Суперстан: Арзан баанын азгырыгы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арзан баанын азгырыгы Бердикожо Бийназаров

#141 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Бүйрай эне эмне болуп кеткенине дале болсо түшүнө албай, кызы Маржан экенин билбей эле:-Ой, бул кайсы кыз, нары жакка алгылачы, өзүм эптеп басып жүргөндө-деп, кучактаган кызын, өзүнүн боюнан алыс түрткөндө Маржан, экинчи жолу:-Апа, сени көрөр күнүм бар экен!-дегенде гана анын үнүнөн таанып, Бүрай эне кызын кучактаган калыбында катып эле туруп калды. Эбак көзүнөн аккан жаш бетин жууп, кызын бирөө алып кетчүдөй коё бербей, нес болуп калган. Үнү чыкпай, колу кызына карышып, ушул күндү кандай азап менен күткөнүн ушул турган турпатынан билгизди. Бери жакта карап тургандар даап жакын келе алышкан жок. Эх, сагынычтын күчү. Экөө бирин-бири кучактап, катып калган гана адамдардай эч кыймылга келген жок. Бул көрүнүш карап тургандардын көздөрүнө жаш толтуруп, аларды дагы кыймылсыз абалга такады. Апасынын жытын изгеп, ушул бойдон катып калгасы келген Маржан, эсин жоготуп баратты. Ал эми Бүрай эне бир нерсе деп кобуранды, бирок үнү чыккан жок. Көзүн бекем жумуп алган Бүрай эне үчүн, кызын кучактап турган ушул турпаты, муз болуп тоңуп калган мөңгүдөй, көзгө абдан сүрдүү көрүндү. Алгач Дүйшөн кыймылга келип, Бүрай энеге жакындап:-Апа, үйгө киреличи,болду эми сөзгө келели деп айткан сөзү, жөн эле абага айтылгандай таасир берди. Булар минтип тура берээрине көзү жеткен Дүйшөн агасына келип:-Жусуп байке, ушунтип эле тура беребизби? Үйгө киргизели- дегенде, Жусуп үнсүз башын гана ийкегенге жарады. Дүйшөн бул аракетинен эч майнап чыкпасын билип, Акманбекти кошунасынын үйүнө чуркатты:-Акманбек, Бердике байкелерди чакырып кел, бол тез. Минтип тура беришсе, бир нерсенин ичинен чыгышат. Үйгө киргизип, олтургузалы жок дегенде. Баарынан дагы апама жаман болду, тикеси менен туруп. Акманбек кандай кетсе ошондой кайра келди. Үйдөгүлөр туруп, сыртка чыгышканы менен даап, эне менен кыздын жанына жакын жолой алышкан жок. Каныш кыймылга келип, үйдү ирээтке келтирип, ички үйгө калыңдап төшөк салды, эки киши олтура тургандай кылып. Аңгыча эле Бердикелер келип алар дагы бул көрүнүштү көрүп,көздөрүнө жаш алды. Бирок дароо эле экөөнө жакын келе алышпады. Аялы Жумакүл кадимкидей шолоктоп ыйлап алган:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Баккан балаң менен куруп кал! Мен ушуну күткөм, экөөнүн жолугушуусунан. Ботом үйгө киргенден кийин деле жолугуштурбайт белеңер! Болгула эми эненин буту талып кетти го?-дегенде гана Жусуп кыймылга келип:-Маржан коё берчи, үйгө кирели!-дегенде Маржан апасын бирөө колунан жулуп кетчүүдөй коё бербей, кайра тырышты. Бүрай эне бул дүйнөнү унутуп койгон. Кызынын бир кездеги жытынан изгеп, ушул күндү көргөнүнө ыраазы болуп, кызынын мойнунан колун чыгарбай, алсыз үнү менен:-Өзүңөр үйгө кире бергиле! Бизге эмне тоскоол болосуңар! -деп айтты, бирок бул сөздү эч ким уккан жок. Ал сөздү кайран эне кандай күч менен айтса дагы ичинен гана айтылгандай таасир берип, карылуу колдор колун, кызынын мойнунан бошоткондо Маржан кыйкырып жиберди:-Апамды эч кимге бербейм, коё бергиле!-деп. Булардын оюна койсо керээлди күнү кечке тура берчүдөй. Аңгыча эле кошуналар биринин артынан бири келип, эшиктин алды кишиге толуп кетти. Бердике Бүрай энени, Дүйшөн Маржанды бири-биринен ажыратып, үйгө көтөрүп кирип, калың төшөккө олтургузганда экөө кайра бири-бирине бой ташташты. Он жылдан ашык убакыт эне менен кыз ушул күндү, ушул жолугушууну кандай гана азап менен күтүшпөдү. Бир кезде экөөнүн баштарына жаздык жөлөдү эле экөө кучакташкан бойдон жатып, уктап кетиштиби же дале бири-биринен сагынычтар тарай элекпи, эч сөзгө келбей жата беришти. Ара чородо келген кемпир кезектер бир нерселерди айтып, көңүл жооткоткон болушту. Ал дагы эч таасир бербеди. Жусуп бир улакты садага чаап, ырым кылды. Кечээ жакында "кызыбыз өлдү" деп куран окутуп жатканына күбө болгон эл угуп алышып, баары келишти учурашканы. Бирок бирден чыны чай ичип эле кайра кетип жатышты. Доктор келип экөөнүн колдорун кармап, тамырларынын согушун текшерип, ийне сайуу үчүн аракет кылды эле бул дагы эч таасир бербеди. Аңгыча эле сөзү курч, берки көчөдө жашаган Капаш карыянын кемпири сырттан кирип келип эле Маржанга бир тийди:-Ай, кыз, өзүңдү аябасаң дагы алы кеткен энеңди аяп койсоң боло! Сени ушунча жыл күтүп, дарманы кетсе, эми минтип сен анын калган алын кетиргиң келип жатабы? Сен го жашсың дегенде гана, Маржан апасын мойнунан колун бошотуп: -Апа, чай ичиңиз-дегенде Бүрай кызын кайра кучактап:-Апа деген тилиңден. Мен эми аркы дүйнөгө кетсем дагы арманым жок. Сенин тилиңди угуп, көзүңдү көрдүм. Ушул күндү күтүп жашап келбедим беле!-деп, эми гана тилге келип, үнүн чыгарып ыйлады.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Бул эненин көз жашы карап тургандарды кайра жашытты. Маржан эми өзүн колго алып, келген кишилер менен кучакташып учурашып, анан кайра энесинин жанына олтурду. Тасмал жайылып, кайнаган самоор сырттан киргенде, Маржан бир кезде апасына чай кайнатып берген самоорду көрүп алып,дагы көзүнө жаш алып:-Самоордун чайын эле эмес, самоордун өзүн сагындым. Апам экөөбүз бул самоор менен маңдай тескей олтуруп алып, түгөнгөнчө чай иччү эмес белек. Бүрай эне кызынан көзүн албай, көзү тойбой карай берип чай деле ичкен жок. Ортодо ар кандай сөздөр айтылып, Маржан кайда жүргөнү жөнүндө үстүртөн айтып берди. Аңгыча эле келиндер жасап жиберген ысык тамак алдыга келди. Маржандын табити тамакка деле тарткан жок. Апасын жетелеп сыртка чыкканда, сыртта күтүп турган айылдын эркектери менен учурашты. Баягы көзүнө жаш көрүнгөн кишилер сакал коюп, карылыкка кадам таштап калгандарына баам салып, "адам артын карап карыйт"- деген сөздүн маанисине ушул саам баа берди. Баарынан дагы апасы чын эле карылыкка моюн сунуп калганына, анын кыймылы абдан эле жай тартып, денесин бырыш басканы Маржандын көңүлүн чөгөрдү. Апасы менен сырттан киргенде учурашканы Жаныштын апасы келип калды. Ал абдан берилүү менен учурашып, сөзүнүн арасында:-Я, Маржан сен абдан көп кишини бушайманга салдың, деги аман-эсен барсыңбы?-деп сурап, сөз арасынан учкай билгизди "балам сени алат элем -деп күтүп жүрүп кеч үйлөндү"- деген сөздү. Бул кишинин айткан сөзүнүн төркүнү кайда жатканын өзү гана түшүнүп:-Ушул сиздердин көзүңүздөрдү көргөнгө сүйүнүп турам. Азыр ушул заманда дагы караңгы жашаган кишилер бар экен-деп, сөз өңүтүн башкага бурду. Мен тарткан кыйынчылыкты душманыма дагы каалабайт элем. Кыскасы, мен силерди көргөндө баардык башыман өткөргөн кыйынчылыктарды унутуп,ушул бактылуулу күндү көргөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезип жатам. Маржандын ар бир айткан сөзү чын ниеттен айтылган үчүн, көпчүлүктүн көзүнө жаш тегеретип, көп деле суроо берилген жок. Бул күн айыл эли үчүн чоң жаңылык менен коштолуп, илгери аскерден келген балага учурашып келгенсип, элдер сырттан учурашып келип, Маржандын бетинен сүйүп, өз каалоолорун айтып жатышты. Бүрай эне күндөгүдөй элден бөлүнбөй, кызын жанынан карыш жылдырган жок. Бир кезде көзүн алайтып:-Я, кызым, гана, баягы мен берген шакек? Эмне аны жоготуп жибердиңби? !-Мен сага катуу эскертпедим беле, колуңдан чыгарба!-деп. Маржан ушул суроо берилбесе экен деп, ичинен тилеп турган болучу. Маржан эч сөз айта албай кыйын абалда калганда Каныш:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Апа, ал шакек жоголгон жок, азыр алып келип берем. Баятан бери эмненин эле унутуп жатам десе-деп, берки үйгө кирип, кайра тез эле шакекти алып чыгып, Маржанга берди. Маржан кудум ушул шакекти мындан канча жыл илгери курбу кызы Жаңылга бербеди беле. Эми минтип үйүнө, болгондо дагы энесинин колуна кантип түшүп калды билбей, ага башы жетпей, көргөн көзүнө ишене бербей, кайра колуна такты да, анан ушундай бир таң калыштуу көз караш менен карады, Канышты. Каныш көзү менен гана билгизди "анан айтып берем, апам укпасын"- деген сөздү. Бүрай эне кызына эркелегендей карап:-Кызым, аманатты аткар, бей чеки колуңдан чечсең, сени кырсык тооруйт. Бул айткан сөзүмдү көңүлүңө бек түйүп ал. Сен дагы кийин кызыңа бергендей бол. Ал дагы жоготпосун. Бул айтылган сөздүн чындыгы бар экенине Маржан абдан ишенип калды. Дароо "Жаңыл алып келип берген го"-деп ойлоду. Кечинде Бүрай эне эрте эле жатып уйкуга баш койду. Ошондо дагы Маржанга катуу эскертти:-Кызым, мени менен бирге жатчы. Кусалыгым сенден тарабай жатат дегенде Маржан:-Апа, сөзсүз сиздин жаныңызга жатам, азыр мен бышып жаткан тамакты күтүп, туугандарым менен чер жазышып сүйлөшүп алайын. Кечке үйдөн киши өксү болбой,сүйлөшкөнгө дагы убакыт болбоду деди. Бүрай эне башын ийкеп, макул экенин билгизди да, жатып алсыз болгон үчүн тез эле уктап кеткенде, Маржандын биринчи эле берген суроосу бул болду:-Эне, бул шакек сиздин колго кантип келип калды? Мен азыр дагы жооп таба албай турам. Эмне муну менин курбу кызым Жаңыл алып келип бердиби?-дегенде гана Каныш образга кирип, болгон окуяны айтып берди. Ал турсун "өлдү" деп куран окуткандарын да кеп кылып, сөзүнүн аягына чыкканда Маржан кайра көзүнө жаш алып, шакекти караган тейде:-Анда Жаңыл курбум жок турбайбы, бул жашоодо. Шакек анын колунда болучу. Карасаңар? Толгондон шакекти Акманбек байкап калганын. Сөз ушул жерге келгенде сыртка машина токтоп, үйдөгүлөр дүрбөп эле калышты....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Гүлшат, уйкудан ойгонгондо күндүн нуру эбак эле жерге тийип, жалган шашке болуп калган. Дароо эле оюна Шатман келди. Бул күн, өзү үчүн дем алыш күн болгон үчүн жылуу төшөктөн турбай бир топко жатты. Анткени кечинде Шатман телефон чалып, шефине айтып койгон "эртең ишке чыкпайт"- деп. Түндө болгон окуяны эстеп, мыйыгынан күлүп, чын эле аз убакыт ичинде Шатманга берилип калганын моюнга алды. Ал турсун аны сагынып, ага жолугууну ичинен купуя эңседи. Таттуу кыялга батып жатып, көп нерсени ойлогон Гүлшат дагы канча убакыт жатат эле ким билет, сырткы эшик кагылып калды. Ордунан элпек туруп, сыртка чыгып келатып:-Келе жатам, бул ким?-деген болду да анан эшикти ачып, бей тааныш эки жигитти көрүп, коркконунан өңү бузула түштү. Дароо кечиндеки буюм эсине келди. Аны бекем жерге катып койбогону үчүн, ушул аз убакыт ичинде өкүнгөнгө дагы үлгүрдү. Эки жигиттин бири документтин көргөзүп:-Эмне үчүн чакырганда өзүңүз келген жоксуз? Тезирээк кийинип чыгыңыз, сизди күтүп калды дегенде гана жүрөгү ылдыйлап, кечээ милиция чакыртканын эстеп, шашпастан кайра суроо узатты:-Эмне иш менен мени чакырып жатат, дайынын билсем болобу?-деди эле алиги жигит:-Сиз Бактыбай деген кылмышкерди тааныйсызбы? Ошол кишинин соту болуп жатты эле, көргөзмө берип койсоңуз-дегенде, Гүлшат шашып:-Макул мен азыр чыгам. Анын жүзүн көрө албай канча издедим. Бетин гана тилем, ал уурунун-деп, калдастап үйгө шашып кирип, алгач эле кечиндеки буюмду бекем жерге катып, кийинип чыгып келе жатып, кызына телефон чалып "сөзсүз кечке маал өзүң кел, айта турган сөзүм жана аманатым бар!"-деп жообун күтпөстөн трубканы коюп,сыртка чыгып, машинанын салонунан орун алды. Жүрөгү башкача согуп, "Бактыбайды көрө турган кез да келет экен"-деп, ичинен ойлоп, өз оюу менен алаксып кантип келди билбей калды. Келсе, сот жаңы эле башталып, сурак жүрүп жатыптыр. Баягы Бактыбай жок. Ал Гүлшатты көргөндө эле уялып башын жерге салды. Ар кандай сөздөр козголуп, сөз кезеги Гүлшатка келди. Судья суроо менен кайрылды, алгач Гүлшатты ордунан турушун өтүнүп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Макешова Гүлшат сиз Бактыбай Булеевди тааныйсызбы? -деди эле Гүшат:-Тааныбай анан, мен муну издеп канча жүрдүм.-Эмнеге издедиңиз эле?-Бул бала мындан бир топ жыл илгери менин үйүмдөн иштеп жатып, таянемден калган баалуу буюмдарды уурдап кеткен болучу. Ал буюмдар мага аманат катары калтырылган. Бул сөздү укканда Бактыбай карандай танды эле Гүлшат ал буюмдар табылды. Жакында эле Бактыбай саткан үйдүн чердагында катылуу экен!-дегенде Бактыбай башын жерге салып,күнөөнү моюнга алды. Гүлшат сөз арасында:-Бактыбай, эгер сен көчөдөн жолуккан болсоң,бетиңди гана тытат болчумун. Мен ал буюмдар үчүн канча санаа чегип, сени канча жерден издедим. Азыр ал буюмарды таап, ээсине берип жаным жай алды-деп, сөзүнүн аягын алдоо менен бүтүрдү. Мунун себебине кечинде айткан Шатмандын берген кеңеши түрткү болду. Чын эле анын дайынын билип калса, кимдир бирөө бирөөлөрдү жалдаса, дагы кайра алып кетиши толук мүмкүн эле. Сот залында Бообек дагы болгонун Гүлшат, соттон чыккандан кийин билип, аны менен жакшы маанай менен учурашты да, кечээ алып кеткен буюмдар жөнүндө эч кимге айтпоосун өтүндү. Бообек бул сунушту туура кабыл алып:-Эже ал жагынан кабатыр болбоңуз. Кечинде сиздер кеткенден кийин, Сыйнат сизди абдан жактырып калыптыр. Катышып алалы деп кайра-кайра айтты. Гүлшат жылмайып:-Анда бүгүн кечинде конокко келип кеткиле, мен барып даярданайын. Кызымды дагы чакырып койдум эле, бирге конок болгула-деп, дарегин айтты. -Шатман байке дагы келеби?-деп күтүүсүз суроону бергенде Гүлшат, Шатманды эстеп, болор болбос кабагын түйүп:-Ал Росияга кетти. Аны кийин деле чакырып алам, силер келгиле сөзсүз!-деп шашыла басып жолуна түштү. Бообек,базарга барып, эки сааттай соодада болуп үйүнө келе жатып, маршуруткага түшкөнү баратып, базардагы чөнтөкчү баланын капчыгы түшүп калганын көзү чалды да, аны байкатпай алып алды. Аңгыча эле бир аял кыйкырып келе жатканын көзү чалды. Тиги аял айылдан келгенин сырт келбетинен эле билип, алдын тороп:-Эже сизге эмне болду?-дегенде. Толугунан келген ал аял:-Иним жардам берип койчу. Жашабагыр, алиги жаш бала сумкамдан капчыгымды алып кетти. Кап! Кызымдын себин алайын деген акчам бар эмес беле!-деп, абдан капа болуп алганына боору ооруп:-Эже, унчукпа, анын чөнтөгүнөн түшүп калды. Бул капчык беле?-деди, ээн жакка ээрчитип келип. Баягы эже жөн эле сүйүнүчүндө чек жок:-Я, айланайын, сен муну кантип алганга үлгүрдүң?