и эмес 1и болсун деп эртеси бардым.Айтканымдай эле роддомго направлениени жазып туруп консультация алып кел деп жөнөтүп жиберсе.Жолдошум кундүз саат 3төрдө алып барып таштап кетти.Приемныйдан текшеришип сразу эле родзалга алып чыгышты.Азыр эле төрөтөсүңөрбү десем "Ты что Верблюд чтоли" деп татар врач бир укол берди,кушеткага барып жаттым,толгоо башталды.20 мүнөттөн кийин эле кушетканы айланып чуркай баштадым.Ещее есть деп туруп баары родзалдан чыгып кетишти.Бир убакта ушундай күчөн келди."Я рожаю!!!
деп кыйкырып атам.Медсестрасы кирип кушеткага жат деди дагы жанымда турган креслого чыкпай эле саат 16.40та уулумду төрөп алдым.Күйөөмө чалсам ишенбейт.Ушундай кыздар.Негизгиси толгоо башталганда паникага алдырбай токтоо болуп өзүңөрдү карманып бир аз чыдап койсоңор кудайым өзү түйгөн түйүндү өзү чечип койот.Баарыңарга энелик бакыт жана денсоолук!
!!
Толгоонун оор же жеңил болуусу жолдошунун мүнөзүнөн деп укканым бар эле,аныгын билбедим бирок.Адамдан адам чыгыш оңой эмес чынында.Төрөй элек кыздарыбыздын кулагына күмүш сырга болуп калсын,темага мен да жазганча кетейин.
Улуулардан 2-3күн толготот дегенди угуп калган жаным "ии баардык аялдар ошончо убак толготот тура" деген ой мээме сиңип калыптыр да.Тунумда жолдошум жумушка кеткен.Төрөйм деген оюмда деле жок.Күндүзгү саат 12лерде ичим ооруп баштады.Аралыгы 7-10мүнөттөн. Толгоо тездегенде төрөт жакындайт деп уккам да улам саатты карап коем.Анан ушунчалын шириндик жегим келди.Базарчикке түшүп шоколад алып жедим.Белим бир калыпта эле мыжыгып келип кайра таркап туруп алды.2саат эптеп алаксыдым,Жолдошума чалып аны чочутуп албайын деп(алактап кеткен жайы бар
Кызыктын баары уулумда болду да
#120 04 February 2015 - 00:39
Мен кызымы тороорго бир ай бар деп эч нерсе менен ишим жок жургом..кундузу саат бирлерде белим ооруп баштады..мен ай толго болуп жатканго деп эч кимге айтпай журо бердим..ошентип уч болду барган сайын кучоп жатты..чыдавай апама айттым айылдагы медсестраны чакырсак нан жаап жатам бир аздан кийин барам деп коюптур мен ансайын чыдабай жол карайм качан келет экен деп келип эле торотуп коё тургансып..ошентип скорый м.н районго жонодук жолдо машина секирген сайын андан бетер ооруйт..акыры жетип да келдик.Ал жерден врач ичими коруп канча болду деп тан калып карайт себеби ичим кичине болгонда..акыркы срогун ноябрдын жыйырмасына жазып берген кагазды берсем..сен ай толго болсо эле келип алыпсын деп урушуп кирсе мен болсо торойм азыр деп коём дагы..кана жатчы текшерейин деп карап эле родзалга жалгыз калтырып оздору жок ары бери басам бир уйкум келет..кыйкырам тороп коём азыр мени карабайсынарбы деп..анан уч торт врач кирип келишип креслого чыгарып торото баштады алар болсо алтындарын мактанып ,мынчага алдым деп беегам суйлошуп атышат..менин алым кете баштады ай кыз сен торойсунбу же биздин ушагыбызды угасынбы бол аз калды балан тумчугуп калат дейт.. ошентип алтын кызымы кучактап жатып калдым.

Супер-Инфо
super.kg
видео