ЖОГОЛГОН КАЗЫНАНЫН ИЗИ МЕНЕН
(мурунку заман)
Эки желдет жерде бөктүшүп,жан соогалап жаткан алиги туткунду желкеден кармап кайра өйдө тургузушту.
-Кана,жан керек болсо,аман калам десең бардыгын айтып бер.Болбосо сенин ажалың бир көз ирмемдик эле убакыт.Казынаны кайда алып кетишти,же кайда жашырышты?
-Түндө катуу салгылаш болуп жатканда Боромбай хандын жигиттери түн ортосунда аттарга жүктөп алышып,тымызын эч кимге билгизбей сырт жакка алып кетишти.
-Каякты көздөй алып кетишти,даректери кандай?
-Даректерин алар бизге айтышкан жок,тек гана түнкү салгылашуу катуу жүрүп жатканда каптарга байланган бир нерселерди аттарына жүктөп,шашылыш,
жашыруун эшик менен сыртка чыгып баратышканын көрүп калгам.
-Кайсы тарапка багыт алышты эле?
-Менимче түндүк тарапка.
-Жалган айткан жоксуңбу?
-Чынымды көргөнүмдү айтып атам,жанымды аман коюуңарды суранам.
-Түнкү кайсыл маал эле?
-Түндөн ооп бараткан маал болчу...
-Алар канчоо эле?
-Менимче он,он бештей болот.
Алиги эң төрдө отурган такырбаш,сакалчан киши өзүнчө ойлонуп калды.
-Демек,алар түн ооп баратканда чыгышса арадан бир жарым күн бир түн өтүптүр.Анчалык оор жүк менен алар алыска узай алышпайт,-алиги киши ордунан козголо ары жакта турган желдеттердин бирөөнө кыйкырды.-Кана,
тез биякка жүзбашы Юсуфту чакыр.Бол тез!
-Алиги желдет көп өтпөй эле далдайган,мурутчан,
сулуучумак келген,жашы отузга жете элек жигитти ээрчитип кайра келди.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#122 04 February 2015 - 02:33
-Эмесе мындай Юсуф,жоголгон казынанын дайыны билинип атат.Өзүң менен ошо мыкты куралданган жүзгө жакын адамың менен түндүккө,Ош тарапка жөнөгүлө.Жолдо жолуккандардан сураштырып жүрүп олтургула.Эгерде кимде-ким аларды көрүшкөндөрүн айтышса,ар бирин күмүш тыйындар менен сыйлап отур.Кандай да болсо аларды таап,кууп жеткенге аракет кылгыла.Каршылык көрсөтүшө турган болсо,бирин да аябагыла.Бол тез,убакытты созбой азыр жөнө!
-Куп болот.-Көп өтпөй Юсуф баштаган катуу куралданышкан атчандар тобу топураша чептен сыртка чыгышып,шашылыш каяккадыр багыт алышты.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#123 04 February 2015 - 03:02
ҮЙ ЧАТЫРЧАСЫНДАГЫ ОКУЯ
(бүгүнкү заман)
Сырттагы атышуу көпкө созулду,айланага күүгүм кире баштаганда гана ызы-чуу акырындап басылгансыды. Сыягы,тигилер сүйлөшүүлөрдүн негизинде өз эрктери менен колго түшүп беришсе керек.Бир аздан кийин ызы-чуу таптакыр дымып,айлана тунжурап эле жатып калды.Чатырдын үстүндөгүлөрдүн Сулаймандан башкасынын баарынын колдорунда чет элдик автомат бар эле.Көп өтпөй үй ичинин баары жарык болуп,ар бөлмөлөрдү тинтүү башталды.Каныбек ордунан козголо тигил үчөөнө эскертти.
-Минтип отурсак биз бат эле колго түшүп кармалып калабыз,андан көрө бир айла кылалы.
--Эмне кылабыз,үй толугу менен курчоодо.Жер алдында өткөөл эле болбосо,эч жакка чыгып кете албайбыз.
-Менде бир идея бар,жанатан бери ошону ойлоп отурам.Эртеби- кечпи тиги милициялар баары бир бул жакка көтөрүлүп чыгып келишип,үстүн карашат.Атыша кеткен кундө да аларды биз жеңе албайбыз,жөндөн жөн эле туткун болобуз.Кайрадан эски көнгөн түрмөбүзгө жөнөйбүз.Эми колго түшсөк,мөөнөттү мындан эки эсе көп алабыз.Азыр бобул шыйпырды акырын алабыз да,үстүнө чыгабыз,караңгыда бизди шыйпырдын үстүнөн эч ким көрбөйт.Аны ордуна билгизбей коюп коёбуз.Тигил чердактын эшигин ачып таштагыла шек алып калышы мүмкүн.
-Эң жакшы идея...
-Анда убакыт жок,кана тез ишке киришели!
Төртөө жабылыша үстүңкү шыйпырды алып жиберишти да,акырын кезек менен чатырдын үстүнө чыгып кетишти.Үйдүн ичинен үстүнө чыкчу эшиктин илгичин алып койгонду да унутушкан жок.Төртөөлөп төрт жактан жабыла алынган шыйпырды кайра ордуна коюп бекитип салышты.Аңгыча көп өтпөй эле милициялар үйдүн үстүңкү чатырына кол фонариктери менен көтөрулүп чыгышканы билинип атты.Түн бир оокум болгондуктан үйдүн үстүңкү чатырынын ичи көзгө сайса көрунгүс караңгы эле.Төртөө шыйпырдын үстүндө былк этпей жатышты,анын үстүнө кичине эле кыймылдашса, дабыштары тигилерге билинип калмак же сыйгаланып тээ төмөн карай учуп кетишмек.
Чатырдын ичинде өз ара сүйлөшүп аткан үндөр тигилерге кадимкидей угулуп атты.
-Бурч-бурчтардын баарын тинтип чыктыңарбы, эч ким жое бекенби?
-Сыягы эч ким жок окшойт.
-Тигилердин балким каткан наркотик,курал- жарак же башка нерселери болуп жүрбөсүн.Кана жакшылап дагы бр сыйра тинтип чыккылы!
Чатырдын алды өздөрүнчө тапыр-тупур болушуп,бака- шака түшүп жатышты.
-Баарын текшерип чыктык майор, эч ким жок.
-Анда прдвалды текшергиле. Абайлагыла ал жакта мина же бомба болуп калбасын,булардан баарын күтсө болот.
Бир аздн кийин чатырдагы тапыр-тупур басылып тынчып калды,сыягы төмөн карай түшүп кетишсе керек.Төртөө жарым сааттай дагы былк этпей жатышты.Тээ төмөн жакта курчоодогу туткундарды машинеге отургузуп алып кетип жатканы кадимкидей көрүнүп турду.Катуу куралданышкан милиция менен солдаттар акырындап чүмкөмө машиналарга отура башташты.Атүгүл төрт-бештей солдаттардын БТР согуш техникалары да жардамга келишиптир. Бир сааттан кийин үйдүн ичи да,айланасы да таптакыр тынчып калды.Алардын баарына ар бир кыймылга кылдат көз салып турган Каныбек ичинен ойлоно кетти."Да- а аябай камданышып, даяр келишкен экен да".

#124 05 February 2015 - 01:04
ЭКИ ДЕРВИШТИН СЫРЫ
Юсуф баш болгон жүздөн ашык куугундун шашылыш Ош тарапка кетишкенине бүгүн төртүнчү күнгө кетти,эч кимисинен дайын жок.Афтобачинин жан-жөкөрлөрү эки дервишти чептен чыгарбай өздөрү менен кармап турушту,бирок өткөн жолкудай үйгө камап салышкан жок,ээн-эркин, бош эле жүрүштү.Өздөрү коё бермейинче качып кеткенден пайда жок экени экөөнө тең жакшы түшүнүктүү эле.Анткени качып алыска узай алышмак эмес,бат эле кайра кармалып калышмак.
Эртең менен сөрүдөн кийимин кийип аткан Максүттөн Улукбек бир нерсени байкап калды.Дароо барып белинде оронуп жүргөн чүпүрөгүн кармады эле,тигил ага жолотпой булкуп жиберди.
-Жолобо жаныма!
-Белиңдеги оролгон эмне?
-Эч нерсе...
-Чыныңды айт,жаныңды жеп калп айтпа,болбосо. ..
Максүт улам арты менен кетенчиктеп олтуруп дубалга далысы менен такалды.Улукбек атырылып барып тигини белден алмакчы болду эле,тиги белиндеги оролуу чүпурөгүн кармаганга үлгүртпөй колдон кармады.Экөо кармаша кетишти.Ит жыгылыш боло жерге кулап түшүп,улам биринин үстүнө бири чыгып,бири-бирин муунтушуп,сүйлөшүп да жатышты.
-Чыныңды айт,бул алтындарды каяктан алдың?
-Бул алтын эмес.
-Калп айтпа өз көзүм менен көрбөдүмбү.

#125 05 February 2015 - 04:03
Жерде оонашып,улам бирини үстүнө бири чыгып күрөшүп аткан эки дервишке адегенде айланасындагылардын эч кимиси көңүл бөлгөн да жок.Анан гана ары жакта өздөрүнчө сүйлөшүп отурушкан үч-төртөө жерде боз-ала чаң болуп кармашып аткан эки дервишти шылдыңдай карап калышты.Далдайган бирөөсү барып экөөнү желкеден алып тургузду да,эки жакка бөлүп ыргытып жиберди.Экөө эки жакка камгактай учуп барып түшкөндө алиги киши кайра ордуна басып келатып жерде жаткан жалтырак нерсеге көзү урунду.Анан акырын эңкейип аны алды да,өзүнө өзү ишенбей көзүнө жакын алып келди.Бул уютулган таптаза алтын болчу.Экөө жерде оонап алышып жатканда Максүттүн белинен суурулуп түшуп калган эле.Ал эки жагын карап туруп аны дароо койнуна ката койду,ары жакта турушкандар болсо ага анча деле таназар алышып маани беришкен жок.
Көп өтпөй Абдурахман афтобачи экөөнү өзүнө чакырттырып келди.Таманына жалаң килем төшөлгөн жыгач сөрүдө куш жаздык жазданып,кымыз ичип отуруптур.Жалпак чакан тегерек столдун үстүндөгү кооз идиште жүзүм,алма,алмуруттар, халва салынып,ал жүзүмдү бирден үзүп жеп атты.Экөө кара жалтырак чапанды желбегей жамынган,кооз ак селдечен,капкара сакал-муруту бар сулуучумак келген кишини көрүшүп,тизелеп ийилип таазим кылышты.Атагы алыска кеткен афтобачини экөо биринчи көрушу.Ал экөонү бир топко сынай карап турду.
-Демек Маргелан,Наманган жакка бараткан дервишпиз дегилечи?
-Айтканыңыз туура таксыр.
-Кыргыз эмессиңерби, улутуңар ким?
Экөө эмне айтсак дегендей бири-бирин карап калышты.
-Менин улутум уйгур,жерлигим Кытай тараптан,а бул болсо...
-Мен тажикмин,менин да жерлигим Кытайдын Турфанынан болом.
-Экөөңөр тең Кытайдан болсоңор,анан бул жакта эмнеге адашып журөсүңөр?
-Үй-бүлө жок,дервиш Кудайдын кишиси болгондон кийин ак уруп,тентип жер кезип жүрө беребиз башыбыз каякка оосо ошол жакка.
-Маргелан, Наманган жакта силерге эмне суутуп коюптурбу,же ал жакта бейиштин жашоосу бар бекенби?
-Биз эч кимге зыяныбыз жок,эптеп кун өткөрүп башыбыз оогон жакта жүрө беребиз мырза.Кетип баратып күтүлбөгөн жерден сиздин желдеттерге кармалып калдык мырза.
-Болуптур, биздин кишилерге кайсыл маалда кармалдыңар?
-Таңзаардан, жо-жок түшкө чукулдай бергенде.
-Аттарга кап жүктөлгөн,кайдадыр шашылыш бараткан топ атчандарды көрө алдыңарбы?Балким силердин көзүңөргө чалдыккандыр алар,чындыкты айткыла,болбосо тигил кыргыз-кыпчактардай кылып кылычтын бир шилтеми башыңарды кыйып түшөт.
Кыргыздардын кандай болуп баштары шылый чабылганын өз көздөрү менен көрүшкөн экөө чындап жандарынан түңүлүшту.Биринчилерден болуп Улукбек оозанды.
-Жаныбызды аман коюңуз таксыр,биз болгон чындыкты гана айткан Кудайдын кишилерибиз. Эч кандай топ атчандарды көргөнүбүз жок,тескерисинче топ карышкырлар менен кармашып,араң дегенде алардын азуусунан кутулуп чыктык.Ишенбесеңиз мунун бутун караңызчы карышкырдын азуусуна илинип,араң дегенде аман калдык.
Афтобачи анын бутун атайын чечтирип текшерип көрдү.
-Болуптур, мен экөөңөргө ишенейин,бирок куугунчулар кайтып келмейинче эч жакка кетпейсиңер уктуңарбы?
-Уктук таксыр...
-Анда бошсуңар баргыла.
Бир нерседен шек алгандай Афтобачи экөөнү сынай узата карап турду.
Экөө жалаң чөп баткак менен салынган,үстү камыш менен жабылган ээси жок үйдүн ичинде жатышчу.Убакыт түн ортосунан ооп калган мезгилде үйдүн алдындагы сөрүдө кызуу уктап жатышканда кимдир-бирөө келип экөонү акырын жулкулдатып ойготту.
-Кана,көзүңөрдү ачып ойгонгула.
Уйку-соонун ортосунда адегенде баштарын көтөрүп бу ким дегендей карашты,анан тигинин буйругу менен жаткан жерлеринен өйдө боло беришти.Маңдайында олтурган далдайган киши күндүз экөөнү ажыраштырып эки жакка ыргыткан киши экен.Ал колтугунан акырын жалтырак нерсени алып чыкты.
-Кана,бул уютулган алтынды каяктан алдыңар?Бул деген Бухара эмиратына Хива хандыгын уюштурган Ирдана бийдин же Кокон хандыгынын казынасына тиешелүү уютулган алтын.Чынын айткыла,бул кайдан силердин колуңарга түшүп жүрөт?
Экөө мындай күтүлбөгөндүккө таңгалыша эмне деп жооп беришээрин билишпей,көздөрү алайыша бири-бирин карап калышты.
-Демек силер жоголгон казына тууралуу бирнерсе билесиңер.Чыныңарды айткыла алар кайда,казынаны каякка жоготушту.Эгер чыныңарды айтпасаңар муну Афтобачинин өзүнө алып барып көргөзүп силерди ага салып берем.Аны алдаганыңар үчүн башыңар дароо кетет.Кана,аман калабыз десеңер чыныңарды айткыла.-алиги далдайган киши тигил экөөнүн жообун күтпөй эле,кош миздүү айры кылычын жалаңдата экөөнүн жан жерлерин текшерип,аңтарып кирди.Улукбектен эч нерсе тапкан жок.Максүттүн жан жерлерин текшермекчи болуп,ага умтулганда ал жанталаша каршылык көрсөтө баштады.Буга ачуусу келген алиги киши кылычын жалаңдата аны көздөй акырын шилтеп жиберди эле,кийими айрылып,белиндеги чүпүрөк куру кесилип,көкурөгүн анча-мынча шылып кетти.Курдун ордуна орлгон белиндеги жип үзүлүп жерге түшкөндө анда тыкан оролгон алтын-күмүштөр туш-тарапка чачырай берди.

#126 05 February 2015 - 04:11
КҮТҮЛБӨГӨН ЖОЛУГУШУУ
(азыркы заман)
"Даа-а жоголгон казына тууралуу чет элдиктер да билет турбайбы.Баса айтмакчы,бул топ толугу менен курчалып кармалышты болду бекенби же дагы калдыктары калдыбы Бишкекте.Наркотик менен алектенишкен бул контрабанданын бизде күчтүү связдары жок болсо экен,болбосо кайра кутулуп кетиши да мүмкүн,эч доказательство жок.Айтмакчы, эмне үчүн доказательство жок,куралдуу каршылык көрсөткөндүгү, эч негизсиз чек арадан өтүп чет өлкөдөн келишкендиги, жалган паспорттору, курал-жарактары мунун баары судебный иш да.Ооба,ошондой доказательство бар.Мына,өкмөттүн тапшырмасы менен бул ишке баш отум менен сүңгүп кирип алдым,эми эртерээк аягына чыксак экенбиз.Тынч жашоо болбой баскан-турганыбыздын баары эле коркунуч,алдыңда эмне кутүп турат билбейсиң.Өз жериңде,мекениңде, элиңде жашап жүрүп бала-бакыраңа, аялыңа,бир туугандарыңа жолуга албайсың.Тааныштар көрүнсө алыстан качасың,көчөдө ээн-эркин басууга мүмкүн эмес.Буга ким күнөөлүү?Жок буга эч ким күнөөлүү эмес,буга только менин Абдурасулга куюп койгондой окшоштугум күнөөлүү.Бирок, мен жеке өзүмдүн кызыкчылыгымды, керт башымдын пайдасын көздөбөй,мамлекет үчүн,элдин келечеги үчүн кызмат кылышым керек.Бул иштеп жатканымдын баары элдин,жаш мамлекетибиздин келечеги үчүн.Жоголгон казына эртерээк табылып,кыйынчылыкта жашап жаткан мамлекетибизге кичине пайда алып келсе экен..."
-Каныбек!
Өзү менен өзү сүйлөшүп кетип бараткан Каныбектин оюн чарт эткизе кыздын кандайдыр бир тааныш үнү бузду.Аны укканда Каныбектин жүрөгу болк этип барып кайра өзун карманды.Ал өзунун чыныгы атын көптөн бери уга элек болчу.Чынында жанында тигилердин бирөөсү болуп калып угуп калса сөзсүз шек алып калмак.Анын бирден бир сактанганы, чочулаганы ушул болчу.Атайылап кимдир-бирөөлөр аны текшериши да мүмкүн эле.Эч нерсе болбогондой, эч нерсе укпагандай түз басып кете берди.

#127 05 February 2015 - 05:09
Жакшы чыгарма экен, уландысын кутобуз.
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#128 06 February 2015 - 03:13
-Каныбек!
-Анын алдынан бир кыз жүгүрүп келип тороду.Карай салса Айгүл экен.-Каныбек сага эмне болду,же мени тааныгың келбей калдыбы?
Каныбек эч сөз айтпай жакын турган үйдүн подъездине кирип кетти да,айланасына акырын көз жиберди.
-Чш-ш акырын,ушинтип дагы келесиңби,келесоо десе.Кимдир бирөөлөр муну байкап калшыса эмне болот?Балким менин артымдан аңдып жүрүшкөндөр бардыр.
-Сени жарым сааттан бери өзүм акмалап,аңдып келатам,айланаңда шектүү эч нерсе деле жок,-ал Каныбектин мойнуна асыла кетти.-Көптөн бери түрмөдөн качып чыккандан бери дайның чыкпай кетти го.Мен да Карабаевден тапшырма алып силер менен иштешип атам.Сени издегениме эки күн болду,беркилериң каякка кетишти?
-Беркилериң дегениң ким?
-Ну,алиги түрмөдөн чогуу качып чыккан кишилериң.
-Укчу Айгуля сен бул ишке кийлигишпесең боло эле.Бул өтө важный иш,аны кокусунан бүлдүрүп алба.Андан көрө эмне максат менен келдиң айтчы?
-Болуптур, сен эч ким менен кабарлашпай дайның чыкпай кеткенинен мени атайын жиберишти.
-Өткөн жолку үйдөгү кармашта зажигалка түшүп кетип ошонон кийин иштебей калды.Мынакей муну алып барып бер да,айтып кой башкасын алып келип беришсин.Же муну оңдотуп беришсин.Кош алар эмне дешти сага?
-Карабаев срочно байланышсын мени менен дейт,өтө маанилүү иштери бар экен.
-Кайсыл жерден жолугушмакчы болдук?
-Правда-Токтогул кесилишиндеги УВДнын маңдайында Жыргал деген сауна бар эмеспи,ошонун ичинен түнкү саат экилерде жолугушабыз дейт.
-Болуптур анда жакшы бар...

#129 06 February 2015 - 03:14
-Эмне экөөбүз ушул боюнча эле кетип калабызбы ажырашып...Жолугушканыбызды,
сен түрмөдөн чыкканыңды отметка кылбайлыбы.
Бүгүн кечинде үйгө келбейсиңби биздикине,жалгызмын.
-Кырдаал кыйын болуп турат,менин ар бир кадамымды аңдыгандар көп,сен дагы кароолго илинип каласың.Туткундан араң дегенде кутулуп чыктык,сен дагы биздей болуп кимдир бирөөлөрдүн туткуну болуп калышың мүмкүн.Алар сени катуу кыйнашса,секреттерди айтып коюшуң да ыктымал.Кайда жүрсөң да сак жүр,бөөдөдөн бөөдө бирөөнүн курмандыгы болуп каласың.
-Мен деген ушунун баарын ради тебя жасап жатканымды билесиңби?
-Бул сага оюн же тамаша эмес,болуптур жакшы кал.Карабаевге салам дуба айт,эртең айткан убакытта саунада болом.-Каныбек эки жагын сактана карады да,ылдамдай басып подъездден чыгып кетти.

#130 06 February 2015 - 03:15
ЖАБЫК ТҮНДҮН АСТЫНДА
(мурунку заман)
Ар кайсы жерде чачылып жаткан баалуу таштарды алиги киши ач көздүк менен жата калып жанталаша терип кирди.Эки дервиш болсо эми эмне болоор экен дегендей улам бири-бирин карап,көздөрүн алайтышып тигинден оолак боло беришти.Максүттөгү болгон алтын-күмүштөрүн тартып алган соң экөөнө жүз бурду.
-Мен билгем казына каякта экенин.Демек ал силерде экен да.Кана,чыныңарды айткыла,алтындар каякта жашырылуу.Эми жашырган менен эч майнап чыкпайт,кыйнасак да айттырабыз. -Ал эки жагын акырын абайлап карады да,тигилерге шыбырай сүйлөду.-Эгер чыныңарды айтсаңар силер аман каласыңар бул байлыкка үчөобүз эле ээ болобуз.Бул жактан качып чыкканга мен көмөк берем.Кана тез ойлонгула.Кана тез ойлонгула калп айткандан эч нерсе чыгара албайсыңар. Анткени бул алтын менен күмүштөр Кокон хандыгынын казынасына гана тиешелүү атайын уютулган алтындар.
Экөө эмне кылалы дегендей бири-бирин карап калышты.Анан озунуп Улукбек жооп берди.
-Акылдашып кеңешкенге анча-мынча убакыт бер,бир аздан кийин жообун айтабыз.
-Болуптур мен бир аздан кийин келем.Эскертип коёюн качып деги эч жакка кете албайсыңар. Ал эми алдайм дей турган болсоңор анда менден жакшылык күтпөгүлө,анда мен кеттим бир аздан кийин келем,тезирээк жообун айткыла убакыт тар.-Ал экөөнө шектүү карап,ары көздөй басып кетти.
Эки дервиш жанындагы бийик өскөн бактын түбүнө келишип өздөрүнчө акылдашып киришти.
-Ушунун баарына сен күнөөлүүсүң. -Улукбек Максүттү көр жемеге алып атты.-Ачкөздөнбөй каптардагы алтындарга тийбей койсоң мындай болбойт эле го.Эптеп бул жерден чыгып кеткенден кийин аны катылуу жеринен башка жерге ташып алмакпыз.Болуптур, эми жашыргандан эч пайда жок,тигил билип калды.Андан көрө мындай кылалы.Алиги биз алып барган жарчадагы катылган эки кап алтын-күмүштөрдү буга көрсөтүп берели.Анан аны кырдаалдан пайдаланып акырын өлтүрүп таштайбыз.Эң башкысы бул жактан эптеп чыгып кетеличи.

#131 06 February 2015 - 03:16
Арадан көп үбакыт өтпөй эле түн ортосунан ооп баратканда чептин жашыруун эшиги аркылуу атчан үч караан сыртка чыгышты да,кайдадыр уруп-согуп чаап отурушуп караңгылыкка сиңип кетишти.Чепти кайтарган кароолчулардын эч кимиси муну байкашкан жок.
Учкан куштай убакыт алга закымдаган сайын абал оордоп,кыргыздардын Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы көтөрүлүп чыгуусу улам жалбырттап күчөп бараткан мезгил эле.Дайынсыз жоголгон казынанын үстүнөн Кудаярхан беш бөлүктөн турган (ар бири отуздан) чоң топ түзүп,башына өзүнүн ишенимдүү кишилерин коюп,туш-туш тарапка жашыруун түрдө тапшырма берип жөнөттү.1845-жылы Алайлык кыргыздардын Кокон хандыгына каршы чоң көтөрүлүшү болуп,алар дээрлик Оштун бүт айланасын басып алышты.Абдурахман афтобачи жөнөткөн Юсуф жүзбашынын адамдары да Ошко баратышып,күтүүсүз жерден кыргыздардын курчоосунда калышып,ошол жерден бардыгы курман болушкан.Мусулманкул башында турган Кокон хандыгынын бирден бир ишенимдүү өкүлү өзүнүн иштери менен Ташкентте жүргөн болчу.Анын жоктугунан пайдаланган жергиликтүү кыргыздар хандыкка каршыкөтөрүлүш чыгарып жиберишкен. Алардын көтөрүлүшү Алайдан башталып Үч-Курган,анан Ошко чейин жеткен.Көтөрулүштун бирден-бир себеби болуп Шералы хандын салык тууралуу саясаты эле.Көтөрулүшчүлөрдүн негизги тобу Алай менен Оштун кыргыздары болчу.Бул ызы-чуу Шахрихан хакимдиги Мукамбет Назар Кур оглыга угулганда ал ачуулана ары-бери басып жүрду.
-Ушул начар куралданышкан, болбогон эле адамдарды басып коюу колуңардан келбейби.
Көп өтпөй эле Ош тарапка өзунүн күчтүү Армиясын жөнөттү.Ага удаалаш эле Кур-углынын Армиясынын артынан Мусулманкулдун да эбегейсиз зор армиясы аттанды.Албетте катуу куралданган күчтүү армияга кыргыз-кыпчактар туруштук бере алышкан жок.Мусулманкул миңбашы өзүнүн армиясы менен көтөрүлүшчүлөрдү талкалап жүрүп отуруп,Ошко эч кандай тоскоолдуксуз эле кирип барды.Көтөрулүш чыгаргандардын баардыгы катуу жазаланышты. Көпчүлүгү Кокондун өзүнө жөнөтүлүшту. Көтөрүлүш басылып,Кокон хандыгынын бийлиги кайра калыбына келтирилип, көпчүлүгү ошолор менен алектенип жатканда Рахматулла датка менен Исфаралык Хаким Сатыбалды датка алайлык жергиликтүү байлар менен келишип алып Шералы ханды алдап уу берип өлтүрүшкөн.
Көп өтпөй бийликке Кудаяр хан келди,бирок бийликтеги негизги иштерди Мусулманкул миңбашы жүргүзчү.Көтөрүлүш бирде кайра күч алып,алар кайра аёосуз жазаланышып, Мерке,Көл,Сары өзөн Чүй,Ош,Ферганага чейин ушундай кыйын кырдаал болуп жатты.

#132 06 February 2015 - 03:18
ЖАР ТҮБҮНДӨГУ КАНДУУ ОКУЯ
(мурунку заман)
Таң супасы куланөөк тарта айлана жаңыдан агарып келатканда, аттарын үстөккө-босток чапкылай шашылыш чаап келатышкан үч атчан бийик жарчанын түбүнө жеткенде буйдала беришти.
-Каякта катылган алтындар?
-Ушул жерде,тээ бийик жардын боорунда...
-Ал жерде үңкүрчө бар,ошол үңкүрчөнүн ичинде.
-Мен эч кандай үңкүрчөнү көргөн жокмун,силер мени алдайбыз деп ойлоп атасыңарбы? Эсиңерде болсун баарыбир менден кутула албайсыңар. Тигил дүйнөгө эле кетип калып кутулбасаңар, кууланганыңардан да,амалданганыңардан да пайда жок.
-Шашпа таксыр,азыр эрте ачууланганга. Андан көрө тиги жардын башына бирибиз чыгышыбыз керек,анан көрөсүз баарн,кана кимибиз чыгалы?
-Өзүң чыгасың,-Артына узун мынтыгын асынып,кылычын жалаңдаткан алиги жөкөр Улукбектин өзүнө буйрук бере сүйлөдү,тигил да анын сөзүнө каршы болгон жок.
-Болуптур, жарайт мырза,силер төмөн жакта эки жакты карап сак тургула,куугун келип басып калбасын үчүн.-Улукбек акырын келип Максүткө шыбырады.
-Эгер бир нерсе болсо эле артынан байкатпай кол салганга даяр тур.Тигил үңкүрдүн ичинде шамшар бар,мен да сага жардамга келем.Эгер муну өлтурсөк аттары жакшы экен каалаган жагыбызга качып кетебиз.
-Эй эмне шыбырашып атасыңар,үстүнө чыкпайсыңбы тезирээк.Убакыт тар ,болгула ылдам!-тигинин кыйкырыгынан экөө эки жакка ажырап кетишти да Улукбек жарчаны айланып көрүнбөй калды.
-Тигил каякка кетти,качып баратабы?
-Шашпаңыз мырза,иштин чоо-жайын тушүнөсүз азыр.
-Ай,шайтан билсинби,экөөңөрдүн шыбырашканыңар жаман.
Бир маалда төмөн жактагы экөө жарлын боору менен басып келаткан Улукбекти көрүштү.Ал акырын жылып отуруп үңкүрдүн ичине кирип кетип көрүнбөй калды.

#133 06 February 2015 - 03:19
-Мына көрдүңүзбү мырза,силер бекер шашып атасыңар.Тигил азыр катылган казынаны алып чыгат.
Жар боюндагы оюкчага кирип кеткен дервиш көпөк кармалды.Алиги жөкөрдүн чыдамы кетип бараткандыктан артындагы мылтыгын чечип өйдө карай сунду.
-Эмне ал качып кеттиби же жашынып калдыбы?
Бир аздан кийин оюкчадан тигинин башы көрүнду да,колу менен жаңсап белги бери кандайдыр капка оролгон бир нерсени узун аркан менен төмөн тушурө баштады.Көп өтпөй эле төмөндөгу экөө аны тосуп алышты,баарына бийлик кылып жургөнү мылтыгын ары жакка коё коюп,каптын оозун жанталаша чечип кирди.
-Оо,Кудайым, мына байлык деген,-Ал каптын ичиндеги алтын,күмүш тыйындарды, сырга-билерик, мончокторду, ар түрдүү баалуу буюмдарды чоң чеңгели менен уучтай өзунч эле ырахатка батып жыргап атты.-Бол,ылдам эми кийинкисин түшүргулө.-Ал ачкөздүк менен ар бир буюмду кармалай алтын тыйындарды тиши менен тиштегилеп көрүп атты.
Максүттүн ушундай кырдаалдан пайдаланып, акырын мылтыкка жакындап келатканын байкаган жок.Жаңы эле мылтыкты ала коюп өзун көздөй суна бергенде атканга үлгүртпөй колдон кармап калды да,экөө мылтыкты талаша,жулмалаша кетишти.Илмейген дервиш менен,далдайган он башы болуп иштеген жөкөрдүн экөөсунүн айырмасы асман менен жердей болчу.Анын үстүнө максүттүн бутундагы алиги каршыкырдын азуусунан алган жарасы да тоскоолдук кылды.
-Улукбек жардамга кел!
Экөөнүн кармашып атканын жогорудан Улукбек көрүп турду.Жолдошуна жардамдашканы жаңыдан төмөн карай түшмөкчү болуп баратып,үлгүрбөсүн тушүнүп кайра токтоп калды.Алиги далдайган киши Максүттү тапатак көтөрүп ары көздөй ыргытып жиберди да,кылычын кынынан сууруп ала коюп бет талаштыра шилтеп калды.Миздүү кылычы менен жерге кулап түшкөн денени беш алты жеринен шылый-шылый чаап жиберди.Анан моюнуна далдап туруп башын кыя чапты.
-Ме сага...сага ушул керек болчу!

#134 06 February 2015 - 03:22
Төмөн жактагы укмуштуу көрүнүштү өз көзу менен көрүп Улукбек эмне кылаарын билбей туруп калды.Тигил кылычтын канын өлгөн кишинин кийимине суртүп тазалап,жогору жактагыга кыйкырды:
-Ээй коркпой эле түшүрө бер алдагыларыңды. Бул өзунө жараша жооп алды.Кудай буюрса экөөбүз байлыкка марыйбыз.Бул артыкбаш болчу.Бол тездет!Буларды атка жүктөй берейин.
Анын түрун көруп улукбек да коркуп калды,каптагы алтын-күмүштөрдү түшүргүсү келбей,өзу да түшкүсү келбей турду.
-Ээй эмне талма ооруң бардай жалдырап туруп калдың,түшүрбөйсүңбү эртелетип!
Улукбек эмне кылаарын билбей турду,качып кеткенде кууп жетип баарыбир өлтүрөт,качпай үңкүрдөгү катылуу байлыктарды тигиге тушүруп берсе,баарын чогултуп алгандан кийин деле баарыбир өлтүрөт.Экинчи каптагыны түшүргүсү келбей турду.Эмне кылсам деп ойлоно эки каптагыны тең сен ал,башкысы жанымды аман кой деп айтайын,баарыбир мындан он эсе көп байлык тигил жакта жашырылып жатпайбы,же ага болбой эле өлтүрүп коёбу мени?Ал ушуларды ойлонуп тургуча төмөн жактан тарс деген ун чыгып,өзүн кармана албай жарчадан төмөн карай кулады.Ок анын төшүнө тийген эле,кыймылсыз дене кызыл ала болуп тигинин алдында сулап жатты.Булар менен эрмектешкенге тигинин да убактысы жок болчу.Алиги оюкчага жогору чыкмакчы болуп жарчаны ары-бери айланып атып оюкчага барчу жолун тегеле таба албай койду.Анан тээ алыстан өзүн карай чубап келатышкан көп караандарды көрүп,балким куугунчулар болуп жүрбөсүн,бул жакка дагы бир күнү убакыт таап башка убактарда келемин деген ниетте жанталаша алиги каптагы байлыкты аттарга бөлө жүктөп бет алдын көздөй зымырыла чаап жөнөдү.Узун кумурскадай чубашкан топ караан жай,каалгый жарчаны көздөй жакындап келатышты.Булар Ферганадан чыгып Үрүмчүгө карай кетип баратышкан кербендер эле.

#137 08 February 2015 - 12:20
Автор улантсаныз жакшы болот эле.
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#138 09 February 2015 - 01:22
Кечке ойлогонум эле ушул кара пояс болуп калды, эч бүтө албай койдум го... Биринчи китепти эптеп бүтүрөйүн,анан экинчисин комп.ко көчүрүп бүтүп эле илип салбасам кыжаалат боло берет экенимин.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#140 09 February 2015 - 01:40
ӨЗГӨЧӨ ТАПШЫРМА
(бүгүнкү заман)
Каныбек Жыргал саунасына келгенде Карабаев аны эбакта эле күтүп отуруптур.Ал жерде бирин-серин кишилер эле болбосо,элдер да аз экен.Карабаев өзү менен кошо алып келген үч-төрт бөтөлкө пиводон ууртап ичип коюп,акырын сөз учугун улады.
-Иштер кандай,кайсыл жакта туруп атасың?Дээрлик бир жумага жакын дайының чыкпай кетти го?
-Телефон менен эле кабарлашып калганыбыз болбосо,азыр ар кимибиз ар жакта журөбүз.Баса айтмакчы өткөн жолку кармалгандарды сот жообуна тартканга доказательство барбы?
-Еще как бар,биринчиден бардыгындатең чет элдик куралдар,гранатаны кошпогондо эле автомат,пистолет, экинчиден он эки адамдын жетөөсү чет элден келген кишилер экен,бардыгы жалган паспорт жасатып,аты- жөндөрүн өзгөртүп кыргызчалатып алышыптыр.Өңдөрүнөн эле көрүнүп урбайбы башка улуттун өкүлдөрү экен,анын үстүнө кыргызча сүйлөшкөндө акценттери кадимкидей билинип турат.Алардын чек арадан кандай өтүп кетишкени белгисиз,сыягы Ош тараптан бир топ тааныштары бар окшойтазыр суралып жатышат,аларын да кармайбыз.Кыскасы алтынга охотага чыгышкан бл топтун жолдорун бууйбуз,булардан чочулабай эле койсоң да болот.Эң башкысы аларды сот жообуна тартчу нерсе контрабанда менен алектенгендигинде. Алардан мүшөктөлгөн баңгизаттар кармалды,болгондо да кокаин менен героиндер.Башка чет өлкөгө алып кетүүгө даярдалып жатса керек.
-Ал эми бул жоголгон казынанын картасы тууралуу булар каяктан билип алышкан?
-Жогоруда айткан бангизаттар менен алектене чет өлкөгө жөнөтүп аткан немелер мындай нерсени кантип эле укпай калышсын...
-Алардын жетекчиси ким эле,алиги атың өчкүр..?
-Ибрагимбекпи?
-Ии ошол,Ирдана бийдин чөбөрөлөрунөн болом дегени чын бекенби,же ойдон чыгарып эле самозванец болуп атабы?
-Ал азырынча тактала элек,аны тергөө көрсөтөт.

Супер-Инфо
super.kg
видео