Суперстан: Арзан баанын азгырыгы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров

#61 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Саат канча болду?-деди. Бообек берилген суроого жооп бергендин ордуна:-Мен ишке кетем, чай кайнап калды, бол эми тур. Балдарды ойготпой эле кой, уктай турушсун. Алар турганда эмне кылышмак эле-деди. Таңкы уйку кандай таттуу. Эгер азыр Бообек ойготпогондо, Сыйнат кечке чейин болсо дагы уктап жатат беле ким билет. Балким жол жүрүп чарчагангабы же өзүмдүн үйүм деп эреркегенгеби аны так айтып болбойт, ушундай таттуу уйкуга эч качан алдырган эмес. Түнкү саат төрттө уктаса дагы таң эрте ойгонгон Сыйнаттын адаты эле. Бүгүн бут серппей уктаганына өзү дагы таң калып калды. Туруп, даарат сындырып келип бети колун чайыган соң, тасмал даярдап жатып, Бообекке кайрылды:-Билесиңби, мен түндө бир кызыктуудай түш көрдүм. Төркү бөлмөдөн бир жаш кызбы же келинби, айтор билбейм, берки бөлмөдөн бою узун сулуучумак келин экөө чыгып келип, биз жаткан бөлмөнү карап, өзгөчө сага ыраазы болгондой тигилип, анан бизге мээримдерин төгө ушундай бир жакшы көз карашта карап, ыраазы болгондой түр менен бир топко чейин тиктеп турушту да, анан сыртка чыгып кетишти. Алар кетип бара жатканда алар менен үйдөн кандайдыр бир кара туман чыгып, үйдүн ичи жарык боло түштү. Анан эле сен үйгө толтура чөп ташып келип жатыптырсың. Мен сага жардам берген болом. Кыскасы, мен бүгүн түнү ушундай бир эсте кала тургандай жакшы түш көрдүм. Буйруса ишибиз оңолот экен. Баса тигилер сырттан сенин Өскөнаалы досуңа дагы баштарын ийкеп ыраазы экенин билгизгендей болушту. Бообек тасмал четинеде олтуруп, аялынын көргөн түшүн угуп болгон соң, жакышылкка жооруп, ичинен бир нерсе деп кобуранып, эки колун жүзүнө тартып, бата кылды да анан шашпай болгон окуяны айтып берди эле, Сыйнат:-Анда, менин түшүмө кирген ошол сөөктөрү табылып, кепинделип коюлган эки аял затыныкы турбайбы. Каап, алиги жаш келиндин келбети кадимкидей көзүмө даана көрүндү. Сен мага ырас айтып койдуң. Чынын айтсам азыр үй абдан тазаланды көрүнөт. Антсе дагы мен үйдү дагы бир сыйра актап чыгайын дагы,күндө үч маал арча менен аластап турайын. Айылда калган жүк келгенден кийин мал союп, элден бата алып коёлу. Дагы бир маселе сен эми жакшы бир молдо таап кел, ал дагы үйдү тазалап берсин, не бар, не жок деп, бир топ сөздүн башын айтып жиберди. Анткен менен эч корккон жок, күйөөсү эбин келтирип айткан окуядан. Сөз кезеги келгенде, чайдан ууртап оозу бошогондо:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Бообек, сен абдан жакшы иш кылыптырсың, үйдүн эле эмес,алиги сөөгү табылган маркумдардын дагы сообуна калыптырсың. Мен азыр сен айтып берген окуяны угуп олтуруп, сен чоң иш жасаганыңа ыраазы болдум. Анан кантип үй сага ыраазы болбойт. Биз эми жүк баскан үйдү тазалап, керек болсо карегибиздей карап, жакшы мамиле жасаганыбыз оң. Билесиңби, салынган үй дагы тынчтыкты, тазалыкты, ынтымакты жактырат. Мен бир сөз уктум эле-деп сөздү алыстан баштады Сыйнат: -Япондор абдан акылдуу анан баамчыл эл болушат эмеспи. Ошон үчүн алар өнүгүп өсүп, чоң жетишкендиктерге жетишкен калк. Алар бир жолу ушудай бир жол менен тажырыйба жасашкан экен. Эки бөлмөгө эки стаканга суу куюп коёт дагы, бир бөлмө ушундай бир ызы-чууга толгон бөлмө болот, ал эми экинчи бөлмө таза жана тынч бөлмө болот. Арадан туура бир апта өткөндө, ызы-чууга толгон бөлмөдөгү суу сасып, бузулуп кетиптир дагы, берки тынч бөлмөдөгү суу таза бойдон калыптыр. Байкадыңбы, керек болсо суу дагы тынчтыкты жактырат экен. Биз эми үйдө тынчтыкты кармап, уруш-талаштан алыс болгонубуз абзел. Ошондо үй бизге байыр алып, жакшылыктарды чакырат. Бообек бул сөздү укканда, таң калып:-Сыйнат сен абдан жакшы сөз айттың. Кой эми мен ишке барайын, калган сөздү анан кечинде айтып берчи. Абдан кызыктуу сөз экен-деп, шашканын билгизип, ордунан турду да, акырын Сыйнатка жакын келип, бооруна кысып:-Сени абдан сагындым. Билесиңби? Мен сага чын ниетимден ыраазымын, апам менен атамды мага тийгени багып, оту менен кирип, күлү менен чыкканыңа. Сыйнат жактырбаган түр көргөзүп:-Жөн турчу, ал менин милдетим да. Дагы аларга азыраак кызмат кылып калдым. Эгер Элзар иниң үйлөнбөгөн болсо азыр деле үйдөн чыкмак эмесмин. Жаш келинден идиш аяк талашкандан көрө, ырас бөлүнүп кеттик. Мага деле сен жок күндөр, көңүлсүз болуп жатты. Баса атам Ырысбекти өзүм чоңойтом, аны менден талашпагыла деп кату эскертти. Балким Элзардын аялы төрөп калса, ага алаксып, Ырысбекти кайра берип калар-деди эле, Бообек:-Биринчи небереси да, мейли, чоң атанын тарбиясын алган бала жакшы болот. Аны эми талашып деле болбойт. Кийин окууга шылтоолоп колго алып алабыз-деп, Сыйнатты бетинин акырын сүйүп, сыртка чыкты. Жакшы мамиле жакшы сөз, өзгөчө аял затынын табылгыз дарысы экенин ким билбейт. Бообектин жасаган бул мамилесинен эле Сыйнаттын төбөсү көккө жете сүйүнүп, узатып чыгып:.......
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Бообек, кечинде эрте келгенге аракет кыл, мен сени күтөм-деди эле Бообек башын ийкеп:- Суук түшүп кете электе товарларды сатып үлгүрүп калыш керек болуп жатат. Мен деле үйгө келгенге шашам-деп, алыстан келе жаткан маршурутканы көрүп, жүгүргөн болду. Маршуруткага олтурган соң эмнегедир Эржан менен Белек досун эстеди. Экөөнө эмне деген гана жакшылыктарды кылбады. Эми минтип көзү жокто аялына жасаган мамилеси тиги болсо, алардан жакшылык деле күтүп болбосун анализдеп ой жүгүртүп, өткөндү эстеди. Бир жолу Эржанды коңшу айылдан эки бала келип, сабаганы калганда, ортого түшүп араң алып калган. Анткени алардан Эржан акча алып бербей, бир жылдан бери алдап жүргөн экен. Ошондо аларга акча берип, карыздан кутултканда, Эржан "бул жакшылыгыңды эч качан унутпайм" -деп айткан. Эгер ошондо Бообек ортого түшпөгөн болсо,анда алар майып кылып салмак беле ким билет. Ал эми Белек үйлөнгөндө никесин кыйганга мал таппай жатканда, бир семиз койду алып барып, союп бергенин ал кантип унутат. Бул жасаган жакшылыктарынын бир эле чети. Эми минтип көзү мындай болгондо эле, чайын ичип жүргөн Сыйнатка жасаган мамилелери тиги. Бообек, ушундай бир жогорку чекте эки досунун жоругуна ичинен нааразы болуп, ойго алаксып олтуруп кантип базарга келгенин дагы билбей калды. Келсе базар жаңы гана ишке кирип, базарчылар ордуларын ээлеп калышыптыр. Бообек товарларын жайып, ишке алаксып баштаганда кечээки эки милиция жанында пайда болуп:-Бообек мырза сага эскерткени келдик, кечинде бөлүмгө барып, түшүнүк кат жазып берип койчу. Алиги сен үйүн сатып алган неменин үстүнөн, иш козгош керек болуп жатат. Анын жасаган кылмыш иштери абдан көп экен. Капитан Картаңбаев сиздин дагы арызыңызды тиркеш керек деди. Эгер каршы болсоң аны капитандын өзүнө барып айт. Кыскасы, бөлүмгө унутпай бар, биз тил укпагандай бололу. Бообек жооп бергенге шашылбай, жооп күтүп турган экөөнө:-Мен кечинде бара албайм, иштерим чачтан көп. Капитаныңарга айтып койгула, мен каршымын, анын үстүнөн арыз жазганга. Башка эле кылмыш иштерин териштирип алсынчы. Кийин сотко бар деп дагы чакырып убара кылат. Эки милиция туура деген таризде карап:-Аны өзүңүз билиңиз, биз кандай айтсаңыз, ошондой жеткизип коёбуз. Эң негизгиси алдыңдан бир жолу өттүк-деп тетири карап басып кетишти.Алар кеткенден соң аз убакыт өтпөй өзү жаш болсо дагы чачын ак баскан жигит келип, Бообекти ушундай бир башкача көз караш менен карап:-Досум, сен сатып алдың беле, алиги красная көчөсүндөгү үйдү?-деди эле Бообек ишин улантып жатып:-Ооба, анын эмнеси бар экен?-деди кызыгуусу арта. Урмат таң калып:-Кантип корпой жашап жатасың?-деп суроолу карады да анан:-Көрдүңбү? - менин капкара, кундуздай болгон чачып ошол үйдөн агарган деп, колу менен агарган чачын кармап көргөзүп, суроолу карады да, жооп күтүп туруп калды. Бообек ишин улантып жатып:-Досум аны айтсам узун сабак кеп болот, анан иш аяктап калган кезде келчи, мен ошондо сен корккон коркунучтуу үйдөгү сырды кантип жеңгенимди айтып берейин деди эле, Урмат бул сунушту туура кабыл алып "кечинде келем"- деп убада берип жолуна түштү. Бообек узап бараткан Урматты кайра өзүнө чакырып:-Досум, эгер макул көрсөң азыр милициянын бөлүмүнө бар. Үйдү саткан алиги Бактыбай деген неме колго түшүп, учурда сурак берип жатат. Сен дагы андан мыйзам чегинде өчүңдү алып кал! Мени азыр эле эки милиция бөлүмгө чакырып кетти. Урмат бул сөздү укканда жоголгон буюму табылган адамдай сүйүнүп:-Чын элеби, мен ал Бактыбайды канчадан бери таппай жүрбөймүнбү. Ырас болбодубу-деп, кадамын тез-тез арыштап, бөлүмдү көздөй шашып жөнөдү.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Шакекти бир топко кармалап туруп Гүлүм эне, маанилүү сөз айтчудай оозун таптап барып, кайра үнсүз туруп калды да, бир топко күттүрүп көзүн сүзүп шакектен көзүн албаган калыбында:-Бул шакек чоң энең Зуураныкы. Дайыма аты жок сөөмөйүнө салынып жүрчү. Бир жолу чай ичип олтуруп, бул шакекти колунан чыгарып, бизге көргөзүп "Кайын энем берди, жоготпой тагын дагы кийин келин күткөндө, жакшы көргөн келиниңе бер, мага дагы кайын энем берген"-деп. Кийин мен бул шакекти калп айтпасам Бүрайдын колунан көрсөм керек эле. Негизи эле илгерки жасалган буюмдар кандай сапатуу жасалган-деди эле, бул айткан сөзүн эч ким уккан жок. Алгач эле Каныш көзүнө жаш алып, аялдык ызакорлукка салып ыйлап жиберди. Анткени бары баятан бери бул шакектин сырын билбей турушкан эле да. Анан эле Жусуп дагы көзүнө келген чолок жашты жеңинин учу менен сүртүп, ыйлаганын билгизгенде Гүлүм таң калып:-Ой, силерге эмне болду?-деги. Мен эмне силер ыйлай тургандай жаман сөз айтымбы?-деди эле, эч ким жооп берген жок. Бул суроо жөн гана абага айтылгандай таасир берип, жан адам укпагандай болуп калды. Гүлүмдүн шаштысы кетип, алаңдаган тейде:-Ой. Деги эмне болду? Жооп берип койсоңор боло, мени бушайманга салбай?!-деп үнүн жогору чыгарганда гана Жусуп сөзгө келип болгон ишти түшүндүрүп учкай айтып берип:-Эми муну апам укпасын. Укса араң турган жаны санаадан дагы чөгөт-деди эле, Гүлүм бул сунушту туура көрүп:-Кап! , Бул шакекти Бүрай келинине эмес, эмнеге кызына берди болду экен?-деп, сурады эле Каныш: -Маржанды кенедейинен багып өстүрбөдү беле. Баккан бала баарынан ысык көрүнөт эмеспи, ошол себептен мага ыраа көрбөй кызына берсе керек. Гүлүм башын ийкеп:-Ооба, баарынан дагы Маржан дегенде ичип жаткан ашын жерге коё койчу эмес беле. Сен абдан туура айттың, баккан бала ысык болот. Өзгөчө неберени баккан. Сөз сөзгө уланып, Гүлүм эне үйүнө кеткенде Жусуп агайын- туугандарын чогултуп, алар менен кеңешти, болгон ишти түшүндүрүп айткан соң. Көкүрөгүн сакалы жапкан, жапалдаш бойлуу, кызылынан келген, кырдач мурун, кой көз, жашы токсонго жакындап калган, бирок өз жашынан алда канча жаш көрүнгөн Мырзабек карыя үнүн жасап жөтөлүп алып:-Болор иш болуптур. Эми анча болду сөөктү жайынан козгобой эле койгон оң. Эгер сөөк этинен ажырай элек болсо дагы бир жөн эле. Аны коюп сөөк табылган үйгө барып атайын мал арнап союп, багыштап куран окуп койгон эле жөндүү. Макул, барып сөөктү алып келдиңер. Аны кайра жерге берген эле канча мээнет. Менин тилимди алсаңар айтканымды аткаргыла. Тээ илгертен бери айтылган кеп бар. "Сөөк дагы тынч жатканды каалайт"- деген. Шарият жолунда дагы айтылат "Жаны чыккан адамды, денесин жылуулай жерге бер"-деп. Андыктан айткан тилди алып, кан чыгарып куран окутуп эле койгон оң. Бул сунушту туура көрүп, баары колдошту. Бир чети абдан жүйөөлү сөз айтылды. Жусуп дагы ичинен айтылган кеңешке кошулуп, башын ийкеп макул экенин билгизгенде, туугандар бир пикирге келип тарашты.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Эртең менен атайын арнап мал союп, боорсок бышырышып, элди чакырып куран окутуп коюлу деп даярдануу күчүнө кирип, ал турсун элге дагы кабар айтылып калган. Айыл ичине эбак эле "Жусуптун жоголгон кызынын сөөгү табылыптыр" -деген кабар учкан куштай тарап, бир гана Бүрай эне эч нерседен бей капа, күн эстеп өз оюу менен алек болуп, окшош күндүн бирин өткөрүп олтурган. Үйдөгүлөр эмне кылып жатышат аны менен деле иши жок. Карыганда, өзгөчө кыймыл жайлап, көздүн көрүүсү начарлап, кулак укпай калган кезде, адам баласы өзү менен өзү болуп калат эмеспи. Бүрай эне дагы адатынча акырын таягын таянып келип, үйдүн артындагы терезе тушка келип, калың салынган жер төшөккө жамбаштап жаткан калыбында адатынча өзүнчө кобуранып алды "кызымды көрчү күн качан келет болду экен?"-деп. Эх эненин санаасы, тарткан азабы, бала үчүн тилеген тилегине бул дүйнөдө эмне жетет. Ошол себептен "бейиш эненин таман алдында"- деп бекер айтылбаса керек. Бүрай эне кеминде он жылдан ашык убакыт эч тажабай "кызымды көрчү күн келет болду бекен"-деп тилеп келе жатканы эле эмне деген баа жеткис азап. Ал эми түнү уктабай санаа менен алп урушуп, канча түндү уйкусуз өткөргөнүн кеп кылсак сөз жетпейт го чиркин. Көз алдына жоголгон кызы Маржан кадимкисиндей келип, учурашканы тартылып, кээде кыялданып, өзүнчө сүйлөнгөн дагы адатка айланып калган. Бул эненин эң жогорку деңгээлде тарткан азабы экенин эч ким тана албайт. Тээ илгери жалгыз баласы согушка кетип кара кагаз келсе дагы, баласын өлүмгө кыйбай илгери үмүт менен баласын күткөн байкуш эненин абалын эле көз алдыбызга элестетип көрөлүчү. Бүрай эне дагы жоголгон кызына арнап мал союп куран окулуп жатканын укса деле өз оюнан кайтпай, кызын өлүмгө ыраа көрбөйт болучу. Бирок, кайран эне аны билген жок да. Күндө, күн ачыкта ушул жерде күн эстеп жаткан эне үчүн адатка айланган. Ал эми күн суукта же жаан жаган учурда мештин жанынан чыкпайт же терезенин түбүнөн жылбай олтурганы олтурган. Анткен менен Бүрай эне жакшы карыды. Эч кимге залакасы тийген жок. Бышактап ыйлабайт дагы. Эгер башка эне болгондо кызым жоголду деп, ыйлай берип көзү деле көрбөй калат беле ким билет.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Сабырдуулугу, кайратуулугу жагынан жан адам алдыга чыкпаса керек. Сөөлөттү карыган үчүн балдарына, неберелерине жагып, кээде алардын алдында сөзү чоң чыгып калат. Бир жолу Жусуп кысып келип ачууга алдырып, мастыгы менен оозуна алы келбей жагымсыз сөз сүйлөп койду эле , эртеси ал соолукканда бир гана ооз сөз менен аны ордуна коюп койгон " эркек болбой кал, мен сени мас болсун деп төрөп, багып чоңойттум беле. Кап!- сени төрөр жылы кызыр эле калсам эмне"-деп. Бул айтылган сөздүн күчү сөз баккан Жусупка ушундай бир катуу тийип, ошондон кийин ичкиликти оозуна алгыс болгон. Чын эле ар бир эне баланы кандай жакшы максат менен багып өстүрөт дагы, балага эч убакта жаман нерсени ыраа көрбөйт эмеспи. Ал эми жеңилдикке алдырган, канчалаган уул сөрөйлөр эненин ыйык тилегин барктай албай кекиртектин кулу болуп, өз гана арбайын согуп жүрүшөт. Баардык энелердин бала үчүн тилеги ак, бирок жашоонун кемеси ары чайпалып, бери чайпалып баланын баарын эле күйүмдүү кыла бербегенине турмуш өзү күбө. Эгер баардык балдар күйүмдүү болгондо ачкыл суунун кулу болуп, көчөдө калат беле. Канчалаган балдар эненин ак сүтүн эмес, багып өстүргөн эмгегинин бир үзүмүн актай албай, кара жанды бакканды койдум тыңгылыктуу иш кыла албай жүрөт. Бүрай эне бешти төрөдү, бирок, башка балдарынан карманганы жалгыз Жусуп. Бул үйдөн эч жакка чыкпайт. Ал турсун башка балдарыныкына барып калса түн болсо дагы үйгө келген адаты. Өзү жалгыз жашап дагы көнүп калгангабы, шаан-шөкөт,ызы- чууну жактыра бербейт. Үйдөгүлөр кымкуут болуп, жоголгон кызга куран окутуу менен алек болуп жатса, Бүрай эне эч нерседен бей капа, күндү көзүн алсыз ирмеп карап, бир калыпта жатканда, келген кишилердин бирөө атайын басып келип учурашып калды. Бүрай эне аны үнүнөн тааныды.....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Жакшы, сен кайдан, келчү эмес элең?-деп, кадимкидей учурашып, кайра суроо берди. Баятан бери эринип олтурган энеге Бактыбүбүнүн өзү келип учурашканы, жөн эле көктөн издегени жерден табылгандай эле болду. Айткандай Бактыбүбү, Бүрай эненин жакын абысынынын тун келини. Жашы алтымыштан ашып, карылык айылына баш багып калган. Анткен менен сөздү эби менен сүйлөгөн, кандай киши болсо дагы тил табыша билген жайы бар. Бүрай эне келгенинин жөнүн сураганда эле билген, жоголгон кызынын сөөгү табылганын билбегенин, азыр дагы куран окулуп жатканын билбей бул жакта өзү менен өзү болуп олтурганын көргөндө, кайсы бир акылмандын айткан сөзүн эстеди. "Кудай кайда болот"- деген суроого ал " кары картаңдардын жана жетим, жезирлердин жанында болот"-деп айткан сөзүнө азыр Бүрай эненин жанында туруп билди. Анткени, кары киши чынында эле кадимки жаш баладай болуп, кишиге кошула да албай калган жайы бар эмеспи. Ооба, Бактыбүбүнүн чоң энеси жүз ашык жаш жашап, каза болгон. Карыганда кудум азыркы Бүрай энедей өзүнөн-өзү эле элден четтеп, сөзгө кошулбай, жалгызсырап калган. Бул жарык дүйнөнүн оюнунан четтегендеги белги экени жашоонун мыйзамы эмей. Бактыбүбү атайын эрмек болуш үчүн сөз козгоду:-Эне, эмнени эле ойлоп олтурасыз?-деди эле, кайран эне эч токтоосуз:-Баягы жоголгон Маржанымдын азабын тартып, анын аман келишин тилеп олтурам. Кайран кызым, ченебегендей жакшы кыз эмес беле. Жок дегенде анын бар жогунун дайынын билим анан жаным үзүлсө гана. Кечээ жатып көзүм илинип кетсе, кызым үйгө келип жатыптыр, өңүнөн азып калган экен. Бирок, баягысындай эле мага эркелеп, мойнума асылат. Келчү учуру болуп калса керек. Бул сөздү укканда Батыбүбү ичинен гана түтөп, көзүнө келген жашты билгизбей жеңи менен сүртүп:-Ай, эне, дагы эле үмүтүңүздү ал кызыңыздан үзө элексизби? Канча жыл болду анын дайынсыз жоголгонуна, эми ал кызды ойлой бербей өзүңүзгө карасаңыз боло. Карачы, баягыдан өңүң дагы азып, карый түшүптүрсүз:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ок, кантет! Кой антип айтпа, кызымдын келчү кезине аз калды. Мен анын жүзүн көрүп анан жаным үзүлсө, эч арманым жок. Экинчи алигидей бей тартип сөзүңдү кулагыма угузба!-деп, бырыш баскан колун өйдө көтөрүп кесеп койду. Бактыбүбү ката сөз сүйлөп алганына өкүнүп:-Кечирип коюңуз мени. И, баса, баягы сиздин колуңуздан түшпөгөн шакектериңиз кайда?-деп эч сыр бербей суроо салды эле , эне байкуш арык ичке колун көргөзүп:-Аларды эми кантип тагынат элем. Кайын энем берген шакекти "жоготпой сактап жүр"- деп, Маржаныма бердим эле. Ал шакек канча жылды карытты, аны эч ким билбейт. Ал эми калган шакектерим катылуу бойдон турат. Маржаным келип калса өз колуна тапшырып берем. Айтмакчы, илгерки зергерлердин колунун жасалган буюмдардын сапаты абдан жакшы. Ал кездеги адамдар дагы тартиптүү эле. Азыр жанагы ачкыл сууну жутуп алышып эле, кылжыйып мас болуп жүргөн эле киши. Ушул кантип болсун. Тиги дүйнөгө таза, даарат менен барган лазим. Анан арак ичип алышып эле, уктап жатып кете берген болбогон иш эмеспи. Бактыбүбү сөз узарып баратканда шашкан түр көргөзүп:-Болуптур анда, мен кетейин үйдөгүлөр күтүп калышты го-деди эле Бүрай эне кабагы салыңкы:-Үйгө кирип даам сызып кет. Эртеден бери эле кымкуут болуп жатышат, деги эмне эле кылып жаткандарын дагы айтышпайт. Мага эми баары бир эмеспи. Алардын ишине кийлигишкен менен, азыр сөзүм өтпөй калбадыбы. "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы"- дегендей, азыркынын жаштары катуу чыгып, биз минтип толкун жээкке сүрүп салган чамындыдай чете калдык. Бактыбүбү ар бир айтылган сөзгө терең маани берип, бир кезде өзү дагы азыркы кудум Бүрай энедей четке кагылып калчу кеске аз калганына ичинен сызып өкүнүп алды да, олтурган ордунан туруп:-Эне! Макул анда мен барайын. Буйруса эртеңдерден келип сизге эрмек болуп, жаныңызга олтуруп кетем. Азыр азыраак иштер бар эле ,деп шылтоо айткан болду эле, Бүрай эне:-Бул жашоодо иш качан бүтчү эле. Мендей болуп карылык башка келгенде гана иштен бошобосоңор, эч качан бошобойсуңар! -деп, басым менен айтып, адатынча күндү карады. Бактыбүбү бери басып келе жатып, көзүнөн куюлган жашты аарчыганга үйлгүрбөй, букулдап ыйлап алды. Ал эмнеге ыйлап келе жатканын эшиктин алдында олтургандар эч түшүнө алышкан жок. Күйөөсү Өмүр:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ой, сага эмне болду деги, тынчылыкпы? !-деди эле, Бактыбүбү бышактап ыйлаганын күчөтүп:-Кантип ыйлабайм, биз бул жакта Маржанды жоктоп куран окутуп жатсаң, Бүрай эне тигил жакта кызынан күдөрүн үзбөй, күтүп олтурат. Байкатпай сурасам, табылган шакекти "Маржаныма бергем, жоготпой тагынып жүр"-деп, деген сөзүн угуп алып, эптеп чыдадым, көз жашымды тыйып. Кайран гана эне ай, анан кантет, эненин тарткан азабын силер, эркектер билбейсиңер! Эми Жусуп сенден өтүнүч, Маржандын каза болгонун апага угузбай эле койгула. Каныш, бир келинден тамак аш берип жиберчи, курсагы деле ачкан чыгар. Билбесе дагы кызына арналып союлган малдын этинен жесин. Үмүт деген неме үзүлмөйүн адам баласы жашоосун улатып жашай берет тура. "Маржанымдын көзүн көрүп, жаным чыкса арманым жок" деп, тилек тилегени эле кантип көзгө жаш алдырбайт. Бактыбүбүнүн ар бир айткан сөзүн угуп тургандардын көзүнө жаш тегеренди, Жусуп дагы букулдап ыйлап алды. Ал эми Каныш эбак эле ыйлаган бойдон ичкери кирип кеткен. Ал эми Акманбек шакектин табылганына ичинен өкүнүп, туура эмес иш кылдым деп капа болуп турганда, Бактыбүбү жанына басып келип:-Сен абдан туура иш кылгансың. Тээ илгертен бери сакталып, муундан-муунга өтүп келген шакекти үйгө алып келгениңе ыракмат. Канча жылдан бери Маржандын тирүү же өлүк экенин билбей жүргөндөн көрө, ачыкка чыкканы дагы бир четинен дурус болду. Сен өзүңдү күнөөлүү сезбе,- деп оюндагыны билип койгонуна таң калып, бир чети Бактыбүбүгө ыраазы болуп турду. Бул күнү куран окутканы келгендер, ооз учунан көңүл айтып, кайгыны тең бөлүшүп кетип жатышты. Бул адам баласынын мойнундагы парзы эмеспи. Кимдин-ким экени жакшылыкта эмес, жамандыкта билинээри анык. Үйгө керээлди күнү кечке келген кишилердин карааны үзүлгөн жок. Бирок, бул окуя дагы такыр теңирден тетири чыгып, кечки автобус менен келген Сапарбайдын шаарда окуган кызы, үйдөгүлөр чогуусу менен жаңы гана кечки тамакка олтурушканда, сырттан кирип келип эле, күтүлбөгөн кабар айтты:-Сүйүнчү! Сүйүнчү бергиле, анан айтам. Үйдөгүлөр таң калып эле калышты. Сүйүнчү айта тургандай төрөй турган келини же кызы деле жок эле, бул үй бүлөөнүн. Башка кандай жакшы кабар айтып келди? - деп, Жусуп баш болгон үйдөгүлөрдүн эстери ооп туруп калганда, Каныш:-Жусуп аба, чоң сүйүнчүгө жыгылдыңыз, Маржан эжем табылды! - деди эле, бул кабарды уккандардын ооздорунан келмелири түшүп, сөзгө келбей эле жалдырап туруп калышты.


БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Бообекти ишине узатып коюп, Сыйнат үйдүн артындагы кичине болуп салынган сарайга баш бакты. Ал бөлмөчө тээ илгертен бери катылып жаткан эскилиги жеткен буюмдарга толгонун көзү чалды да, анан кандайдыр бир күч кайра артка кадам таштаганга мажбур кылды. Ооба, буга дагы үйдүн катылган сырын уккан соң түрткү болдубу ким билет. Эгер, Бообек эч нерсе айтпай кетип калган болсо, дароо эле ал жактагы эски буюмдарды сыртка алып чыкканга шымаланып киришет беле анны айтып болбойт. Сыйнат бөлмөчөдөн алыстап, кетенчиктеп арты менен жылып баратып, чалынып жыгылып кетти да, аялдарга тиешелүү үн менен чаңырып жиберди. Эмнеге антти өзү дагы билбейт. Дароо артын карады эле эч нерсе жок. Бул өзүнүн жоругуна өзү күлүп жиберди, коркконго кош көрүнөт болуп. Ордунан элпек туруп, эч ким уккан жокпу дегенсип эки жакты карады да, анан ажааткана тарапта салынган үстү жабык бастырманы көздөй кадам таштады. Ал жакка эч ким ушуга чейин басып барбагандай, бастырманын алдындагы отундар эле эмес эски темир, буюм-тайымдар көзгө ушундай бир аянычтуу көрүнүп кетти. Каралбаган үйдүн чыныгы ээси табылбагандай, кадимкидей жетимсирей түшкөнүн билип, ал жакка жакшылап көз жүгүрттү. Ооба, бир кезде бул буюмдарды үйдү салган киши ак эмгек менен чогулткандай элес берип, Сыйнат акырындан кадамын алдыга таштап жакындай баштады. Эскилиги жеткен буюмдарды чаң эле эмес желе дагы басып, көзгө сүрдүү көрүнүп, кандайдыр бир нерсе өзүн карап тургансып, Сыйнат кайра артка кетенчиктеди. Бул үйгө али байыр ала электен белги берип, чоочун адамдай буюмдарга колун тийгизе алган жок. Бери басып келе жатып тамдын үстүн көзү чалды. Ал жактан өзүн бирөө карап тургандай денеси ичиркенип алды. Бирок эч нерсени көрө алган жок. Аңгыча эле кошунанын үйү тарапка көзү бурулуп, өзүн карап турган алиги ээгин сакал баскан татар абышканы көрө коюп, уялып кетти. Эмнеге уялды өзү дагы билбей, шашыла басып үйгө киргенче шашты. Ал турсун аны менен учурашканга дагы жараган жок. Бул айылдык келиндин түркөйлүгүнө татар карыя таң калып калды. Бир чети Каимжанга дагы жакшы болду. Анткени Бообектер көчүп келгенге чейин бул үй тарап көзүнө суук көрүнүп, карагандан жазганып дагы турчу. Анткени өзгөчө түш оогону терс энергия, жат көрүнүш Каимжанды эле эмес, үй бүлөөсүн дагы сестентип, кеч киргени үй тарапты карамак турсун, бул үйдү эстеринен чыгарганга аракет кылышчу эле. Ал эми азыр эч тартынбай үй менен чектеш зым менен тосулган жерден караганга өтүшкөн. Сыйнатты көрүп эле, аны Бообектин аялы экенин билип, Каимжан кобуранып алды "үй бүлөөсү келген турбайбы" -деп. Негизи эле кошунанын жакшысы кимге эле жаман болсун. Баарынан дагы Бообектин мал союп, аз болсо дагы элди чакырып, тамак бергенине Каимжандын ичи жылып, көңүлү имерилип калган. Андан дагы алиги бир эмес эки адамдын сөөгү табылганы жеке эле
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Каимжанды эмес, болгон бул аймакта жашаган элдин көңүлүнүн тереңинен орун алып, Бообекти жөн эле жоо сайып келген баатырдай кыйын сезип калышканы дагы бар. Мындай окуя ооздон-оозго айтылганда сөзгө-сөз кошулуп, апыртып айтылышы турган иш эмеспи.Сыйнат үйгө кирип балдары жаткан үйгө баш бакса, эки баласы жөн эле жайлоонун төрүндө жаткансып, жуурканды тээп салышып, чалкасынан түшүп жаткан экен. Дароо оюна "өз үй, өлөң төшөк деген ушул"-деп кобуранып алды да, балдарынын жанына кыйшая жатып ойго батты. Оюнун учкуну "үйдү кантип тазалоо керек" деген гана максатта болду. Ушул жашка келгени азыркыдай таттуу кыялга батып, келечек үчүн мындай таттуу ойлорду ойлобосо керек. Адам баласы жашоодогу алгачкы жетишкендиктерге жеткенде кандай гана таттуу кыялга батары анык. Ар нерсени ойлоп жатып көзү илинип кеткен Сыйнат, мемиреп уктап жатканда улуу баласы аны ойготту:-Апа, турчу, сизди эшикте бир киши чакырып жатат-деп. Сыйнат дароо башын көтөрүп, уйкусуроонун арасында:-Ал ким экен?-деп ордунан козголуп, ошондо гана билди жаңы үйдө жатканын. Баласы ийнин куушуруп:-Апа, аны мен кайдан билип коюптурмун. Сизди күтүп калды?-дегенде гана Сыйнат элпек кыймылы менен ордунан туруп, сыртка чыкты. Эшиктин алдында орто бойлуу, кара тору, жашы элүүгө чыгып калган Кубат деген киши күтүп турган болучу. Алгач Кубат оозунуп салам айтты да анан:-Үйдүн кожоюну кайда?-деди, өзүн сыпаа тутуп: Сыйнат чоочун кишиден чоочуркап, уялыңкы түр менен карап:-Ишине кеткен эле, эмне ишиңиз бар келсе айтып коюм-деди, Кубат үй тарапка көз жүгүртүп:-Качан келип калат, кап өзүнө жолуксам болбойт беле деп маанилиүү иши бар адамдай кабатырланды эле, Сыйнат:-Кечинде келет, ага жолугам десеңиз Ош базарына барсаңыз болот, кийим кече саткан жагынан таба аласыз. Кубат кабагы салыңкы:-Үйдү канча болду сатып алганыңарга? -деп кайра башка суроо жаңыртты эле Сыйнат өзүн эркин сезип, баштагыдай чоочуркалабайгандай түр менен карап:-Эки жумага жакындап калды-деп, башка кандай сурооңуз бар дегенсип тигилди эле Кубат өзүн ыңгайсыз сезип:-Анда мен кечинде убакыт таап басып келип, жолдошуңуз менен жолугуп кетейинчи деп, сөзүн кыска бүтүрүп, артка кадам таштады. Сыйнат узата карап, бир нерсе айта албай кеткенине ичинен түйшөлүп алды. Анткени Кубат үйдү ушундай бир башкача көз караш менен карап, ичинен эзилгенин жана сөзгө мокок экенин билгизип, бир нерсени айта албай кеткенин Сыйнат билип койгон үчүн аны аянычтуу карап туруп, анан ичкери кирди. Бул кезде улуу баласы эбак ажааткана тараптагы кичинекей бөлмөчөнүн ичиндеги эски буюм теримдерди бери жакка алып чыгып карап жаткан болучу. Аны көрүп Сыйнат өзү даап бара албаган нерсеге уулу эбак барып, ал турсун ичин чачып жатканына таң калып эле карап калды. Бир кезде уулу апасына карап:-Апа. Бул жакта абдан жакшы буюм теримдер бар экен, бирок желе басып, эскирип калыптыр деп, эски дат баскан чынжырды жана мык сууругуч өңдүү буюмдарды бери ыргытып жатып, үнүн катуу чыгарып:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Апа! ?-деп секирип бери чыкты. Сыйнат дагы эмне болуп кетти деп чочуп уулуна карады эле Айжигит:-Апа, тиги жакта мешокко оролуп бир нерсенин сөөгү катылуу экен!-деди күч менен. Сыйнат бул сөздү укканда денесин калтырак басып:-Балам, ал жакка басып барба, мен базарга барып атаңды таап келейин, ага чейин Нуржигит экөөң үйдө чыкпай тургула деп айтты да, анан кайра дароо бул оюнан кайтып:-Мен базарга барам деп адашып кетпейминби? -деп суроо берип алып ордунан жылбай туруп калды. Чынында эле шаарга биринчи жолу келиши. Мектепти бүтүрүп "окууга келем" деп дегдеп жүргөн кезинде Бообек ала качып алып,анан бала басты болуп окуганды койдум, абышка менен кемпирдин кызматына өтүп, шаарга келе албай калган. Шаарды койдум Оштун өзүнө саналуу эле жолу келбесе, айылдан алыска чыкканы ушул. Эгер кайран союз тарабаган болсо, Бообек колхоздун тракторун айдап жүрмөк дагы, шаарга келүү түштөрүнө да кирмек эмес. Сыйнат "эми эмне кылсам болот" деген ойду ушунчалык чукул ойлоп, санаа менен алектенип жатып үйгө киргенин да билбей калды. Корккондо адам баласы эмне кылып жатканын билбей дагы калат эмеспи. Сыйнат үйдүн ичинде эле ары-бери басып, канча убакыт өткөргөнүн таназар алган жок. Бир кезде оңдой берди болуп эшик кагылып, сырттан Өскөнаалы келип калды. Аны көргөндө Сыйнат ушундай бир болуп көрбөгөндөй сүйүндү,адашып жүрүп жол таап алган адамдай. Ал-акыбалды сурашкан соң, Сыйнат чайнекке чай койду да анан сөз кезегин келтирип, болгон окуяны айтты. Өскөнаалы сөздү аягына чейин угуп болуп анан:-Кана, кайдан көрдүңөр, ал мешоктогу сөөктү!?- деп,сыртка кадам таштады. Сыйнат жөн эле чоң ачылыш ачканы жаткан окмуштуудай жан алы калбай түшүндүрүп, анан мешок катылган жерди көргөздү. Өскөнаалы эч нерсенден коркпой эле барып мешокту бери алып чыгып, жерге төктү да:-Бул малдын сөөгү экен. Мурунку ээси малды уурдап келип союп, териси менен каткандагы амалы турбайбы. Я, Сыйнат, муну өзүң деле байкасаң болмок экен?-деп, күнөө коё карады эле, Сыйнаттын жүзүнө күлкү аралап:-Аны кайдан билип коюптурмун. Муну билсем эч нерседен коркпойт элем да. Баса, сен барда бул жакты дагы карап алалычы, жана эртең менен коркуп жакын келе албай койдум эле деп, бери жактагы кичинекей бөлмөнү көргөздү. Өскөнаалы өзүн кыйын сездиби же малдын сөөгүн тапкангабы бул жолу кыймылы шайдоот тартып, бөлмөгө башбагып карап, денеси ичиркенип кетти, бирөө карап тургансып. Негизи эле адам баласынын жүрөгү бир нерсени сезет эмеспи,Өскөнаалынын дагы корккондой жүрөгү бат-бат согуп, эмнегедир денесин майда калтырак басып, көп нерсени ойлогонго жетишти. Бир жагынан аяшы жана эки аяш уулунун карап турганы демине-дем берип, бөлмөнү сыдыра карап:-Сыйнат, бул жакта эч нерсе деле жок экен. Бул бөлмөнү Бообек өзү карап чыгып, өзү жыйнаштырганы эле оң. Чынын айтканда бул жакка канча жылдан бери адам баласы кирбегенгеби, эмнегедир көзгө сүрдүү анан коркунучтуу көрүнөт экен. Силер Бообексиз бул жакка кирбегиле, эгер тилди албасаңар жаман болот!-деп эки балага карап айтты. Бул айтылган сөз менен эле Сыйнат бир нерсени түшүнүп, башын ийкеп:.....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

- Сен абдан туура сөз айттың. Алгач үйдүн ээси көнүшүп алгандан кийин гана жыйнаштырганы оң-деп, Өскөнаалынын сөзүн оңдогон болду да, анан:-Жүрү үйгө кир, чай кайнап калган чыгар-деп, сөздү башкага бурган болду. Чынында эле Өскөнаалы ал бөлмөдөн кадимкидей сестенди, бирөө карап тургансып. Бирок ал эмне экенин ачык биле албай, дагы бир сырдын түйүнү катылып жатканын билип, чай алдыга келгенде:-Сыйнат, эртең Бообек ишине барбай эле койсун. Экөөбүз тиги бөлмөнүн ичинде катылган сырдын түйүнүн чечпесек болбой калды-деп, сөзүнүн аягын табышмактантып бүтүрүп, сөздү башкага бурду:-Айылда кандай жаңылык бар?-деп. Сыйнат чайдан ууртап:-Эч деле жаңылык жок. Баягы айылдын эң сакалдуусу Асанбай карыя жүзгө чыгып, балдары той берди. Негизи эле адам баласына өтө карыган деле болбойт экен. Колдон келсе бала-бакырага бактырбай сөөлөттүү карып,басып- туруп, оорубай-сыктабай сый менен эле узап кеткен жакшы экен. Байкуш карыя жолуккан адамдардан качып калган "мен али тирүүмүн" -деп. Бойго жеткен карадалы кыздар уялат го "али турмушка чыга элекмин"деп. Так эле ошондой болуп кайран карыя жүзгө чыкканы менен курдаштарынын артында калганына өкүнүп, той бергенге каршы болду, бирок колунда бар балдары атасынын тилин алышкан жок. Аны өзүң эле байкасаң, ал кишинин улуу кызы сексенге чыгыптыр, ал эми улуу баласы жетимиш жетиде экен. Тойду небере-чөбөрөлөрү көтөрүп, улак тартырып той беришти да, карыяга суусар тебетей кийгизип, ак боз атка мингизишти. Баланын жакшы чыкканы ушул эмей… Өскөнаалы айтылган сөздү угуп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Чын эле Асанбай карыя качанкы киши, мен бала кезде эле абышка болучу, азыр анын баласы Бекташ абышка болуп карыды. Сен айткандай бул жарык дүйнөдө болгон ашыкча нерсенин баары зыян. Мисалы, аракты көп ичип алгандар эмне болуп элден чыгып калганын билбей калышат экен, ал эми ашыкча оокаттын дагы зыяны тийбей койбойт. Сен айткандай ашыкча көп жашап карыган дагы адамды тажатып жиберет тура. Менин бир чоң кайын энем бар. Жашы токсондон ашты. Азыр үйдөн чыга албай калган. Кадимки жаш баладай кээде таарынып калат. Көрсө адам баласы карыганда жаш баладай эле болуп калат тура. Тиги Асанбай карыя дагы жакшы, жашы жүзгө чыкса дагы акылы тунук бойдон го. Мен былтыр айылга барганда эшигинин алдында олтурган экен. Салам айтсам мени дароо эле тааныды "Болоттун баласысыңбы" деп . Карачы илгерки кишилердин сөөгү таза, акылы кандай тунук. Биз ал кишидей болуп жүзгө чыксак эмне болобуз аны так айтып болбойт. Мен бала кезде Асанбай карыя кымызды укмуш иччү. Бир жолу өзү теңдүү курдаштары менен мелдеше кетип кымыз ичүү жагынан алдына киши салган эмес. Ошондо абдан таң калып калгам. Сөз-сөзгө уланып, Өскөнаалы кеминде үйдө эки сааттай убактысын коротту да, анан үйүнө кетти. Ал кеткенден кийин Сыйнат үй ичин ирээтеп, сыртка чыккан деле жок. Эки уулуна катуу эскертти "эч нерсеге тийбегиле" деп. Кечинде Бообектен мурда алиги издеп келген Кубат биринчи келип, эшиктин алдында күтүп калды. Бообек келгенде эле алдынан утурлап чыгып, салам айтты да анан алгачкы суроосун берди:-Бообек, сен бул үйдөгү сырдуу көрүнүнштү кантип жеңип, үйдү кантип өзүңө багындырып алдың? Мен дагы бир кезде бул үйдү сатып алып, болгону бир гана саат туруп, анан сатканча шашкан болчумун. Билесиңби,сага чейин канчалаган кишилер бул үйдү сатып алышып, кайра сатканча шашканын. Бообек, сырттан эле үйдөгүлөрүнө билгизбей болгон ишти болгондой айтып түшүндүрүп бергенде, Кубат башын мыкчып:-Кап, менин оюма бул иш эмнеге келген жок. Мен сен жөнүндө угуп, "өз оозуңдан дагы бир жолу угайынчы" деп келген болчумун. Азыр мен эки көчө ылдый жакта жашайм. И, баса сага айтып койсом деген элем. Тиги үйдүн артындагы бөлмөчөдө, жыландар байыр алган. Сен суук түшүп, жыландар ийиндерине кирген кезде ал бөлмөнү жакшылап карап чык. Балким баалуу буюм катылган болуш керек. Дегеним, жыландар алтын өңдүү баалуу буюмдар катылган жерди байыр алат эмеспи. Азамат экенсиң, акыры үйдөгү сырдуу окуянын аягына чыгып, баарынын аягына чекит койгонуңа мен ыраазымын. Мен эле эмес, болгон бул аймакта жашагандар сага ыраазы. Канчалаган кишилер түнү өтүп баратышып, корку сезимге кабылышты. Бул жерден керек болсо жалгыз-жарым киши өтө албай калган болучу. Кой, мен анда кетейин, жана сен жокто келип кеткем. Баарын өз оозуңдан уккум келген үчүн эле келгем деп, Кубат жылуу коштошуп жолуна түшкөндө, Бообек анын айткан сөзү менен билди, чоң сооп иш кылганын. Астананы аттаганда эле эки уулу тосуп чыкты. Анан аялы болгон ишти кечки тамакка олтурганда айты эле, Бообек эч нерсе укпагандай мамиле жасап:-Андан эч корпогула. Ал жакта жыландар жашайт. Азыр силер ал жакка барбагыла. Суук түшсүн,анан өзүм баарын бир баштан жайына коём. Аны коюп ал жакка ак чачып койгон оң-деп, Бообек сыр каткан адамдай сөзүнүн аягын чолок бүтүрүп, башка сөзгө өттү.-Алиги малдын сөөгүн алыс алып барып көөмп салыш керек болучу. Аны эмне сактап турасыңар? Азыр мен аны жок кылып келейин. Билесиңерби ошондой нерсенин баары үйгө терс сапатын жана терс таасирин тийгизе берет. Мен эртең үйдө болом. Баарын эки уулум менен тазалайм, үйдү сен акилеп чык. Бүрсүгүнү жүк келет экен. Айыл менен сүйлөштүм. Жүктү,Алманбет байкеге салышыптыр. Ал киши шаардан мебель алып кеткени келет имиш. Кыскасы, көп эле корко бербегиле. Эгер сырттан киши келсе, менсиз эч нерсеге жооп бербегендей болгула-деп катуу эскертти да, анан тамакты шашыла ичип, сыртка чыгып, мешокту көздөй басты, аны үйдөн алыс ыргытып жиберүү үчүн. Бул кезде сыртты караңгылык каптап калган болучу. Бообек мешокко жакын келе жатып чердак жактан өзүн карап турган бир нерсени байкады. Дароо ал жакты карады эле көзүнө эч нерсе көрүнгөн жок. Бул жерден өзүн колго алып, мешокко жакындап келип аны сүйрөп сыртка алып жөнөдү. Качан гана үйдөн алыстаган соң өзүн жеңил сезип, чердакта дагы бир нерсе катылганбы деп ойлоп койду. Эртең менен эрте турган Бообек шаты менен чердака чыгып көрдү бирок, эч нерсени деле байкай алган жок. Анткен менен жүрөгү бир нерсени сезип, төр жактагы бурчка кадам таштады. Ал жакка жакындаган сайын эки буту өзүнөн-өзү калчылдап, корку сезими байкалды. Чынында эле ал жакта өзү күтпөгөндөй окуя күтүп турган болучу.


БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Aizurok   02 Февраль 2015 - 23:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Маржадын тирүү экенин уккан үйдөгүлөр нес болуп эле туруп калышты. Анан кантет. Бүгүн эле аны өлдү деп табышып, куран окутушпады беле. Бул эч кандай ойго келбеген иш. Кыздын жоголгонуна он жылдан ашса, анан анын колунда тагынып жүргөн шакек тигинтип жансыз дененин колунан табылып жатса, анан минтип анын тирүү экенин айтып, Сапарбайдын кызы Айгүл сүйүнчү доолап турганы баам салган кишиге түш көрүп жаткан эле адамдай таасир берди үйдөгүлөргө. Алгач оозунуп Каныш:-Ай, Айгүл, деги түшүндүрүп айтчы байболгур, сен Маржандын тирүү экенин кантип билдиң жана сага ким айтты!? Айгүл бир нерседен шек алып, баштагыдай шашпай, өзүн токто кармап:-Каныш апа, мен эмнеге калп айтат элем. Мага шаардагы эжем айылга кетээримди билип, эртең менен автобуска түшүп жатканымда атайын келип айтты, "Сүйүнчүлөп кой, Маржан табылды, Жусуп байкем менен Каныш жеңем менин үйүмө эч токтоосуз келсин"деп. Менин баамымда Маржан эже анын үйүндөбү деп калдым. Кыскасы, мени сиздер туура түшүнүңүздөр деп, Айгүл башка сөз айта албай эле туруп калды эле Жусуп:-Айгүл, эгер Маржан чын эле табылып калса сүйүнчүңө бир кой ал. Ылайым сенин айтканың туура болуп калса экен!-деп, башка сөз айта албай туруп калды. Анан эмне кылат. Бул баам салып караган кишиге эмне деген чоң бакыт. Айгүл үйдөн чыгып кетээрде ага эскертти: -Айгүл, азырынча сен бул жаңылыкты эч кимге айтпай коё тур, сенден өтүнүч. Анткени биз бүгүн эле Маржанды жоктоп ага куран окуттук эле, эл чакырып. Бул сөздү укканда Айгүл ыңгайсыз абалда калды да анан:-Макул, мен эч кимге айтпайм деп, убада берип сыртка чыкты. Анан Жусуп алгач эле Акманбекке кайрылды:-Акманбек, сен тез барып Дүйшөн байкеңди чакырып кел, бирок ага эч нерсе айтпа. Ал макул болсо биз анын машинасы менен түнү жолго чыгалы. Эгер чындап эле Маржан табылып калса, анда чоң той беребиз-деп, ойлогон оюн ортого салып салды. Каныш бул сунушту туура көрүп:-Акманбек сен тез келип кал! И, баса, жеңеди кошо ала келсин. Азырынча экөөнөн башка эч кимдин укпаганы эле туура. Бүгүн эле минтип куран окутсак, анан кайра кызыбыз табылды деп, жар салганыбыз өтө эле одоно иш болуп калат го… деди. Бул сунуш дагы учурунда абдан туура айтылды. Дүйшөндөр келгенге чейин Жусуп менен Каныш өз алдыларынча да ой жүгүртүп көрүштү. Бирок, ушул убакытка чейин Маржан тирүү болсо "анда эмнеге кабарын билгизбей жүрдү" деп дагы ойду ойлошту. Качан гана Дүйшөндөр келишкенде өз алдынча талкуунун аягына чыгышты да, негизги сөз өтүштү. Бир саат илгери эле кетишкен Дүйшөн менен Анипа болгон окуяны угуп алышып, алар дагы таң калып эле калышты. Бул ойго келбеген окуя кимди болбосун таң калтырбай койбойт. Анипа угуп болуп эле:-Анда шакекти ким тагынып жүргөн болот?-деп сурап жиберди. Бул суроого эч ким ылайыктуу жооп таба алган жок. Ары кетип, бери кетип акыры түнү менен бешөө жолго чыгышмай болушту. Алгач Сапарбайдын үйүнө барышты да, Айгүлдү чакырып алышып, Айжандын үйүнүн дарегин алышты,анан "түн бакырдыкы" деп жолго чыгышты. Жолдо ката Жусуп жол кыскартайын деген ойдо сөз баштаган болду.-Тээ илгери дегенде эле Каныш: -Баягы бүтпөгөн жомокторуңду баштадыңбы? -деп, сөз менен чымчып өттү эле Жусуп сүйлөп келе жаткан сөзүн токтотуп, унчукпай калганда Дүйшөн:-Я, жеңе, күнөөнүн баары эле сизде турбайбы. Болбогон жерден эле байкемди кагып-силке берет экенсиз. Узун жолду кыскартып кобурап берсе сизге жаман болсо, мага жакшы эле болмок. Азыр силер жыргап уктайсыңар, мен болсо жолду карайм. Бул айтылган сөз Жусупка жакты, бирок Канышка жаккан жок:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 00:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Анын эмнеси бар экен. Байкеңди сен аябай эле кой! Билем ал эмнени айтаарын. Аны коюп биз кыздын табылышы чын болуп калса, эмне кылабыз ошол жөнүндө кеп учугун уласак болот эле деп, сөздү башкага бурду. Негизи эле Каныш сыртынан сыр бербегени менен тили уу, сөз жебеген аял экенин Дүйшөн ушул жолу дагы бир жолу байкап, кабагы бүркө жооп берди:-Аны кыз табылып калса, кеңешип анан иш кылалы. Балким турмушка чыккан чыгар, ким билет. Ушунча жыл дайынсыз жоголгонуна караганда сырт жака эле бирөө ала качып кеткен болуш керек. Аны эми өзүнө жолукканда так маалымат албасак, азыр эч нерсе деп айта албайбыз. Бул айтылган сөздү Каныш жактыра берген жок. Ортодо бир топко сөз үзүлүп, машина асфальт жолдо зуулдап бара жатты. Каршы чаккан машиналардын жарыгы эле тоскоол болбосо, тынчтык өз өкүмүн жүргүзүп, салондун артынан орун алган үчөө уйкуга баш коюшту. Сөз кезеги келгенде Дүйшөн:-Я,байке, жанагы айтып келе жаткан сөзүңүздү улабайсызбы. Негизи эле мен сөздү бөлгөн кишини сыйлабайм. Бул айтылган сөз менен Жусуп сөзгө келди:-Туура айтасың. Тээ илгертен бери эле сөз бөлүнгөндү улуу инсандар эле эмес карапайым калк жакшы көрбөйт. Ооба, илгери эркек сөз сүйлөп жатканда аял киши сөздү бөлмөк турсун, сөз укканга араң жарачу эле. Жанагы башы таз ажо келгени "демократия" -дегенди бетке кармап жатып, анын кесепети болгону аялдарга эле жакшы болду. Жыйналыш болсо деле аял катышып, сөз сүйлөгөн болот. Бир кезде аялы жок эле баарын эркектер чечип койчу эле, азыр аялдарсыз эч нерсе чечилбей калды көрүнөт. "Алы жок иттин үнү заар"-деп айтылгандай, чын эле азыр аялдардын үнү өктөм чыгып калды. Мен жеңеңе теңелгим келбейт. Ага теңелсем өзүмдүн эле аброюма шек келтирип аламбы деп корком. Азыр келинден гана жазганып, үн деген жокмун. Алыс жолдо баратканда тынч баралы деп, оң колумдун ачуусун сол колум менен басып, араң эле турдум. Дагы бир эле ашыкча сөз сүйлөгөн болсо машинаны токтотуп, түшүрүп салмакмын. Мага Чынгыз хандын амалы абдан жагат. "Каар заман"-деген китепти окусаң, ошондо баары жакшы жазылган. Чыңгыз хан эмне деген гана азаптарды башынан өткөргөн. Ал тарткан азаптын бир үзүмүн тартсак, биз бул жашоодон кечип кетебиз. Уктуң беле тиги ылдыйкы айылда башкарма болуп иштеген Байтемир карыянын башынан өткөргөн окуяны. Дүйшөн башын чайкап:-Жок, эмне болуптур деп кызыгуусу арта жооп берди эле Жусуп:-Ал киши согуш учурунда немистерге пленге түшүп калат. Анан немистер аларды Германияга жиберет. Ал жактан Байтемир карыя немистердин жылкысын багып иштейт. Ошондо немистер "адам баласы ачка канча күн чыдайт"-деп тажырыйбаны ошол Байтемир карыядан баштайт. Чиркин киши ошондо даана жашоо менен күрөшүп, жылкыны сууга жетелеп барганда жыгылып кетпеш үчүн аттын жалын карма алат да, келгенден кийин жылкыларга жемди ашыгы менен берип, анан жылкы чычканда анын заңынан арпаны терип алып, тазалап сууга жууп жеп жанын аман алып калат. Ошончо кыйынчылыкка чыдап келип анан айылда башкарма болуп иштеп, азыр кадырлуу карыя болуп карылык сөөлөт күтүп үйүндө олтурат. Ал эми азыркылар кичине эле кыйынчылык болсо, ичимдикке берилип кеткендер болуп жатпайбы. Бул эми жашоо менен күрөшкөндүккө жатабы, өзүң эле калыс ой жүгүртүп көр. Дүйшөн бул окуяны укканда таң калып:-Жанагы эле баласы аким болгон Байтемир карыяны айтып жатасызбы?-деп сурады эле Жусуп:-Ооба, ал киши менен сүйлөшсөң абдан сабаттуу анан улуу сөздөрдү жакшы сүйлөп берет. Өткөндө ал киши мени атайын үйүнө чакыртып жибериптир. Эмнеге чакыртты болду экен?-деп барсам, эски киши да. Сөз кезегин келтирип, мага көңүл айтты. Андан дагы атайын мага арнап тамак жасатып коюптур. Кызымдын жоголгонун угуп алып абдан капа болуп, өз оюн айтып мени сабырдуулукка чакырды. Андай кишилер чынын айтканда аз. Ал киши бул жашоодо жакшы жетишкендиктерге жетишти. Эми тиги дүйнөгө сапар тартса, мага окшогон көңүл алган адамдар кантип аны эстебейт. Ал кишинин бийик сапатын мен абдан баалайм. Ал эми жанагы молдо болуп жүргөн немелерди биз кайсы жакшы сапаты менен эстейт элек. Өткөндө Ракым молдо тили-тилине тийбей шарият айтып жатат. Бирок, өзү айткан сөздөрдүн бир эле пайызын аткарып койсо анда сөз башка эле. Акыл айтып койгондон өткөн оңой эмне бар. Азыр мен молдолор менен саясатчылардын бир дагы сөзүнө ишенбейм. Анткени алар тил менен гана иш бүтүрүп келишкен жана иш бүтүрө беришет. Дүйшөн бул айтылган сөздү туура деп башын ийкеп коштоп койду да, анан суроо берди:-Я, байке, Байтемир карыя учурунда кандай башкарма болду эле?-деп. Ушул суроо жетишпей тургансып, суроо учурунда берилгенин Жусуп кыймылы менен билгизип,копшолуп алды да анан:- Ал киши башкарма болуп турганда азыркы чоңдордой болуп алдым-жуттумга, ачкөздүккө барган эмес. Абдан таза иштеди. Ал турсун карызга батып калган колхозду карыздан кутултуп, миллионер колхоз кылган. Анан өз ыктыяры менен иштен бошоп, пенсияга чыкты. Тартипти катуу сактаган, ишке кечигип келген адамды абдан жаман көрчү. Азыр дагы конокко чакырсаң, чакырылган саатта барат, кечикпей. Мына ошондой кишилер ажо болсо жарашат. Сөз-сөзгө уланып, шаарга кирип келгенде Каныш уйкудан ойгонуп:-Кайсы жерге келдик?-деп сураган болду. Бул суроо жөн гана абага айтылгансып жоопсуз калды. Машина айтылган дарекке келгенде,күн алыскы тоонун башынан жаңы гана көтөрүлүп келе жаткан. Бул кезде Айжан таттуу уйкунун кучагында жаткан болучу. Эшиктин кагылган коңгуроосу болбосо үйдөгүлөр таңдын атканын билбей жата беришет беле ким билет......
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 00:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Калганын дагы колум бошогондо жазайын , капа болбой турунуздар, дагы кооп жазыш керек

Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 03 Февраль 2015 - 00:02

БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   03 Февраль 2015 - 00:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Иии журогум чыбабай кети. Кутобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Жолоочу_Aza1992_* 03 Февраль 2015 - 11:00

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

soonun eken kutom ulandisin
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   DaRhaN.   03 Февраль 2015 - 12:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Кызыктуу жериге келди эле,автор кутом эми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 20:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: