урматуу форумчулар бул теманы ачуудан максат озумду мактап бирону жамандоо эмес. Анан да бул менин ички сезимдерим.
Тушунуп окууп ой болушсонуздор.
Алдын ала терен ыразычылык.
Ата Эне омурдогу эн чон бакыт. Ал бакытты кадырлай албаган замандаштарыбызда толтура. Ошол замандаштардын арасында мен да болгом. Азыр ата энемен ото алыстамын. Аларды аябай сагындым. Кундогудой иштен келип. Уйдогу урушка туш болдум. Орусия да иштеп жургон ата бала урушуп жаткан экен. Киришпедим атасын баласы ото капа боло турган создорду айты. Биро менен ишин эмне дебесин деп унчукпадым.
Ал киши эликтен отуп калган аксакал киши. Арадан бир нече кун откон сон уй алдында жолугуп калдым. Кызып калган экен мени жанына чакырып. Арманы менен болушту. Жалгыз уулум эч бир нерседен кем кылбадым. Окуутум кийинтим ичирдим. Убагында акчаны чачып журду. Апасы кооп жыл мурун оорудан отуп кеткен. Кыздарым оздору менен оздору. Балам уйлонгон сон озгорду. Аял десе ичкен ашын таштаган неме болуп чыга келди. Жанагы куну да ошол келинимдин айынан уруш болду. Аны сага айтсам жамандагандай болом. Ушул убака чейин уйлонбодум.
Балам учун жашадым. Карыганда мындай мамиле куткон эмес элем. Бул сырымды эч кимге айткан эмес элем. Бир сага айтып жатам. Сен бир кыйла токтонуп акыл калчап калган жигиттей коруносун. Ата энен барбы деп сурады мен бар экенин айтым. Коп жакшы кенешин айты. Кооп кун отпой ал киши бул дуйнодон отту. Баласы кайгырган кайгырбаганын билбейм. Угушумча адатагыдай уруштан сон тышка чыгып кеткен экен. Эмне болуп олгонун так билбейм. Себеби кызыкан жокмун. Ал киши кандай абалда каза болбосун баласын кечирди деп ойлоп калдым. Баласы атасына мээрим тогуп карай албаганына окундубу окунбодубу билбейм анысын. Ар кандай ушак кептер болду. Корбогон сон аларды бул жерге жазуу адамгерчилике жатпайт деп ойлойм.
Ата эне сен торолгондо суйунгон. Сенин ар бир жетишкендигин учун кубанган. Сен ыйласан кошо ыйлаган. Ар дайым сенин тилеген адамдар. Алардын ар бир мунот баласы кызы эсинде , ойюнда . Алар эн жакшы адамдар. Алар эч качан сага жаман нерсе калабайт. Буга ишен. Озум кандай гана иштер менен ата энемди капа кылганымды эстеп кыжалат болуп ойлондум. Мен ото кооп ката кетирипмин.
Алдыда ал каталарымды кайталагым келбейт. Кунумдук тиричилик деп журуп ата энеме да чала албай калган учурларым жашоомдо кооп болду. Ата эне баарынан кымбат деп айтуу кыйын эмес. Ошол кымбат нерселерди асырап абайлап, сыйдап отту кыйын нерсе. Айрым адамдарга тушунбой кетем. Кече гуну танышып уйлонгон аяалын ата эненден кантип кымбат болсун? Сен кандай ойлойсун ушул турабы? Апан сен учун канча уйкудан калып карап чонойткон бир кун эрте ойготуп койсо ошону кантип которо албайсын? Акчаны мен таптым дейсин. Сен акча тапканча сен учун Ким акча таапты?
Ата-энем - аска-зоо тирегим ата эне жана бала
#2 04 February 2015 - 20:00
Кана эле эми баарыбыз, ата -энебиздин козу барда сыйлай журсок. Ата-эне эн кымбат, дуйнодогу эн бийик аска-зоо, жолоноор таянаарыбыз.
Ата-эне жонундо канча жакшы создорду айтсак да , бардык нерсени алдына уйуп койсок да аздык кылат. Ата-эне канча кыйынчылыктар менен бизди ушул эрезеге жеткиргенин,
биле албасак керек. Ата-эне кадырын, озум эне болуп тушунуп жатам. Мен балдарыма чалып , алардын унун угуп , ыйлаган кундорум коп болгон. Куду ушундай эле ата-энем менен суйлошсом,"
кызым эмне ичип, эмне жеп атасын" деп ар дайым эле кабатыр алып , берилуучу суроолор."
Сиздин тамагынызды сагындым"
- десем, созсуз Апам коз жаш кылат. Мен 2-3 баланын энеси болсом да, ата-энем учун кичинекей эле кызмын.
Анан да чет элде журуп, ата- энемин кадырын коп жолу эле сездим. Ата-энелер бар болсунчу! Оорубай биздин жакшы кундордо , тордо балпайган таята , таене, чон ата , чон эне болуп, кеп кенешин берип , ден соолуктары чын болуусун , жаратканымдан кундо дуа кылам.
Баарыбыз ата-энелерибизди сыйлайлычы. Башка нерсенин баарын тапсак болот. Ал эми ата-энелерибизди эч кайдан таба албайбыз.
Ал эми тема боюнча, ал дагы ата болот. Ошондо атасына кылган мамилесин, созсуз баласынан корот. Бул деген кайтаар дуйно!!!
Анан да чет элде журуп, ата- энемин кадырын коп жолу эле сездим. Ата-энелер бар болсунчу! Оорубай биздин жакшы кундордо , тордо балпайган таята , таене, чон ата , чон эне болуп, кеп кенешин берип , ден соолуктары чын болуусун , жаратканымдан кундо дуа кылам.
Баарыбыз ата-энелерибизди сыйлайлычы. Башка нерсенин баарын тапсак болот. Ал эми ата-энелерибизди эч кайдан таба албайбыз.
Ал эми тема боюнча, ал дагы ата болот. Ошондо атасына кылган мамилесин, созсуз баласынан корот. Бул деген кайтаар дуйно!!!
#3 04 February 2015 - 20:36
Мен дуйнону апам менен тааныгам,мен атамды жыттарынан тааныгам. Деген ыр эске тушту окуп. Ата-энем болбосо мен азыр жок элем,канча соз айтсакта кем.,ата эне учун. Эх кайтар дунуйо дейт,кайтат бир кун.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#4 04 February 2015 - 20:49
Чынында мен дуйнону апам менен таанып, атамдын меериминен таныгам. Еми аларсыз,бул тааныган дуйно да кызыксыздай.
. . ата енелер ар дайым омуру узун болсо, еки дуйнонун бактылуулугун Аллахтан насип етуусун сурайлы.
#5 04 February 2015 - 22:01
Ата- эне жонундо создордун асылын терип жазсак да жетишсиз. Атанын мээримин корбогон сон атанын кадырын билбедим го. А апам дуйнодогу эн эн кымбат адамым. Жакынкы кундордо эле апам ооруп калды, тез жардам чакырсам ар кайсы шылтоону айтып келуудон баш тарттышты. Кудайга жалынганым ай ошондо, Кудай тилегимди кабыл кылды. Балким сыноодур да деп койдум. Ушундан баштап апам мен учун баардык нерседен бийик тураарын тушундум. Деги эле апалар оорубасынчы,
кулуп жайнап эле арабызда журо берсинчи. Апамды ушунннчалык суйом соз менен дагы эмоция менен да айтып жеткизе албайм.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 04 February 2015 - 23:57
бир киши атасына жыгачтан идиш жасап ошого тамак салып береткен .бир кун караса озунун кичинекей баласы жыгачтан идиш жасап атыптыр аны коргон киши баласынан эмне кылтасын деп сураптыр баласы сизге жасап жатам дептир сиз дагы чон атама окшоп карыганынызда ушуга тамак салып берем да дептир.Бир киши атасы карып калганда кереги жок эми деп кудука таштаганы которуп барып таштайын дегенде атасы сен дагы бир кун ушул жерге келесин дептир баласы тан калып неге дептир атасы мен дагы атамды ушул жерге таштап кеткен элем дептир баласы аны угуп атасынан кечирим сурап кайра уйуно алып келиптир .балам балалуу болгондо билесин деп ушуну айтса керек
#7 05 February 2015 - 01:20
Кээче кайнежемдин баласы келиптир бойдок маалда суйлой берет экенсин уйлонгондо башка болуп калат экен дейт. Аялымдан коркпой деп козун тиктегенде озумду жоготуп койом деп кулдурду
#8 05 February 2015 - 03:02
mani, теманы өз бөлүмүнө ачып жүрүңүз!
Тема жылдырылды.
Тема жылдырылды.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#9 22 January 2016 - 21:20
Кудайдын ар бир пендесинин журогуно ыйман тилейт элем, ар бир пенде ата-энесин козу барда сыйлай журсун .

Супер-Инфо
super.kg
видео











