Суперстан: Арзан баанын азгырыгы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров

#81 Пользователь офлайн   Bogotik   03 Февраль 2015 - 17:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

jazyn emi

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Адам баласы ар качандан бир качан,бир нерсени алдына ала сезгени менен тобокелге салып койгон учуру болот эмеспи. Бообек коркуп, бир нерсени сезип турса дагы алдыга кадам таштап баратып, ойлонду "Кап Өскөнаалы келгенге чейин күтүп турсам деле болмок экен"-деп, бирок кадамы өзүнөн-өзү алдыга жылып, төрдү көздөй жетелеп баратты. Буга чейин канча жолу чердака чыкты бирок эч байкабаптыр, төрдөгү шлактын алдында катылып жаткан мешокчону. Ага жакындаган сайын кандайдыр бир күч артка түрткөндөй болуп,өзүнөн- өзү жыгылып кетти. Бирок, эмнегедир корку сезими артта калып, Бообек ордунан тура калды да, катылган сырдын түйүнүн билип, артка жылды. Баардык эле нерсе чегингенде душманы күч алат эмеспи. Анысысыңары Бообек дагы артка жылган сайын алиги мешок катылган тараптан кандайдыр бир кара күч, үстөмдүк кылып баратты. Бообек эптеп шатыга жетип, түшүп кеткенче шашты. Качан гана жерге буту тийгенде жашоодон үмүтү жанып, өйдө карамак турсун кара жанын эптеп алып үйгө киргенче шашты. Бул учурда үй бүлөөсү эч нерсени сезбей уктап жатышкан болучу. Бообек кыйшая жаткан калыбында, дагы көп нерсе менен күрөшүү керек экенин моюнга алып "эми эмне кылсам болот"-деп ойлоп, Ысмайыл молдого барып кеңеш суроону эп көрдү. Кантсе дагы санаа баары бир адамдын жанын жай алдырбайт эмеспи. Бир жагынан ички тую сезими кандайдыр бир жакшылыктан белги бергенсип, убакыт алга жылышын жөн туруп эле тилеп жиберди. Жөн туруп эле таттуу кыялга батып, келечектен чоң жетишкендикти үмүт кылды. Канча жатканын билбейт көзү илинип кеткен экен, көзүн ачса үйдө жалгыз жатыптыр, эки баласы менен Сыйнат качан туруп кеткенин билбейт. Ордунан элпек туруп берки үйгө кирсе, алар чай ичип олтурушуптур. Бети колун чайып келип жаңы гана чайга олтурганда, күтүүсүз жерден Өскөнаалы менен аялы Анара кирип келди. Бул экөөнүн келгени үйдөгүлөргө абдан жакшы маанай тартуулап, жылуу учурашкан соң, чогуусу менен тасмал четинен орун алып олтурушканда Бообек сөздү баштады:-Сени келип калат деп күтүп жаткан болчубуз, бирок Анара менен келээриңди билген эмес элек. Сыйнат сен эми тамак жаса. Билесиңби, бул үйдү тазалаганга бул экөөнүн салымы абдан чоң. Мен ыраазымын. Бүгүн экөөңөрдү концертке чакырам, филармонияда чоң концерт болуп жатыптыр деп, ичине каткан сырды төгүп салды. Чынында эле муну эки күн мурда ойлоп койгон болучу. Анара сөзгө кошулду:-Абдан жакшы болот. Канча болду концертке бара элегиме. Сыйнатты дагы алып алганыбыз оң. Бообек куюлган чайды сунуп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ансыз болбойт. Билесиңерби? Сыйнат шаарга биринчи жолу келиши. Айылдан алыс чыгып көргөн эмес. Анан аны таштап кетсек болбой калат го? Сөздү Өскөнаалы алды:-Бообек сен кандай бактылуусуң! Сен эмес мен ыраазымын Сыйнатка. Эч катуу сөз айтпай атаң менен апаңа канча жыл кызмат кылды. Кайын ата менен кайын эненин батасын алган келинди, таштап кетүүнү ойго дагы албаш керек. Мактоо кимге жарашпайт. Сыйнат аз да болсо бир ооз сөз менен эмгеги бааланганына ыраазы болуп, жүзүн нур чайып, сөздү башкага бурган болду:-Өскөнаалы, мен Бообектин досторунан сага гана ыраазымын. Коюн колтук алашып жүргөн айылдагы досторунун дараметин дагы байкадым. Бообек жокто мени алар абдан капа кылышты. Мен сенин жасаган иштериңди угуп алып, сага ыраазы болуп жатам. Бул сырдуу үйдүн сыры менен чырын жеңгениңерди угуп эле экөөңөрдү илгерки баатырлардай кабыл алып олтурам. Өскөнаалы каткырып күлүп, Бообекти далыга чаап:-Карачы, экөөбүздүн дагы эрдигибиз бааланат экен ээ? Ыракмат сага Сыйнат. Аз да болсо көңүлдү көтөрүп койдуң. И, баса, Бообек, үйдүн артындагы бөлмөнү байкадыңбы? Кечээ мен ал жактан бир белгисиз сырдын түйүнүн сезип калып, аны сени менен бирге чечсемби дедим эле. Бообек кош көңүл мамиле жасап:-Ал жак эч нерсе эмес. Эртең менен чердака чыгып аз жерден калдым. Төр жакта мешокко оролгон бир нерсе бар экен. Ошол жактан дагы кандайдыр бир белгисиз күч адамды карап тургансып сезиле берчү болду. Сөздү Сыйнат улады:-Аны мен дагы байкадым. Чын эле чердак жактан бирөө карап турагансып сезиле берет. Өскөнаалы чайдан ууртап:-Анын сырын азыр эле биле коёбуз. Ал эми тиги бөлмөдөгү сыр мени кечээтен бери абдан түйшөлттү . Бообек дагы кош көңүл мамиледе:-Ал жактын сырын мен билем. Суук түшсүн, анан ага дагы сени чакырам. Кечинде үйгө келе жатсам бир киши алдымдан тосуп чыгып, болгон ишти угуп мага абдан ыраазы болду. Көрсө ал дагы бир кезде бул үйдү сатып алып, болгону бир күн жашап, анан чыгып кетиптир. Ошол киши айтты, ал бөлмө жөнүндө. Аны мен сага кийин айтып берем-деди. Сөздөн-сөз чыгып олтуруп, кеминде бир сааттан ашык убакыт өткөндө эки дос үйдөн чыгып, чердака чыкмай болушту. Ушул кезде оңдой берди болуп, Ысмайыл карыя чакырткансып нак учурунда келип калды. Ниети жакшы адам дайыма тамак бышканда же иштин учурунда келет эмеспи. Ысмайыл карыянын келгени өзгөчө Бообекти абдан кубантты. Кайра үйгө киришти да, тасмал четинен орун алышканда Ысмайыл карыя:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ырас үйбүлөөң келип, кабагың ачылып калган тура. Бул жашоонун көркү адам баласы үчүн үйбүлөөнүн толугу. Эгер бир балаң эле алыста болуп, үйдөгүлөрдүн саны кемип калса, ичкен тамак дагы жакшы аш болбойт. Өзгөчө эне үчүн. Мен алгач келгенде эле байкадым, сенин кабагыңдын ачыгынан. Андан дагы тээ илгертен бери айтылган кеп бар "Балалуу үй базар, баласыз үй мазар"-деп. Мен, сенин эки уулуңду тээ алыстан келатып эле байкап, үйүңө үйбүлөөң менен бирге кут келгенин сездим. "Жакшы жар эркектин багы, жаман жар эркектин шору"-деп дагы айтылган кеп бар эмеспи. Азыр өзгөчө шаардагы аялдар үйгө конок келишин жактырышпайт. Ал эми айыл жериндеги аялдар, үйгө киши келсе кабактары ачык, маанайы жарык кабыл алышат. Анткени ырыскы кут элет жеринде. Шаардагы жашоо жеңил болгон үчүн, кичине эле колдору иш кылып калса,шаардын аялдары аны чоң кеп кылып сүйлөшөт. Ошол себептен мен бей чеки айылчылаганды жактыра бербейм. Бул сөз менен эмнени айткым келди. Алгач көргөндө эле сенин келинчегиңдин меймандос экенин, анын ачык кабагынан байкадым. Менин баамымда кайын ата менен кайын эненин кызматын кылып калган көрүнөт-деди, баамчылдыгын билгизип. Бул айтылган сөз өзгөчө Өскөнаалыга абдан жакты. Анткени анын аялы Анаранын үйгө киши келгенде эле кабагы бүркөлө түшкөнүн кантип танып болот. Баятан бери таасын айтылган карыянын сөзү бир эле Сыйнатка эмес, Анарага дагы жакты. Баарынан дагы көптү көргөн киши сөз кезегин келтирип:-Тээ илгери бир бай адам болуптур деп, сөздүн нугун башкага бурганда үй ичи чымын укса угулчудай тынч боло түштү. Карыя бул тынчтыктан пайдаланып сөздү эби менен уккулуктуу кылып айта баштады:-Анан ал байдын жалгыз көзгө басар кызы болгон экен. Кээ бир адамдарга байлыкты бергени менен башка жарды кылып салат. Ал эми кээ бир үйбүлөгө баланы берет, бирок байлыкты алардан тартып салат. Бул жашоонун жазылбаган мыйзамы. Анан байдын кызы дагы бойго жетип, турмушка чыкчуу кези келет. Эч нерседен өксү болбой өскөн байдын эрке кызынын кыялы чорт анан колунан эч иш келбегени менен чырайлуу болуп, эркектердин көз кырын өзүнө бурат. Ар дайым эркектер сулуулукка басым жасап, көз менен көркөмдүүлүккө алданып келгенине турмуш өзү күбө. Ким эле алган жарын жаман болот деп ойлойт. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыат"-дегендей, кыз кезинде кыздын жаман сапатын эркектер эч байкабайт. Анткени аларды ургаачынын чырайы гана азгырып, болгон жаман сапатты сулуулук жагы жашырып жаап келет. Байдын кызынын чырайына кызыккан болуштун баласы, атасынын сөзүн укпай "алсам ошол гана кызды алам"-деп, акыры кызды алып тынат. Башында кыздын жаман сапаты деле байкалбайт. Анткени жаңы үйлөнгөн уландын, кыздан ысыгы тарай элек болот да. Анан арадан айлар өткөндө гана кыздын чорт кыялы, ишке жөндөмсүз кыймылы баланы абдан ирээнжитет да, бир кезде айткан атасынын сөзүн эстеп, башын мыкчыган экен. Бул жашоодо аял үйдүн куту болсо, эркек үйдүн түркүгү. Аял менен эркек качан гана ынтымакта жашаганда, ырыскы-кут өзү келет. Мен муну эмне себеп менен айтып жатам. Бул үйгө келгени Бообек мени алган аялыңдын ачык мүнөзү көп сөздү сүйлөгөнгө түрткү берди. Эгер жактырбаган болсо, мен мынчалык көп сөздү сүйлөбөйт элем. Баса мен сөзгө алаксып кетип негизги келген жөнүмдү айтпай калган турбаймынбы. Эртең менен жарык жерге тиери менен эле тургам. Анан эшикке чыгып келип, жата турайын деп жаткам, көзүм илинип кетиптир. Түшүмө сенин үйүң кирди. Сен чердака чыгып, кайра түшүп келе жатып аз жерден жыгылып кете жаздадың. Карасам, чердак жакта сени кара түстөгү бир нерсе карап турган экен. Мени ошол кара түстөгү сени караган нерсе кызыктырып келгем-деп айтып, оозун жыйганда эле Бообек:-Сиз түш көргөн учурда мен чын эле чердака чыгып,кудум сиз түшүңүздө көргөн окуяга туш болдум. Ырас, учурунда келдиңиз. Билесизби? чердактын төр жагында шлака көмүлүп, мешокчо жатат, аны алайын деп жакындаганда мени кандайдыр бир күч, ага жакындатпай түртүп, жерге түшкөнгө мажбур кылды. Ишенесизби, ошондо мен чердактан жерге түшкөнгө чейин ушундай бир болуп көрбөгөндөй санаа тарттым, качан бутум жерге тийгенде гана жашоодон үмүт пайда болуп, ал жакты караганды койдум, үйгө киргенче шаштым. Үйгө кирээрим менен алгач сиз оюма келдиңиз, балким мен сизди ойлогон үчүн түшүңүзгө кирген чыгармын. Ысмайыл карыя сөздү ынта коюп угуп, дароо эч даярдык жок туруп эле тасмалга бата тилеп, ордунан туруп сыртка чыкты да, шаты жөлөнүп турган жерге келип, түшүндө так ушул жерди көргөнүнө таң калып эле калды. Баарынан дагы көргөн түшү кадимкидей көз алдына тартылып, өйдө жакты карады, бирок алиги кара күчтү көрө алган жок. Башкасы кудум түшүндө көргөндөй көз алдына тартылганына таң калып эле калды да, бир саамга өзүнчө ойго чөмүлүп туруп анан, өз оюн ортого салды:-Эми, балдар мындай кылалы. Үчөөбүз тең шаты менен жогору чыгалы. Дегеним, алиги кара күч үчөөбүздөн жазганып, каршылык көргөзө албайт чыгар. Эмне болсо дагы алиги мешокчону жерге алып түшүп, баарыбыз бирге күбө бололу деп айтты да анан шатыны көздөй кадам таштады. Карыянын бул сунушунан баш тартканга дагы болойт болучу. Бир жагынан күтүлбөгөн окуяга ыраазы боло экөө дагы шаты менен өйдө көтөрүлдү. Карыя айткандай өйдө жактан эч кандай деле кара күчтүн таасири байкалган жок. Эскилиги жеткен мешокчого жакындаганда, жылуулук болсун үчүн төгүлгөн шлактын чаңы сапырылып, ал дагы өзүнчө коркунуч тартуулады. Бирок үчөө бири-биринин караанын туу тутуп, мешокко жакын келишти да, аны жабыла карап калышты.....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Таң эрте эшиктин кагылганы өзгөчө Айжанда таң калтырып, уйкулуу көзүн эптеп ушалап, жылуу төшөктөн туруп халатын кийди да, анан сыртка чыгып үн салган болду, жактыра бербеген түр көргөзүп:-Бул ким!?-деди. Ушул эле үндүн чыгышын күтүп тургансып Жусуп үнүн жогору чыгарып:-Биз, Айжан,ач!- деди эле, чоочун үндөн Айжан кооптонуп, дарбазага жакын келип:-Биз деген ким?-деп үнүн жумшак чыгарганда Каныш:-Айжан, биз эле. Айылдан келдик-деди. Каныштын үнүнөн тааныган соң дароо эшикти ачып, учурашкан соң:-Ой, таң атпай силер кайдан? Мен силерди азыр келет деп эч ойлгон эмес элем деп, кол жаңсады үй тарапка "өткүлө" -дегенсип. Бул берилген суроого Каныш жооп берди, шашкалактап: -Жакшы кабарды укканда биз кантип чыдап тура алат элек. Кайнимди оюна койбой айдатып түндө эле жолго чыкканбыз. Айжан шашып калды. Кыз деген ушул да, төркүнү тараптан келген кишини деле жандары калбай кабыл алган бул адат эмеспи. Эгер күйөөсү тараптан таң атпай киши келсе, мынчалык чарпылбайт болучу. Айжан алеки саатта тасмал даярдап жиберди да:-Арун түнкү сменге кеткен, ал анан келет-деп, эч ким сурабаса деле күйөөсүнүн жөнүн айтты. Баятан бери кызынын дайынын укмакка чыдамы кетип турган Жусуп менен Каныштын башка сөз укканга көңүлдөрү деле келбей турган. Качан гана чай алдыга келгенде шаштысы кеткен Каныш: -Я, Айжан, деги Маржандын табылганы аныкпы!?