Кандай тамак-аштар зыяндуу эмес?
Азыркы учурга чейин туура тамактануу туурасында айтылып келе жаткан туура эмес маалыматтар бушаймандыкка салып келет. Андай жалган маалыматтардан улам көпчүлүк каалаган тамак-ашты каалашынча жей албай келишүүдө. Бирок мындай изилдөөнүн жыйынтыгына дагы бир ирет карап чыгуу менен туура же туура эмес экендигин изилдеген окумуштуулар алардын жалган экендигин айгинелеп чыгышкан. Т.а. "Readers Digest" журналында жарык көргөн маалымат мына ушуну тастыктаган.
Эмесе, каалаган тамак-ашыңызды тартынбастан жана зыяндуу же зыяндуу эмес дебестен жей бериңиз. Сизге төмөндөгү зыян жана пайдасыз делген 6 тамак-аштын эч кандай зыяндуулугу жок, тескерисинче пайдалуу экендигин аныктап берели:
* Жумуртка: бул туурасында жылдар бою адистер анын ден-соолукка пайдасынан зыянынын көп экендигин эскертип келишүүдө. Себеби, ал холестеринге бай болгондуктан кан айланууга жана жүрөк оорууларын жогорулатары туурабы?
Туура эмес. Чындыгында эле жумуртка ден-соолукка зыяндуубу деген ой менен изилдөө-чүлөр иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
Бирок жыйынтыгы таптакыр башкача болгон. Себеби, анын ден-соолукка пайдасы көп экендиги, анын жүрөк ж.б. оорууларга зыяндуулугу болбогондугу аныкталган.
* Кофе: эртең мененкисин уйкуну ачуу үчүн тамшана ичкен кофенин ден-соолукка зыяндуулугу айтылып чыкты. Бул туурасында 1981-жылы АКШнын Гарвард окуу жайы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө ишинде кофе, адамды айыккыс рак оорусуна дуушар кылары эскертилген.
Ал эми башка илимпоздор,
тандалган илимий изилдөө методдорун колдонуу аркылуу кофенин чындыгында эле рак ооруусун пайда кылуусу мүмкүн эмес экендиги тастыкталган.
Ал гана эмес, кофе тескерисинче пайдалуу экендигин баса белгилешти.
Алардын божомолунда,
изилдөө иши толук жана тажрыйбалуу түрдө болбогондугунан улам элди дүрбөлөңгө түшүрүп жатышкандыгын билдиришти.
* Майсыз жана аз майлуу тамак-аштар:
муну айрыкча арыктоону максат кылгандар колдонушат.
Майдын курамында холестерин болгондуктан алар адамды семиртүүгө жол ачат деген түшүнүктө. Аларга мындай пикирди изилдөөчүлөр беришкен. Туура, ар дайым ашыкча майлуу тамак-аштарды жеген зыян, бирок, майсыз тамак-ашты да жеген ичеги-карындарды майсыз калтырууга алып келмекчи. Кээде гана сүт жана эт азыктарында аз майлуу тамак-аштарды колдонсо болот. Бирок бардыгы талапка жооп бербейт. Себеби, азыктын арасында да жетиштүү даражада май болбосо тамак-сиңирүү ишиңиз кыйындайт жана сырттан келүүчү башка вирустардын алдын ала албай калуусу күтүлөт.
* Чийки жашылча жана жемиштер: Жашылча- жемиштер бышырылгандан да даамдуу жана пайдалуу. Бирок баары эмес. Кээ бирин бышыруу менен даамдуу кылып жесе болот. Ал эми чийки жегенде андагы витаминдер жана керектүү заттар биздин ден-соолугубузга таасирин тийгизет. Мындай тамак-аштар холестерини көбөйүп кеткендер үчүн миңден бир табылгыс дары катары каралат. Бул туурасында германиялык окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөсүндө жогорудагыдай жыйынтыкка барышкан. Анда алар, чийки тамак-аш менен азыктанган 201 аял жана эркектерден изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында аларда холестериндин төмөндөгөнү байкалган.
* Тоңдурулган жана консервалык жашылча-жемиштер:
Булар жаңыларга караганда витамин жана керектүү азыктарын жоготкон деген түшүнүктөргө сугарылуу менен көбүрөөк колдонулбай келет. Бирок ал тескерисинче.
Талаадан базарга чейин күн бою ачык жерде калган жашылча-жемиштер өздөрүнүн активдүүлүгүн жоготот. Ал эми, талаадан алынып, тез аранын ичинде витаминдерин жоготпой, тоңдуруп, же консервалап сактап койсо андай жашылча-жемиштердеги керектүү заттар бузулбастан жана витаминдер жок болбостон көпкө чейин сакталат. Мисалы, 1992-жылы "Illinois" университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө тоңдурулган төө буурчактын (фасоль) базарда сатылганына караганда витаминдери көп жана пайдалуулугу жогору экендиги аныкталган.
Ошондуктан кышында витаминсиз калбайлы десеңиз, пайдалуу пайдасыз экендигин териштирип олтурбастан салат, компот, кыям (варенье) ж.б. жасап алганыңыз оң. Андан тышкары тоңдурулган жана консервалык азыктарды сатып алсаңыз болот. Айрыкча соода түйүндөрдө көбүрөөк сатылуучу консервалык азыктар абдан керектүү, аны жылдын кайсы маалында болбосун сатып алууга мүмкүнчүлүк бар.
* Кабыктуу жемиштер: Алар абдан пайдалуу азыктардын катарын толуктайт. Аларды каалаганча жеңиз. Айрыкча кабыгы катуу жемиштердин составында май көп, бирок алар зыяндуу эмес, тескерисинче керектүү майлар. Андагы майлар ден-соолукка абдан пайдалуу. Куурулган жер жаңгак, жаңгактарды көбүрөөк жеңиз. Анткени андагы майлар жөнөкөй майларга караганда үч-төрт эсе пайдалуу жана анын жүрөккө эч кандай зыяндуулугу жок. Кабыктуу жемиштер E витамини, магний ж.б. азыктарга бай. Андан тышкары анын жардамы менен арыктоону максат кылып жаткандар үчүн эң жакшы кеңеш.
- (2 )
-
- 1
- 2
Пайдалуу жана зыян азыктар тууралуу.
#21 12 September 2014 - 13:34
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#22 12 September 2014 - 14:06
Алма - курамында бир топ витаминдер,
микроэлементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестерин ж.б. катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт.
Алмурут - жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алып, адамдын баш айлануусун жана чаалыккандыгын жеңилдетет. Эң маанилүүсү алмурут адамдын суукка болгон чыдамдуулугун жогорулатып, о.э. кандагы шекердин деңгээлин төмөндөтөт.
Анар - мөмөлөрдүн ичинен эң көп микроэлементтери бар чоң "казына" . Иммунитетти колдоо жана гемоглабинди жөнгө салууга аптасына бир анарды жеп туруу жетиштүү.
Банан - аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларында жардам берет. Андан сырткары, банан организмде эндорфин гормондордун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада "бактылуулуктун" гормону деп аталат.
Киви - курамында С витамининин көптүгү менен мөмөлөрдүн ичинде "чемпион" . Сасык тумоо менен күрөшүүдө эң мыкты каражат катары белгилүү. Анын атаандаштары катары апельсин менен лимонду да айтса болот. Алар дененин температурасын түшүрүүдө ж.б. ооруларда жардамга келет.
Мандарин - анын курамындагы витамин жана калийдин көптүгү менен тамакты сиңирүүгө көмөк көрсөтөт. Мандариндеги фитонцид заты вирустарды жок кылат.
Кургатылган жемиштер - жайында кургатылып алынган жемиштерден кышында компот жасаса болот.
Жашылчалар - бул жардамчылардын ичинен витаминге эң байы капуста, эң кедейи кызылча болуп эсептелет. Сабиз менен ашкабактагы бета-каротин заты көздүн көрүүсүн жакшыртат. Жашылчаларды кууругандан көрө кайнатып бышырса, анда көбүрөөк витамин сакталат, о.э. тамакты бир жолкуга гана даярдаганга аракет кылыңыз. Анткени аны кайра жылытканда андагы пайдалуу заттар жоголот. Картошканы канчалык майда туурасаңыз, андагы витаминдер ошончолук азаят. Тузду жашылчалар бышкан соң, оттон алынаарга 5-10 мүнөт калганда кошуңуз.

#23 20 October 2014 - 17:11
АКШдагы окумуштуулар фастфуд, анын ичинде тез даярдала турган майлуу тамактар эркектердин мээсине доо кетирерин аныктап чыгышты. 16 апта эркек жана ургачы чычкандарга фастфуд жедирген окумуштуулар изилдоонун жыйынтыгында эркектер бат семирери жана мээсине зыян келгенин билишкен. Ургаачы чычкандарды эстроген гормону коргоору аныкталган.
#24 22 October 2014 - 15:24
Сабизди көп жесең рак оорусунан сактатанасың
Европа окумуштуулары тарабынан эгер адам күнүгө 1-3 баш сабиз жеп турса рак оорусуна кабылуудан сактанууга мүмкүнчүлүк бар. Көрсө, сабиздин курамында рак оорусун пайда кылуучу шишикке каршы күрөшүүчү фалькаринол деген элемент бар экен. Сабиздин дагы бир пайдасы ал стресске баткан адамдын нервин тынчтандырууга көмөгү чоң. Сабизди чийки жеген адамдын териси да тазарып турат. Аны сууга кайнатып эзип жесе жүрөк оорусунун басаңдашына пайдалуу. Бала эмизген аялдардын эмчегине да сүттү азыктуу, майлуу жана витаминдүү кылат. Карылыкты алдын алып, беттеги бырыштарды азайтат. Кичинекей балада көп кездешчү аллергия ооруларына да каршы пайдалуу.
Андыктан ден соолукту алдын алам десеңиз күн сайын сабиз чайнаңыз.
Алма жесең тамеки таштайсың
Күнүнө орточо келген 20 алма жеп, аны 2-3- күн кайталаса тамекини оңой таштоого болот экен. Анткени тамеки чеккенден кийин ичегилерде сиңирилип калган никотинди алмадагы органикалык кислоталар жок кылат. Бирок, ошол эле убакта эч кандай тамак-аш жебеш керек. Адатка айланган мындай зыяндуу көрүнүштөн арылуу темирдей эркти талап кылат.
Помидор менен алма өпкөнү тазалайт
Диотологдордун айтымында адам баласы күнүгө алма менен помидор жеп турса астма жана өнөкөт бронхит оорусунан арылат. Бул боюнча окумуштуулар үч миң адамга эксперимент жасаган. Эксперимент аяктагандан кийин өпкөсүн текшерип, жөтөлдүн басылганына, өпкөдөгү кырылдаган үндүн азайышына күбө болушкан. Мындай эффекттин негизги себеби алма менен помидордо антиоксидант кверцитиндин көп болушунан кабар берет. Бул зат өпкөнү тамекинин түтүнүнөн жана ден соолукка зыян кыла турган булганган абадан сактоодо чоң роль ойнойт.
Жумуртканын кабыгы да пайдалуу
Организмди кальций менен толуктап, сөөктү бекемдегиңиз келеби. Анүчүн бышкан жумуртканын кабыгын таштабастан аны кофе майдалагычка салып ун болгуча майдалап, тамака ¼ чай кашык кошуп, күнүнө 2-3 жолудан колдонуш керек.
Ден соолук үчүн пайдалуу кеңештер:
* Минералдык заттар нерв системасынын жана булчуң эттеринин иштешине, ошондой эле тиш, сөөктөрдүн өсүшүнө жана ашыкча салмактан арылууга көмөктөшөт.
* Стресстен арылуу үчүн магний көмөктөшөт. Ал нерв системасындагы стресс гормондорунун өөрчүшүн токтотот. Магний көбүнчө бананда, фасолдо болот.
* Чет элдик изилдөөчүлөр кальцийди көп пайдаланган адам тез арыктарын аныкташкан. Ал эми кальций сүттө, сырда, быштакта, йогуртта көп болот.
* Окумуштуулар дайыма стресс абалында жүргөндөр карыбайт деген бүтүмгө келишкен. Изилдөөлөр киши "туура" стрессте жүргөндө өзүн бекем кармап, организмде жашаруу процесси жүрөрүн көрсөттү. Туура стресске кабылуу бул мисалы, жумушка шашуу, ишти бүтүрө албай калуу коркунучу сыяктуу абал экен.
* Цинк иммунитет системасына өтө зарыл. Андан тышкары организмдеги зат алмашуу процессине чоң таасир берет.Бул минералдык зат - сулуда, уй этинде, жумуртканын сарысында көп кездешет.

Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#25 03 November 2014 - 15:33
Дартка даба 7 тамак-аш өсүмдүгү
Ооруну дарылагандан анын алдын алган жеңил. Төмөндөгү тамак-аш өсүмдүктөрүн тамактануу режимиңизде үзбөй колдонсоңуз илдет сизге илешпей, айланып өтөт.
1. Төө буурчак диабетти дарылоого жардам берет.
Төө буурчак кандын курамындагы канттын деңгээлин кармап турууга жардам берчү углевод жана белокторго ээ. Экинчи типтеги диабет менен ооруганда кандан клеткаларга түшүүчү глюкозага жардам берүүчү инсулин иштелип чыкпай калат. Төө буурчакты мүмкүн болушунча көп жеш керек. Протеинге бай төө буурчак жана чечевица күрүч же картошкага караганда гарнир катары алда канча жакшы .
2. Ашкабак жашылчалардын ханышасы
Ал адам организми үчүн эч нерсеге алмаштыргыс дарылык касиетке ээ.
Анда көптөгөн витаминдер бар. Ичеги, өт жана башка ички органдар үчүн жумасына бир жолу ашкабактан пюре жеген пайдалуу. Ал суукка чыдамы жок болгондуктан колдон келсе күзүндө кышка жетерлик ашкабакты сактап алганыңыз жакшы.
3. Кызыл болгар калемпири организмди
С витаминине байытат
Анда каротиноид чоң өлчөмдө жана С витаминине өтө бай. Адистер артрит менен ушул витамин жетишпегенде оору мүмкүнчүлүгү чоң экендигин божомолдошот.
Күнүнө 3 кызыл болгар калемпирин жеш керек. Аны бадыраң, фета сыры жана нут(буурчак өсүмдүгү) менен аралаштырып жеңил салат кылса жегиликтүү болот.
4. Жаңгак жүрөк оорусунун алдын алат
Жаңгактын бардык түрлөрү - арахис, грек жаңгагы, кешью (индия жаңгагы)жана башкалар жүрөккө пайдалуу майлар жана белоктордон турат. Алар кандагы канттын деңгээлин сактап, углеводдордун жок болуусун жайлатат. Диабет менен ооруган учурда жүрөккө терс таасири болушу мүмкүн, андыктан жаңгак анын алдын алуучу жакшы азык. Андыктан жаңгакты басып-туруп жей бериңиз.
5. Бадам - шакыйга каршы күрөшөт
Ал баш ооруну жеңилдетчү жана маанайды жакшыртчу магнийдин булагы.
Күнүнө 22 бадам данегин жеңиз. Мындан тышкары өзүңүздүн тамак-ашыңыздын катарын магнийи көп ашкабак, күн карама, буурчак сыяктуу азыктар менен байытыңыз.
6. Сулу кан тамырларды чыңдайт
Сулу сиздин организми-ңиздеги холестеринди эритип алып чыгуучу тамак-аш булаларына бай. Башкача айтканда күнүнө 2,5 порция сулу данын жесеңиз жүрөк оорусун жана инсультту 21%ке төмөндөтөт.
7. Шпинат баш ооруга жардам берет
Анда баш оорулардын күчүн жана жыштыгын азайтуучу магний жана В2 витамини көп.
Жумасына 3 жолу шпинатты жана майы жок уй этин, козу карынды жана спаржаны жеңиз.

#26 10 December 2014 - 14:49
Жүзүмдүн жүзгө жакын пайдасы бар
Мындан 7 000 жыл илгери жүзүмдүн өстүрүү маданияты Кавказда, Орто Азияда, Сирия, Месопотамия жана Египетте, ошондой эле жер ортолук, Каспий менен Кара деңиз жээктеринде кеңири жайылтылган.
Биздин заманга чейинки байыркы медицина бир топ ооруларды дарылоодо жүзүмдү колдонуп келишкен. Дарылоонун мындай түрүн Гиппократ да жактаган, ал жүзүмдүн дарылык касиетин балга жана эне сүтүнө салыштырган. Ал ошону менен бирге жүзүм оорулуу адамга гана эмес соо адамдар үчүн да өтө пайдалуу экендигин белгилеп кеткен.
Жүзүм организмдеги зат алмашууну жакшыртат, заара бөлүп чыгарууну жөнгө салуучу, тердетүүчү жана ичти жумшартуучу касиетке ээ. Ошондой эле, дем алуу жолдорунан какырыкты бөлүп чыгарууга жөндөмдүү. Ошондуктан аны дем алуу жолдорунун ооруларында, ларингитте, трахеитте, фарингитте, бронхит жана бронхиалдык астмада, плевритте колдонсо болот. Жүзүмдү организм алсырап начарлаган учурда, аз кандуулукта, өпкөнүн кургак учук, тамак сиңирүү тутумунун дарттарында жана ич катууда, геморройдо сунушташат. Заара бөлүп чыгаруучу катары бөйрөктүн ооруларында (цистит, пиелит, бөйрөктүн таш ооруларында, ошондой эле боордун сезгенүүсүндө, жүрөктүн иштешине пайдасы зор. Жүзүм ошону менен бирге күчтүү антиоксидант болуп саналат, демек ал организмдеги рак шишигинин клеткаларын, радикалдарын жок кылуу менен бирге, денени коргойт, керексиз зыяндуу заттарды денеден чыгарат. Ал эми кызыл жүзүмдөр адамды атеросклеродон сактап, мээнин эске тутуу жөндөмүн арттырат. Жүзүм калий затына жана витаминдерге бай болгондуктан жүрөктүн да иштешин жакшыртат.
Жүзүм менен дарылоо курсу көпчүлүк учурда 1-1,5 айга созулат, бирок муктаждыгына жараша узартса да болот.
Жүзүмдүн жаңы сыгылган ширесин тамактын алдында бир саат мурун үч маал бирдей өлчөмдө ичүү зарыл. Дарылануунун башталышында бир күндүк керектөө өлчөмү 1 литрди түзсө, бара-бара аягында 2 литрге жеткирүү талапка ылайык.
Жүзүм өтө таттуу келип, 80 пайызы канттан, сахароза жана глюкозадан турат. Жүзүмдүн кургатылган түрү - мейиз, анын эң таттуу сорту сабза - ак жүзүмдөн кургатылганы. Мейизди компотко, кондитер азыктарына кваска кошууга болот. Ал да жүзүмдөй эле пайдалуу касеттерге ээ.

#27 10 December 2014 - 15:12
Мандарин эмнеси менен пайдалуу?
Мандарин кышы бою бизди өзүнүн витаминдери менен багып чыгары белгилүү. Бирок мандарин жөнүндө кеңири маалыматка ээ эмеспиз. Мисалы, көбү эмнегедир акыркы мезгилде Кытайдан келген азык-түлүктөрдөн баш тарта баштады. Ал эми, биздин мандариндин түпкү ата-теги дал ушул Кытайдан. Алгач, бүтүндөй Азияга атагы таанылганы анын кыштын ызгаардыгына туруктуулугу болгон. 19-кылымдын башында Европанын жашоочулары мандарин менен таанышып, андан ары баарына билинип, ага болгон суроо-талап күн санап көбөйөт. Мандариндер төмөндөгү витаминдерге ээ: В, А жана Р группасынын витаминдери, аскорбин кычкылы, минералдык туздар ж.б. Ошол эле учурда, кээ бир оорукчан адамдарга мандарин жегенге болбойт. Анын ичинде ашказан жана он эки эли ичегиде жарасы болсо, гастритте, же цитрустук жемиштерге аллергия барларга да каршы көрсөтүлөт. Пайдалуулугу жөнүндө айтсак, мандариндин ширеси дененин температурасы көтөрүлгөндөргө, суусуну канбагандарга жана астма менен бронхит оорулууларга жардам берет. Ушул эле ширени териге сүртсө, ар түрдүү грибокту дарылаганга көмөк көрсөтөт. Мандариндин кабыгынан жасалган тундурмалар тамакка болгон табитти ачат. Ал эми, кайнатмасы жөтөлдү дарылайт. Мандаринден алынган эфир майы косметологияда эң мыкты депрессиядан кутулуучу жана көңүлдү көтөрүүчү каражат катары белгилүү.

#28 11 December 2014 - 02:02
Бет териси үчүн кышкы маскалар
Беттин жакшынакай териси - айымдын жагымдуулугунун эң негизги көрсөткүчү. Сууктун түшүшү менен ал өзгөчө кам көрүүгө, кошумча азыктанууга муктаж болот. Андыктан, үй шартында кышкы маскаларды жасап, бетиңиздин абалына кам көрүңүз.
Төө буурчак маскасы
Ак төө буурчакты таза жууп, бир нече мүнөт сууга чылап коёсуз. Андан соң кайнатып бышырасыз. Вилка менен эзип, ага жарым лимондун ширесин сыгасыз жана бир чай кашык оливка майын кошосуз. Жылуу боткону бетиңизге 20 мүнөт койгон соң салфетка менен аарчып, жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска кургак беттерге жакшы. Ал бетти азыктандырат жана агартат.
Япон маскасы
Бул масканы жасоо эң оңой. Ал үчүн балды, унду, сүттү бирдей өлчөмдө аралаштыруу зарыл. Пайда болгон боткону таза жуулган бетиңизге жарым саат коёсуз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Терини тез картаюудан сактоо үчүн бул япон маскасын маал-маалы менен колдонуп туруу зарыл.
Ачытылган капуста маскасы
Ачытылган капустанын жалбырактары беттин терисин тазалайт жана жашартат. Бетиңизге жана моюнуңузга жалбырактарды коюп, 20 мүнөт жатасыз. Масканы алган соң мээлүүн суу менен жууп, азыктандыруучу крем коюп алуу зарыл.
Жумуртканын сарысы менен лимон маскасы
Бир жумуртканын сарысын көбүгүн чыгара чалып, ага бир лимондун ширесин сыгып кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге сүйкөйсүз. Ката баштаганда дагы бир кабат, андан кийин дагы бир кабат сүйкөйсүз. Масканы жалпысынан 15 мүнөт кармап, андан соң муздак суу менен жууп саласыз. Бул маска майлуу беттерге ылайык келет. Эгер сиз да жасасаңыз, бетиңиздин тешикчелери жабыла түшкөнү дароо байкалат.
Алма маскасы
Бир алманын кабыгын аарчып, кубик кылып туурап, аны сүткө кайнатуу зарыл. Пайда болгон боткону жылуу калыбында бетиңизге 20 мүнөт коюп, андан соң мээлүүн суу менен чайкап саласыз.
Дрожж маскасы
Болжол менен 20 граммдай дрожжду 1 чоң кашык сүткө ээритип аласыз. Аралашманы бетиңизге сүртүп, кургаганча күтөсүз. Андан соң ромашканын маңызы менен жууп саласыз. Дрожж маскасы безеткиге жакын беттер үчүн жакшы.

#30 13 December 2014 - 10:11
Bananda baardyk vitamin bar. Birok azyr banangada bir nerse kowotat eken.
Rolton jebegile. Zyian.
Paydasy: kardyndy tok tutat.
Rolton jebegile. Zyian.
Paydasy: kardyndy tok tutat.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#31 03 January 2015 - 13:15
Биз билип-билбеген жумуртка сырлары
Жумуртка протеиндин мыкты запасы. Мындан сырткары темир, күкүрт, А жана В витаминдерин камтыйт.
Баланын чоңоюусуна жана жарааттардын айыгуусуна таасири жакшы. Ошондой эле баарына белгилүү болгондой энергиянын булагы. Андыктан жаш балдар үчүн маанилүү азык. Диета кармагандар үчүн да жумуртка жакшы тамак болуп саналат. Себеби, анда адамдын бир күндүк керектөөсү камтылган. Калориясы аз болуу менен бирге каны аздар жана кара жумушта иштегендер үчүн тоюмдуу азык.
Жумуртка жөнүндө сырлар
Жумуртканы жарыкка каратканда жалтырап турса жаңы; кирчимел, тагы бардай, тунук болбосо эски болот.
Жаңы жумуртканы чайкаганда аба көңдөйү болбогондуктан чайкалбайт.
Жумуртка оор болсо эски, эгер туздуу муздак сууга салганда чөгүп кетсе жаңы болот.
Жумуртканы чакканда жайылып кетпей чогуу болуп, калыбын сактаса жапжаңы. Белогу жайылып, сарысы болгонундай эле калса да жаңы.
Эгер эски жумуртка болгон болсо анда сарысы да, агы да калыбын сактай албай калат, муну жегенге да болбойт.
Кантип сактоо керек?
Жумуртканы көпкө сактоо үчүн кайнак суу даярдайсыз. Андан соң жумурткаларды 5 секундга салып, кайра заматта чыгаруу зарыл. Бирок, белгиленген убакыттан ашпоого аракет кылуу жасаңыз.
Жумуртканы бир кружкага чагып саласыз да, үстүнө бир аз муздак суу куюп койсоңуз жакшы сакталат.
Жарылып калган жумурткаларды чакпастан эле ошол жарака кеткен жерин лимондун суусу менен сүртүп койсо да болот.
Ал эми муздаткычта сактоодо болсо, жумуртканын шуштугуй жагын төмөн каратып коюу менен 10-15 күн кармоого болот.
Жумуртканын сарысын эле сактагыңыз келсе ошол идишке бир аз суу кошуп муздаткычта сактасаңыз болот.
Жумуртканы жуубастан туруп сактоо зарыл, себеби, анын коргоочу катмары жоголот.
Кабыгы өтө кир болгон жумуртканы да азыр колдонбосоңуз жуубаңыз. Суу анын кабыгындагы тешикчелерди көбөйтүп жиберет.
Бышыруу
15 мүнөт кайнаткан соң жумурткаңыз даяр болот. Ал эми чала бышырып жегенди сүйсөңүз 3 мүнөт эле кайнаткан жетиштүү. Күнүмдүк жаңы жумурткаларды чала бышырууда этият болуңуз. Себеби, мындай жумурткалар кайнак сууда бат жарылып, агы сыртка чыгып калат. Эгер убактын биле албасаңыз, суу кайнаган соң 100гө чейин жай санасаңыз сиз каалагандай болуп бышат.
Жумуртка кабыгы - организмге эң керектүү кальцийдин булагы. өзгөчө экологиясы таза аймактарда жашаган жапайы куштардын жумурткасы баалуу.
Кальцийдин жетишсиздиги ден соолукка чоң зыянын тийгизет. Организмде кальций жетишпеген аялдардын жатын булчуңдары алсызданат да, төрөө кыйынга турат. Балдарда болсо рахит менен тиштердин туура эмес өсүүсүнө алып келет. Булардан тышкары кальцийдин жетишсиздиги аз кандуулукка (анемия), суукка бат-бат урунууга ж.б. кабылууга жеткирет.
Организми кальцийди талап кылган адамдар бор, топурак ж.б. жешет. Булардын организмде сиңүүсү кыйындык жаратат. Ал эми буларга караганда жумуртка кабыгы оңой сиңирилет. Жумуртка кабыгынын курамы фтор, жез, темир, фосфор, цинк ж.б. болуп, 27 элеметтен турат. Ошондуктан жумуртка кабыгы сыныктын эрте бүтөлүүсү, жүрөктүн жакшы иштешине салымын кошуп, анемиядан, рахиттен, аллергиядан ж.б. оорулардан кутулта алат. Ушул себептүү жумуртканын кабыгын жаратылыштын белеги катары кабыл алып, пайдалануу зарыл. Жумуртканын кабыгын чогултуп, жакшылап кургатуу керек. Анан порошоктой кылып майдалап алса, колдонууга даяр. Эрте менен быштак же боткого аздан кошуп жесе пайдасы чоң.

#33 17 February 2015 - 12:12
Банан
Банандын курамында ка- лий заты абдан көп болгону үчүн ал мээге, жүрөккө жана булчуңдарга абдан пайдалуу. • Бир күндө эки даана ба- нан жеген адам организм та- лап кылган микроэлементтер- ди толуктайт. • Аталган жемиште калий- ден сырткары темир, натрий, магний, фосфор жана каль- ций бар. • Бул жемиш сулуу жана жаш бойдон жүрүүгө өбөл- гө түзүүчү С витаминине бай. • Банан эске тутууну жак- шыртып, кыжырлануу менен стресстен арылтып, уйкусуз- дукка бөгөт коёт. • Бырыштардан арылтып, чачтын бекем болуусуна оң таасирин берет.
Мандарин
• Мандарин - суусунду кандыруучу жемиш. • Ал кышында биздин организмде сарпталган витаминдердин ордун то- луктайт. • Сасык тумоо менен ооруган адамдын темпе- ратурасын түшүрөт. • Анын кабыгы жөтөл- дү жеңилдетет. • Адистер мандарин- ден максималдуу пайда алуу үчүн аны ичиндеги ак торчолору менен чогуу жегенди сунушташат. • Ал депрессияга кар- шы туруучу жакшы же- миш. Анын ширеси, ачык саргыч түсү нерв система- ларын жакшыртат. • Кош бойлуу аялдар ичтеги баласы 3-6 ай ке- зинде С витамининин же- тишсиздигине кабылы- шат. Ошол убакта манда- рин жеген аял жана анын баласы аллергияга жол тосо алат. • Андан тышкары кош бойлуу аял мандариндин кабыгын кайнак сууга (1 мандариндин кабыгы 1 стакан сууга) демдеп ичсе талгак болууну жана ку- сууну жокко чыгарат.
Ананас
• Ананастан адамга пай- далуу А1,В1, В2, В12, С, РР витаминдерин кездешти- рүүгө болот. • Ашказанды туура иш- тетет. • Ал боор, бөйрөк оору- ларын айыктырууга кол- донулат. • Ананастын ширесинде каротин, клетчатка, темир, натрий, калий жана фос- фор бар. • Андагы калий адам- дан суюктук бөлүп чыга- руу функциясын жакшыр- тып, арыктоого чоң тааси- рин берет. • Элдик медицинада им- мунитетти көтөрүүчү зат катары колдонулат. • Ананасты дайыма кол- донгон адам муун жана бул- чуң ооруларын жеңилдетет. • Ал артериалдык кан басымды төмөндөтүүчү же- миш экенин да дарыгерлер айтып келишет.

#34 18 February 2015 - 14:55
Кечээ доширакка аджика, уксус кошуп жейм деп, тун ичинде эки капталым туйулуп, уктаган жокмун
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!

#35 26 June 2015 - 17:11
БООРДУН ПАЙДАСЫ.
Боордо бир аз жагымсыз жыт
жана бышкандан кийин деле
кычкыл тарткан даам болот.
Мындан арылуу үчүн боорду
бир нече бөлүккө бөлүп, 1 саат
муздак сууга чылап коюу керек.
Ошондой эле сүткө же атайын
кошулмалар кошулуп
даярдалган аралашмага салып
койсоӊуз, жагымсыз жыт жана
даамдан арыласыз. Боорду
кууруп, бууга бышырып, ал
тургай андан фарш даярдап
түрдүү тамактарды жасаса
болот. Боорду ашканада
колдонууда адамдын бөйрөгү,
мээси жакшы иштеп, көрүүсү
жакшырат. Андагы керектүү
заттар теринин жылмакай
болушун шарттап, чач
коюуланып, тырмак, тиш
бекемделет. Боордун
курамындагы гепарин заты
кандын тамырларда уюп
калышынын алдын алып,
тромбоз оорусуна каршы
миӊдин бири экенин медицина
кызматкерлери тастыкташат.
Боордо бир аз жагымсыз жыт
жана бышкандан кийин деле
кычкыл тарткан даам болот.
Мындан арылуу үчүн боорду
бир нече бөлүккө бөлүп, 1 саат
муздак сууга чылап коюу керек.
Ошондой эле сүткө же атайын
кошулмалар кошулуп
даярдалган аралашмага салып
койсоӊуз, жагымсыз жыт жана
даамдан арыласыз. Боорду
кууруп, бууга бышырып, ал
тургай андан фарш даярдап
түрдүү тамактарды жасаса
болот. Боорду ашканада
колдонууда адамдын бөйрөгү,
мээси жакшы иштеп, көрүүсү
жакшырат. Андагы керектүү
заттар теринин жылмакай
болушун шарттап, чач
коюуланып, тырмак, тиш
бекемделет. Боордун
курамындагы гепарин заты
кандын тамырларда уюп
калышынын алдын алып,
тромбоз оорусуна каршы
миӊдин бири экенин медицина
кызматкерлери тастыкташат.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео