Жазын эми автор кутуп жатам.
Жашоодо менден башканын баары бактылуудай көрүнөт
#62 05 February 2015 - 12:40
Ошентип жашоо уланып жатты айылда апам жалгыз калганы эле болбосо акча бир аз топтолуп калды,апамды каалагандай кийинтип алтындарды алып берип жаттым.Бир аз болсода каалаган нерсесин алып каалагандай кийинсин деп жан талашып жаттым,ар бир звонок кылганда айтам убагында кыйналдык эми камокту иштетпен каалагандай басыныз деп.Бирок эне деген баарибир антпейт экен эканомдоп бир тыйынын ашыкча коротподу,биз жашаган корпустун жанында бир сотиктен ашыгыраак жер бар эле аны майда чуйдо эгин кылчу апам.Ошол жерге эккен пияз,картошка,
чеснок коп нерсе экчу экен апам байкуш ошол менен кыштан чыкчыбуз сатып жебей.Озу карайт эле биз анча мынча жардамдашат элек,ошол жерге уй салыш ниети бар эле апамдын.Мен мурда окмотто иштеген учун анан дагы мектептеги биринчи жигитимдин жакын досу айыл окмотко башчы болуп калган эле ошого чалдым,сурандым ошол жерди менчиктештирип тиги уйубуздун китебине кошуп берин деп.Эми анын документтери буткучо да бир топ бар эле ал жер ошол корпустун жери болгондуктан бир аз ойлонуп калышты.Эжем келгенинен анча иштей албай акыры катуу суук башталганча кетирип жибердим тапканымдын баарына апама керектуулорду алдым эжемди да бир сыйра керектуусун алып аны узатып кала бердим.Ошол боюнча эки жыл кыргызстанга барбадым акчаны салам апам качан келесин деп калды акыры ото сагынса керек.Келгениме эки жылдан да уч ай ашып калды эле гражданствого документ тапшырып бутуп анан барып келууну чечтим.Документ тапшырганда ото кыйналдым ошол мезгилде куйоом эч жардам бербеди,бир нерсе десем эле мени аралаштырба колумдан эчтеке келбейт дейт.Торолгондон баштап бут проблемаларымды озум чечип конгон адаммын,мен андан морально поддержка кутком анын да характери ото оор болчу.Турмуштун урушу да талашы да болду мен бардык кыйынчылыкка конуп баарын ичиме жутуп конгон адаммын.Сырттагылар учун мен бир бактылуу адам болуп корунсом керек сенде эмне проблема болсун деп калушчу,ичимде ээ силер менин ичиди бир эле кирип корсонор болот эле деп койом.Мени турмуш психолог кылып тарбиялап койду,менин озумдун ичим толо арман болсо ага кошумча кылып бут тааныштарым мага армандарын айтчу.Алар билген кенешимди берем,озумдун башымдан коп нерсе откондугу учун аларды тушуном.Менин бир жаман характерим бироого жашоодон наалып тигиним жок мунум жок деген слабый адамдарды жаман кором,жанымда бир сомум болбосо да бироодон даже куйоомдон акча сурабайт элем.Гордость слишком жогору болсо да болбойт экен.Жушка барам уйго келем ойноп кулгонго деле кызыкпаптырмын,
мен учун баары нельзя болчу куйоом ото катуу болгондуктан телефондо да эч ким менен суйлоштурбойт.
Мен учун бир гана туз сызылган жол бар эле саат сегизге жумушка барып саат ондо уйдо болуп калышым керек андан башка жолдон басканга укугум жок болчу.Мейли деп ага деле конуп калдым кафеде нарындык кыз бар эле менден эки жаш кичуу ошол экообуз подружка болуп алганбыз анын да турмуштан жолу болгон эмес куйоосу ойноп кеткен.Нарындыктар деле динден кабары жок болушат экен ага да коп нерселерди уйроттум,гусул дегенди намаз жонундо харам,халал дегендерди айтып тушундуром.
Ошентип экообуз ынак болуп кеттик эжелери менен тааныштырды.
Ошентип кыргыздардан да тааныш таптым ага чейин бут озумдун жердештерим узбечкалар менен гана мамиле кылчу элем.Куйоом ал кызды да жаман корот суйлобо деп урушат мен кулак салбайм,ал сен учун жаман болсо мен учун жакшы деп анын тарабыны талашып урушуп кетебиз.Ал кыз кыргызстанга кетти куйоосу барып кел деп чакырткан экен дагы бир жолу тагдырымды сынап коройун эже деп кетип калды.Менда ал кафеден чыгып кыргыздардын магазинине ишке кирдим,шефибиз Оштук болот жалан кыргыз кыздар иштейт кобунчо озунун туугандары кайын журту.Кийим кече сатылат чон магазин бир товар тизип,келген покупательдерге консультация берип жардамдашабыз.