-деди. Ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып, баары Айжандын оозун карап калышты. Айжан эч шашылбай, бошогон чыныга чай куюп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ооба, анын көргөн күнү курусун-деп, кейпин бузуп негизги сөздү айтуу үчүн камданып, үнүн жасап жөтөлүп алып анан негизги сөздү айтып кирди.-Байкуш, Маржан анын көрбөгөн күнү калбаптыр. Кечээ эртең менен мага телефон чалды, үйдүн телефону баягы бойдон өзгөрүлө элек болучу. Ошончо жылдан бери телефон номерди эсинен чыгарбай жүргөнүн карабайсыздарбы. Мен алгач тааныбай жатып анан араң тааныдым. Азыр ал шаарда эле экен. Бүгүн саат ондордо өзү телефон чалат. Айткан үйгө кабар айтып кой "эртеңкиге чейин келип калышсын" деп. Көрсө анын өздүк документтери жок, бир жерде кармалып турат го менин баамымда. Бул сөздү укканда Каныш:-Айланайын, Айжан, деги бул айткандарың туурабы? Сен анын нак өз үнүн уктуң беле?-деди, күмөнсүнүп. Айжан ушул сөз айтылганда таң калып:-Жеңе, мен кантип эле Маржандын үнүн тааныбай калайын. Сүйлөшкөнүм чын, бирок анын тили кичине бурулуп калгандай мага сезилди. Менин баамымда ушунча жыл башка элдин жеринде жүрүп келгендей таасир берди. Сөз-сөзгө уланып, эки саатай убакыт эмне болуп өтүп кетти билбей дагы калышты. Анткен менен Айжан дагы сөзгө чечен жагы бар экенин танып болбойт эле. Каныш экөө жөн эле тээ илгерки кезден бери сөз козгошту. Бир кезде телефон чырылдап калды. Айжан учуп жетип эле телефонду алганда Маржан:-Айжан, мен азыр абдан шашылышмын, телефондон алыс кетпей тура тур, күт эки сааттан кийин чалам деп, дароо эле кайра коюп койду. Айжан дароо:-Мына уктуңарбы, Маржан өзү чалды, эки саатан кийин чалам "телефондон алыс кетпей тур" деп катуу эскертти. Менин баамымда бир чечилбеген маселеси бар окшойт, болбосо мынчалык шашпайт эле. Андан дагы эскерткенине караганда дагы бир мандем бар. Баса, тиги милицияга дагы кабар берип койсок кандай болот, не бар не жок. Бул сөздү укканда Дүйшөн сөзгө аралашты: -Абдан туура кеңеш. Азыр биз милицияга билдирсек, алар телефондун номери менен эле билип окёт, кайсы жерден чалынганын. Саат канча болду?-деп, илинип турган саатка көзүн кадап:-Азыр Айжан сен тез милицияны мында чакыр. Алар келгенде биз болгон окуяны айтсак баарын ылдамдатат. Бул сунушту Жусуп анча жактыра берген жок, кабагын түйүп:-Мынча болду күтө турганыбыз эле оңго-дейм. Табылчу кыздын деги үнүн уктук, анан милициялар ишти татаалдатып жиберсе кандай кылабыз?-деп, айтты эле Каныш ойлонгон түр көргөзүп, көзүн сүзүп:-Жусуп, бир чети Дүйшөн дагы туура айтып жатат. Кыз табылган күндө дагы баары бир милиция келип суракка алып, убагында эмне кабарлаган жоксуңар деп айтышы толук мүмкүн. Андан көрө баягы Кайып аксакалдын уулу Жаныш бар эмеспи, милицияда иштеген. Анын азыр пайдасы тийбегенде качан тийет эле. Азыр биз ага телефон чалып көрөлү. Балким жакшы кеңеш берип калар. Канча жыл болду, анын ал тарапта иштегенине. Андан дагы ал Маржан менен тең болушу керек эле. Жусуп бул айтылган кепке каршы эч сөз айта алган жок. Бир чети аялы дагы жакшы сөз айтты. Жооп күтүп туруп калгандарды сыдыра караган Жусуп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Биз эми аны кайдан табат элек?-деди. Каныш жактырбаган түр көргөзүп:-Аны ишинен эле табабыз. Свердлов районунда начальник сыяктуу жооптуу иште иштейт деп уккан болчумун. Айжан сөзгө аралашты:-Анда силер ал жакка барып келгиле, Анипа жеңем экөөбүз телефонду аңдып олтура туралы. Колдон келсе тезирээк келгендей болгула- деди эле бул сунуш дагы жактырылып, төртөө үйдөн чыгып, милицияга жөнөштү.Ооба, Жаныш бир кезде Маржанга алгачкы ууз сүйүүсүн арнап, экөө жолугуша калып жүрүшчү. Бирок, ага өзүнүн жактырып калганын айта электе Маржан жоголуп кетип, Жаныш канча издешти, "табылып калса экен" деген ойдо. Анан илгери үмүт менен күтүп жүрүп эч кабар болбогон соң, кеч үйлөнгөн. Анткен менен дале болсо ичинен эзилип,эстеп калган адаты бар. Акыркы жолу жолукканда Маржан көзүнө ушундай бир башкача көрүнүп, коштошордо колун сунуп "Жаныш, колуң бошогондо келип турсаң"-деп өтүнгөн болучу. Андан дагы узап баратып артын карап, колун жаңсап коштошкону кандайдыр бир жакшы маанай тартуулаган. Ошол кол жаңсаганынан өзүнө карата дагы ою жакшы экенин нак билген. Ал кеткенден кийин бир капталы эңшерилгендей абдан жалгызсырап, өзүн ээн талаада жалгыз калгансып сезип калган болучу. Билинбегени менен канча убакыт өтсө дагы Жаныш чын ниетинде ушунча жылдан бери Маржанга жетпегени менен аны менен жолугушчу күндү ичинен сызып күтүп келгенин жан адамга билгизген жок. Андан дагы уктаса түшүнөн, ойлосо оюнан кетпей алгач жоголгон күндөрү Маржан, Жанышты абдан кыйнаган эле. Баарын бир гана убакыт унуткарат дегендей,убакыттын өткөнү менен Жаныш, Маржанды унуткарып баратканын тана албайт болучу. Жаңы гана кол алдында иштеген милиция кызматкерлерине тапшырма берип, столуна олтуруп кагазга көз жүгүртө баштаганда, сырттан жаш милиция кирип келип, честь берген соң:-Жолдош майор, сизди сырттан элеттен келген кишилер күтүп турат. Кирсин дейинби же күтүп тура турушсунбу? -дегенде, Жаныш башын өйдө көтөрүп, карап жаткан кагазын кармаган тейде:-Мында киришсинчи. Баягы иш менен келишкендер го-деп, ишине алаксыган болду. Аз убакыт өтпөй эле өзү күтпөгөн айылдаштары кирип келгенде олтурган ордунан тура калды. Анан эмне кылат. Эгер Маржан жоголуп кетпегенде, булар кайын журту болуп калат беле ким билет. Ал жайды сурап, саламдашкан соң, Жаныш көз карашы менен билгизди "эмне иш менен келдиңер?" -деген суроону. Баятан бери өзгөчө Каныш аялдык көз караш менен сынай карап "Чоң болуп иштейт турбайбы" -деп дагы ойлогонго үлгүрдү. Жаныш дароо эле ойлоду "жакындарынан бирөө милицияга түшүп калган го"-деп. Андан башка кандай ой келмек эле милицияга. Жусуп кыраакылык менен оюн билгенсип, сөздү өзү алды:-Жаныш, билинбегени менен сенин ишиңе кадырың бар тура. Ыракмат, атанын баласы деген сендей болуп атанын атын чыгарат-деди. Анткени эшиктин сыртында Жаныштын аты жөнү жазылуу экенин кирип келатып эле байкаган. Андан дагы сырттан оңой менен кирүүгө болбосун билип, сөздү алыстан баштап келип анан:-Билесиң да, мындан бир топ жыл илгери жоголгон кызыбыз Маржанды. Маржандын атын укканда Жаныш сөз өңүтү кайда жатканын билип, кызыгуусу арта, коштоп жиберди:-Билбегенде, Маржан жоголгондо мен дагы издешпедим беле.-Ошол кызыбыздын дайыны чыгып жатат. Эми сенин бизге жардамың керек болуп, атайын улуу башыбызды кичүү кылып, алдыңа келдик - деп, болгон окуяны түшүндүрүп айтып берди эле, Жаныш:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Менин кантип жардамым тийбесин. Азыр керек болсо болгон ишимди токтотуп, жаныма ал жактын ишин билген кыйын адистерди алып барам-деп, дароо телефондун кулагын бурап:-Сарыбаев, бол тез менин кабинетиме келип кал, болгон ишиңди токтотуп. И, баса, жаныңа дагы эки иш билги балдарыңдан алып ал. Маанилүү иш чыгып калды!-деп буйрук бере сүйлөдү да, анан:-Жусуп байке, сиздер абдан туура иш кылгансыздар. Андай ишти кылдат бүтүрүү керек. Азыр керек болсо биз андай иштердин бетин ача албай жатпайбызбы. Кечээ жакында эле аравияга кыздарды алдап алып кетип бараткан банданы кармадык. Кыскасы, бул иштин артында чоң мафия болуш керек. Сөз ушул жерге келгенде сырттан үч милиция кирип келип, сөз үзүлүп калды. Жаныш, айылдан келгендерди сыртка чыгарып жиберип, тигилерге болгон ишти үстүртөн түшүндүрүп берип, анан тапшырма берди да, алар менен бирге сыртка чыкты. Үйгө келишкенде тиги үч милиция телефондогу чалынган номерди изилдеп чыгышты да, андан соң Сарыбаев:-Жолдош майор, бул номер Сокулук районуна караштуу Манас айылына тиешелүү экен. Биз азыр ал дарекке барып, аңдуу жүргүзөлү. Сиздер телефондун чалынышын күтүп тургула. Кечээ дагы ушул номер менен чалынган. Эгер анан, биз кеткенден кийин башка номер менен чалынып калышы да мүмкүн. Андыктан азыр мында Азизовду калтыралы. Байланыш үзүлбөсүн деп, айтты эле Жаныш бул сунушту тура деп:-Ал дарекке мен дагы барам. Силер ишти кандай аткарасыңар өзүм көзөмөл жүргүзөм-деди. Мунун себеи Маржанга алгач өзү жолуккусу келгенин эч ким баамдай алган жок. Милициянын иштерин көрүп алышып эле Каныштардын сөздөрү, ооздорунан түшүп калды. Тигилер жаңы эле үйдөн чыгып кетишкенде телефон чалынды. Баятан бери ушуну эле күтүп турушкандар тынч алып туруп калышты. Алгач эле Айжан:-Ало, угуп жатам деди эле Маржан:-Айжан, үйдөгүлөр келишти беле?-деди. -Ооба, азыр Каныш жеңем менен сүйлөшчү деп трубканы бере койду эле байланыш үзүлүп калды. Бул жолу башка номер менен чалынганын милиция кызматкери тактап билди да, чоңдору менен байланышты: -Жолдош майор, телефон чалынды, бирок бул номер Акжол айылына байланыштуу экен деп, чалынган телефон номерди берди. Иш чатагына айланып калганын Жаныш дароо эле байкады да, ишине келип дагы эки команданы бул ишке тартты. Жусуптар телефонду аңдыгандары менен ошол бойдон кайра кайталанып телефон чалынган жок. Эми даана санаа басып, кызынын көзүн тирүү көрсөк дегенде кайран ата менен эненин көздөрү төрт болду. Арадан төрт сааттай убакыт өткөнү менен эч кандай кулакка илине тургандай кабар уга алышпады. Бул да болсо иштин чиеленишкенинен белги берип турду.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Бөлүнгөн командалар, эки үйдү кылдат аңдыганга өтүштү. Манас айылындагы үйдү курчаган дубал ушунчалык бийик анан үстүнөн кадимки түрмөдөгүдөй тикенек зым менен тартылганын көрүшүп эле, бул үй жөн үй эмес экенин аңдып тургандар дароо байкашты. Кечке чейин чынында бул жакка бир дагы машина келген жок, анан киши дагы чыгып же кирбеди.Ал эми Акжолдогу үй тигил үйгө салыштырмалуу жөнөкөй болгону менен эшигинин алдында иномарка машиналардын түрү менен турганы шек туудурду. Бул үйдү Жаныш өзү көзөмөлгө алып, бир мүнөт дагы ордунан жылбай карап турду. Анткен менен жүрөгү бир нерсени сезип, көзүн үйдөн албады. Арадан кеминде үч сааттан ашык убакыт өткөндө, балдар самсы жана башка жей тургандай тамак аш алып келип:-Жолдош майор бир нерсе шам-шум этип алсаңыз-деп өтүч менен кайрылганда гана Жаныш курсагы ачканын билип, тамакка карады. Аңгыча эле үйдүн дарбазасы чоң ачылып, ичинен терезеси жабык маршурутка чыкканда, Жаныш жеп жаткан тамагын токтотуп:-Тигини карагыла, болду-болбоду бул машина жөн машина эмес деп, анын артынан жөнөштү. Ал эми бир машина үйдү аңдып калды.Үйдөн чыккан машина түз эле Манас айылын көздөй жөнөдү. Анын катуу жүрүшү кадимкидей шектенүүнү жаратты. Аңдууга алгандар артынан кууп жетип токтоткондо, ичинен кавказ улутундагы мурундары коңкойгон, үч киши түшүп келишкенде, Жаныш документин көргөзүп:-Мүмкүн болсо машинаны карап алалычы. Биз абактан качып чыккан эки адамды издеп жүрдүк эле-деди. Бул машинада үч кыз бар болучу. Тигилер каракүчкө каткырып күлүшүп, сыр бербегенге аракет кылышып:- Командир, биз андай качкындардан алысбыз. Мүмкүн болсо бизди коё бергилечи, шашылышпыз! -дегенде Жаныш бир нерседен шек алып:-Ак болсоңор болду. Машинаңарды эмне караңгылап алгансыңар? -деди. Бул суроого сакалын текши кездирген,тиги экөөнөн улуурагы:-Командир, биз чакан бизнес менен алектенгендиктен, атайын машинаны ушундай кылып алып жүргөнгө туура келди. Бир нерсени байкап калган Жаныш анча такып сурай бергенден алыс болуп, тигилерди кетирип жиберип, Манастагы балдарга телефон чалды, бул машинаны кармоого. Анан өзү артынан түштү. Машина Манас айылына жете бериштен алдын тосуп экинчи топтогу балдар токтотгондо, машина жаңы гана токтогондо, Жаныш эки жигит менен артынан келип калды да. Машинаны ушул жерден тинтүүгө алышты. Жүрөгү бир нерсени сезип, ойлогондой эле машинада үч кыз бар экен. Алардын арасынан Маржанды көрө алган жок. Бирок, ички туюму менен сезген Жаныш, жанындагыларга катуу эскертти "Машинаны дагы жакшылап тинткиле" -деп. Ишин так аткарган Жапаров багажникте колу буту таңылуу кызды көргөндө:-Жолдош майор, бул жакта колу-буту жана оозу таңылуу бир кыз бар экен-дегенде, алиги машинанын ичиндеги үчөө каршылык көргөзмөккө кол көтөрүштү. Бирок азчылык көпчүлүкө баш ийип, жеңилүү ызасын тартып, колдору артка кайрылды. Колу-буту жана оозу таңылуу кызга алгач Жаныш жакын келди да, анан аны таанып таң калып эле туруп калды.......
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ар бир нерсенин өзүнө таандык сыры болоорун анча таназар албай келебиз. Керек болсо, буюм дагы өзүнө карата жакшы мамилени адам баласынан күтөөрүн кээ бир адамдар билсе дагы, билмексен болгондоруна турмуш өзү күбө. Аттиң, бири кем дүйнө демекчи, жакшы буюмдар канчалык сыр берген күндө дагы ага көңүл бурулбаганын ушундан улам билсек болот, кээде баасы кымбат буюмдарды "эскирди" деп ырыгытып жиберген адат, турмушта кайталанып эле келе жатканын ким билбейт. Ысмайыл карыя мешокчого жакын келгенде эле билди, анда баалуу жана эски буюм катылуу экенин. Ооба, ал мешокчодо тээ илгери колунан көөрү төгүлгөн устанын колунан жасалган билерик жана чач учтук, аялдардын баалуу бумдары бар болучу. Алгач эле карыя мешокчону колуна алды да,анан кадамын тез-тез шилтеп тамдын кырына жетпей жерге ыргытты. Эскилиги жеткен мешок жерге түшкөндө эле тытылып кетти. Карыя алгач жерге түшүп, анан артын карап:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Акырын түшкүлө! - деп кайрылып, мешокко жакын келди.Бул жерден Ысмайыл карыя жүрөгү менен сезди, буюмадар көп жылдан бери колдон колго өтүп келгенин жана колдонгон ээлеринин бул жерде катылып жатканына нааразы болгон үчүн ачык эмес түр менен белги берип жатканын. Мешоктогу буюмдар бир караган кишиге абдан эле эскидей көрүнгөн үчүн, ага эч ким деле кызыккан жок. Бир гана карыя сырдын түйүнүн билип, Сыйнатка кайрылды, буюмдарга аяр көз агыткан калыбында:-Сыйнат, сен бул буюмдарды колдонбосоң дагы жакшылап тазалап, ак чүпөрөккө ороп, таза жерге сактап, учуру менен көз салып тур!-деп катуу эскертти. Бир чети абдан туура кылганын карап тургандар анча таназар алышкан жок. Кетээринде карыя өзгөчө берилүү менен айтты:-Сыйнат балам, бул буюмдарды сатып пайда көрөм деген сенин оюңа дагы келбесин. Андай ишке барсаң өзүңө жана үй бүлөөңө зыян келтирип аласың. Эгер мен ойлогондой сактасаң, аягы жакшылык менен аятайт. Сыйнат өтө жоопкерчиликтүү ишти мойнуна алып жатканын билип:-Ата, бул буюдардан коркунучтуу сыр көрүнбөйбү? Кечээ эртең менен мен дагы байкаган болчумун, тамдын үстүнөн бир сырды. Дегеним ал сыр эми үйдөн байкалбайбы? -деген оймду билгизейин дегем:-Жок, эми ал сыр байкалбашы керек. Анткени мындай баалуу буюмдар тамдын үстүндө, күлгө аралашып жатпашы керек болучу. Муну пайдаланган ээлери ошого нааразы болуп көзгө көрүндү, менин жеке баамымыда. Эми алар сен жакшы мамиле жасасаң, бул буюмдарга, сага ыраазы болуп ишиңер алдыга жылат. Кыскасы сөздүн тереңене түшүнгөн чыгарсың деп, сөзүнүн аягына чыгып, изине кайтты, чоң сооп иш бүтүргөн адамдай. Бир чети ички дүйнөсү дагы тазалангандай сезилди. Андан дагы алиги буюмдар нак күмүштөн жасалганын өз көзү менен көрүп, кандай устанын колунун келди деп таң калып баратты.Ооба, Ысмайыл карыя байкагандай эле бул бумдарды мындан үч кылым илгери Саалы деген колунан көөрү төгүлгөн уста жасап, кымбат баада Жолдош деген байга саткан. Ал бай баардык жагынан жетиштүү жашаганы менен башка жарды болуп, жалгыз кызына кымбатына карабай сатып берген. Кызы көз тойбой карагандай чырайлуу анан акылдуу болуп, атасынын эмгегин баалап, кийин келинине эмес, кызына берген "Бул таятаңдын мурас катары берген белеги, жакшы сактап сен дагы кызыңа бер"-деп. Ошондон бери колдон колго өткөн бул буюм акыры жүрүп отуруп Гүлшатка өткөн. Гүлшат, Бактыбайга уурдатып жиберип, ал сатып жибергени калганда сыр берилип, анан тамдын үстүнө чыгарып катып койгон болучу "кийин эбин келтирип сатып пайдасын көрөм"-деп. Эки жолу келип дити чапай койгон. Андан дагы шаты менен жогору чыкканда эле, белгисиз сыр аны бул жакка келтирбей койгону дагы, чоң таасир берген болучу. Ал эми Гүлшаттын ошол күндө бери ушул күнгө чейин ичкени ирим, жегени желим болуп, Бактыбайды таппай келет. Буюмдарды Бактыбай эле уурдаганын билген, бирок аны кайдан гана издебеди. Ал турсун милицияга дагы кайрылган. Бактыбайдын фамилиясын толук бирбеген үчүн, издөө дагы жыйынтыгын берген эмес.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Аттиң, энеси үч кызына билгизбей, үчөөнөн өзүн артык көрүп, атайын табыштабады беле "карегиңдей сактап, ишенген кызыңа бер"-деп. "Кызым турмушка чыкканда берип кутулайын" деп жүргөн кезде Бактыбай менен таанышып калып, ал кантип уурдап кеткенин билбей калган. Анан, "мен кыйын" деген төлгөчүгө барса ал дагы айткан "Сен ал буюмдарды он жыл болобу, жыйырма жыл болобу деги эле өмүрүң өткөнчө издеп таап, аманаты тапшыр, болбосо азабы жаман" деп, уурдаган кишинин сүрөттөп айтып бергенде эле ал Бактыбай экенин билген болучу. Бактыбай үйдөгү майда барат ишти жасап бергени келип, дүкөнгө чыгып кеткенде байкап калган өңдүү. Андан дагы ошол учурда бир сыйра карап коёюн деп, сандыктан алып чыккан кезде кошунасы келип калганда алаксып калып, унутуп калганы дагы жоголгонуна себеп болбодубу. Азыр кайда барбасын көзү менен издегени Бактыбай. Эгер аны көрүп калса эле болду, акчасын берсе дагы буюмдарды сатып алуу керек. Болбосо колдон, колго өтүп келген буюмдардын жоголушу толук мүмкүн. Ооба, бир жолу Бактыбайга окшош баланы көрүп, жөн эле энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кеткен. Бирок, ал бала башка болуп чыгып калганда, чоң бакыттан куру калган адамдай шалдырап туруп калганы бар. Бирок, али күнчө күдөрүн үзбөй издегени Бактыбай. Жок эле дегенде туулуп өскөн айылын сурап калса эмне. Тили-тилине тийбей сүйлөгөн Бактыбай, Гүлшат үйдөн чыгып кеткенде байкап туруп үйгө кирип, баштыкчага салынган буюмдарды алгач короонун сыртына катып коюп, анан ишин бүтүрүп "тамак ич" десе болбой керектүү акчаны алып үйдөн чыгып, баштыкчаны үйүнө алып келип, мешокко салып, катып койгон. Ошол буюмдар минтип табылып, Сыйнаттын колуна өтүп, чоң жоопкерчилик мойнуна илинип турган кези. Коноктор кеткен соң, Сыйнат баягы буюмдарды бир сыйра карап чыкты дагы, таза чүпөрөк менен сүртүп, анан атайын спирт сатып келип сүрткөндө баягы көзгө анча көрүнбөгөн буюмдар өңүнө чыгып, жаңы жасалгандай укмуш көзгө кооз көрүндү. Муну Бообек дагы көрүп таң калып калды. Сөз улансын үчүн:-Я Сыйнат, карачы, бул буюмдар кандай гана кишинин колунан жасалган. Ысмайыл карыя муну билип туруп эле айткан экен. Сен эч кимге бербей бекем жерге сактап, таза пайдалан. Эгер ээси издеп келип калса, өз колуна бергендей бололу. Сыйнат кабагын түйүп:-Кайдагы ээси. Издесе ушуга чейин издеп таап алат эле да. Кап!- Жоготкон киши абдан убара болсо керек? -деп, буюмдарды ороп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Бүгүн же эртең айылдан жүк келип калса, сандыкка салып коём. Алиги карыя айткандай мен бул буюмдарды тазалаганы эмнегедир өзүмдү жеңил сезип, бирөөнү ыраазы кылгандай болуп жатам. Чын эле сен айткандай буюмдар касиеттүү өңдүү, ээси келсе бериш керек бирок, ырасмийин жасаса. Бообек бул айтылган сөздү жактыра бербеген түр менен карап:- Сыйнат, аны коюп сен өзүңдү жакшы кара. Балдарга дагы айт, алиги кичине бөлмө жакка барбасын. Ал жакта дагы катылган бир сырдын түйүнү бар. Аны учуру келгенде өзүм ачам. Кыскасы, жашоонун кызыгы дагы алдыда-деп, сөздү кыскартып, сыртка чыгып эшиктин алдын шыпырып жаткан уулуна кайрылды:-Балам, эгер мени бирөөлөр издеп келсе, үйгө киргизбе. Мен ашып кетсе бир сааттын ичинде келип калам -деп айтып, эки сөөк коюлган мүрзөнү көздөй жөнөдү, аларга куран окуп келгени. Анткенинин жөнү бар. Баягыдай коркунучтуу сыр үй бүлөөсүнө көрүнбөсүн деген ойду ойлоп, алардын арбагын ыраазы кылуунун бир белгиси. Болбосо, дагы бир балээ болуп кетеби деген ой жүрөгүн өйүгөнүн жан адамга билгизбей, ичинен эзилип, мүрзөгө келди да кыраатын келтирип куран окуду. Анан ал жерден тилек кылып суранды. Бул ишти кылганда түпөйүл болгон жүрөгү ылдыйлап, кабагы ачылгансып, кандайдыр бир нерседен кутулгансып калды. Ойго алдырган Бообек, бул жалган дүйнөнүн дагы канча ачылбаган сыры жана чыры бар болду экен?-деп,үйдү сатып алып жаткан кезди эстеди. Ооба, бул үйдү сатып алганга шапылдап сүйлөгөн жана ашыкча кыймылы тез Бактыбайдын жолугуп калганы, анын үйдү көргөзгөнү келгендеги абалы. Андан дагы ал бала "эртең менен гана менин колум бош"- деп, таң эрте үйгө ээрчитип келгени, үйдү карап жатканда кандайдыр бирөө карап тургандай сезилгени кино тасмадай көз алдына тартылып, акыры болгон кыйынчылыкты жеңип, минтип жеңиши жемишин берип, үйдөгү сыр эле эмес баалуу буюмдун табылганы Бообекти ойго салып, үйүнө кантип келди, ал түгүл жолдогу секиртмек арыктан кантип өткөнүн билбей калганы өзүн дагы таң калтырды. Үйүнө жакындаганда улуу баласы алдын тосуп чыгып:-Ата, сизди үйдө бир кишилер издеп келип күтүп калышты. Болуңуз, тез басыңыз-деп шаштырды. Бообек эч шашылбай "баягы эле үйдүн азабын тарткандар болуш керек"-деп ойлоп келсе, үч эркек анан эки аял күтүп турган экен. Булар, өзү баамдагандай үйдүн азабын тарткандар эмес, баягыда чоң жардамын берген Акманбекти көрүп таң калып калды. Акманбек алгач салам берип,атасы Жусупка кайрылды:-Ата, мына бул байке үйдүн ээси- деп.Алгач учурашкан соң. Негизги сөздү улуу катары Жусуп баштады:-Иним, ысмың ким?-деп. Бообек тыртынбай атын айткан соң:-Сиздер кимсиздер, алгач келген жөнүңүздөрдү билип алсам болот эле?- дегенде, Акманбек сөздү баштады:-Бообек байке, баягыда мен үйдүн алдынан табылган сөөктөрдүн биринин колунан, шакек чыгарып алдым эле-дегенде, сөздүн төркүнү кайда жатканын билип, Бообек шашып калды да, анан:-Калган сөздү үйгө кирип сүйлөшөлүчү- деди, бул жерде дагы бир сырдын түйүнү жатканын сезип......
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Маржандын дайынсыз жоголгонуна көп жыл болсо дагы, али мүчөсүнөн кетпегенин Жаныш дароо эле байкап, таңылган колу-бутун чечип,кучагына алды. Маржан анын эрки менен болуп,колун мойнуна артып:-Жаныш, менин силерди көрө турган күнүм бар экенине ишене албай турам-деп,аянычтуу айтып,бир чети ушундай абалда Жаныш менен жолукканына ичинен сызып алды. Канча жыл жүрөгү Маржан деп соккон Жаныш дагы бул көрүнүшкө ишене албай турду. Бир саамга үнсүз сүйлөшүү жана жүрөктөрдүн соккону гана бири-бирине угулуп, ушул мүнөттөрдүн токтоп турушун экөө тең ичтеринен самап, тилеп турушту. Баардык нерсенин башталган жана бүткөн учуру болгондой, бул жолугушуунун дагы аягы келип, ортодогу абалды Сарыбаев бузду. -Жолдош майор, тез жардам чакыралыбы? -дегенде гана Жаныш сөзгө келип, Маржанга кайрылды:-Маржан, кыйналган жоксуңбу?-деп. Ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып, каргылданган үнүн өктөм чыгарып, Маржан:-Жаныш, мүмкүн болсо мага алиги сакалчанды бир көргөзүп койчу,сенден өтүнүч!-деди эле Жаныш колунан жетелеп келип, таңылуу сакалчандын жанына ээрчитип келгенде Маржан ушундай бир күтүүсүз колдон бошонуп барып, сакалчандын бетине беш тырмагын батырып алып, күч менен кыйкырды:-Мындай акмактарга өлүм дагы аздык кылат!-деп, күч менен айтып,жулунду эле, эки жигит аны кармап калышты. Бул аракети эле Маржандын чектен сырт кыйналганынан белги берип турду.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Алиги үч кызды дагы ата-энелери үмүт менен күтүп жүрүшсө керек! Аларды дагы бошоткондой болгула деп сураныч менен кайрылды. Бети тытылган Самид айла-амалы жок гана бетин сыйпалап туруп берди. Буга чейин үнүн өктөм чыгарып, өзүнүн өкүмүн жүргүзүп жаткан Самиддин эми өкүмү кор болгон кыздарга өттү. Салондогу кыздар сыртка чыгып, Маржанды көрүшкөндө гана туткундан бошонгондоруна толук ишенишип, бир кыз дагы чуркап келип колу таңылуу бирөөнүн бетине түкүрүп жиберди "Акмак" -деп күч менен айтып. Бул көрүнүш эле бул кыздардын көргөн кордуктарынан белги берип турганын тигилер айттырбай билишти. Жаныш телефону менен начальниктерине кабарлап, спезназдын балдарын тез алып келинүү суранды да, анан машинага олтуруп, түз эле ооруканага Маржанды алып келип, врачка кайрылды:-Эртеңкиге чейин эмне кылсаңар дагы бул кыздын денесиндеги тактарды колдон келишинче кетиргенге аракет кылып бергиле. Ата-энесине түзүгүрөөк абалда жолуккандай болсун!- деп, ишти үстүртөн тааныш врачына түшүнүктүү кылып айтып берди. Врач денедеги тактарды көрүп:-Жаныш мырза, жок дегенде эки күнгө уруксаат бер, бүрсүгүнү алып кетсеңер болот, болбосо бул тактарды кетирүүгө убакыт тардык кылат-деди. Бул сунушка макул болуп, Жаныш ишине шашылыш келип,спезназдын балдарын алып, Акжолдогу үйдү курчоого алышты. Бул кезде эбак эле уюшкан топтун көзүрлөрү, куйруктарын түйүп, жашыруун жол менен чыгып кетишкен. Анткен менен ал жактагы майда-барат күнөөкөрлөр колго түштү. Экинчи топ, Манас айылындагы үйдү курчоого алганда, ал жактагылар катуу каршылык көргөзүп, акыры жеңилүү ызасына кабылышып, колго түшүп беришти. Анткен менен ал жактан башка улуттун ондон ашык кыздары бошотулуп, көп жылдан берки жашыруун иштин бети ачылып "жоголду" - деген кыздар табылды. Бирок, бул иштин ана башчысын колдон чыгарып жиберишкени, абдан өкүнүчтүү болду. Улуту тажик, абдан көзгө чырайлуу көрүнгөн, орус тилин "аксент" менен сүйлөгөн Зарифа деген кыз:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Кап, бекер болду. Алиги бул иштин кожоюну Шайилди бекер колдон чыгаргансыңар. Ал эми башка жол менен болсо дагы бул ишти кайра жолуна коёт. Анын Туркияда абдан чоң, уюшкан колдогон топтору бар. Мынча болду аны кармаганга аракет кылып көргүлө. Бирок анын үч паспорту бар.-Аны сен кайдан билесиң?-деп Жаныш сураганда тиги кыз:- Мен анын жеке секратаршасы болуп иштеп жүргөндө Шайилдин жашыруун иштеринин көбүн билип калгам. Эми ал мени таптырмайын жаны жай албайт-деп катуу өкүндү. Жаныш ката кетиригенин кеч сезип калды. Андан дагы алиги үйдүн жашыруун жолу бар экенин билген эмес болучу. Ушул жерден дароо ойлоно калды да, өзүнөн жогорку наамдагы командирине кайрылды:-Жолдош полковник, биз алиги эки үйгө күзөт коёлу. Ал сөзсүз келиши мүмкүн. Анткени мен төркү бөлмөдөн сейфти көзүм чалган. Ал жакта баамымда баалуу документтери болушу керек. Андан дагы ал түлкүдөн сак болуп, аялдын кийимин кийип алып дагы келип кетиши мүмкүн. Айтылган сунуш дагы туура кабыл алынып, эки үйдү кайтарууга алышты. Бул кезде убакыт түнкү саат он экини көргөзүп калган болучу. Ишинен бошонгон Жаныш, Маржанга келип жолугууну канчалык эңсеп турса дагы ага убакыттын кеч болуп кеткени өкүндүрүп, телефон чалып, врачттан дайынын сураган болду. Анан Маржандын эркелеп колун мойнуна асканы, бир башкача көз караш менен караганы жүрөгүн эсип, ал жөнүндө ойлонгонго түрткү берди.Ал эми Маржан тиги канкорлордун колунан бошонгонго дале болсо ишене албай, үчүнчү этаждагы палатада жатып, өткөндү эстеди. Бишкеке келгенде тиги сакалчандар катуу эскертишкен болучу "бириңер дагы телефон чалбагандай болгула, эч кимге. Эгер телефон чалганыңарды билип калсак, анда таарынбагыла" деп. Ушунча жыл өлкөдөн сырт жүрүп, биз кимдин телефонун эстеп жүрүптүрбүз деп, тигилерди жоошутуп коюшкан эле да. Бул айтылган сөзгө ишенген кожоюндар алгач кайтарган деле эмес. Алдына ала ойлогондой учуру келгенде Маржан, Айжандын телефон номерин терип тыңшаса өзү күтпөгөндөй Айжан алып калды, телефонду. Анан шашып өзүнүн амандыгын билгизип "эртең менен чалам" деген. Эртеси жаңы гана чалганда сырттан дабыш чыгып калып, кыска жоп берип коюп койгон. Кийиинки жолу телефон чалганын кароолдо турган Кавказ улутундагы жигиттердин бирөө байкап калып, абдан катуу таяк жеп колу-буту,оозу таңылып кайра келген жагына алып кетүү үчүн баратканда колго түшүп калып жатышпайбы, болгондо дагы бир кезде жүрөгүн кытыгылаган, ууз сүйүүсүнүн ээси Жаныш аркылуу. Бул да болсо тагдыр эмей. Канча жыл элден сырт жүргөндө эң алгач ойлогону апасы Бүрай анан эле Жаныш болгонун кантип эстен чыгарат. Билинбегени менен тун сүйүүнүн азабын жакшы эле тартты. Акыркы жолу жолукканда Жаныштан күткөн "сени сүйөм"-деген сөздү.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Aizurok   03 Февраль 2015 - 18:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Жаныштан күткөн "сени сүйөм"-деген сөздү. Бирок, ал ошол кезде мококтук кылды. "Сүйөм" -деп айтмак турсун, жалтаңдап, жакшы сөзүн дагы айта алган эмес. Ошондо сырт келбетинен кыйын көрүнгөнү менен өтө эле сүйүүнүн алдында мажүрөөдөй сезилген. Эгер Жаныш шоктук кылып, кучактап бетинен өөп койсо эмне. Ага анын кудурети жетпегенин алдына ала билип "эх, эркектей болуп жок дегенде тамаша ирээтинде эле жылуу сөзүн айтып койсо эмне болот"-деп ага таарынганы бар. Бул жашоодо Маржан болуп-толуп турган кезинде сүйүүнүн кадырына жетип, кыз-жигит болуп көчөлөп жүрөгү тандаган жигит менен баспай калганына дале болсо өкүнүп келет. Айлуу түндө ак жаздыкка башын коюп жатканы менен түн уйкусу качып, көргөн азаптуу күндөрүн эстеди. Ошол күндөрдүн дагы бүтчү кези келээрине мына бүгүн гана ишенип, эми өзүн күтүп жүргөн апасы Бүрай энени ойлоду "тирүү болду бекен"-деп. Кечээ телефон чалып сураганда Айжан "апаң жакшы эле жүрөт"-деп шылкы бош жооп бергендиктен, апасынын тирүү экенине анча ишене алган жок. Азыр дагы апасын ойлогонго үлгүрдү. Ал эми төрөгөн апасы Канышты көп жактыра бербеген адаты бар болучу. Анткени качан болсо ал, Бүйрай энесин жамандай берген анын жаман сапаты Маржандын көңүлүн кирдетип,төрөгөн энесин ойлогондой деле болгон эмес. Тээ илгертен кайын эне менен келиндин ортосунда келишпестик болгонун ким тана алат. Бүйрай эне Маржанды багып алып, өзүнөн алыс кармаганы, Каныштын кыжырын келтирип, качан болсо анын дарегине карата жаман сөз айтканга түрткү бергенин Маржан түшүнбөгөн үчүн, аны жактырбаганын төгүнү ушул. Таң күлөөнөк атканда гана Маржан уйкуга жетеленип кетти. Болбосо кайдагы ойго келбеген нерселерди ойлой берип, башы чыңалып ооруп чыккан. Уйку качканда адам баласынын эрмеги ой болуп калат эмеспи. Эртең менен кеч ойгонду. Мед сестра кыз келип денесине дары сүйкөп, ийне сайып кеткенде, сырттан өзү күтпөгөн Жаныш кирип келди....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   DaRhaN.   03 Февраль 2015 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

И жаза коюн эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Кыжылдаган айтылуу Ош базары. Машинандан, тачки көп, тачкиден киши көп бул базар шаардын борборунан орун алган үчүнбү айтор, качан болбосун тыгынга кабылып, келген кишилер түртүшмөйүн өтө алышпайт. Ооба, бул базарга ак үйдө иштеген билермандар басып келбейт. Келсе жок дегенде тартипке салып коёт беле аны так кесе айтып болбойт. Эгемендүүлүктү алганы "базар экономикасы" -деген неме элдин көбүн базарга сүйрөп келген үчүн, азыр чоң окуу жайды бүткөнү баш болуп, карапайым элдин көбү төш болуп бир гана базар менен жашап калган үчүн, базарда эл көп. Күнгө жекшемби болучу. Гүлшат ишинен дем алыш алып, базарга майда-барат алганы келип, чоң жаңылык укту. Аны бир көчө бери жашаган таанышы айтып калды, сөз кезеги келгенде:-Эже, бул жердеги соода кылган Алайлык бала коркунучтуу үйдү сатып алып, ал үйдөн бир эмес эки аял затынын сөөгүн таап, ак кепиндеп жерге бергени иши алдыга жылып, азыр бирде келсе келет, келбесе жок. Ал үйдү бир Бактыбайбы же Бактыбекпи айтор иши кылса баш жагында бак менен башталган адамдан сатып алыптыр. Ал киши азыр соттолуп кеткен өңдү. "Жакшылык жерде калбайт"- дегендей, азыр бул кошунамдын иши жүрүшүп, соодасы абдан жакшы өтүп жатат-дегенде, анын башка сөздөрү кулагына кирген жок. болгону Бактыбай жөнүндө аз да болсо маалымат алганына сүйүнгөн Гүлшат сөздү аягына чейин укпай эле кайра тигиге суроо берип калды:-Анан бул кошунаң качан чыгат ишке?-деп. Кумаш сөзүнүн бөлүнүп калганына таарынып, кабагы салыңкы:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Aizurok   04 Февраль 2015 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Аны так айтып болбойт. Ал каалаган күнү келет дагы, каалаган күнү эс алат. Менин баамымда дагы бир кенч таап алса керек, алиги жаңы алган үйүнөн. Эх адам баласы болжолдоп эле бир нерсени айтып алып,аны кайра өздөрү чын көрүп, ушак сөз ушундайдан эле чыгат белем. Бообек, үйүнө айылдан жүгү келип болгону эки гана күн ишке чыкпай калганда, кошунасынын айткан кеби бул. Деги эле акча менен иштешкен жерде сөзсүз көрө албастык болот эмеспи. Ал турсун көчө таксистери эле эмне деген көрө албастыкка барышат. Керек болсо көчөнү дагы кысканып, чоочун таксистерди кубалап, акчаны адамкерчиликтен артык көрүп калганы адам баласынын пейилин бузуп жатканы эмеспи. Бообектин кошунасы Кумаш кийин уят болуп калам деп ойлобой, каратып туруп калпты айтып, өзү айткан сөздү өзү ичинен туура көрүп, ойго келбеген сөз менен Гүлшатты таң калтырып салды. Гүлшат анын сөзүн угуп олтуруп, тиги жаңы үй сатып алган Бообекти ушундай бир чириген байдай элестетип, эми ал сөзгө келип, Бактыбай жөнүндө билгенин айтып берет болду бекен?-деген ойду ойлогонго жетишти. Сөздүн күчү билинбегени менен кандай күчтүү, болгондо дагы апыртылып айтылган сөздү адам баласы кунт коюп угуп, анын таасирине баш ийип калган дагы кездер бул жашоодо байма-бай кездешип турат. Ооба, өзгөчө эркиндикти колго алганы ушак сөз менен калп айтуу кадыресе көрүнүшкө айланганын жашырып болбойт. Эгер газетага мыкчыгерлердин бирөөнү жигине жеткизе жамандап жазып койсо, ал газета эки күнгө калбай сатылып кеткени эле адамдардын ушак сөзгө жакын экенинен кабар берип турбайбы. Анысысыңары Гүлшат дагы Кумаштын апыртып айткан сөзүнө ишенип, Бообекти ак үйдө иштеген министрден артык көрүп, ага жолугууну астыртан пландаштырып кирди. Ал турсун ага эмне белек берсем болот?-деп дагы ойлоду. Үйүнө келип жөн эле жоготкон буюму табылып калгандай сезилип, кыялданып дагы алган. Негизи эле аял заты куру кыялга тез жетеленип, чектен сырт ишенчээк дагы болот эмеспи. Гүлшаттын али эч нерсе боло электе эле бир нерсеге ишенип алганы, андан дагы али табыла элек буюмун күйөө баласынын көз алдында кызына тапшырып жатканынан бери кыялданып жиберди.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 17:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: