Салам достор,мумкун мени тушунбой тилдеп да чыгаасынар.
Бирок силер менен ой болушкум келди анда соз башынан болсун.
Мен кичинекей мезгилимде ата энем эки ажырым жолго тушкон,уй булодо 3бир тууганбыз,байкем жана иним бар.Кыйынчылык кундорду жакшы эле кордум,атам менен ажырашкандан кийин апам коп отпой башка адамга турмушка чыкты.Ошол кундон баштап мен учун азап кундор башталды.Огой атамдын семьясы бар,озунун аялы менен жашачу ортодо бойго жеткен кызы да бар.Апам ал адам менен жашагандан баштап мектепте башымды которо албай калдым,ушул нерсе учун классташтарымдан коорунам.мектепте балдар менен уруша кетсем апан бироонун семьясын бузган деп конулумду оорутушчу,бир жолу классташ кызымдын эжеси келип мени сен жугундукорсун деп тилдеди,аз отпой апасы келип мен кызымды шаарга окутам атасы машина м.н алып барып алып келет,сени да бул мектептен айдатам деди,анткени кызы экообуз чырдаша кеткенбиз.Аябай оксудум,менде эмне куноо эмне айып.Ошентип мектепти да 9кл чейин окуп,колледжге тапшырдым,Ал убакта апамдын боюнда бар экен эле,мен огой атам менен апамдан болок турчумун,анткени анын уйуно барып жашаштан намыстанат элемин,бирок кундузу уйуно барып жардам берчумун,бир куну апам уйдо жок болчу кир жууйун деп суу ысытып жаткам ,огой атам тоокторду карап журушкон иним экоо.Анан апам да келди мен кир жууп жаткам огой атам апама арызданыптыр тоокторду карашпай койду деп,апам мени кир жууп жаткан жеримде чуук менен уруп салды,аябай ыйладым апама ушунчалык капа болдум анын тилине кирип мени урганы учун,андай нерселер коп кайталанчу
Жашоо мени кыйнап салды.
#3 15 February 2015 - 01:37
ошентип апам уул тороду,ал убакта мен шаарда окуйт элем.Байкем Москвада иштеп жаткан,негедир апам торогондо мен жаман болдум,ал баласынын айынан да мени бир куну аябай урду.Капа болуп шаарга окуума кетип 2жумадай суйлошподум.
Огой атам менен апам коп урушчу мен апама болушуп куйоосу м.н урушуп кетчумун,апам ошол адам м.н жашашабашын ушунчалык каалайт элем.Жок апам кайрадан эле жарашчу,акыркы мезгилдерде экоонун урушуна кийлигишпей койдум.Тажадым ушундай жашоодон тажадым.Неге турмушка ушул адамга чыкканын тушуно албай койдум.Апамдын жини келсе эле силер деп ушул адамга тийдим,эмнен кем жегенин алдында жебегенин артында деген сыяктуу создор м.н урушчу,эмне жетпей жатат баардык нерсен бар деп.Апа неге тушунбодунуз экен мага ал нерселер керек эмес болчу,сиздин мага болгон мээриминиз керек эле,огой атама турмушка чыкпай турсаныз биз деле чоноймокпуз да аз эле убакытта анан баары жакшы болмок,сиз мен агам иним болуп божурашып чай ичкен кун эле керек эле,а бизде андай кундор аз эле.Атамдын алкаш экенин,бизди карабашын айтып тилдейсиз.Апаке эмне кылайын айтынчы?андай экенине биз куноолу эмеспизда,ушундан кору бул дуйного келтирбей койсонуз кана..,Турмушка чыктым,озум тааныбаган адамга эмне учун билесизби апа?эр да албайт сени деп жаман создор менен тилдегениниз учун,ушундай создордон кутулуш учун.Ээх жашоо кана эле ошол адам менен бактылуу жашап калсам,ал мени суйбойт жашасан жаша ,болбосо кете бер деп журогумду ооруту келин болуп барганыма бир жума болбой жатып,куйоомдун эле создору болсо кана кайненем да кыйнап салды.7ай аран жашадым бутту.Эми мага баары бир эле.Жашоо кызыксыз,шамал мени кайда ыргаса ошол жакты коздой кете бердим
#4 15 February 2015 - 01:43
Уланта бериниз.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#5 15 February 2015 - 01:50
Ал убакытта колледжди да аяктадым...Кайрадан Москваны коздой сапар алдым,иштеп жумушум менен алаксыйм.Апамдарга айтпай келе бергем Москвага бул нерсе учун кечирим сурайм апамдан,эрим м.н ажырашкандан бери жаман адам болуп калдым,озум учун жашап калдым.Коз ачып жумганча 2жыл болду ажырашканыма.
Москвадан озум суйгон адамга жолуктум,уйдогулорго айтпай бул жактан баш коштук.Мен бул адамсыз жашоомду элесте албайм,апа мени кечирип жашоого болгон чечимимди колдойт бекенсиз,сизге айта албай кыжаалатмын.
#6 15 February 2015 - 01:53
Аллахым сизге сабыр берсин!!
! Апаныздын конулун алып, ага коп-коп кызмат кылып алыныз эже.
Акыйкатта кыйынчылыктын артынан созсуз женилдик келет,
Аныгында, кыйындыкты улай женилдик келет!
Огой атанызга да коп-коп жакшылык кыла берин. Бир кун ал да окунот. Кудай буйруса!
Акыйкатта кыйынчылыктын артынан созсуз женилдик келет,
Аныгында, кыйындыкты улай женилдик келет!
Огой атанызга да коп-коп жакшылык кыла берин. Бир кун ал да окунот. Кудай буйруса!
#7 15 February 2015 - 04:20
Акыйкатта,
жашоо сыноолору менен кызык. Сыноолорсуз,
жашоонун тузу жок. Сыноолор адамды чыңалтат. Бактылуу болуң!
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#8 15 February 2015 - 08:17
Кечирет, кеч болсода кечирет. Эне баласына эч качан таарынбайт.
Таарынышы мумкун аны энелик мээрими жууп салат. Эн негизгиси бактылуу болсонуз болду.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 15 February 2015 - 10:37
Окунучтууу автор кыжалат болбонуз эне баласын сосуз кечирет турмуш деген ушундай бир татту бирде ачуу болот элдин созу жаманда ушундай кемсинткендери андай кунду эч кимдин башына салбасын огой бары бир огойлугуно кылатда эн башкысы азыр бактылуусузбу апанызга тушундуруп айтсаныз тушунот кыжалат болбонуз
#10 15 February 2015 - 11:04
Ар ким оз жашоосу учун курошот. Апанызга баарын тушундуруп айтып коюнуз . Эрк жетпесе,кат жазып жибериниз. Апаныз деле , силерди багыш учун,ичинтип,
жедириш учун тийгендир. Бирок ал учун жапа чеккенинизди абдан жакшы тушуном . Апакенизди актабайм, анткени мен да бироонун уй-булосун бузуучуларга каршымын. Эн башкысы озунуз бактылуусузбу?
Оз чебинизди бекем кыла бериниз. Бир тууганынызга да мээрим тогунуз,жардам бериниз, себеби , анын да сезимдери сиздики сымал жабыркагандыр ... Жашоону кыйын кундорсуз , жаркын экенин сезмек эмеспиз .
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#11 15 February 2015 - 11:12
Сабырдуу болуңуз!
Эгер азыркы тапкан түгөйүңүз менен бактылуу жашап жаткан болсоңуз сөзсүз түрдө ата-энеңиз менен кабарлашып бактылуу жашап жатканыңызды айтыңыз, ата-энеңиз албете кечирет жана сиздин бактылуу жашап жатканыңызга кубанат деп ойлойм

Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#12 15 February 2015 - 11:34
Ошол адам менен бактылуу бол. Силер бактылуу болуп турсанар кантип кечирбей койот. Албетте кечирет. Эне балдарына жакшылык гана тилейт.
#14 15 February 2015 - 12:19
Жашоо чытырман токой. Кээде баратып баткакка малынсан, кээде жолундан адашасын. Бирок мына ушул кыйынчылык менен басып откон жолдун алдында сизди шаркыратма суусу бар, кенен жайлоо ондуу кооз жер кутуп турганын унутпаныз. Болгону мына ушул жайытка бара жаткан жолдон алдан тайып жыгылбасаныз болгону.
Тенгенин эки тарабы бар, пенде болгондон кийин анын эки жагын тен карап корууго туура келет.
Тенгенин эки тарабы бар, пенде болгондон кийин анын эки жагын тен карап корууго туура келет.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
#15 15 February 2015 - 12:32
Эч качан откон жашоонузга кайгырбаныз,
кайгырып олтура бергенден пайда чыкпасын жакшы тушунсонуз керек. Ал жашоонуз сизге сабак гана болуп калсын. Апалар балдарынын бактылуу болуп жашашын каалашат. Эгер чындап жактырган адамыныз менен бактылуу болом десениз, апам кечирбейт деген ойдон алыс болунуз. Алыстан караанынызды коргондо эле таарынычы жуулуп кетсе керек.
Анан дагы катуу таарыныч менен чечим кабыл албашынызду сунуштайт элем. Мындай учурда сиз чечип жатан маселениз экинчи оорунда калып, тагдырыныз талкаланып калышы мумкун. Бул нерсени айтып жаткан себебим, СИЗ эмоция менен чечим кабыл алат окшойсуз.
Бакыт, суйуу, суйууктуу болушунузду каалайм.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#16 15 February 2015 - 13:21
Эч кейибениз. Эгер турмуш сизди нокаутка жыкса, эсинизде болсун: туруп, дем алып, кайра алга журууго 9 секунд убактыныз бар. Анткени, турмуш - бул тырмыш.
Эненизге келсем, эне баласын 9 ай ичинде, 3 - 5 жыл койнунда, омур боюу да журогундо алып журот. Ошондуктан, эне кургурдун журогун азапка салбай, дайынынызды билдирип, кубанычыныз менен болушуп койгонунуз он.

Адамга адам кымбат болуш керек....
#17 15 February 2015 - 13:23
Кыйынчылыктын баары отуп кетиптир. Эми апаныз жакшы кабыл алса болгону. Бактылуу болунуз..
#18 15 February 2015 - 13:47
Эне урушуп тилдеши мумкун, бирок оз балдарына жамандык каалабайт.Сенин бактылуулугун апандында бактылуулугу.
Ошондуктан сенде баары жакшы жана бактылуу экенинди айтышын керек.Себеби энеда санаа тартып жаткандыр.
Сага бакыт каалайм.Мындан аркы жашоон кубаныч менен коштолсун!
Сага бакыт каалайм.Мындан аркы жашоон кубаныч менен коштолсун!
Аллах мээримдуу жана ырайымдуу!!!
#19 15 February 2015 - 13:57
Эмнеси болсо да бактылуу болунуз,откон нерсенин баарын унутканга аракет кылыныз,жашоодо позитив менен жашан,апанызга да секин тушундуруп айтын,ал эми жолдошунузду сыйлан чын журоктон баары озунуздун колунузда.
#20 15 February 2015 - 20:49
Ал убакытта колледжди да аяктадым...Кайрадан Москваны коздой сапар алдым,иштеп жумушум менен алаксыйм.Апамдарга айтпай келе бергем Москвага бул нерсе учун кечирим сурайм апамдан,эрим м.н ажырашкандан бери жаман адам болуп калдым,озум учун жашап калдым.Коз ачып жумганча 2жыл болду ажырашканыма.
Москвадан озум суйгон адамга жолуктум,уйдогулорго айтпай бул жактан баш коштук.Мен бул адамсыз жашоомду элесте албайм,апа мени кечирип жашоого болгон чечимимди колдойт бекенсиз,сизге айта албай кыжаалатмын.
. Ошондо сен апандын 2-турмушун тушундун да,демек,ал аял да ошол адамсыз(огой ата)жашай албасын.
Бири биринердин жашоонорду тушуно билсенер ортодогу таарынычтар жоголоор. Бактылуу бол!

Супер-Инфо
super.kg
видео