Суперстан: Качан күйөөгө тийесиң? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (31 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Качан күйөөгө тийесиң? Фрилансер, журналист Алия Суранованын макаласы.

#1 Пользователь офлайн   aikow92   02 Февраль 2015 - 18:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Эмнеге экенин белгисиз, бирок биздин коомдо кыздарга бир өзгөчө мамиле жасалат. Биз ар дайым бирөөгө пайда алып келип турушубуз керек: тынбай идиш-аяктарды, полду жууп, эркектердин батинкесин, кийимин тазалап, үй-бүлөгө тамак даярдап, бардык нерсеге ийкемдүү болуп, канааттандырып, өз өңү-түсүң менен эстетикалык жагымдуулукту жаратып, жылуулук алып келип, пардаларды жана шейшептерди үтүктөп, биринчи нике кыйылган күндөн тарта ар бир 2 жыл сайын бала төрөп, аларды туура тарбиялап, көңүл ачуу жөнүндө ойлонбой, жакшы эне жана кожейке принциби менен жашап, «үй-бүлөнүн» бакубаттулугу үчүн өз кыялыңды жана жеке кызыкчылыгыңды курмандыкка чалып, отуз жашка чейин жүрө берип, кара далы болуп калбай, эркекке ыңгайсыздык жаратпаш үчүн ашыкча акылдуу көрүнбөй, ошол эле учурда уят болбош үчүн кемпай болбой, кайсы бир тойдо туугандарда кийиттерди туура бөлүштүрүп, күйөөңдүн айласын кетирип күчтүү көрүнбөй, бирок ошол эле маалда үйгө чейин бир колуңда 20 килограмм тамак-ашты, экинчи колуңда баланы көтөргүдөй жашашыбыз керек...



Мунун барын чексиз уланта берсе болот. Жогоруда аталгандын бардыгы туура эмес сүрөттөр жана билдирүүлөр менен социалдык түйүндөрдө, чай үстүндө баса белгиленип келет. Бирок, мен бүгүн көптөгөн курбуларымдын жана эже-сиңдилеримдин тынчын алып келген турмушка чыгуу темасын кеп кылгым келет.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aikow92   02 Февраль 2015 - 18:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Негедир көп өлкөлөрдө, анын ичинде биздин Кыргызстанда дагы турмушка чыгуу маселеси жаш кезинен түйшөлтүп, аялдардын негизги маселесине айланган. Кызды бала кезинен тартып эле «кыз-үйдө болгону конок» деген ойду кулагына куюп, келечекте бирөөнүн үй-бүлөөсүнө берүү үчүн чоңойтуп жатканын айтышат. Көпчүлүк ата-энелер кыздарын аялдамада кийинки спортчуга өткөрүп бере турган олимпиада отундай кылып кайтарып алып жүргөнсүйт. Ошол кийинки спортчу анын күйөөсү (жана анын бардык туугандары). Айтор, кыз ата-энесин уятка калтырбаса экен, алардын бетин жер каратпаса экен, баркын түшүрүп албаса экен, тезирээк турмушка чыкса экен деген эле ойлор...

Жакында менин Америкадагы курбум: «Эмнеге мен жаңы эле турмушка чыккан кыргыз кыздарын жолуктурганымда, алардын курбулары биринчи эле кезекте: көп ыйлаган жокпу, жаңы үй-бүлөдө азапка түшкөн жокбу деп эле сурай беришет? Эгерде аял күйөөгө тийип жатып ыйлап, кандайдыр бир азапты сезип жатса ал кадыресе көрүнүшпү?», - деп сурады.



Мен ойго баттым, чындыгында эле көпчүлүк учурда «алгачкы мезгилдерде», жаш келин күйөөсүнүн үй-бүлөөсүнө көнгүчө абдан кыйналат. Аны өмүр бою ушул нерсеге даярдагандыктан ал даттанбайт дагы, кыйналып жатканы жөнүндө унчукпайт. Ал тезинен жаңы туугандарынын каалоолорун айттырбай билип, күйөөсүнө жагып, чарбаны ирээттеп, ошол эле учурда активдүү боюнда бүтүп турушу керек. Көп учурда ыраазы болгон күйөө жакшы кожойке жана ишенимдүү болгон аялынын көзүнө чөп сала баштайт. Ал кадамдын себебин талкуулап отургуң келбейт-бардыгы эң жөнөкөй жана үстүртүнөн эле даана көрүнүп турат. Мындай учурда аял эмне кылат? Болгон нерсеге өзүн күнөөлөп, мындан да жакшы болууга аракет кылат.



Анан түшүнүксүз нерселер башталат. Ал турмушка чыга элек курбусуна келет дагы: «Эмнеге дагы эле кара далы болуп жүрөсүң? Жакында отузга чыгасың! Мына мени карасаң, кандай бактылуумун, менин жакшынакай эрим бар, үч балам бар, мен-толук кандуу аялмын, анткени турмушта болуунун жана эне болуунун даамын таттым. Же күйөөң, же балдарың жок сенин жашооң эмне менен толукталып жатат? Боштук менен! Сенин жашооң маанисиз, бош, башаламан, сенин кам көрө турган кишиң жок. Мына мен күйөөмдү өз учурунда таап алып, азы карачы кандай киши болду! А сен болсо алдагындай кол жеткис талаптарың, ар кандай күтүүлөрүң менен бирди көрөсүң го. Жерге түш, жаным! Мурда үйлөнбөгөн, баласы жок күйөөгө тийүү үчүн сен картаңсың. Сага ар кандай катынпоздор же чалдар эле туш болот. Үчүнчүсү болушу мүмкүн эмес. А эгерде андайларды каалабасаң тезинен өзүң үчүн төрөп ал! Убакытың өтүп баратат! Отуздан ашкандан кийин боюңда болтура албайсың, төрөө мүмкүнчүлүгүң чектелет, картайып, тукумсуздукка чалдыгасың- ошондо сенин кимге керегиң бар?!»



Тааныш бекен? Мындайды көп угам. Жашы араң жыйырмадан ашкан, мектепти бүтөөрү менен турмушка чыккан, туугандардын отушутарынан башка жашоодо эч нерсени көрбөгөнү менен өзүн акылман аял сезген, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп, турмушка чыкпагандыгың үчүн гана өзүнөн улуу аялдарга акыл үйрөткөн күйөөдөгү кыздардан угам.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aikow92   02 Февраль 2015 - 18:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Ошондой эле өзүнүн күйөөгө тийе элек тааныштары же коллегалары менен жогорку адептүүлүк туурасында кеп курганды жакшы көргөн эркектер да кездешет. Негедир айланаңдагылар сенин турмушка чыга электигиң жөнүндө өз оюн айтууну кайтарылгыс укугу катары эсептешет.



«Чынын айтчы, жок дегенде жигитиң барбы ? Болбоду дегенде эле аялы бар көңүлдөш таап, боюңа бүтүрүп ал. Болбосо, баласы жок жүрүп өтүп кетесиң. Анан дагы... Сен өтө ачык түстө боеносуң. Арыкташың керек. Кыялданганды токтотуш керек. Кайсы бир ханзаада келип, сага үйлөнөт дегенди токтот. Тегеректе күйөөгө тийе эле 18 жаштагы кыздар толуп турганда сендей аялдардын аларга кереги не? Кыскасы сен түшүндүң да ие? Өзүңү бир «демөөрчү» таап ал да тезинен төрө».



Менин жашоомду билүүгө алардын дагы кандай укуну бар? Менин айыз маалымды билиши керекпи? Же менин ич кийимимди канча жолу алмаштыраарым керекпи? Кээде кишилерге унчукпай койсоң сенин ички дүйнөңө кирип кеткендей сезишет өздөрүн. Өздөрүнүн психотерапиялык сеансын уланткылары келишет.



Эгерде орунсуз маекти токтотуу масатында тамашалап койсо: «тамаша эмес, ыйлаш керек!» деп жооп беришет. Жеке турмушушуңду өзүң билээриңди айтсаң, дайыма жооп бирөө: Мен кандай билээриңди көрүп атам. Ушул жашка чыкканча күйөөң жок же балдарың жок!» дешет. Качан гана мындай сөздөрдөн тажаганыңды айтып, кагып койсоң ага да: «Кыялың менен сенин! Жалаң ушундайыңан сага эч ким үйлөнбөйт! Жумшагыраак болбойсуңбу, эмне эле дароо атырыласың? !» деген жооп кайтарышат.



Эмнегедир дайыма сен күнөөлүүсүң, сенин кыялың, кебете-кешпириң, сенин баалуулуктарың, сенин жашоодогоу максатың, амбицияларың, «кызматчылдыгың», сенин «феминисттигиң», адамдарга болгон мамилең, тарбияң.



Эгерде сен өзүңдү тыкан алып жүрсөң, жакшы кийинсең, спорт менен машыксаң, декоративдүү косметика колдонсоң- «Байкуш, күйөөгө тийиш үчүн эмнени гана кылбайт!», «Сен жасалмадайсың, азыраак боен!», «Сенин курагыңда эмне деген кыска юбка? Барынан үмүтүңдү үздүңбү?» Кокус «чыныгы» көрүнсөң- «Өзүн таштап коюптур, ошол үчүн күйөөгө тийбей жүрөт да!», «Кебетесин кара, жок дегенде юбка кийип, оозун боеп алса болбойбу...»



Эгерде досторуң менен жолуксаң, сүйлөшүүгө кеттиң, эркектер менен таанышып жүрөсүң- «Кичине уялыңкы болуш керек, сенин дайыма отуруштарда жүргөнүң бир да эркекке жакпайт!», «Эгерде үйдө отуруп, жакшы «кожейке» экениңди көрсөтсөң»- «Эч жакка барбай, эч ким менен таанышпасаң, жалгыздыгың да таң калычтуу эмес!»

Эгерде кесиптик ийгиликке жетишсең- «Кызматчыл экен! Эркектер мындайларды сүйбөйт» аз иштей турган болсоң- «Бекерпоз, сага ким үйлөнүп, ким сени баккысы келсин?» Эгер аларга өз күйөөлөрү жасаган мамилеси жакпай турганын айтсаң- «Иий, сен феминистсиңби? Лесбиянка эмессиңби?» дей башташат.





Сенин узак убакыт бою турмушка чыгууга моралдык, эмоционалдык жактан да даяр эмес болгонуңа эч ким ишенейт, анткени, курбуларыман ар кандай коркунучтуу аңгемелерди уккам жана алардын бактысых жүздөрүн да көргөнмүн. Сенин өзүңө туура келбеген кишиге турмушка чыгып алып, жагымдуу сүйүү баянынан, чачыраган тойду өткөргөн 1-2 жылдык турмуштан кийинки ажырашып кетүүдөн коркконуңа эч ким ишенгиси келбейт. Сен жөн гана өзүңө жаккан, түшүнүшкөн жана эртеңки күнгө ишеничтүү бара ала турган кишини табуу ниетиңе эч ишенгилери келишпейт. Балким сен эркектерди, бала-бакыраны каалабайттырсың? Балким сен кыялдарыңды орундатуу менен өзүңдү өстүрүү аркылуу эркиндикке сугарылып жаткандырсың?



Мындай нерсени тамаша ирээтинде да айтууга болбойт-тирүүлөй жеп коюшат. Анткени, кыргыз аялдын күйөөгө тийүү жана дагы күйөөгө тийүү деген бир гана алмаштырылгыс максаты болуш керек.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   aikow92   02 Февраль 2015 - 18:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Эгерде сиз күйөөгө тийе элек жоро-жолдошторуңарды, чогуу иштешкендерди, сиңди-карындаштарынарды какшыктап жүрсөнүз, анда дагы бир ирээт аларга карата адамгерчиликтүү мамиле жасап жатамбы деп ойлонуп көрүңүз. Түшүнсөңүз боло, алар турмушка чыгууга сиздин гана кеңеш жетишпей тургандан улам чыга элек эмес, анан да дароо эле сиз менен сүйлөшкөндөн кийин Бакыт үйүнө чуркап кетпейт. Анын толгон-токой себептери бардыр жана ал себептери менен сизди тааныштырбаса -демек, сизге алардын тийешеси жок.

Бирөөнүн сезимине, көңүлүнө кирип, ички дүйнөсүн аңтарбагылачы. Кээде дал ошол сиздин күйөөңүз сизден жашырынып, сиз теңсинбей, күйөөдө жашаган сонун деп лекция окуган кыздын артынан жүргөн болуп чыгат. Ал эми тиги кыз сизге караганда бир аз сылык-сыпаа болгон учун гана ал окуяны жар салган жок. Балким сиздин турмушту көрүп күйөөгө деле тийгиси келбейт чыгар.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   vankuver.   02 Февраль 2015 - 20:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер


Күйөөгө тийбейсинби? !" деген сөздөн тажаган окшойсуз ээ? ))
Же башкача түшүнүп алдымбы? Ар нерсенин өз убакты келет албетте.





Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Vishenka   03 Февраль 2015 - 04:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 279
  • Катталган: 22 Май 14
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция Анталия

Ушул суроо коп болду мени да тажатып журот...Тезирээк тийбейсинби, торобойсунбу, сени менен тендер 2-3 баланын энеси...ж.у.с создор...Ойлонуп корсом туура эле айтып атышат...Аялзатынын орду уй-було кутуп,очок башында.Аялзаты учун ошол бакыттыр.
Акыркы убакта озумду эркектей эле сезип баратам...Никакой женственности, наздануу,эркелоо, чоюлуп суйлоо сыяктуу сапаттар жок.Бул да болсо балким суйгон адамымдын жоктугунандыр. ..
Кечээ жакында эле апам менен болгон суйлошуум эске тушту
-Кызым деги турмушка чыга турган оюн барбы,журо бербей тийип алсанчы
-Апа коюнузчу ушул создорунузду, дагы баштадынызбы? Пешенеге жазганы да,убакыт сааты келсе тийем да.Анын устуно жаш кезде иштеп,бутума туруп алайын.Эр качпайт эч жакка.70теги кемпирлер тийип атпайбы,ага караганда мен жашмын го,мага да табылаар(дедим тамаша аралаш)
-Аялкишинин тапкан 100 сому-эркектин тапкан 1 сому.Аялкишинин акчасы жугумсуз болот.Тийсен куйоон багат да,соок ката электе тороп алсан жакшы болмок.Тируумдо неберелеримди коруп калсам болмок(деди бышактай)
-50 жаштын кырын жаны ашып,олумду айтпанызчы, сиз жашсыз дедим
Курбу кыздардын качан тиесин деген суроолорунун жадатканын айтпай эле коеюн,кекиртектен болду
Ылайыктуу кандидатура чыкпай атат,чыкса тийип баарынын оозун жаап,мээм сергип отуруп калмакмын)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   rnurzida   03 Февраль 2015 - 04:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

"Качан турмушка чыгасың? Чын эле чыга элексиңби? Жигитиң барбы? А неге жок? Неге сүйлөшпөйсүң? " Бул суроолор баарын эле тажатат. Автор кыз али жаш. Ошентсе да тажатышкан өңдүү. Ар бир адамдын бешенеге жазганы болот да. Жашообуз өз колубузда болсо, баарын жомоктогудай кылып алмакпыз го. Элдерге эч түшүнбөйм. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишип эмне кылат дейм даа. Сөз кылып, сындагандарына болсо сөз жок. Тебетей тегеренгиче эле ошол нерсе өз башына келип калаарын сезишпейт сыягы. Кантсе да бар болушсун . Жалпы кыздарыбызга чыдамкайлык жана сабырдуулук тилейм. Ар бир айтылган сөздү сиңирүүгө аракет жасайлы. Башка айла жок. Анткени, эл оозуна элек тута албайсың. Кудай буйруса, бир күн келип, ошол биз күткөн кыялыбыз да орундалып калаар. Жакшы тилек кылалы. Жакшы ойлор, жакшы пландар менен алдыга гана кадам шилтеп, айтылган (чегинен чыккан сөздөргө) нерв кетирип кайгырбайлы. Кайгырууга арзыбайт.

Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 03 Февраль 2015 - 04:36

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Aygul   03 Февраль 2015 - 09:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Просмотр сообщения Vishenka (03 Февраль 2015 - 03:18) жазган:

Ушул суроо коп болду мени да тажатып журот...Тезирээк тийбейсинби, торобойсунбу, сени менен тендер 2-3 баланын энеси...ж.у.с создор...Ойлонуп корсом туура эле айтып атышат...Аялзатынын орду уй-було кутуп,очок башында.Аялзаты учун ошол бакыттыр.
Акыркы убакта озумду эркектей эле сезип баратам...Никакой женственности, наздануу,эркелоо, чоюлуп суйлоо сыяктуу сапаттар жок.Бул да болсо балким суйгон адамымдын жоктугунандыр. ..
Кечээ жакында эле апам менен болгон суйлошуум эске тушту
-Кызым деги турмушка чыга турган оюн барбы,журо бербей тийип алсанчы
-Апа коюнузчу ушул создорунузду, дагы баштадынызбы? Пешенеге жазганы да,убакыт сааты келсе тийем да.Анын устуно жаш кезде иштеп,бутума туруп алайын.Эр качпайт эч жакка.70теги кемпирлер тийип атпайбы,ага караганда мен жашмын го,мага да табылаар(дедим тамаша аралаш)
-Аялкишинин тапкан 100 сому-эркектин тапкан 1 сому.Аялкишинин акчасы жугумсуз болот.Тийсен куйоон багат да,соок ката электе тороп алсан жакшы болмок.Тируумдо неберелеримди коруп калсам болмок(деди бышактай)
-50 жаштын кырын жаны ашып,олумду айтпанызчы, сиз жашсыз дедим
Курбу кыздардын качан тиесин деген суроолорунун жадатканын айтпай эле коеюн,кекиртектен болду
Ылайыктуу кандидатура чыкпай атат,чыкса тийип баарынын оозун жаап,мээм сергип отуруп калмакмын)))


Тандаган тазга жолугат. Коп эле тандай бербе ш керек. Мумкун ал адам силерден эки эсе артыктыр.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   sister   03 Февраль 2015 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

эч ким албай актанган кеби экен. Мынтип отурса, албетте, кызды куйоо албайт. "эки тоонун башын самаган тулку ачка калыптыр" болуп ойду - тоону суйлоп жатып каарылыгы келгенде эмне дээр экен, бул статьянын автору.

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Sheke-brat   03 Февраль 2015 - 11:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 702
  • Катталган: 11 Январь 15
  • Соңку аракети: 31 Окт 2015 20:21
  • Жынысы:Эркек

Кара кыз, кара кыз качан тойго барабыз? :)
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   aikow92   03 Февраль 2015 - 11:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Просмотр сообщения vankuver. (02 Февраль 2015 - 20:36) жазган:


Күйөөгө тийбейсинби? !" деген сөздөн тажаган окшойсуз ээ? ))
Же башкача түшүнүп алдымбы? Ар нерсенин өз убакты келет албетте.






Эстеп көрсөм качан күйөөгө тийесин дебей калышыптыр))) "Турмушка чык!", "Турмушка чык!", "Турмушка чык!", "Турмушка чык!" деп кыйкыра беришчү, мен да "ЖОК" эле "ЖОК" дечумун анан токтоп калчубуз да 2011-2014-жылдарычы. Азыр ваааще жок. Үн-сөз. Эч ким эч нерсе дебей эле. Молчаниеден коркуп атам. Азыр тынчтыыык. Турмушка чыкпайсынбы дей турган курбуларым, туугандарым черный списокто болгондуктан го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   03 Февраль 2015 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Чын жашоодон ушундай создордон чарчап жалган жашоого кирсем, жалган жашоодо да ошол сыяктуу создор. Быйыл созсуз куйоого тийем, куйоого тиймейинче кутулбайт экенмин терен ойлоп карасам.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ereka   03 Февраль 2015 - 12:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 28 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Май 2021 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Туугандар, жакындар, достор айтса айта беришсин. Адам озу эмне каалап жатканын озунон жакшы башка эч ким билбейт эмеспи. Оздору тандаган жашоосунда жашай берсин, мен алардын жашоосуна киришпей элемин го. А бул жашоону мен озум тандадым, кара далы болуп калсам аны корормун, турмушка чыгып калсам муну корормун, кыскасы, бешенеме жазылганы да. Аял адам учун, эн башкысы уй-було куруу дешет го. Азыр айлананды карасан, ар бир экинчи жаш уй-було ажырашып жатышкан, анан аларды коруп, иштебеген башын да иштеп, акыл калчап калат экенсин (кайра ажырашып алам деп турмушка чыкпайсын да).Уй-було куруп, балалуу болуп, бактылуу болгонго не жетсин ...
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Aijamal_95   03 Февраль 2015 - 12:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 30 Май 14
  • Соңку аракети: 22 Фев 2021 10:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Жалал абад

Vai bul soz maga konumuw bolup kaldy. Okuuda iwte jada kalsa tuugan uruktada owol soz. Mektepti 13 kyz buturduk. Emi bolso boidok 3 ele kyz kalypbyz. Bary ui bulolu aldy 2 den balaluu. Kachan turmuw kurasyn dewse joop daiar DIPLOM alganda.Tuwunboim nege erge erte tiyiw kerek? Okup bilim alyp ak karany taanyganda da tiyse bolotko.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Vishenka   03 Февраль 2015 - 15:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 279
  • Катталган: 22 Май 14
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция Анталия

Просмотр сообщения Aygul (03 Февраль 2015 - 09:34) жазган:

Тандаган тазга жолугат. Коп эле тандай бербе ш керек. Мумкун ал адам силерден эки эсе артыктыр.

Отурган кыз ордун табат,тапканда да зорун табат деп да коюшат.Омур бою жашай турган адамын болгондон кийин албетте тандайсын да,
А дейбиз,бу дейбиз,а бирок тагдырдан качып кутула албайбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   nazinur   03 Февраль 2015 - 15:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 03 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 06:05
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aikow92 (03 Февраль 2015 - 11:40) жазган:

Эстеп көрсөм качан күйөөгө тийесин дебей калышыптыр))) "Турмушка чык!", "Турмушка чык!", "Турмушка чык!", "Турмушка чык!" деп кыйкыра беришчү, мен да "ЖОК" эле "ЖОК" дечумун анан токтоп калчубуз да 2011-2014-жылдарычы. Азыр ваааще жок. Үн-сөз. Эч ким эч нерсе дебей эле. Молчаниеден коркуп атам. Азыр тынчтыыык. Турмушка чыкпайсынбы дей турган курбуларым, туугандарым черный списокто болгондуктан го.

))) сен да мендей болуп калыпсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   nazinur   03 Февраль 2015 - 15:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 03 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 06:05
  • Жынысы:Аялзаты

Мага да мезгилинде айта беришчу ар бир суйлошкон тааныш адамдар, азыр чарчашты окшойт, унчукпай калышты. Же чоноюп калганымабы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Vishenka   03 Февраль 2015 - 15:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 279
  • Катталган: 22 Май 14
  • Соңку аракети: 16 Ноя 2020 16:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Турция Анталия

Просмотр сообщения sister (03 Февраль 2015 - 11:18) жазган:

эч ким албай актанган кеби экен. Мынтип отурса, албетте, кызды куйоо албайт. "эки тоонун башын самаган тулку ачка калыптыр" болуп ойду - тоону суйлоп жатып каарылыгы келгенде эмне дээр экен, бул статьянын автору.

Ар бир адамдын озунун койгон максаттарына, жактырган адамына турмушка чыгууга акысы жокпу?Эл эмне дейт,эл айтып атат деп тийип алып,балалуу болгондон кийин ажырашып кетип аткандар канча?Анда да эл айтат ажырашып тынды деп.Элдин оозунда элек жок,кичиненде бир сындырым нан берип чонойтпогон эл-чонойгондо жашооно аралашканы акылуубу?Ар бир адам озу учун жашайт,бул дуйнодо бир гана ата-энесине карыздар жана ошолордун айткан созун гана угууга милдеттуу.
Ошол айтып аткан элдин арасында 5 баласы менен ажырашып тынгандар,4- аялга уйлонуп,5-куйоосу менен жашагандар, ойнош куткондор,баласынан кечип кеткендер,бага албай ичип кеткендер бар.
Не судите-да не судимы будете,никогда не суди человека за прошлое,не зная своего будущего деген создор бар.Бироону жону жок каралап,бироону ушактаганды койсок,кандай кылсам болот деп ал акыл сурабаса деле акыл уйротконду койсок.(акыркы 2 абзац сизге жазылган жок,озумдун оюмду жаздым)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   aikow92   03 Февраль 2015 - 16:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Просмотр сообщения Vishenka (03 Февраль 2015 - 15:24) жазган:

Отурган кыз ордун табат,тапканда да зорун табат деп да коюшат.Омур бою жашай турган адамын болгондон кийин албетте тандайсын да,
А дейбиз,бу дейбиз,а бирок тагдырдан качып кутула албайбыз.


Мен да бир эки создорду айтып калам.
-Көздүү мончок жерде калбайт.
-Көп жылды жаман күйөөгө арнаганча, Ошол убакытты жакшы күйөө издегенге арнаган жакшы.
-
Азыр свиданиеге деле барбайм дечи, эми былтыры "Жаш курак жогорулаган сайын жигит менен жолугушуу собеседованиеге окшоп калат" болчу)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   sladkaja_konfetka   03 Февраль 2015 - 16:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 363
  • Катталган: 11 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 01 Сен 2020 14:34
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения rnurzida (03 Февраль 2015 - 04:34) жазган:

"Качан турмушка чыгасың? Чын эле чыга элексиңби? Жигитиң барбы? А неге жок? Неге сүйлөшпөйсүң? " Бул суроолор баарын эле тажатат. Автор кыз али жаш. Ошентсе да тажатышкан өңдүү. Ар бир адамдын бешенеге жазганы болот да. Жашообуз өз колубузда болсо, баарын жомоктогудай кылып алмакпыз го. Элдерге эч түшүнбөйм. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишип эмне кылат дейм даа. Сөз кылып, сындагандарына болсо сөз жок. Тебетей тегеренгиче эле ошол нерсе өз башына келип калаарын сезишпейт сыягы. Кантсе да бар болушсун . Жалпы кыздарыбызга чыдамкайлык жана сабырдуулук тилейм. Ар бир айтылган сөздү сиңирүүгө аракет жасайлы. Башка айла жок. Анткени, эл оозуна элек тута албайсың. Кудай буйруса, бир күн келип, ошол биз күткөн кыялыбыз да орундалып калаар. Жакшы тилек кылалы. Жакшы ойлор, жакшы пландар менен алдыга гана кадам шилтеп, айтылган (чегинен чыккан сөздөргө) нерв кетирип кайгырбайлы. Кайгырууга арзыбайт.


"Сабырдуулук" менен "Чыдамкайлык" деген созунуз мага абдан жакты. Ал эми Айкош автор (Суранова) чын эле менин турмушумду суроттоп жазыптыр...

Билдирүүнү түзөткөн: sladkaja_konfetka: 03 Февраль 2015 - 16:59

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (31 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июн 2025 04:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: