Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#781 Пользователь офлайн   kerakg   24 Январь 2015 - 19:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

расулберди, сиздин менчигинизди талашып аткан адам жок эми, туура созде тууган жок дейт. балит создеринди уйунден колдон, бул жерде адамдын пастыгын билгизет. капа болбо.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#782 Пользователь офлайн   kerakg   24 Январь 2015 - 21:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Алланын пенделерин томон коруу бул журектин озунче бир оор дарты болуп эсептелет. бул дартка чалдыккандар Жараткандын ыраакымынан алыс болуп, жакшылыка жете алышпайт, ырасында адам бироону томон коруп алымсынбоо мн озун томондугун корсоткон болот. бул багытта азирети Мухаммад с.а.с.пайгамбарыбыз ,, Мусулман боордошун томон коргон адамга куноо катары ушул иши жетиштуу,, деген. Муслим,Бирр, 32.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#783 Пользователь офлайн   kerakg   24 Январь 2015 - 21:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Алланын пенделерин томон коруу бул журектин озунче бир оор дарты болуп эсептелет. бул дартка чалдыккандар Жараткандын ыраакымынан алыс болуп, жакшылыка жете алышпайт, ырасында адам бироону томон коруп алымсынбоо мн озун томондугун корсоткон болот. бул багытта азирети Мухаммад с.а.с.пайгамбарыбыз ,, Мусулман боордошун томон коргон адамга куноо катары ушул иши жетиштуу,, деген. Муслим,Бирр, 32.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#784 Пользователь офлайн   rasulberdi   24 Январь 2015 - 21:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 01 Июнь 09
  • Соңку аракети: 11 Фев 2019 19:24

Кера кg мен сизден коптон коп кечирим сурайм. Билбейм негедир сиздин билдируулорунузду окуп алып лаанатыга эрчип сизди капа кылып алдым окшойт дагы бир жолу кечирим сурайм. Сизди жана Бизди Аллах Таалам кечирген болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#785 Пользователь офлайн   kerakg   24 Январь 2015 - 22:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 19 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2017 08:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас жери.

Аллага чексиз мактоолор болсун, Алла баарыбызды кечирген болсун.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#786 Пользователь офлайн   ROZI   27 Январь 2015 - 10:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

‪#‎Даават‬ 'тын максаты – адамдарды наадандыктан илимге, караңгылыктан нурга, күнөөдөн ибадатка, Тозоктон Бейишке чыгаруу.

‪#‎илим‬


Аалымдар каапырчылыкты төрткө бөлгөн.

1 - Тил менен
2 - Иш менен
3 - Шек саноо менен
4 - Ишенүү менен


1 - Тил менен каапыр болуу : Алланы жана пайгамбарды сөгүп шылдындоо.Же динди мазактап сүйлөө.ж.б.у. с

2 - Иш менен каапыр болуу : Куранды өрттөө,эстеликтерге сажда кылуу.Кабырларды товаф кылуу.ж.б.у.с

3 - Шек саноо менен каапыр болуу : Ыймандын негиздерине шек саноо.Бейиш барбы же жокпу.Тозок жок деле болуш керек.Пайгамбарды жалганга чыгаруу.ж.б. у.с

4 - Ишенүү менен каапыр болуу : Алладан башка дагы кудай бар деп ишенсе,же баласы бар десе.ж.б.у.с

Биринчи ишенип алып кийин ага далил издегендерден болбонуз. Биринчи далилин билип андан кийин амал кылыныз! Дининиз - жаныныз,каныныз, жашоонуз.

Кээбир адамдар "Лаа илааха илла Алла" келмени айтып.
Ага каршы келген амалдарды жасашат.Эгер ал кылган амалдарынан тообо кылып Аллага кайтпаса, айткан келмесинин пайдасы жок.

Мисалы :

- Төлгө ачса

- Арбактар колдойт десе

- Манас күмбөзү,Сулайман тоосун сыяктуу жерлерге барып ыйык жер деп табаррук кылып, Ал жерден бир жакшылыкты үмүт кылуу.

(Эй Мухааммед) Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.
Алар Аллага башка "кудайларды" кошуп алышкан. Жакында билишет.
Хижр 95-96


Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 27 Январь 2015 - 10:27

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#787 Пользователь офлайн   ROZI   28 Январь 2015 - 08:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

‪#‎Даават‬ бул Шариат ибадаты. Демек Шариат белгилеп кеткен эрежелердин, өкүмдөрдүн негизинде аткарылуусу керек. Антпесе Исламга зыян болот.

ИСЛАМ- АЛЛАХТЫН АКЫЙКАТ ДИНИ!
МУХАММАД (САЛЛАЛЛОХУ ЪАЛАЙХИ УА САЛЛАМ)- АЛЛАХТЫН ХАБИБИ (АЛЛАХТЫН СУЙУКТУУСУ)!

Абу Аййуб аль-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
Бир күнү Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) жанында отурсак, тамак келип калды. Мен тамактын башында берекелүү болуп, анан аягында берекеси аз болгонун көрдүм. Биз: "Оо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун), эмне үчүн мындай болуп калды?" - деп сурадык. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун):
"Биз жеп баштаганда Аллахтын атын айттык, анан бир киши отуруп Аллахтын атын айтпастан жегендиктен, аны менен шайтан да чогуу жеди", - деп айтты. (Ахмад, 23011).

«Алланын элчиси (саллаллааху алейхи ва саллам) жана анын үй-бүлөсү бул дуйнөдөн өткөнгө чейин арпа нанын эки күн катары менен тоюп жеген күндөрү болгон эмес» (Бухарий жана Муслим)




Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 28 Январь 2015 - 08:53

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#788 Пользователь офлайн   ROZI   29 Январь 2015 - 10:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"Раббиңдин жолуна даанышмандык жана үлгүлүү насааттар м'н‪#‎даават‬ кыл, жана алар м'н эң сонун нерсе [Куран] м'н талаш жүргүз" (16:125)




АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#789 Пользователь офлайн   ROZI   29 Январь 2015 - 16:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

ИШТИН АЛЛАХ ТААЛАНЫН АЛДЫНДАГЫ СООБУ

Адамдарга пайдалуу болуп, кичине көрүнгөнү менен ал иштин Аллах Тааланын алдында сообу улуу болуусу:

Момун киши жакшы ишти аз болсо да төмөн санабоосу керек. Абу Зарр (Аллах Таала андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте мындай дейт:

وعن أبي ذَرٍّ رضي اللَّه عنه قال : قال لي رسول اللَّه صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم : « لا تحْقِرَنَّ مِنَ المعْرُوفِ شَيْئاً ، وَلَوْ أَنْ تَلْقَى أخَاكَ بِوَجْهٍ طَلِيقٍ » رواه مسلم

Мааниси:

Абу Заррдын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

“Мага Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) минтип айтты: “Жакшылыктардын эч нерсесине эч качан төмөн көрбөгөн, ал тургай, ал (жакшылык –) тууганыңды (кубанычтуу) жылмайган жүз менен тосуп алуу (сыяктуу кичинекей амал) болсо дагы!” [1]

Мусулман киши элге пайдасы тийген кандай гана иш болбосун аны аз деп эсептебөөсү керек. Керек болсо, мечитти тазалоонун да Исламда орду жогору. Алсак, мечитти тазалап жүргөн бир аял бар эле. Ошол аял бир күнү көрүнбөй калганда, Пайгамбарыбыз ал аялдын жагдайы тууралуу сурады. Адамдар ал аялдын кайтыш болгонун айтышканда, Пайгамбарыбыз: Мага кабарлап койбойт белеңер! –деди. Анткени адамдар аны анчалык маанилүү эмес го деп ойлошкон эле. Бирок Пайгамбарыбыз: Мага анын кабырын көрсөткүлө! -деп талап кылганда, адамдар ага аялдын кабырын көрсөтүшүп, Пайгамбарыбыз ал аялга жаназа намазын окуду. Андан соң, Пайгамбарыбыз мындай деди: «Чындыгында бул мүрзөлөр өзүндөгүлөрдү ороп калган (түпсүз) караңгылыктын ичинде калышкан, жана чындыгында, Аллах Таала менин (окуган жаназа) намазымдын себебинен (эми) алар үчүн кабырларды жарык кылат!»[2]


СӨЗ АРКЫЛУУ ДА

Адамдарга пайда жеткизүү , кээде бир сөз аркылуу да болот:

Хадис:

وَعَن أَبي الدَّردَاءِ رَضِي اللَّه عنْهُ أَنَّهُ سمِعَ رَسُولَ اللَّهِ صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم يَقُولُ : « مَنْ دَعَا لأَخِيهِ بِظَهرِ الغَيْبِ إِلاَّ قَالَ المَلكُ المُوَكَّلُ ولَكَ بمِثْلٍ »

Мааниси:

Абу-д-Дарда (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт:

«Ким өзүнүн жанында болбогон (диндеш) тууганы үчүн Аллахка дуба кылса, (анын жанында ар дайым болуучу) периште: “Сага да ошондой болсун!” деп турат»[1]

Артыңда из калтыр китебинен алынды (уландысы бар)

Которгон: Касым Сыдыков


ЖАКШЫ КАРЫЗ

Жакшы карыз, карызды төлөөдөн кыйналган адамга мөөнөт берүү

عَنِ ابْنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ الله عَنْهُ أنَّ النَّبِيَّ صَلَّى الله ُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ : مَا مِنْ مُسْلِمٍ يُقْرِضُ مُسْلِمًا قَرْضًا مَرَّتَيْنِ إلاَّ كَانَ كَصَدَقَتِهَا مَرَّةً

Мааниси: Ибн Масъуддан (Аллах Таала андан ыраазы болсун) Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деп айтты: «Кайсы бир мусулман башка бир мусулманга эки ирет карыз берсе, ал бир ирет садака бергендей болот»[1]

عَنْ حُذَيْفَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى الله عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ : تَلَقَّتْ المَلَائِكَةُ رُوحَ رَجُلٍ مِمَّنْ كَانَ قَبْلَكُمْ فَقَالُوا : أَ عَمِلْتَ مِنَ الْخيْرِ شَيْئًا ؟ قَالَ : لاَ ، قَالُوا : تَذَكَّرْ قَالَ : كُنْتُ أُدَايِنُ النَّاسَ فَآمُرُ فِتْيَانِي أَنْ يُنْظِرُوا المُعْسِرَ وَ يَتَجَوَّزُوا عَنِ المُوسِرِ ، قَالَ : قَالَ اللهُ عَزَّ وَ جَلَّ : تَجَوَّزُوا عَنْهُ

Мааниси:

Хузайфадан (Аллах Таала андан ыраазы болсун) Алланын элчиси мындай деп айтты: «Силерден мурдагы коомдо жашаган бир адамдын жанын периштелер алып, андан: Жакшылыктан бир нерсе кылганың барбы?-деп сурашат. Анда ал адам: Жок-деп берет. Периштелер ага: эстеп көрчү! –дешет. Баягы адам: Мен адамдарга карыз берет элем. Балдарыма, байларга мөөнөт бергиле, ал эми кыйын абалда калагандарды кечкиле деп буйруйт элем. Ошондо Аллах Таала минтип айтты: бул пендемди кечкиле»[2]


Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 29 Январь 2015 - 16:04

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#790 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   03 Февраль 2015 - 22:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Пайгамбарыбыз (салаллаху алейхи уа салям) айтты:
"Ар бир адам баласы ката кетирүүчү. Ката кетиргендердин арасынан эң жакшылары - тооба кылгандары.
(Ибну Маажах).

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: apocalypse_rotator.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#791 Пользователь офлайн   Yusufmuslim   03 Февраль 2015 - 23:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 372
  • Катталган: 29 Июнь 08
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 18:26
  • Жынысы:Эркек

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам айтты: «Мусулман мусулмандын боордошу. Аны жардамсыз койбойт жана аны кемсинтпейт. Такыбаалык мына бул жерде - деп, үч жолу көкүрөгүнө ишара кылды - Кишинин өз боордошун кемсинтиши, анын жаман экендигине жетиштүү болот. Ар бир мусулмандын каны, малы жана ар-намысы башка мусулманга арам» деди. (Муслим 2564)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 211.jpg

"Алладан кечирим сурагыла, аныгында Ал-кечирим Ээси!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#792 Пользователь офлайн   ROZI   04 Февраль 2015 - 09:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АЛЛАХ ТААЛА айтты:

"НАМАЗ окугула, ЗЕКЕТ бергиле жана белин ийгендер менен бирге БЕЛИНЕРДИ ИЙГИЛЕ." (Бакара суросу, 43-аят)




~ АЯТТЫН МАНИСИ ~

Аллах Таала айтты:

Ким чын жүрөктөн өкүнүп тообо кылса жана жакшылык иштерди кылса, анда Аллах алардын жаман иштерин жакшы иштер менен алмаштырып койот. Аллах-Кечиримдүү, Мээримдүү!
(Фуркан-70).





Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Ааламдын Жалгыз Роббиси - АЛЛАХ.jpg
  • Прикрепленное изображение: Дуа.jpg
  • Прикрепленное изображение: Сажда.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#793 Пользователь офлайн   ROZI   06 Февраль 2015 - 08:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

*** Ар бир инсан жоготууда, бир гана илим алып, аны өзү аткарып, андан соң башкаларга жеткизип, жаша ушул нерселерге сабыр кылгандардан башкасы!


*** "Силер адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар: жакшыга буюруп, жамандан кайтарып жана Аллага ыйман келтиресиңер" (3:110)
‪#‎даават‬

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Дуа 778.jpg
  • Прикрепленное изображение: жума кун.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 06 Февраль 2015 - 08:44

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#794 Пользователь офлайн   ROZI   06 Февраль 2015 - 14:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

«Аллах менен Анын элчиси кайсыл бир иш тууралуу өкүм чыгарса, момун эркек менен момун аял үчүн тандоого укугу жок (ошондуктан амал кылуулары зарыл). Ошондуктан ким Аллах жана анын элчисине каршы чыкса, анда ал ачык адашкан болот». («Ахзаб»: 36).

«Биз пайгамбарды Аллахтын уруксаты менен гана (Анын пайгамбарына) мойун сунуу үчүн жөнөткөнбүз».
(«Ниса»: 64).


«Пайгамбар силерге эмне алып келген болсо, аны алгыла! Ал эмнеден тыйган болсо, андан тыйылгыла! ».
(«Хашр»: 7).


«Чындыгында, силер үчүн, өзгөчө, Аллахты жана Акырет күнүн үмүт кылгандар жана Аллахты көп эске алган адамдар үчүн Аллахтын элчисинде жакшы үлгү бар». («Ахзаб»: 21).

«Аллах Тааланын буйругуна каршы чыккандар өздөрүнө (Аллахтан) бир апаат келээринен, же болбосо жан чыдагыс азап келээринен сактанышсын». («Нур»: 63).

«Эркекпи же аялбы ыйман келтирип жакшы амал кылышса мыкты жашоо беребиз (дүйнөдө ызат-сый, адал ырыскы, зикирдин таттуулугу, Аллах Таала менен байланыш насип болот). Ошентип, аларга кылган амалдарына (жараша андан да) жакшыраак сыйлык беребиз». (Нахл 97).

«Ким Аллахка, Анын элчисине моюн сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет». («Ахзаб»: 71).

«Айт! Эгер силер Аллахты сүйсөңөр анда мени эрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет: Аллах Кечиримдүү, Боорукер».
(«Аали Имран»: 31).


«Акыйкатта, ыймандууларга жана сооптуу иш кылгандарга Мээримдүү Аллах Таала (элдердин жүрөгүнө) аны жакшы көрүү сезимин тартуулайт».
(«Мариям»: 96).


«Ал эми ким ыйман келтирген боюнча жакшы иштерди жасаган болсо, ошондо ал жамандыктарынын артуусунан, жакшылыктарынын кемүүсүнөн коркпойт».
(Тоха 112).


«Ким Аллахтан корксо, ага ар түрдүү кыйынчылыктан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет жана да ага эч күтпөгөн тараптан ырыскы тартуулайт».
(«Талак»: 2-3).


«Биз алардан мурдагы канчалаган муундарды жок кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу?! Биз силерге бербеген нерселерди жерде аларга бердик. Аларга асмандан мол жамгыр жаадырдык жана алардын алдынан дарыяларды агыздык. Бирок биз аларды (күчтүү, бай болушса да) күнөөлөрү үчүн ойрон кылдык жана алардын ордуна башка коомду жараттык». («Ан’аам»: 6).

«Мал-мүлк менен бала-чакалар — дүйнө тиричилигинин (гана) көркү (жок болот). Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо — Эгеңдин алдында. Жакшы иштер — сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты». («Кахф»: 46).

«Силердин алдыңардагы нерсе түгөнөт, ал эми Аллахтын алдындагы түбөлүк. Албетте
сабырдуулардын сыйлыгын, жасаган иштеринен да жакшыраак (кылып кайра) беребиз». («Нахл»: 96).


«Силерге берилген нерселер — бул дүйнө тиричилигинин буйумдары жана кооздуктары гана. Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе жакшы жана түбөлүктүү. Акыл жүгүртпөйсүңөрбү». («Касас»: 60).





АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#795 Пользователь офлайн   ROZI   06 Февраль 2015 - 14:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз


Аллах Тааланын өкүмүн аткарууда бактылуулук бар экендиги тууралуу Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва салламдын хадистери
174) Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Жети нерседен мурда жакшы амал кылганга шашылгыла: Кедейлик келип баардык нерсени унутуп калуу, байлык келип чектен чыгуу, оору келип алсыз кылып коюу, карылык келип акылды жоготуу, кокустан өлүм келүү (тооба кыла албай калуу), Дажжал келип, кайып жамандыктарын чыгаруусу жана катуу жана ачуу Кыяматтын келүүсүнөн». (Тирмизи).
Түшүндүрмө: Ушул жети нерсе келип тозуп коё электен мурда Акыретке даярданып, кур калбай жакшы амал кылып калуу зарыл.


175) Анас бин Малик (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Маркумду үч нерсе кабырга чейин ээрчип барат: Үй-бүлөсү, байлыгы, амалы. Экөөсү кайтып келет, бирөөсү аны менен калат: Үй-бүлөсү жана байлыгы аны таштап, кайтып келет, аны менен бирге амалы (гана) калат». (Муслим).

176) Амр (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) бир жолу кутба окуп жатып айтты: «Көңүл буруп уккула! Албетте, дүйнө — силердин алдыңарда убактылуу бар (болуучу) нерсе. Андан күнөөкөр, күнөөсүз баардыгы жешет. (Анын кадыр-баркы жок). Албетте, кыямат белгиленген мөөнөттө келээри чын. Анда Кудуреттүү Падыша чечим чыгарат. Көңүл буруп уккула! Жакшылыктын баардык түрү бейиште болот жана жамандыктын баардык түрү тозокто болот. Көңүл буруп уккула! Кайсыл амалды кылсаңар Аллахтан коркуп кылгыла. Силер өзүңөрдүн амалыңар менен Аллахтын алдына сунуш кылынасыңар. Ким заррачалык (чаң) жакшы амал кылса аны дагы көрөт. Ал эми ким заррачалык жаман амал кылса аны дагы көрөт». (Муснад Шаафи’и).

177) Абу Са’ид Худри (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай деп айтканын уккам: «Пенде Исламды кабыл алганда Исламдын сулуулугу анын жашоосуна келет. Аллах Таала анын берекесинен мурдагы баардык күнөөлөрүн кечирет. Андан кийин жакшы, жаман амалдардын кайтарымы берилет. Ар бир жакшы кылган амалга ондон, жети жүзгө чейин сооп берилет. Жаман амал үчүн бирге бир эле азап берилет. Бирок Аллах Таала аны дагы кечирсе анда башка сөз». (Бухари).
Түшүндүрмө: «Жашоого Ислам сулуулугу келет» — деген сөз — жүрөк ыйман нуру менен толуп, дене Аллахтын өкүмүнө баш ийсе гана исламдын сулуулугу келээрин туюнтат.


178) Умар (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ислам деген — күбөлүк берүү: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси» (деп кабылдоо), намазды тургузуу, зекет берүү, орозо тутуу, кудуретиң жетсе ажылыкка баруу». (Муслим).

179) Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ислам деген — Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылууң, намаз окууң, зекет берүүң, орозо тутууң, ажылык кылууң, жакшылыкка чакырууң, жамандыктан тосууң, үй-бүлөңө салам айтууң; ким ушулардын бирөөсүн кылбай турган болсо ал Исламдын бир бөлүгүн таштаганы. Ал эми ким баардыгын таштап койсо ал исламдан жүзүн бурганы». («Мустадрик Хааким»),

180) Хузайфа (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Исламдын сегиз бөлүкчөсү бар: Ыйман, намаз окуу, зекет берүү, ажылык кылуу, орозо тутуу, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, Аллах жолунда эмгектенүү (аракет кылуу). Ушулардан кур калган пенденин үлүшү жок». (Баззаар, Мажма’у завааид).

181) Ибн Аббас (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ислам деген -өзүңдү Аллахка тапшырууң жана күбөлүк берүүң: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Анын кулу жана элчиси» (деп), намазды тургузууң, зекетти берүүң». (Ахмаддын «Муснады»),
182) Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: «Бир айылдык киши Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын алдына келип, айтты: «Оо, Аплахтын элчиси! Мага бир амал үйрөт, аны мен кылып бейишке кирейин». Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Аллах Таалага бир нерсени шерик кылбай ибадат кыл, фарз намазды оку, фарз зекетти бер, орозо тут. Ал киши айтты: «Менин жаным колунда болгон Затка ант, мындан ашыкча кылбаймын» -деп бурулганда, Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимди бейиштик кишини көрүүсү кубантса ушул кишини көрсүн». (Бухари).


184) Убада бин Самит (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) алдындагы бир топ сахаабаларга: «Аллахка шерик кошпоого, уурулук кылбоого, зына кылбоого, балдарыңарды өлтүрбөөгө, колуңар менен бутуңардын ортосунан доомат жасап чыгарбоого келишим түзгүлө. Шарият өкүмүнө баш ийбей койбогула. Ким ушуларды аткарса анын сообу Аллах Таалада. Ким ширктен башкасын кылып коюп, бул дүйнөдө жазасын алган болсо, ал ага кечирим болот. Ким ушулардын бирин кылып коюп, андан кийин Аллах (анын күнөөсүн) жашырып койгон болсо, анын иши Аллах Таалада, кааласа кечирет же азап берет». Ошентип, ушуларга биз Пайгамбар (сзллаллооху алайхи ва саллам) менен келишим түздүк». (Бухари).

185) Муаз (разияллооху анху) дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) мага он келимеге осуят кылды: «Күйгүзүлсөң дагы, өрттөнсөң дагы Аллахка бир нерсени шерик кылба; ата-энеңе ак болбо (каргышына калба), үй-бүлөңдү, малыңды, дүйнөңдү ташта десе дагы; фарз намазды атайлап эч качан таштаба. Кимде-ким фарз намазын атайлап таштаса ага Аллахтын убадасы жок; арак ичпе, ал жаман иштердин башы; күнөөдөн алыс бол, себеби күнөө — Аллахтын ачуусун келтирет; элдер өлүп баратса дагы согуш майдандан артка качпа; элдерге өлүм жеткен кезде сен ошол жерде болсоң, ошол жерде тура бер; алыңдын жетишинче үй-бүлөңө ырыскы таап бер; адеп таягын көтөрбө (таштап салба) Аллах Тааладан (үй бүлөңдү) коркутуп тур». (Ахмаддын «Муснады»),
Түшүндүрмө: Бул хадисте ата-энеге баш ийүү — чоң даража дел айтылууда жана «күйсөң дагы, өрттөнсөң да Аллахка шерик кошпо» — дел айткандын себеби — бул баш ийүүнүн өтө чоң даражасы. Бирок кишинин жүрөгүндө ыйман-ишеним өтө бекем болсо, мажбурланган кезде (мисалы, зордук-зомбулук менен: «Дин жок» — деп) айтууга мүмкүнчүлүк бар. (Миркат).






АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#796 Пользователь офлайн   ROZI   10 Февраль 2015 - 09:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Ар бир мусулман адам Бейиштин азыркы убакта бар экендигине жана ыймандуулардын Бейишке кирүүсүнө ишенүүсү керек. Бейиш Аллахты таанып-билген, жакшы амалдарды аткарган ыймандуу адамдардын түбөлүк турак жайы. Аллах Таала айткан: “Ыйман келтиргендерди жана жакшы амал кылгандарды кубандыр. Чындыгында, аларга алдынан дарыялар аккан бакчалар бар. Ар дайым анын жемиштерин жегенде: “(Бул) мындан мурда даамын таткан (жемиштерге окшош)” – дешет. (Анткени) ага окшош нерселер келтирилет. Алар үчүн анда (ар кандай ыпластыктардан) таза жубайлар бар жана алар анда (Бейиште) түбөлүккө калышат”. (Бакара, 24-25-аяттар).

Алайчы Сеитбековдун
Ыймандын 70 бутагы китебинен алынды.
(уландысы бар)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 2db83fcf95c5fc036a00abfb412f50e4_XL.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#797 Пользователь офлайн   ROZI   10 Февраль 2015 - 09:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

БЕЙИШТЕ ЖАШОО КАНДАЙ БОЛОТ?

Бейиштин сыпаттары:

Аллах Таала айткан: «Алар өздөрү кире турган түбөлүк Бейиштерде алтын билериктерди, асыл таштарды тагынып жүрүшөт. Ал жерде алардын кийимдери жибектен (болот)».(Фаатир, 33-аят).

Аллах Таала айткан: «Алар «Наьим»(нээматы өтө көп) Бейиштерде болушат.(Наьим Бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар, акыркылардан азыраак жамааттар (киришет).Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөөрү­лөрдөжамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт, таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен. Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт. (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар. (Седепте) жашынган бермет сыяктуу!Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына! (Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.Оң тарап ээлери, оң тарап ээлери эмне деген (бакыт)!(Алар) тикенсиз «Сидр» дарагынын арасында, мөмөлүү банан бактарында, жайылган (кенен) көлөкөлөрдө, (шар) аккан суулар(дын боюн)да, Көп мөмө-жемиштердин ичинде – Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн, (жана) мамыктай(жумшак, жибек) төшөктөрдө! Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык. Биз аларды бикир (күйөөгө тийбеген) кылып жаратып, бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,оң тарап ээлери үчүн. Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар" . (Вакиа, 12-34-аяттар).

Аллах Таала айткан: “Роббусунун алдында алардын сыйлыктары – анда дайым жашоочу Бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Роббусунан корккон адамдар үчүн!” (Баййина, 8-аят).

Аллах Таала айткан: “(Аллах тарабынан такыбаларга): “Оо, пенделерим. Бүгүн силерге коркунуч да кайгы да болбойт” – (деп айтылат). Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтиришип, моюн сунуучулардан болушкан. (Эми ошол жакшы амалдарыңар үчүн аларга): “Бейишке киргиле. Силер да жубайыңар да сыйга бөлөнөсүңөр” – (деп айтылат). Аларга алтындан жасалган табактар менен кеселер сунулуп, (кызматчылар) аларды айланып турушат. Бейиште көңүлдөр тамшанып, көздөр кубана турган нерселер бар. (ошондо аларга айтылат): “Силер мында түбөлүк каласыңар”. Мына ушул – силердин өзүңөрдүн амалыңар үчүн силерге мурас кылынган Бейиш. Бейиште силер үчүн жемиштер көп.(Эми) ошолор менен тамактанасыңар”. (Зухруф, 68-73-аяттар).

Аллах Таала айткан: “Чындыгында, такыба-салихтер Бейиште болушат. Бийик орундарда карап отурушат. Сен алардын жүзүнөн Бейиштин жыргалдарын байкайсың. Аларга мөөр басылган (таза) суусундук берилет. Анын (ичилүүсүнүн) аягы жыпар жыттуу (миск сыяктуу даамданып бүтөт). Ошондуктан жарышуучулар ушул (Бейишке) жетүү үчүн жарышсын. Бул суусундуктун кошулма-ширеси “Таснимден” (жасалган). Аллахка жакындар гана ушул мөлтүр булактан ичишет”. (Мутаффифун, 22-28-аяттар).

Аллах Таала айткан: “Чындыгында, такыбалар (Бейиштеги) бак-дарактардын жана суулардын араларындагы бейпил жайларда болушат. Алар жука (атлас-парча) жана жибектен кийим кийишип, маңдай-тескей (маектешип) отурушат. (Ыймандуулардын сыйлыктары) мына ушундай. Биз аларды чоң кара көздүү үр кыздарга үйлөндүрөбүз. Алар Бейиште (тазалыгы) ишеничтүү ар түрдүү жемиштерден (алып келүүнү сулуу кызматчыларынан ) талап кыла алышат. Алар анда биринчи өлүмдөн башка өлүмдүн даамын татышпайт жана Аллах аларды тозок отунан сактап калган”. (Духан, 51-57-аяттар).

Сахл бин Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган, адам баласы элесине келтире албаган (кереметтүү) нерселер бар”– деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Бейиштин жашоочулары ошол жерде жеп-ичишет, бирок заң чыгарышпайт, чимкиришпейт, заара ушатпайт. Алардын жеген-ичкендери тер аркылуу жыпар жыт болуп чыгып кетет”– деп айткан. (Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

“Бейишке биринчилерден болуп киргендер толгон ай сыяктуу болот. Алардан кийин киргендер жаркырак жылдыз сыяктуу болушат. Алар даарат ушатышпайт, чимкиришпейт, түкүрүшпөйт. Алардын тарактары алтындан болот. Алардын денесинен чыккан терлери миск жыттанып турат. Алардын ысырыгы берекелүү дарак алоеден болот. Алардын аялдары чоң көздүү үр кыздар болушат. Алардын келбеттери бир эле адам сыяктуу болуп турат. Алар Адам атага окшош болушат. Алардын бойлору алтымыш чыканактын өлчөмүндөй узун болот”– деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Абу Саьид Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Чындыгында, Бейиште бир дарак бар, анын көлөкөсүнөн күлүк ат минген адам жүз жыл чаап жүрүп отурса да өтө албайт”– деген. (Бухарий, Муслим).

Абу Саьид Худрий (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Бейиштеги адамдардын бири-биринен артыкчылыгы ушундай: алардын бир баскыч төмөндөгүлөрүнө бир баскыч өйдө тургандардын турактары асмандагы жылдыздай жаркырап көрүнөт”– деди. Ошондо сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси, ал турактар пайгамбарларга гана тиешелүү болсо керек?” – деп сурашты. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Ооба, бирок алар Аллахка жана Анын элчисине ишенген ыймандуулар үчүн да болот”– деп жооп берди. (Бухарий, Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Бейишке кирүүчүлөр Бейишке киргенден кийин жарчы периште минтип жар салат: “Эми силер түбөлүк жашайсыңар жана өлбөйсүңөр. Чың ден-соолукта болосуңар жана оорубайсыңар. Жапжаш болосуңар жана картайбайсыңар. Дайыма жыргалчылыкта болосуңар жана жамандык көрбөйсүңөр” – деп айткан. (Муслим).

Жарир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: бир жолу ай толгон түнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге мындай деди:

“Чындыгында, силер ушул айды көрүп тургандай Роббуңарды көрөсүңөр жана Аны көрүүдө нааразы болбойсуңар”. (Бухарий, Муслим).

Сухайб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

“Бейишке кирүүчүлөр Бейишке киргенден кийин, Аллах Таала: “Силерге дагы эмнени тартуу кылуумду каалайсыңар? ” деп сурайт. Алар: “Сен биздин жүзүбүздү жарык кылдың, Тозоктон сактап, Бейишке киргиздиң” деп жооп беришет. Ошондо Аллах Таала (ортону) тосуп турган парданы алат. Бейиш ээлери үчүн Жараткан Роббусуну көрүү – Аллах аларга тартуулаган нерселердин баарынан жакшы” – деп айткан. (Муслим).

Алайчы Сеитбековдун

Ыймандын 70 бутагы китебинен алынды.

(уландысы бар)


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#798 Пользователь офлайн   ROZI   11 Февраль 2015 - 11:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АДАМДАРГА ЖЕТКИРГИЛЕ!

АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ саллаллоху алайхи уа саллам айтты:

"Менден бир АЯТ болсо да аңдап угуп, адамдарга жеткиргиле! ".

(Бухари).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#799 Пользователь офлайн   windom   11 Февраль 2015 - 11:08

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 02 Сен 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Аллах ыраазы болсун сизге Рози!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#800 Пользователь офлайн   ROZI   12 Февраль 2015 - 09:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

АКЫРЕТ АЗАБЫ...

АЛЛАХ ТААЛА айтты:

"Оболу озундун ЭН ЖАКЫН ТУУГАНЫНА (АКЫРЕТ АЗАБЫН) эскерт".

(Шуара суросу, 214-аят)


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Сен 2025 00:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: