Суперстан: Арман ыры - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Арман ыры

#321 Пользователь офлайн   doni89   14 Декабрь 2014 - 18:21

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Билбейм! Качан! Кантип сага байландым.
Биздин күңгө дербиш сымал арбалдым!
Билинбеген жылуулукту жаратып.
Жаныңдан эч кете албай айландым.

Эстей албай эң алгачкы сезимди.
Качан жүрөк сүйүп кайра жеңилди.
Башталганда суз элего сезимдер.
Эми болсо сенсиз жашоо жоктой мага сезилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   doni89   21 Декабрь 2014 - 09:30

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Таалайым дедим таптым да дедим көргөндө.
Кала бер дедим жөнөкөй болуп өзгөрбө.
Ууз сезим сен деп жыйылды эгер байкасаң.
Убакыт тапчы мага эле арнап бөлгөнгө.

Сүйгөнүм дедим сүйүпда бердим бериле.
Ичимден сыздайм жүрөмүн анча эзиле.
Күлгөнгө шаттык орнотуп койчу аз гана.
Көтөрүп боюң албайсың неге теңиңе.

Арзыдым сага ашыктык болуп оюмда.
Кезигип күндө келемин тагдыр жолунда.
Башкага бербе суранам сүйүп алсаңчы.
Жубайым болчу никелүү ыйык тоюмда.

Билдирүүнү түзөткөн: doni89: 21 Декабрь 2014 - 09:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   doni89   30 Декабрь 2014 - 09:16

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Жүрөкө терең орноп кирдиңби?
Кызгандым, кызганычым билдиңби?
Түшүпмүн байкабастан сүйүү торго.
Кайырмак салбай туруп илдиңби?

Жашоомо жомок сымал кирдиниңби?
Мен күткөн адамымсың билдиңби?
Сен мени сүйүп балким сүйбөй туруп.
Кайырмак таштап туруп илдиңби?

Сүйүүмө сезим болуп кирдиңби?
Сезилбей сүйүп калдым билдиңби?
Түбөлүк сен деп гана туйлап турган.
Балыкты кайырмакка илдиңби?

Жомоктон жөн жашоого кирдиңби?
Мен сени жакшы көрдүм билдиңби?
Жашоомо жомок сымал кирип туруп.
Тек гана бир өзүмдү сүйдүңбү?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   doni89   30 Декабрь 2014 - 22:41

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

"СЕНСИЗ"
Сенсиз карек көрбөй кирпик ирмемин.
Санаа турат көңүлүмдө бир менин.
Туйбай келем жада калса өзүңсүз.
Тунук күндүн жер бетине тийгенин.

Сенсиз сезип кусалыктын бардыгын.
Сагынчтан өзгөргөнсүйт тагдырым.
Тун уйкумда карааныңды акмалап.
Терип жүрөм түштөрүмдөн калдыгын.

Сенсиз оюм бир чекитке топтолбой.
Сүйүүм күчөйт атылуучу октордой.
Адамзаттын катарында болсомда.
Ар бир күнү жашап келем жоктордой.

Сенсиз боштук пайда болуп денемде.
Сүзүп жүрөм аба жетпей тереңде.
Көздөр көрбөй теребелде жандууну.
Кулак укпай айлангансыйт кереңге.

Шамал соксо үзүлүүчү бүчүрдөй.
Ыза кыйнайт адамдыгым түшүнбөй.
Сынсам дагы бутагымдан шагымдан.
Сыйрыламын бүрүн кармайм түшүрбөй.

Сөздөрүмдүн чындыгына ишен деймин.
Сезимдеги ашыктарды кишендеймин.
МЭЭСИЗ деле жашарыма көз жетет.
СЕНСИЗ жашап кетериме ишенбейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   shirin_kyz95   31 Декабрь 2014 - 08:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 10 Май 14
  • Соңку аракети: 28 Июл 2019 05:07
  • Жынысы:Аялзаты

Men uchun jazylgandai elego eger :капамын:
syr bolboso kimge jazgasyz bul yr saptardy kupay katka joop jazyp koiunuzchu
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   mega777   09 Январь 2015 - 04:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Туткуну элем арбап алган сүйүүңдүн

Эми баары кеч экенин түшүндүм

Алоолонуп күйүп жүрсөм жалындап

Бүгүн сенин сезимиңден үшүдүм...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   mega777   09 Январь 2015 - 04:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Сага арнап эчен ырлар жазаармын,

Сезимимди жүрөккө бек катаармын.

Сендик болбойм кош деп айттым чечкиндүү

Сенден калды белек тарткан азабым...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   mega777   10 Январь 2015 - 04:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Куса болуп сага ырлар жазбаймын
Жан дуйномо болду булук салбаймын
Байкап корсом дербиш болуп баратам
Сен аяба мен озумду аяймын.


Билем мейли коздон жашым тогулоор
Уйку корбой далай тандар согулоор
Жашоом бирок бутуп калбас сен менен
Мага дагы бакыт куну коруноор...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   mega777   10 Январь 2015 - 04:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кетчи оюмдан кет суранам тушумдон,
Болбо оюмду тажап буткон кутуудон.
Тарып турам,кен ааламда,бар бекен
Бир менчелик азап чеккен суйуудон...

Улам улам сезим бийлеп жабыгам
Унутам дейм,унутчу деп жалынам
Акылымды женип барат журогум
Тутпой кайра мен тымызын сагынам...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   10 Январь 2015 - 04:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Махабат

Журоко тамчылатып махабаттан,
Журбодук кол кармашып ашыктардан.
Журогум ооруса да жыргалым,
Жалгыз жолго сапар алдым айласыздан.

Махабат унутулар омурдо,
Махабат эске тушор корушкондо.
Акыркы элесинди бул кундордо,
Айлар жылдар сактап калды суротто.

Кыйын кундор отту ачуу дем алдырып,
Уйкусуз узун тундор ойлорду кагып.
Суйуудон жакыр болуп сыздасам да,
Сенсиз мен омур сурдум куйуп, жанып.

Суйуусуз жашоо тусу жок бир суроттой,
Мейли дечи омур отот мончоктой.
Суйуу отун сен жаккан кадам таштай,
Суйуу отун сен да болдун алсыздаткан.

Суйуу очпос махабат бир тоодой сезим,
Суйуу десе сени эстеп журок эзем.
Салаалаган жузумдой сезимдерим,
Сени эстеп сагынганда куурап келем.

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   mega777   10 Январь 2015 - 04:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кубаладым жада калса тушумдон,
Жедеп бутуп жолун карап кутуудон.
Балким жашоом кубат алып турсачы,
Сага арнаган арман толо суйуудон...

Мезгил отту сени дагы унуттум,
Сезимдерди алыс айдап куруттум.
Бирок булар болуп жатты кыялда,
Эрки жетпей ыйлайт журок кургурум...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   mega777   10 Январь 2015 - 06:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Самап келген сагынычтар жуулду,
Оргуштаган сезимдерим буулду.
"Сага жетпейт аттин менин алганым",
Деген созун канжар болуп урулду!

Азап берген ашыктыктын туюму
Арсыз гана боштук болуп туюлду
"Сага окшошту таппай койдум дегенин",
Шылдындаган какшык болуп угулду...

Туруксузум дагы деле ойнооксун,
Токтолбопсун ошол эле бойдонсун.
Сендик болгон сезимге шек келтирип,
Жылдар отуп сен жолукпай койбопсун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   Marlis   13 Январь 2015 - 22:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 21 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 19 Июн 2024 00:50
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалал-Абад облусу Ноокен району

Просмотр сообщения SHAITANKA (17 Январь 2008 - 10:03) жазган:

Озумдуку:
Кыялдын учкулун ай, коктогу жанган айга жетип барып.
Энчилеп сени озумо, а озум сендик болуп алган элем,
туболук бир журчудой, жылынып мээримине конуп алып,
мен эми бул ааламда, озунсуз кантип гана жашаар экем???


Сиздин текстиниз мага аябай жакты макул корсонуз толук версиясын мага жонотунузчу обон жазат элек. Кандай дейсиз. Жооп жазыныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   doni89   26 Январь 2015 - 17:24

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Бирикпей бөлүнөбүз анткени жолдор башка.
Билинбей өкүнөбүз көзүбүз толуп жашка.
Кайдыгер боло албайбыз сүйүүбүз санаа тартса.
Сүйүүгө белсенебиз башка жан мээрим чачса.

А бирок экөөбүз тең ойлордон куруп сарай.
Бир көрсөк деген үмүт эзетго али даалай.
Турмушка алаксып да унута албайбыз чын.
Коёондой окшош күндөн калаарбыз балким жандай.

Таптаза махабатты ким эле унуткарсын.
Ыйласан ыйлап алчы көз жашын булут жарсын.
Качандыр карылыкта көрүшсөк тагдыр буйуруп.
Ошондо ошондо да мен үчүн ыйык жансың.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   09 Февраль 2015 - 19:07

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Китептен сезген махабатым..


Колго алып зээриккенде олтуруп,
Коз жугуртуп мончок омурун окудум.
Калп айталбайм, алгач эле окуганда,
Кылгыртып коз жаш алды коздорум.


Мээримин тугонгус булак агып жаткан,
Мен озунду дале ойлоп жыйыналбайм.
Окундум абдан катуу окундум,
Сени тааныбай ушул кунго чеин омур сургонум учун.


Мен озунду самачумун корсом деп,
Мен сени тушторумдон кутчумун бир кирсе деп.
Бул китепти окуганда озгорулуп,
Мен озуно ашык болдум озунуп.


Сени дантап ыр жазганга ылсырап турам,
Сен учун аздык кылат асыл саптар.
Сызып сызып жузумо жаштар агып,
Сени ээрчип кетким келип кыялда турам.


Мен куноону акчадай жыйган пендемин,
Мен озунду коруу учун эмгектенеин.
Периштелер кулуп сени барктаган,
Мен уялып турам сени корууну энсегенимден.


Жараткан ыйман бергин суранам,
Журогумо тамчылаткын кураандан.
Жузу жарык уммот болуп барайын,
Жаароокер махабатым арнаганга.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   09 Февраль 2015 - 20:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Мен озундон адам болдум аппагым,
Менин отту бал аралаш балалыгым.
Мектебим жарыша баскан курбум менен,
Кабат, кабат тепкичинди сагындым.

Чиймелеп ак бор менен сурот тарткан,
Чийгилеп сулуулап жазган суйлом менен.
Четтен сурап билгендерди баалаган,
Мугалим эжей мен озунду сагындым.

Сабак тандап тапшырманы аткарган,
Саат карап убакытты актарган.
Жыйылышып апалар чогулганда,
Биз топтолуп ойногон кунду сагындым.

Бакыртып агайымды укпастан,
Башка жегенче пианино уну жанырган.
Бейбаштанып шок деген атка конгон,
Биздин класс мен силерди сагындым.

Коштошуу кунго кубо болбодум мектебим,
Кол булгалап жакшы кал деп кетпедим.
Караанынды мен таксиден узатып,
Кайгырууну билбей мен кете бердим...

Билдирүүнү түзөткөн: Senuchunzhashaim: 09 Февраль 2015 - 20:24

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   TAYNAYA   09 Февраль 2015 - 20:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

-Привет,
-Привет,
-Узнал?
-Узнал... Не звони мне больше! (телефон коюлду)


Кечирчи байкабастан адаштым,
Коздоруно карабастан алдадым.
Кагылайын арманымсын бутпогон,
Кокуроктогу журок учун сага барайын.

Кектенбечи суйуп сени карайын,
Кебелбечи колундан кармап басайын.
Кекеип артка туртуп кетпегин,
Кучагыма басып бир аз турайын.

Сен билбейсин кызганганым болгону,
Сен сезбейсин катуу суйом орт болуп.
Сагындым болгону кече корсом да,
Карачы артында турам кор болуп.
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   09 Февраль 2015 - 22:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Жарылбады асман, мен жарылсам да,
Жаркырап чыкпады кун, жылмайсам да.
Журок эзген кичинекей создорун,
Жулмалап уруп баштады кокурокту.

Кетсен кет! Коздорумо корунбо,
Кыялбайм сени откором тузда омурумду.
Кыйнабачы, мени да кургур озунду,
Колдорумду кармаба башка жол узулду.

Эске тушоорсун ношорлогон жамгырда,
Эгиздей ээрчишкен кундор менен.
Энсетээрсин ыссык кундо, аптапта,
Эркелешип балмуздак жеген кундор менен.

Ыйлаарсын башканын кучагында,
Жанымда жур деген созду сагынганда.
Сыркоолорсун мен башкага кол сунганда,
Журогумду кор турмушка салганында.

Мейли мен баш ийгенди билем тагдырга,
Мейли мен кадам таштайм сенсиз алдыга.
Бирокчу бирок мени ойлонткону,
Бир озун кантээр экенсин менсиз тагдырда.

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   09 Февраль 2015 - 23:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Конулум ооруп турат садага,
Кайгыруудан башым чыкпай баратат.
Колдорунду сунчу мага кайрадан,
Кургаган чолдон жок калды айырмам.

Кыйын сезинсем да сенин козунчо,
Колдорум титироодо алсыздыктан.
Караанынды корсотпостон кетпечи,
Кантип отот бул кундорум жалгыздыкта.

Конулумду которбочу суранам,
Когоруп баарына таарынып турам.
Кайгырба жон гана мени кучактачы,
Кокурогум согуп жатат жалындап.

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   09 Февраль 2015 - 23:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Билгим келет бар чындыкты тагдырда,
Бербейсин мумкунчулук сураганга.
Балдарын кызганып бизди алыстатат,
Бирок мен баары бир жетем баарына.

Сен меники, менин гана атакем!
Сени мен алып кетем озум менен.
Атакем таштап мени кетсен да,
Ак ой менен кечирем сени кечирем!

Жакшы кором жалгызым менин атакем,
Жузунду корсом тааныйм алыс жерден.
Жаркыраган нур бересин Демин менен,
Жашап келем коп кыялдар, Тилек менен.

Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 20:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: