Унутуу
Алаканын жүрөгүн жаяр эмес,
Антсе дагы сакталган аяр элес.
Унут» дейсиң муңканып адатыңча,
Унутууга сезимдер даяр эмес.
Айыптуудай карабай бетке даана,
Айтаар сөзүң дайындуу «жетпе мага».
Кара көзүм, унутуу кыйын түшүн ,
Кайгы –муңду сел алып кетсе гана.
Чөккүм келип чөгалбай тунук сууга,
Чаңкап турган таңдайым уу жутууда.
Чарт жарылып кетет го эх, жүрөгүм,
Алы жетпей атыңды унутууга.
Акың жоктур сүйүүмдү чөк дегенге,
Айланчыктап кеталбайт өрт денемде.
Менде калган ысымың туйдуң бекен,
Менден башка жакшы кыз көп» дегениңде.
Жанчып коюп кетсең да угутумду,
Жанга жакын болууда булут муңу.
Өзүңдөн мен түбөлүк четтесем да,
Өтөм эми жек көрүп унутууну!
...
Арман ыры
#342 10 February 2015 - 20:54
Жамгырдагы сагыныч
Күндөр эми өтсө дагы бөлөктөп,
Көпкө турдуң ийинимде өбөктөп.
Үзүлөрдө көзүбүздөн тамчылар,
Үстүбүзгө жамгыр куйду көнөктөп.
Качырбачы карегимди жалт карап,
Кол чатыр жок жашынууга калкалап.
Кирпигиңди нымдап турган көз жашың,
Көмүскөдө сырларыңды аңтарат.
Эриндер ээй, жалгызданбай жупталат,
Суу көйнөгүн бүт денеңе чыпталат.
Бах, ошондо сулуулугуң көргөндө,
Балдар басып бара жатып уктамак.
Коштошууга колум барбай жан чыгар,
Көл - шал болдук эч нерсе жок арчынар.
Кою чачың тал - тал болуп бөлүнүп,
Койнубуздан кытыгылайт тамчылар.
Кошкунуң деп чыгып кеттим учакка,
Күндөр деле канаттуудай учат да.
Караанымды издеп, күтүп сагынсаң,
Көз жашыңдай тамчыларды кучакта.
Кебим менин жеткен окшойт тагдырга,
Көптөн күткөн тамчы бүгүн тамды да.
Карагатым, сени катуу сагынып,
Кол чатырсыз турам азыр жамгырда.
Баштан ылдый төксө дагы чакалап,
Кол чатырсыз турам азыр жамгырда.
Күндөр эми өтсө дагы бөлөктөп,
Көпкө турдуң ийинимде өбөктөп.
Үзүлөрдө көзүбүздөн тамчылар,
Үстүбүзгө жамгыр куйду көнөктөп.
Качырбачы карегимди жалт карап,
Кол чатыр жок жашынууга калкалап.
Кирпигиңди нымдап турган көз жашың,
Көмүскөдө сырларыңды аңтарат.
Эриндер ээй, жалгызданбай жупталат,
Суу көйнөгүн бүт денеңе чыпталат.
Бах, ошондо сулуулугуң көргөндө,
Балдар басып бара жатып уктамак.
Коштошууга колум барбай жан чыгар,
Көл - шал болдук эч нерсе жок арчынар.
Кою чачың тал - тал болуп бөлүнүп,
Койнубуздан кытыгылайт тамчылар.
Кошкунуң деп чыгып кеттим учакка,
Күндөр деле канаттуудай учат да.
Караанымды издеп, күтүп сагынсаң,
Көз жашыңдай тамчыларды кучакта.
Кебим менин жеткен окшойт тагдырга,
Көптөн күткөн тамчы бүгүн тамды да.
Карагатым, сени катуу сагынып,
Кол чатырсыз турам азыр жамгырда.
Баштан ылдый төксө дагы чакалап,
Кол чатырсыз турам азыр жамгырда.
#343 11 February 2015 - 00:29
Коздоруно арбалдым садага,
Каректерин кофе сымал мас кыла.
Кирпигинден кун нуруну коруп турам,
Кызгантпачы, таштап кетпе сыздата.
Сени эстеп шамал сымал учуп журом,
Сага карап кол жээгиндей сузулом.
Сырларымды айталбастан тайсалдана,
Сабырга мен моюн сунуп жашап журом.
Арзууларым таза дагы суулардан,
Адаштырбай бизди кошсо тагдыр да.
Арманым, асылым ак конулум,
Ашыктардан бололучу кол кармашкан.
Каректерин кофе сымал мас кыла.
Кирпигинден кун нуруну коруп турам,
Кызгантпачы, таштап кетпе сыздата.
Сени эстеп шамал сымал учуп журом,
Сага карап кол жээгиндей сузулом.
Сырларымды айталбастан тайсалдана,
Сабырга мен моюн сунуп жашап журом.
Арзууларым таза дагы суулардан,
Адаштырбай бизди кошсо тагдыр да.
Арманым, асылым ак конулум,
Ашыктардан бололучу кол кармашкан.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#344 11 February 2015 - 00:36
Мен кун тандап ачылган бир гулдоймун,
Мага суу куй, ачылып бир гулдойун.
Мен учун сен жамгыр болчу ношорлогон,
Соолуганда, оксугондо конулдорум.
Сен жер болчу ширелерим тогоюн,
Сен кун болчу кулпуруп бир оноюн.
Жула салып башка жанга арнабай,
Жароокерим озун остур, узбогун.
Сулуулугум, жыпар жытым сага болсун,
Соолуганда конулдорум жанымда болгун.
Мен сага арнап отоюн омурумду,
Сен кетпечи жанымда болчу омурлошум.
Мага суу куй, ачылып бир гулдойун.
Мен учун сен жамгыр болчу ношорлогон,
Соолуганда, оксугондо конулдорум.
Сен жер болчу ширелерим тогоюн,
Сен кун болчу кулпуруп бир оноюн.
Жула салып башка жанга арнабай,
Жароокерим озун остур, узбогун.
Сулуулугум, жыпар жытым сага болсун,
Соолуганда конулдорум жанымда болгун.
Мен сага арнап отоюн омурумду,
Сен кетпечи жанымда болчу омурлошум.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#345 14 February 2015 - 21:39
Сагыныч
Шамал уктайт булуттарын таратпай,
Шагы сынган жүрөгүмдүн дарактай.
Жаз алдында карда калган гүл өңдүү,
Жүрөгүмө койду такыр таң атпай.
Тойбогондой жеңилгенде күрөшкө,
Тынбай карайм чогуу түшкөн сүрөткө.
Куштай болуп кыркылгандай канатым,
Кең Москва тарый түштү мүнөткө.
Көздөн учуп күндө күтчүү агыш там,
Кайда калды кош жүрөктөр кагышкан.
Сылап чачың турбасам да жаныңда,
Сөлөкөтүң көрсөм болду алыстан.
Ич-ичимден айды карап улуймун,
Ичкериден үшкүрүктү сууруймун.
Бирге жүргөн элесиңди чогултуп,
Сенсиз өткөн күндөр менен жууруймун.
Топчуланбайт көйнөк деле седепсиз,
Так ошондой абалдамымын мен эссиз.
Бир өзүңсүз көлөкөлөп Күндү да,
Ийнеси жок жиптей жүрөм керексиз.
Тартып койсо үзүлүүчү кылдаймын,
Көчүп түшкөн көңүлүмдү сырдаймын.
Сыгып жанды маштаса да талкандай,
Сен бар үчүн сагынычка чыдаймын.
Сен бар үчүн сагынычты сыйлаймын.
Шамал уктайт булуттарын таратпай,
Шагы сынган жүрөгүмдүн дарактай.
Жаз алдында карда калган гүл өңдүү,
Жүрөгүмө койду такыр таң атпай.
Тойбогондой жеңилгенде күрөшкө,
Тынбай карайм чогуу түшкөн сүрөткө.
Куштай болуп кыркылгандай канатым,
Кең Москва тарый түштү мүнөткө.
Көздөн учуп күндө күтчүү агыш там,
Кайда калды кош жүрөктөр кагышкан.
Сылап чачың турбасам да жаныңда,
Сөлөкөтүң көрсөм болду алыстан.
Ич-ичимден айды карап улуймун,
Ичкериден үшкүрүктү сууруймун.
Бирге жүргөн элесиңди чогултуп,
Сенсиз өткөн күндөр менен жууруймун.
Топчуланбайт көйнөк деле седепсиз,
Так ошондой абалдамымын мен эссиз.
Бир өзүңсүз көлөкөлөп Күндү да,
Ийнеси жок жиптей жүрөм керексиз.
Тартып койсо үзүлүүчү кылдаймын,
Көчүп түшкөн көңүлүмдү сырдаймын.
Сыгып жанды маштаса да талкандай,
Сен бар үчүн сагынычка чыдаймын.
Сен бар үчүн сагынычты сыйлаймын.
#346 16 February 2015 - 08:35
УНУТКУНЧУ
Ыйлабачы, кыйнабачы сен деп соккон жүрөктү,
Сагынычын күч аслса да, карай берип сүрөттү,
Убакыт да аккан суудай, күтүп турбас биз үчүн,
Тута албадым андан бери канчалаган күн өттү.
Жаш болчубуз кадырына сүйүүбүздүн жетпеген,
Жаш балалык кыялыбыз али бизден кетпеген,
Махабатты сезсек дагы, азаптарын билбеген,
Арман кылып, жетпей калуу ойубузга келбеген.
Карагаттай көздөрүңдөн, күлкү эми качпасын,
Кайгы күндү тагдыр кайра башыбызга салбасын,
Бактылуумун, билип койчу жашасаң сен бактылуу,
Унуткунчу жүрөктү эзген, бул күндөрдү кайгылуу.
Ыйлабачы, кыйнабачы сен деп соккон жүрөктү,
Сагынычын күч аслса да, карай берип сүрөттү,
Убакыт да аккан суудай, күтүп турбас биз үчүн,
Тута албадым андан бери канчалаган күн өттү.
Жаш болчубуз кадырына сүйүүбүздүн жетпеген,
Жаш балалык кыялыбыз али бизден кетпеген,
Махабатты сезсек дагы, азаптарын билбеген,
Арман кылып, жетпей калуу ойубузга келбеген.
Карагаттай көздөрүңдөн, күлкү эми качпасын,
Кайгы күндү тагдыр кайра башыбызга салбасын,
Бактылуумун, билип койчу жашасаң сен бактылуу,
Унуткунчу жүрөктү эзген, бул күндөрдү кайгылуу.
#347 02 March 2015 - 08:52
Жүрөктөгү ажырым
Бир шериги сынган сымал кайчынын,
Билбей турам бул жашоодо бар, чыным.
Көлгө түшкөн жалгыз гана тамчыдай,
Көздөн жашым келбей турат аарчыгым.
Жалбырагын кармай албай кургап тал,
Жан-дүйнөмө тагдырымдан тузак бар...
Жүлүн кошо бараткансыйт сөгүлүп,
Жүрөгүмө салынгандай муздак кар.
Баркың бүгүн билинүүдө сезбеген,
Баш ийбестен башаламан өз денем,
Бой келбетим өзүм түзүп турсам да,
Бул дүйнүнү көрчүм сендик көз менен.
Муздак жерге чөгөлөтүп тизеңди,
Муздап турам дебе жаным сиз өңдүү
Кош каректер бир ирмемге бирикпей,
Канча жандар ажырады биз өңдүү.
Мен чыныдай сынып калсам бирикпей,
Күн болбодун капталыман тийип ээй.
Мергенчинин жашынгансып жаасынан,
Мейкиндикке учуп кеттим кийиктей...
Мейли оро кара чачың жоолукка,
Мендей эмес бактылууну толукта.
Эгер мени чындап эле аясан,
Экинчи ирет жер үстүнөн жоолукпа.
Эгер эркем мени дале аясаң
Качандыр бир болсо дагы жоолукпа! ..
Бир шериги сынган сымал кайчынын,
Билбей турам бул жашоодо бар, чыным.
Көлгө түшкөн жалгыз гана тамчыдай,
Көздөн жашым келбей турат аарчыгым.
Жалбырагын кармай албай кургап тал,
Жан-дүйнөмө тагдырымдан тузак бар...
Жүлүн кошо бараткансыйт сөгүлүп,
Жүрөгүмө салынгандай муздак кар.
Баркың бүгүн билинүүдө сезбеген,
Баш ийбестен башаламан өз денем,
Бой келбетим өзүм түзүп турсам да,
Бул дүйнүнү көрчүм сендик көз менен.
Муздак жерге чөгөлөтүп тизеңди,
Муздап турам дебе жаным сиз өңдүү
Кош каректер бир ирмемге бирикпей,
Канча жандар ажырады биз өңдүү.
Мен чыныдай сынып калсам бирикпей,
Күн болбодун капталыман тийип ээй.
Мергенчинин жашынгансып жаасынан,
Мейкиндикке учуп кеттим кийиктей...
Мейли оро кара чачың жоолукка,
Мендей эмес бактылууну толукта.
Эгер мени чындап эле аясан,
Экинчи ирет жер үстүнөн жоолукпа.
Эгер эркем мени дале аясаң
Качандыр бир болсо дагы жоолукпа! ..
#348 09 March 2015 - 14:16
"Мен сүйгөн асыл затка"
Гүлүм дедим бирок такыр жытабадым.
Ойлондум кусаландым уктабадым.
Ээрчишкен түгөйлөрдү көрүп калсам.
Биз да ушундай болсокчу деп суктанамын.
Жүрөгүм жука эмес калың бойдон.
Сүйүүнүн күчү менен жалын болгон.
Ичинде бир гана ооруну бар.
Кыргыздын бир кызынын атын койгон.
Капысынан бир келген бактым менин.
Капилеттен кайсыл күнү таптым дедим.
Кара көздүү ай мончок асыл затым.
Карашыңа өз сүйүүмдү тактым дедим.
Гүлүм дедим бирок такыр жытабадым.
Ойлондум кусаландым уктабадым.
Ээрчишкен түгөйлөрдү көрүп калсам.
Биз да ушундай болсокчу деп суктанамын.
Жүрөгүм жука эмес калың бойдон.
Сүйүүнүн күчү менен жалын болгон.
Ичинде бир гана ооруну бар.
Кыргыздын бир кызынын атын койгон.
Капысынан бир келген бактым менин.
Капилеттен кайсыл күнү таптым дедим.
Кара көздүү ай мончок асыл затым.
Карашыңа өз сүйүүмдү тактым дедим.
#349 22 March 2015 - 22:49
Жаман адат.
Ушул адат неге сага жабышты,
Кармап алып бут эркинди тырышты.
Озун дагы шерик болуп ага сен,
Кебетен да бузулуп бир бырышты.
- Ооба таштайм, ичпейм болду- дебейсин
Ал адатка берилгенин билбейсин.
Канча ичсен да, болду жетет дебестен,
Кулкултадып кайра иче бересин:
- Кана арак, эмне алып келбейсин?!
Мени эмне шылдайын дегенсин?
Сени олтуром, эмне арак бербейсин?
Качпа азыр кайтып келесин!
Журогунун ушун алдын балдардын,
Канча жолу уруп мени кыйнадын
Ошондо да онолоор деп кыйбадым,
Балдарымдын атасы деп сыйладым
Сага мындай денгээл такыр тен келбейт,
Уй-булону бул адатын таап бербейт.
Таштачы деп, суранамын, суранам,
Бул адатын жакшылыкка апкелбейт! !!
Ушул адат неге сага жабышты,
Кармап алып бут эркинди тырышты.
Озун дагы шерик болуп ага сен,
Кебетен да бузулуп бир бырышты.
- Ооба таштайм, ичпейм болду- дебейсин
Ал адатка берилгенин билбейсин.
Канча ичсен да, болду жетет дебестен,
Кулкултадып кайра иче бересин:
- Кана арак, эмне алып келбейсин?!
Мени эмне шылдайын дегенсин?
Сени олтуром, эмне арак бербейсин?
Качпа азыр кайтып келесин!
Журогунун ушун алдын балдардын,
Канча жолу уруп мени кыйнадын
Ошондо да онолоор деп кыйбадым,
Балдарымдын атасы деп сыйладым
Сага мындай денгээл такыр тен келбейт,
Уй-булону бул адатын таап бербейт.
Таштачы деп, суранамын, суранам,
Бул адатын жакшылыкка апкелбейт! !!
#350 22 March 2015 - 22:57
Кыялбайм бир озунду.
Мен сени таштайын деп ташталбадым,
Жалооруп кайра озунду мен карадым.
Кыйналып, жан дуйном жанчылса да,
Кайра эле жалгыз сени мен самадым.
Балчайтып созун менен тепсесен да,
Кыйналып мээрине жетпесем да,
Озуно тартыламын, тартыламын,
Кол сунуп колум сага жетпесе да.
Тилинип журогум канжалаган ,
Чубалып умутторум самсалаган
Онолот, эми мына онолоор деп,
Озумду эчен жолу мен алдагам.
Мен сени таштайын деп ташталбадым,
Жалооруп кайра озунду мен карадым.
Кыйналып, жан дуйном жанчылса да,
Кайра эле жалгыз сени мен самадым.
Балчайтып созун менен тепсесен да,
Кыйналып мээрине жетпесем да,
Озуно тартыламын, тартыламын,
Кол сунуп колум сага жетпесе да.
Тилинип журогум канжалаган ,
Чубалып умутторум самсалаган
Онолот, эми мына онолоор деп,
Озумду эчен жолу мен алдагам.
#351 23 March 2015 - 05:18
Сени ойлоп канча тунум тан атты,
Сени ойлоп коздорумдон ысык жаштар акты.
Сени ойлойм азыр кээде гана,
Сени ойлоп кайра эле жашым акты.
Сени ойлоп коздорумдон ысык жаштар акты.
Сени ойлойм азыр кээде гана,
Сени ойлоп кайра эле жашым акты.
#352 26 March 2015 - 19:53
"Күтүү"
Жазды күткөн бүчүрүндөй дарактын,
Чексиз жолду канча мезгил караттың.
Жазылалбай сыя болуп төгүлдүм
Сезим деген ак бетине барактын.
Байкатпастан жылып өткөн мезгилдей,
Сен кетипсиң махабатың сездирбей.
Оюнкараак жаш баладай элеңдеп,
Жандап өтүп кетиптирмин мен билбей.
Күндө тилип үмүтүңдү жүрөктөн,
Күтүү жаман көздүн нурун түгөткөн.
Күйүп турган жалыныңа суу бүркүп,
Күтүү жаман өчүү менен күн өткөн.
Тунук сезим турса дагы эскирбей,
Туюк жолдо жүрүптүрбүз эч билбей.
Күздүн күнкү жалбырактай саргайып,
Күттүм канча таң атпай же кеч кирбей.
Чымын жаным туйласа да түпкүрдө,
Чыдайт бирок сен жиберген мүшкүлгө.
Ушунча жыл зарыкканым жетишет,
Болду жаным күйүт салып күттүрбө.
Жазды күткөн бүчүрүндөй дарактын,
Чексиз жолду канча мезгил караттың.
Жазылалбай сыя болуп төгүлдүм
Сезим деген ак бетине барактын.
Байкатпастан жылып өткөн мезгилдей,
Сен кетипсиң махабатың сездирбей.
Оюнкараак жаш баладай элеңдеп,
Жандап өтүп кетиптирмин мен билбей.
Күндө тилип үмүтүңдү жүрөктөн,
Күтүү жаман көздүн нурун түгөткөн.
Күйүп турган жалыныңа суу бүркүп,
Күтүү жаман өчүү менен күн өткөн.
Тунук сезим турса дагы эскирбей,
Туюк жолдо жүрүптүрбүз эч билбей.
Күздүн күнкү жалбырактай саргайып,
Күттүм канча таң атпай же кеч кирбей.
Чымын жаным туйласа да түпкүрдө,
Чыдайт бирок сен жиберген мүшкүлгө.
Ушунча жыл зарыкканым жетишет,
Болду жаным күйүт салып күттүрбө.
#353 30 March 2015 - 15:49
Эмне керек башкаларды кезиктирип.
Журок байкуш сен деп турса эзилип.
Кундор отуп жылга алмашып кетседа.
Сендик суйуум кетпейт менин эскирип.
Журок байкуш сен деп турса эзилип.
Кундор отуп жылга алмашып кетседа.
Сендик суйуум кетпейт менин эскирип.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#354 15 April 2015 - 14:55
Күндөр өтү сенден кабар укбадым,
Жүрөгүмдө сүйүм күчөп куурадым.
Караныңа зар боломун күнүнө,
Мен алысмын сенден азыр кусамын.
Унуттуңбу сурабадың абалды,
Арман коштоп күндөр өтүп баратты.
Өңдөн азып алсырадым аябай,
Аябадын тагдыр мага жазганбы.
Кургабады көздөн аккан туздуу жаш,
Көңүл үчүн жазчы мага сүйүү кат.
Көрбөсөм да сенин аяр көзүңдү
Катың окуп жазылсынчы жүрөк жаш.
Сени көрөм таттуу уйкуга оронуп,
Ооруп калган жүрөгүмдү соротуп.
Сезбей кеттиң ак сүйүмдү алтыным
Жан дүйнөмдү боорон курчап оролуп.
Жүрөгүмдө сүйүм күчөп куурадым.
Караныңа зар боломун күнүнө,
Мен алысмын сенден азыр кусамын.
Унуттуңбу сурабадың абалды,
Арман коштоп күндөр өтүп баратты.
Өңдөн азып алсырадым аябай,
Аябадын тагдыр мага жазганбы.
Кургабады көздөн аккан туздуу жаш,
Көңүл үчүн жазчы мага сүйүү кат.
Көрбөсөм да сенин аяр көзүңдү
Катың окуп жазылсынчы жүрөк жаш.
Сени көрөм таттуу уйкуга оронуп,
Ооруп калган жүрөгүмдү соротуп.
Сезбей кеттиң ак сүйүмдү алтыным
Жан дүйнөмдү боорон курчап оролуп.
#355 19 April 2015 - 15:34
"
Ж" тамгасынан жагымдуу ыр"
Жаралап жүрөгүмдү.
Жалгыздап жүрөмүнбү?
Жашоодо жарыгымды.
Жоготуп жүдодүмбү?
Жүзүңду жарыгына.
Жакбачы жалыныңа.
Жетпестен жыгыламбы?
Жрөктүн жарымына.
Жүрөгүм жарылчуудай.
Жалындап жарылчуудай.
Жаныңда жакын жүрсөм.
Жай жашоом жаңырчуудай.
Жаңырган жаңы жылдай.
Жаның да жаным жыргай.
Жоолугуп жарпым жазчы.
Жетпеймин жолум жылбай.
Жүрөктө жарым жандай.
Жарыгым жылдыз жанбай.
Жазалуу жалгыздыктан.
Жаштарым жазгы жаандай.
Же жамгыр жайдагыбы?
Жамалың жайдарыбы?
Жөө журуш жолдорунда.
Жомогум жайладыбы?
Жомоктун жандырмыгын.
Жок жаным жандырбадын.
Жетүүгө жулунсамда.
Жетпедим жан жыргалым.
Жасаган жооруктанбы.
Жаңылып жолуккамбы?
Жете албай жүргөнүмдү.
Жакшыга жооруткамбы.
Жалгыздап жададымбы?
Жамактап жамадымбы.
Жазыксыз жүрөк жарпын.
Жазууга жарадыңбы?
ЖАкшылык жаңга жакпай.
Жулундум жалбырактай.
Жаралуу жан дүйнөмду.
Жылытчы жалдыратпай.
Жаралап жүрөгүмдү.
Жалгыздап жүрөмүнбү?
Жашоодо жарыгымды.
Жоготуп жүдодүмбү?
Жүзүңду жарыгына.
Жакбачы жалыныңа.
Жетпестен жыгыламбы?
Жрөктүн жарымына.
Жүрөгүм жарылчуудай.
Жалындап жарылчуудай.
Жаныңда жакын жүрсөм.
Жай жашоом жаңырчуудай.
Жаңырган жаңы жылдай.
Жаның да жаным жыргай.
Жоолугуп жарпым жазчы.
Жетпеймин жолум жылбай.
Жүрөктө жарым жандай.
Жарыгым жылдыз жанбай.
Жазалуу жалгыздыктан.
Жаштарым жазгы жаандай.
Же жамгыр жайдагыбы?
Жамалың жайдарыбы?
Жөө журуш жолдорунда.
Жомогум жайладыбы?
Жомоктун жандырмыгын.
Жок жаным жандырбадын.
Жетүүгө жулунсамда.
Жетпедим жан жыргалым.
Жасаган жооруктанбы.
Жаңылып жолуккамбы?
Жете албай жүргөнүмдү.
Жакшыга жооруткамбы.
Жалгыздап жададымбы?
Жамактап жамадымбы.
Жазыксыз жүрөк жарпын.
Жазууга жарадыңбы?
ЖАкшылык жаңга жакпай.
Жулундум жалбырактай.
Жаралуу жан дүйнөмду.
Жылытчы жалдыратпай.
#356 20 April 2015 - 20:40
Tеңир бизди баркын билбес күмөн деп,
Ал күндөрдү койсо керек үнөмдөп
Билбесек да сүйүү эмне экенин,
Кат жазышкан күндөр кайда сүйөм деп?
Жазыгы жок жаш жүрөгүм жабыркап,
Ар азапка батып турган абалым
Барган сайын менден улам алыстап,
Сурабадың менин жакын адамым.
Коздүн жашы соолуп эбак токтогон,
Сезим өчкон - сен деп сени жоктогон
Ал мезгилде сен деп соккон жүрөгүм,
Эч убакта калыбында сокпогон.
Азыр эми жылдар бөлөк, мен башка,
Мезгил бөлөк, ал күн башка, сен башка
Бакыт үчүн ар намыска жол бербей,
Ман адашпайм, эми сен да адашпа!
Мезгил өтүп мени мээнет баскандай,
Арсыз сүйүүм аягы жок дастандай
Жаратканым жалгыз гана түбөлүк,
Махабатты мандайыма жазгандай.
Кечир мени, сени күтүп чарчадым,
Мына бүгүн жаны жашоо баштадым
Сүйбөсөм да ага орун бошотуп,
Жүрөгүмдөн сени алып таштадым...
Ал күндөрдү койсо керек үнөмдөп
Билбесек да сүйүү эмне экенин,
Кат жазышкан күндөр кайда сүйөм деп?
Жазыгы жок жаш жүрөгүм жабыркап,
Ар азапка батып турган абалым
Барган сайын менден улам алыстап,
Сурабадың менин жакын адамым.
Коздүн жашы соолуп эбак токтогон,
Сезим өчкон - сен деп сени жоктогон
Ал мезгилде сен деп соккон жүрөгүм,
Эч убакта калыбында сокпогон.
Азыр эми жылдар бөлөк, мен башка,
Мезгил бөлөк, ал күн башка, сен башка
Бакыт үчүн ар намыска жол бербей,
Ман адашпайм, эми сен да адашпа!
Мезгил өтүп мени мээнет баскандай,
Арсыз сүйүүм аягы жок дастандай
Жаратканым жалгыз гана түбөлүк,
Махабатты мандайыма жазгандай.
Кечир мени, сени күтүп чарчадым,
Мына бүгүн жаны жашоо баштадым
Сүйбөсөм да ага орун бошотуп,
Жүрөгүмдөн сени алып таштадым...
#357 25 April 2015 - 01:15
Суранганмын,
тушумо кирбе дегем,
Кантип кайда жашынаарымбилбей келем.
Улам кыйнап дурболонду салып башка
Унутууга жол бербейсин эмнеге сен...
Кантип кайда жашынаарымбилбей келем.
Улам кыйнап дурболонду салып башка
Унутууга жол бербейсин эмнеге сен...
#359 25 April 2015 - 01:20
Сагындым кантем таба албай келем айламды,
Кусаны бутпос тагдырым мага жазганбы.
Тушум чын болуп бул жашоом тушко айланып,
Жетпеген арман жалган бир болуп калсачы...
Унутам дегем ,озумду сенден очургом,
Суйууну танып жалганга эптеп кочургом.
Окшошпой барат ,окшошпой барат кантейин,
Отконду эстеп армандап кайра окуном..
#360 25 April 2015 - 01:23
Жанырып жаздай жанданып кайра жайнасам,
Энчилеп сени озумдук кылып албасам .
Жараткан аяп мумкундук берсе мендик бол,
Жалганга ушул сен учун кайра жаралсам...
Энчилеп сени озумдук кылып албасам .
Жараткан аяп мумкундук берсе мендик бол,
Жалганга ушул сен учун кайра жаралсам...

Супер-Инфо
super.kg
видео