-деди. Бообек дагы эскертти, колу менен белги берип:-Ал бала билген жок, эже чөнтөгүнөн түшүп калды, калдастап баратып. Эгер менин жаман оюм болсо, эч кимге билгизбей алып кетет элем го?Айымкан бул айтылган сөздү жөндүү көрүп:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 14:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Ыракмат, айланайын, өмүрлүү бол! Жаңы эле эмне деген гана ойду ойлоп келе жаттым эле, ырас болбодубу! Коё турчу, ырымын кылайын, балдарыңа бир нерсе алып барып бер! Эгер сен таап албасаң, сен айткандай башка бирөө деле таап алмак. Буйруктуу акча экен. Ылайым бактылуу бол!-деп алкап жатып, капчыгынан миң сомдук бир купюраны алып чыгып, Бообектин колуна карматып, чекеси жарыла сүйүнүп, жолуна түштү. Нары жактан аны менен чоогу келген аялдар аны тосуп алышып, чоң балээден кутулгандарына сүйүнүп, кайра базарга кирип кетишти. Жөндөн-жөн эле миң сомдуу болгон Бообек акчаны алганына эмес, тиги аялды сүйүнткөнүнө ыраазы болуп, жолун улады. Үйүнө келсе аялы Сыйнат огороддон эски буюм таап алганын айтып, аны көргөзүп калды. Бообек ага анча деле кызыкпай, чөнтөгүнө салып койду да анан:-Сыйнат, бол кийин, балдарды алып конокко бармай болуп калдык. Кечээки эже келип калгыла дегенинен, иштен эрте чыктым-деди эле Сыйнат сүйүнгөнүн жүзүнөн билгизип, балдарын шаштырды. Ушул кезде Бообек чөнтөгүнө салган алиги буюмду жакшылап карап, жалпак өгөө менен четин өгөлөп көрүп, анын нак алтын экенине байкады. Эч кимге билгизбей үйдүн ичине катып койду да, даяр болгон үй-бүлөөсүн ээрчитип, жолго чыгып эле такси кармады. Торт жеп көрбөгөн балдары жолдо баратып торт алабыз деген сөздү угушканда "дагы торт жейт турбайбызбы" -деп сүйүнүп, бирин-бири карашты. Балага эмне таттуу болсо болду да. Андан дагы кудум-шудуму жок элеттик балдардын болгон тилеги шаардык балдардай жогоруну эңсебей, болгонуна каниет кылганы анык. Айтылган кезде дарекке келген Бообек дарбазаны какты. Үйдөн Гүлшатка эле куюп койгондой окшош кыз чыгып, ооз учунан учурашканда Бообек:-Гүлшат эже үйдөбү?-дегенде, кыз башын ийкеп:-Ооба, кириңиздер! -деп сылык мамиле жасады. Аңгыча эле Гүлшат үйдөн чыгып, кабагы ачык:-Келгиле, үйгө киргиле!деп, Сыйнат менен өбүшүп көрүштү да, анан колун жаңсады. Жаңы гана тасмалдын четинен орун алган кезде, үйдүн телефону чырылдап калды эле Гүлшат алып:-Угуп жатам!-деп, Шатман экенин билгенде:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Азыр келип кал! Бообектер дагы келишкен. Азыр силердин көзүңөрчө кызыма баарын тапшырып берип кутулуш керек болуп калды-деп, бир топко сүйлөшүп, анан трубканы коюп:-Шатман экен. Бүгүн самолёт учпай калыптыр. Росияга эртең кечинде кеткени калышыптыр. Калган сөздү анан өзү келгенде угабыз-деп, баштагыдан кабагы ачылып, өзгөчө Бообекке сыр алдырып койду. Сыйнат үйдүн ички жасалгасына көз жүгүртүп жатып, эч нерсени байкабай калды. Бир чыныдан чай алдыга келгенде, Гүлшат кызы менен тааныштырды да анан, кызына карап:-Баягы жоголгон буюмдарды бул байкең менен эжең таап беришпедиби. Буга чейин кызына эч нерсе айта элек болучу. Жоголгон буюмдар табылганын укканда Айпери сүйүнүп:-Апа, чын элеби? Кана анан, эмне мага айткан жоксуз?-Аны сага булардын көзүнчө айтайын дегем. Азыр дагы бир байкең келет. Ал келсин анан сага көргөзөм. Сага айта турган сөздөр дагы бар!-деп, сөзүнүн аягын кыска бүтүрдү. Арадан жарым саат өтпөй Шатман дагы келип калды. Аны менен кошо үйгө шаттык кошо кирип, олтуруштун шаңы чыкты. Тамак бышканга чейин не бир түркүн сөздөр сүйлөнүп, ал ортодо Гүлшат баягы бумдарды кызына көргөзүп. Ага тапшырды, болгон окуяны айтып. Айпери буюмдарды кызыгуусу арта карап:-Апа, сизге ыракмат. Сиз айткандай мен буларды ушул калыбында кызыма тапшырам! -деди эле Шатман:-Кызым, бул абдан ыйык буюм. Жолдошуңа көргөзбөй сакта. Эркектер анча-мынчаны көңүлгө албайбыз. Эгер бир кыйынчылык болсо "сатып жиберели" деп чыгышы мүмкүн. Алдагы буюмдар жүз миңдеген долар турат. Ыйык болгон үчүн Бактыбай бул буюмдарды сатып жибере алган эмес. Таза жана бийик жерге сакта. Турмушта өйдө-ылдый болот. Канча кыйналсаң дагы сен аманатты аткарып, кызыңа бер. Ошондо гана сен оор жүктөн кутуласың! -дегенде гана Айпери өтө эле жоопкерчиликти моюнга алып жатканын билди. Сөз арасында Гүлшат:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Мен сага бул буюмдарды күйөө баланын көзүнчө деле берип коймокмун. Бирок, Шатман байкең айткандай кийин ушул буюмдун кесепети тийип, экөөңөр жаңжалдашып калышыңар мүмкүн болмок. Билесиңби, бул буюмдардын бар экенин сенин атаң дагы билген эмес. Билсе, биз баягы кыйналган кезде ал дагы "сатабыз" -деп чыгат болучу. Айпери туура айтылган сөздү муюп угуп, буюмдарды катып алууну биричи планга койду.Сөз-сөзгө уланып, эмне болуп ыр кесе башталып кетти эч ким билбей калды. Сыйнат унчукпай олтуруп, ыр кесе келгенде ырдаганда, анын үнүн угуп алышып абдан таң калып калышты. Андан дагы ырдын мазмууну менен обону, ырдагандагы Сыйнаттын үнү кошулганда, чымын учса угулгандай абалда боло түштү, үйдүн ичи. Кол чабылып, суроолор боюнча кайра ырдатышты. Элеттик келинде мынчалык өнөр бар экенин эч ким билбейт эле. Келишкен үнү менен Сыйнат эми даана Гүлшаттын купулуна толуп:-Сыйнат мен бир атадан жалгыз кызмын. Эми мен, сени сиңди кылып алайын. Биринчиден жоголгон буюмдарды сен таап, тазалап, колума тийишине чоң салымыңды коштуң. Экинчиден сенде эч кандай жаман ой жок экенин кечээтен бери байкадым. Үчүнчүдөн ар бир келин эле кайын ата менен кайын эненин көңүлүн таап, алардын батасын ала бербейт. Төртүнчүдөн Бообектин жакшы сапатынын баарына сенин салымың бар. "Жакшы аял эркекти көкөлөтүп өстүрөт, жаман аял жакшы эркекти жок кылып жиберет"- деген кеп бар. Сенин жакшы экениң, эч үн дебей айылда калып карыларды, балдарды бакканың эле эмне деген бийиктик-деди эле Сыйнат мыйыгынан күлүп:-Эже көп мактабасаңыз, аңгектен ары секирип кетип, мени таппай калбагыла?-деди эле, бөлмөнүн ичи күлкүгө толо түштү. Бул олтуруш Айпериге дагы абдан жакты. Эки балага мультФильм коюп берип коюшкан. Алар телевизордон көздөрүн албай, бир орундан жылбай олтурушту. Тамак алдыга келгенде оңдой берди болуп Айперинин жолдошу дагы келип калды, машинасы менен. Эми тасмал дагы бир кишиге толукталып, олтуруш баштагыдан кызыды. Сыйнаттын үнүн уккан Мадияр, таң калып калды да:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Эже, дагы бир ырдап коюңузчу. Сиздей үнү таза, укулуктуу ырдаган эч кимди көргөн эмесмин деп, болбой беш жүз сом берди. Сыйнат уялып жатып акчаны алып, кадимки Мыскал Өмүрканова ырдаган ырды созуп, жигине жеткизе ырдаганда, Шатман миң сом берип:-Өмүрүңдү берсин. Ушундай ырчы бар экенин мен Мадияр айткандай билбептирмин деп, абдын ыраазы болду. Сыйнат өнөрү бааланганга кызылы-кызыл, агы-ак болуп, жүзү нурданып чыкты. Бул күнү да түн ортосуна чейин олтурушуп, анан тарашты. Мадияр Бообектерди үйүнө чейин жеткизип койду. Эртеси Бообек, Сыйнат таап алган бумду алтын алган жерге өткөздү, Өскөнаалыны жанына ээрчитип алып. Ал буюм ушундай бир жогорку сапатта болгон үчүн, ойдогудан өйдө акча болуп берди. Бообек ал акчанын отуз пайызын досуна берди эле ал акчадан кыйналып тургангабы абдан ыраазы болду. Үйүндө Анара кабагы салыңкы олтурган "дагы досу менен кетти"-деп. Түш оогондо келген Өскөнаалыны, Анара урушуп кабыл алды:-Бообектин эле үйүнө кирип алсаңчы. Эл сыяктуу кыйратып акча таап келген күнүң качан болот!? Айылдан апам келип, ооруканага жатыптыр. Дарыга акча керек болуп жатат! деди. "Бүгүн акча таап келгиле"- деп айтыптыр. Өскөнаалы сөздү угуп болуп, эч нерсе болбогондой: -Канча акча керек экен?-деди эле Анара:-Беш миң сом. Барып Бообек досуңдан сурап кел. Берет болду бекен? Анын үйүн "тазалашам" деп эле канча күндү ал жакка кетирдиң? Өскөнаалы чөнтөгүнөн он беш миң сом алып чыгып:-Мына Бообек досум берди, эки күн жардам бергеним үчүн. Сен бир нерсени байкап сүйлөп жүрчү дегенде, Анаранын оозу жап эле болду. Өскөнаалы келгенге чейин Бообектин дарегине кандай гана жаман сөздөрдү айтып, аны каргабады беле. Эми минтип ойго келбеген акчаны бергенин көрүп алып, Анара өзүнүн кандай адам экенин билди. Андан дагы Сыйнат өткөндө эки жилик эт берген, "айылдан келбедимби" - деп. Обу жок оолугуп алып, жини кагылган бакшыдай олтуруп эле калды. Өскөнаалы көз карашы менен билгизди "өзүңдү кара, сен кимсиң, Бообек ким"-дегенди.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Бар апаңа керектүү акчаны жеткизип берип кайра тез келип кал. Бообектер кечинде кафеге чакырышты "кыйналып турганда жардам бердиңер эле"-деп. Бул сөздү укканда Анара акчаны алып:-Ушуга эле ыракмат дебейт белең? -Алар экөөбүз эмес да. Бай, бай эмес, пейили кенен киши бай. Баягы чердактан табылган буюмдун ээси табылып, алардын үйүнө конокко барып, Сыйнатты ал аял сиңди кылып алыптыр!-Анан ал аял көп акча бериптирби? -деп сурап жиберди эле Өскөнаалы:-Мына көрдүңбү? Сенин жада калса ойлогон оюң дагы жакшы эмес. Ал буюмдун көрүндүгүнө жүз доллар берип, үйүнө коноктоп, алар эжелүү болушуптур. Кечээ Сыйнат огородун жыйнаштырып жүрүп, эски буюм таап алыптыр. Аны бүгүн Бообек экөөбүз өткөздүк. Болбой мага ушунча акча берди. Эгер сен ал буюмду таап алсаң, мага дагы көргөзбөй өзүң эле барып акча кылып алат элең. Мен муну менен эмнени айткым келет, сен Бообек досума карата оюңду эле оңдочу. Алардын бизге карата ойлору таза болгон үчүн, тапкандарын тең бөлүшүп жатышат. Баягыда төрт жилик этинин эки жилигин бизге бергенинен эле сен жакшы аял болсоң билмексиң, алардын бизге карата ниеттери таза экенин. Мен сезип эле турам, мен келгенге чейин эмне деген гана сөздөрдү, Бообек менен менин дарегиме айтканыңды. Анара уялып калбай:-Болдучу эми кечке эле досуңду мактай бербей. Сенин аларга кылган жакшылыгың өткөн үчүн ушул ишти жасап жатышат, анын эмнеси бар экен.-Анара, сен сөздүн тереңине көңүл бурчу. Ошол эжеси берген жүз долларды Бообек, Сыйнатка "апаңа берип жибер десе, Сыйнат каршы болуптур. Жок биринчи табылгабызды сенин ата энең ооз тийсин, чыккан кыз чийден сырткары деген кеп бар, менин апама бере турган балдары бар, апам менден эч нерсе үмүт кылбайт"- деп болбой коюптур. Сен бул акчаны атамдын келгенине бир апта болду, алгач сенин атаңа ооз тийгизели деп айтсаң, менин көңүлүм өсүп калат эле го. Сенин эле байкең менен жеңеңдин абалын бизге салыштырчы. Агаң Россиядан келгенде сен кыйкырып жатпадың беле "тапкан акчасын алгач атам менен апама ооз тийгизбей, кайын журтуна жумшайт"- деп. Анара, деги байкап сүйлөп жүрчү, сенден өтүнүч. Сын таккандан кийин,аны сен өзүң кайталаба да. Бол эми тезирээк апаңа барып кел, ал киши дагы сүйүнүп калсын, күйөө балам акчаны таап бериптир деп, сөзүнүн аягын жумшак бүтүрдү эле, Анара сүйүнүп үйгө кирип кетти да, анан кийинип алып жолго чыкты. Жолдо карата өзүнүн кандай адам экенине калыс ой жүгүртүп, бул кылыгы башы менен кетээрин билип, өкүнүп баратты. Апасы акчаны Өскөнаалы таап бергенин угуп:-Жанагы менин балдарымдын колунан эч нерсе келбей калыптырбы? Ушул күйөө балача жок алар "кайын журту келсе берет да" деп албуутанганда, Анара кабагын бүркөп:-Апа, Өскөнаалы деле бир апта илгери келген атасына эч нерсе бере элек, бирок, сизге бербедиби. Ага эмне капа болосуз. Азыр бийлик аялга оогон. Анара кайра үйүнө келе жатып өзүндөгү жаман сапатты апасынан байкап, күнөөнү эми апасына оодарды. Бирок ар кимдин дээринен экенин билген жок....
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Машина менен келген адамдар чоочун адамдар болуп чыгышты. Алардын чоочун экенин укканда эле Маржандын кабагы бүркөлө түштү "Шайилдин кишилери болбосо экен"-деп. Бир чети ушунча туугандары туруп, аларга салып бербес деп, кайраттанды. Сырттан келген кишилер Маржан менен учурашкан соң, орун алып олтурушту да, анан улуурагы сөз баштады:-Кызым, биз сенин табылганыңды алыстан угуп келдик. Биздин дагы кызыбыздан али дайын жок. Балким чогуу болуп жүрбөгүлө. Тирүү болсо издейли, өлүк болсо үмүтүбүздү үзөлү деген ойдо, сенден дайынын угуп кетели деп келдик. Менин уулумдун досу орган тарабында иштейт. Ал айтыптыр, он жылдан ашык убакыт дайынсыз жоголгон кыз менен бирге кыздар табылды, барып сурап көргүлө, балким билип калышы мүмкүн?-дегенинен улам келдик деп. келген жөндөрүн айтты. Маржан кабагы салыңкы, үнүн жапыз чыгарып:-Аты ким эле кызыңардын? - дегенде алиги киши ушул эле суроону күтүп тургансып, шар жооп берди:-Жаңыл болучу. Инистутта окуп жүрүп жоголду. Калган сөз Маржандын кулагына угулган жок. Жаңы эле анын өлгөнүн угуп олтурбады беле. Маржан ыйлаганда эле келген кишилер бир нерсени байкап, жооп күтүп калышты. Маржан тээ бир топто гана:-Жаңыл экөөбүз абдан ынак дос элек. Бир группада окуп, бир бөлмөдө жатчубуз-деп, болгон окуяны жигине чейин жеткизип айтып берип, анан көңүл улап, тигилерге сунушун айтты:-Балким ал Жаңыл болбой калышы мүмкүн. Сөөктү каздырып, текшертип көргүлө. Мага дагы шакек табылганда үйдөгүлөр куран окутуп коюшуптур, "мени өлдү" деп тыянак чыгарып. Албетте үйдөгүлөрдө деле күнөө жок. Анткени мен тагынып жүргөн шакектин табылганы, ошол ойго түрттү да. Бул айтылган сөз менен тигилердин үмүтү жанып, "конуп кеткиле"- десе болушпай, кайра шаарга Бообектин үйүн көздөй жөнөштү. Таң эрте Бообек таңкы наарга олтурганда, эшигин чертип келип калышты. Бообек учурашкан соң, аларды үйгө киргизди. Таңкы тамактын үстүнөн чыгышкан тигилер, бирден чыны чай ичилгенде гана келгендеринин жөнүн айтышты эле Бообек көңүлдөнүп болгон ишти айтып берди да, ак кепиндеп койгондон кийин гана үйүнө тынчытк өкүм сүргөнүн кобурады. Болгон окуяны жигине чейин угуп, Молдош карыя:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Эми уулум, сен бизге алиги жаш кыздын сөөгү коюлган мүрзөнү көргөзүп коюп, ишиңе бара бер. Биз анын сөөгүн текшертип аныгын билели. Эгер ал биздин кыз болуп калса, анда сага ыракматыбызды айтабыз. Болбой калса,жолубуз менен кетебиз деди да, ордунан турду. Бообек мүрзөнү көргөзүп коюп.,базарга жөнөдү. Эртеси баягы кишилер бир кой салып келип, Бообектен өтүнүштү:-Сөөк биздин кызыбыздыкы болуп чыкты. Эми биз сөөктү ордунан козгобой эле ушул үйдөн мал союп, куран түшүрүп коёлу деп келдик. Макул болсоң үйүңдү бир күнгө бер деди эле, Бообек дароо макул болуп:-Керек болсо жылда келип тургула. Баса жакында эле Бактыбай деген бала сот жообуна тартылып, кесилип кетти. Ал билет кызыңардын ким колду болгонун. Анткени ал бала бул үйдү сатып алганда, күрт улутундагы баладан сатып алыптыр. Балким ошол аркылуу алиги күрт баланы таап алышыңар мүмкүн деп өз оюн айтты. Ал күнү болгон кошуналарды чакырып, Молдош карыя куран түшүрдү. Келген кошуналардын баары Бообекке абдан ыраазы болуп, көчө тынчып калганын айтканда, карыя көзүнө жаш алып:-Ыракмат, Бообек сага, менин кызымдын канча жыл кыйналган сөөгүн ак кепиндеп жерге бергениңе! Ыраазымын, ушул акчаны алып кой, кызымды жерге бергениң үчүн. Сени ыраазы кылмайын мага кызымдын арбагы ыраазы болбос чыгар деп, он миң сом акча берди. Бообек айласы жок гана акчаны алып, келген кишилерди жакшы маанай менен узатты. Ал эми күрт улутундагы Мамеддин дайыны билинген жок. Балким аны кан коё бербеген чыгар.Акчаны алганда эле алгач үч миң сомун Өскөнаалы досунун үйүнө алып келди. Бул кезде Өскөнаалы акчадан катуу кыйналып турган. Бообекти жакшы маанай менен кабыл алып:-Келчү эмес элең?-деди эле Бообек болгон окуяны бир баштан түшүндүрүп айтып, сөздүн учурун келтирип:-Мына сага үч миң сом, ал кыздын сөөгүн алып чыкканга сенин дагы эмгегиң бар эле. Дагы үч миң сомду Ысмайыл карыяга берейин, арбак ыраазы болсун дегенде, Өскөнаалы акчаны алып, аялын карады. Бул көз караштын артында "баягы сен урушкан эки күн иштеген ишимдин акыбети"- деген сөз жатканын Анара дароо түшүндү. Кыйналып турган кезде, бул акча жөн эле асмандан издегени жерден табылгандай эле болбодубу.Бообек үйдөн чыгып кеткенде Өскөнаалы:-Ушул акчаны бербей койсо, биз билбей деле калмакбыз. Ниети жакшы адамдардын пайдасы дайыма ушудай учурда тиет. Миң сомду светке төлөп, калганын керегиңе жарат! деди. Анара ушул саам дагы бир жолу Бообекке ыраазы болду. Чын эле кыйналып турганда ким жардам берет эле-деп ойлоп койду. Бообек Ысмайыл карыянын үйүнө келгенде ал киши төшөк тартып, ооруп жаткан экен. Учурашып, ал жайды сураганда Ысмайыл карыя:-Ээ, Бообек, карылыгың курусун, ал жок, кичине эле шамалга чыгып койдум эле минтип төшөк тартып калдым. Пенсия да кечикти, дары дармек алайын десем-деди, акчадан кыйналып жатканын билгизип. Аңгыча кемпири чай алып келди. Бообек бир чыныдан чай алдыга келгенде, сөздү алды да, болгон ишти түшүндүрүп айтып, үч миң сомду алдына койгондо жарыктык карыя абдан сүйүнүп:-Ырас кылган экен. Ал кыздын атасы иш билги, салт кармаган адам тура. Бул акчаны бербей деле койсо болмок. Мейли эми арбак ыраазы болсун-дегенде Бообек күнөөлү кишидей:-Мен өзүмө төрт миң сомун алып калгам. Үч миң сомун Өскөнаалыга бердим-деди эле карыя:
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

-Абдан туура кылгансың. Үй сеники, сен бизге бербей деле койсоң, биз сага ыраазы болмокбуз. Бул ишиң дагы бир жагынан туура-деп, көзүн алсыз ирмеп:-Бообек сага ыракмат. Баса баягы бумдардын ээси табылдыбы?-дегенде Бообек эригип олтурган карыянын эрмеги болуп, болгон окуяны баштан аяк айтып берип,үч саатай убакыт олтурду. Бул күн өзгөчө Ысмайыл карыя үчүн абдан жакшы күн болду. Баарынан дагы акчалуу болгондо кемпири базардан эт алып келип салып, жаш сорпо ичирди. Карыя тамак желип болгондо арбакка арнап куран түшүрдү да, сорпо ичкенгеби эртеси төшөктөн кабагы куунак ойгонду. Убакыт өз нугунда өтүп, ноябр айынын аягында биринчи кар жааган соң, баягы өзү айткан бөлмөнү тазалап, отундарды алып чыгып, ал жерди казса, жыландар байыр алган жерден Бообек беш килодой нак алтын таап алды да, аны эч кимге билгизбей такыр башка жакка катып койду. Азыр Бообек чоң бизнесмен болуп, менчик дүкөнү жана башка акча агылып түшүп турган бизнес ачып, зоболосу өскөн. Ошондо дагы баягы мүрзөгө барып куран түшүргөндү адатка айланткан. Ал эми Гүлшат менен Шатман үйлөнүп, эркек уулду болуп, тилектерине жеткен. Шатман уулунун ысмын Тилек койгон. Баары жетиштүү болучу. Бир гана анын болгон тилеги уулду болууну жатса-турса дагы тилеген. Ошол себеп менен аялы "сен балалуу болушуң керек"-деп, айтпай кетип калган эле. Мына эми аялы айткандай Гүлшаттан уулду болуп, чекеси жарыла сүйүнүп, турган кези. Ал эми Гүлшат жашы өйдөлөгөндө төрөйм деп эч оюна алган эмес. Азыр болгон эрмеги уулу.
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Көрсө бул жалган дүйнөдө бир гана адам баласын эле эмес, көзү өткөн адамдардын арбактарынын дагы ыраазычылыгын алып жүргөн адам кем болбосун, Бообек өз жашоосунан билип, аны башынын өткөздү. Шатман менен Гүлшаттын тун уулундай жылаңайлак катышып алышкан. Майрамдарды сөзсүз чогуу өткөрүшөт. Ал эми Жаныштын байкеси Байыш төрөбөгөн аялынан өз каалоосу менен ажырашып, Маржанга үйлөнгөн. Маржан, тун сүйүүсүнүн ээси Жаныштын жеңеси болуп калам деп эч ойлогон эмес. Канча жыл чет элде кор болуп жүрүп, анын ак бойдон экенин билген Байыш кыз алган жарына ыраазы. Буга чейин анча көңүлдөнбөй жаткан эле "түрктөр менен ушунча жыл болсо соо эмес"-деп. Жаман ой адамды алсыратат эмеспи. Маржандын актыгын билгенге чейин, аны кайдагы бир адамдардан кысканып, апасынын гана тилин алып, макул болбоду беле. Алгач апасы "Маржанды ал"-дегенде ачуу сөзүн айткан "түрктөргө тебеленди болгон кыздыбы"- деп. Апасы каардуу карап:-Балам, оозуңа карап сүйлө. Ал кыз ак экенине менин көзүм жетет. Сенин карындашың деле канча жылдан бери Түркияда иштеп жүрөт. Ал дагы анда аларга тебеленип жүрөбү? Бул айтылган сөз менен Байштын шагы сынып,уят болгон. Эми кезегинде Маржанга карата жаман ойду ойлогон үчүн, өзүн жаман көрүп келет. Кулак менен уккандан көрө көз менен көргөн кандай жемишин берет.Ошон үчүн айтылган кеп бар эмеспи " чындык менен калптын аралыгы төрт эли"-деп. Кулак менен уккан калп, көз менен көргөн чын. Ал турсун Байштын барган сайын Маржанга карата сүйүүсү күч алып, бир саат көрбөй калса аны сагынып кетет. Маржан апасы Бүрайды өз колуна алып,өздөрүнүн үйүндө жашап жатышат. Байыш бул үйдү жаңыртып оңдоп койгон. Маржандын боюна бүткөндөн бери көзүнүн кареги менен тең айланып, ата болуу бакытына туш болоорун эстегенде, өзүн коёрго жер таппай келген. Кырк жаштан өтүп, балалуу боло турган адамдын акыбалын көз алдыбызга элестетип көрөлү. Аялы менен жыйырма жыл жашап, тилеги кабыл болгон жок эле го. Балалуу болгонго чейин теңтуштарынан кандай ачуу сөздөрдү укту. Баардык жан жаныбар балалуу болгондой эле мөмө дагы жемишин берет эмеспи. Төрөбөгөн аял менен тукумсуз эркектин албетте өкүнүчү ичинде. Буга чейин Байыш кайда гана барган жок дагы, кимге гана көрүнбөдү. Эми күнөө кимде экенин билип, алгач апасына ыраазы. Маржанды кудалап алып берип койгонуна. Болбосо дале жүрөт эле го, балалуу боло албай. Жыл маалында Маржан уул төрөп Байышты эле сүйүнтпөй, кайниси Жаныш дагы сүйүнүп, атайын шаардан келип кутуктап кеткен. Маржан эне болуу бакытына жетип, эмчегин соргон наристесин карап олтуруп, башка улуттун жаранына турмушка чыкпай, кыргыз уулун төрөгөнүнө, кыргыз уулуна ак сүтүн бергенине ичинен миң миртебе ыраазы. Бул дагы Маржандын кор болуп, бөтөн элде жүргөн кезинде, экинчи-үчүнчү аял болуп тийип, тагдырларына нааразы болгон кыздардын арманын укканы, алардын кыргыз баласын эле төрөп багып калсак эмне-деген армандары канча ойго салбады. Берилип тилек кылган тилеги ушул болучу. Башка улуттун баласын эмес, өз улутумдун баласын төрөсөм, кыргыз уулуна эле турмушка чыксам экен-деп, баса-турса тилек кылган тилеги кабыл болуп, өз жашоосуна ыраазы.

АЯГЫ

Кызыгып окуган окурмандарыма ыраазычылык билдирем. Мен жашоомдогу 43-күздү тосуп, бул китептин аягына чыктым.Автор: Бердикожо Бийназаров Таштанбекович.

Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 05 Февраль 2015 - 15:09

БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   Aizurok   05 Февраль 2015 - 15:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 01 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 04 Июл 2016 01:08
  • Жынысы:Аялзаты

Мына ушинтип чыгармада агына чыкты, Сүрөт
БАЛАМ БАКТЫМ , БАЛАМ БАЗАРЫМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   05 Февраль 2015 - 17:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

choon rahmat ayabai kyzyktuu eken
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   nazinur   05 Февраль 2015 - 17:42

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 48
  • Катталган: 03 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 06:05
  • Жынысы:Аялзаты

Рахмат эже.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   aigerim_abduvalieva   05 Февраль 2015 - 19:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 258
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2018 23:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Doha оаэ

рахмат эже
@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   EmmaSwon86   05 Февраль 2015 - 19:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 03 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 01 Дек 2015 17:18

Рахмат.Ден соолукта бол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 22:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: