Негизи бул темамды саясат болумуно ачуу керек эле тилеке каршы менде мумкунчулук болбогондуктан ушул болумго ачканга туура келди. Окуп коруп оз ойунуздарды болушо кетсениздер.
..
ИГИЛ - Ирак жана Левантанын ислам мамлекети деп чечмеленет.
Акыркы кезде ИГИЛдин кулачы кенен болуп баратканына байланыштуу бир гана Ирак менен Левантага байлабай Ислам мамлекети деп гана атап калышты. Бул расмий таанылбаган мамлекет Сириянын түндүк чыгышы менен Ирактын "суннит үч бурчтугу"
аймагын көзөмөлдөгөн,
шарияттык мыйзамдарды карманган согуштук террористтик уюм. Алар өздөрүн террористтик уюм деп атабаганы менен АКШ тарап бул уюмга "тозоктун жүрөгү" деп ат коюп, мурда "Аль-Каиданы"
№1 душманыбыз десе, азыр ИГИЛди бул орунга коюшту. Сириянын Ракка шаарында штаб-квартирасы орун алган бул уюм 2014-жылдын 29-июнунда расмий түрдө өздөрүн халифат деп жарыялашкан.
Ошентсе да ИГИЛдин тарыхы 9 жыл мурда башталат. 2006-жылы "Аль-Каиданын"
11 майда топторунан куралган бул уюм Иракта түзүлгөн. Ошондон бери катуу даярданышып келип, эми ачыкка чыгып отурушат.
Халифат
Уюмдун эң чоң максаты - бир гана ислам динин кармангандарды эле эмес, бүткүл дүйнөнү басып алып халифат куруу. А жакынкы максаты - аймактагы мусулман өлкөлөрүн бириктирип ислам мамлекетин куруу. Мурунку чачырап кеткен Осмон халифатын кайра түптөө жана сунниттик ислам мамлекетин болбоду дегенде Ирак, Шама (Леванта) - Сирия, Ливан, Израил, Палестина, Иордания, Түркия, Кипр, Египеттин алкагында куруу.
ИГИЛдин
"Аль-Каидадан"
айырмасы
АКШнын №1 душманы деген "наамды"
ИГИЛ "Аль-Каидадан"
кантип тартып алды? Алар "Аль-Каидагыдай"
болуп кетирген каталарды жакшылап байкап көрүп, жыйынтык чыгарып анан ойдогудай уюм түзүштү. Мисалы, "Аль-Каида"
жалаң гана салафиттердин динин элге таңуулай бербей жалпысынан ислам динин гана туу тутуп, бардык исламчыларды өзүнө тарта алды. Айырмачылык менен бөлүү өз ара душмандарды жаратаарын булар жакшы түшүнүшкөн.
ИГИЛ "Аль-Каидадан"
айырмаланып,
мусулмандар жашаган жакыр аймактарга оорукана, мектеп сыяктуу нерселерди куруп берип жакшы көрүнүп жатышат. ИГИЛ пайгамбар түзгүсү келген халифатты түзөбүз деп, ошол кездеги башка диндеги адамдарды кул катары колдонуу сыяктуу эрежелерди киргизди. Ислам мамлекетинин талаа командирлери аялдын укугун тебелебей, аял да эркектер сыяктуу чоң күчкө ээ, алар деле согуша алат деп, аялдарга дем-күч берип аларды да жоокер катары колдоно баштады. Ислам мемлекетинин түзүмүндө жалаң өз тармагын мыкты билген адистер иштешет. Алар улутуна же жерлигине бөлүшпөйт. Мисалы, Каржы министри түбү австралиялык башка динден өткөн адам экени таң калтырбай койбойт. "Аль-Каидадан"
айырмаланып булар кичинекей балдарды да жашынан согуш өнөрлөрүнө окутуп, бүткүл дүйнөлүк халифат курууда согуш көп жылга узарышы мүмкүн деп катарын толукташууда.
Американын атайын кызматтарынын билдиргенине таянсак, ИГИЛдин катарына ай сайын 1000ден ашык жаңы даярдалган аскер кошулуп жатыптыр. Уюмдун катарында Сирия менен Ирактын атуулдарынан сырткары дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн согушка катышуу үчүн баргандар бар. Алардын көбү Франция, АКШ, Канада, Марокко, Германия, Россия жана мурунку Советтер Союзунун курамынан баргандар. Мындан сырткары бардык өнүккөн өлкөлөрдө ИГИЛдин атайын даярдалган жашыруун топтору бар. Алар буйрук берилсе дароо ошол өлкөдө терракт уюштурууга жөндөмдүү.
Баса, башында "Аль-Каида"
ИГИЛди өзүнөн бөлүнүп чыккан баласындай көргөнүн жашырбай келген. Анткени жаңы уюмдун катарында көбүнчө"Аль-
Каидадан"
тарбия көргөн жигиттер көп болчу. Кийинчерээк ИГИЛ "Аль-Каида"
жактаган салафиттерди аеосуз өлтүрө баштаганда ИГИЛдин майда топтору арасында согуш чыгып, үч миңдей адам кырылып кеткен. Андан кийин гана биз жалпы душманыбызды жеңгенче өз ара араздашпайлы деп бул согушту токтотушту.
Ушул окуядан кийин "Аль-Каида"
лидери Айман аз-Завахири расмий түрдө ИГИЛ биздин топко тиешеси жок, биз менен байланыштырбагыла деп айтып чыккан.
Ирак ИГИЛдики
Учурда Ирактын жарымынан көбүн басып алган ИГИЛ өлкөнүн учурдагы шейиттик бийлигине каршы согушуп келет. Ага чейин ИГИЛ 2013-жылы Сириянын бийлигине каршы оппозициянын катарында согушуп, дүйнөдөгү эң зөөкүр, эң канкор топ катары өзүн көрсөтө алган. Былтыр Иракка кол салып жатканда ИГИЛдин катарында 14 миң жоокери бар болсо, учурда 200 миңден ашканы таң калтырбай койбойт. Анткени Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөлөрдөн азгырылып баргандардын саны күн сайын эмес, саат сайын өсүп жатат.
Бензинди ИГИЛ арзандатты
Элдин баары бензинди Россияга каршы өнүккөн өлкөлөр арзандатып жатат деп аналитик, эксперт болуп болжолдоп ийишти. Атасынын башы! Бензинди дал ушул ИГИЛ арзандатты.
Алар басып алган жерлердеги нефтилерди арзан баада сатып, дүйнөлүк бааны төмөндөтүүгө түрткү болушту. Ушул жерден ИГИЛдин каржылоо булагына токтолобуз.
Адистердин айтымында, ИГИЛдин негизги финансылык булагы бул криминалдык кадамдардын натыйжасында түшкөн акчалар. Негизинен талап-тоноо,
барымтага алуу. Ирактын ири банктарын тоногондон кийин ИГИЛдин акчасы 7 миллиард долларга жеткен. Мисалы, бир гана Мосул шаарынын банкынан 500 миллион доллар акча алышкан. Ирактын борбордук банкынан 900 миллиондон 2 миллиардга чейинки акча табышкан. Мындан сырткары бул уюм Персид куймасына жакын жайгашкан өлкөлөрдөн жардам алып турат. Кувейт, Сауд Арабиясындагы Башар Асаддын бийлигине каршы маанайдагы байлар бул уюмга колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, Сауд Арабиясынын айрым топтору эле ИГИЛге жалпысынан 4 миллиард жардам көрсөткөнүн Иран парламентинин депутаты Мохаммед Салех Жокар айтып чыкты. ИГИЛ халифаты Ирак менен Сириянын нефтисин "черный рынокто" баррелин $25-$60дан сатып күнүнө $3 млн. доллар пайда көрүп жатат. Барымтага алуудан эле $45 млн. пайда тапканын да айтып чыгышты.
ИГИЛ анатомиясы
Эң жогорку катмар - буйрук берүүчүлөр.
Формалдуу түрдө башында Абу Бакр аль-Багдади турат. Ал өзүн Мухаммед пайгамбардын түз урпактары экенин айткандан кийин аны ээрчигендер көбөйгөн. Жогорку жактын маанилүү кызматтарын Саддам Хусейндин армиясында кызмат өтөгөн офицерлер ээлейт. Алар чалгындоо, логистика, коргонуу жактарына жооп беришет. Булар көптөгөн согуштарды көргөндүктөн ушул убакка чейин согуштук операцияларды уттура элек.
Экинчи катмар - жогорку квалификациялуу адистер. Алар согуш иштерин, илимий техниканы, логистика, чалгынды мыкты билген жалданма адистер. Булар башка динде болсо деле акча үчүн ИГИЛге кызмат кылышат.
Үчүнчү катмар - боевиктер. Жергиликтүү дин фанаттары, Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштан азгырылып келинген деклассировкаланган жаштар. Аларды кыска мөөнөттө согуш өнөрлөрүнө окута коюшуп дароо согушка жөнөтүшөт. Башка дагы жаштарды кызыктыруу үчүн айрымдары бир ай согушуп, убада кылынган акчаны алып кайра мекенине барып бай жашап калып жатышат. Андайларды көргөн анын теңтушу да Сирияны көздөй багыт алганы ошондон. А эгер өлүп калса ага эч ким жооп бербейт. Себеби, ал жакка баргандар эч кимге айтпай кетет дагы, дайынсыз жоголгон болуп кала берет.
Медалдын аркы жагы
ММКда ИГИЛди АКШ өзү түзгөн деген айыптоолор акыркы кезде көп айтыла баштады. Буга АКШдан качып кеткен ЦРУнун экс-агенти Эдвард Сноудендин айтканы түрткү берди. Сноуден АКШ бул уюмду атайын ушул аймактагы элдин жүрөгүнүн үшүн алып, аларга каршы туруп беребиз деп континентке кирүү үчүн жана АКШнын эң корккону исламчылардын баарын бир уюмга топтоп туруп ошол жерден жок кылууну каалаган деп айтып чыкты.
Эксперттердин айтымына таянсак, ар бир кылмышкердин же кылмыштуу топтун өзүнүн "почерки"
болот. Ал эми ИГИЛдин жасап жаткан иштери эч кимге окшошпойт жана алар бир да жерден жаза баспай ар бир кадамын жогорку деңгээлде жасап жатышат. Ушундан улам мунун артында турган күч аябай кыйын тарап болушу мүмкүн экенин белгилешти.
Эгер конкреттүү аттарга таянсак, АКШнын кылмышкерлерди кармоочу "Кэмп-Букка"
түрмөсүндө Умм Каср, ИГИЛдин азыркы жетекчиси Абу Бакр аль-Багдади жана Хусейндин офицерлери камалып чыккандан кийин эле ушундай уюм түзө калганы өтө чоң шек туудурбай койбойт. Болжолдуу түрдө алардын мээсин ошол жактан тазалап, өздөрүнө иштөөгө программалашкан сыяктанат. Көпчүлүктүн баамында ИГИЛдин артында Израил, Улуу Британия жана АКШнын атайын кызматтары турушу мүмкүн экен.
Кыргызстан кантет?
ИГИЛ Фергана өрөөнүндө башаламандык уюштуруу үчүн 70 миллион доллар бөлгөнүн өткөндө Кадыр Маликов айтып чыкпады беле, ошол чын экен. Бул теманы иликтеп отуруп эл аралык маалымат булактарынан да бул кабарды кездештирдик.
ИГИЛдин жетекчилеринин ою боюнча халифаттын пайдубалынын бекем базасын Орто Азия чөлкөмүндө арзан жана бат куруп алса болчудай экен. Анткени Тажикстан тарыхый жактан өзүнө тиешелүү жерлерин кайтаруу үчүн Өзбекстан менен согушушу мүмкүн болсо, Каримов кокус бийликтен кетсе бийлик талаштын шылтоосу менен Өзбекстанда да көзөмөл жоголот. Ал эми Кыргызстанда акчанын күчү менен жана диний фанаттардын идеологиялык максаты аркылуу оңой эле халифатты жактоочулардын санын көбөйтсө болот деп болжошкон. Ошол себептүү учурда казактар чек араларын бекемдеп жатышат. Ал эми Афганистандын Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен аймактарында көптөн бери ислам мамлекети аскерлерди даярдап машыктырып жатканы байкалган. Буларга өзбек бийлигине каршы күрөшүп келген ИДУ уюму да кошулат. Анткени алар каржылык жактан алсырап, көптөн бери эч кандай аракет көрбөй келишет.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ
ИГИЛ Кыргызстан үчүн коркунуч жаратабы?
#2 16 February 2015 - 23:54
Абдан чон коркунуч жаратат. Алсыз олкобуз. Азыр динге берилген фанаттар коп. Алданып калбасак болду. Элге тушудуруу иштери журуш керек. Анан албетте ар бирибизде КЫРГЫЗ дегенде дух которулгон сезим болуш керек.
#3 17 February 2015 - 00:04
Ирактагы согушуну женип чыга албаганы аны акш мактагандай кучтуу экенине шек туудурат. Бизге келген маалыматтардын дээрлик баары акш аркылуу келет экен, ким кепилдик берет туура экенине?!.
0.0000001% Коркунуч жаратышы мумкун.
0.0000001% Коркунуч жаратышы мумкун.
#4 17 February 2015 - 00:47
#5 17 February 2015 - 01:02
#6 17 February 2015 - 01:05
Туура эле айтылып жазылыптыр азыркы убакта баш аламандык жаратып терс угутоолор болуп элдин эсин эки кылып жаткандар коп. Менимче канчалык бир денгеелде бизге коркунуч алып келип жатса керек деп ойлойм. Себеби Сирияга кеткен мекендештерибиз туура ошол жакка барып жатышат да,эркектери жон кетпей аялы бала чакасы ата энесинен бери алып кетип жатышат. Былтыркы жыл менен жаныжылдан берки кеткендердин саны 500дон ашты деп жазып айтып жатышат. Менимче бул корунушту кандайдыр бир тыйуу салуу токтотуу чарасын корбосок албетте коркунуч жаратат да. Эгерде жогорудагы жазган фактылар чын болсо эн биринчи аран бир буттап турган бизге жаман эле болот. Чыны менен башаламандык учун Фергана ороонуно 70милион болунгон болсо ммммммм ..
#7 17 February 2015 - 01:13
Ким билет эми айтуу кыйын ,аркандай уйумдар ислам динин бет кап кылып ушул жолго барып жатышы да мумкун. Жэ айлакер АКШнын амалыдыр . Эмнеси болсо да Кыргыз жеримде тынчылык болсо экен. Озбекстандын президенти оор абалда деген миштер айтылып жатат эгер бийлиги алмаша турган болсо коптон бери кызыгып жургон озбек ислам уйуму бийлик талашып чыр чыгарса айтуу кыйын бизде жагдай тынч болот деп. Анткени теле радио гезит интернет баракчалары какшап эле жатышпайбы кунуго сирия дан келген адамдардын озбекстанга терак ачуу учун жонотулгонун.
#8 17 February 2015 - 02:29
Сак болойлу да озубузго. Баш аламандык болуп кетчуу болсо, колго курал алып мекен эл учун согушабыз да.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#9 17 February 2015 - 11:08
Алардын башкы максаты орто азиядагы Өзбекстан респупликасында козголоң уюштуруу. Анан өлкөнүн түштүгүнө да зыяны тиет.
70 млн $ доллар бөлүптүр деп уктумбу
70 млн $ доллар бөлүптүр деп уктумбу
#10 17 February 2015 - 12:52
Кадыр Маликов диний эксперт..
--Сирияга кеткен мекендештерибизди кетирбей алып калуунун кандай жолун сунуштай аласыз? Деги эле “Ислам мамлекети” деген кандай болгон уюм?
--Ал уюм ислам дүйнөсүн будуң-чаң кылгысы келген кандайдыр бир күчтөр тарабынан атайын уюштурулган долбоор. Исламдын душмандары катары кабылдайм. Исламдын саясий системасын дискредитациялоо максатында ушундай исламдык уюмдарды уюштура калып, колдоруна курал берип күнөөсүз адамдарды өлтүртүп жатышат. Айрым террорист сакалчан адамдар шарият десе бул ыймандуулук, башка адамдарды сыйлоо эмес башкалардын башын алуу, кыйноо, коркутуу катары түшүндүрүшөт. Алар исламдын душмандары менен кызматташкан адамдар. Азыр таза ислам мамлекети жок. Ошондуктан биз кыргыз эли кайсыл бир коомдон (мисалы, арабдардан же пакистандыктардан) исламдын үлгүсүн алабыз деп кыялданбашыбыз керек. Биз өзүбүздүн элге, жаратылышка жана жалпы коомго ылайыктуу, кыргыз элин өнүктүрүп кете турган ислам системасын түзөбүз. Ал үчүн мамлекетти башкарган адамдар базардан келген эмес, илимдүү, аалым болушу керек. Ал эми Сирияга кетип жаткан мекендештерибизди күч менен токтото албайбыз, анткени алар идеянын күчү менен кетишүүдө. Анча-мынча акчанын күчү азгырылып баргандар бардыр. Басымдуусу ислам идеологиясына сугарылгандар. Биздин мамлекет аларга идея менен гана каршылык көрсөтүп алып кала алабыз. Мамлекет күч колдонсо анда радикалдуу күчтөрдү пайда кылып натыйжасы чоң чыр-чатакка чейин алып келиши мүмкүн. Азыр коомдук аң-сезим өзгөргөн, күч колдонуу менен эч бир маселе чече албайсың, тескерисинче маселени курчутасың. Жыйынтыктап айтканда биз коомду, мамлекетти биримдиктүү сактайбыз, жарандарыбыз кайсыл бир сырткы идеологияларды ээрчибесин десек өзүбүздүн идеологиябызды киргизишибиз керек.
Мектешкен Жакшылык Бердибек уулу

#11 17 February 2015 - 13:04
Бираз болсо да ушул азыраак маалыматтар мекендештерибизге Сирияга барбоо учун ой жугуртуп корушоор деген ойдомун. Жогоруда жазып отупсуздор ,коркунуч болбойт деген да форумчулар болуптур,эгерде Сириядагы идеологияга азгырылып кете беришсе мекендештерибиз алжактан тасыккан машыгуулардан отуп озунун мамлекетинин идеологиясын коргобостон буйрук менен мекнибизге кандайдыр бир терс абал жаратышса эмне болмок. Ошондуктан ар бирибизде мекен тууралуу да бираз сезимибиз болсо деген ойум. Ислам прициптерин жамынып алышып аркандай жанга баткан ыпылас жоруктарды жасап жатышат алам олтуруу уурлук тоноочулук кылуу сыяктуу. Бизге мындай терс идеалогиянын кереги жок , бизге тынч бейкут болуп турган мекенибиз керек.
#12 17 February 2015 - 13:14
Сириядагы согушка кеткендердин агымы Кыргызстанда да тыйылбай келүүдө. Учурда Сирияга кеткендердин токсон пайызы Кыргызстандын түштүк аймагынын тургундары.
Анын ичинен ону Сирияда каза тапканы айтылууда. Жакында эле дагы үч кыргызстандык Сирия өкмөтүнүн туткуну болгонун Орусиянын телеканалдарынын бири жарыялап чыкты. Видеодо туткунда жаткандардын бири Шухрат Бабажанов Сирияга халифат орнотуу үчүн барганын баяндап берген:
- Биздин максат - бардык жерде шарият мыйзамын орнотуу. Орусияда да, Кыргызстанда да. Сирияда согуш бүткөндөн кийин бардыгыбыз өз өлкөбүзгө барып, халифат орнотобуз. Алар мени ашпозчу кылып дайындашкан. Анткени биздин өлкөдө тамакты даамдуу жасашат. Мен сыртка чыккан учурда гана автомат беришет.
Мындан эки жума мурда Оштун Кара-Суу районунун Нариман айылынын 93 жаштагы тургуну Пазилатхан Тешаева уулу үй-бүлөсүн алып Сирияга кеткенин айтып, аларды кайтарууну күч кызматкерлеринен суранган эле.
Учурда Сирия өкмөтүнүн туткунунда жаткан Шухрат Бабажановдун агасы үйдө анын үч баласы калганын билдирүүдө. Шухрат Бабажановдун агасынын айтымында, теледен кеткен видео аларга психологиялык жактан сокку урган.
- Жакында теледен көрдүк, колго түшүп калыптыр. Инимдин үч баласы бар. Баары жаш. Өзүнүн да абалы өтө оор экенин көрдүк, ошондон бери көзүбүздөн жаш кетпей жатат. Атам аны көрүп күн сайын ыйлайт. Эч ким мындай ишке барбасын.
Адистердин айтымында, Сирияга кетип жаткан жаштардын диний түшүнүгү тайкы. Сырттан келген экстремисттик агымдардын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүгө жарамдуу дин таануучулардын аздыгы жаштардын башка агымдарга ооп кетишине себеп болууда.
УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175 адамга жеткен. Алардын 90% өзбек, 6% уйгур, 3% кыргыз. Сирияга кеткендердин 90% 25-29 жаш курактагылар болсо, алардын 23ү аял кишилер. Сириядагы согуштук аракеттерге агылган жаштар түрдүү маалымат каражаттары аркылуу шарият мыйзамын орнотуу үчүн биринчи кезекте Орто Азияга согуш ачарын ачык айтышууда.

#13 17 February 2015 - 13:16
Урматуу мекендештер менин арбир киргизип жаткан маалыматарым кыргыз элине сабак болсун андай тышкы терс идеологиядан алыс болсун деген бириден бир ойум ,мени туура тушуносуздор деген ойдомун.
#14 17 February 2015 - 13:24
Бизде озубузго жетишеерлик ултун жерин салтын, ислам дини менен шайкеш алып жургон шейхтерибиз бар. Ошолорду биз да колдоп ,калкыбызга туура жеткиликтуу тушундуруу маалымат беруулоруно жардам беришибиз керек. Бизге сырткы кучтордун кереги жок,бизде ЧУБАК АЖы сымал жетишеерлик туура ислам динин тушундургон ажыларыбыз бар.
#15 19 February 2015 - 11:01
Ооба. ИГ биздин туугандарды азгырып, интернет аркылуу чакырык кылышып жихад деп кыйланы адаштырды окшойт. Мына ушунусу бизге кооптуу маселе деп ойлойм. Себеби алар кайтып келсе жон келбеши мумкун. Ал жакта вербовка, согуш онорлорун уйронуп келсе керек.
#16 19 February 2015 - 12:00
минтип паника кылып бизге тиешеси жок эле нерсени глобальный проблема кылып аны чечуунун жолун издеген адам болуп тош каккылагандын кереги жок.
#18 19 February 2015 - 21:13
минтип паника кылып бизге тиешеси жок эле нерсени глобальный проблема кылып аны чечуунун жолун издеген адам болуп тош каккылагандын кереги жок.
Урматуу Кычас тууган !!! Эгер сен уйундон чыгып аржак бержагынды жакшылап байкап карасан ,мумкун тушунотурсун глобалный тема экенин, теле радио гезиттерден толук жеткиликтуу маалыматар кетип жатат, биздин жарандар кандай абалга туш болуп алданып уй було озунун жанынан ажыраганын. Сирияга кетип жаткан мекендештер жонундо маалыматын жок болсо керек менимче ошондуктан айтып жатасынго,мен оз козум менен коруп кубо болуп отурам кеткен адамдар кандай абалга туш болушканын ошондуктан аз да болсо башка адамдарга жардам болсун ойлонушсун деген ой доске. Албетте ким болбосун озунун мекенин тынч болуусун каалайт, ошондуктан мен да каалабайм баш аламандыкты. Дуйно мамлекеттерин башын катырган сен айткандай глобалный проблемасы болуп жатат ушул тема. Андыктан аз болсо да оз ойунду туура калтырып башка жарандарга жардамынды аяба Кычас доске!!! !
#19 21 February 2015 - 19:07
Дүйнө жүзүнө тынчтыктын символу катары көрүнгүсү келген, террор менен аёосуз күрөшүп келген АКШ нын агынан жарылган кербези;
Сенатор Хиллари Клинтон призналась , чтоАмерика финансировала Аль-Каиду современ советско-афганской войны. Приэтом она даже не обмолвилась о том, что втечение последних 30 лет США пересталиподдерживать и финансировать этугруппировку и больше не используют длядестабилизации обстановки в суверенныхгосударствах.

<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#20 21 February 2015 - 20:57
В Кыргызстане болшинство СМИ фокусируются на негативой информации об исламе. финансируются с Запада и представляют ихние интересы. Их цель по любому поводу очернит ислам.Но зачастую мы же сами даем им повод, мы сами предоставляем им эту информацию.
Дыма без огня не бывает. И мы вместо того, чтобы дуть на дым, должны погашать очаги. Если мы начнем улучшать свой нрав и поистине следовать учениям ислама, то мейнстрим СМИ придется попотеть, чтобы написать плохо о мусульманах,
а сейчас мы им сами эту работу облегчаем. Жума намаз...Абу Ханифа Умар Кулов - зам муфтий Кыргызской Республики:
بسم الله الرحمن الرحيم السلام عليكم ورحمة الله وبركاته В последнее время часто замечаю одно нехорошее явление! Когда братья едут на жума намаз и оставляют машины где попало или начинают читать намаз на проезжей части, тем самым создают помехи, что приводит к пробкам на дорогах. Посещение жума намаза важиб, то есть обязательно,
но перекрывать движение на дороге харам запрещено. Харам более запретен, чем выполнение важиба по закону шариата. Поэтому лучше не выполнить важиб, чем совершить харам. То есть будет меньше греха, если человек пропустит жума намаз, чем перекроет движение на дороге и создаст неудобство для людей. По причине пробки на дороге может умереть больной в скорой помощи не доехав вовремя до больницы или могут сгореть люди в пожаре не дождавшись пожарной машины и т.д. и т.п. Намаз мы читаем для себя, поэтому люди не должны страдать из-за молитвы. Пророк Мухаммад, солляллоху алейхи ва саллям, сказал: فأعطوا الطريق حقه)، قالوا: وما حق الطريق يا رسول الله؟ قال: (غض البصر، وكف الأذى، ورد السلام، والأمر بالمعروف والنهي عن المنكر) متفق عليه "Дайте дороге ее права. Люди спросили: А какие права у дороги о Посланник Аллаха? Он ответил: Потупление взора, не причинение вреда, ответ на приветствие,
повеление к добру и запрещение запретного.
" Хадис привели имам аль Бухари и Муслим. В хадисе сказано: не приченение вреда. А в оставлении машины на проезжей части дороги или в чтении намаза на дороге приченение вреда обществу. Поэтому харам читать намаз на проезжей части дороги или оставление авто транспорта.
Аллах будет доволен нами тогда, когда мы будем парковать машины так, чтобы они никому не мешали и это не только на жума намазе, а вообще всегда и когда мы будем читать намаз не причиняя неудобство другим, соблюдая этику ислама. Да будет доволен нами Аллах! Жазакумуллоху хойрон!

Супер-Инфо
super.kg
видео