Суперстан: Күтүүсүз бурулуш... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (77 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күтүүсүз бурулуш... виртуалдуу дуйнонун жашоомо болгон таасири..

#881 Пользователь офлайн   LaraKroff   03 Февраль 2015 - 01:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Адамдын жашоосу- зебранын денесинин тусундой, ак сызык бутоору менен кара, ал эми кара бутоору менен ак сызык кезектешип отурат. "Эмне учун?" деген суроону берууго акыбыз да жок. Анткени жакшыны баштан откорсон, жаманды да жашоого тийишсин. Ушинтип озумду алаксытып отурам. Бул жакка жазбагандан бери бир кылым откон сыяктуу, ото коп нерсени баштан кечирдим. Анда ирээти менен баяндап берууго аракеттенейин.
Бактылуу коз ирмемдерди курбу кызымдын скайп аркылуу айткан жанылыгы бузду. Ал куну тан эрте уйго Алмаз келип, менин суранычым боюнча завтрак даярдап жаткан. Мен тушунда скайп аркылуу курбу кызым менен суйлошуп отурдум. Алмаздан жашырып эмне, курбу кызым экообуздун маегин ал деле тындап жатты. Кайдан-жайдан эсине келе калды ким билсин:
-Ширинкаа,-деди бир убакта коздору алайып. Сага бир нерсени айтам деп унутуп калыпмын. Жаман оюм жок шашыла сурай калдым:
-Эмнени?
-Руслан ажырашып кетиптир. Оюма бир эле Руслан келсе да, биле туруп суроо узаттым:
-Кайсы Руслан?
-Апей келесоо го бул кыз, Руслан да Мээримге уйлонгон,-деди ойлонбой. Ал Алмаздын жанымда турганын билбей айттыбы же шашылыштан унутуп калдыбы, айтор денемди майда калтырак басып кетти. Курбу кызымдын созун укпай менден бир аз ыраакта турган Алмаздын коздоруно жалдырап тигиле бердим. Анын эн алсыз жери, Руслан-Алмаздын эн алсыз темасы. Колунда сыр туурап жаткан бычакты карыштыра кармап туруптур. Курбу кызым этибар албай созун уланта берди.
-Мен бир аздан кийин чалайынчы Динарка,-дедим созун болуп. Ал созумду тушунуп-тушуно электе очуро салдым да, ордумдан тура бердим. Башым айланып коздорум карангылашып кетти. Акыркы убакта ансыз да каным азайып башым коп айланчу болду эле. Алмаз кухнядан эки аттап чыгып кетти:
-Алмаз,-дедим катуу кыйкырып.
-Мен кетем. Сураныч суйлошолу дебе. Азыр суйлошкум келбейт, эмесе конулунду оорутуп алам,-деди курткасын кийип жатып.
-Ар ким ажырашса, жарашса озунун иши да. Менин эмне куноом бар?,-дегенде козумдон жаш куюла берди.
-Ал сага ар ким болсо, эмнеге курбу кызын сага чалып айтат ал кабарды?-деди катуу суйлоп. Анын коздорунон мынчалык жинденууну биринчи жолу корушум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#882 Пользователь офлайн   LaraKroff   03 Февраль 2015 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Эшиктин тарс жабылышы мага бир койгондой эле туюлду. Чарчап калганымды сездим алгачкы жолу. Менин жашоомдогу "Руслан" темасы качан бутот?! Мен качан "Руслансыз" жашайм? Омур бою озу болбосо да, аты менен озун эстетип, Алмаз экообуздун арабызга уусун чача береби? Коз жашым мага баш бербей жузумду жууй берди. Опком опкомо батпай кыйкырып ыйлагым келип турду. Столдун устундо жаны тынбай чырылдаган телефонду карап алдым да болгон кучум менен полго ыргытып жибердим. Ал кунку дем алыш кунум ошондой отту. Козум шишигенче ыйлап, ордумдан турбай жаттым. Алмаздын келээрин умут кылып, ар бир чыккан добушка кулак туруп отуруп тун бир оокум болгондо келбесине ынандым. Ызаландым. Тан атканча душка тушуп, шишиген козумо, бозоргон жузумо карабай жумушка жонодум. Жумушка кирип, столума отураар замат жумуштагы телефондон Алмаздын телефонуна чалдым. Узун гудок кетип барып алды:
-Алло,-деди конулсуз. "Таарынычы таркабаган тура",-дедим ичимден. Бирок, анын да уктабаганын сезип турдум.
-Кандайсын?, -унум калтырап чыкты.
-Кандай болушум керек эле?
-Алмаз,-дедим жалооруй. Мага жаман жузунду корсотпочу суранам. Сен эч качан мага мындай мамиле жасаган эмессин.
-Анда мындан кийин коросун,-деди андан да корс, мурункудан да ачуу. Мен ошол учурда Алмазды тааный албай турдум.
-Бугун тушто кезигеличи суранам,-дедим.
-Ишим жок болсо,-деди жазыла турчу туру жок.
-Макул, мен кутом сени. Мен сени суйом Алмаз,-дедим чын журогумдон. Жооп иретинде телефондун кыска гудогу кулагыма жанырып жатты. Трубканы койбой канча турдум ким билсин, коллегамдын:
-Кутман тан,-деген унунон улам озумо келдим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#883 Пользователь офлайн   ms.jiba   03 Февраль 2015 - 01:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Сен 2020 00:42
  • Жынысы:Аялзаты

окунучтуу эми мындан ары не болор экен ?Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#884 Пользователь офлайн   LaraKroff   03 Февраль 2015 - 02:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

-Жакшы элесинби? Ооруп жатасынбы?,- деди суроо узатып коллегам.
-Жакшымын, рахмат,-дедим билдирбоого аракет жасап.
-Мен кофе алганы чыгып жатам, кааласан ала келейин. Сен жакшы эмессин,-деди бул темадан алыс кетууну каалабай.
-Жок,-деп кесе жооп бердим. Мен ооруган жокмун. Ал да ынгайсыз абалда калды окшойт, башын чайкап чыгып кетти. Озумдун орой суйлоп алганыма олдоксон боломбу, журок оорума кейийминби же башым жарылап кетчудой болуп ооруп жатканына окунойунбу. .. Туш болгончо нервден улам, озумду бир жерге кое албай ары-бери баса бердим. Бир дагы жумуш бутурбодум окшойт. Телефонум чыр дегенде ала салсам, секретарь биринчи кабатта бироо кутуп турганын айтты. Сумкамды да унутуп, учуп куйуп чуркап туштум. Кечээки коз караш. Мурункудай кучак жайып эркелетип учурашкан Алмаздан дайын жок.
-Каякка баралы?-деди кесе суйлоп.
-Суйлошо турган жерге.
Мени кутпой бат бат кадам таштап сырткы эшикти коздой бет алды. Артынан чуркап бара жаттымбы, басып бара жаттымбы, айтор жетууго мумкун эмес эле. Менин жумушума жакын жайгашкан кофейняга кирип чонтогунон колун чыгарбай отура кетти.
-Кечээ телефонунду очуруп аябай ойлондунбу, Русланды тандасамбы же Алмазды тандасамбы деп? Ушул созду айтпай эле бетиме бир жолу чапса мынчалык конулум оорумак эмес. Оозума соз келбей калды.
-Мен да сени алаксытпайын деп кайра барбадым. Кененирээк ойлонуп алсын деп,-деди токтогусу келбей.
-Телефонум сынып калды,-дедим. Унум калтырап, эки ооз соз суйлосом козумдон жашым агып кетчудой. Ал унчукпады. Жон гана жерди теше тиктеп отура берди.
-Менин эмне куноом бар?Эмнеге мага жаза берип жатасын сен?,-дедим козумдон кулаган жашты аарчый салып.
-Биз качан Руслансыз жашайбыз?,-деди кабагын карыштыра. Озумду эстеп кеттим. Качандыр бир кездеги озумду. Мен да учурунда Русланга "Биз качан Мээримсиз жашайбыз?" ,-деп сурабадым беле.
-Сен курбу кыздарына азырга чейин ал жонундо бир нерсе айткандыгын учун, курбу кыздарын аны эстетип жатышат да. Сен азыркыга чейин аны эскересин да ээ?,-деди ачуулана.
-Жок,-дедим. Сеники жону жок кызгануу. Мен аны эстебейм да, эскербейм да.
-Жону жок кызгануубу? Мен "суйдум" деген соз оозумдан чыккандан бери артындан чуркадым. Карабасан да, башка бала менен журуп алсан да, кагып салсан да суйо бердим. Эми гана бактылуу болойун деген минуттан бери анын айынан бактылуу боло албай келем. Дайыма ичимде коркунуч сезими бар. Бир куну келип: "Алмаз мен кыйналып турганда жанымда болгонун учун эле суйом деп ойлопмун. Эмесе мен дагы деле Русланды суйот экенмин. Мени кечирип кой",-деп басып кетсен эмне кылам деген коркуу сезими. Сен тушуносунбу анын кандай сезим экендигин?,- деди баса суйлоп. Мындан ары козумдун жашын башкара алчудай эмесмин.
-Андай болбойт деп канча жолу айттым мен сага,-дедим ызаланып. Тамагымда туз тургандай куйкаланып жатты.
-Соз менен эмес, аракетин менен ишендир. Мени суйсон Руслан деген созду жашоондон очур. Сураба аны курбуларына.
-Мен эч качан сураган эмесмин, эмнеге ишенбейсин мага? Экообуздун суйлошуу манерабыз айланабызда отурган адамдарга тынчсыздык берип баштагандай, копчулугу бизди карап калышканын ошондо сездим. Ордумдан туруп аркамды карабай чыгып кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#885 Пользователь офлайн   LaraKroff   03 Февраль 2015 - 02:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Озумо озум суранып басып бара жаттым: "Чыда Ширин! Жыгыла корбо. Ыйлай корбо. Кучтуу бол Ширин!" .
Ансайын козумо жаш толуп, алдымдан бироо чыгып "Эмне болду?" десе кучактап ыйлап жиберчудоймун. Жумуштан чыгып бара жатканда бизди тан кала карап калган секретарь кыз, тан кала карап тосуп алды.
-Бир нерсе керекпи?,-деди жалооруй.
-Рахмат,-дедим да бат бат басып уборныйга кирип ичинен беките салдым. Шишиген коздорум ансайын кызарып, кузгудон караганда озумо боорум ооруп жатты. Сууну болушунча ачып салып, кузгудон озумо тигилип копко турдум. Жакын адамындын сага ишенбегени- ото оор сокку.
Жумуштан уруксат алып, уйдо кечке дейре жаттым. Кеч киргенде чыдабай такси чыкыртып, Алмаздын уйуно бардым. Каалганы уч-торт жолу каккылаганда аран эшик ачылды.
-Алмаз,-дегенче бейтааныш бала башын ийкеп учурашты. Бир колунда сигарет, бир колунда ичимдик. Суйлогончо андан озуп уйго кире бердим. Залда 3-4 бала, 2 кыз отурушуптур. Мен аларды, алар мени тан калып карап турушту. Алмаздын тааныштары, достору коп экендигин билчимун, бирок буларды биринчи жолу корушум. Сигареттин тутунунон аран дем аласын. Аларга суроо да сурабай, Алмаз жаткан болмого кире бергенде бир кызды ооп жатыптыр. Демейде чыгармаларда "Башындан ылдый кайнак суу куюлгандай" деп суроттоп коюшат эмеспи, бирок башына келгенде чын экендигин жон терин менен сезет экенсин. Ал учурда козумо жаш да келбеди. Мени байкап калган кыз бат бат басып ийнимден туртуп чыгып кетти. Мен болсо Алмазды жек коруу сезими менен карап турдум. Жаныма басып келип кечирим сураса же кучактаса балким баары унутулуп кетмек. Ал анткен жок, жон гана жаныма басып келип:
-Жону жок кызгануу бул,-деди.
Кантип бетине чапканымды байкабай калдым. Унчукпады. Уйдон кантип атып чыкканымды билбейм, жолго чуркап жетип таксиге кол котордум.
"Мен омурдон жапжалгыз отууго даярмын. Суйуунун да, уй булонун да кереги жок мага",-деген антымды ичимден келмедей келтирип кайталап бара жаттым жол ката.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#886 Пользователь офлайн   N.mira   03 Февраль 2015 - 02:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 17 Февраль 14
  • Соңку аракети: 21 Ноя 2020 05:38

эхх....менин да тамагыма бир нерсе тыгылып калгандай болду.Ширин бактылуу бол.Русландын атын укканда эмоциянды ичине жут сыртка чыгарба.антпесен эч бир эркек чыдабайт.эч нерсе укпагандай мамиле кыл.ошондо женесин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#887 Пользователь офлайн   LaraKroff   03 Февраль 2015 - 02:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Акыркы учурда суйууну жашоо образыма айландырып алгандаймын. Ал чалбаса уйкум ширин, тамагым таттуу болбой, аны корбосом кундорум кунарсыз сезилип калыптыр. Анын айынан, анын конулу оорубасын деп, анын жанында ата-энем менен коп суйлошпой, чыныгы жакын адамдарымды озумдон алыстатыпмын. Мен акыркы учурда жашоомду корсо бир гана адамга байлап, бир гана адамга сыйынып калган экенмин да. "Суйом" десе да, "куйом" десе да, бир куну бапестеп баккан жан дуйноно бутун аарчып, конулундун терезелерин талкалап, жашоонду астын-устун кылып кете турчу бир адамга ушунча убакыт болуп, озумду унутуп калганча суйуп ката кылдымбы мен? Суйбой жашасам, кунум отпой, дайрам акпай калабы?! Руслан жок дегенде мени мынчалык кемсинтип, мени мынчалык томон сездирбеди эле го озумо. Русланбы, Алмазбы, мага баары бир эми. Мен суйуусуз да жашай алам. Мен суйуусуз да бактылуу болом!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#888 Пользователь офлайн   Gulnara1986   03 Февраль 2015 - 03:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2017 23:54

Алмазды тушунбой калдым бул иши мн сенден оч алуусу келген окшойт.Сени жоготуп алуудан корксо уйлонсун сага аны эмне кармап турат. Менин жеке оюм Русланчалык сени эчким суйо албайт.Алмаздын айтканын аткарып конулуно карасан дагы дагы дагы мындан дагы жакшырак конулумо кара деп талап кылгандай.Алмаз жашоодо кичинеле кыйналса жаман жака басып кеткидей чамамда.Ширин сен озунду кооп кыйнаба сен ата энене бир туугандарына керексин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#889 Пользователь офлайн   peri-jan   03 Февраль 2015 - 03:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 460
  • Катталган: 24 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Июл 2016 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сырдуу дуйно

Ооба акыркы созун туура ,окуунду окуп конул ачып курбу кыздарын менен сырдашып журо бер .Бир кун чыныгы бактынды табасын албетте ал озу келет сен антип куйуп -бышып суйгон менен пайда жок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#890 Пользователь офлайн   raxelya   03 Февраль 2015 - 09:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 17 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 03 Сен 2016 09:05

Автор аябай жакшы окуган грамотная кыз экени корунуп турат.Кызыктуу история экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#891 Пользователь офлайн   Aibiike   03 Февраль 2015 - 09:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Мар 2015 02:12

Окуп алып мен дагы кыйналып кеттим эже.Убакыт озу дарылайт.Алмаз дагы кыйналып жаткан болуш керек.Сабырдуу болунуз баары ордуна келет деген ниеттемин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#892 Пользователь офлайн   Meerim1807   03 Февраль 2015 - 10:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 30 Авг 2017 02:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Таласым алтын бешигим

Ширин эже коп эле кайгыра бербениз убакыт даарылайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#893 Пользователь офлайн   Angel92   03 Февраль 2015 - 10:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Алмазга тан калдым.Жини келген учурда да мындай кадамга барбаш керек эле
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#894 Пользователь офлайн   bikusim   03 Февраль 2015 - 10:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Озунуз айткандай жашоо зебра сыяктуу экен. Бирок сиз женилбениз кайра кучтонунуз. Оз жашоонуз озунуздун колдо. Алмаз да кетирген катасы учун окунуп кечирим сурайт деп ойлойм. Кечирим да сурабаныз сиз. Конулунузду которуп кобуроок эс алып, жакын адамдарыныз менен байланышыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#895 Пользователь офлайн   zaada   03 Февраль 2015 - 11:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 188
  • Катталган: 27 Январь 15
  • Соңку аракети: 21 Авг 2017 18:56
  • Жынысы:Аялзаты

Маанайынызды чоктурбонуз Ширин эже. Сабырдуу болунуз, аллахым буйруса жашоонуз да атынызга окшогон ширииин болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#896 Пользователь офлайн   Ajara   03 Февраль 2015 - 11:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 26 Июль 07
  • Соңку аракети: 03 Фев 2015 11:28
  • Жынысы:Аялзаты

Ширин. Алмаздын бул кылыгы итчилик, башка соз таап айтуу кыйын. Бул анын чыныгы жузу! Сени жакшы коргон адам эн биринчи кезекте жакшы адам болууга тийиш. Адамдык сапаты бийик, акылы тунук, токтоо, баардыгына озунун коз карашы болгон. Башында эле мага Алмаз тентек, эрке адам катары сезим калтырган. Ага берилип мамиле кылганын сен анткени камкордукка муктаж болчусун, сен жылуулук алгын келди и ал адамга бергин келди. Сага чын дилден каалайм и суранам Алмазды кечире корбо. Жашоо деген татаал аябагандай, эгерде жанында ушул Алмазга окшогон адам болсо! Эгер экоонор бир болсонор, Руслан чыга берет ар кимдин созундо, баарынан суранып чыгасынбы айтпагыла деп, сен суранган кундо да ар кандай адам болот, бироо жарым билип кылат бироо жарым билбей айтат. Элдин созун тыйганча озунун кылган ишине отчет берсин. Элестетсен, Кудай буйруп балалуу болгонунда ушундай иш кайталанса, же балдарынды жетим кыла албай же андан ары жашай албай чайналганынды. Бир нерсе болуп сага таарынса эле бироону кучактап калыш керекби. Сенин тенин эмес. Озундой ой жугурткон адамга туш келсен жакшы болот эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Ajara: 03 Февраль 2015 - 11:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#897 Пользователь офлайн   jasi   03 Февраль 2015 - 11:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 432
  • Катталган: 16 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 23:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эмне дешти да билбей калдым, ошончо алоолонгон сезим бир кыймыл аракет учун очуп калуусу мумкун эмес болчу.
Автор сиз акылдуу, ыймандуу жан экенинизди унутпан, жана сиз кучтуу айымсыз эсинизде болсун!
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#898 Пользователь офлайн   aliyam   03 Февраль 2015 - 13:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 18 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июн 2018 04:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

мен эле биякта туруп канча кыйналып кеттим.сенин кайгыны тушунуп турам.акылы жок экен Алмаздын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#899 Пользователь офлайн   samina86   03 Февраль 2015 - 14:39

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 256
  • Катталган: 31 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Авг 2025 13:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жалган дуйно...

Алмаз бир эле созго ушундай болсо баарын билип туруп эртен кр га келгенинерде аны кочодон жолуктуруп калсанар сизди жон эле таштап кетет деген ойдомун жакшылап ойлонунуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#900 Пользователь офлайн   B.GULNARA   03 Февраль 2015 - 16:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 04 Июль 12
  • Соңку аракети: 20 Май 2020 22:29

Almazdyn kylygy menin da kyjyrymdy kainatty. Oto sabyrsyz, jenil oiluu jigit eken go. Shirinka baktyluu bol, sabyrduu bol altynym.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (77 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 46 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 46, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Сен 2025 16:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: