КЕЛСИНКИГЕ» КЕТКЕН ЖОЛ.
.
Тагдырдын тайгүлүк ташына дабаа жок экен. Кайда тоголонуп, кайда жумаланаарыңды билбейсиң, бирок жашооңдо бир жерге тоголонуп барып, «топ» этип түшүп калгандан кийин эсиңе келе баштайт тура, өткөн-кеткениңдин баары көз алдыңда тасмадай чууруп…
Анда Совет доору күжүлдөп турган учур. 70-жылдардын ортосунда мектепте Коом таанууну жана Тарых сабагын окуткан Туратбек деген агайыбыз бар эле. Ички үй тапшырмадан тышкары дүйнөлүк жаңылыктардан дагы окуп келүүбүздү талап кылып, ар кимибизге чет өлкөдөн, борбор шаарларынан бирден моюнубузга «илип» койчу. «Советтик Кыргызстан»,
«Ленинчил жаш» деген гезиттерди тынымсыз «уйпалап», узун-туурасынан кыркып, жаңылык топтоп эле жатып калмай адатка айланган. Аны көпчүлүгү гезиттен кесе коюп, дептерге чаптап туруп окуп берип коюшат.
Мен болсо эринбей көчүрүп жазып алып, анан окуп берем. Ошон үчүн мени Туратбек агайым мактап-жактап башыман сылап коёт, ага менин мурдумду «балта кеспей» дердейип калам. Гезиттерди ача калып эле издегеним Финляндия менен Хельсинки. Мага туш келгени ушул өлкө менен анын борбору болчу. Гезиттердин четиндеги «колонкаларда» жалаң чет элдик, дүйнөлүк кыскача кабарлар тизилип турчу. Ушул эки атты көргөндө кудум энем эркек төрөгөндөй кубанып кетет элем, эмне дегенде кээде чыкпай, таппай калганда Туратбек агайдын тиштенип, ызырынганы көзгө элестей түшчү. Кыялы чатак эле да.
.
Андан тышкары эки классташ кошуна кыздарды да «шефке» алам, бирине Токиону, бирине Ослону таап колдоруна карматам. Ал кылган «жакшылыгымды» классташтарым Салкын менен Алымбүбү эстеринен эмдигиче чыгарышпаса деле керек. Ошол, ошону менен онунчу классты бүттүк. Ал тапшырмалар,
«Финляндия»,
«Хельсинки» деген аттар таптакыр эстен чыгып мекткепте эле калган. Унутулган.
.
Мынакей кызык, туптуура 33 жылдан кийин, 2009-жылдын күзүндө Алматы шаарындагы БУУнун (ООН) эл аралык бозгундар бөлүмүнөн «сизди Финляндия өлкөсү өздөрүнө кабыл алууга макулдук беришти, даярдана бериңиз» деген кабары ойдо жок жерден Финляндияны экинчи ирет эске салды. Бир күндөн кийин мектептеги баягы тапшырма менен Туратбек агайым эсиме түшүп, катуу таңгалган жайым бар. «Келсинкиге» кетчү жолдомону Туратбек агайым тээ 1976-жылы мектептен эле колума карматып койгон турбайбы дегем.
.
ТУЗ НАСИП.
.
Финляндия дегенде биринчи эле билгенибиз ошол кездеги айылдардагы жыгач үйлөр, ачыктап айтканда «финский домдор» эске түшөт. Андай үйлөр көп боло турган эле, колхоздун ар бир кашарында бирден «финский дом» турчу. Союз тараары менен аларды да тыптыйпыл талкалап жок кылышты. Жыгач-таш тартыш болуп, көздөн учуп турганда ал үйлөрдүн кимге кереги бар? Экинчиси «финский сауна». Аны кийин шаарга келгенде уктум, анда-санда барып буусуна тердеп, чумкуп да койчумун.
Тагдырдын тамашасын карагыла, мына бүгүн, азыр мен ошол финдердин өлкөсүндө «финский домунун» орточо типте салынган үйүндө жашайм. Муну мен туз насип, буйрук деп түшүнөм. Эмесе «ушул өлкөгө келип жашап калам» деген ой эзели түшүмө да кирмек эмес, «топ» этип түшүп калсаң тагдырга айла жок экен. 33 жыл мурун гезиттен эмнелерди окуп, айтып-дегеним эсимде жок албетте, бирок азыр, бүгүн Финляндия жөнүндө айта турган сөзүм оголе көп. Себеби бул өлкө өнүккөн, өскөн, жетишкен, байманасы ашып-ташыган,
Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн эң алдыңкы сабында турган бирден-бир эркин жана бай мамлекет.
Үйрөнүп, үлгү ала турган жактары четтен табылат, ченемсиз, көп. Биздикиндей,
өнүгө албай, өнтөлөп, кыйналып жаткан өлкөгө баары керектей, баарын туурап жасасак, уялбай эле ушуларды ээрчисек болчудай экен. Анткени, аракет кылып, умтулуп, жанталашып иштеп, мыйзамды мыктылап жазып, жазылганын иштетип, сыйлап, темирдей тартип орнотуп койсо эле байлыгы деле, айлыгы деле, өнүгүүсү деле өзү эле жүзүн бурчудай, чуркап келчүдөй экен. Улуп-жулбай эле, элдин эсебинен ичип-жебей эле жетиштүү жашашат экен, капырай..
Чоролору деле, орто-майдалары деле. Баардыгы тегиз, теңчилик. Басып баратып эле байкайсың, бай жашагандарды.
Бирок алардын бай экенин өзүнөн башка эч ким деле билбейт, билгиси да келбейт, кызыкпайт. Бакырып-өкүрүп атпаса, аким, депутат, президент болом деп атпаса, тоого бир, ойго бир «хансарай» салып, жалаң «жолтандабас» минип, жоруктары жолдо калып атпаса, кимдин иши, чатагы бар бири-бири менен. Муну мен жетишкен коомдогу жөпжөнөкөй,
менменсинип-
теңсинбеген,
чычайып, тыңсынбаган,
өпкө кагып, өйдөсүнбөгөн,
кадимкидей эле кайнаган карапайым жай турмуштары жөнүндө айттым.
Акыл үйрөткөндөн алысмын, андай оюм деле жок, бирок «көрүп- билип жатканымдан бөлүшөйүн, аздыр-көптүр айтып берейин, бири болбосо биринин пайдасы тийип, керекке жарап калабы» деген максат, үмүтүм күч. Булар деле кадимкидей бизге, кыргыздарга окшогон эле эл экен, эки колдуу, эки буттуу, баштары деле биздикине окшош, тоголок.
.
«Келгиндердикиндей» баштары башкача, сүйрү болсо бир жөн эле, ошон үчүн булардын «иштерин ийгилик даарып, иттери чөп жеп жатат» дегидей.
Кээде айтып калышканын көп угуп жүрөм, «финдер менен кыргыздардын түп-тамыры биригип кетет, тууган» экен дешкенин. Эч кандай финдер менен кыргыздарын жакындыгы, тамыры, туугандыгы жок. Бир аз окшошуп кеткен мындай жагдайы бар экен: Элинин саны 5, 401 миллион, жеринин аймагы 338, 424 миң кв метр. Кыргызстандыкы:
элинин саны 5, 543 миллион, аймагы 199,9 миң кв метр. Уйкаш эки сөздөрү бар, «Менин» дегенди «Минун», «Сенин» дегенди «Синун» деп койушат. Анан буларда да биздикиндей «ө», «ң», «ү» тамгалары бар. Болду.
.
Финдерди сыйкырчыбы дейин десем сыйкырчы деле эмес экен. Бирок жомоктогудай,
сыйкырдуу дүйнөдө жашашат. Телегейи тегиз, бизде айтышат го, ар бир кыргыз кыялданып, «кой үстүндө торгой жумурткалаган заман» дешип, сөз жүзүндө гана тамшанып, а булардыкы баардыгы тең иш жүзүндө. Биринчиси, жакшы жашаш үчүн жакшы ойлонуп, аң сезимди оңдоп, ар бир адам өз милдетин так аткара билип, аруулук, тазалык, жоопкерчилик болушу кажет экен. Булар ушул сапатка ээ болуп алышкан.
Элдин жашоосу эмнеге начарлай баштайт. Иштебесе, үйүндө жарыгы, көмүрү, газы, жадагалса ичкенге суусу жок болсо, эртеңки, дегеле жакынкы келечегине көзү жетпесе, үмүтсүз кандай жашоо болот. Адам дегениң мындай учурда ууруга барат, же бирөөнү карактайт, тонойт. Жашоо жанына батып турган немеге баары бир, карактай турган адамы каршылык көргөзсө изин жашыруу максатында же жарадар кылат же өлтүрөт. Жыргабайт, ошол замат таза коомдон бөлүнүп түрмөгө жөнөйт. Өнүгүп-өсалбай,
өпкөсү кагынып турган өлкөлөрдүн өнөкөт оорусу, табалбай, андан арылалбай жаткан «диагнозунун» бирден-бир себеби ушул деп койсок болот.
.
ТЕЗЕК ТЕРБЕЙ ЭЛЕ ТЕЛЕГЕЙЛЕРИ ТЕПТЕГИЗ.
.
«Финский дом» демекчи, эң ыңгайлуу, жыпжылуу, 90 пайыз жыгачтан салынган үйлөр. Биздеги үйлөргө кеткен чыгымдарга салыштырмалуу дээрлик арзан. Дубалы деле анча калың эмес, бирок жылуулугу мыкты.
А биздечи, дубалдарынын калыңдыгы жарым метрге жакын, кирпичтен салынган үйлөрдү жылыталбай ушул күнгө чейин убара болуп отурушат го? Кайсыл мезгил болбосун, күндүзү да, түнү да жылуулук менен жарык өчөт деген түшүнүк жок. Болгондо да бүтүндөй тирилик, кыймыл аракет, күнү-түнү дебей жалаң электр энергиясынын күчү менен жүргүзүлөт.
Жылуулук берген батареялар атайын автоматтатшырылган,
сууктун болушуна жараша иштейт. Дал ушундай үйлөрдү биздин жерге, элибизге куруп беришсе гана деп коём ичимден тамшанып. Абдан ыңгайлуу, кыйла арзан дагы болмок, атаганат!
.
Электр энергияны чектеш Орусиядан алышат. Негизинен коңшулаш Санкт-Петербургдагы АЭС камсыздайт экен. Түнкүсүн жарык күйбөгөн аймак жок. Токой ичиндеги жолдордон бери жапжарык. Жайкысын «буурул түн» маалында деле жаркырап күйүп турат, анткени түнкү убакыт деп эсептелинет.
Көмүр казышпайт, газдары деле, ГЭС тери деле жок. Көзгө басаар, алтынга тете байлыгы токой, керемет жаратылышы,
болгону ушул. Башканын баарын бөлөк өлкөлөрдөн кызылдай эле акчага сатып алышат.
.
Финдердин жыгач материалдарды кайра иштетүүчү UPM-KYMMENE и STORA ENSO компаниясы дүйнөгө атагы чыккан эң ири ишканалардын бири. Бүгүнкү күндө күпүлдөп иштеп жаткан таанымал ишканалардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүндөгү эле байлыгы болуп эсептелген жыгачтарды кайра иштетүү менен алектенип жүрүшүп буттарына туруп алышкан.
.
Ал эми «Финн экономикасынын сыймыгы» аталган NOKIA компаниясы 1865-жылы целлюлозду иштетүүчү чакан завод менен ишмердүүлүгүн баштаган. Азыркы учурда компания чыгарган продукция дүйнө жүзүндөгү 160 мамлекетке кетет. Бүгүн бул ири ишкана 123 миңден ашык адамды иш менен камсыз кылып жатат.
.
Ар жыл сайын Орусиядан алынган мунайзаттарынын бир жылдык көлөмү, жалпы баасы 900 миллион евронун тегерегин чапчыйт. Орусиядан бөлөк мунайзат азыктарын бул өлкөгө Норвегия 30 пайыз, Великобритания 15 пайызга жакынын камсыз кылып турушат. Жаратылыш газы деле дал ушундай жол менен келет. Ортодогу аласа-бересени көпчүлүк учурда бартердик негизде жүргүзүшөт.
Жумушсуздук буларда да бар, бирок аз. Аларды мамлекет «эмне болсоң ошо бол» деп талаага таштап салбайт. Ай бою жашоосуна жеткидей каражатты берет. Ал ошону айдын аягына чейин «кемирет», кайда барат эле, курсагы ток, ичип жеп жатса. Уурулук кылбайт, карактап-тоноп жиберейин дегенди билбейт. Акчасы түгөнүп, эки жакты элеңдей баштаганда эле эсебине кайра акча түшүп калат. Бутуна туруп, баарын ирээтке келтирип алган өлкө мындан жарды болуп деле кетпейт. Тескерисинче пайдалуу жактары көбүрөөк болот экен. Кылмыштуулук,
ууру-кескилердин саны кабаттап өсүп турса, түрмөгө адам батпай турса, ошол жумушсуздарга берилген каражаттан канча көп эсе көп каражат сарпталат.
.
Коомдогу терс көрүнүштөрдүн деңгээли асмандап, саны ай чапчып турса кайдагы өсүш, кайдагы жылыш. Ичкендери деле бар, (бул нерсе бүт дүйнлүк «эпидемия» экени талашсыз эмеспи) ичишет, бирок үйлөрүнөн чыкпайт. Көчөлөрдө, коомдук жайларда мас болуп, тамтаңдагандар жокко эсе. Кафе, ресторандарда ашыкча ичип алып «тентек» кылгандарды дароо каттоого алып коюшат жана экинчи ал чөлкөмгө келүүсүнө тыюу салышат. Эгер ага баш ийбей кайра келсе катуу жаза алып калышы толук мүмкүн.
Финляндиядан салам. Финляндия Хелсинки.
#1 17 February 2015 - 14:55
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#2 17 February 2015 - 14:57
ФИНЛЯНДИЯ.
.
ЭМНЕСИ ТАТААЛ?
.
Кай жерде болбосун таштанды маселеси отө көйгөйлүү жумуш. Чоң шаарларда көйгөй андан да чоң. Бирок аны деле мелтиретип, иритип-чиритпей, ирээтке сопсонун келтирип койсо болот экен. Үйүлүп-жыйылып, чачылып жаткан учурлар дегеле болбойт. Чакан шаарлар менен айылдарда таштанды үчүн атайын «домиктер» турат. Ага ар бир адам таштандысын ирээттеп, сорттоп салат. Кагазын кагаз салчуга, тамагыныкы өзүнчө, темир-тезек, жыгач-таш өзүнчө, бөлөк. Туш келди, кааласа сыртына ыргытып жиберишпейт.
Шаарлардагы «контейнерлерин» жерге үч метр тереңдикке казып орнотуп, ичине атайын мешокторду кийгизип коюшкан. Атайын кызмат аны ар үч күндөн калтырбай келип зымылдатып тазалап кетет. Чачылган таштанды эмес, тиш чукугучтун бир талын көрбөйсүң.
Жүргүнчүлөрдү ташый турган унаа каттамдары кайсы гана жерде болбосун, шаар ичиндегилер, шаар аралык, автобус, трамвай, электричкалар ж. б. бүтүндөй техника кадимки сааттай, минут, секундуна чейин тактык менен иштейт. Ортосундагы аралык 10-12 мүнөт болгону. Баардык каттамдар бир дагы адам түшпөсө деле кадимкидей каттап, иштейт, жүрө берет.
.
Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү ушундай жолго коюлган, эгер сатыла турган унааңдын бир эле тетигинде болоор-болбос мандеми болсо ал кароодон эч качан, эч жерден өтпөйт. Демек унааңды сата албайсың, аны эч ким албайт. Ошол кемчилигин ордуна койсоң дароо мөөр басылат. Кароодон өтүп жатканда дөңгөлөктүн желиминдеги быдырына чейин текшерет. Баланча стандартка жооп бербесе да болбойт, алмаштыруу керек.
.
Бул өлкөдө эскиби, жаңыбы бир дагы автоунаа калдырап-шалдырап, же бузулуп жолдо калат деген кооптонуу дээрлик жокко эсе. Жыл сайын болгон унаа аттуунун баары кадимкидей техникалык кароодон өтөт. Бардык жерде анүчүн төлөнгөн каражат бир гана мамлекеттин чөнтөгүнө түшөт. Дөңгөлөктөрдү ооштуруу 1-октябрдан баштап кышкысы салынат. Ооштурбасаң бул дагы өтө чоң тартип бузганга жатат. Курду автоунаага отурган ар бир жүргүнчү милдеттүү түрдө тагынышы керек. Ал эми бири-бирине унааларды берүүдө эч кандай ишеним кат (доверенность) деген болбойт, берилбейт. Ал бир барак кагаздан адамгерчилик, абийир жана жөн гана ишеним алда канча жогору турат…
.
ЖАРАТЫЛЫШ, ЖАНЫБАР, КООЗДУК.
.
Жолдоруна сөз жок, керемет, мелтирейт жөн эле. Алыс жолго чыгып калсаң көшүлүп уйкуң гана келет, түздүгүнөн. Бир дагы жеринде жолдор бири-бири менен эч качан кесилишпейт. Айлампа (кольцо) жана жалаң асма көпүрөлөр. Темир жолдору андан бетер. Бүт өлкөдөгү түрдүү каттамдар биринен сала бири шака-шак, шака-шак. Айыл чарба унаалары үчүн жолду жээктетип өзүнчө салып коюшкан.
.
Финляндияны дээрлик бүт токой каптап тургандыктан жол тилкелери жалаңтокойдун ортосунда. Бүтүндөй токойлордун чети тор сеткалар менен түптүз болуп тосулган. Бул табиятка, жаратылышка жана жапайы жаныбарларга болгон камкордук.
.
Көпчүлүк жерде атайын багыштын сүрөтү тартылган жол белгилери турат. Ылдамдыгы жогору жолдогу эң коркунучтуу жаныбар ушул багыштар. Токойдон атып чыгып, жолду кесе чуркаган багыштар жол кырсыка чоң себепкер болуучулардын бири. Жапайы канаттуулар кыргоол, өрдөк каздар, коёндор үйлөрдү аралап, кадимкидей эле жүрө беришет. Ага көңүл буруп, артынан аңдып, кубалап, аткылап ийген адамды көрүш кыйын. Эпадам кимдир бирөө ушундай кадамдарга барууну көздөп, аларга кол салса аны көзү чалган эле фин ошол замат полициялык бөлүмгө билдирип коёт. Ан үчүн тиешелүү айып төлөп, «экинчи ирет кайталанбайт» деген тил кат жазып берип кутулат.
.
Мергенчиликти, аңчылыкты мөөнөтүнө жараша чектелген аймактарда гана жүргүзүүгө болот, расмий уруксат аркылуу гана. Балык уулоо үчүн уруксат кагазды (лицензия) бир сезондукун каалаган күркөдөн 15-20 еврого сатып алууга болот. Токой-чердин жыштыгына эле шерденип, ыраазы болуп отурушпайт, уруксатсыз бир дагы бутакты сындырышпайт. Тескерисинче, качан болсо да көчөт отургузуу финдер үчүн өнөкөткө айланган. Ачык жер калтырбаганга аракети зор. Бош, пайдасыз жаткан жерлерди табуу кыйын. Токойлордун арасындагы ачык тилкелер дээрлик бүт бойдон айдалып-себилет.
.
Алардын баары ушунчалык ирээттүү, тыкан иштетилгендиктен айыл чарбасына тиешелүү эмес эле атайын жасалгаланган футболдун таалааларына окшошуп кетет. Мындан тышкары Финляндия өлкөсүндө 188 миңден ашык майда жана чоң көлдөр бар. Арасында көптөгөн жасалма көлдөрдү да көрүүгө болот. Бул көлдөр жалпы аймагынын дээрлик он пайызын түзөт.
Айыл чарба плантациялары.
.
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ.
.
Бул өлкөнү жер шарынын түндүгүндөгү бирден бир өнүккөн агрардык өлкө деп койсок болот. Айыл чарба жумуштары жалпы аймагынын сегиз пайыздан ашыгыраагын түзөт. Айдоочу жерлери 2,4 млн. гектарды ээлейт. Мал чарбасы менен жерлерди иштетүү акыркы үлгүдөгү техникалар менен эң жогорку деңгээлде механизациалаштырылган. Сүт өндүрүүчү фермаларындагы абал: мисалы, 250 саан уй кармалган фермада болгону эки адам алмашып иштейт. 70-80 пайыз жумуш автоматташтырылган.
Жылына айыл чарба жумуштарында иштегени 15 миңден ашуун чет элдиктер келип кетишет. Негизинен алар кулпунай, кожогат, козу карын жана башка мөмө-жемиштерин жыйноого салымдарын кошушат экен. Кой этин өндүрүү акыркы эки жылда 20 пайызга өскөнүн айтышты. Былтыр бир миллион тонна кой эти төгүлгөн. Бирок ушу кой этинин жакшыраагын табуу кыйыныраак. Эт комбинатынан дүкөндөргө түшкөн эттери аман эле болсун. Уйдукун да, койдукун да майын шыпырып алып чылгый кара кесегин үйүп коюшат. Же даамы болсочу. Халестерини көп, семирип кетишет имиш.
Бирок көпчүлүгү семиздер, алар кайдан, эмнеге экенин биле албадым. Майлуу эт жеп көнгөн жаным бир кой сатып алалбай куурадым. Сатышпайт, саткандан коркушат экен. Эмне дегенде ар кандай жугуштуу оорулар же этинен кемчилик чыкса түз эле саткан адам жооп берип калат экен. Ошондуктан баардыгы эт комбинаты аркылуу гана дешет. Эт кымбат. Кой этинин бир килосу 8-10 евродон өйдө. Уйдуку деле ушундай. 30 еврого чейин жетет.
.
БИР ШИҢГИЛ САЙАСАТ.
.
Саясат демекчи, анын бар-жогу деле байкалбайт. Себеп дегенде ар кандай шайлоо өнөктүктөрдүн өтүп-өткөнү анча деле абырап-дабырап, ызы-чууга айланбайт. Албетте жогорку мамлекеттик кызматтар арасында, саясый партиялар ортосунда, атаандаштык, ич ара тирешүүлөр тымызын жүрбөй койбойт деңизчи, бирок биздин шайлоолор өңдүү өлкөнү үч көтөрүп, элди экиге, ал эмес жетиге бөлүп, чаңын сапырып жиберет деген түшүнүк жок.
Эң жогорку бийлик бутагы болгон Президенттик, Парламенттик (Эдускунта) шайлоолордун жүрүшүн, өтүшүн анчалык деле шаан-шөкөткө айлантышпайт, бирок шайлоочулардын катышуусу, активдүүлүк жогору. Эң башкысы, уруу-уруу, тааныш-билиш, туугандык, түндүк-түштүк деген «оорулардын» жыты да сезилбейт. «Сиз кимди колдойсуз, кимиси күчтүү» деген суроого жооп алуу мүмкүн эмес. Себеби, ар бир шайлоочу өз жүрөгү тандаган адамга өз укугун пайдаланып добушун берип коюп баса берет.
Өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлиги Президентке жана Эдускунтага – өлкөнүн Парламентине түздөн-түз баш ийет, а аткаруу бийлиги Президенттин жана Мамлекеттик Кеңештин карамагында. Баш мыйзам боюнча Президентти бүткүл элдик шайлоо жолу менен эки мөөнөттөн ашык эмес алты жылга шайлашат. Эдускунта – өлкөнүн бир палаталуу парламенти. 200 депутаттан турган эл өкүлдөрү жалпы элдик добуш менен төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.

#3 17 February 2015 - 20:05
Автор Финляндияга учуп барып салам жолдоп жатабы деген ойдо кире калдым эле да. Керектуу маалыматтар бар экен, жылуу жумшак олтуруп алып окуп чыгыш керек экен.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#4 17 February 2015 - 20:14
Жапайы канаттуулар
кыргоол, өрдөк каздар, коёндор үйлөрдү
аралап, кадимкидей эле жүрө беришет. Ага
көңүл буруп, артынан аңдып, кубалап, аткылап
ийген адамды көрүш кыйын.
Ушул жери абдан жакты. Бизде жаныбарлар ээн- эркин жургонун элестете албай койдум такыр ))))))
кыргоол, өрдөк каздар, коёндор үйлөрдү
аралап, кадимкидей эле жүрө беришет. Ага
көңүл буруп, артынан аңдып, кубалап, аткылап
ийген адамды көрүш кыйын.
Ушул жери абдан жакты. Бизде жаныбарлар ээн- эркин жургонун элестете албай койдум такыр ))))))
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#5 17 February 2015 - 20:55
бизди жапайы жандыка салыштырышат анда (кечиресиздер).
менин көз алдыма жомоктогу жашоо тартылып кетти,башкача сезимдерге чулгандым.
#6 17 February 2015 - 22:19
улгу алсак болот экен рахмат,бизде жаныбарлар эмес адамдар озу кенири журо албай калдыкго
#8 18 February 2015 - 21:36
Финляндия Республикасы Suomentasavalta (фин.)
.
Гимни: «Maamme / Vаrt land»
.
Түзүлгөн жылы: 6/12/1917 (Орус империясынан)
.
Расмий тили: фин, швед тилдери
.
Борбору: Хельсинки шаары
.
Ири шаарлары: Хельсинки, Эспоо, Тампере, Вантаа, Турку
.
Башкаруу формасы: Президенттик республика
.
Мамлекеттик дини: лютерант, православ
.
Аймагы: дүйнөдө 64-орунда
Баары: 674 843 км2
.
Калкы: дүйнөдө ө-орунда
Баары: 5млн 340 093 киши
Жыштыгы: 16 киши/км?
.
Акча бирдиги: евро (EUR, коду 978) (2002-жылга чейин – фин маркасы)
.
Интернет-домени: .fi, .ax (Аланд аралдары үчүн)
.
Телефон коду: +358
Саат желеси: UTC +2
.
Финляндия Республикасы Европанын түндүгүндө жайгашкан. Евробиримдиктин жана Шенген макулдашуусунун мүчөсү. Мамлекеттин аталышы швед тилиндеги Finland деген сөздөн келип чыккан. Финдердин өлкөсү деп которулат. Финче аталышы Suomi. Бул аталыш биринчи жолу орус булактарында Сумь (XII к.) деп кездешет. Башында азыркы түштүк-батыш Финляндиянын жери Varsinais Suomi деп аталчу. Бул сөз герман тилинен келген деп айтылат, ошондой эле байыркы швед тилиндеги отряд, тайпа дегенди билдирет. Айрымдар Suomi сөзү фин тилиндеги suomu («чешуя») деген сөздөн чыккан дешет. Байыркы жашоочулары балыктын терисинен кийим тигип кийишкен. Башка вариант боюнча Suomi жеке адамдын аты болчу. Башка версиялар боюнча Suomi сөзү эстон тилинен келген. Анткени, ал жерде Sooma деген жер болгон (эст. soo – «саз», maa – «жер»; түз мааниси: «саз жер»). Келгиндер ал жерди Suomi деп аташкан.
.
Төмөнкү администрациялык- аймактык бирдиги коммуна (кунта) деп аталат. Коммуналар 20 провинцияга (маакунталар) биригет. Кээ бир коммуналар субпровинцияларга (сеутукунталар) биригет. Провинциялардан губернияга (ляаналар) биригишет. Финляндияда 6 губерния бар. Алар: Түштүк Финляндия, Батыш Финляндия, Чыгыш Финляндия, Оулу, Лапландия жана Аланд аралдары.
.
Тарыхы
.
Археологиялык изилдөөлөргө таянсак, Финляндиянын аймагына муз доорунун аягында, башкача айтканда, б. з. ч. 8500-жылы аңчылар келе башташкан. Жергиликтүү калк арасында балык уулоо да абдан өнүккөн. Викингдердин доорунун аяк чендеринде швед соодагерлери жана конунгдары Балтия аймагында өздөрүнүн таасирлерин күчөтө башташкан. 1150/1300-1809-жылдары Финляндия протестант Швециянын карамагында болгон. Орус-швед согушу аяктагандан кийин, 1809-жылдан тартып, Финляндиянын Улуу княздыгы деген аталышта Орусия империясынын курамына автономия катары кирип калган. Бирок, Орусиянын орусташтыруу саясаты финдерди азаттыкка түрткөн. 1917-жылкы Октябрь революциясы аларга көз карандысыздыкты алып келип, фин сенаты 1917-жылы бештин айынын алтысында өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Ушул учурда өлкөдө башаламандык күчөп, эл экиге (РСФСРны колдогон «кызылдарга» жана немистердин ырааттуулугун кабыл алган «актарга») бөлүнүп, 108 күн жарандык согуш болуп, анда 35 000 адам курман болуп, «актар» жеңип чыгышкан.
.
Финляндиядагы тил
.
Өлкөдө 1922-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча эки мамлекеттик тил бар. Фин жана швед тилдери, бирөөсү биздикине окшоп расмий эмес, анткени, алар «расмий» менен «мамлекеттик» дегендин айырмасын билишсе керек. 1809-1917-жылдар аралыгында Финляндияда 3 тил (фин, швед, орус) расмий тил болуп саналчу. Азыр калктын көпчүлүгү финче, 5,5 пайызы шведче, 0,8 пайызы орусча, 0,3 пайызы эстончо сүйлөйт. Карель, татар тилдеринде 1,77 пайызы сүйлөйт. 1992-жылы өлкөдө «Саам тили жөнүндө мыйзам» кабыл алынган, парламент саам тууралуу мыйзамдарды кабыл алып жатканда, алар ошол тилге которулушу милдет экен.
.
Экономикасы
.
1860-жылдары фин эли айыл чарба менен алектенчү. Өлкөгө индустриализация XIX кылымда болгон. Ал кагаз фабрикасынан башталган. Негизи Финляндиянын экономикасы токой өнөр жайына байланыштуу деп айтышат. Анткени, өлкөдө башка кен байлыктар жок, токой – анын эң башкы байлыгы. Финдердин токой чарбасы боюнча UPM-Kymmene жана Stora-Enso кайра иштетүү компаниялары дүйнөдөгү эң ири ишканалардын бири. Бардык чоң ишканалары өз жумуштарын кагазды иштетүүдөн башташыптыр. Жадагалса, финдердин сыймыгы болгон Nokia компаниясы 1865-жылы анчалык чоң эмес целлюлозду иштетүү заводун ишке киргизүү менен баштаган экен ишти. Кызыгы – Nokia ал заводду 1990-жылдары телекоммуникацияга өтө баштаганда сатып жибериптир. Финляндиянын ИДПсы азыр 190 862 миллиард АКШ долларын түзүп, дүйнөдө 52-орунда турат.
.
Туризми
.
Хельсинкиде 450-жылкы тарыхый эстеликтер сакталган. Алар: порт жана Кафедрал имараты (собор). Келген туристтердин көбү башка шаарларга барып, анан Хельсинкиден чыгып кетишет экен. Туристтер Тампере, Турку, Оулу, Куопио жана Порвоо шаарларына да барышат. Ошондой эле Аавасакса (Aavasaksa) тоосу да бар. Финляндиянын Лапландия аймагында кышкы туризм өнүккөн. Өзгөчө тоо лыжасын жана сноубордду сүйүүчүлөр, спортчулар үчүн тоодон түшүү, бугу, ит арабалары менен кыдыруу туристтердин көбүн кызыктырат. Кеми деген жерде ар бир кыш мезгилинде кардан чоң LumiLinna имаратын жана муздан жасалган мейманканасын курушат. Саариселькя, Леви жана Юлляс аттуу жерлери тоо лыжасы үчүн жасалган жолдору боюнча абдан популярдуу. Ошондой эле айрымдар Финляндияны «Аяз атанын мекени» деп келишкен. Эми 2008-жылдан баштап Кыргызстан «Аяз атанын мекени» болуп калды.
.
Билим берүүсү
.
Өлкөдө жалпы билим берүү 9 жылдык, балдар 7 жашынан тартып мектепке барышат. Бул жагынан биздикине окшош болгону менен, Финляндиянын жалпы билим берүү системасы дүйнөдө 1-орунга чыккан. Биздеги жалпы билим берүү боюнча мектептерде 1200 саат өтүлсө, аларда 900 сааттын тегерегинде эле экен. Финляндияда 21 жогорку окуу жай болсо, анын ону – университет, ону – атайын адистештирилген институт, бирөөсү – аскер академиясы. Турку шаарында 1640-жылы Падышалык академия катары негизделген Хельсинки университети абдан популярдуу. 1827-жылкы өрт кырсыгынан кийин жаңы борборго көчүрүлгөн. Жакшы жагы: жогорку билим берүү, жалпы билим берүү сыяктуу эле, өз жарандары үчүн да, чет элдиктер үчүн да акысыз. Бул – Финляндиядагы байыртан бери калыптанып калган принцип. Чет элдик студенттердин саны көбөйүп баратканынан улам жакын арада жогорку билим акылуу болуп калышы да мүмкүн.

#9 20 February 2015 - 02:48
salam vankuver, kandaisyz? syroolor: migranttar kopby, alar emne jumuw kylywat? migrantarga koigon warttary misaly jawy 18den jogory, diplomy bar degendei,a siz emne jumyw kylasyz? kantip ketse bolot, taanyw je test ekzamen boloby
#10 21 February 2015 - 14:07
Messisarang
.
Мен Финляндияда эмесмин Кыргызстанда элемин. Болгону Финляндия тууралуу маалыматты болушуп коеюн дедим.
.
Кантип кетуу иштоо жолдорун интернеттен маалымат издеп тапсаныз болот.
Билишимче башка европа олколоруно кантип барыш керек болсо Финляндияга да дал ошол жол менен барса болот.
.
Виза ачуу керек.
Же сиз ошол жактык жумуш беруу компаниясы менен келишим тузуп, алардын чакыруусу менен барсаныз болот. Финляндияда негизинен мигранттар токой чарбасында иштешет экен билишимче. Айлык акы бир топ жогору толонот.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#12 21 February 2015 - 22:14

Туз насип болуп, финдердин олкосундо жашап жатам деген экенсиз, ошондон улам ошол жактан жазываткан го деватпайбы
#13 22 February 2015 - 02:53
emnesi bolso da choooon rahmat, ayabai jakwy maalymat berdiniz, bar bolynyz
#14 22 February 2015 - 11:55
Башынан окусаңыздар биринчи билдируудо менин окуям эмес бир байкенин окуясы ошол жакта жургон.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#15 20 May 2015 - 09:02
Финдердин соседи шведдер кызыктырып жүрөт, канткенде жетсек? Визаны башка европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу оңойураак берет дешет
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE

Супер-Инфо
super.kg
видео