Men kechirimduumun,eger menden ketse kechirim surap dele koem.Birok keede kok bettik dele kerek degenderge koshulup kaldym,murda aial kishige kok bettik bolboit,kechirimduu bolush kerek,al sapat erkekterge gana jarashat dei berchimun.Kop ele elpek bolup,kechirimduu bolo bersen,senin kadyryn jok bolup kalat eken.Lichno mende oshondoi boldu
Кечирүүнү жана кечирим суроо. Кечирууну жана кечирим суроо.
#22 23 January 2015 - 19:58
Ар бир пенде кечиримдуу болуш керек...
Аткан тан ийгиликтердин башаты болсун!!!
#23 27 January 2015 - 23:45
Men kechirimduumun,eger menden ketse kechirim surap dele koem.Birok keede kok bettik dele kerek degenderge koshulup kaldym,murda aial kishige kok bettik bolboit,kechirimduu bolush kerek,al sapat erkekterge gana jarashat dei berchimun.Kop ele elpek bolup,kechirimduu bolo bersen,senin kadyryn jok bolup kalat eken.Lichno mende oshondoi boldu
Ошону айтсан,кок беттиктин деле пайдасы бар экеКантип уйронсо б-т экен
#24 28 January 2015 - 17:59
Менден кетсе кечирим сурайм кечирип кой деп эмес башка жакшы сөздөрдү сүйлөп дегендей,жакшы мамиле жасап,а эгер бирөөгө капа болуп калсам эч өзүм биринчи барып сүйлөй албайм,көгөрүп жүрө бермей адатым бар пока тиги сүйлөмөйүнчө,
өзүм баштабаймын!
Баса ,бүгүн биринчи жолу кайненеме чалдым , таарынып жүрдүм эле ушул жактан көп нерселерди окуп кайнене жөнүндө ,ага өзүм чалып жакшы сүйлөшүп алдым ,кыйла жеңилдеп олтурган кербезим
!Ал да мага эч нерсе болбогондой жаным,алтыным деп айтты!
#25 28 January 2015 - 18:19

Туура кыласыз. Эч нерсе болбогондой чалып суйлошуп, озунуздун конулунуз жайдары, жана кайын энениз да суйунуп калгандыр. Эми таарынышпай журунуз э.
#26 28 January 2015 - 18:23
#27 30 January 2015 - 01:06
Оллло гордая болчум (жеее кок бет белем) озумдон кетсе да тии суйломоюн олуп баратсам да атып жиберсе да суйлочу эмесмин.Тагдыр турмуш деген нерсе озгортту бейм андан кетсе да бир бети колумду жууп келип жаркырап жайнап эччччч нерсе болбогондой суйлоп кете берем.Озумо озум танданып калам кээде.Бирок,
кыйла женилдеп калат экенсин бир тоо ашып откондой.
#28 02 February 2015 - 01:47
Биздин жашообузда дайыма конфликттер , таарынычтар болуп турат.Куйоосу м.н аялы урушуп кетти дейлик , экоо эки башка тултуюп, отуруп калышты.Ар биринин озунун чындыгы бар, "меники туура , мени тушунбой жатат"- деген, ошондуктан ," кечиримди ал биринчи сураш керек"- дейбиз. "Эмнеге мен биринчи кечирим сурашым керек, ал туура эмес кылса ?"- дебей, " экообуз тен туура эмес кылдык окшойт , мага экообуздун мамилебиз жана жолдошум же жубайым кымбат "-эмеспи дегенге уйронунуз да, кечирим сураныз.
Экинчиден кечиргенди да уйронунуз , таарынычтарды жыйып журо берип , онтою келгенде эле, эскини козгоп чыгып:" сен баягыда да ушинткенсин "- дегендин ордуна , оюунузду жана таарынычынызды жолдошунузга убагында айтып алып, "эми мындай нерсени кайталабайлы" - деп суйлошуп алыныз да, улам отконду козгогонду токтотунуз. Жубайыныз же жолдошунуз эмнеге таарынганын билип , себебин тактап , такыр туура эмес болсо да , жай тушундурууго аракет жасаныз.Уруш - талаш , кыйкырык- суроон м.н бир чечимге келуу кыйын, мындай учурда адам эмоцияга алдырат да , катуу конулду ооруткан создорду айтып алат.Кокустан катуу айткан создорунузго озунуз да окунуп каласыз, ичинизден эле " антпей эле койсом болмок экен"- деп кала бербей тугойунузго , кылган каталыгынызды айтып тушундурууго баруу да чон жетишкендик. Бул бекем жана ынтымактуу уй булоо курууга болгон кадамАр бир уйдо казан аяк кагышуу болот, жашоонун ар турдуу кырдаалдарына чыдап , тугойунузго " ойдодо обок, ылдыйда жолок "- болсонуз , сизди бактылуу , тушунуктуу уй булоо, тартиптуу балдар жана тынч жашоо кутуп турат.

#29 02 February 2015 - 11:48
Бул жактагы уй-булоо жонундогу темалардан жакшы тарбия алып жатабыз. 
Ар бир инсан озунун кетирген катасын эч кимге айтпаса дагы сезет болуш керек. Бул жакшы! Эгер ошол куноосу учун кечирим сураса андан да жакшы!
Ар бир инсан озунун кетирген катасын эч кимге айтпаса дагы сезет болуш керек. Бул жакшы! Эгер ошол куноосу учун кечирим сураса андан да жакшы!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#30 02 February 2015 - 12:39
кечируумдууу болгон жакшы сапат болуш керек менимче озум болсо кек сактабайм ката кетирсем кечирим сурайм
Сени корсом
#31 02 February 2015 - 14:08
Жаш кезимде айтканымдан кайтпаган, кок меники гана туура деген адам болчумун. Турмушка чыккандан кийин да ушул сапатымды таштай албай, бир топ адамдарга катуу тийген кундорум болгон. Корсо турмуш эле баарын оз жолуна салып коет экен. Азыр кечиримдуумун,
кек сактабай унутканга аракет кылам. Кудайым кечиримдууну суйот дегендей, менден кетсе созсуз кечирим сурайм. Анан да эч кимдин конулун ооруткум келбейт.
Жаны турмушка чыккан мезгилдерде 2-3 адамдын конулун ооруткам. Андан бери канча жылдар отсо да , ошол кылганыма абдан окуном. Кудайым буйруса жакында оз мекениме барсак, созсуз дасторкон устундо алардан кечирим сурайм. Бул менин милдетим деп билем.

#32 02 February 2015 - 14:36
ЖАЛГЫЗ КУДАЙ - АЛЛАХ ТААЛАМ мээримдуу, кечиримдуу ЗАТ, анан биз кантип кечире албайбыз бири-бирибизди?
!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#33 13 February 2015 - 16:14
Тоодой куноомду сезип турсам да кечирим суроо мен учун аябай оор нерсе, а озум журогум менен кечирсем да конулумду калтырган адамга баштагыдай мамиле кыла албай калам.
#34 15 February 2015 - 00:37
Кечирим сураныздар,
кечире да билиниздер.
Кек сактабаныздар,
азыр 5 мин. кийин ким эмне болоорун эч ким билбейт.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
#35 29 March 2015 - 12:14
Салам достор!Темадан алыстап кеткенимен кечирим сурайм!Сиздерге кайрылуум адамдын ачуусу аябай катуу келгенде кантип озун кармаса болот,же болбосо эмне м-н озун алаксытса дегеним.Мен озуму кармай албай кетем,а ачуум тарагандан кийин антпей эле койсом болмок экен,же ал созду айтпай эле койсомчу деп окунуп калам.Бирок ошол убакта такыр кармана албай калам,албетте эки тараптан ун чыкканда.Эрте эле нервная болуп каламбы деп корком.Жардамыныздарды жаза кетиниздерчи?
Сабырдуу болууга уйронуш керек,ачуу келгенде шайтан жанынызда болуп азгырат,ошону эстеп,келмени, суроолорду окунуз.Соз чыккандан кийин биз тилдин кулу болуп калабыз,айтып салып окунобуз,ага жеткирбегенге аракет кылыш керек.Тилинген жара айыгат,тил жарасы айыкпайт делет элибизде.Суйлосон жакшы соз суйло,болбосо унчукпаганын жакшы деген хадис бар.Унчукпай коп нерсени женсе болот.
#36 29 March 2015 - 23:44
Кечирем бирок кечирим сурабайм.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#37 29 March 2015 - 23:57
#38 21 January 2016 - 00:06
Эгер мен куноолу болуп, туура эмес иш жасаган болсом ал учун айланамдагы адамдардан кечирим суроодон уялбайм жана тартынбайм,
кечирим сурап койсон белин сынып, абройун тушуп калбайт, а эгер бироо туура эмес иш кылып койсо ал адамдан да кечирим суроону талап кылбайм, кечиреби, кечирбейби ал озунун иши .
#39 22 January 2016 - 03:21
Бул дүйнөдө бардык адам ката кетирүүчү, жана ушул катанын негизинде такшалуучу болуп саналат.. Бирок кээ бир таарынычтарды кечирүү алда канча кыйынчылык туудурат, демек кечиримдүү болуу үчүн да бекем эрк, кең пейилдүүлүк керек..мына ошондуктан да кечире билген адамдарды күчтүү адам деп атайт элем.. Жүрөктө кек сактабаңыздар,
кечирилип, кечирип эле жүрүү буйрусун...
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#40 22 January 2016 - 08:56
Адам кечиримдуу болгон жакшы. Ким биринчи кечирим сураган адамга да кечирген адамга да аллахым сооп жазат.Озумо келсем еч бир адам конулуно катуу тие турган катуу соз айта албайм бирон капа кылсам тез еле кечирим сурайм.

Супер-Инфо
super.kg
видео