LaraKroff (10 Февраль 2015 - 21:49) жазган:
Эч бир мамилеме ат койгум келбей калды ишенсениз. Руслан экообуздун ортобуздагы мамиле суйуу беле же Алмаз экообуздунбу?
Бул суроого озум да так жооп бере албайм. Жооп да издебейм. Бирок ойлонуп отуруп, Алмазга коп туура эмес нерселерди жасаганымды тушундум. Анын ошол жол менен оч алуусу балким туура эмес эле. Бирок "Мен ал учун эмне кылдым?" деп озумо суроо узатканда жарытылуу жооп таба албайм. Мен жалан гана андан талап кылыпмын: конул буруусун, суйуусун, мээримин, мени тынчдандыруусун,
мени кызгануусун,
мени сагынуусун.
Экообуздун мамилебизде менин озумчулдугум жогору турчу экен. Албетте дароо кечирип сала албайм, бирок кечируу учун бир кадам таштагым келди. Ал алып келген телефонго номеримди салып, WhatsApp ка кирдим. Телефонун колдонгонумду билсин деген ойдо...
Автор билесизби, сиз суйгон эмес, сизди суйгон адамга турмушка чыгуунузду каалап кетем.
Чынында Алмаз сиздин баардык кыялдарынызды чыдап которду. Ал адамдын кызганганындай эле бар.
Бул жерде суйуу сезими эменен сый мамиле да чон роль ойнойт. Андыктан, Алмаздын суйуусун барктап, бактылуу уй-булоо куруп кетиниздер демекчимин!
АЛЛАХ ТААЛАМ сизге бактылуу суйуктуу жар жана бактылуу эне болууну насип кылсын! Оомин!