Документим проблема болуп баштады паспортко тапшырганга аракет кылдым эки жылдан бери барып келбей подделка кирди чыкты менен журо бергем ал мезгилде ошондой болчу бут документти подделка жасатса болот эле.Дагы кирди чыкты жасатып ошол документ менен паспортко тапшырдым аябай коп чуркадым тапкан акчамдын баарын ошого иштетип койдум,бирок отту тапшырып бутуп анан кыргызстанга барып келууну чечтим эгер ошондо барып келбегенимде паспорт алып калмак экенмин аны кайдан билдим.Куйоом калды мени узатып новосибирге келгенимде бут эки жылда жасаткан кирди чыктыларымды ануляция кылып салды отуп кеттим.Барып апамдын жанында бир ай турдум апама эжем келгенден кийин айткан экен куйоом жонундо нааразы болду элден намыс кылып жатам сени тийди деп да айтпадым эч кимге деди.Апамдын создорун копко ойлонуп ажырашам барганда деп чечтим.Ошентип бир айдан кийин кайра жолго чыктым куйоом тосуп алды,эми жумуш издешим керек эле жанагы кыргыздардын магазинине барсам албады места жок деп.Мен кыргызстанга кетерде жанагы Нарындык кыз да куйоосу менен биротоло ажырашып келген эле аны да озумдун жаныма киргизип алган элем чогу иштеп жургонбуз.Ошол кызга айттым сураштырып тур места болуп калса чакыр деп.Ошентип уйдо отуруп калдым,келгенден кийин бир жумадан кийин паспорт столго чакыртты эле барсам жанагы ануляция болгон печаттарымды коруп калды да сразу протокол тузуп койду.Ошол жерде иштеген орус аялга баарын болгонун болгондой эле айттым бирок ким жасап бергенин айтпадым тааныбайм деп койдум.Эми сага паспорт берилбейт отказ болуп келет анан башка документ кыласын деп тушундурду.
Дагы кутмой башталды биротоло чечим чыгып келгичекти кутушум керек эле.Бир куну документ жасаган таластык кыз бар эле ошол чалып калды анын куйоосу да таджик болчу бир кызы бар эле.Сага бир кыргыз жигит таптым дейт неге менин куйоом бар азырынча мага эч ким керек эмес десем,азыр суротун жонотом бир корсон деп калды.Ммс кылып суротун таштады кордум обычный эле адам экен ошентип ал ммсти очуруш эсимден чыгып калыптыр.Бир кун куйоом иштен келип экообуз менин телефонумдагы суротторду коруп отурсак жанагы ммстеги сурот чыгып калды сразу башталды ким бул неге суротун сактап журосун деп.Тушундурдум кече ошол Гуля жоноткон эле деп аны тааныйт эле оло жини келип значит сенин ажырашыш ойунда бар экен тогда потихонька ажырашабыз дейт.Менин коктугум биротоло тутуп калды анда азыр эле ажырашабыз не кыласын отложить этип деп кийимдеримди чогулта баштадым,агасы кой деп мени токтотконго аракет кылат инисин урушат.Эми буга чейин деле коп урушуп талашат элек баарын кечирип тим койот элем бул созу чындап катуу тийди.Такси чакырдым да бир узбечка тааныш аял бар эле бала чакасы менен жашачу ошого чалып айттым ушундай болуп калды азыр барам деп.Келебер деп ал да тушунбой калды такси келгенге чейин бут буюмдарымды алып жообумду бер десем кийин берем жообунду деп болбойт жоок азыр бересин анан чыгып кетем биротоло дедим.Акыры айласы тугонгондо мейли бошсун деп койду,бирок сенден суранам жаман жолго кирбей намазынды таштабай жур деп кала берди.Чыгып кеттим такси келип жолдо ыйлап баратам озумду токтото албайм,бирде тагдырыма таарынып ыйласам,бирде озумдун коктугумо жиним келип ыйладым3,5-4 жылда жаманбы жакшыбы конуп калган экенмин озумду бир ээн талаада жалгыз калгандай сездим.
#63 05 February 2015 - 12:45
#64 05 February 2015 - 13:44
#65 05 February 2015 - 13:56
Кудай сакта,мен бир каапыра тийгиче ошол да жакшы деген мааниде айттым.А мен Кудай буйруса кыргызымдын эле жигитине турмушка чыксам деген оюм бар.
#67 06 February 2015 - 08:31
Ошентип ал эженин уйундо жашап турдум,выпечка жасап сатчу эле ага жардамдаштым кунуно толоп бермей болду.Квартира издеп жаттым эшикте -45 суук туну менен выпечка жасап чыгам кундузу кечке квартира издейм.Акыры бир жерден квартира чыгып калды бир кыргыз кыз бар эле ошол экообуз чыгып алдык,ошол кызды куйоомдукундо бут идиштерим калган болчу ошолорду алып келчи деп жонотсом куйоом он мин берип жибериптир.
Бир чети жиним келсе бир чети суйундум жанымда бираз эле акчам бар болчу ошентип квартирага толоп алдым,кундузу кечке иш издейм.Паспорт столдон решение чыкты отказ болуп келди эми документ да жок кайра чуркап патенттке документ даярдатышым керек,жумуш жок документ да жок куйоом да жок бир эле мезгилде баарынан ажырап калдым.Мен учун душевно больно болду намаз окуп туну куну кудайга жалынам бирок баары кайра эле артка кетет,баарынан конулум калды эч нерсе кылгым келбейт бир чекитти тиктеп отурам байкап корсом акылдан азчудаймын.
Ботон эл ботон жер ишенген арка бел болчу же атам жок же агам жок же куйоом жок документ канча таз а журуп таза турганым сайын баары артка кетет.Эмнеге мен мындаймын неге элдерге окшоп эле жашап кетпейм деп озумду озум жеп алдым,уйдо ойлонуп отуруп бир кызыктай болдум кулагыма бир нерсе угулгандай болду.Сразу ордумдан турдум эч жерим оорубайт сопсоомун бирок жан дуйном ооруп жатты,бутума да эчтеке кийбепмин тапочкачан устумо да эчтеке кийбепмин жука эле кофтачан башымда жоолук сыртка жонодум.Ойумда магазинге барып келем бат эле деп чыккам,эшикте -50 градус суук болчу бат баттан басып магазинге жонодум 50-60мерт аралык уй менен жолдо баратсам бир машина токтоп сизге жардам керекпи деп сурады.Тан калып карадым жок керек эмес дедим магазинге кирип эки пиво алып чыктым,уйго барып экоосун тен ичтим бир аз денем жумшаргансыды жатып уктап калыпмын.Ошондон кийин намазды да таштадым кундо кечинде пиво алып келип ичем жатып уктап калам.Кундон кунго бир аз женилдегендей сезем кайра чыйралып озумду колго алдым,жанагы кыргыздардын магазинине ишке чакырып калышты алар паспортум отказ болуп келгенин билбейт эле.Ошол жерде иштеп калдым ал жерде бир айча иштеп патент жасадым кайра рвп жасадым ошентип документ даярдап алдым кундор отуп жатты.Магазинге барсам кыздар менен алаксып калам уйго келсем эле башталат,куйоомду унутуш кыйын болду кочого чыксам эле караанын издейм машинасын издейм.Кокустан бир жерден машинасын коруп калсам жан талашып ичин карайм,нарындык кыз подружкам урушат болду унутунуз деп.Рвп менен иштеп жургом бир кун шеф айтып калды текшерип калса штраф салат деп калды.Дагы иш издемей бир тааныш эженин кызы салат сатып иштечу ошол чакырып калды,бир магазинде салат сатып иштеп калдым.Эми кошумча иш караштырдым тункуго эптеп озумду алаксытышым керек эле,фасовкага иш чыгып калды кундузу салат сатам туну фасовкага барам.Уктаганга 3-4саат эле убактым бар акырындап баары унутула баштады арадан 7-8ай отуп кетиптир,куйоом эч ким менен суйлоштурбогону учун дос кыздарым да жок болчу акырындап кобойо баштады.Алар менен суйлошом бир аз алаксыйм эки ишимде да шефтерим орустар жакшы адамдар.Бир кун салатка ишке чакырган кыздын апасы уйуно чайга чакырып калды бардым,апасы урушту мени бир жыл болойун деп калды унут эми тигини болду бутту баары деп.Ошентип унутушка аракет кылдым ал учун эч бош убактым болбошу керек деп чечтим.Ишке барам иштен чыгып ишке барам фасовка кылган магазинде туну саат 2ден кийин уктаганга уруксат берген уктайм алтыгаче кайра туруп магазиндин полдорун жууп тазалап койуп уйго барам кийим которгону ал магазинде бети колду жууганга шарт бар эле кээде кайра эле ишке келем.Ал магазиндин шефи биротоло эле ошол жерге ишке отуп алышымды суранды макул деп салаттан чыгып эми бир сутка магазинде продавец болуп иштейм калган кундору фасовкага ишке келем.Куну туну ошол магазинде жашап калдым,бир жумада 2-3жолу эле уйго барам кийим которгону.Жашоо кызыксыз максат эптеп кун отсо кечкирсе тан атса болду.Мен озум иштеген жерге жакын тааныштарымды ишке тартам кийин алар озумо душман болуп чыгышат дайым ошондой болот.Жанагы Нарындык кызды да озумо тартсам ал кийин мага душман болуп чыкты мейли дедим кудай бар билсемда билмексен болуп суйлошуп журо бердим.Бул магазинге да салатта иштеген кызды чакырдым ал фасовкага келди мен суткада турганда ал мага шерик болуп фасовкада турат.Кийин бул да озумо душман болуп чыкты.
jpg]
#68 06 February 2015 - 09:11
Адам зат бироо менен жашаган мезгилде анын жаман жактарын гана корот турбайбы бактын колунда турса бакытты сыртан издейт экенсин.Ажырагандан сон бир гана жакшы жактарын гана эстейт экенсин ошол эн адамды кыйнаган сезим болот турбайбы.Мен ушул жашоого келип бактылуулук деген создун маанисин тушунбодум кандай адамдар бактылуумун деп эсептешет экендеп эле кызыгам.Мен омур бою эле баарына козум куйуп жашап келем,адамда бир кем дунуйо болсо менде баары кем.Артымда ишенген адамым жок апам байкушту кыйнагым келбегендиктен бардык нерсеге озум чуркайм.Уйдо эркектин ролу менин мойнумда апамды эжемди багышым керек аларды камсыз кылып турушум керек.Кыргызстанга барганда уйдо бут эркеке таандык жумуштарды кылам,кээбирки озуну эркек деп билген эркектерден озумду ойдо койом.Себеби турмуш ошого уйротту уйдо плитка,разедка,
утюг ушуга окшогондор куйуп калсада озум ондойм.Устачылык бузулган эмне болсо тузотмой менден башка ким кылат атам,агам болбосо сыртка чыгып суранат белем бироого.Талаанын жумуштары,тигуучулук,
шырымайлар баары менин мойнумда эжем тамак жасагандан башка эчтеке колунан келбейт.Жанагы жерге да токтом чыгарышты апам чуркап журуп эми ал жерге уй салышты пландаштырдык,
ал мезгилде 100минден ашык эле акчабыз топтолгон экен.Ошону менен баштаганга ойлонуп калдык тобокелге салып баштадык.Фундаментти баштадык бардыгы тан калышты кантип деп озубуздун туугандардан уста салдык бир тууган бололорум эле туну цемонттон урдашат экен аны апам байкап калып туну эсептеп койуп жатса эрте менен бир мешок жок экен.Мейли дедик биздин акыбызды жегендер онбой калат деп унчукпай эл катары акчаларыны колуна карматып койдук.Фундаментти 1м 80см кылдык себеби 2сотик жерге чон уй батпайт эле ошентип уйду баштап алдык фундамент бутту эми кузундо устуну тургузмай болдук.Менин келгениме да бир жылдан ашып калды ишим ойдогудай эптеп озум кийбей жебей ичпей тапканымы уйго чыгарам.Личный жашоомдо бир бала пайда болду аны менен телефондо жазышып агенттен бир аз алаксып куйоом унутула баштады.Аял заты бироо учун жашашы керек экен бул дуйнодо эненин баланын куйоонун орду башка башка болот турбайбы.Жашоомдогу пайда болгон бала мени кайрадан жашоого алып келди,жузумо кулку аралап бир аз озумо конул бура баштадым.Такыр эле озумду таштап карабай койгон элем.Антип минткиче эле куз да келди уйдун устун баштадык апам мен жоноткон акчаны айландырып жургон экен ошол коп жардам берди болбосо уй салалбайт элек.Уйдун дубалы тургандан кийин устун жарканда акча тугонду.Эми ойлонуп кантип бутуруп алабыз деп баш катты,бир эки жыл мурда апам чуркап журуп бир участка алган элек 4сот.Ал бир айыл жогору анан эл аз жашаган жер эле ал жерге уй салганга апам конбоду,конгон эле жерге салабыз деп туруп алган.Биз ээн талаада киши аз жерде жашап конгон эмеспизда коопуста баары жакын жакын жашаганга конуп калганбыз.Кээде апам уйдо жалгыз калат эле ошого ал жака конбоду уй салганга.Ошол участканы саттык анан корпустагы уйубузду саталы деп чечтик,мен апама аны ким алат эле деп ишенбедим.Бирок биз билбеген менен жашоодо уйсуз жургондор ото коп экен тез эое талаш болуп кетти уйубуз мен алам дегендер кобойду.Акыры бир кошуна кыздын апасы алмай болду куйоосу жок Казакстанда иштеп жургон экен уйу жок апасынын колунда жашап журуп кыйналган экен сразу эле жарым акчасын которуп келди.Кызы да суранып апама эле сатыназдар деп калды апамда анын апасына боору ооруду озунун откоргон кундорун элестетип,анан ошол аялга саттык.Ошентип уйдун ичи тышын калган ремонту ошол акча менен бутурууну пландаштырдык.
Келгениме эки жыл болуп менда барып келууну чечтим.
#71 08 February 2015 - 18:49
Жумуштан кол бошобой жатат жазганга аракет кылам биротоло бутургонго,
алдын ала кечирим сурайм.
#73 10 February 2015 - 10:30
Кыргыстанга кеттим бардым уйду коруп аябай кубандым бирок толук бутуруп кирип жашай турган мезгилди элестетиш кыйын эле.Эми кантип бутуробуз деген гана ой,бирок апамдын аборотунда айланган акча жакшы киреше берди.Кеч куздо барган болчумун уйду коруп бираз конулум которулуп калды,усту жабылган ичини эле бутурсок болду.Ар барганымда тиги Москвадан уйлонуп алган жигитимди коруп турчу эле уйго келип учурашып кетчу коп аракет кылды чакыр жанына мен да барам деп.Бирок апамда каршы болуп туруп алды анын акчасы жок эле мен толоп турушумду суранган болчу,апам карыздары коп сен акча салсан ал ошолоруна беретда барбайт деп болбоду.Билбейм канча алда аракет кылды мен деле аракет кылдым паспортторуну военный билеттерине чейин алып келип таштап кетип журду.Ал мени кутту качан билет алып чакырат мени деп же менда катуу чыгынып аракет кылбадым,апамда ар нерсени айтып жолумду тосуп туруп алды,ошого кээде туруп ойлоном ата эне деле баласынын бактысына жолтоо болгонун билбей калат окшойт.Мен эч кимди куноолой албайм балким тагдырым ушундай болсо керек,мен тандаган адамга дайым апам каршы чыккан.Канча аракет кылды барам мени алып кет же чакыр деп азыр окуном балким чакырып алганымда башкача болот беле деп.Ал экинчи жолу да уйлонгон узбечка кызга уйлондургон апасы андан да азыр уч бала калды.Мен барганда же эртерээк келсе не мен бир ай турдум эртен учам деген куну туну келиптир козумо бир башкача корунду,ошол элес коз алдымда калды.Чыктым бир аз суйлошкондо эле апам жини келип уйго кир неге келиптир деп урушуп туруп алды,негизи апамдын характери да жаман эле билбейм турмуштун оорлугу татаал тагдыры адамды ошондой даражага жеткирсе керек.Канчалык журокто сагыныч болгону менен экообуз дарыянын эки жээгинде турдук,мен ушул мезгилге чейин аны унутуп анын ордун басчу жигит таппадым.Ошол тунку он минуталык суйлошуубуз ушинтип омур бою арман болуп калышын билгенимде,
бутун дунуйо каршы болсо да озум менен кошо алып кетмекмин.Мен эртеси эртеменен учуп кеттим кайра сибирге бул жакта кыш болчу келип дагы баягы эле кыйынчылыктар.
келгенден кийин катуу ооруп калдым бул жолу грипп катуу тийди.Ооруп температура болуп тамагым бутуп жотолуп жатсамда жумушка барам бекер отурсам мага ким акча берет эле деп.Келгенден кийин Токтогулдук бир дос кызым бар эле ошолор менен чогу жашап калдым,ооруп жатасынбы олуп жатасынбы эч кимдин иши жок.Мен кичинекейимден бироодон жардам кутпой озум менен озум алышып уйронгондуктон анча деле капа болбодум.Мен негизи боорукер,бир сомум ашыкча болсо жок адамга бере койгон улууларды ото урматтап копчулук мезгилде унчукпай калчу эле,журогумдо канча жара айыкпаган бутпогон болсо да кыргызстанда жургондо шайыр алып журчу элем озумду.Мени Россиянын -50-60градус сибири оздоруно окшотуп тондуруп алды,жашоодо бироодон жылуу соз жакшы мамиле корбогон жаным биротоло мээримсиз болуп озгордум.Адам затка колумдан келсе жакшылык кылчу элем аны да билген бар экен билбеген бар экен.Мейли дедим кудай билсе болду ар келгенимде россияга бардык иштерим аркага кетип кыйналам,бул жолу да ошондой болду аябай эле кыйналдым.Озум ооруп дайындуу ишим жок кыйналып журсом апамдар уйдо эжем экоосу урушуп кетишиптир эжем смс жазып калды мени чакырт деп,аябай жиним келип акча салдым да телефонума апама чалдым.Бут ичимдегини айттым жок дегенде силер уйдо тынч урушпай бири бирибизди сыйлап жашасак болбойбу,учообуз элебиз бул дуйнодо.Бизге эч ким куйбойт ишенген эч кимибиз жок деп ыйлап да жаттым айтып да жаттым.Мени деле ойлогула кичине болсо да суукта журом озум ичпейм жебейм эптеп тапканымы топтоп силерге салганга аракет кылам деп,нормальный питание кылбай журуп иммунитет тушуп кеткен менде.Адамда сабыр деген нерсе да тугонот окшойт мен акыры бардык положениямды айтып тура турган болдум антпесен сени бир туугандарын даже апанда тушунбойт экен.Кээде апама айтам сиз менден сурап корунузчу жашагын келеби деп бир секунд жашагым жок бардык нерседен тажагам сиз учун гана журом дедим бир жолу дагы жиниме тийди эле.Мен ото кыйналып жатсамда эч кимге айтпайт болчумун баары жакшы деп эле койчумун корсо антпей айтып турган жакшы экен.Ошентип келгениме бир а дан отуп калган болчу декабрь айы эле бир кун жумушта товар тизип жатсам телефонума кыргызстандын номеринен звонок келди ноомер таныш эмесбизде саат тогуз болчу анда кыргызстанда саат танкы торт же беш болот болчу.Алсам тиги жигитим Москвадан уйлонуп алган суйлоштук бир аз жумушта болгондуктан кечирээк чалчы суйлошолу э деп койгонго мажбур болдум эгерде акыркы жолу экенин билгенимде суйлошпойт белем шашылбай эле.Ошол бойдон чалбады кечинде да куттум жок эртеси эртеменен апам чалды бир нерсе айтсам ыйлап сыгылбайсынбы деп,жок айтыныз десем кече туну тиги жигитин о дуйно салыптыр дейт.Журогумдо дагы бир чоон жара пайда болду апам суйлоп жатканда эле суйлой албай калдым унум чыкпай калды буулугуп ыйладым,жумушта болгондуктан ичимдеги бугум чыкпай калды.Эх арман дунуйо экообуз эки жакта бири бирибизге жетпей журуп ал 30жашында кете берди.Мен азырга чейин ишенбейм арадан 2-3жыл отсо да мен учун ал туболук тируу болуп жашай берет.Олгондон кийин коп тушумо кирет тушумдо мени машинасына салып экообуз бир жака баратып эле анан ал жок болуп кетип журду,олгондон кийин 2жума кунуго тушумдон кетпей койду ошол мезгилде эки жолу жыланач бут денеси саргарып кеткен болуп кирди акыры апама айттым.Апам эгер андай болсо мен документтерин апарганча апасына барып куран окутуп сурап келем деп калды.Олгон кишини жууган адамдарга ошол адамдын кийимдеринен бербесе о дуйнодо кийимсиз калат деп айтышат экен,денесинин саргарып кеткени олгондо же асынып алган же атасы уруп эле олтургон деген версиялар журчу кыйналып олгон дегенди тушундурот экен.
#75 10 February 2015 - 20:14
Ии эжеке аябай эле кыйналыпсыз(((Азыр кайдасыз,ден солукта болун.Аллахым сизге бакыт берсин.
#76 11 February 2015 - 04:16
Сиздин баянынызды окуп отуруп саат 4 болуп кетиптир го. Сиз баардык кыйынчылыктарды ойлонуп, туура чечип келипсиз да, турмушка чыгаарда бир аз шашып койгон окшойсуз. Буга чейин эч кимдин жардамына муктаж болбой эле журуп.именно ошол убакта неге бироодон жылуулук издегиниз келди экен. Жигитиниз уйлонуп алганы учун убакыт отсо да ушинтип оч алдыныз бекен?
Жакында бир эже менен таанышып калдым. Жаш кезинде суйуп -куйуп эле турмушка чыгыптыр. Бирок балалуу болушпаптыр. Куйоосу торобойсун деп токмоктойт экен. Кочодо баратканда мени бир аз алдыраак бастырат да, кочодогу эркектер карап койсо тиги сени неге карады деп ошеерден тепкилет салат дейт. Акыры ажырашып Москвага кетип калдым дейт. Аякта иштеген 2-3 кыргыз бала менен жердеш катары мамиле кылып журсом, бир кун "кордоп" коюшту дейт. Майдалап жазсам темада провакация журуп кетиши мумкун. Кыскача айтканда кыргыз балдардан аябай конулу калыптыр. Кыргыздарды коргум келбей качып калган экен. Кийин турк жигитине турмушка чыгып учурда, Туркиянын Ван шаарында жашайт экен. Документ иштерим менен келдим. Кайра кетем,бактылуумун дейт. Оозум Ошту карап чакчайып эле карап калыпмын. Озу да тушунду окшойт кулуп коет.
Ошол эжени сизге окшотуп эстеп кеттим. Кайда болбонуз бакыт нуру сизге чачырасын. Ийгилик!
(Анан мырзалар келип кыздарга асылып, ызы чуу болуп кетпегиле
. Мисал учун жаздым, бул окуяны.)
Жакында бир эже менен таанышып калдым. Жаш кезинде суйуп -куйуп эле турмушка чыгыптыр. Бирок балалуу болушпаптыр. Куйоосу торобойсун деп токмоктойт экен. Кочодо баратканда мени бир аз алдыраак бастырат да, кочодогу эркектер карап койсо тиги сени неге карады деп ошеерден тепкилет салат дейт. Акыры ажырашып Москвага кетип калдым дейт. Аякта иштеген 2-3 кыргыз бала менен жердеш катары мамиле кылып журсом, бир кун "кордоп" коюшту дейт. Майдалап жазсам темада провакация журуп кетиши мумкун. Кыскача айтканда кыргыз балдардан аябай конулу калыптыр. Кыргыздарды коргум келбей качып калган экен. Кийин турк жигитине турмушка чыгып учурда, Туркиянын Ван шаарында жашайт экен. Документ иштерим менен келдим. Кайра кетем,бактылуумун дейт. Оозум Ошту карап чакчайып эле карап калыпмын. Озу да тушунду окшойт кулуп коет.
Ошол эжени сизге окшотуп эстеп кеттим. Кайда болбонуз бакыт нуру сизге чачырасын. Ийгилик!
