"Табышмактуу аалам" темасы менен бириктирилди.
Таң калтырган табигат сырлары! Шумдук!
#162 17 February 2015 - 14:42
Озон катмары
.
Улуу Жараткан бул дүйнөдө эч бир нерсени көз жаздымда калтырган эмес. Эң майда бөлүкчө болгон атом менен электрондордун кыймылынан тартып планеталардын кыймылына чейин улуу акылмандуулук менен кынтыксыз жаратылган. Илим жана технология канчалык өнүккөн сайын, табийгат сырларынын ушунчалык тереңдигин, уникалдуулугун тастыктап жатат.
.
Мына ошондой табийгат сырларынын бири Жердин озон катмары болуп эсептелет.
.
Озон катмары Жердин атмосферасында, 20-25 чакырым бийиктикте жайгашкан. Бул аба катмары кычкылтектин химиялык курамынан турат. Бул катмар Жер шарын жана анын жашоочуларын күндүн зыяндуу ультрафиолеттик нурларынан сактап турат. Ультрафиолеттик нурлар адамдын жана жандуу жаратылыштын организмине өтө зыяндуу болуп эсептелет.
.
Озон деген эмне? Ал кантип пайда болот?
.
Жер бетинен бийиктеген сайын, аба басымы жана тыгыздыгы азая баштайт. Күндүн 0,1-0,2 м. чакырымдан кыска болгон ультрафиолеттик нурлары кычкылтектин молекулаларын бомбалагандан кийин алар бөлүнүүгө учурайт. Бош жүргөн молекула кычкылтектин (О2) молекуласы менен кошулуп О3 тү пайда кылат. Бул озон катмарынын негизги компоненти катары Күндүн ультрафиолеттик нурларын жутуп алуу кызматын аткарат. Озон катмарынын төмөн жагы 10-15 чакырым, жогору жагы болсо 50 чакырым бийиктикте болот. Озон молекуласынын максималдуу катышы болгон аймак 25 чакырымдын тегерегинде болот. Бирок бул аймакта абанын миллион молекуласына озондун 5-10 молекуласы туура келет, башкача айтканда, салыштырмалуу катышы болжол менен 8 мл/м³ болот.
.
Окумуштуулардын айтымында, 1980-жылдан бери озон катмарынын концентрациясы туруктуу түрдө азайып баратат.
.
Озон катмарын коргоого болгон чаралар
.
Озон катмарынын начарлашы Жер шарындагы бүткүл жашоону коркунучка алып келген экологиялык проблема болуп эсептелет. Мунун негизги себеби катары адамдар тарабынан фреон затынын колдонулушун белгилешкен. .
А фреон деген эмне жана ал кайда колдонулат?
.
1990-жылы Шервуд жана Роуленд «Амбио» журналында белгилегендей, алгач көп колдонулбаганы менен, коррозияга туруктуулугу, уулуу эместиги, тез күйүүчү болбогондугу жана көптөгөн башка заттар менен реакцияга кирбегендиги үчүн 1950-1960-жылдар ичинде турмуш-тиричилик техникаларын өндүрүүдө фреон заты кеңири колдонула баштаган. Мисалы, кадимки муздаткыч, кондиционер жана дезодоранттарды чыгарууда кеңири колдонулган фреон газы абага таралып, озон катмарынын бузулушуна алып келет.
.
Фреон затын камтыган негизги нерселердин тизмеси:
.
1. Катуу пенопласттар;
2. Паралон;
3. Муздаткычтын муздатуу системасы;
4. Авто жана үй кондиционери;
5. Эриткичтер;
6. Стерилизатор;
7. Өрт өчүргүч суюктуктар;
8. Аэрозол баллону.
.
Пайдалуу тармак болгондуктан, бул өндүрүштүн ишмердүүлүгү алгач салынган тыюуларга карабастан, АКШда, Канадада жана Швецияда көпкө чейин токтобогон.
.
1987-жылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Монреал протоколуна кол коюшкан. Документте эң зыяндуу хлор, фтор жана көмүртектердин жана аларды өндүргөн өлкөлөрдүн тизмеси такталган жана аларды колдонуу жана көлөмүн азайтуу чечими кабыл алынган. 1990-жылы Лондондо бул протоколго өзгөртүү киргизилген. 1995-жылы жогорудагыларды эки эсе азайтуу каралып, ал эми 2000-жылы таптакыр колдонуудан алуу чечими кабыл алынган. Бул долбоорду ишке ашыруу жана дүйнө жүзү боюнча фреондорду зыянсыз заттарга алмаштыруу үчүн 100 миллиард АКШ долларынан ашык каражат сарпталган. Озон катмарынын абалын дүйнө окумуштуулары космостук спутниктер жана атайын учак-лабораториялардын жардамы менен байкоого алышкан. «Учурда экологиялык жактан зыянсыздандырылган фреондор ойлоп табылып, колдонулуп жатат. Ошого карабастан, озон катмарынын абалы кыйчалыш деңгээлде» деп эсептешет адистер. Себеби, окумуштуулардын айтуусуна караганда, ушуга чейин атмосферадагы топтолгон фреон газы дагы 100 жыл бою озон катмарынын бузулушуна түздөн-түз таасирин тийгизе бериши толук мүмкүн.
.
Озон тешигинин ачылышы
.
Озон тешиги – озон катмарындагы озондун концентрациясынын азаяшы. Илимдеги теорияга таянсак, ХХ кылымдын экинчи жарымынан баштап антропогендик фактордун таасиринин өсүшү менен озон катмарынын алсызданышы, начарлашы билинерлик даражада өсө баштаган. 1974-жылы америкалык окумуштуулар: Марио Молина жана Шевпуд Роуленд Жердин коргоочу катмарынын мындай абалга келишине адамдардын иш-аракети себеп болгон деп айтып чыккан. Көп өтпөй эле, 1985-жылы, британиялык окумуштуулар: Дж. Шанклин, Дж. Фармен жана Б.
.
Гардинер биринчи жолу
.
Түштүк-чыгыш жарым шарындагы Антарктиданын үстүнөн 1000 чакырымдан ашык аянтты ээлеген озон тешиги пайда болгонун таап чыгышкан. «Nature» журналына берилген маалыматтарга караганда, бул Жер шарынын озон тешиктеринин эң ириси болгон. Бул алардын америкалык кесиптештеринин айтканына айкын далил болгон.
.
«NASA» Улуттук космостук агенттигинин билдиргенине караганда, Антарктиданын үстүндөгү озон тешиги чоңоюп баратат. Учурда озон тешигинин аянты Түндүк Американын аянты менен барабар. Окумуштуулар бул көрсөткүчтүн төмөндөшүнөн күмөн санашат.
.
Озон тешигинин пайда болуу себептери
.
Негизинен озон тешигинин пайда болушу бир топ факторлордун бирдиктүү аракетинен улам болот. Антропогендик жана табигый себептерден улам озон молекуласы ар кандай заттар менен (негизинен хром жана бром заттарын камтыган газдар) реакцияга кирип, баштапкы абалынан өзгөрүп, өз функциясын аткарбай калат. Мисалы, абадагы хлордун концентрациясы озон катмарына 15-25 пайыз, бром 20-40 пайыз, ал эми галогендер 40-50 пайыз таасир этет. Ошол эле хлордун абада көбөйүшү 80 пайыз адамдын иш-аракетинин негизинде болот. Мисалы, нефть продукцияларын колдонуудан, ар кандай өнөр жайлардан чыккан газдар. АКШда унаадан гана чыккан газдын көрсөткүчү 63 пайызга туура келет. Мындан тышкары, уюлдук кыш учурунда Күндүн ультрафиолеттүү нурунун тийбеши, натыйжада, жогоруда айтылгандай, кычкылтектин молекуласынын бөлүнүшү жана озон молекуласынын (О3) пайда болушу сейректейт.
.
Натыйжасы
.
Озон катмарынын начарлашы менен күндүн зыяндуу нурларынын жерге өтүшү артат да, адамдарда ар кандай оору менен ооругандардын саны өсөт.
.
Мисалы:
1. Белоктордун бузулушу;
2. Иммундук системанын начарлашы;
3. Теридеги күйүктүн же рактын пайда болушу;
4. Көздүн инфекциялык ооруларынын, фотокеротозиздин (снежная слепота) пайда болушу;
5. Аллергиялык оорулардын пайда болушу;
6. Мутагендик өзгөрүүлөрдүн пайда болушу.
.
АКШнын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин билдиргенине караганда, АКШда озон катмарынын бузулушу менен үч түрдөгү рак оорусунун артышы байкалган. Экөөсү кеңири таралган теринин рак оорусу. Учурда бул дарт менен 500 миң америкалык ооруйт. Ал эми үчүнчү түрү коркунучтуу түрү болуп эсептелет. Жылына 25 миң адам ооруйт. Бардык рак оорусу менен ооругандардын өлүмүнүн 65 пайызы үчүнчү түрүнө туура келет.
Өсүмдүктөргө тийгизген таасири
Өсүмдүктөрдүн ультрафиолеттүү радиацияны көп сиңирип алуусу алардын жалбырагынын кичирейишине жана өсүү темпинин төмөндөшүнө алып келет. Мериленд университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, өсүмдүктөрдүн 3/2си ультрафиолеттүү радиацияга сезгич келгени байкалган. Алардын басымдуу бөлүгү отоо чөптөрү болгон.
.
Жыйынтык.
.
Адамдардын табиятка таасир этүүсү жыл өткөн сайын жогорулап барат. Мындай нукта кете берсе, атмосферага жана анын белгилүү бир катмарларына орду толгус зыян алып келиши толук мүмкүн. Мисалы, жөнөкөй турмуш-тиричиликте колдонулган химиялык кошулмалардын (аэрозоль ж. б.) озон үчүн чоң зыян алып келерин эч ким деле этибарга албаса керек. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, озон катмарын сактап калуу боюнча канчалаган аракеттер көрүлгөнүнө карабай, коркунуч дагы деле сакталууда.
.
Кызыктуу фактылар:
.
• Озон катмары уюлдарда 8 чакырымдан, экватордо 17 чакырымдан башталат да, 50 чакырым бийиктикке чейин созулуп жатат. Бирок анын тыгыздыгы өтө төмөн. Эгер нормалдуу басым (760 мм. см. мам.) жана температурада (0°С) озон катмарын вертикалдык түрдө кыса турган болсо, калыңдыгы болгону 3,5 мм болмок.
.
• 1998-жылдын жаз айында Түштүк уюл аймагында озон тешигинин аянты рекорддук көрсөткүчкө жеткен, башкача айтканда, 26 млн. чарчы чакырым аянтты ээлеген. Бул болжол менен Австралиянын аянтынан үч эсе чоңдук кылат.
.
• Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, Кыргызстан озон молекулаларынын жетишсиз болгон аймагында жайгашкан. Озон молекуласынын катышынын жогорку чекке жеткен учуру (башкача айтканда, Күндүн зыяндуу нурларынан жакшы коргой турган учур) көбүнчө кыштын аягында, жаз келери менен болот. Ал эми күзүндө бул көрсөткүч кыйла азаят.
.
• 1990-жылдардын биринчи жарымында озон тешигинин аянты 15 млн. чарчы чакырым болгон. 1995-жылы ал 20 млн. чарчы чакырым, ал эми 1999-жылы бул көрсөткүч 25 млн. чарчы чакырымга жеткен.
.
• Орто эсеп менен 1979-жылдан 1990-жылга чейин озон курамы 5 пайызга төмөндөгөн. Ал эми 1992-жылы Антарктиданын үстүндө озондун концентрациясынын төмөндөшү 90 пайызга чейин болгон.

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#163 17 February 2015 - 14:43
Уюлдук жаркыроо
.
Улуу Жараткандын табигатка жашырган дагы бир сыры – уюлдук жаркыроо. Уюлдук жаркыроо – асманда театрдын көшөгөсү сымал формага ээ болуп, түркүн түстүү жаркыроону пайда кылган кереметтүү кубулуш. Бул жаркыроодо көк, кызыл, жашыл жана кызгылт-сары түстөрдүн басымдуу болгонун байкаса болот. Бул жаркыраган «нур көшөгөлөрү» узундугу 1600 чакырымга, туурасы 160 чакырымга чейин созулат.
.
1957-58-жылдары биринчи эл аралык «Геофизикалык жыл» жарыяланып, бир катар илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн да, мурун белгисиз болгон айрым кубулуштар аныкталган. Мисалы, Күндөгү күчтүү жарылуунун аркасынан эле Жердин эки уюлунан тең уюлдук жаркыроонун бир нече жолу кайталанышы байкалган. Айрым учурда уюлдук жаркыроо деңиз жээктеринде гана пайда болуп, кургактыктын үстүнө чыкпаганы байкалган. Кызыктуусу – бул асман көшөгөсү шамалга желбиреген сымал кыймылда болуп, түсүн өзгөртүп турат. Уюлдук жаркыроо Жер шарынын атмосферасында болгону менен, башаты Күндөн башталат.
.
Күн шамалы
.
Күн – эрип турган газдардан (суутектин жана гелийдин атомдорунан) турган планета. Бул атомдордун ядросунда протондор, аларды айланып тынымсыз кыймылда болуп турган электрондор болот. Протондор оң зарядды, ал эми электрондор терс зарядды ташып жүрүшөт. Күндүн тышкы катмарын курчап турган өтө жогорку температурадагы газдардын топтомунан турган катмары мезгил-мезгили менен жарылуунун же химиялык реакциялардын натыйжасында космоско заряддалган бөлүкчөлөрдөн турган газдарды чыгарып турат. Бул бөлүкчөлөр космосто секундасына 960 чакырым ылдамдык менен учкан агымды пайда кылат. Мындай агымдар Күн шамалы деп аталат.
.
Жердин магниттик талаасы
.
Жердин магниттик талаасынын негизги «күч сызыктары» атмосферадан тышкары болот да, түндүк жана түштүк уюлдардан кезигишет. Башкача айтканда, Жердин геомагниттик талаасынын (магнитосфера) уюлдары түндүк жана түштүк уюлга туура келет (бирок дал келбейт). Күндөн чыгарылган заряддалган бөлүкчөлөр космостук мейкиндик аркылуу жарыктын ылдамдыгы менен учуп келип, Жердин экватордук аймактарына туш келет да, андан геомагниттик талаанын күч сызыктарынын багыты менен уюлдук аймактарды көздөй учат.
.
Жер шарынын атмосферасы негизинен азоттон жана кычкылтектен тургандыктан, Күн шамалы менен келген заряддалган бөлүкчөлөр атмосферага киргенде, бул газдардын атомдору менен кагылышат. Кагылышуудан улам атомдордун айрымдары электрондорун жоготсо, башкалары кошумча энергияга ээ болушат. Мындай «бомбалоодон» кийин алар жарык чыгара баштайт. Күн шамалы менен келген бөлүкчөлөр кычкылтектин молекуласы менен кагылышуудан электрондорун жоготпойт. Ал эми азоттун атомдору электрондорун жоготсо, анда көгүш жана сыя-көк түстөгү жарык чыгарат. Ал эми жоготпосо, кызыл түстөгү жарык чыгарат. Мына ушунун натыйжасында уюлдук жаркыроо пайда болот.
.
Айрым учурда Күндөн чыккан бөлүкчөлөрдүн агымы өтө күчтүү болгондо магниттик талаанын күч сызыктарынын каршылыгын ашып өтүп, экватордун аймагында жашагандарга да бул кубулушту көрүү бактысын тартуу кылат. Бул Күндүн активдүү фазасынан бир топ мезгил өткөндөн кийин байкалат.
Мындан тышкары Күндүн кубаттуу жарылуусу байкалган мезгилде Жердин эки уюлунан тең бир убакта ири көлөмдөгү жаркыроолор болгону байкалган. Мисалы, англиялык саякатчы Джеймс Кук (1728-1779-жж.) түштүк жарым шардагы уюлдук жаркыроону: «Уюлдук жаркыроо – өтө зор аянтты ээлеген «бийлөөчү нурлардын» асманды Күн нурунун бардык түстөрү менен көркүнө чыгарган кереметтүү көрүнүш», – деп сүрөттөгөн да, айрым учурда мындай жаркыроо эки уюлда бир убакта болорун да жазып кеткен.
.
Уюлдук жаркыроонун түсү жана формасы
.
Уюлдук жаркыроонун ар кандай түрлөрү болот. Бул кубулуштун формасы негизинен алардын пайда болгон бийиктигинен көз каранды. Мисалы, ийилген же арка формасындагы жаркыроолор 65-105 чакырым бийиктикте болору аныкталган. Ал эми жаркыроонун максималдуу бийиктиги жер бетинен 998-1130 чакырым бийиктикте катталган. Уюлдук жаркыроо кээде булуттардын арасынан түз сызык болуп түшкөн нурдай болуп көрүнөт. Кээде күн желеси сымал бир тарапка ийилген формада болот. Көбүнчө театрдын көшөгөсүндөй формада болот да, түркүн түстө жаркырап, толкун сымал кыймылга келип турат. Ал эми анын түстөрү да ар түрдүү болот. Айрым окумуштуулардын айтуусу боюнча, жогорку бийиктиктеги жаркыроолор кызыл жана кызгылт түскө ээ болот. Андан кийин жашыл түс басымдуулук кылса, төмөнкү катмарда акырындап сыя-көк түстөн көгүш түскө өтөрүн белгилешет. Мунун себебин улам бийиктеген сайын атмосферадагы молекулалардын жыштыгынын азайышы менен түшүндүрүшөт. Бул керемет көрүнүштү көрүү үчүн атайын уюлдук аймактарга баргандар бар.
.
Жер шары Күн шамалынын заряддалган бөлүкчөлөрүнүн бомбалоосуна кабылган жалгыз планета эмес. Уюлдук жаркыроо – көптөгөн окумуштуулардын изилдөө обьектисине айланган табигый кубулуш. Кытай окумуштуулары Венера планетасынын атмосферасынын жогорку катмарында магниттик талааны байкашкан. Ушундан улам андагы уюлдук жаркыроонун байкалганы да бекеринен эмес. Венерадагы уюлдук жаркыроону ачууга чейин Меркурий, Юпитер жана Сатурнда болору теория жүзүндө гана айтылып келген.
.
Кызыктуу фактылар
.
• Көптөгөн саякатчылар уюлдук жаркыроо болгон жерде ар кандай мираждардын пайда болгонун байкашкан. Уюлдук жаркыроо менен бирге ар кандай жаныбарлардын, кемелердин элеси көрүнгөн. Ал эми ХХ кылымдын башында басылып чыккан «Аалам жана адам» деген альманахтын бир санында бир нече ирет оролуп алган чоң кобра жыланынын элесин чагылдырган сүрөт жарыяланган. Бул көрүнүштөр да уюлдук жаркыроо менен коштолгону баса белгиленген.
.
• Лапландиялыктар түнкү асманды көркүнө чыгарып түркүн түскө боёгон уюлдук жаркыроону асман түлкүсүнүн издери деп ойлошсо, гректер кандуу жамгыр катары, немистер асман жарыгы катары кабылдашкан. Ал эми эскимостор болсо асман жашоочулары деп билишкен.
.
• Байыркы европалыктар бул кубулушту асмандагы алптар салгылашып жатышат жана алардын куралдарынан чыккан учкундар жерге түшүп жатат деп чечмелешкен.
.
• Түштүк жаркыроону байыркы римдик мифтердеги таңдын кудайынын атынан «Аврора» деп аташкан.
.
• Толкун сымал үзүлбөстөн кыймылга келген бул жаркыроо начар угулган шуулдоо менен коштолот. Жергиликтүү эл аны «жылдыздардын шыбырашуусу» деп атап алышкан.
.
• 1887-жылы норвегиялык физик Биркеланд күндөн чыккан заряддалган бөлүкчөлөрдүн Жердин атмосферасындагы газдар менен болгон кагылышуусунан жаркыроо пайда болорун далилдеген.
.
• Уюлдук жаркыроо – бир нече мүнөттөн бир нече саатка чейин созулуп, асманды ар кандай түскө боёгон табигый кубулуш. Түндүк уюлда уюлдук жаркыроо дээрлик ар түнү болот. Альяска, Канада, Норвегияда жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөр менен уюлдук жаркыроонун 94 пайызы жер бетинен 90-130 чакырым бийиктикте байкалганын аныкташкан. Эң төмөнкү бийиктик 60 чакырым, ал эми эң жогорку бийиктик 1130 чакырым болгон.
.
• Окумуштуулар уюлдук жаркыроонун эсеби Күндүн активдүү цикли менен тыгыз байланышканын аныкташкан.
.
• Скандинавияда жана Түндүк Америкада жылына 20-200гө чейин болот. Париж, Лондон шаарларынан жылына 50гө чейин жаркыроону байкоого болот. Түндүк жаркыроо – түнкү асмандагы эң кереметтүү көрүнүштөрдүн бири. Тилекке каршы, аны бардыгы эле көрө бербейт. Түндүк уюл аймагында жашагандар түндүк жаркыроону, түштүк уюлда жашагандар түштүк жаркыроону көрө алышат.
.
• Ал эми Күндүн активдүү убагында бул кубулушка айрым көнүмүш болбогон аймактарда жашагандар дагы күбө боло алышат. Бул – 11 жылда бир кайталанып турган кубулуш.
.
• Уюлдук жаркыроо жазында жана күзүндө башка мезгилге караганда тез-тез байкалат. Мында кыска убакыттын ичинде зор көлөмдөгү энергия бөлүнүп чыгат. 2007-жылдагы уюлдук жаркыроонун биринде 5×1014 Джоуль энергия бөлүнүп чыккандыгы аныкталган. Бул болжол менен магнитудасы 5,5ке барабар болгон зилзаланын энергиясына барабар.
.
Булактар:
.
http://www.voprosy- kak-i- pochemu.ru/chto-takoe- severnoe-siyanie /#ixzz1rokIsWE1
.
http://www.krugosvet. ru /enc/nauka_i_tehnika/ fizika /POLYARNOE_SIYANIE.html
.
http://sky.onego.ru /appearance/aurora.html
.
http://www.planet- x.net.ua /earth/earth_priroda
.
http://www.planet- x.net.ua /earth /earth_priroda_pol_sijanie. ht ml
.
Булактар Суперге курамы окшош эмес башка тилдеги сайттар.

#164 17 February 2015 - 14:45
Табигаттагы «жалган сүрөттөр»
.
«Биз да адамбыз, ошондуктан адамдын акылы жеткен чектен тышкары эч нерсе кыла албайбыз», – деген экен бир окумуштуу. Чынында эле, Жараткандын табигатка каткан кереметтерин бардык нерседен кезиктирүүгө болорун жана адамзат технологиялык жактан канчалык өнүкпөсүн, табигаттагы сырларды түшүнүүдө дагы эле алсыз экендигин моюнга алат. Мына ошондой табышмактуу сырлардын бири «жалган сүрөттөр» же мираждар болуп эсептелет.
.
Мираж (фр. mirage – көрүнүш) – атмосферадагы оптикалык кубулуш. Абанын тыгыздыгы бири-биринен кескин айырмаланган катмарларынын арасындагы жарыктын чагылышы,башкача айтканда, байкоочу үчүн алыстагы нерсенин жалган элесинин чагылып көрүнүшү. Мираждар тууралуу бардыгы белгилүү, ошол эле учурда эч нерсе белгисиз деп айтса болот. Мисалы, жайдын күнү ысыган таш жолдон көлдүн элесин, суунун элесин көрбөгөндөр аз болсо керек. Ал эми чөлдөн асманда ар кандай элестердин так сүрөттөлүшүн байкабагандар да жок эмес. Ал гана эмес, деңиздин, андагы кемелердин ж. б. ар кандай элестердин да көрүнгөн учурлары катталган. Бул табигый феноменди түздөн-түз изилдөө мүмкүн болбогондуктан, илимий жактан так ачыктап түшүндүрүп бергендер дээрлик жок. Мираждарды көрүү байыртадан эле белгилүү. Мисалы, ар кандай тарыхый жазууларда алыстагы согуш жүрүп жаткан талаанын элестүү чагылышы көрүнгөнү жазылган маалыматтар бар. Байыркы египеттиктер болсо мираж – дүйнөдө жок болуп кеткен өлкөнүн «арбагы» деп ишенишкен.
.
Изилдөөлөрдүн башталышы
.
Мираж тууралуу изилдөөлөр кемелерде бардык таң каларлык кубулуштарды жаза турган журналдын пайда болушу менен башталган. Греландиянын чыгыш жээгине болгон сапар тууралуу жазылган эски журналда 1820-жылы «Баффинг» кемесинин командири горизонтто, деңиз бетинен бир аз жогоруда чиркөөлөрү жана мунаралары бар чоң шаарды көргөнүн жазган. Ал эми 1840-жылы Англиянын түндүк жагындагы аралчанын тургундары асмандан өтө кооз ак сарайларды көрүшкөн. Ал кезде андай мекемелер жок болгондуктан, алар уламыштардагы айнек шаарларда жашаган фин элин эстешкен. Алыстагы кереметтүү шаардын элесин алар экинчи жолу туура 17 жылдан кийин дагы көрүшкөн. Бул жолу ал абада толук 3 саат бою кармалып турган.
.
Мираждардын өң көп болгон жери катары Аляска алдыңкы орунда. Суук канчалык күчүнө кирсе, элестер ошончолук так жана даана көрүнөт. 1889-жылы Фэрутер тоосунун жанындагы жергиликтүү тургундар жарым аралдын түштүк-чыгыш тарабынан бийик мунаралары, мечиттери жана чиркөөлөрү бар кооз шаарды көрүшкөн. Албетте, бул шаардын «оригиналы» миңдеген чакырым алыстыкта болгон. Ошентип, Аляска бүгүнкү күнгө чейин мираждардын очогу катары белгилүү. Азыр ал жерде табигый кубулуштарды изилдөөчү атайын илимий коом түзүлүп, андагы байкоолордун жыйынтыктарын жарыялаган журналды чыгарып турушат. Ал эми ал жакка АКШдан жана Канададан келген туристтерди автобустар менен кыдыртышат да, океандын түптүз жерине пайда болуп, анан кайра жоголуп кеткен тоолорду көргөзүшөт. Бирок миражды көрүү үчүн сөзсүз түрдө Аляскага баруу керек эмес. Эгер чак түштө, ысыкта таш жолдо (асфальт) Күн тарапты карап турса, 2-3 чакырым алыстыктагы жол суу каптагандай көрүнөт. Канчалык жакын көрүнгөн менен, жакындаган сайын, элес да алыстай берет. Бул кубулушту Гаспар Монж аттуу француз окумуштуусу мындайча сүрөттөйт: «Жер бетин аёосуз ысыткан Күн нуру жаңыдан кайта баштаганда, жер бети суу каптагандай болуп, ал эми алыскы айылдар жогору, суунун үстүндө жайгашкан аралдай болуп көрүнүп калат. Ал айылдарга жакындаганда «көлдүн жээги» улам арылап кете берет».
.
Келип чыгуу себептери
.
Албетте, бардык кубулуштар бир физикалык законго баш ийет жана алардын пайда болушунун белгилүү бир себептери сөзсүз болот. Ал эми мираждын пайда болуусу төмөндөгүдөй: физикалык закондордун негизинде жарык нурлары ар дайым жылуу аба катмарынан муздак аба катмарын карай ийрийип сынат. Бул кубулуш рефракция деп аталат. Асмандан келген нурлар жерге жакындаганда жогору карай ийилет да, жер бетинен чагылып, биздин көзгө жетет. Ошондо биз көк асмандын бир бөлүгүн көрөбүз, болгону чыныгы деңгээлинен бир топ төмөн жактан. Ал эми анын ар кандай көркөмдөлүшү – тынымсыз жогору багытталган жылуу абанын бирдей эмес агымды пайда кылганынан улам. Ошол эле мунаралар, шаарлар жана тоолор суу каптагандай элес бербесе да, жалпысынан бирдей эле физикалык законго баш ийет. Окумуштуулар аларды «жогорку мираждар» деп аташат.
.
Мисалы, Аристотелдин «Метеорология» аттуу эмгегинде Сиракуздун тургундары бир нече саат бою асмандан Италиянын жээгин көрүшкөн. Ал эки аймактын ортосу 150 чакырым болгон. Мындай кубулуштар муздак жана жылуу аба катмарынын өз ара катыштык жайгашуусунан улам болот. Улам бийиктеген сайын, абанын муздашы жана тыгыздыгынын азайышы жер бетиндеги ар кандай нерселерден чагылган нурлардын сынуусуна, башкача айтканда, кайра жерди көздөй чагылуусуна себеп болот. Ошондуктан нурлардын мындай сынуусу ар кандай предметтерди жогору жакка «көтөрүп», алыс аралыктан көрүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ал эми биздин көзүбүз нерсенин акыркы келген элесин кабыл алгандыктан, алардын ордун да ошого жараша аныктайт. Ошентип, Жараткандын табигатка жашырган бул кубулушу бизге горизонттун ары жагындагы нерселерди көрүүгө шарт түзөт.
.
Мираждын түрлөрү
.
Мираж жогорку жана төмөнкү болуп бөлүнөт. Жогорку мираж – жер бетиндеги ар кандай нерселерден чагылган нурлардын ысык аба аркылуу кайра жогору чагылышы. Бирок ал нурлар абанын бир аз бийиктиктеги муздак катмарына туш болгондо кайра сынат да, жердеги чагылган нерселердин элесин алыстарга «берет».
Ал эми төмөнкү мираж – ошол чагылган нерсенин элесинин төмөн жактагы ысык аба аркылуу кайра сынып, көзүбүзгө ал нерсенин элесинен дагы төмөн жакта, нерсенин суудагы чагылышы сыяктуу элесин берет.
Мираждардын дагы бир табышмактуу түрү фата-морган деп аталат. Италиялыктардын тилинде «фея морган» маанисин берет. Уламыштарга караганда, бул кубулуш «Фата Морган» эпосунун каарманы, рыцарь Ланцелотко жетпей калганынан улам деңиздин түбүнө айнектен жасалган кан сарайга түшүп кеткен Артур падышанын карындашынын атынан аталып калган. Ушул күнгө чейин кемедегилерге анын элеси же ушуга окшогон тирүү элестер көрүнүп турат. Буга мисал катары төмөнкү окуяларды айтса болот.
.
1902-жылы америкалык окумуштуу роберт Вуд Чесапинск булуңунда суу үстүндө басып жүргөн эки баланын сүрөтүн тартып алган. Сүрөттө ал балдардын бою 3 метрден ашык экендиги аныкталган.
«Фата Морганга» азыркы убакка чейин моряктар көрүп калып жүргөн көптөгөн «учуучу голландиялыкты» (летучий голландец) шек-күмөнсүз киргизүүгө болот. 1941-жылы 10-декабрда эртең мененки саат 11де Мальдивск аралдарынын аймагында сүзүп жүргөн британиялык «Вендер» кемесинин сүзүүчүлөрү горизонтто күйүп жаткан кемени көрүшөт. «Вендер» кемеси куткарууга жөнөйт. Кырсыкка учураган кеме күйүп отуруп бир сааттан кийин капталына ооп, анан чөгүп кетет. Бирок ал жерге келген «Вендер» кемесиндегилер ал жерден эч бир кырсыктын изин көрө алышпаган. Акыркы токтоочу жайы болгон Индиядан «Вендердин» командири кырсык болгон сааттарда Цейлон аралына жакын жерде Япон торпедаларынан сокку жеген «Рипалс» крейсери күйүп, чөгүп кеткенин угат. Окуя болгон жерден анын жалган элеси, башкача айтканда, миражы көрүнгөн жердин арасындагы аралык 900 чакырым болгон. Мындай мисалдар 1974-жылы Москвадан чыккан «Табигаттын оптикалык кубулуштары» аттуу китепте да орун алган.
.
1898-жылдын 27-мартынын түнүндө Тынч океандагы «Матадор» кемесинин сүзүүчүлөрү катуу корккон бир окуя болгон. Түн жарымы ченде экипаж болжол менен үч чакырым алыстыкта катуу толкун менен күрөшүп жаткан кемени көрөт. Бул окуя океан тынч болуп турган убакта болгону өтө кызык болгон. Ал кеме «Матадордун» жолун кесип чыккан да, кагышуу коркунучу пайда болгон. Бирок акыркы мүнөттөрдө ал кеменин жарыгы өчүп, өзү да, шамал да, толкун да ошол бойдон горизонттон жок болгон.
.
Кандай болгон күндө да, окумуштуулар «көрүнчү-мираждардын» пайда болуу механизмин толук түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Азырынча болжолдуу теориялар менен чектелип келишет. Канчалык изилдөөгө алып, канчалык ачылыштарды ачкан сайын, окумуштуулар Улуу Жараткандын табигатка каткан сырларынын ошончолук терең, ошончолук түпсүз экендигине ынанып келишет.

#165 17 February 2015 - 14:46
Табышмактуу үч бурчтук
.[color="brown" ]
Бермуд аралдары 1503-жылы испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Бермуд тарабынан ачылган да, анын атынан аталып калган. Ал эми табышмактуу аймак Бермуд аралдарынын тегерегинде жайгашкандыктан, Бермуд үч бурчтугу деген атка ээ болгон. Бул үч бурчтук Флоридадан Бермуд аралдарына, андан Пуэрто-Рикого жана Багам аралдары менен Флоридага чейинки аймакты өзүнө камтыйт. Сырдуу аймактын аты учактардын жана кемелердин табышмактуу жоголуусунун эң жогорку көрсөткүчтөрү менен чыккан. Бул көрүнүштүн чыныгы себеби алиге чейин табышмак бойдон калууда. Албетте, окумуштуулар табигаттын бул табышмактуу сырын ачууга далай ирет аракет кылышкан, азыр да изилдеп келишет. Бирок теория жүзүндө гана аныктамалар болбосо, «үч бурчтук» өз сырын ачууга шашылган жок.
.
Уламыштардын келип чыгышы
Бермуд үч бурчтугу тууралуу ар кандай мистикалык уламыштардын келип чыгышы деңиз саякатчысы Христофор Колумбдун мезгилине барып такалат. Атлантика океанын азыр биз Бермуд үч бурчтугу деп атап койгон Саргассово деңизи аркылуу биринчи жолу Колумб сүзүп өткөн. Анын кемесиндеги күндөлүк журналы деңиздеги таң калыштуу атмосфера, компастардын башаламан көргөзүшү, таң калыштуу балырлардын деңиздин бетин жыш каптап калышы, асмандан капыстан пайда болгон жалындар, аппак тумандын жылып жүрүшү ж. б. у. с. таң калычтуу окуяларды сүрөттөгөн жазууларга толгон эле. Ар бир окуя ансыз да жерди көрөбүзбү деп келаткан моряктардын жүрөгүнүн үшүн алган. Мындай коркунучтуу кабарлар моряктардын арасында желдей тараган да, бул аймак тез эле коркунучтуу жана табышмактуу аймакка айланган. Ал эми ансыз да сенсациялуу жаңылыкты аңдып турган журналисттер үчүн бул чоң табылга болгон.
.
Саргассово деңизи түндүк Атлантика океанынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Анын аянты Түндүк Американын аймагынчалык чоңдукта. Ал эми анын аты португал тилинен алганда «sагgасо» – «деңиз балыры» деген сөздөн келип чыккан. Чынында эле бул жерде суу үстүндө балырлар өтө жыш өсүп, шамал сейрек жүрөт, булуттар да көп кармалбай, жаан жаашы да сейрек көрүнүш болуп эсептелет. Бардык жагынан күчтүү атлантикалык агымдар курчап тургандыктан, суусу саат жебеси боюнча өтө жай айланат. Ал гана эмес, үлп эткен жел жоктугунан жана жөргөмүштүн желесиндей туткундап алган балырлардын айынан кемелердин суткалап ордунан жылбай калган учурлары да көп болот. Ушулардын баары ал аймактын дагы да коркунучтуу жана табышмактуу болушуна салым кошкон. Ал эми мындай табигаттын тарткан торунан кемелердин моряктары кутулуп кеткен учурлар сейрек болгон. Ал аймактан көптөгөн ээси жок кемелер табылгандыктан, Кемелер көрүстөнү деген кошумча атты да ыйгарып жиберишкен. Мындан тышкары, Атлантика көрүстөнү, Өлүм үч бурчтугу, Шайтандын үч бурчтугу ж. б. аттар менен да аташкан.
.
Популярдуулуктун артышы
Бермуд үч бурчтугу тууралуу алгачкылардан болуп 1950-жылы «Associated Press» агенттиги иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада бул аймак эң кырсыктуу аймактардын алдыңкы катарында орун алган. Андан кийин ушул эле агенттиктин кабарчысы бул тууралуу кичинекей китеп чыгарган, бирок ал убакта китеп анчалык деле ийгиликти багындырган эмес. Эки жылдан кийин ар кандай табышмактуу сырларга арналган «Тагдыр» («Fate») журналына Атлантика океанындагы табышмактуу жоголуулар тууралуу макала жарык көргөн. Бул да көпчүлүктүн көңүлүн бура алган эмес. Ал эми 1964-жылы «Кеме» («Argosy») журналы макала басып чыккан. Ошол эле жылы Винсент Гаддис «Чексиз мейкиндик» китеби менен Бермуд үч бурчтугуна коомчулуктун көңүлүн бурдура алган. Андан көп өтпөй эле Джон Спенсердин «Каргышка калгандардын тозогу» деген китеби жарык көргөн. Ошондон кийин үч бучтуктун популярдуулугу геометриялык прогрессия менен өсө баштаган.
Ал эми 1974-жылы Чарльз Берлицтин «Бермуд үч бурчтугу» деген китебинин жарыкка чыгышы Бермуд үч бурчтугун «легендарлуу» кылып койгон. Анда үч бурчтуктун сырларынын тизмеленип, мистикалык жактан түс кошулуп сүрөттөлүшү, ансыз да башка планеталыктар бар деген оюн таңуулап келе жаткан батыштагы айрым уфологдордун чырагына май тамызган жана алар үчүн да бул окуялар өтө чоң изилдөө обьектисине айланган. Алар бул кырсыктардын артында башка планеталык аң-сезимге ээ болгон жандыктар турарын белгилеген бир топ версияларын айтып чыгышкан. Андай версиялардын бири сырдуу үч бурчтуктун аймагында башка планеталыктардын эксперименттик базасы бар деген көз караш болгон. Бирок кийин Берлицтин китептериндеги айрым маалыматтар туура эмес экендиги такталган.
Лоренс Кушенин аныктамасы
Бермуд үч бурчтугунун аймагы 4 миллион чарчы/метрди түзөт да, Бермуд аралдары, Пуэрто-Рико жана Флорида жарым аралынын түштүк чеги менен чектелет. Чынында эле Бермуд үч бурчтугунун аймагынан радиоприборлор, компастар, электрондук бардык көргөзгүч аппараттар иштен чыгып калат. Англиялык окумуштуу Лоренс Д. Куше «Бермуд үч бурчтугунун сыры ачылды» деген китебинде (1975-жылы чыккан) ага чейинки феноменалдык популярдуулукка жеткен «негизсиз» уламыштарга чекит коюуга жана илимий аныктама берүүгө аракет кылган. Ал өз эмгегинде көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын, күбөлөрдүн айткандарын комплекстүү түрдө карап, эске алуу менен акыркы жылдардагы эң популярдуу (элүүдөн ашык) окуяларды изилдөөгө алган да, «Бермуд үч бурчтугун аномалдуу аймак деп атоого болбойт жана ал тууралуу айтылган нерселердин бардыгы – деталдуу ойлонулган уламыш. Бул алгач так изилденген эмес да, сенсация издеген журналисттердин колуна түшүп калган», – деген пикирин билдирген. Кушенин айтуусу боюнча, бул аймактан өтө көп деңиз жана аба жолдорунун каттамы өткөндүктөн, мындай көрсөткүчтөгү кырсыктардын болуп турушу – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул көз карашты советтик академик Л. М. Бреховских ж. б. окумуштуулар дагы карманышкан. Бул «анчалык коркунучтуу» болбогон жерден, башкача айтканда, Атлантика океанынын үч бурчтук жайгашкан аймагынан чынында эле өтө көп сандаган аба жана суу каттамдары өтөрү жогорку көз карашты кармангандардын пайдасына далил болуп калган.
.
Бермуд үч бурчтугунун сыры ачылды… бы?
.
Жакында англиялык ВВС компаниясы өзүнүн Антлантика океанындагы эң табышмактуу жердин сырларына илимий аныктама берген макалалары «Corriere della Sera» сайтына басылып чыккандыгын кабарлаган. Ал макалаларда ВВС радиоберүүсүнүн авторлору 1950-жылдары Бермуд үч бурчтугунун популярдуу болуп кетишине себеп болгон эки учактын жоголуу себебин илимий түрдө аныктап бере алышкан.
Алгач, илимий жактан изилдей келгенде, учактардын жоголуп кетүүсүнүн чындыкка жакын деп табылган теориясы аныкталган. Биринчиден, «Авро Тюдор» учагынын сырткы түзүлүшү ишенимдүү болгон эмес. Алар 9 000 метр бийиктикте учууга ылайыкталган. Бирок мындай бийиктикте температура -40 градус цельсий болгондуктан, жылыткычтарды иштетүү керек эле. Ал учактын жылыткычы иштебей калгандыктан, 600 метр бийиктикке чейин төмөндөгөн. Ал эми бул төмөндөө өз кезегинде башка проблемаларды жараткан. Учактар канчалык төмөн учса, абанын каршылык күчү ошончолук чоң болот. Демек, күйүүчү майды сарптоо да артат. А эгер ал өз багытынан адашканын эске алсак, анда анын күйүүчү майы жетпей калуусу толук мүмкүн.
.
Экинчи проблемасы – эгер аба чуңкуруна туш келип калса, андай төмөндүктөн учактын абалын оңдоп кетүүгө бир нече секунд жетпей калышы да мүмкүн эле. Бул учурда учактын деңизге кулап түшүүсү дагы толук мүмкүн экендигин айткан авиакырсыктарды изилдөө боюнча адис Эрик Ньютон.
.
Чынында эле ал учурда учактардын коопсуздук системасы начар эле. Ал эми спутник аркылуу багыт берүүчү система тууралуу сөз козгобосо да болот. Ал гана эмес, кийинки эле чыккан, бардык системасы заманбап технология менен жабдылган А330 лайнери да Атлантика океанынан дайынсыз жоголуп кеткени белгилүү.
Окумуштуулар сырдуу үч бурчтуктун аймагындагы дайынсыз жоголуу фактылары тууралуу маалыматтарды бир нече түргө бөлүп карашкан:
.
1. Ойдон чыгарылган; кээде аша чаап, болбогон окуяларды болгондой кылып жазып жибериши.
.
2. Олуттуу каталар; кеме же учактын аттарынын төп келбеши же алардын жоголгон даталарынын дал келбеши; кээде жоголду деген кемелер же учактар андан кийин да көпкө кызмат кылган учурлар да кездешкен.
.
3. Кырсык болгону менен, ал тууралуу маалыматтардын бурмаланып берилиши; мында конкреттүү бир кырсыктын болгону жана анын экипажы куткарылып калганы, кырсык болгон жерден кеменин же учактын калдыктарынын табылышы ж. б. у. с. маалыматтар ачык берилбей, табышмактуу түрдө дайынсыз жоголгондордун катарына кошулушу.
.
4. Кырсык фактысын так көргөзгөнү менен, анын себептерин өтө эле көркөмдөп, көбүртүп-жабыртып жиберүү.
.
5. Чындыгында эле табышмактуу түрдө дайынсыз жоголуу.
Кызыктуу теориялар
Бермуд үч бурчтугу тууралуу көптөгөн теориялар айтылган, бирок алардын бирөөсү да учурда илимий жактан так аныктала элек. Айрымдар ал аймактын табышмактуулугуна ишенишсе, кээ бирөөлөр башка жакта дагы мындай жоголуулар, кырсыктар болорун, мында аномалдуу эч нерсе жоктугун айтышат. Ошентсе да, негизги теориялар төмөндө орун алган.
.
1. Изилдөөчү Алан Джаддын теориясы боюнча, суу түбүндөгү топурактын курамында зор өлчөмдөгү метан бар. Ал суу үстүнө чыгып, андан атмосферага таралат. Метан суу түбүндөгү айрым шарттардан улам сыртка чыгарылып турат. Ошол учурда суунун тыгыздыгы азайып, кемелерди суу үстүндө кармай албай калат. Суудан чыккан метан абага да тарап, абанын тыгыздыгынын азайышы бийиктиктеги учактардын кулап түшүүсүн шарттайт. Мындан тышкары, абадагы метан учактардын кыймылдаткыч моторун токтотуп коюшу мүмкүн. Метан суунун жана абанын тыгыздыгын азайтып коёрун калифорниялык окумуштуу Брюс Денардо дагы лабораториялык тажрыйба аркылуу далилдеген.
.
2. Окумуштуу Уоллис Спенсердин ою боюнча, океандын түбүндө башка планеталык жогорку акыл күчүнө ээ болгон келгиндер бар. Алар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү үчүн кемелерди жана учактарды андагы адамдары менен кошо алып кетет. Бул гипотезаны жактагандар 1945-жылы алгачкы беш учак кырсыкка учураган убакта, учкучтардын бири-бири менен болгон сүйлөшүүлөрүн далил катары карманышат. Ал сөздөр диспетчерге түшкөн «менин артыман келбе, алар башка планеталыктарга окшош экен…» деген сыяктуу сөздөр эле.
.
3. Ал эми, айрымдардын ою боюнча, азыркы Бермуд үч бурчтугунун аймагына, океандын түбүнө, 11 000 жыл мурун комета түшкөн. Бул асман телосу абдан күчтүү электромагниттик күчкө ээ болгондуктан, ал жерден өткөн учактардын жана кемелердин навигациялык приборлорун жана моторлорун иштен чыгарып салат.
.
4. Ушундай эле теориялардын биринде Бермуд үч бурчтугунун аймагынан чыккан кандайдыр бир күчтүү бир магниттик таасирдин алдында физиканын закондору иштебей калары айтылат. Башкача айтканда, техникалык приборлор иштебей, компастар башка тараптарды көргөзүп калат да, кырсыктарга себеп болот.
Кемелердин жоголуусунун башка да, чындыкка бир аз жакындашкан теориялары тууралуу дагы унчукпай коюуга болбойт. Мисалы, айрымдар көз боёмочулук кылып, кемесин атайын чөгөрүп жиберишет. Мындан тышкары, каракчылар кемени талап-тоноп, андагы адамдарды өлтүрүп, кемени же чөгөрүп жиберишет, же ээн таштап салышат. Буга кубалык моряктардын 1981-жылы ичинде кармашуунун жана октун издери калган бош кемени табышканы далил.
.
Ошентип, табигаттын дагы бир табышмагынын сырын жашырып келген Бермуд үч бурчтугу азырынча аны ачууга ашыккан жок.
.
Мүмкүн, ай-жылдызды изилдеп, ар кандай иштин болорун алдын ала эсептеп билген азыркы технологиянын күчүнө ишенип алган адамзатына, ар нерсенин чеги болорун, канчалык өнүгүп-өспөсүн, пенденин күчү чектелүү экенин эскерткен бир белги болуп жүрбөсүн. Жараткан каалаган нерсесин ачык көрсөтүп, каалабаганын сыр кылып коюу кудуретине ээ эмеспи. Болбосо, адамды Айга алпарган нерсенин өзү дагы табигаттан табылган заттардан (элементтерден) жасалганын ким тана алат?..
.
Кызыктуу фактылар
.
- «Бермуд үч бурчтугу» деген сөздү алгач америкалык Е. Джоунс 1950-жылы Флоридада колдонгон. 1964-жылы Винцент Гаддис «Аргосы» журналына берген макаласын жогорудагы ат менен чыгаргандан кийин бул сөз кеңири тарап кеткен.
.
- Атлантика океаны аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча биринчилерден болуп иш жүргүзгөн «Түштүк Америка-Британия» аба жолдору аттуу компания Бермуд үч бурчтугунан эң көп жапа чеккен компания катары белгилүү. Анын тарыхында үч жылдын ичинде 11 кырсык болуп, беш учак жоголуп, 723 жүргүнчү жана 22 экипаж мүчөлөрү каза болгон.
.
1945-жылы ВВСтин беш учагы жоголгон. Ал эми 1948-жылдын 30-январында жана 1949-жылдын 17-январында болгон кырсыктар табышмактуу үч бурчтуктун сырынын таралышына чоң салым кошкон.
.
- 1880-жылы Бермуд аралдарынан Англияга сапар тарткан «Атланта» кемеси 290 экипажы менен дайынсыз жоголгон. Дыкат изилдөөлөр эч кандай жыйынтык берген эмес.
.
- 1918-жылы АКШга таандык «Циклоп» кемеси дайынсыз жоголгон. Узундугу 500 фут, сыйымдуулугу 19,5 000 тонна болгон кеме 309 экипажы менен Барбадостон сүзүп чыкканынан башка эч кандай факты катталбаган. Бул ХХ кылымдын алгачкы эң сырдуу табышмагы катары тарыхта калган.
.
Кемелер табышмактуу түрдө жоголгон фактылар гана эмес, табышмактуу түрдө табылган фактылар да таң калууну жараткан.
.
Мисалы:
- 1932-жылы Бермуд аралдарынын түштүгүнөн «Джон жана Мери» кемеси табылган. Анын парустары дыкат чогултулуп, баары өз жайында болгон. Болгону кемеде бир дагы адам болгон эмес.
.
- 1944-жылы кубалык жүк ташуучу «Рубикон» кемеси Флориданын жээктеринен табылган. Анда жалгыз иттен башка эч ким болгон эмес.
.
- Албетте, Бермуд үч бурчтугу боюнча дайынсыз жоголгон учактардын жана кемелердин саны жүздөп саналат. Жогоруда бир аз гана маалыматка токтолдук. Негизи ушул убакка чейин, расмий гана статистика боюнча, 428 кеме дайынсыз жоголгон.
Ал эми окумуштуулар атайын эксперимент катары ар кандай шартта болгон кырсыктардын 57 окуясын изилдөөгө алышкан. «Кырсыктарга аба ырайынын таасири болгонбу?» деген суроонун тегерегинде жүргүзүлгөн дыкат иликтөөлөрдүн жыйынтыгында кырсык болгон 15 учурда (26%) аба ырайы ачык жана жакшы, 29 учурда (52%) катуу шамал же жамгыр, ал эми калган 13 учурда (22%) аба ырайы белгисиз болгон.[/b]

#166 17 February 2015 - 14:47
Суусуз жашоого болобу?
.
“Таза болсоң, суудай бол, баарын жууп кетирген…”, – деп бабаларыбыз сууну тазалыктын символу катары карашкан. Суу – тазалык, сулуулук жана жашоо, ал болбогон жерде жандуу нерсе жөнүндө да, жашоо жөнүндө да кеп козгоо жөн гана куру сөз болуп калат. Суунун тузсуз, жытсыз жана даамсыз зат экени баарыбызга маалым. Ошондой болсо да, анын жашоого себепкер экени көбүнчө көз жаздымда калып келет.
.
Чындыгында суу, аба, күн жана топурак жашообузга берилген рахмат, береке жана байлык болуп эсептелет.
Суу – бардык тирүү жандыктардын эң кичине түзүлүшү болгон клеткалардын жашоосун улантуу үчүн эң маанилүү себептердин бири. Мисалы, адамдын денесинин 70 пайызга жакыны суудан турат, жер жүзүнүн да дээрлик 70 пайызын суу каптап турат. Клеткадагы химиялык реакциялар суулуу чөйрөлөрдө ишке ашат, башкача айтканда, жашоо тек гана суунун бар болушуна көз каранды десек да болот. Суу жандыктардын жашоосунда ушунча орчундуу орунду ээлесе, анда табиятта суусуз жашай алган жаныбарлар кездешеби деген кызыктуу суроо туулат. Бүгүнкү макалабыз дал ушул суусуз өмүрлөрүн өткөрө алган жаныбарлар тууралуу болмокчу.
Абдан өзгөчө жаратылышка ээ болгон африка балчык балыгы (protopterus) оор мезгилдерде 4 жылга чейин суусуз жашай алат. Кызыгы, бул балыктын узак убакыт бою суусуз жашашына көмөкчү болгон өзгөчөлүктөр эмнелер?
Аюулардын ызгаардуу кыштын суук күндөрүндө уйкуга кетери баарыбызга маалым. Кыш уйкусунун маалында тоңуп калбашы үчүн керектүү энергиянын аюунун таманында май болуп топтолуусу, дене метаболизмаларынын эң төмөнкү (минимум) даражага түшүрүлүшү, сууктан коргонуу үчүн жай тандоосу – акылдан жана түшүнүктөн куру болуп жаратылган бул жандыктарга карата айтылган маанилүү өзгөчөлүктөр.
.
Жаныбарлар дүйнөсүндө кээ бир жаныбарлар сууну үнөмдөө үчүн кышкысын эмес, жайкысын да укташат. Бул көрүнүштү жай уйкусу деп атайбыз. Жай уйкусу жаныбарлардын ысык жай күндөрүндөгү оор шарттарды уйку, уйкусуроо арасында эс алуу абалында өткөрүүсү. Бул уйку ысык жана кургак чөлкөмдөрдө жашаган кээ бир жандуулардын жашоосун улантышына жардам берет. Жайдын аптаптуу айларында табиятты жымжырттык каптайт. Бул жымжырттыктын себеби жаныбарлардын жай уйкусуна кеткендиги менен да байланыштуу.
Австралиянын Бурнет жана Мери дарыяларында жашаган, болжол менен 2 метр узундуктагы ак боор балыктар (neoceratodus forseti), кээ бир Борбордук Африка өлкөлөрүндө жашаган балчык балыктары, 1,8 метр узундуктагы P/DOLLOI жана айрым аймактарда 4 метрден ашканы белгилүү болгон P.amphibius түрлөрү менен Түштүк Африкада жашаган карамуралар (lepidosiren paradoxa) да жай уйкусунда жаткан ак боор балыктардын катарын толукташат.
.
Африкада жашаган ак боор балыктардын жаз уйкулары жалпыга белгилүү. Жай айларында дарыя суулары тартылганда ак боор балыктар ылай-балчыктарга көмүлгөн, метаболизмалары басаңдаган жана жарым уйку абалында суулардын кайрадан келишин күтүшөт. Физиологиялык жана биохимиялык процесстерден кабарсыз, акылын колдоно албаган бул балыктар дарыя же болбосо көлдөр соолуй баштаганда түбүндөгү ылайдан өздөрүнө уя жасашат. Суунун тереңиндеги ылайда кургоо процесси башталганда балыктын денеси терисинде жайгашкан өзгөчө түзүлүшкө ээ шилекейлүү жабышчаак зат менен, суу өткөрбөгөн кoзa менен курчалат. Балыктар козанын ичинде чогулган бир канча суу менен куйкалаган жайкы аптапта 7-8 айга чейин уктап жашоосун улантышат. Балыктардын баардыгы кычкылтек муктаждыктарын бакалоор аркылуу камсыздашканына карабастан, ак боор балыктар башка балыктарга караганда кызыктуу түзүлүшкө ээ.
Башка балыктарда суу тереңине чыдамдуу болууга таасир эткен ичке мембраналуу кезе өпкөнүн милдетин аткара ала турган деңгээлдеги кан тамырлары аркылуу дем алуу органынын милдетин аткарат.
.
Суу өткөрбөгөн жана чыдамкай козанын ичинде жашаган балыктар муктаж болушкан кычкылтекти кантип алышат? Козадагы атайын тешик түгөнүп бара жаткан кычкылтекти кайрадан алуу үчүн колдонулат. Мукозадан жасалган козанын жидарлары, ылайдын ичиндеги балыктын айланасындагы аз өлчөмдөгү сууну коргойт жана кычкылтектин өтүшүнө себеп болот. Кургаган ылай күндүн шооласына каршы калкандын милдетин аткарат, ал эми дубалдагы тешик болсо өз ишин токтотот. Ак боор балыктар жай уйкусу учурунда май жана булчуң запастарынын бир бөлүгүн колдонгондуктан, 3 сантиметрге чейин кыскарат. Жамгыр жаап, көл жана дарыялар суу менен толгондо балыктын ичиндеги кургаган ылай калкан эрийт да, балык бириккен суунун ичинде кадыресе жашоосун улантат.
Жараткан жандуулардагы окшош органдарга ар башка милдеттерди аткарткан сыяктуу эле, ар башка органдарга да окшош милдеттерди жүктөшү мүмкүн.
.
Чексиз илим жана Кудурет колдонулуп жаратылган бул органдардын эч бири эволюциянын негизинде өзүнөн өзү пайда болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче, ар бир орган жаныбардын өмүрүн эң жогорку деңгээлде сүрүүсү үчүн эң ыңгайлуу жөндөмдө жаратылган. Карама-каршы абалда кургак мезгилди бүткүл өзгөчөлүктөрү менен билген жана өзүнүн органдарын каалагандай алмаштыруу күчүнө жана илимине ээ болгон балыктарды элестетсек, мындай оор ишти байкуш балыктарга жүктөө эч бир акылдуу адамдын кыла турган иши эмес.

#167 26 February 2015 - 23:05
menin jeke oyum jaratkan bizdin kozubuzgo parda tartyp koygon any bilebiz da balkim biz bilgen planetalar Alahtyn jakwy jerleridir bizge owondoy korunor
#168 27 February 2015 - 01:16
menin jeke oyum jaratkan bizdin kozubuzgo parda tartyp koygon any bilebiz da balkim biz bilgen planetalar Alahtyn jakwy jerleridir bizge owondoy korunor
Туура айттың.
Суудагы балык, эчжака чыкпай эле, башка жакта жашоо жок, жашоо суунун алдында эле бар, дейт экен. Бизда кудум эле балыка окшоп, эчкандай илимий ачылыштарга, же илимий факттарга аракет кылбай эле, биреле бизде жашоо бар дей берет экенбиз.
Анда эмнеге АЛЛААХ Ж.Ж, он сегиз мин (18000) ааламдардын падышасы дейт. Демек акылды иштетиш керек болуп жатыры...
#169 08 May 2015 - 22:13
Укмушун кур
Айдан аман кыл
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн

Супер-Инфо
super.kg
видео