Коп кишинин канына суугарылган кенч турбайбы. Алтындын ошондой анты болот деп уктум эле. Алып тын деген.
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#163 12 February 2015 - 00:35
Жар боорундагы үңкүрдөн алып түшкөн каптагы алтын-күмүш буюмдарды эки куржунга бөлө сала,төртөөнүн өлүгүн бир чуңкурга томолотуп,үстүлөрүн таштар менен билгизбей корумдап салды.Анан атты шашыла мине өз мекенине сапар алган болчу.
Тээ бийик дөбөдө эртеден бери бул жалгыз атчандын ар бир кыймылынан шек алып,дүрбү менен карап турган атчан анын калың чийлерди аралап кирип кеткенин көрүп ого бетер таңгалды.Бери жакта ачык жол турса,жырткычтар кунү-түнү менен жойлоп жүрчү калың өскөн чийди аралаганы тигие кандайдыр бир шек саноону туудурду.Ал дүрбүсүн төмөн түшүрүп,жанындагыларга кайрылды.
-Бул атчан соо эмес,аны кандай да болсо кармап,таап алып келгиле бул жакка.
Күтүлбөгөн жерден алиги дөбөдө ончактыдай атчан пайда болду да,алиги атчан караан кирип кеткен калың чийлерди көздөй чаап жөнөштү.Булар Орто Азияга атгы чыккан Элүүбай каракчынын желдеттери болчу.
Хабибуллонун корккону чоочун көздөргө көрүнбөй эптеп жергесине жетип алуу эле.Ошондуктан ары-бери өткөн элдердин көздөрүнө чалдыгып калбайын деп калың,бийик өскөн чий камыштарды аралап жөнөгөн.Жолборс, чөө,карышкыр, түлкү,кашкулак атүгүл жөнөкөй эле коёндорго чейин адам баласынан көпчүлүк мезгилдерде ушул чийлердин арасына кире качып калкаланышчу. Өздөрүнүн олжолорун да ушул жерден кармашчу.Хабибулло адегенде калың чийлерди аралатып өткөндөн жүрөгү даабай турду.Анан тээ алыстагы дөбөчөдөн атчан топ караандын пайда болгонун көрө коюп кандайча кирип кеткенин өзү да байкабай калды.Бири-бирине жакын калың өскөн чий камыштардын узундугу кеминде эле алтымыш чакырымдан алыс болчу.Жырткыч жаныбарлардан чочулашыпары- бери өткөн жолоочулар бул чийлерден алыстан эле айланып өтүшчү.
Хабибуллонун ушул жолго салышынын себеби сырт жак менен аны айланып өткөндө сөзсүз түрдө кимдир бирөөлөргө кезикмек.Ал төрт аяктуу жырткычтарга караганда эки аяктуу жырткычтардан чочулады.Бир нерсе болбогой эле деп,алдын ала сактанып мылтыгын октоп,колуна кармай эки жагын элеңдей карап,атын ылдамдата бастырып жүрүп отурду.Алиги топ атчандарга кабылып калбайын деп атына дембе-дем камчы чаап басыгшын дагы ылдамдатты. Калың чий арасынан кез-кез чөөлөр чыга калып кайра жок болуп кетип атты.Бир чай кайнамдай жол жүргүчө көзунө эч бир жырткыч чалдыккан жок.Чийлерге ортолоп киген сайын улам коюулап,өткөнгө тоскоолдук бере баштады. "Эптеп ушул чийлерден аман-эсен өтүп кетсем" деп Кудайга жалына келме келтирип баратты.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#164 12 February 2015 - 00:40
Бир маалда аты кошкура артка кетенчиктей берди эле,аз жерден кулап кете жаздап,ээрдин кашын кармап калып араң оңолду.Эмне болуп кетти дегендей мылтыгын кезеп,айланасына кылдат көз жугүрттү,бирок эч нерсе байкаган жок.Атын теминип,камчы салып алдыга карай бастырайын деди эле,ал кошкурунуп таптакыр эле баспай койду.Эч нерсени көрбөгөну менен алды жагында бир нерсе турганын сезип,мылтыгын созуп туруп алды жагын атып калды.Тарс этип катуу чыккан үнгө калың чий арасынан килейген жолборстун сөлөкөтү пайда болду да,кайра көздөн кайым болупикетти.
Аны көргөн Хабибулло келмеи оозунан түшө,көзү алайып,сенек болуп бир ордунда катып калды.Далдайган зор жолборс бир ок менен атканда өлбөчүдөй көрүнүп турду.Мынтыгын кайра октоп,белиндеги кылычын кынынан сууруганга ылайыктап,даярдап койду. Анан акырын атын бастырып,сактана журүп отурду.Ар кайсы жердеги шырп эткен дабышка дароо мылтыгын суна абай сак болуп кетип баратты.Бир кезде капталынан тээ алыстан жолборстун жойлоп өткөнүн көрүп,ошол тарапты туштап мылтыгын атып калды.Бир секирим менен жолборс кайра көздөн кайым болуп кетти.Ал жолоочунун ар бир кадамын аңдып келатканын сезип турду.Мындан жөндөн-жөн кутулуп чыкпасын Хабибулло да билип турду.
Бир кезде ал чийдин арасында өзүнчө бийик болуп чыгып турган жарчаны көрдү да,атын дароо ошол жакка бастырды.Ага жакындай бергенде анын ичиндеги чоң оюкчага көзү түштү.Сыягы, карышкыр же жолборстун ийини окшойт.Атынын оозун тартып айланага бир сыйра кылдат көз жүгүрттү.Шектүү эч нерсе билинбейт,атын кайра бастыра бергенде көзүн ачып-жумганга улгүртпөй кандайдыр зор жаныбар аны серпип өтту эле,колундагы мылтыгы ыргып кетти.Алиги жолборс жер менен жер болуп,бир ордунда былк этпей,атчан кишинин жакындашын күтүп турган болчу.Өзүнүн тушуна беш кадамдай калганда катуу бир секирим менен серпип өткөн.Бул жолкусунда атчандын өзүнө кол салбай колундагы коркунучтуу нерсени кагып түшүргөн эле. Анын ушунчалык шамдагайлыгына тигинин жүрөгү түшө белиндеги кылычын сууруп алды.Мылтыгы өзүнөн үч-төрт кадамдай алыска ыргып кеткендиктен, ага жетүүгө мүмкүн эмес болчу.Жолборс эми эч нерседен коркпой эле ачыкка чыгып,жолоочунун алдын тороду да,күрүлдөй, укмуштуудай добуш чыгара ага жакындап келатты.Хабибулло атын шарт артка бурду да,болгон күчү менен устөккө-босток камчы сала кайра артын көздөй качып жөнөдү.Көп узатпай эле алиги жолборс аларды кууп жетип,дагы бир серпип өткөндө,ал аты менен кошо оңкосунан кетип жерге томолонду.Жолборс атты кууп жетип арткы санын жара тартып кеткен болчу.

#165 12 February 2015 - 00:42
Хабибулло өзүнөн анча алыс эмес жерде жаткан кылычын ала коюп ордунан атып турду да,жерде тырпырап жаткан атына бир карап коюп,жөө болгон күчү менен качып жөнөдү.Ар кайсы жерде чачылып жаткан алтындарга да көңүл бөлгөн жок,максаты эптеп кандай да болсо жанын аман алып калуу эле.Каяк тарапка чуркап баратканын да баамдаган жок,калың чий арасында адашып кетти.Жолборс болсо өзунүн кезектеги курмандыгын жоготконго шашкан жок,кайдадыр жок болуп кетти.
Айлана жымжырт боло,жырткыч жок болуп кеткенин көргөндө Хабибуллонун өх деп жүрөгү ордуна келди,бирок калың чий арасында качкка бараарын билбей турду.Бир аз эле узай бергенде,алиги жолборс тике алдынан чыкты.Эртеден бер анын кыймыл аракетин аңдып,алдында күтүп туруптур.Эми эч кайда качып кеткенге мүмкүнчүлүгү жок болчу.Көз алдына өлүм элестеп,кылычын алдыга кармап артка кетенчиктей берди.Алиги зор жолборс секиргенге даярданып алдыга жылып келатты.
Ошол маалда күтүлбөгөн жерден удаа-удаа беш-алты жолу мылтыктын атылган унү чыгып,секиргенге жаңы даярданып келаткан алиги жолборс жерге жалп дей түштү да,ошол боюнча тырп этпей жатып калды,анан айлана бир пазга жымжырт боло туштү.Көп өтпөй калың чийлердин арасынан куралчан топ атчандар чыга келишти.Булар Элүүбай каракчынын атайын жиберген кишилери болчу.

#166 12 February 2015 - 00:43
ЧҮМБӨТЧӨНДӨР КЕЗДЕШҮҮСҮ
(азыркы заман)
Күтүлбөгөн дабышка Каныбек ордунан былк этпей катып калды да,автоматын жерге акырын коюп,эки колун өйдө көтөрдү.Алиги чүмбөтчөн акырын келип терезеден сыртка көз жүгүртүп алды.Анан дале эки колун көтөрүп турган Каныбекке таңыркай карап,буйрук бере сүйлөдү.
-Эмне жалдырап турасың,бул мен эле,автоматыңды ал да тез төмөн жакка түш.Каныбек эңкейип автоматты ала бергенде,ары жактагы чүмбөтчөн анын бутуна көз жүгүртө,башка бут кийим экенин сезе койду.Анан дароо эле аны карай автоматын суна берди.Бирок Каныбек аны атканга үлгүртпөй,экөө автомат талаша кетишти.Секундалык убакытта өткөн жолку окуяны эстеди.Анда да ушинтип автомат талашып калышкан эле,бирок анда каршылаштары эки адам болчу,бул болсо жалгыз.Бир маалда алиги чүмбөтчөн ошол автомат аталшкан боюнча Каныбекти Жамбашка салып көтөрүп чапты,сыягы күрөштүн ыкмаларын мыкты биле окшойт.Каныбек анын астында калды,бир топко кармашып кайра үстүнө чыкты.Бетке беш-алты жолу уруп-уруп алды эле,алдындагы чүмбөтчөн анын соккусун тоготкон жок.автоматты ары көздөй ыргытып жиберишип,кол менен мушташканга өтүштү.Бир маалда алиги чүмбөтчөн кайрадан каныбектин үстүнө чыкты.Экөө тең кара чүмбөт,кара кийим кийишкендиктен сырттан караган кишиге экөөнүн кимиси душман,кимиси өз эч айырмалай алышпайт болчу.Бир маалда үстүндөгүсү белиндеги кош миздүү бычагын суруп алып,болгон күчү менен төмөн карай шилтеди эле,Каныбек сайганга үлгүртпөй билектен кармап калды.Үстүндөгүсү болгон күчү менен бычакты төмөн карай басып,Каныбек болсо колдон келишинче тирешип каршылык көрсөтүп атты.Бир маалда Каныбек катуу оодарыла силкинди эле,кайрадан тигиниси астында калды.Ал ошентсе да болгон күчүнө салып бычагын өйдө көздөй түртүп,саюуга аракет кыла берди.Каныбек катуу тиштенип,болгон күчү менен тигинин колун кайрып бычактын учун анын көкүрөгүнө туштады да,болгон салмагын сала баса жыгылды.Эки чүмбөтчөн бир азга жерде тырп этпей жатышты.Кош миздүү канжар алдында жаткандын көкүрөк тушуна сабына чейин кирип кеткен болчу.
Бир маалда Каныбек эсине келгендей ордунан атырылып тура айланага бир сыйра көз жүгүртүп алды.Үстүңкү кабаттын коридору тыптынч болчу.Полдо жаткан өлүктү эки буттан ала туалетке сүйрөп барды да,мурункусунун жанына жаткырып койду.Кууш,узун кориндордун полунда узун болуп кандын изи калды.Каныбек бир азга ойлонуп туруп дароо зажигалкасы менен Карабаевге кырдаалды бир сыйра түшүндүрүп өттү.
-Үстүңкү кабаттын терезесиндеги минаны көрдүңбү?
-Ооба көрүнүп турат...
-Ошону ажырат.
-Мен мина менен дегеле иштеп көргөн эмесмин.
-Ортосунда кандайдыр тегерек белги турабы,кызыл чекит?
-Ооба,көрдүм.
-Анда ошону сол жакка акырын бура.Только абайла,жарылып кетпесин.
Каныбек акырын терезенин түбүндө тагылып турган минага келди да,биссимила деп кызыл чекитчени кармады.
-Шеф кызыл чекитчени кармадым...
-Анда ошону акырын солго бура.
Каныбек жүрөгү дүкүлдөй ошол кызыл точканы акырын солго бурай баштады.
-Эмне болду,буралып атабы?
-Ооба,бурай баштадым.
-Эң жакшы.эми ошону до конца бура.
Каныбек акырын бурап отуруп ошол кызыл чекитчени бери карай өзүнө сууруп алды.Чекесинен былчылдап муздак тер чыгып кетти.
-Эмне болду чыгардыңбы точканы?
-Чыгардым.
-Өх-х,эми коркпой эле минаны ала берсең болот,жарылбайт. Аны бир жакка катып ташта.Баса,айтмакчы кара чүмбөтчөндөр канча киши?
-Жетөө,үчөөсүн жайладым,эми төртөөсү алдында заложниктер менен турат.Сырттагылар эшикке жакындай турган болсо эле минаны жардырып же заложниктерди өлтүрүп коюшу мүмкүн.Шеф эмне кылалы?
-Азыр профессионал беш адамды жиберем,үстүңкү кабаттын терезесинен түшүп келишет.Аларга дароо жаныңда өлүп жаткандардын кийимдеринен кийгиз.Анан билгизбей төмөндөгү чүмбөтчөндөргө жакындаганга жеңил болот.Башкысы жаңылбоого аракеттенип сак болгула.
Карабаев менен сүйлөшүп бүткөнчө эле,үстүңкү кабаттын терезесинен бешөө биринин артынан бири аркан менен шыпырылып кирип келишти.
Бешөөнүн үчөөсү өтө тездик менен чүмбөтчөндөрдүн кийимин кийе калышты да,алтоо жабылыша тепкич аркылуу төмөн карай түшүп жөнөштү.
-Мен азыр туалеттен келген киши болуп тигилерге жакындайм.Бирөөңөр мени узаткан киши болуп баргыла.
Каныбектин эки колун желкесине көтөртө кара чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү артынан түрткүлөп келатты.Дагы эки чүмбөтчөн алардын артынан ээрчий төмөн жактагы чүмбөтчөндөргө жакындай беришти.Төмөн жактагылардын бири да тигилерден шек алышкан жок.Колунда миналардын кнопкасын кармап жүргөн алиги чүмбөтчөндөрдүн жетекчиси Каныбекке ачуулана карап койду.
-Муну туалетке жарым саат отургузуп коёсуңбу.Карачы целый он беш мүнөт өттү.Убакыт алтын экенин билесиңер,анан заложниктерди эркелетесиңер. Мага десе шымын булгап койсун,биздин иш канча...-Ал сөзүнүн аягына чыккан жок,Каныбек күтүүсүз жерден чагылгандай тездик менен тигинин колундагы минанын кнопкасын кагып түшүрду да,аны жерге түшүрбөй тосуп алды.Бул мезгилде арттан келгендер тигилерге автоматтарын сунуп туруп калган эле.Төмөн жактагы чүмбөтчөндөрдүн бири да каршылык кылганга үлгүрө алышкан жок.
Көп өтпөй эле сырт жактан куралчан милициялардын өзгөчө тобу атырылып кирип келишти да чүмбөтчөндөрдүн чүмбөттөрүн сыйрып ташташып,колдорун арттарына кайрышып кишен сала башташты.Экинчи тобу дароо эле тепкич менен экинчи кабатка көтөрүлүштү.
Бака-шака болуп сыртка чыгып жаткан элдерге кошулуп Каныбек да сыртка чыгып кетти.Мынча элдин арасында Карабаевге жолугуп сүйлөшүү мүмкүн эмес эле.Анын үстүнө сырт жакта да котолошуп үймөлөктөшкөн элдер көп эле.

#167 14 February 2015 - 00:39
ТУТКУНДУН ОЮ
(мурунку заман)
Хабибулло кош колдоп кармап турган кылычын жай төмөн түшүрө,өзүн өлүмдөн алып калган булар кимдер болду экен дегендей атчан кишилердин жакын келишин күтүп,карап турду.Атчандардын башына ак чүпүрөк оролгон сакалчан далдайган кишиси атынан түшө калып,тырп этпей өлуп жаткан жолборско эңкейе карады.Жүнүн сылап бир аз турган соң,Хабибуллого карады.
-Жол болсун баатыр,бул жакта эмне адашып жүрөсүң,баш- аягы жок калың чийди аралап.Же жаныңдан аша кечтиңби?
-Жол билбегендин кесепети ушул да.
Алиги сакалчан жолоочуну бир аз тиктеп турган соң,таңгалгандай унчукту.
-Коё тур,сен кокусунан Хабибулло көпөс эмессиңби?Жалгыз быякта адашып эмне кылып жүрөсүң,кербендериң эбак эле кетишпеди беле?Эмдигиче аларың азыр Кытай жергесине жакындап калышты болуш керек.Алиги минип келаткан атың кайсыл жерде калды?
Чындыгында соодагер бул көпөстү тааныбаган киши жок болчу.Бул жерден ары-бери өткөн сайын Элүүбайдын адамдарына дайыма салыгын төлөп өтүп кетчү.Ары жакта тургандардын экөөсү өлүп жаткан жолборсту атка көтөрүп арта салышты да,калгандары жоголгон атты излеп кетишти.Хабибуллло эмне кылаарын билбей шаштысы кетип калды.
-Менин атым ал жакка эмес,тигил жакты көздөй качып кетти.-ал таптакыр башка жакты көрсөтө,өзү да тетири жакты көздөй басты.
-Кабатыр болбо Хабибулло мырза,атыңды эбак эле таап койгонбуз.Тилекке каршы Жолборс аны жара тартып кетиптир,бирок бактыга жараша куржундагы алтындарыңа тийбептир.Кызыгың түшкүр,мынча алтынды каяктан уурдап алып келатасың?
Аны укканда Хабибулло жүрөгү жарылып кете жаздап,көзүн жума аттиң дегендей ичинен тиштенип туруп калды."Мына бүттү баары,ойдо жок жерден табылган байлыктан кайра куру жалак калдым".Ал эч кепке-сөзгө келбей,көзүн жумуп бир топко турду.
-Ээй,эмне сүйлөбөйсүң же оозуңда да алтындар барбы,кана ачып көрөлүчү?-Алиги жигит кыдлычын тигинин жаагына жакындатканда, ал оозун өзү эле ачып берди.-Болуптур калганын тигил жактан сүйлөшөбүз, кана кеттик жигиттер!
Экөөсү көпөстү атка мингизишти да,баары кыйкырык-сүрөөн менен топураша аттарын чаап жөнөштү.Бат эле чий камыштардын сыртына чыгышып,тээ дөбөчөдө турган топ атчандарга жетип барышты.Алиги далдайган сакалчан жигит баарынан мурда чаап барып,Элүүбайга бир нерселерди айтып кабарлады.
Анан экөө төмөн карай аттарын чаап келишип,ишенбегендей куржундун оозун ачып,ичтерин карашты.Куржундун ичиндеги алтын буюмдарды,тыйындарды, муштумдай болгон уютундуларды карап турган Элүүбай өзүнчө ойлоно кетти. "Мындан бир аз мурун бизге колго түшкөн өзбек жигит менен мунун байланышы барбы?Ал дагы жападан жалгыз бир куржун алтын менен качып бараткан жеринен бизге колго түшпөдүбү.Балким жоголгон казынанын сыры ушуларда болуп журбөсүн?"
Элүүбай Хабибуллого эч нерсе деп сөз айткан жок,тек гана муну дагы тигил жакка алып баргыла дегендей ээги менен белги берип,өзу алдыга түшүп чаап жөнөдү.Калган топураган атчандар анын артынан ээрчишти.Ошол калыбында алар бир тыным алышпай,бийик тоолуу коктуга кирип келишти.Андан бир катар болуп биринин артынан бири жүрүп отурушту.Дагы бир далай жол жүрушкөн соң,бийик тоону тике өрдөп чыга башташты.Бир чай кайнамдай убакыт өйдө карай өрдөп жүрүп отурушуп бийик жарга келип такалышты.Жар түбүндө булак,андан анча алыс эмес жерде ак чүпүрөктөр оролгон мазар бар экен.Жол карата алар бир да сөз сүйлөшкөн эмес.Ушул жерге келишкенде гана аттарынан түшүшүп,кез- кез сүйлөшүп,булакка беттерин чайыша,мазарга сыйынып куран окушту.Ага ак чүпүрөк орошуп,кайра аттарына минише сапарларын андан ары улантышты.Жөндөн- жөн кетип баратып өзунүн кербенинен бөлүнүп,буларга туткун болуп баратканына Хабибулло өкүнүп баратты." Балким алтындан мага да анча-мынча беришээр.Же мени өлтүрүп коюшабы?" ал өзү менен өзү сүйлөшүп,ичи уйгу-туйгу болуп баратты." Кантип качып чыксам булардан?Алтын азгырыгы ушул да,болбосо Ташкенден чыккан боюнча түз эле өз жергеме кете берет элем.Эми өлтүрүп коюшпаса болду.Баса,бул алтындар каяктан,кимдики десе эмне дейм.Өзүмдүкү десем,албетте ишенишпейт. Мынча алтындар менен эч ким жандарын тобокелдикке салып алыска соодага чыкпайт.Чындыкты айтсам ишенишеби же баары бир өлтүрүп коюшабы?Элүүбай мени тааныйт эмеспи,балким акча сунуш кылсамчы,жанымды аман калтырып коё алабы?Корбашы баарыбир кордугун көрсөтпөй койбойт дечи,бирок ошентсе да аман калуунун жолун табыш керек.Мени өлтүргөн алар үчүн чычкан өлтүргөндөй эле да,мендейдин канчаларын өлтүрдү бул канкорлор.Ушинтип тигилерге,өзүмдүн кишилериме жете албай каламбы?Баса, алиги чалажан киши ким болду экен?Балким, жоголгон казынанын түйүнүтошондо болуп жүрбөсүн.Бир эмес он адам болсо да мынчалык алтынды өздөрү менен кошо ала жүрүшпөйт да.Болду,болбоду ошол адамды кармаш керек.Мына таппасаң сыйпалап кал,ошонун аркасы менен мен да аман калышым мүмкүн.Элүүбай корбашы менен жекеме-жеке сүйлөшүп көрүү керек,балким ал мага ишенбестир. Бирок ишендирүүгө аракет кылып,кара башымды куткарып калуу керек."
Кумурскадай болуп биринин артынан бири ээрчишкен топ тоонун жону менен өйдө карай чыгып отуруп кайра түздүккө чыгышты.Көп өтпөй эле айланасы бүт жар менен курчалган коктуга келип түшүштү.Каракчылардын негизги тобу ушул жерде турушат экен.

#168 14 February 2015 - 01:20
БҮЛГҮНГӨ УЧУРАГАН ОПЕРАЦИЯ
(азыркы заман)
Калаадан Нива жана кара чет элдик Мазда машинеси биринин артынан бири ээрчише тоо тарапты көздөй түптүз асфальт жолго тушуп алышып катуу ылдамдык менен кетип баратышты.Каныбек, Абдурахман жана алиги турмөдөн качып чыгышкан экөө,төртөө болуп казынанын картасын катылып турган жеринен алып чыгып,тоодогу дачаларды көздөй кетип баратышкан эле.Төртөөнөн башка араларында дагы бир ишенимдүү жигит бар болчу.Арт жактарында аларды дагы бир машине аларды кайтарып жандап баратты.Калган адамдары ала-Арча капчыгайы тараптагы эки кабаттуу чоң дачада күтүп турушмак.Абдурахман сотовый телефон аркылуу картаны алып чыгып келатышканын алдын-ала тигилерге кабарлаган болчу. "Сактыкка кордук жок" дегендей машинеде отургандардын ар бирине бирден автомат берилген эле.Бул жөнүндө карабаевге алдын-ала маалымат да берилген болчу.
Бардыгы алда немеден чочулашып сак келатышты.Карабаев баштаган топ алдын-ала бул боюнча тыкан операция иштеп чыгышкан.Бардыгы дачада чогулушканда камынтпай кармап калышмак.Кайрадан жоголуп кетпес үчүн ошондо казынанын картасы Каныбектин колунда болмок.Даяа ичинде балким атышуу болуп кетмек,Абдурахман картаны тытып,балким өрттөп да жибермек.Анда картанын экинчи көчүрмөсү бар болушу да мүмкүн болчу.Камынтпай басып киргенде Каныбек картаны ала коюп койнуна катмак.Андан кийинкисин көрө жатышмак.Дачанын ар-бир булуң-бурчу такталыппрофессионал милицияларды дайындап,ким кайсыл жерге жайгашат,баары алдын-ала тыкан,кылдат иштелип чыккан.
Каныбек автоматтан тышкары чөнтөгунө дагы бир тапанчаны октолуу бойдон салып койгон.Биринин артынан бири ээрчишкен эки машине асфальт менен бир калыптарынан жазбай тоо тарапты көздөй кетип баратышты.Экөө тең эреже боюнча эч жерге токтобошу керек болчу.Машиненин ичинде отургандар куралдарын октолуу боюнча бек кармап,айланага сактана,кылдат көз жүгүртүп кетип баратышты.Эки машине Чоң-Арык айылынан чыгып аман-эсен өтушту.Эми Байтик айылынан тынч аман өтүп кетүү башкы милдет эле.Андан ары жолу түз,айлана-чөйрөсүндө коркунучтуу жерлер жок.Чоң-Арыктан өтө бергенде жолдун сол тарабы төмөн жагында токойлор,оң тарабы бийик тоо,бирок капыстан кол салганга ыңгайсыз болчу.

#169 14 February 2015 - 01:33
-Биздин картаны алып келатканыбызды эч ким деле билбейт болуш керек,бирок ошентсе да сак болгула,ар кандай болуп,кетиши мүмкүн.Бул картанын өзүндө эле канча миллион жатат,керек болсо миллиард болуп кетиши да мүмкүн.Сак болбосок,ар бир кадамыбызда кан төгүлөт,-Абдурахман бир нерседен кабатыр боло,жанында отургандарга какшап келатты.Аңгыча алдыларынан токтоп турган МАИнин машинесин көрүштү.Ал жерде эки инспектор туруптур,куралдары деле жок сыяктанат.
-Эмне кылалы,токтойлубу? -рулда отурган Сулайман тигилерге кайрылды.
-Токтобой эле кете берсек эмне болот?
-Антсек,артыбыздан кууп алышы да мүмкүн.
-Айланасына көз жүгүрткүлөчү, шектүү эч нерсе жокбу?
Баары айланага бир сыйра көз жүгүрткөнгө үлгүрүштү.
-Сыягы шектүү эч нерсе деле көрүнбөйт.
-Анда токтой берели,куралыңарды каткыла ары,эгер бир нерсе деп кыйшаңдашса, акча бере коелу,ага болушпаса...
-Атып салып кете берелиби?
-Анда ишти кыйындатып албайбызбы.
-Эптеп акча берсек да кутулгандай бололу,наркотигиңер жокбу деп текшерип калышпаса эле болду.
Машине тиги экөөнө жакындап келатты.Ойлошкондой эле алар таякчасын көтөрүп токтотушту. Экөө тең же орус эмес,же кыргыз эмес башка улуттун кишилери экен.Анын үстүнө орусчаны аябай акцент менен сүйлөп атышкандары билинип атты.Бирөөсү эңкейип ичиндегилерге бир сыйра көз чаптырып койду.Экинчиси айдоочунун документтерин алып,улам машиненин ичиндегилердин ар бир кыймылына көз кырын салып документтерди текшерип кирди.Экөөнүн кыймыл-аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү,көз- караштары эмнегедир Каныбекке шек туудуруп атты.Документти бир сыйра текшерип кайра берүүнүн ордуна кагазга көпкө үңүлдү.Аңгыча тээ арт жактан төмөн жактагы токой ичинен эки окшош машине атып чыкты,алды жактан да эки окшош кара мазда пайда болду.Булар милиция эмес экенин Каныбек дароо эле сезди.Машиненин каалгасы менен экөөнү томолото чабышты да дароо алдыга айдап жөнөштү.Алдыга келатышкандар жолду туурасынан тосушту.Эки машине тең жолдон чыгып,төмөн карай токойго кирип кетишти да,шаркырап агып жаткан суунун аркы өйүзүнө өтө качышты.Жол жок болсо дагы токтобостон аңды-дөңдү карабай айдап жүрүп отурушту.Артында биринин артынан бир ээрчишкен беш машине кууп келатты.Бир кезде алды жагы бийик дөңгө туш келишти.Эгер ушул дөңдөн чыгып кете алышпаса тигилерге туткун болуп беришмек.Каныбек рулга өзү отурду болушунча газды басып,жогору карай көтөрүлүп жүрүп отурду.Бат эле он метрлик бийик дөбөнун башына чыга келишти.Дөбөнүн үстү түзү экен да,эгин аянты айдалып жаңы эле чабылып кетиптир.Экинчи артта кайтарып келаткан машине чыга албай калды.Төмөн жакта атышуу болуп жатканыкадимкидей угулуп атты.
-Молодцы ребята,эми тигилерди бул жакка өткөнгө мүмкүнчүлүк беришпейт.
Машине эгин талаасы менен уруп-согуп кетип баратты.Бат эле бет маңдайдагы токойго кирип барышып,анан көп убакыт өтпөй эле кайра Чоң-Арык айылындагы асфальт жолдо болушту.Нива машинеси кайра шаар тарапка шашылыш жөнөй берди.

#170 14 February 2015 - 01:42
КАРАКЧЫЛАРДЫН ҮҢКҮРҮ
(мурунку заман)
Үч тарабын бийик жар курчаган ортодогу коктучага ээр-токумдары жакшы жасалгаланган, тандалма зор аттар байланып,анын айланасында беш-алтыдай киши аларга чөп берип күйпөлөктөп жүрүштү.Хабибулло башын өйдө көтөрө бийик жардын боорунда эки жерде төмөнкүлөрдүн ар-бир кыймыл-аракеттерине жана алыс жактарга көз жүгуртө сакчылар турганын көрдү.Артына бир кылчайып таңгалганынан оозу ачылып калды.Тээ алыстагы түздүк тим эле алаканга салгандай көрунүп турат.Ал жакта эмне кыймыл болуп атканы бул жакка кадимкидей белгилүү болуп билип турушат экен
Каракчылар Хабибуллону аттан түшүрүшүп чоң үңкүрдүн ичине алып киришти.Үңкүрдүн сырты кичине болгону менен ичи кенен экен.Ал кирип-чыккандарды, сыртта жүргөндөрдү эсептеп каракчылардын жалпы саны элүүгө чукулдап бараарын байкады.Жыйырмадан элүү жашка чейин ар-кайсы улуттун адамдарынан куралыптыр.
-Ко-ош жол болсун Хабибулло,өзүңдүн кербениңден бөлүнүп мынча алтын буюмдарды капка толтуруп алып каяк жакты көздөй сапар тартып баратасың?
Үрүмчүгө бараткан өзумдүн кербенчилеримди кууп жетейин деп шашылып бараткам.
-Момунча алтын-күмүш менен ээн талаада жападан жалгызбы?
-Шериктеримди өлтурүп кетишти белгисиз адамдар.Өзүм жалгыз араң качып чыктым.
-Жок,Хабибулло мырза,сен муну мага айтпа,бул сөзүңө ишенип болбойт.Момунча алтындар менен жападан жалгыз кутулуп чыга албайт болчусуң.Андан көрө аларды өлтүрүп качып баратам дебейсиңби ары-бери бултактатып биздин да башты айлантпай.

#171 14 February 2015 - 01:47
-Элүүбай,
сен мени жакшы билесиң.Ары-
бери өткөндө өзүңдүн энчиңди алып жүрөсүң.Эми бул жолкуда да өзүңдүн энчиңди ал да мени коё бер.Аманчылык болсо мындай энчинин далайын аласың.
-Кеп ангда эмес Хабибулло,сен антип кууланып кетем деп ойлобо.Мени мынча алтындар каяктан жүрүп сенин колуңа туш болгону кызыктырып атат.Мындай алтын менен жалгыз тургай бүтүндөй кербениң болсо да алып журүү өтө кооптуу экени бештен белгилүү.Андан көрө чыныңды айт,бул эмне болгон алтындар,кайдан алып келатасың?Менимче буларың казынанын алтындары,чыныңды айтпасаң башың кетет томолонуп денеңден ажырап.Кечээ сендей болуп алтын менен качып бараткан дагы бир өзбек жигит да калп айтам деп өмүрү менен кош айтышып тынды.Сен да азыр ошонун соңунан жөнөп кетишиң мүмкүн.Аман калам десең болгон чындыкты айтып бер.Эгер казынанын каякта экенин айтып берсең,ошонун бир бөлүгү сеники болот...
"Эмне кылсам,кандай деп жооп айтсам?" деп Хабибулло айласы кете баштады." Эгер чындыкты айтсам ишенбей коюшу да ыктымал.Чындыгында казынанын каякта экенин мен өзум да билбейм да.Эмне кылсам".Ал көпкө унчукпай калды да.Анан Элүүбайды өзүнчө чакырып алды.
-Бул сени менен гана сүйлөшө турган иш.
-Өзүмдүн кишилеримдин алдында эч кандай жашыруун нерсе жок,айта бер ачык эле.
Хабибулло дагы бир опко унчукпай туруп калды.
-Эгер мен болгон чындыкты айтсам силер баарыбир ишенбешиңер мүмкүн,андан көрө болгон окуяны өз көзүңөр менен көргөнүңор тийиш.Баарыңарга белгилүү Кызыл-Үңкүр чебинин чыгыш тарабында жүз элүү чаыкрымдай жерде анча бийик эмес жарча бар.Бул катылган алтындарды ошол жерден таптык.Анын түбүндө үч адамдын өлугу корумдалып жатат.Экөөсун кимдир бирөө кылыч менен кыя чабып өлтүруптүр. Үчүнчүсү болсо менин кишим.Алтын талашып мени өлтурмөкчү болуп ою бузулганда, өзүм аны өлтуруп таштадым.Азыр үчөө тең корумдалуу турат,ишенбесеңер барып көрсөңөр болот.
-Болуптур аныңа ишенели,эми бул алтындарды каяктан алдың?
-Бул алтындар тууралуу бир гана киши билет.Жоголгон казынанын эң негизги бөлугу каякта экенин ошол киши гана билет.
-Кана айт бол,ал кишиң каякта?
-Же тирүү эмес,же өлүү эмес чала жан болуп жаткан жеринен биз өзүбүз Үрүмчүгө ала кеткенбиз.Тагыраак айтканда,мен аларды жөнөтуп жибергем да,бара бергиле артыңардан кууп жетем деп алиги мен айткан өлгөн жигит менен калгам.Анан ал алтынды кантип таап алгандыгы жөнүндө эч нерсесин коротпой болгон чындыкты айтып берди.
Анын сөзүнө Элүүбай ишенип-ишенбей турду.Өзүнүн оң колу менен ке нешип келген соң,анын чын-төгүнүн аныктамакка Хабибуллону, анан беш ишенимдүү кишисин ээрчитип,кандуу окуя болуп өткөн жерге шашыла жөнөп кетишти.

#172 14 February 2015 - 01:56
ТАБЫШМАКТУУ КАРТА
(бүгүнкү заман)
Бир өлумдөн аман калышып үйлөрунө кайтып келишкен Каныбек баш болгон төрт адам өз ара кабактарын карыш түйө кеңшип отурушту.
-Булар кимдер бизге кутүүсуз кол салгандар? Сыягы,атайын алдын ала план тузүп,анан кол салышыптыр. Демек алар кун мурунтан баарын билишкен.Казынанын картасын алып чыгаарыбызды алдын-ала кимдир бирөөлөр жеткирген.Баягы бизди туткундаган адамдар эмеспи?
-Вполне возможно,биро алардын баардыгы туткундалбады беле курчоого алынып.Дүнүйө, байлык пайгамбарды да жолдон чыгарыптыр дегендей азыр акча менен эмнелерди гана иштебейт.Кайра бошонуп кетиши да мумкүн.
-Бардыгы теңби?
-Бардыгы болбосо да,главалары бошосо кайра бат эле мындай топту өздөрунө түзуп алышат.
-А эгер алар болбосочу?
-Анда биздин үстубүздөн охота кылып журүшкөн кандайдыр дагы топ бар.
-Балким милиция кызматкерлери өздөру болуп журүшсөчү?
Каныбек алардын сөздөрунө каршы чыкты.
-Андай болушу мүмкүн эмес мен шаардагы ГАИде иштегендердин дээрлик баардыгын тааныгандай эле болуп калдым.Анткеникөчөдөн өтуп баратканда көчөдө турушкан ар бир ГАИ кызматкерлерин эсиме тутуп коём.Булар алардын бирине да жакындабайт. Анын үстүнө таптакыр эле жергиликтүү адамдарга окшобогон башка улуттагы,таза орусча да, таза кыргызча да сүйлөй албаган адамдар экен.Демк,булар чыныгы милиция кызматкерлери эмес.
-Анда форманы каякьтан табышты?
-Акча болсо баарын тапса болот,акчага сатып алышты да.Керек болсо заказ менен деле тиктирип алышат.
-Болуптур аларды го алар дейли,ал эми ким жеткирди бул кабарды аларга?Же биздин арабизда алардын подслушивающий аппараттары барбы?Же арабыздан аларга кызмат кылган бирөө барбы?Анда кимдер алар?
Төртөө бири-бирине шектене карап калышты.Кайрадан жымжырттыкты Каныбек бузду.
-Төртөөбүз бири-бирибизден шек саноого акыбыз жок.Түрмөгө чейин чогуу журдүк.Ал жакта да чогуу табакташ болдук,чогуу качып чыктык.Анан кантип эле ошолордун акчасына азгырылып бири-бирибизди сатышып кетели.Болду- болбоду төртөөбуздөн башка биздин топто ошолрго кызмат кылган бирөө бар,же машиненин,же үйдун бир жерине аппарат коюлган.Муну да жакшылап текшерип көруш керек.
Алар өздөрунчө топтошуп отурушуп негизги планды кайра башкача кылып өзгөртүштү. Картаны шаардын ичиндеги эле үйгө отуруп алып аныктап,сырын чечип,анан кайсыл жерде катылганын издемей болушту.Буга ишенимдүү деген жети адам катышты.Атайын сыртка кароолчулар дайындалды. Абдурахман ары жактан алып чыгып картаны столго жайганда Каныбек аны биринчи жолу көрдү.Картаны же кагазга,же булгаары териге окшобогон материалга жасашыптыр. Арадан ушунча убакыт өтсө да,ошол эле боюнча бузулган эмес.Чоңдугу узун-туурасы кадимки гезиттердей болгон бул картанын калыңдыгы бизче айтканда бир элидей бар эле.
Эшикти ичинен иоип терезелерди бекиткен соң,бардыгы столдогу картага үңүлүшту.Андагы чиймелерди көрүп эч нерсе тушүнө алышкан жок.
-Да-а муну расшифровка кылыш да оңойго турбайт окшойт.Карасаңар илгерки адамдардын да ушуга башы жеткенин.Бул картадагы белгилерди кантип аныктайбыз, же мунун сырын чечкен арабызда ушунчалык акылдуу адам барбы?Картадагы схема Кыргызстандын кайсыл жерин көрсөтуп атат?
-Мына бобул жерлер тоо экен...демек тоо арасына катылган.
-Ал тушүнүктүү дечи,бирок.. .Кыргызстандын бардык жерлери эле тоо да,бул кайсыл жердеги тоо экенин кантип билебиз?
-Тоонун аркы жагы Кытай экен,демек Кытайга чектеш тоолордун биринде.
-Бул кайсыл тоолор болду экен,балким кыргыз жергесиндеги эмес Өзбек же Тажик жак болуп калышы мүмкүн,бирок окуянын өзөгү Кыргыстанда болуп жаткандан кийин,менимче бул кыргызстандын эле тоолору.
-Ал эми бобул ортодогу эмне мейкиндик?
-Кыргызстандын кайсыл эле тоолору болбосун ортолорунда мейкиндик бар,бирок бул эмне болгон мейкиндик ошону аныкташ керек.
Баары жабылыша картанын схемасына баштары жетпей изилдеп жатканда Каныбек анын ар бир деталдарын өзунун эстөө сезимине кылдат көчүрүп атты.Атүгүл, бир жерин эки-үч сыйрадан карап чыкканга үлгүрдү.

#175 15 February 2015 - 10:24
кутуп жатабыз...., Белка айым
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .

#176 17 February 2015 - 02:19
Бардыгы картаны жарым суткадай талкууга алышты,бирок эч майнап чыгара алышкан жок.Бири Ошто,экинчиси Нарында,үчүнчүсү Көлдө,төртүнчүсү Тажикситандын тоолорунда деп ъталаш-тартыш жургүзүшүп эч бир жыйынтык чыгара албай коюшту.Акыры чарчашканда аны дубалда жашырылган калың сейфке салышты да,кароолчуларды жакшылап дайындап тарап кетишти.Ачкыч болсо Абдурахмандын өзунө ишеним менен берилди.Эки күндөн кийин кайра талкууга келмей болушту.Өзүнүн квартирасына келгенде Каныбек эсинде калгандарынын баарын кагазга түшүрүп чыкты.
Жарым ай бою жетөө чогулушуп дегеле жыйынтык чыгара албай коюшту.Эч жылыш болбоду.Бул мезгил ичинде Каныбек улам кемчиликтерин толуктап көчүрүп алып отуруп толугу менен карта схемасын колу менен тартканга жетишти.Дагы бир жолку талкууда ал кичинекей чекитинен бери кылдат текшерип чыкты.
Үйүнө барган соң Карабаев менен байланышып, алиги көчүрүлгөн картанын схемасын анын колуна тапшырды.Ал картага аябай кылдат көз жүгуртуп чыкты.
-Болуптур, бул карта менде калсын.Картаны өзүбүздүн дасыккан адистерге тапшырабыз, алар бат эле аныктап чыгышат,бирок муну менен эле иш башталды дегендикке жатпайт.Анткени картанын өзунун башкача секрет сырлары болушу да мүмкүн.Ошондуктан картанын чыныгы өзун сурөткө атртып алуу керек.
-Кантип?
-Кандай болсо да жолун табуубуз абзел.Балким сага көз айнек фотоаппарат берип журбөйлү,ошо менен байкатпай тартып аласың.
-Андай болбойт,анткени тиякка кирээрде бардыгыбыз текшерүүдөн өтуп чыгабыз.Артык баш өзубуз менен кошо эчнерсе алдырбайт.
-Демек болбойт дечи?
-Ошондой.

#177 17 February 2015 - 02:23
-Мм-де сейфтин ачкычы болсо Абдурахманда.
..Демек,анда картаны сейфтен алып,көчүрүп алып туруп анан байкатпай ордуна салып коёбуз.
-Ал мүмкүн эмес.
-Аракет кылсаң берекет,анын да жолун ойлонуштурабыз. Баары сенден зависит этет Каныбек. Кандай кылып сейфке кирүүнун жолун ойлонуштуруп эртең айтам.Бүгун болсо бул берген картаңы атайын специвлисттер менен изилдеп,талкуулап чыгабыз.Болуптур анда жакшы кал,смотри,өзүңө сак бол.-Карабаев машинесин от алдырганда, Каныбек сыртка чыкты.Машине ордунан козголуп көчөдөгу көпчүлүк машинелердин кыймылына аралашып,сиңип кетти.

#178 17 February 2015 - 02:54
КЕРБЕНЧИЛЕРДИН СОҢУНДА
(мурунку заман)
Хабибуллону ээрчиткен Элүүбайдын беш кишиси жарчанын түбундөгү алиги коорумдалган үч кишини кайрадан казып чыга башташты.Бул мезгилде Хабибулло Элүүбайды алтын катылган жарчанын боорундагы үңкүргө ээрчитип барып көргөзүп,болгонун болгондой айтып берди.
Көп өтпөй эле төмөн жактагылар үч өлуктү алып чыгып катар тизип жаткырышты. Бирөөсүнүн экинчи дервиштин башы таптакыр эле шылынып өзүнчө бөлөк жаткан.Жардын боорундагылар төмөн карай тушуп келишти.Денелери кан топурак аралашкан өлүктөрдү бир аз карап турушкан соң,Элүүбай жигиттерине буйрук бере сүйлөдү.
-Буларды кайра корумдап койгула,мурункуда кандай жатышкан болсо ошондой жаткызгыла.
Ал ордунан козголуп баратып өлуктөрдун арасында башы жок жаткан денеден бир нерсени байкап калды да,токтогула дегендей колу менени жаңсап белги берди да өлүктүн жанына басып келди.Анан башы жок денени бир топко карап турду,акырын эңкейип анын белиндеги ак белдигин чечип алды.Толгонуп оролгон чүпурөк салмактуу болчу.Аны өтө тездик менен ары-бери жандырып жибергенде уютулган муштумдай болгон чоң алтын топ этип жерге кулап түштү.Ары жакта тургандар мындай күтүүсүздүккө көздөру жайнай туштү.
-Оо Кудай!-Элүүбай эки колун өйдө көтөрүп жая,асманга карады.-Оо Кудай жолумду бере көр.
-Мына мен айттым эле го,бул жерде бир жашыруун сыр жатат.Алиги биздин кербенчилер алып кетишкен чала жан адам бул сырдын баарын билет.-Хабибулло өзунун жанын аман сактап калуунун амалын көздөп чебеленип атты.
-Кербенчилериң бул жерден кеткенине канча убакыт болду?
-Эки сутка.
-Демек алар али Кытайга жетише элек,кууп жетсек болот.Кана аттангыла жигиттер!
-Бул өлүктөрду эмне кылалы?
-Кеттик бол тез аттангыла,аларды көмгөнгө убакыт жок.
-Кантсе да мусулман баласыбыз го...
-Эмне деп келжиреп атасың,же сен дагы башың шылый чабылып ушулардын арасына кошулгуң келип атабы,аттан дегенден кийин тез аттан!
-Куп болот.

#179 17 February 2015 - 03:00
Бардыгы шашылыша аттарын минип кайдадыр чаап жөнөштү,жол ката өз арар сүйлөшуп баратышты.
-Ушул боюнча эле кете беребизби таксыр,өзүбуздун үңкүргө кайрылып дагы желдеттерден албайлыбы?
-Токтот сөзүңдү,убакыт жок.Аентип-минткиче алар Кытайдын чек арасына өтүп кетишет.Кана Хабибулло кербенчилериң кайсыл тарапка кетишти жол көрсөтуп бар.
Хабибулло буларды узак жолго салып адаштырууну ойлоп баратты.Бул жол менен дайыма өтуп жургөндүтөн алар кайсы жерде кетип баратышканын беш колундай билчү.Мындай ылдамдыктары менен журуп отурушса,жай кетип бараткан кербенчилерди үч суткада кууп жетишмек.
-Коркпой эле кой Хабибулло мырза,кербенчилериң эч зыян тартпайт.Алиги силердин туткунуңар чалажан адамды алабыз да кайра тартабыз.Эсиңде болсун дагы айтам,эгер жоголгон казынаны таба турган болсок,ошонун бир бөлүгү меники болот,заматта дагы байып жатып каласың.Мындай болуп жер кезип эл безип тентип жүрбөйсүң.Сөз берем ошол байлыктын бир бөлугү сеники болот.
Анын сөзүнө далайды башынан өткөргөн эски карышкыр дегеле ишенген жок,өзүнүн жеке пландары таптакыр башка болчу.Калп эле башын ийкегилеп макул болуп баратканы менен ниети да,дити да анын бир да сөзун кабыл алган жок.Катуу ылдамдык менен чаап баратышкан жети атчан Хабибулло аралап жолборско кабылган калың чий-камыштарга кайрадан жакындап келатышты.

#180 17 February 2015 - 03:03
КАРТАНЫН СЫРЫ
(бүгүнкү заман)
Дээрлик бир айга жакын изилдеп отурушуп бири да бул картанын сырын чече албай коюшту.Анын бетинде арабча жазылган майда тамгалары,кээ бир белгилер таптакыр эле билинбей калган эле.Атүгүл картанын өзү эмне заттан жасалганын аныктай албай коюшту.Бул мезгил аралыгында Каныбек сейфтин ачкычынын экинчи көчурмөсүн жасаганга,коддун номерлерин аныктаганга жетишти.Сейф турган бөлмө катуу кайтарууга алынгандыктан анын ичине кирүүгө мүмкүн эмес эле.Бир нерсе болсо эле,белги бере турган сигналдарды да орнотуп койгон.Каныбек эки-үч жолу бөлмөгө киргенге аракет кылып иши оңунан чыкпай калды.Атайын кара чүмбөтчөндөрдүн кол салуу планын уюштуруп,сейфти күч менен тартып алмакчы болуп ишти жаңы эле баштайын деп жатканда Карабаев баарын токтотуп койду.
-Азырынча эрте,ишти бүлдүрүп алабыз.Шашкан шайтандын иши,сабырдын түбү сары алтын дегендей сабырдуулук кылып аягына чейин чыдап күтө туралы.
Картанын көчүрмөсү толугу менен Карабаевдин колуна өтүп,анын үстүндө атайын адистер иштеп атышты.Тоо-таштары, кайсыл жер экени көрсөтүлбөгөндүктөн аны аныктоо кыйынга туруп атты.
Бир күнү Карабаев шашылыш түрдө Каныбекти өзунө чакырып алды.
Жашыруун көз айнек фотоаппараты менен тартылып алынган картанын көчүрмөсүн сууруп чыгып Каныбекке көрсөттү.
-Картанын өзү эмнеден жасалгандыгын билесиңби?
-Билбейм,сыягы кандайдыр бир жаныбардын терисинен жасалган сыяктанат.Бирок ал териден жасалса ушунча жыл ичинде чирип кетмек да.
-Кептин баары ошондо болуп жатпайбы,мына картанын бобул жерин карачы.Силерден кимдир бирөө май болгон колу менен анын четин кармаптыр.Май колунун тагы картага билинип,анын ары жагындагы майда точкалар кадимкидей болуп даана көрүнө тушүптүр.Ушул жерде бир сыр жатат,анын колу эмне болгон май экенин такташ керек.Балким ошол колунун майы бир нерсени чечет.

Супер-Инфо
super.kg
видео