(Анан мырзалар келип кыздарга асылып, ызы чуу болуп кетпегиле
~Мечта - аванс успеха ...~
#77 11 February 2015 - 10:40
Тушумдо болсо да ээрчип кетууго даяр элем,мен учун кыргызстанда озуно тартып турчу адам эми биротоло жок.Ал мени менен болбосо да тируу журсо болмок акыры жолугушуу коз алдымдан кетпей калды,адам олоруно жакын ушинтип жакшынакай болуп озгоруп калат окшойт.Анын мурзосун олгонун оз козум менен корбогон учун ал мен учун тируудой эле сезилет.Ошентип жаз келип кайра уста салып уйду бутурдук биротоло бир гана забору калды кичине тойчо кылып апамдар кочуп чыгып алышты.Эч эле элестете албай озубузго озубуз ишенбейбиз чындап эле уйубуз буттубу деп,эжем апам байкуштардын мээнети болду мен талаалап эле акчадан жардам кылдым.Эми уйбутту сенда келип озундун кесибин боюнча иште деп апамдар чакырышты,ойлонуп коруп кетким келди даярдандым биротоло кеткенге.Анча мынча топтогон нерселерди тааныштарга таркаттым да билет алып учуп кеттим,бардым жаны уйго кирдим башкача бир сезим болду аны соз менен суроттоп жазып бере албайм.Эжем экинчи жолу да турмуш курган болчу андан бир баласы бар(жазбай кетиптирмин) ал апам учун чон белек болду уйдун эркеси ото ширин,барып эле аны которуп алып ойнотом чогу журом машиналарды алып барам.Мени аябай жакшы корот.Эми забор кылып кышкаче тосуп алышыбыз керек,азыр заман тескери болуп калган акчан бар уста жок.Акыры бир свашикке жалынып очиретке жазылып журуп чакырдык,ал да 10-15кундо келди ага жардамдаштык эжем экоосу зобордун тугуно фундамент куйушкан экен жарымына келгенде кетип башка жумуштарын бутуруп келип кайра улантты,Апам материал ташыйт кунуго тунике,профил цемонт дегендерди,
бир таш ташып шагал ташып раствор кылып фундаментти айлантып куйуп чыктык.Анан устунуно туникеден эле забор кылмай болдук ал озу жалгыз болгондуктан ага профил кесишип тунике кармашым самарез катырышып эптеп 3кундо бутуруп алдык.Эми уйдун айланасын истяшка кылыш керек устабыз сваршик болгондуктан мен кылалбайм дейт ээ биз жардам беребиз дедим эптеп аны кондуруп керектуу нерселерди апам апкелип ага бир жаны сопог сатып келип берди.Ага жакшы тамактарды кылып берип аябай карайбыз себеби ишибизди кылып берип жатат бекерге эмес эл катары алат ошентсе да сыйлайбыз,ар кимден сурап журуп истяшкага растворду кантип кылышты уйрондук ошого карап эле даярдадык жерди тегиздедик учообуз анан эжем раствор даярдайт тиги ташып берет мен истяшканы озум тегиздеп чыктым.Ошентип 2кундо аны да буттук эми забор да бутту коргону бар болсо жакшы болот экен жыргап эле калдык.Эми мага иш издеп баштадык келгениме бир айдан ашты иш табылганча деп отун кылып бердим апамдарга баарын жыйнап кышка даярдап койдук.Иш табылды частный поликлиникадан ночко барып стажировка кылдым райондо эле кунуго барып келмей,барибир оз кесибинде иштеген жакшы бирок айлык ото аз смена 400сомдон экен жолкиреден сырткары 300сомго иштейт экенмин.Апам мейли иштей бер дейт бирок сибирдин акчасын коргон адам 5минге чыдабайт экенсин,жоок мен кетем кайра деп туруп алдым.Ошол мезгилде сибирдеги начальницам чалып келесинби деп калды барам деп ага соз бердим эртеси эле билет алып бир жумадан кийин учуп кеттим.Бул жолу келип бир аз женилирээк болду квартирам бар эле женский общягада жашайт элем аларга да чалып места сурап койгон элем туура эле ошол жака келдим,эртеси эле ишке чыктым.Аял киши учун бул жашоодо бир аз да болсо внимание керек экен бироонун жакшы созу ошол адамды эстеп ойгону ошол адам учун озунду жакшы алып журуу дегендей.Менде андай экинчи жашоом жок эле,2014 жыл жаны жылды да откордук.Досторум болгону менен алар менин чыныгы лицомду коргон эмес,алар учун мен эн бактылуу эч проблемасы жок адам катары сезилем.Мейли бир тарабы ошондой элестеткендери деле жакшы,кээде туруп мага эс уйротчу кишилерда чыгып калат кулкум келет эх адамзат деп койом.Жаны жылдан кийин бир тааныш эже айтып калды сен качангаче ушинтип журосун озун учунда жаша деп бир жигит менен тааныштырам мени менен чогу иштейт деп калды.Мейли дедим номеримди беиптир чалды суйлоштук киного чакырды бардым,биринчи суроттон коруп бири бирибизди жактырган эмеспиз.Жакшы кино экен биринчи части эле болду экинчисин кутуп журом аябай жакшы кино экен эле.Ошентип ортобузда роман башталды башында таанышканда торт аял алгам ар биринен бирден кызым бар деген болчу,жашын да жашырып айткан эмес.Кандай деп айтсам негизи ото жакшы бала ак конул,боорукер,
ото ширин суйлогон.Менин жан дунуйом ушундай сезимдерге муктаж болчу,мен артка кете албпдым озумду андан алып кача албадым.Акырындап анын жалганды ото коп суйлогону,ото шустрый экенин сездим телефонун бекитип алчу значит бир нерсе жашырып жатканын да билдим.Бирок деген жери бар эле эркектер биринчи аял кишинин сезимдери менен ойношоор алдында кичине болсо да озунун катасын сезсе жакшы болмок.Мейли башында баарын ачык айтып бергенде мумкун башкача болмоктур менда озумду ошол нерсеге настроилабы.
Тунукуну чалып не болду кантип атасын не жейсин курсак кантти деп турса адам эмес ит болсода конуп алмак деп ойлойм,а мен адам элем болгондо да аял киши элем ал менин жашоомо глубоко кирип менин сезимдерим менен ойношту.Акырындап анын катыны менен жашаганын просто таарынышып жургонун билдим менден уч жашка кичине экенин дагы да коп жалгандарын билдим.Ошондой болсо да анын бут кемчилдиктерин,
жалгандарын кечирдим мен аны жакшы коруп калган элем.Башынан эле коп айтып журдум мага эле эмес эч кимге жалган суйлобо элдин ишеничинен чыгып каласын деп.Уйронгон адат олгондо гана калат экен.Мен анын создоруно ишенбей калдым ошентсе да журокко,конулго буйрук бере албайт экенсин аны жоготушту каалабадым.
Кудайга нааразы болдум эмнеге мага мендик болбогон адамдарды жолуктурасын эмнеге мени кыйнайсын бул сыноолордун чеги барбы качан бутот деп дагы канча чыдашым керек,эмнеге бир гана мен.Айланамды карасам баары эле бактылуудай корунот биринчи турмуштан жолу болбосо да экинчисинен бактылуу,ата энелери агалары туугандары баары бар.Бир гана мен артымда тироочу эч кимим жок.Кудайга апамды бергенине да шугур кылам.Менин дуйнодогу бут барлыгым,байлыгым,
менин жашоомдун манызы бул менин - АПАМ.Ушунусунада шугур.Ал бала менен суйлошуп чогу бактылуу кундорду убактылуу болсо да откоруп журо бердик,болду бутту сен жалгагчысын менин жашоомдон чыгып кет деп канча айтсамда кайра эле келип алат эч нерсе болбогондой.
Анын ушул характери да жакчу урушуп талашсанда канча каприздеримди болсо да кечирет кол силкип менин семьям бар сен ким элен деп кетип калса болмок бирок билбейм ал да анте албады.Экообузду эч ким тушунбогон бир сезим байлап турат.Менин документим бутуп калып кыргызстанга барып келмей болдум билет алып учуп кеттим,барганда деле суйлошуп турдук кунуго бири бирибизсиз секунд жашай албай калган элек.Ал да менин артымдан 20кундон кийин келди кыргыстанга.
Келгенден 2-3кундон кийин менин уйумо барды экообуз айландык апамдар менен таанышты аны мейман кылдык,экообуз чогу анын квартирасына бардык эртеси чогу чыгып шаар айландык ошондо да мен аялым менен жашап жатам деп ачык айтпады.Ошентип мен кайра келип иштеп баштадым эми мурдакыдай болбой уй бутуп конулубуз тынчып калган тапканыбыз жеп ичкенге кенири жетип эл катары жашап калдык.Ал бала да менден кийин бир айдан кийин келди мага суйлобой эле койсо болмок эгер башкача пландар менен келсе,эми ортобуздан жакшы да жаман да кундор отту анын баарын подробна жазганга духум жетпейт.Кыскасы азыркы кундо ал аялы менен мен жургон шаарда жашайт,мени менен да связын узгон жок узо албай жатабыз.Бул мен учун эн чон удар болду стрестен эми чыктым бир аз озумо келип калдым,бирок жашоого болгон кызыгуу биротоло жоголду.Азыр максатсыз,келечекке деген умутсуз жашап калдым,менин жан дуйном алданып калды.Мен бул адамды канчалык жек корсом ошончолук жакшы да кором эмнеге экенин озум да билбейм,ал айтып калат экообуз учун суйуу кечигип келди деп.Ушунчалык бут ааламды жек коруп калдым бул жашоодо эмне учун мен учун эч кандай жакшы кун жок.Мен да элдерге окшоп эле жонокой бактылуу,суйуктуу жар болуп жашагым келет.Менин жан дуйном,журогум бытчыты чыгып сынып кеткен сыяктуу аны топтоп оз оз ордуна койуп жамасанда барибир мурдакыдай болбой кемтик болуп калды.Адам бардык нерсени которот экен мен акыры бул нерсени да жендим аны озумдун жашоомдон чызып салдым.
#79 11 February 2015 - 11:02
Азыркы мезгилди жалгыздыктын кучагында откоруп жатам,ушунчалык тажадым жашоодо бут баарынан мени кармап турган эле апам.Эми бир аз жашоодон рахат алып жашап жаткан апамды кайгыга салгым келбейт.Дагы деле сибирдемин кыргыстанга кетким жок,эми кудайдын айтканындай болор.Эч ким жок жакка кетким келет.Адам затынан конулум калды.

Супер-Инфо
super.kg
видео












