Белка кайда кеттиниз
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#142 09 February 2015 - 02:04
Бир кезде Карабеков ордунан турду да,саунанын бассейнине секирип кирип,бир аз ары-бери сүзүп кайра чыкты.Бул мезгилде Каныбек буу бөлмөгө кирип денесин буулантып шектүү кишилер жокпу дегендей саунанын ичин бир сыйра текшерип чыкты.Экөо кайрадан бассейндин четиндеги отургучка келип отурушту.Карабеков ары жактагы турган бөтөлкөдөгү пиводон бирди алып ууртады да,дароо сөздун ток этээр жерине өттү.
-Кыскасы,сөз мындай Каныбек, то есть Абдурасул.Экөөбүз бул жерде көпкө сүйлөшүп отурууга болбойт.Сени аңдыгандар болушу мумкүн,шек алып калышат.Өзүң көрүп атасың казынанын картасынын артынан ууга чыккандар четинен пайда боло баштады.Эгер мындай боло турган болсо дагы көбөйүп кетиши мүмкүн.Анда ызы-чуу да,кан төгүүлөр да болуп кетет,керек болсо буга чет элдиктер да тигилердей болуп кийлигишип кетиши ыктымал.Бул жөнүндө кичине эле шек билинип калып,биздики болбосо дагы башка өлкөлөрдүн прессаларына чыгып кетсе,буга кызыккандар көп болуп кетет.
-Мен эмне кылышым керек?
-Угуп тур...Ошондуктан кандай да болсо,тигиАбдурахмандан анын картасын алууга тийишсин.
-Алар мага ишенишпейт, мурдагыдай дагы качып жоголуп кетет дейт да.
-Мен аны насовсем ал деген жокмун.Бизге болгону анын көчүрмөсү керек.Болду калганын болсо өзүбүз бүтүрөбүз.
-Картаны мага бермек турсун,азыр көрсөтпөй да жатышпайбы.
-Баарыбир силер анын жер шартын,географиясын жакшылап аныкташыңар керек туурабы.Ал кайсыл жакта катылуу жатканын анча-мынча билесиң да.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#143 09 February 2015 - 02:24
-Тээ киши буту басып барбаган тоо арасындагы үңкүрдө Кытай менен биздин чектеш жеринде экенин билем.Адегенде Нарындын тоолору тарабында деп ойлогом,что то кийинки тигилердин сүйлөгөн сөздөрүнө карап сомневаться этип жүрөм.
-Ооба,ал жөнүндө биз да анча-мынча маалымат алдык.Жоголгон казына көл тарапта окшойт.Ошонун аныгына жете албай жатпайбызбы, анүчүн анын картасы керек,карта болсо Абдурахмандын колунда.Баарыбир баарыңар чогулуп колуңардагы картанын секретин жандырышыңар керек туурабы.Сен ошону эртелеткенге аракеттен "Башкалар да кийлигише баштаптыр" деп алигилерди доказательство кылып айт.Антпесе убакыт өтүп атат,убакыттан уттуруп коюшубуз мүмкүн.Кандай болсо да картанын көчүрмөсүн бизге бергендей бол,түшүндүңбү. Биз сага фотоаппарат көз айнек беребиз,анын башында кичинекей точкасы бар,картаны жайып алып тактап аткан учурда көз айнегин басып коёсуң,болду тартылып калат.Зажигалканын ордуна сага кол саат берсекпи деп атабыз.Сенин сүйлөшкөн сөздөрүңдүн баары бизге угулуп турат,антпесе өткөн жолкудай бирөолөрдүн туткуну болуп калсаң,сени таппай жоготуп жиберишибиз да мүмкүн.
-Түшүнүктүү.
-Анда ишти тездет,алигилерди тигил Айгүлдөн берип жиберем.
-Аны эмне кошуп алдыңар,анын эч кандай тажрыйбасы жок да,ишьи бүлдүрүп алышы мүмкүн.
-Сенде деле опыт жок эмес беле,сен дагы акырындап тажрыйба алып такшалып келатасың.Между прочим ал аябай акылдуу,куу кыз.Чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын да эң жакшы өздөштургөн. Болуптур,аенда мен кеттим,жоголуп кетпей бат-бат кабарлашып турсаң.-Карабеков акырын ордунан турду да кийинип чечинчү бөлмөгө өтуп кетти.Бул мезгилде саунада жаңы адамдар пайда боло баштаган эле.

#144 09 February 2015 - 02:29
[quote name='Beki035'
date='08 Февраль 2015 - 23:02' timestamp='1423425760'
post='2185514'
]
Белка кайда кеттиниз
[
Белка кайда кеттиниз
[
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#145 09 February 2015 - 02:34
ӨЛҮКТӨРДҮН СЫРЫ
(мурунку заман)
Жыландай ийри-буйру чубалган кербенчилердин алдыңкы тобу жарчанын түбүнө жете беришкенде аргымак минип эң алдыда жол баштап келаткан адам токтогула дегендей колун көтөрүп арт жактагыларына белги берди.Алар алыстан эле ушул тарапт ан мылтыктын тарс эткен унүн угуп,дүрбү менен экиатты жетелеп кайдадыр шашкалактай кетип бараткан караанды көрүшкөн.Ошол себептен алар ушул жарчанын түбүндө кандуу окуя болгонун алдын ала эле сезишкен болчу.Анын жанына чаап келген киши жол баштоочуга кайрылды.
-Эмне болду таксыр?
-Тээтигил жерде сулап жаткан эки караанды көрдүңбү,барып билип келчи,тирүү бекенби же өлтурүп салыптырбы?
Эки атчан жарчанын түбүнө аттарын чаап барышты да,түшө калып укмуштуу көрүнүшкө баштарын чайкашты.
-Бирөосун тим эле кылыч менен барчалап таштаган го.Карачы башын да шылый чаап салыптыр.
-Тиги экинчисичи?
-Анысы деле кызыл-ала болуп жатканына караганда тирүү эмес окшойт.
Экөо ордуларынан жаңы эле козголо бергенде биринчиси бир нерсени сезгендей ордуна токтоло калды да,кайрадан алиги кызыл-ала болуп жаткан кишиге жакындап барды.Анын манжалары тез-тез кыймылдап кетип аткан эле.Эңкейе калып акырын билегинин тамырларын кармап,жүрөгү согуп атабы дегендей кулагын тигинин көкүрөгүнө кадап тыңшап көрдү.

#146 09 February 2015 - 02:57
-Мунусу али өлө элек,чала жаны бар экен.Араң-араң дем алып атат.
Ары жактан дагы эки-үчөөсү келип эңкейип карашты.Кербенчилердин жолун баштап жүргөн жетекчиси үймөлөктөшуп тургандарга жакын келди да,өзүнүн дарыгерин чакырды.
-Карап көрчү бул адам болобу же болбойбу?
Сакал-мурутун ак баскан ак чач абышка анын жан жерлерин бир опко сыйпалап карап көрдү.
-Ок көкүрөгүнө тийиптир,сыягы бийик жерден куласа керекэки кабыргасы сынып кетиптир.
-Айыктырса болобу?
-Албетте болот,ок сол жак ийини тешип кетиптир.Көзөнөк жараны дары чөптөр менен айыктырса болот.Сынган сөөктөрүн түзөтүп,анан калыбына келтирчү дарылар да бар.Бирок айтыңызчы,артыкбаш адамдын бизге кереги не?
-Эч нерсе эмесартык дөолөт баш жарбайт,айыгып кетсе бизге милдеттүү болуп калат.Малай кылып иштетип алсак да зыяны тийбейт.
Бардыгы алсакпы-албасакпы деп ыргылжың боло өз ара кажы-кужу болуп туруп калышты.Алиги бардыгын жетектеп келаткан жолбашчы акырын эңкейе чийде илинип турган аялдардын мойнуна сала турган алтын чынжырчага көзүн сүзүлтө карап калды.Анан эңкейип аны ала койду да,жерде чачылып жаткан беш-алты алн тыйын жана билерикти көрдү.Тизелеп отуруп аларды чогултуп алган соңэс-учун жоготуп чала-жан жаткан кишиге көз кырын салды.
-Бул жерде бекеринен кандуу окуя,тигил жерде өлум болуп кеткен жок.Бобул алтын-күмүштөрдүн байланышы бар.Менимче алиги биз дүрбү менен көргөн киши бул экөөну өлтурүп,алтындарды алып качып кетти.Жана дүрбү менен караганда шашылып аттарды чаап кетип баратканында эле шек алгам.Менимче муну алыс жерден аткан,бу бийик жерден кулаган.-Ал башын өйдө көтөрүп жардын бетин кунт коюп карады.

#147 09 February 2015 - 03:15
-Токто,токто балким Кокон хандыгынын казынасына тиешелүү болгон жоголгон кенчтин түйүнү ушул жакта болуп жүрбөсүн?
Ал жардын бетин көпкө чейин карады.Анан жанындагы кишилерге кайрылды.
-Силер жогору жактан бир нерсени байкадыңарбы?
Алар жок дешкендей бирин-бири карап ийиндерин күйшөштү.Жол башчы өйдө жактан көзүн албай көпкө тиктеп турду.
-Демек,силер анча кыраакы эмес экенсиңер.Көрүү, туюу сезимиңер анча эмес экен.Жакшылап кунт коюп карабайсыңарбы, тээтигил жардын бетиндеги оюкчаны көрдүңөрбү?
Бардыгы тең Жок көргөн жокпуз деп баштарын чайкап атышты.Буга жол башчынын ачуусу келе түштү.
-Силерди көзгө сайып көргөзсө да эч нерсе көрбөйсүңөр. Азыр көрсөтөм,бери берчи мылтыгыңды. -Ал жанындагынын мылтыгын ала коюп өйдө жатагы бир чекитти мээлеп атып жиберди эле,ал жогорудагы ташка тийип чыңң деген үн чыкты.-Эми көрдүңөрбү ок тийген жердеги оюкчаны?
-Ии,эми байкадым,бирок бир караган кишиге анча байкалбайт экен.
-Демек бул киши ошол оюкчадан төмөн карай кулаган.Бобул алтын буюмдар ошол жактан түшкөн чачылып.Менимче оюкчада катылган бирнерсе бар.Ичине кирип текшерип көрүш керек.
-Ал жак бийик да кантип чыгабыз?
-Булар кантип чыгышты,ошентип эле чыгабыз.-Ал дүрбү менен жар бетиндеги оюкчанын айланасын кунт коюп карап чыкты.-Менимче ал жакка башка жактан баар турган жол бар.
-Болбогон нерселер менен эле алектенип,убакытты өткөрбөй кетпейлиби бул жерден.Ансыз деле кечигип кетип баратабыз,-жол башчыны жандап жүргон киши көңүлдөнбөгөндөй сүйлөдү.
-Шашылып жатсаң кете бергиле,муну, чала жанды да алып алгыла.Артыңардан кууп жетем.
-Өзүңүз билесиз таксыр,биз силерсиз эч жакка жылбайбыз.
-Анда анча-мынчабыз азга аярлайлы бул жерге,караванды болсо токтотпогула, жолдорун улап кете берсин.Бул жерде үчөөбүз калабыз,көп өтпөй эле силерди кууп жетебиз.Менин буйругумду аткаргыла!
Топтошуп турушкандар анын айтканын кылышып,жерде чала жан жаткан кишини көтөруп төөгө жаткызышты да,сапарларын андан ары улашты.Кетип бараткандардын бирөөсү аларга эскертип өттү.
-Сак болгула азыр кыргыз-кыпчак менен Кокон хандыгынын ортосунда катуу күрөш журүп жатат.Ошолордун колуна тушүп,кабылып калбагыла.
-Андан кама санабагыла, бир чай кайнамга жетпей силерди кууп жетебиз.
Кербенчилер узап кетишкен соң,жар түбүндө калган экөөнүн бирөөнө жол башчы буйрук бере сүйлөдү.
-Кана жигиттер жарды айланып тээтигил оюкчага жол издегиле.Мен сезип турам,ал жакка жетчү жол бар,сөзсүз табылат.

#148 09 February 2015 - 03:28
БАНК ИЧИНДЕГИ ЫЗЫ-ЧУУ
(азыркы заман)
Каныбек мындай окуяны кез-кез чет элдик кинолордон гана көрбөсө,эгерим өз көзү менен көрүп,күбө болуп көргөн эмес.Ошол бир суткадагы окуя ага бир жылга тете болду.Ары-бер жумшаганга акчасы тугөнгөндө борбордук банкка келип кандайдыр белгилүү өлчөмдө акча алып турчу.Чөнтөгундө эч нерсе калбай калганда бир жумага жеткидей акча алганы барган.Кагазга жаңы эле кол коюп беш жүз сом суммадагы акчаны ала берейин дегенде сырттан кара чүмбөт кийинишкен жети-сегиз адам кирип келди.Бардыгынын колдорунда пистолет,автомат.
-Ар бириңер ордуңардан былк этпей катып калгыла.Артык баш кыймыл жасасаңар эле атып таштайбыз!
