АЧУУЛАНГАНДА ЭМНЕ ҮЧҮН БАКЫРАБЫЗ?
.
Индиялык бир аалым окуучулары менен Ганг дайрасынын боюнда сейилдеп баратып, бири-бирине ачууланып бакырып аткан үй-бүлөнү көрүп калат.
Окуучуларына кайрылып: “адамдар неге бири-бирине ачууланып бакырат?” – деп сурайт.
Окуучулардын бирөөсү: “анткени тынчтыгыбызды жоготобуз” десе, анда аалым: “ачуубузду келтирген адам жаныбызда турса деле неге бакыра беребиз? Ошол кишиге айта турган сөздөрүбүздү бакырбай акырын айтсак деле болгонуна карабай неге бакырабыз?” – деп кайра сурайт.
Окуучулар ойлонуп унчукпай калганда түшүндүрө баштайт: “эки адам бири-бирине ачууланганда,
жүрөктөрү бири-биринен алыстап кетет. Бул алыстыктан бири-бирине үнүн угузуу үчүн катуу бакырууга туура келет. Канчалык көп ачууланган сайын ортодогу аралык ого бетер алыстай бергендиктен,
андан беш бетер катуу бакырууга туура келет.
Эки адам бири-бирин жакшы көргөндө эмне болот? Бири-бирине бакыргандын ордуна, тескерисинче,
акырын сөйлөшүп калат, себеби алардын жүрөктөрү бири-бирине жакын, ортодогу алыс аралык жокко эсе, же такыр эле жок. Ал эми эки адам бир-бирин сүйүп калганда эмне болот? Алар сүйлөшпөйт,
болгону кобурашат, анткени жүрөктөрү бир-бирине мурдагыдан да жакын болот. Бара-бара сүйлөшүүгө да кажет калбайт, бири-бири менен тиктешүү аларга жетет. Бирин-бири чындап сүйгөн эки адамдын мамилеси дал ушундай болот”.
Андан соң аалым окуучуларын карап мындай дейт: “андыктан бирөө менен тартышканда жүрөгүңөрдүн алысташына жол бербегиле. Мамилеңер бузулуп бири-бириңерден алыстай турган сөздөрдү айтуудан алыс болгула. Болбосо күндөрдүн биринде артка кайрылып бири-бириңерге жакындоонун жолун таба албай калышыңар мүмкүн”.
Сиз эмнеге бакырасыз? Кандай учурда бакыргыңыз келет? Бакыруу кыйкыруу тууралуу.
#1 17 February 2015 - 15:02
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#3 17 February 2015 - 15:20
Адам аччуу устундо бакырса керек кобунчо, бакырып жан дуйносун бир аз болсо да бошотуп алгандай болот.
#4 17 February 2015 - 19:08
Оло чарчап турганда мээнди чагып, тилин 2м кылып,оло конулду оорутчу создорду айткан кечке наалып суйлогон адамдарды колуна кирген нерсе менен чаап,бакырып бакырып экинчи антпей турган кылып койгун келет да
#5 17 February 2015 - 19:43
Сабак болчу жакшы окуя экен. Албетте ачуу создун озу эле канчалык жаралап, журокту оорутат. Анан ага ундун бийик чыгышы катуу таасирин тийгизет. Ошошдуктан журолучу журок оорутпай.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#6 17 February 2015 - 20:16
Соонун жакшы таасир калтврды менда жиним келген кыйкырам нервим чыдавай кетет уйдокулор спокойна болсон сраз эле жинденип бакырбай дешет анан уялып кетем
#7 17 February 2015 - 20:31
эн жакшы сабак болчу окуя. ата энем уйдо акырын суйлоп урушсада уйдон ызы чуу чыкпайт ошодон уламбы менда коп нерсени оор басырыктуу болуп чечкени аракет кылам.
#9 17 February 2015 - 22:57
. Ачуунун устундо эмес кубанганда да кыйкырып , бакырасын. Мисалы; эххехеей мен уулду болдууум,суйунчу дегендей
#10 18 February 2015 - 00:01
Жиним кашайганда бакырып салам эчтекесине карабай. Же кээде вообще делать нечего болгондо бакырып, бакырып үйдөн, бугумду чыгарып алам
.
Три вещи никогда не возвращаются обратно - время, слово, возможность.
Поэтому не теряй времени, выбирай слово, не упускай возможность
.
#11 18 February 2015 - 00:21
Балдарым таптакыр тил албай калганда гана бакыра алат экенмин. Жинимди чыгара албайм. Тиштенип карманып койом. Бир күну массажга барсам да, ошол аял айтат. "Аябай катуу аял экенсин. Жининдин баарын аркана үйуп алыпсын. Жинин келгенде эч кимге зыяны тийбегендей чыгарып сал..." деп. "Кантип, чыгарыш керек?! - десем. бир психоллогдун номурун берген. Ошо боюнча барган жокмун. Кыйкырганды деле үйрөнө элекмин. Үйрөнүш керек болуп жатат... Кээде керек экен...
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#13 18 February 2015 - 14:26
Ачуум келип турса да бакырмак тургай, жанымдагыларга ачуумдун келгенин билгизгим келбейт. Баарын ичиме эле жутуп алып, басты-басты кылып коймоюм бар. Бирок бакырып бугунду чыгарып алуу да ден-соолукка пайда деп калышат го.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
земле, а зрители на небесах!!!
Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
#14 18 February 2015 - 14:30
Ушул убака чеин бакырып корбоптурмун.
А жок эске келди "Мен сени суйом Бишкек" деп бакырыптырмын.
Ошол бакырсам тамак жыртылып калчудай сезиле берет.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#15 09 March 2015 - 01:44
Жиниме тийсе чыдап тура албайм. Сабырсызмын…
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#16 12 March 2015 - 01:56
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#17 12 March 2015 - 02:19
Мен ичиме бук толуп калганда, озум жалгыз ээн жерге барып бакырып, бакырып бугуму чыгарып келем...
#18 12 March 2015 - 03:00
Ватсаптан жонотуш керек экен а, бакырган, кыйкырган мындай болот деп))
Сагындырам деп журуп, унутулуп кетпесен болгону!
#19 12 March 2015 - 03:15
. Ачуунун устундо эмес кубанганда да кыйкырып , бакырасын. Мисалы; эххехеей мен уулду болдууум,суйунчу дегендей
Ата-энем, бир туугандарым бар !!!
Мен бактылуумун !!!
Мен бактылуумун !!!
#20 12 March 2015 - 11:02
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!

Супер-Инфо
super.kg
видео






















