Саламатсынарбы!
Кыргыз тилинин билермандары,
мага экономикага байланыштуу макалдар керек болтат (акча жонундо, эмгек ж.б) Мисалы: Иштесен-тиштейсин деген сымал.
Экономикага байланыштуу макалдар которулган деле болот
#2 04 February 2015 - 10:56
Макалдар:
Акча тапкан бай эмес, акыл тапкан бай.
Эр эмгегин жер жебейт.
Акчалууга — базар, акчасызга — мазар.
Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун.
Соодагерде акча болбосо, сууда балык да болбойт.
Сарамжалдуулук байлыктан артык.
Соодагер санаасы менен байыйт, убайым менен карыйт.
Байлык - байлык эмес, бирдик - байлык.
Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын.
Адамды бузган — байлык менен бийлик.
Акчасы болсо, акмак да төрө.
Алтынды орогон менен жез болбойт, жибекти орогон менен бөз болбойт.
Алтын — күмүш таш экен, арпа — буудай аш экен.
Барчылык — жарашып турат, жокчулук — талашып турат.
Байлык бакыт эмес.
Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
дагы:
Сарт байыса там салат, кыргыз байыса катын алат.

#4 09 February 2015 - 15:47
Байлык - мурат эмес, жоктук - уят эмес.
Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.
Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#5 09 February 2015 - 19:08
Журоко жетчуу макалдар экен.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#6 10 February 2015 - 01:03
Акчаң болсо эркинсинң,
Акчаң жок болсо сен кимсиң?))) Күчтүү макал бекен
Акчаң жок болсо сен кимсиң?))) Күчтүү макал бекен
#7 16 January 2016 - 14:47
Байып кетуу аста-аста, кедей болуу бир паста .
Вазир жакшы-хан жакшы, премьер жакшы-президент жакшы .
Бетеге кетип бек калат, бектер кетип эл калат, президент кетсе эл калат .
Сынтакмай жок колумдан келгенин жаздым .
Вазир жакшы-хан жакшы, премьер жакшы-президент жакшы .
Бетеге кетип бек калат, бектер кетип эл калат, президент кетсе эл калат .
Сынтакмай жок колумдан келгенин жаздым .

Супер-Инфо
super.kg
видео