Рая эже туура айтат керемет жашоону энсеп каласын. Озу кудайым бак берсе жашка деле карабайт. Турмуштан ото жаш же кара далы болуп тийип бактылуу жашагандарды деле учуратканмын.
Канча жаштагы кыз "кара далы" аталат? Дүйнө элинде, кыргызда канча жаштан "кара далы" аташат?
#83 10 February 2015 - 15:34
Заманга жараша "кара далы" дегендердин жашы да жогорулап баратат. Мурда биздин чон энелерибиз убагында 19-20 кыздар кара далы болуп эсептелсе, апаларыбыз убагында 25 жаштан кийин, азыр эми 28- 30 жаштан кийин кара далы болуп калды окшойт. Кыздардын эн жакшы турмушка чыга турган убагы азыркы убакта 20-24 жаш. Бирок Аллахым бешенибизге жазган адамды жолуктурбайынча журо беребиз да.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#84 11 February 2015 - 15:14
Илгери кыздар иштешкен эмес да. Башкача айтканда кырк уйдон тыйуу деп уйдо болушкан,анан канча бир жашка чейин турмушка чыкпай атасынын торундо журуп калса кара далы деп аталчу. А азыр такыр башкача. Айтайын дегеним азыр кыздар бойго жетип,жетелек талаалап кетишет ( окуп,иштеп ж.б ) анан да турмушка чыгуу убагы ар кандай болгондуктан менин оюмча азыркы кыздардын кара далы аталуу убагы 30 жаштан жогору деп эсептейм. Себеби ал убакка чейин мектепти,университетти бутуп,жумушка орношуп, оз багытын таап алат.
#85 11 February 2015 - 15:36
#86 11 February 2015 - 16:14
Бираз убакыт откозуп турмуш курса деле эч нерсе болбойт. Шашылып эрте жапжаш тийгендер деле кыйратып турмуш куруп жатышкан жери жок. Такыр куйоого тийбейт откондон коро бираз далысын карартып тийсе эч жери кемибесе керек жэ бир нерседен куру калбаса керек. Берем десе жетишем десе ийгиликтин жакшылыктын эрте кечи жок. Кыргыз калкым бизге чейинки аманында ,бул нерсе ото уят нерсе болгонго эртереек турмуш кура албаса созго калып уят болгон болсо керек , кыз баланы эртереек беруу кучундо турган кезде айтылганго бул создор. Азыр мындай нерселер эске деле алынбайт жана кара далы болгон кыздар жок деле болсо керек.
#87 11 February 2015 - 16:17
Менин оюмча 28-29 жаш болуш керек ... Ал убакта окууну бутконуно 10 жыл болуп калат да.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#88 12 February 2015 - 13:46
Кара далы дегенде не, дебегенде эмне ? Дегендер дей берет... Кайсы учурда багы ачылса ,ошол учурда тийишет куйоого. Далысы карабы, акыреги карабы элдин иши эмне ?! Кара далыбы ,жашыл далыбы ар кимдин тагдыры ар башка да.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#89 12 February 2015 - 22:05
Кыздар да балдарга окшоп алып кача турган шанс болгондо кара далы болбойт болчу, тандап-тандап тийип кетет болчу ..
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#90 25 February 2015 - 01:31
Эртеби кечби бакыт берсин бала берсин кудайым...
Эн туура айтылган жооп.азыркы учурда окуп,иштеп карьераны туптогучоле 25тен ашасын. негизинен эртеби,кечпи бак берсе эч нерсе билинбейт.
Бак деген озу тоголок,
бак берсе адам онолот.
Бак бербесе ал адам,
жугунуп журуп жоголот!
Шугур баарына 'бактылуумун' .
Т.б:30-35 жаштан откон мезгил.
#92 25 January 2016 - 01:56
Бойдокчулук доорун шашпай сүргөн деле жакшы, туура пайдалансаң көп нерсеге жетишүүгө болот. Жаман жагы үйдөгүлөр, тааныштар "качан турмушка чыгасың" деп кулак кагыш кыла беришип, жадатышат. Анын үстүнө досторуңдун мотурайган кичинекей балдарды жетелеп баратканын көрүп, бир чети "мен да качан ушул күнгө жетет экем" деп, суктаныып карап коёсуң...
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#93 25 January 2016 - 02:07
30-35 ж кыздар деп ойлойм.
20ж тегергиндеги кыздарыбызга антип айтууга дитим барбайт.
Мисалы; эркектердин кучко толгон жашы 30 тег-ги, ошондой эле кыз-келиндерибиздин дагы ачылган жашы 30те-и.
20ж тегергиндеги кыздарыбызга антип айтууга дитим барбайт.
Мисалы; эркектердин кучко толгон жашы 30 тег-ги, ошондой эле кыз-келиндерибиздин дагы ачылган жашы 30те-и.
Никогда не сдавайся.
#94 25 January 2016 - 02:08
Кара далы дегенде не, дебегенде эмне ? Дегендер дей берет... Кайсы учурда багы ачылса ,ошол учурда тийишет куйоого. Далысы карабы, акыреги карабы элдин иши эмне ?! Кара далыбы ,жашыл далыбы ар кимдин тагдыры ар башка да.
Негизи көбүнчө Азия өлкөлөрүндө эле кенен таркалган экен, бул адат. Европа өлкөлөрү бойдоктордун өз эркине коюп берет экен, 30да чыгасыңбы же 40табы башкысы өзүң каалап, өз теңиңе тийсең болду... Бирок алардын салт менен, биздикин чындыгында бир тегиздикте карап болбойт. Кыргыздар арканды узуунунан таштап ойлончу калк, ал эми Европалыктар көбүнчө бүгүнкү күн менен гана жашашат..
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#95 25 January 2016 - 16:32
Озу кыз 25жашка чейин турмушка чыкса чыгат,чыкпагандар копко журуп калышат.Азыркы кезде 30га чыккандарды сразу эле "кара далыга" чыгарып коюп жатышат го.А бирок,баары бешенеден,ар кимдин убак сааты келгенде оз БАКТЫСЫНА кезигет да
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#97 07 February 2016 - 01:52
Ар кимдин маңдайына жазганы бар да. Мен универди 2014 бүткөм, ошондо эле чоң апам бир жагыман, мамам бир жагыман, туугандар да мээмди жей башташкан, турмушка чык, жашың өткөн сайын тандап каласың, кара далы болуп каласың деп, бирок айта берип өздөрү деле тажашты окшойт))))
Жашоо керемет!!!!!!!
!!!!!
#98 21 March 2016 - 14:27
Бугун апам таяэжендин кызы куйоого тийем деп атыптыр дейт апей канчагы чыкты десем 16тыда дейт оозуман келмем тушуп калды кокууй деп анан апам уруштум кызын курттап атабы деп дейт а мага болсо намёк менен сени качан тийет деп сурап атышат кара далы болуп кетти деп дейт уялып дагы калдым ё моё чын эле тийиш керек эле уфффф кантип 25 чыгып кеткенимди дагы билбей калдым эхх...
#99 15 June 2016 - 04:57
Бойдокчулук доорун шашпай сүргөн деле жакшы, туура пайдалансаң көп нерсеге жетишүүгө болот. Жаман жагы үйдөгүлөр, тааныштар "качан турмушка чыгасың" деп кулак кагыш кыла беришип, жадатышат. Анын үстүнө досторуңдун мотурайган кичинекей балдарды жетелеп баратканын көрүп, бир чети "мен да качан ушул күнгө жетет экем" деп, суктаныып карап коёсуң...

Бул сезимди жон-териниз менен баштан откоргондой жазыптырсыз го))
АльхамдулиЛлях!
#100 21 June 2016 - 09:03
Ото эрте эле турмушка чыгып жатышат мен билген тааныштар,ото эле эрте.Мен 21де турмушка чыгып,кокуй эрте эрге тийип алдым деп чыйпылыктапмын,
мына 24до "эне"статуска ээ болуп отурам.20га чыга элек синдим уч баланын аяшэнеси.Ушундай эрте турмушка аттанышып "кара далы"нын дагы жашын жашартып жатышат.21-26 жашка чейин турмушка чыгуу "норма"
деп эсептейм.Бирок баягы эле турмуш,эрте тийсен ошо казан,шашпай тийсен дагы ошо казан.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















