Жүрөгүмдөгү сыр
#82 01 Февраль 2015 - 21:17
#84 02 Февраль 2015 - 00:53
Авторго эмне болду экен. Мен сарсанаа боло баштадым. Же болбосо уланта албайм, кутпонуздор деп кетсениз жакшы болмок. Ай караган текедей эле болдук го.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#85 02 Февраль 2015 - 15:41
Саламатсыздарбы окурмандар!
Сиздерден таазим этип кечирим сурайм. Анткени акыркы кундору коп ооручу болдум, азыр деле табым жок. Мени тушунгонунуздор учун чон рахмат.
#86 02 Февраль 2015 - 15:43
Ошентип мен 10 жыл мурунку кунго кайрылып кетсем.........
............
#87 02 Февраль 2015 - 16:19
Созо бербей , толук жазып койсонуз болмок. Канча адамдар кутуп жатышат.
#88 02 Февраль 2015 - 16:32
кантип кыргыз шрифтин киргизсем болот
Билдирүүнү түзөткөн: umutarman: 02 Февраль 2015 - 16:50
#89 02 Февраль 2015 - 16:42
мен азыр...
Билдирүүнү түзөткөн: umutarman: 02 Февраль 2015 - 16:52
#90 02 Февраль 2015 - 17:42
Бүгүн 22-июнь, эрте менен эрте туруп, жуунуп таранып,жасанып Ош шаарына жумушка жөнөдүм. Көптөн күткөн ой максатыма жеткендей болуп,кубанычым койнума батпай сүйүнүп иштеп жүрдүм. Күн артынан күндөр өтүп, 3 айбою айылдан каттап иштедим. Ошто жашап иштегенибалам кичинекей болгондуктан айылга каттап иштечүүмүн.
Сентябрь айынын аягындашаардан батир жалдап, Ошто жашап калдым. Баламды сагынып аябай кыйналчуумун.
Кээ күндөрү балам түшүмө кирип калса, түн уйкумдан чоочуп ойгонуп түн жарымда үйгөжөнөчүүмүн.
Ата-энемди түн бир оокумда барып далай жолу коркутуп, үшүн алгам.Апам байкуш: “ тынчылыкбы” деп, барган сайын чоочулап сурачуу. Ошентип көпкыйналдым.
Баламды шаарга алып келгени менде шарт жок болчу, мен иштесем аныким карамак эле. Жумуштан чыгып кетейин десем мен өзүм каалап, ниет кылганжумушум болгондуктан жумушту да таштай албадым. Болгон күч дараметимди жумушкаарнап,
айлана-чөйрөмдөгүлөр,
коллегаларымдын мактоолоруна арзыдым. Ал мактоолор, жакшы сөздөр мага ар дайым энергияберип турчу. Арадан убакыт зымырап өтүп жатса да мен сүйгөнүмдү эч унутаалбадым,
башкача айтканда анын кылмыштарын кечирип, сүйүүм андан бетер күчөпбарды.
Ошондуктанбы аны сагынганымда жанагы жумушта таанышкан жигит мененжолугушчуумун.
Ал экообүз акыры барыпжакын болуп кеттик. Мен өзүмдү эң бактылуу сезип жүрдүм. Анын мамилеси, сүйлөп,күлгөндөрү куюп койгондой сүйгөн адамыма окшош болчу. Кийинчерээк мен сүйгөнүмдүнэлесин көз алдыма чагылдыра албай, тескерисинче сагынганда ошол жигиттин элесикөз алдыма келмей болду. Мен аны жактырып калдымбы?....
Билбейм..... Мен эчкимди эч качан мындан ары сүйбөйм, эми сүйүү отуна малынып, суусуна чөкбөймдесем да мен ойлогондой болгон жок. Мен аны бара-бара кызганчуу болдум. Аябайсагынчуумун.
Ал суткалык нөөмөттөтургандыктан нөөмөтү келген күнү мен да кетбестен аны менен бирге көпкө олтурчуумун.
Мен башкача жашообаштаймын,
чыныгы жашоо. Эч качан эми, ыйлабаймын,
кыйналбаймын десем датагдырдын дагы бир жолку мени менен болгон оюнубу мен аны көп ойлоочу болдум. Сүйүүазабына дагы малындыбы, эмне болуп адаштым.......
. Экөөбүздүн учурашуубуз мен үчүношол убакта ырахат болсо, эртеси азап болчу. Ал бойдок жигит болгондуктан,
менименен, башкача айтканда бир балалуу аял менен түбөлүк өмүрүн байлабастыгын билсем да мен өзүмдү андан алып кача албадым.Анын артынан да көп ыйладым, көп кыйналдым. Мен аны менен бактылуу элем.Ошентип жүрүп мага акыл кирдиби, айтор болду жетишет, мен ага бир күндүк жеболбосо убактылуу ырахат үчүн жаралгамынбы,
же ушунчалык келесоомунбу деп, мен өзбактымды өзүм чапсам эми өз келечегим, бактым үчүн өзүм күрөшөйүн, менинбашкалардан эмнем кем, эмне үчүн мен да башкаларга окшоп бактылуу болуп, мени сүйгөн,мен үчүн күйгөн адам менен турмуш кура албаймын деп, мен сөзсүз бактылуу боломдеп ниет кылып жүргөн күндүрөмдүн биринде, мага башка бир жигитт сүйүүсезимдерин айтып, турмуш курууга мага арнап кол сунулду. Мен ага тезинен жообун бергеним жок, себеби ал дабойдок жигит болгондуктан,
менин балам бар деп болгон окуяны, баштан өткөргөн күндөрүмдүайтып бердим (бирок жүрөгүмө бир сырды катып койгомун, ал сыр жанагы жигитменен жолугушуп жүрүп, кош бойлуу болуп калып, анан бир досумду ээрчитип алыпаборт кылып, аборттон кийин өзүмө келе албай, көпкө кыйналып жүргөнүмдү айтканэмесмин).
Экөөбүз жарым жылдай учурашып жүрүп, анан үйлөндүк. Аны менен башкошуу да мага оңой болгон жок. /й-бүлөөсү мени балалуу аял экендигимди билишип,макулдугун беришбей, араңдан көндүргөн экен. Аны менен жашап 4 жылдан кийинканчалаган дары-дармектерден кийин балалуу болуп ал балам да төрөт үйүндөчарчап калган. Бул мага берилген каргышболуп,
көпкө балалуу боло албай жүрдүк. Ушуну айтса керек бир кем дүйнө деп.Мен ыплас жолго баргандыгымабы,
же аборт жасагандыгымабы мени кудайым жазалады.
#92 03 Февраль 2015 - 16:48
Бүгүн 22-июнь, эрте менен эрте туруп, жуунуп таранып,жасанып Ош шаарына жумушка жөнөдүм. Көптөн күткөн ой максатыма жеткендей болуп,кубанычым койнума батпай сүйүнүп иштеп жүрдүм. Күн артынан күндөр өтүп, 3 ай бою айылдан каттап иштедим. Ошто жашап иштегени балам кичинекей болгондуктан айылга каттап иштечүүмүн.
Сентябрь айынын аягында шаардан батир жалдап, Ошто жашап калдым. Баламды сагынып аябай кыйналчуумун.
Кээ күндөрү балам түшүмө кирип калса, түн уйкумдан чоочуп ойгонуп түн жарымда үйгө жөнөчүүмүн.
Ата-энемди түн бир оокумда барып далай жолу коркутуп, үшүн алгам.Апам байкуш: “ тынчылыкбы” деп, барган сайын чоочулап сурачуу. Ошентип көп кыйналдым. Баламды шаарга алып келгени менде шарт жок болчу, мен иштесем аныким карамак эле. Жумуштан чыгып кетейин десем мен өзүм каалап, ниет кылган жумушум болгондуктан жумушту да таштай албадым. Болгон күч дараметимди жумушка арнап, айлана-чөйрөмдөгүлөр,
коллегаларымдын мактоолоруна арзыдым. Ал мактоолор, жакшы сөздөр мага ар дайым энергия берип турчу. Арадан убакыт зымырап өтүп жатса да мен сүйгөнүмдү эч унута албадым, башкача айтканда анын кылмыштарын кечирип, сүйүүм андан бетер күчөп барды. Ошондуктанбы аны сагынганымда жанагы жумушта таанышкан жигит менен жолугушчуумун.
Ал экообүз акыры барып жакын болуп кеттик. Мен өзүмдү эң бактылуу сезип жүрдүм. Анын мамилеси, сүйлөп,күлгөндөрү куюп койгондой сүйгөн адамыма окшош болчу. Кийинчерээк мен сүйгөнүмдүн элесин көз алдыма чагылдыра албай, тескерисинче сагынганда ошол жигиттин элеси көз алдыма келмей болду. Мен аны жактырып калдымбы?....
Билбейм..... Мен эчкимди эч качан мындан ары сүйбөйм, эми сүйүү отуна малынып, суусуна чөкбөйм десем да мен ойлогондой болгон жок. Мен аны бара-бара кызганчуу болдум. Аябай сагынчуумун.
Ал суткалык нөөмөттө тургандыктан нөөмөтү келген күнү мен да кетбестен аны менен бирге көпкө олтурчуумун.
Мен башкача жашоо баштаймын, чыныгы жашоо. Эч качан эми, ыйлабаймын,
кыйналбаймын десем да тагдырдын дагы бир жолку мени менен болгон оюнубу мен аны көп ойлоочу болдум. Сүйүү азабына дагы малындымбы,
эмне болуп адаштым.......
. Экөөбүздүн учурашуубуз мен үчүн ошол убакта ырахат болсо, эртеси азап болчу. Ал бойдок жигит болгондуктан,
мени менен, башкача айтканда бир балалуу аял менен түбөлүк өмүрүн байлабастыгын билсем да мен өзүмдү андан алып кача албадым.Анын артынан да көп ыйладым, көп кыйналдым. Мен аны менен бактылуу элем.Ошентип жүрүп мага акыл кирдиби, айтор болду жетишет, мен ага бир күндүк же болбосо убактылуу ырахат үчүн жаралгамынбы,
же ушунчалык келесоомунбу деп, мен өз бактымды өзүм чапсам эми өз келечегим, бактым үчүн өзүм күрөшөйүн, менин башкалардан эмнем кем, эмне үчүн мен да башкаларга окшоп бактылуу болуп, мени сүйгөн,мен үчүн күйгөн адам менен турмуш кура албаймын деп, мен сөзсүз бактылуу болом деп ниет кылып жүргөн күндүрөмдүн биринде, мага башка бир жигитт сүйүү сезимдерин айтып, турмуш курууга мага арнап кол сунулду. Мен ага тезинен жообун бергеним жок, себеби ал да бойдок жигит болгондуктан,
менин балам бар деп болгон окуяны, баштан өткөргөн күндөрүмдү айтып бердим (бирок жүрөгүмө бир сырды катып койгомун, ал сыр жанагы жигит менен жолугушуп жүрүп, кош бойлуу болуп калып, анан бир досумду ээрчитип алып аборт кылып, аборттон кийин өзүмө келе албай, көпкө кыйналып жүргөнүмдү айткан эмесмин). Экөөбүз жарым жылдай учурашып жүрүп, анан үйлөндүк. Аны менен баш кошуу да мага оңой болгон жок. /й-бүлөөсү мени балалуу аял экендигимди билишип,макулдугун беришбей, араңдан көндүргөн экен. Аны менен жашап 4 жылдан кийин канчалаган дары-дармектерден кийин балалуу болуп ал балам да төрөт үйүндө чарчап калган. Бул мага берилген каргыш болуп, көпкө балалуу боло албай жүрдүк. Ушуну айтса керек бир кем дүйнө деп. Мен ыплас жолго баргандыгымабы,
же аборт жасагандыгымабы мени кудайым жазалады.
#94 04 Февраль 2015 - 15:15
Саламатсыздарбы,
бош убакыт жок болуп жатат, кечириниздер,
анан улантам...
#95 04 Февраль 2015 - 18:10
Убакыт жок болсо эмне башташат, баштагандан кийин бутуро албагандан кийин, кара соз эч Кандай тил байлык жок. Келдим кеттим жаттым турдум деген эле тажатма создор
#96 04 Февраль 2015 - 18:18
Aikassol (04 Февраль 2015 - 18:10) жазган:
Убакыт жок болсо эмне башташат, баштагандан кийин бутуро албагандан кийин, кара соз эч Кандай тил байлык жок. Келдим кеттим жаттым турдум деген эле тажатма создор
Замандаш андай каттуу кетпесен.Бул эже экообуздон кеминде 10жашка улуу экен.Кара соз м жазбай анан ырдасынбы?Убактысы болсо жазатда.Баары эле жазуучу эмеско акыры.Катуу тийсем капа этпе классташ.Эми тема боюнча айтсам эже жаза берин шашпай илхом келгенде.Азыр бактылуу болсонуз керек менимче.
#97 05 Февраль 2015 - 07:26
менимче акылдуу, ыймандуу эле эжедей. Турмушта кимдер гана адашпайт... Сизге уй-булолук бакыт каалайм.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#98 06 Февраль 2015 - 15:03
Aikassol (04 Февраль 2015 - 18:10) жазган:
Убакыт жок болсо эмне башташат, баштагандан кийин бутуро албагандан кийин, кара соз эч Кандай тил байлык жок. Келдим кеттим жаттым турдум деген эле тажатма создор
Биринчиден менден сизге ыссык салам, сиз менин баламдан эле кичине чонураак экенсиз, Бирок сиздин бул жазганыңызга мен капа болбойм. Ооба менден каталык кетти, бул окуямды эмне учун баштадым, эмнеге сырымды ачтым озум да кыжаалат болуп журом. Бул форумга кирбейт деле болчуум, бул форумга киргенимдин да бир себеби ошол жумушта сүйгөн жигит себепчи болду, сүйүү, сүйүү деп жүрүп түгөнө турган болдум. Чынында айтсам интернетке киргени менин эч убактым жок, жумушта ар кандай иштер, уйдо бала-чака дегендей, бул тирилик түгөнбөйт. Дагы бир сиздин айткан созуңузго айтып кетким келет "Кандай тил байлык жок, келдим, кеттим, жаттым турдум" депсиз, ооба менде тил байлык жок, анткени мен жазуучу эмесмин, акын, ырчы да эмесимин лирика кылып жазганы, жон гана жөнөкөй аялмын, болгону күч структураларынын биринин эң алдыңкы бир бөлүмүндө офицермин. Андай авторитетүү жумушта иштегениме өзүм сыймыктанамын, ошону менен бирге коллегаларым да урматтайт. дагы айткым келет бул жумушка өзүмдүн күчүм, өзүмдүн башым менен киргем. Дагы ойлосоңуз керек кантип эле ушул акылдуу болуп мындай ишке кирсе анан адашып калган деп, ооба мен адашкамын, азыркы убакта да адашып жүрөм, анткени мен жүрөгүмдөн сүйүп, чексиз сүйүүгө ишенем. Сүйүүнүн кадыр-баркына жеткендердин бириненмин. Мен башында жазган болчуумун, менин окуямды окуп менден иренжисеңиздер да, кандай келесоо аял деп ойлосоңуздар да жана ката жазсам да мени шылдыңдап күлүп, мага көңүл оорута турган коментарийлерди жазбаңыздар деп суранып кеткен элем, себеби мен башымдан кыйынчылыктын далайын өткөрүп, далай жолу жакындарымды тирүүлөй жоготтум жана дагы жарык дүйнө менен кош айтышкан сүйүктүү мени түшүнгөн алтындай баа жеткис апамды, эжелеримди жана ымыркай баламды жоготкондон кийин ыйлаак болуп калганмын. Көп нерсени жүрөккө жакын алам.
#100 06 Февраль 2015 - 15:48
madina.87 (04 Февраль 2015 - 18:18) жазган:
Замандаш андай каттуу кетпесен.Бул эже экообуздон кеминде 10жашка улуу экен.Кара соз м жазбай анан ырдасынбы?Убактысы болсо жазатда.Баары эле жазуучу эмеско акыры.Катуу тийсем капа этпе классташ.Эми тема боюнча айтсам эже жаза берин шашпай илхом келгенде.Азыр бактылуу болсонуз керек менимче.
Рахмат сизге, аябай акылдуу экенсин, сага ыраазымын. Сага чын ден-соолук, бактылуулук, ишинде ийгилик, үй-бүлөөңдө бакубат тынчтык каалайм. Аман бол.