Адегенде мындай күтүлбөгөндүккө кассадагы кардарлар ызы-чуу түшө кыйкырышып, ары-бери чуркай башташты эле,алдыдагы чүмбөтчөнү катуу катуу кыйкырып буйрук бере сүйлөдү.
-Баарыңар тең жерге жаткыла!
Анан автомат менен жогору жактарды аткылай баштады.Эшиктин алдындагы милиционер курундагы тапанчасына тап койду эле,бирөөсү барып автоматын чекесине такады.
-Сага жан керекпи?Эскертип коёюн артыкбаш эле кыймыл жасаганга аракет кылчу болсоң,бобул автоматтын огуна мээң чачырап кетет.Алып кел алдагы пистолетиңди.

#149 09 February 2015 - 03:30
Ал көздөрү бакырая эки колун өйдө көтөргөндө,
белиндеги пистолетин кабынан сууруп алды.Эл менен кошо жерде жатып Каныбек өз көзүнө өзү ишенбей кетти. "Неужели это ограбление,
мындай болушу мүмкүн эмес".Чүмбөтчөндөрүн үч-төртөөсү тепкич менен өйдө карай көтөрүлүп чыгып кетти.Банкты үч жерден куралчан милиционерлер кайтарышчу.
Кире бериште экөө,үстүндө бирөө.Ооздогу кароолчулардын бирөөсү эси ооп жерде жатат,сыягы тигилер киришээри менен биринчи эле ошонун эсин оодара чапса керек.Экинчиси болсо эки колун желкесине алган боюнча көмкөрөсүнөн ал да жерде.Көп өтпөй үчүнчүсүн да эки колун желкесине алдырып өйдөдөн алып келишти.Банкты кайтарган негизги куралчандар ушулар болчу.Анда иштегендер,
кардарлар болуп бардыгы отузга жетет экен.Эки чүмбөтчөн автоматтары менен сыртта акмалап турушту.Сыртта банктын ичиндеги окуяга шек алган тегеле жышаан билинбейт.Экөөсу болсо жерде жаткандардын ар-бир кыймыл-аракетин аңдышып,бир нерсе болсо эле атууга даяр турушту.Ал эми калган үчөөсү шашпастан кассадагы,сейфтеги акчаларды өздөрү менен ала келишкен мүшөктөргө салып атышты.Каныбектин айланасында өлүү жымжырттык дегеле былк эткен киши жок.Булар банктын ичиндеги булуң-бурчтардан бери жакшы билген адамдар окшойт.Кайсыл жерде акча бар,кайсыл жерде эмне бар дароо эле билип шар-шар алып кетип атышты."Неужели булар акчаларды спокойно алып кетип калышат."
Жанында жаткан банкта иштеген аялга акырын үн катты.
-Кнопканы басып аткандай болуп атпадың беле,же сигнал иштебей калдыбы?
-Билбейм,жакшы эле баскансыгам тигил жак жымжырт.
Жанында жаткан банкта иштеген аялга акырын үн катты.
-Кнопканы басып аткандай болуп атпадың беле,же сигнал иштебей калдыбы?
-Билбейм,жакшы эле баскансыгам тигил жак жымжырт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#150 09 February 2015 - 03:32
Же чын эле сигналы иштебей калганбы.Антип-
минткиче арадан он беш мүнөттөй өтүп кетти.Тигилер анча деле шашылышкан жок,банктын ичндеги акчалардын баарын эч нерсесин калтырбай алышты да,сыртка жөнөштү.Жерде көмкөрөсүнөн жаткандарды байкап турган автоматчандардын бирөөсү эскерте сүйлөдү.
-Эсиңерде болсун,атыкбаш кыймыл жасай турган болсоңор,эч кимиңерди аябайбыз.Жөн гана атып салабыз!Былк этпегиле,башыңарды көтөрбөгүлө!
Чүмбөтчөндөр акырын жылып сыртка чыга башташты.Сыягы булар алдн ала аябай даярданышса керек.Кайсыл маалда,кайсыл убакытта,акчалар кайсыл жерде,бүгун кароолго кимдер турат бардыгын күн мурунтан пландаштырышкандай. "Неужели булар жөндөн-жөн гана кетип калышат?" Жерде жаткан Каныбек эмне кылаарын билбей шашкалактап тигилер чыгаары менен алардын соңунан жөнөмөкчү болду.Бирок көп өтпөй эле алиги автоматчан чүмбөтчөндөр кайра кирип келишип,эшикти ичинен беките салышты да,ар бир терезелерге жашырынышты. Муну Каныбек дароо эле сезди."Демек группа захвата менен опертоп үлгурүшкөн экен да".

#154 11 February 2015 - 02:53
АЛТЫНДЫН АЗГЫРЫГЫ
(мурунку заман)
Кербенчилердин башчысы Хабибулло деген көпөс уйгур киши эле.Орто Азияны бүт кыдырып соода кылгандыктан, көпчүлүк улуттун кишилери таанычу.Бул жагы Тажик,Өзбек, Орусияга,тигил жагы Индия,Иран,Пакистан, Аравияга чейин барып соода кылчу.Далайларды башынан өткөргөн эски карышкырлардын бири болчу.Алтындын шегин да бекерден-бекер алган жок,жоголгон казына тууралуу биринчилерден болуп уккан.Өзү да теребелге кылдат көз жүгүртүп,ар бир кыймылды байкап,акырын чалгындап келаткан.Жарды айланып,жар бетиндеги оюкчага жол издеп өзү чыкты.Жашы элүү бештен өтүп калса да аябагандай тың,кайраты жана элек күчтүү киши болчу.Жер бетиндеги ар кайсы жердеги тепкичтерди аяр басып,орчук таштарга жармашып жүрүп отуруп оюкчанын ичине кирди.Анын артынан кошо кирген жигит күтүлбөгөн жерден кубанычтуу бакырып жиберди.
-Мынакей казына!
-Чш-ш акырын келесоо десе,тигил укпасын.
Алиги жигит кубанычтан оюкчадан башын чыгарып төмөн жактагыга бир нерсе деп кыйкырайын деди эле,тигил аны акырын көчүктөн ары буту менен тээп төмөн карай кулатып жиберди. Ачуу бакырган үн анча бийик эмес жарчага жаңырып барып,кайра тып басылды.Төмөн карай кулаган жигиттин башы ташка тийип күм-жам болгон эле.Хабибулло эч нерсе болбогондой кайра төмөн карай түшүп келди.
-Курган бала,сактыкка кордук жок дегендей сак,аяр болбой аскадан бутунун тайып кеткенин карачы.Бул да Кудайымдын жазмышы,ыйманы саламат болсун.Кой эртерек жогололу бул каргыш тийген жерден.
-Тигил оюкчанын ичинде эмне бар экен,бир нерсе табылдыбы?
-Бекер чыгыптырбыз, эч нерсе жок экен,карачы бекерден-бекер бирөөбуздүшум ажал алып кетти.Кой эртерээк дагы бир балакет боло электе жогололу бул жерден...

#155 11 February 2015 - 03:06
-Муну ушул боюнча калтырабызбы?
-Баса,айтмакчы муну бир жерге корумдап коёлу,ыйманы саламат болсун.
-Болор иш болду,тигил башы кесилип жаткан маркумду да бир корумдап коёлу.Баары бир мусулман балдарыбыз го.
-Мейли.
Хабибуллонун жанындагы жигит атта байланып турган баштыкчадан күрөккө окшош шиш алып чыгып,таш түбүндөгү оюкчаны чукулап терең кылып каза баштады.Хабибуллого ушул керек болчу.Койнуна кош миздүү шамшарын акырын сууруп чыгып тигини желкеге сайып калды.Ал кыңк этип үн чыгарганга жарабай,өзү казып аткан чуңкурчага эт-бетинен сайылды.Кош миздүү шамшардын бетиндеги кандарды тазалап,белинде салпактап жүргөн кынына салды да,кокусунан чоочун көздөр көрүп калган жокпу дегендей айланасына бир сыйра көз жүгүртүп алды.Анан дароо ордунан атып туруп,жардын аркы бетине чуркап жөнөдү.Көп өтпөй тырмышып өйдө чыгып отуруп,кайрадан үңкүрчөнүн оозунда болду.Өзүнө- өзү ишенбей каптын ичиндеги байлыкты колу менен ууштап,өйдө көтөрүп,кайра сапырып ыраазы боло жыргап атты.
-Мынакей жолум оңолот деген ушул,бул байлык мага өмүр бою жетет.Эптеп аман-эсен буларды Кашкардагы үйүмө жеткирип алсам...
Эртеден берки кыялы чорт үзүлө төмөн жактагы бакылдаган үндөргө кулак төшөй сактана калды.Анан булар кимдер болду экен дегендей акырын башын кылтыйтып төмөн жакка көз жүгүрттү.Ат үстүндө турган жети-сегиздей куралчан кишилерди көрүп жаны оозуна тыгылды.Алар өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүшө өлгөн кишилерди карап,айланаларына көз чаптырып алышты да,ээр-токуму бар ээси жок үч атты жетелеп,Кызыл- Үңкүр коргонун карай багыт алышты.Булар Бузурманкул хандын үч качкынды издеп жүрүшкөн желдеттери болчу.
-Шайтан алгырлардыкы десе,азезилдей болуп булар кайдан чыга калышты эле,-Хабибулло улам алыстап бараткан караандарды жек көрө узата карап турду.

#156 11 February 2015 - 03:16
СЫРДУУ ЧҮМБӨТЧӨНДӨР
(азыркы заман)
-Кана бардыгыңар колуңарды желкеңерге алгыла дагы,бир бөлмөгө кигиле.Ар бир туура эмес жасаган кыймылыңар үчүн бул дүйнө менен кош айтышасыңар. Кана болгула тез!-Колуна автомат кармап турган чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү жерде көмкөрөсүнөн жаткандарга буйрук бере сүйлөдү да,бир экөөсүн өзү желкеден кармап тургузду.
Үч-төртөө ордуларынан туруп тигилердин айткан жагына кадам таштады эле,калгандары алардын арттарынан ээрчишти.Мынча адамдын баарысын бир бөлмөгө тыгышы мүмкүн эмес болчу.Калгандарын кардарлар кирчү залдын бурчуна отургузушту. Ары жактагы ары-бери чуркап жүргөн чүмбөтчөндөр эшикти ичинен бекем кылып бекитип ташташты.
-Эскертип коёюн силер биздин барымтагы адамдарыбызсыңар. Ошондуктан шартыбызга көнүп,,айтканыбыздын баарын аткарып турасыңар,түшундүңөрбү? Анда артыкбаш эч кыймыл жасабай тигил бурчта отуруп тургула.-Алиги Калашников автоматын мойнуна асынып жүргөн чүмбөчөн өздөрүнүн кишилерине кайрылды.
-Корко турган эч несре жок.Киши кире турган негизги өткөөлдөргө бүт мина коюп чыккыла.Анан көрөм сырттагылардын бул жакка баш багып алышаарын.
Каныбек көз кыры менен банк ичиндеги бүт кыймыл-аракетти байкап турду.Темир тор менен тордолгон чоң айнек-терезе аркылуу сырт жактагы ары-бери чуркап жүргөн куралчан солдаттар менен милиция кызматкерлери да даана көрүнүп атты.Банк менен адамдар жашаган үйлөр жалгашып кеткендиктен, экинчи кабат менен алардын терезелери аркылуу банктын ичине өтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар болчу.Бирок, андай өткөөл жерлердин баарына мина коюлду."Булар кимдер болду экен,орусча сүйлөшкөндөрүнө караганда кыргыздарга окшобойт.Акцент менен сүйлөшкөндөрүнө караганда орустарга да окшобойт.Банктарга кол салган кандай кыйын немелер булар,дегеле жергебизде мындай нерселер жок эле го..."Каныбектин оюн сырт жактагылардын микрофон менен заңк эткен үнү бузду.

#157 11 February 2015 - 03:26
-Силер толугу менен курчоодосуңар,
эми эч жакка чыга албайсыңар.
Жетекчиңер ким,бери чакыргыла,сүйлөшөбүз!
Чүмбөтчөндөр өздөрүнчө топтолуша калышып,бир нерселерди сүйлөшуп атышты.Бир аздан соң,экөөсү сыртка карай багыт алышып,көчөгө чыгышты.
"Сырт жактагылар менен өзгөчө Садыр Карабаев менен менин бул жакта экенимди билгизип кантип байланыша алам?Зажигалка же саат аркылуу сүйлөшө турган болсом,булар шек алып калышат.Эмне кылсам?Кандай да болсо жолун табыш керек."
Чүмбөтчөндөрдүн жетекчиси сырт жакта тигилер менен кыйкырышып сүйлөшуп жаткандары барымтада жаткандарга кадимкидей угулуп жатты.
-Чычкан чыккыс кылып курчоого алганыңар менен зданиянын ичин захват кылабыз деп ойлобой эле койгула,бардык жерлерге мина коюлду.Анын кнопкасы менде мынакей,кичине эле кылт этсеңер четинен баса берем,здания талкаланып, барымтадагы адамдар четинен өлүп,курмандыктар көбөйө берет.Бизде отуздан ашык барымтада кишилериңер бар,эсиңерде болсун алардын өмүрү биздин колубузда.
-Болуптур, шартыңар эмне?!
-Ал жөнундө...бир аздан кийин акылдашып,кеңешип анан чыгып айтабыз!
Сыртка чыгышкан эки чүмбөтчөн кайра ичкери киришти.Алар төрт-бешөөсу өздөрунчө топтошуп алып сүйлөшүп жатышты.
-Эмне кылалы,кантип, кандай жол менен бул жактан чыгып кете алабыз.
-Автобус же вертолет сунуш кылалы,барымтадагыларды да өзүбүз менен кошо алып алабыз...
-Зданиянын ичине канча мина коюлду.
-Бешөө,бирөө кире бериш жерде,экөө терезелерде, экөөсү үстүңкү терезелерде.
Алардын калган сөздөрү бери жактагыларга угулбай калды.
Бир кезде Каныбек ичин баса ордунан атып турду.Тигилердин эки-үчөөсү ага жалт караша,бирөосу бери басып келди.
-Сен эмне,жашоодон аша кечтиңби,былк этпей бир орунда отургула дебедик беле...

#158 11 February 2015 - 03:46
-Ичим бурап,эртеден бери чыдатпай атат,туалетке барышым керек.Болюше не могу.
-Тамакты анан аз ичпейсиңби, ченеми менен,-чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү ага ачуулана кетти,-болуптур жүр мени менен,кылтың- култуң этпей түз барып кел.
Ушуну эле күтүп тургандай Каныбек ордунан атып турду да,кууш узун коридорго түшүп алып аркы четин көздөй жөнөду.Туалеттин каяк жакта экенин өзу да билбейт болчу.Анан тепкич менен экинчи кабатка көтөрулүп жөнөдү.Артында аны узатып келатканы автоматын ага кесей кыйкырды.
-Токто,каякка барасың?
-Туалетке.
-Туалет ошол жакта бекенби,экинчи кабатта.Биринчи кабаттан издебейсиңби!
-Ал жакта жок мен билем,туалет экинчи кабатта.
-Токто!-Каныбек жаңыдан кадам шилетйин деп баратып,катуу үнгө ордунан былк этпей токтоп калды.Алиги артынан узатып келаткан чүмбөтчөн анын жанына басып келип,эч эпке-сөзгө келбей эле аны ичтен ары уруп калды.
-Сен эмне мени келесоо көрүп атасыңбы,ыя? Түш кайра ылдый жакка.
Экөө тепкичте турушкандыктан бул жакта эч ким жок болчу.Билмексен боло жай,төмөн түшуп баратып Каныбек күтүлбөгөн жерден ушунчалык ыкчамдык менен тигинин колундагы автоматын жулуп алды.Алактай түшкөн эмеге сөөмөйүн ээгине такап "чш-ш акырын" деп белги берди.Тигил эки көзүн алайта эки колун өйдө көтөрө артка кетенчиктей берди.Анан ал да чагылгандай тездик менен Каныбектин колундагы автоматын кармаганга үлгүрдү.Же экинчи кабат эмес,же экинчи кабат эмес ортодогу тепкичте экөө кармаша кетишти.Бир кезде каныбек тизеси менен тигинин эки алаасынын ортосуна тепти эле,ал автоматты коё берип бөк тушө калды.Аны кайра эсине келтирбей автоматтын арты менен желкеге чапты.Каныбек айланасына көз жүгүртүп алды,эч кандай шек билинбейт.Тепкичте сулк жаткан чүмбөтчөндүн жан жерлерин аңтарып карап,ички шымынын белиндеги курда сайылып турган пистолетти, байланып турган эки гранатты,кош миздүү бычакты чечип алды.Анан экинчи кабатка көтөрүлүп чыгып кууш коридорго көз жүгүрттү.Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү бул жакка далысын тосо чоң терезеден сырт жакты аңдып карап туруптур.Акырын дабыш билгизбей тепкичте сулк жаткан алиги чүмбөтчөндү сүйрөп,коридордун биринчи эшигин акырын буту менен тээп ичкери кирип кетти.Анча-мынча шырп эткен дабышка терзеде турган чүмбөтчөн артына бурулуп бир карап алды да,узун,кууш коридордо эч шек билинбеген соң,кайра терезе менен сырт жакка үңүлдү.

#159 11 February 2015 - 03:50
Каныбек эмне кылсам деп бир аз ойлонуп турган соң,дароо эле тигинин кийимин которунуп кийинип,чүмбөтүн сыйрып алып өзунүн башына салды.Акырын кайра коридорго чыгып,түз ле тигини көздөй жөнөдү.Ал болсо артына бир карап коюп,өзунө карай келаткан адамдан шек албай кайра далысын салды.Каныбек ага жетип келээри менен ай-буйга келбей эле автоматтын кундагы менен аны желкеден ары болгон күчүнө сала шилтеп калды.Убакыт аз болгондугуна байланыштуу,
аны да ары жактагы туалеттин ичине сүйрөп кирип,болгон куралдарын сыйрып алып,сыртынан бекитип таштады.Туалеттен жаңы эле чыга бергенде өзүнөн анча алыс эмес жерден жоон,орой чыккан бирөөнүн үнү угулду.
-Токто!Көтөр колуңду!Ордуңан былк этпе!
-Токто!Көтөр колуңду!Ордуңан былк этпе!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#160 11 February 2015 - 04:09
ЖОЛООЧУ ЖАНА КАРАКЧЫ
(мурунку заман)
Ар кайсы жерде бирин-серин өскөн чийлерди аралата кумдуу талаада,аттын эки капталында эки куржуну бар атчан уруп-согуп кайдадыр чаап кетип баратты.Бир нерседен качып бараткандай улам-улам арт жагын кылчактай карай,ошол катуу ылдамдыгынан жазган жок.Ал кербенчилер жүрчү жол менен кетпей ойдуңга түшүп алып,кимдир бирөөлөрдөн корккондой жашынгандай, каяккадыр шашылгандай кебетеси бар эле.Бул атчан киши Хабибулло болчу.Мындан бир аз мурун эле эмне кылаарын билбей жардын түбүндө турганда,ажалдуу кийиктей болуп ары жактагы дөбөдөн жалыз атчандын чыга калганын көрдү.Кандай болсо да бул кырдаалды пайдаланып, тигини коё бербеш керек болчу.
-Ээ-эй жардамга! -Ал кыйгачынан жата калып тигиге кыйкыра баштады.
Адегенде ал атчан уккан жок,анан кыйкырган үнгө кулак төшөй кимдендир корккондой, чочулагандай атынын тизгинин тартты.
-Ээ-ээй,жолоочу жардамгаа!
Алиги жолоочу адегенде атына камчы салмакчы болуп,анан жерде жаткан караан жалгыз экенин көрүп кичине аярлай калды."Жардамга" деп тигил үчүнчү жолу кыйкырганда гана,атынын оозун ошол жакка бурду.Алда неме болуп кетпегей эле деп адегенде сактана жакындап келатты.Анан бутун кармап,онтолоп жаткан жалгыз сакалчан,кооз чапанчан кишини көрүп коркпой эле жанына бастырып барды.
-Сага эмне болду?
-Көрбөй турасыңбы,каракчылар оноп кетишти бизди.Тигил жерде өлуп жаткан үчөөну кылыч менен шылый чабышып,мени болсо жамбашка сайып кетишти.Болгон байлыгыбызды тартып алышты.Мен деген Хабибулло деген соодагер болом,балким тааныр чыгаарсың?
Алиги атчан аны бир аз сынай карап турган соң,атынан түшүп келди.
-Мен силерди кантип тааныбай калайын,атүгул өз көзүмө өзүм ишенбей турам.Калган кербендериңер кана.Мен эки күн мурун эле ушул кейпиңер менен өзүңдү Ташкендин базарынан көргөм.Кандайча ушундай ахывалга келип калдыңар?
-Ие анын тарыхы чоң,андан көрө мага жардам бер,жолдон айтып берем.
Алиги жолоочу капталынан онтоп жаткан соодагерди колтугунан таяп өйдө тургузду да,ары жакта өлуп жатышкан үч кишини көрдү.
-Ал жакты карабай эле кой,мунун жүзү курусун баарын тең мыкаачылык менен өлтурүп кетишти,-аксалаңдап, кыйналып жатып ордунан араң көтөрулгөн Хабибулло кандайдыр бир кырдаалды күтүп жатты.
Алиги жолоочу өзүнүн атынын жанына чейин колтуктап көтөрүп келип,ээрдин куюшканын дагы бекемдеп байлай баштады.Эки жагына сактана көз жүгүрткөн Хабибулло жолоочунун желкесине бычагын матырып алды.

Супер-Инфо
super.kg
видео