Суперстан: Жүрөгүмдөгү сыр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Жүрөгүмдөгү сыр

#101 Пользователь офлайн   DaRhaN.   06 Февраль 2015 - 15:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 001
  • Катталган: 20 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2015 15:47
  • Жынысы:Белгисиз

Автор капа болбой уланта берин сураныч!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   umutarman   06 Февраль 2015 - 15:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Leo. (06 Февраль 2015 - 15:07) жазган:

Jazyptyr dese, oz ara akyinek bawtawkan tura :(



Акыйнек эмес, колум бошоп жазайын деп кире калсам, анан коментарийлерди окуй калып капа боло туштум да. Эгерде менин жашоом чындыгында кызыктуу болсо, анда сөзсүз сиз менен достошуп, купуя катка ким экендигимди, жашым канчада, жумушум, жашоо шартым боюнча жазып берүүгө убада берем Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   umutarman   06 Февраль 2015 - 15:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

[quote name='DNurgiza' date='05 Февраль 2015 - 07:26' timestamp='1423099572' post='2177890' ]
менимче акылдуу, ыймандуу эле эжедей. Турмушта кимдер гана адашпайт... Сизге уй-булолук бакыт каалайм.
[/qu


Рахмат, Сизге да ден-соолук, бакыт каалайм. Эч качан бул жашоодо жамадык көрбөй, жалаң гана бактылуу күндөрдү өткөрүүңүзгө тилектешмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   shair0000   06 Февраль 2015 - 16:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 30 Январь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2016 16:28

Ар кимге каалоо тилек айта бербей, жазсаныз жакшы болмок. Сиздин ал жумушка кантип киргениниз, эч кимге кызык эмес. Баштадынызбы, анда анча мынча тескери билдирууго да чыдоонузга туура келет.
Кутобуз эми батыраак жаза калыныз эми ...,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   umutarman   06 Февраль 2015 - 16:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

Кутман күнүңүздөр менен!

Ошол күндөрдү эстеп жазуу, мага канча кыйын болсо да мен улантып жазганы аракет кылайын.
Биз жолдошум экөөбүз кубанып балалуу болобуз деп жүрүп көптөн күткөн балабызды жоготконубуз да өткөргөн оор күндөрүмдүн кесепетинен жүрөк оорукчан жана дагы давление пайда болуп, кош бойлуулугум 7 айына жеткенде давлением 240ка чыгып, айылда комага түшүп калган экенмин. Баламды тезинен сактайлы деп операция кылышып алышып, бирок алланын буйругу менен балам чарчап калган. Өзүм болсо 5 күн дегенде араң комадан чыгып, жарым жан болуп, көзүм да көрбөй калган. Канчалаган амбулатордук жана стационардык дарылануулардын натыйжасында 3 ай дегенде нерв тамырлар ордуна келе баштап, көзүм да көрө баштаган. Ошол кезде абдан кайгыргам мен ушунчалык жамандыгымдан кудайым мени жазалап, каргышка калган экенмин, балам да чарчап калды, көзүм да көрбөй калса мындан артык жашоонун маңызы эмнеде, өлүп калсам канчалык жакшы болот эле деп тирүү калганыма нараазы болуп ыйлап жүрдүм. Апамдын ал убакта кыйналганын, байкуш апам мени тирүү калса болду деп канча чуркагандарын, кудайдан жалынып сурагандарын азыр эстесем....... (Мына дагы мен айтым го ыйлаак болуп калгам деп).............. ...
Өзүмдү өзүм сооротуп: "бул күндөр да өтүп кетет" деп жүрүп ал күндөрүм да азаптар менен өттү. Кайра эле жумушка чыктым, бирок башка структурага. Эң кызык жери мен бул жака которулуп келсем, менден мурун эле жанагы жумушта жактырып, сүйүп анда-санда жолугуп жүргөн жигитим да бул жака которулуп келеген экен. Эми бир гана үй-бүлөө деп жашайм деп жүрсөм, дагы эле баягы сүйгөн адамыңдын элеси жаныңда жүрсө, күнүнө жүз көрүшсөң унута албайт экенсиң. Убакыт зымырап учуп, баягы жошоо - жумушка бармай, уйгө келмей дегендей. Ушул жерде бир аз токтото турсам...
Сиздердин да оюңуздарды билгим келип, төмөнкү суроолорду бергим келди:
- сиздерде бир убакта эки адамды бирдей сүйүп, экөөнө тең бирдей кызгануу болгонбу?
- мендеги кандай сүйүү?
Өзүм да түшүнбөйм (капа кыла турган коментарийлерди, кичине жумшагыраак кылып жазууңуздарды дагы бир жолу суранып кетем)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   umutarman   06 Февраль 2015 - 16:51

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения shair0000 (06 Февраль 2015 - 16:35) жазган:

Ар кимге каалоо тилек айта бербей, жазсаныз жакшы болмок. Сиздин ал жумушка кантип киргениниз, эч кимге кызык эмес. Баштадынызбы, анда анча мынча тескери билдирууго да чыдоонузга туура келет.
Кутобуз эми батыраак жаза калыныз эми ...,


Ар бир каалоо-тилекке периштелер "оомийн" дешет экен, сиз да бактылуу болуңуз, сизге да дүйнөдөгүх бардык жакшылыктарды гана каалайм СүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   shair0000   06 Февраль 2015 - 16:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 30 Январь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2016 16:28

Жашыныз улуу болсо да, жаш кыздардай сурайсыз да. Ушунча кыйынчылыктан кийин да , никедеги куйоонуз турса да, ойношунузду суйууго жол болсун. Сизге Дале болсо да акыл кирбептир деген ойго келдим. Бирок капа болбойсуз деген ойдомун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   umutarman   06 Февраль 2015 - 17:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 49
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 11 Фев 2017 15:30
  • Жынысы:Эркек

Өзүм толук айыга элек кезимде, апам да катуу ооруп калды апама "Рак" оорусунун акыркы стадьясын коюшту. Ал күндөрү дагы мен азапка малынып, врачтардан "Чынын айтыңызчы мен баарына даярмын" деп, жалынып жалбарып жатып апамдын абалы канчалык деңгээлде айыгып кетүүгө үмүт бар же жок экендиги жөнүндө сураганымда врач мага карап : "Сабыр кылыңыз, эгер жакшы карасаңыздар 1 жыл жашайт, же болбосо ага жетбейт" дегенин угуп алып мага канчалык оор болгонун билбейсиңер. Мен өзүмдү апам өлгөнчө жанымды кыйып алайын десем, айлам жок ооруп жаткан апамды аядым жана дагы ата-энем чоңойтуп жаткан баламды аядым, мен өзүмдү жок дегенде апам үчүн жашап турайын, андан кийин өзүм жөнүндө ойлоном деп жүргөн күндөрүмдүн биринде апам жаткан анкалогия ооруканасында эс кушумду жоготтум. Врачтар текшеришип кан басымыңыз түшүп, температураңыз да бар экен деп, текшерүүлөрдөн кийин сиз кош бойлуу окшойсуз, тест кылып көрүңүз деп кеңеш беришти. Ал күнү апамды эжем карап калып мен уйгө кеттим. Тест кылдым. Күтүлбөгөн эки сызык, негедир мен кубанбадым. Оюма ар нерселер келип, эмне кылышымды билбей калдым. Бир айга жакын жолдошума айтбай жүрдүм, акыры уруша кеткен күнүм: Мен өзүмдүн жанымды өзүм кыям деп жүрсөм, дагы бир балекет башыма жазылды, мен кош бойлуумун" деп өкүрүп-бакырып ыйладым. Анткени менин оюмда апам гана бар болчу, профессордун "апаңыз болгону 1 жыл жашайт" деген сөзү, мен үчүн аябай оор болду. Апам кайтыш болуп кетсе мен кантип жашайм, мен апамды ушунчалык жакшы көргөнүмдү ошондо сезгем. Мурда апам мени көп урушчу, мен апама: "эмне эле мени жек көрөсүз, эмне мени багып алгансызбы же мени башкадан төрөгөнсүзбү" деп капа болчуумун. Мен эми түшүнүп олтурам апам мени аябай жакшы көргөн экен менин бардык кылыктарыма чыдашып, ата-энем мени аябай жакшы көрүшөөрүн эми сезип олтурам. Апамды жакшы болуп кетсин деп алладан канча тиленип жүрдүм. Курсагымдагы балам да чоңоюп 4 айдан өтө баштаганда ар айына 10 күндөн ооруканада жатчуумун. Апам болсо анкологияда. Секин ооруканадан эч кимге билгизбей күндө бир маал апамды көрүп келчүүмүн. Апам мени башымдан сылап көп айтчуу сени билем сен мени менен көп урушсаң да мен сени баарынан артык көрөм, мен эгер өлүп кетсем да сен баарына көмөк көрсөтүшүң керек дечү. Бул сөзүн апам күндө барсам күн сайын айтчуу, анан дагы сенин балаңды өзүм кырк күн багып берем дечүү. Ай күнүм жетип мен да төрөдүм, давление чыгып ооруканада көпкө жатып калдым. Үйгө жаңыдан эле чыккам, 3 күн өтбөй каргашалуу Ош окуясы башталды. Мен жаш балам менен кача албай, апамы көрүүгө зар болуп (апамды да ооруканадан чыгарып коюшкан үйдө карагыла деп) үйдө 15 күн камалып олтуруп, араңдан зорго айылга кеттим. Айылда апам өзү ниет кылгандай балңды кырк күн багам дегендей, балам төрөлгөн күнүнөн кырк эки күн өткөндө апам кайтыш болду. Мен апамдын өлөөрүн билсем да,мага өз апамды берип коюш кыйын болду, апамдын жаны чыгып жатканда, жанында тургам, адамдын жаны чыкканда ыйлабай күтүш керек экен а мен болсо чыдай албай "Ээ алла апамдын жанын албай менин жанымды ал мен эч кимге керек эмесмин, болгону менин бир жолдошум, эки кичинекей балам бар, алар али эне мээримин биле элек, апам өлсө көбү кыйналат" деп жер тепкилеп ыйладым, апам байкуш мени көзүнү чети менен бир карап көзүнөн акыркы бир тамчы жашын чыгарды да кете берди. Апамды өзүбүз, башкача айтканды апамдын кыздары жуунтуруп кепиндедик да акыркы сапарга узаттык....... .............
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   edelveis2014   06 Февраль 2015 - 17:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 37
  • Катталган: 01 Июль 13
  • Соңку аракети: 12 Июн 2018 18:40

Алла Таала жаратканда бул жашоого сыноо учун жараткан экен ар бир келген жакшылык да жамандык да биз учун сыноо Алладан баардык кылган иштеринде он жол коргоз деп тиле Алла сени шайтандын азгырыгынан сактасын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   rayana86   06 Февраль 2015 - 21:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 25 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Авг 2016 13:58

Окуп жатып ыйлагым келди...Чын эле энеден ыйык нерсе жок аларды козу барда сыйлайлы.Ал эми авторго бактылуулук каалайм.Жазгандары аябай таасирдуу экен.жанада кутобуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   s9zen098   07 Февраль 2015 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения umutarman (06 Февраль 2015 - 15:03) жазган:

Биринчиден менден сизге ыссык салам, сиз менин баламдан эле кичине чонураак экенсиз, Бирок сиздин бул жазганыңызга мен капа болбойм. Ооба менден каталык кетти, бул окуямды эмне учун баштадым, эмнеге сырымды ачтым озум да кыжаалат болуп журом. Бул форумга кирбейт деле болчуум, бул форумга киргенимдин да бир себеби ошол жумушта сүйгөн жигит себепчи болду, сүйүү, сүйүү деп жүрүп түгөнө турган болдум. Чынында айтсам интернетке киргени менин эч убактым жок, жумушта ар кандай иштер, уйдо бала-чака дегендей, бул тирилик түгөнбөйт. Дагы бир сиздин айткан созуңузго айтып кетким келет "Кандай тил байлык жок, келдим, кеттим, жаттым турдум" депсиз, ооба менде тил байлык жок, анткени мен жазуучу эмесмин, акын, ырчы да эмесимин лирика кылып жазганы, жон гана жөнөкөй аялмын, болгону күч структураларынын биринин эң алдыңкы бир бөлүмүндө офицермин. Андай авторитетүү жумушта иштегениме өзүм сыймыктанамын, ошону менен бирге коллегаларым да урматтайт. дагы айткым келет бул жумушка өзүмдүн күчүм, өзүмдүн башым менен киргем. Дагы ойлосоңуз керек кантип эле ушул акылдуу болуп мындай ишке кирсе анан адашып калган деп, ооба мен адашкамын, азыркы убакта да адашып жүрөм, анткени мен жүрөгүмдөн сүйүп, чексиз сүйүүгө ишенем. Сүйүүнүн кадыр-баркына жеткендердин бириненмин. Мен башында жазган болчуумун, менин окуямды окуп менден иренжисеңиздер да, кандай келесоо аял деп ойлосоңуздар да жана ката жазсам да мени шылдыңдап күлүп, мага көңүл оорута турган коментарийлерди жазбаңыздар деп суранып кеткен элем, себеби мен башымдан кыйынчылыктын далайын өткөрүп, далай жолу жакындарымды тирүүлөй жоготтум жана дагы жарык дүйнө менен кош айтышкан сүйүктүү мени түшүнгөн алтындай баа жеткис апамды, эжелеримди жана ымыркай баламды жоготкондон кийин ыйлаак болуп калганмын. Көп нерсени жүрөккө жакын алам.

Ушул создорунуздон улам сизди кыска ойлуу, озун ото жакшы коргон адамга окшоттум. Жашоодо ар ким жанылышат, ал кийинки тагдыр учун сабака болуусу керек. Бирок сиз жашыныз бир топко барып калганына карабай, 16га жаны толгон кыздардай болуп суйуу суйуу эле дейсиз. Же суйуу деп бир адамды суйуп кыйратпаптырсыз. Биринчи жигитинизди суйдунузбу же кийинки бойдок жигитттиби? Айтор,тушунгон жокмун.
Каттуу тийсе кечирим сурайм. Эми мындан кийин бактылуу болунуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   bikusim   07 Февраль 2015 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 21 Январь 15
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Башынан откон окуяны жазып жатса керек. Азыр суйуп аткан жери жокго тууравы? Кызыкпагандар окубай койгула. Жаман суракка алдынарго бул эжени.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Февраль 2015 - 02:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

N.mira, shair0000, жеке айтышууларга жол берилбесин! shair0000, ар бирине жооп кайтарып, теманы "согуш майданына" айлантуу токтотулсун. Эскертүү! Акыркы эскертүүм! Дагы кайталанса банга кетесиң!

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   rnurzida   08 Февраль 2015 - 02:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Темадан алыстабагыла! Ашыкча билдирүүлөр өчүрүлдү!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Tomega   08 Февраль 2015 - 12:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 313
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 22:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Аябай оор,азапту кундорду башыныздан коп откорупсуз. Апакениздин коз жумуп жатканын карап туруш канчалык оор экенин абдан жакшы тушуном.Ушул жонундо жазгандарынызды окуп,ыйлап алдым.Бул кыйынчылыктар баары артта калган...Учурда уй-булоолу экенсиз.Балдарыныздын сый-урматын коруп,ден соолугунуз чын болуп,бактылуу омур сурунуз.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   ales   08 Февраль 2015 - 13:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 28 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2024 11:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Сүйүү же үй-булө? Мына ушул суроого жоопту билсениз да, ал сөздөрду аткаруу кыйын болуп жаткан го ээ... Туура эле тушүндумбу?

Сүйүү- көзду байлап, адамды башкача башкарган сезим. Жөн адам эмес, тарыхтагы улуу падышаларыбыз да бул сезим менен курөшө алган эмес. Алар дуйнөну башкарып атам деп көкүрөгун көтөрүп, далай кулдардарга ээ болсо, жалгыз сүйүүнүн кулу болгон. Балким, мамлекеттеринин кыйрашы падышанын армиясынын ал кучунөн эмес, кучтүү сүйүүлөрдүн айынан болуп келгендир.

Автор, сөз көтөрумдүүлүгунуз кучтүү болсо улай бериниз. Бирокчу ойношунуз менен ойноп жүрсөнүз, албетте конулунузду иренжиткен билдируулор байма-бай жазылаары бышык. Турукштук бере аласызбы?

Билдирүүнү түзөткөн: ales: 08 Февраль 2015 - 13:03

"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   nargiz-94kg   08 Февраль 2015 - 16:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 710
  • Катталган: 22 Март 14
  • Соңку аракети: 15 Мар 2017 15:16
  • Жынысы:Белгисиз

Уланта койуңуз эми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   aliyam   08 Февраль 2015 - 20:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 18 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 22 Июн 2018 04:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

автор ар кимдин комментарийине жооп жаза бербей озунуздун окуянызды бутурбойспу. ар кандай адамдар кирет бул форумга, турдуу сын пикирлер болот.маани бербей жаза бериш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   sovetjazgul   08 Февраль 2015 - 20:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 26 Июль 14
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2016 13:35

Болду ушул мененле буттубу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Aikassol   08 Февраль 2015 - 22:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 83
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2021 07:35

Мактанганынызга жол болсун. Сиздин жумушунуз мени кызыктырган жок. Теманыздан алыстабай, Ар кайсыга актанып, мактанбай жазып бутурбойсузбу! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 10:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: