Финляндия Республикасы Suomentasavalta (фин.)
.
Гимни: «Maamme / Vаrt land»
.
Түзүлгөн жылы: 6/12/1917 (Орус империясынан)
.
Расмий тили: фин, швед тилдери
.
Борбору: Хельсинки шаары
.
Ири шаарлары: Хельсинки, Эспоо, Тампере, Вантаа, Турку
.
Башкаруу формасы: Президенттик республика
.
Мамлекеттик дини: лютерант, православ
.
Аймагы: дүйнөдө 64-орунда
Баары: 674 843 км2
.
Калкы: дүйнөдө ө-орунда
Баары: 5млн 340 093 киши
Жыштыгы: 16 киши/км?
.
Акча бирдиги: евро (EUR, коду 978) (2002-жылга чейин – фин маркасы)
.
Интернет-домени:
.fi, .ax (Аланд аралдары үчүн)
.
Телефон коду: +358
Саат желеси: UTC +2
.
Финляндия Республикасы Европанын түндүгүндө жайгашкан. Евробиримдиктин жана Шенген макулдашуусунун мүчөсү. Мамлекеттин аталышы швед тилиндеги Finland деген сөздөн келип чыккан. Финдердин өлкөсү деп которулат. Финче аталышы Suomi. Бул аталыш биринчи жолу орус булактарында Сумь (XII к.) деп кездешет. Башында азыркы түштүк-батыш Финляндиянын жери Varsinais Suomi деп аталчу. Бул сөз герман тилинен келген деп айтылат, ошондой эле байыркы швед тилиндеги отряд, тайпа дегенди билдирет. Айрымдар Suomi сөзү фин тилиндеги suomu («чешуя») деген сөздөн чыккан дешет. Байыркы жашоочулары балыктын терисинен кийим тигип кийишкен. Башка вариант боюнча Suomi жеке адамдын аты болчу. Башка версиялар боюнча Suomi сөзү эстон тилинен келген. Анткени, ал жерде Sooma деген жер болгон (эст. soo – «саз», maa – «жер»; түз мааниси: «саз жер»). Келгиндер ал жерди Suomi деп аташкан.
.
Төмөнкү администрациялык-
аймактык бирдиги коммуна (кунта) деп аталат. Коммуналар 20 провинцияга (маакунталар) биригет. Кээ бир коммуналар субпровинцияларга (сеутукунталар) биригет. Провинциялардан губернияга (ляаналар) биригишет. Финляндияда 6 губерния бар. Алар: Түштүк Финляндия, Батыш Финляндия, Чыгыш Финляндия, Оулу, Лапландия жана Аланд аралдары.
.
Тарыхы
.
Археологиялык изилдөөлөргө таянсак, Финляндиянын аймагына муз доорунун аягында, башкача айтканда, б. з. ч. 8500-жылы аңчылар келе башташкан. Жергиликтүү калк арасында балык уулоо да абдан өнүккөн. Викингдердин доорунун аяк чендеринде швед соодагерлери жана конунгдары Балтия аймагында өздөрүнүн таасирлерин күчөтө башташкан. 1150/1300-1809-жылдары Финляндия протестант Швециянын карамагында болгон. Орус-швед согушу аяктагандан кийин, 1809-жылдан тартып, Финляндиянын Улуу княздыгы деген аталышта Орусия империясынын курамына автономия катары кирип калган. Бирок, Орусиянын орусташтыруу саясаты финдерди азаттыкка түрткөн. 1917-жылкы Октябрь революциясы аларга көз карандысыздыкты алып келип, фин сенаты 1917-жылы бештин айынын алтысында өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялаган.
Ушул учурда өлкөдө башаламандык күчөп, эл экиге (РСФСРны колдогон «кызылдарга» жана немистердин ырааттуулугун кабыл алган «актарга») бөлүнүп, 108 күн жарандык согуш болуп, анда 35 000 адам курман болуп, «актар» жеңип чыгышкан.
.
Финляндиядагы тил
.
Өлкөдө 1922-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча эки мамлекеттик тил бар. Фин жана швед тилдери, бирөөсү биздикине окшоп расмий эмес, анткени, алар «расмий» менен «мамлекеттик» дегендин айырмасын билишсе керек. 1809-1917-жылдар аралыгында Финляндияда 3 тил (фин, швед, орус) расмий тил болуп саналчу. Азыр калктын көпчүлүгү финче, 5,5 пайызы шведче, 0,8 пайызы орусча, 0,3 пайызы эстончо сүйлөйт. Карель, татар тилдеринде 1,77 пайызы сүйлөйт. 1992-жылы өлкөдө «Саам тили жөнүндө мыйзам» кабыл алынган, парламент саам тууралуу мыйзамдарды кабыл алып жатканда, алар ошол тилге которулушу милдет экен.
.
Экономикасы
.
1860-жылдары фин эли айыл чарба менен алектенчү. Өлкөгө индустриализация XIX кылымда болгон. Ал кагаз фабрикасынан башталган. Негизи Финляндиянын экономикасы токой өнөр жайына байланыштуу деп айтышат. Анткени, өлкөдө башка кен байлыктар жок, токой – анын эң башкы байлыгы. Финдердин токой чарбасы боюнча UPM-Kymmene жана Stora-Enso кайра иштетүү компаниялары дүйнөдөгү эң ири ишканалардын бири. Бардык чоң ишканалары өз жумуштарын кагазды иштетүүдөн башташыптыр.
Жадагалса, финдердин сыймыгы болгон Nokia компаниясы 1865-жылы анчалык чоң эмес целлюлозду иштетүү заводун ишке киргизүү менен баштаган экен ишти. Кызыгы – Nokia ал заводду 1990-жылдары телекоммуникацияга өтө баштаганда сатып жибериптир.
Финляндиянын ИДПсы азыр 190 862 миллиард АКШ долларын түзүп, дүйнөдө 52-орунда турат.
.
Туризми
.
Хельсинкиде 450-жылкы тарыхый эстеликтер сакталган. Алар: порт жана Кафедрал имараты (собор). Келген туристтердин көбү башка шаарларга барып, анан Хельсинкиден чыгып кетишет экен. Туристтер Тампере, Турку, Оулу, Куопио жана Порвоо шаарларына да барышат. Ошондой эле Аавасакса (Aavasaksa) тоосу да бар. Финляндиянын Лапландия аймагында кышкы туризм өнүккөн. Өзгөчө тоо лыжасын жана сноубордду сүйүүчүлөр,
спортчулар үчүн тоодон түшүү, бугу, ит арабалары менен кыдыруу туристтердин көбүн кызыктырат.
Кеми деген жерде ар бир кыш мезгилинде кардан чоң LumiLinna имаратын жана муздан жасалган мейманканасын курушат. Саариселькя,
Леви жана Юлляс аттуу жерлери тоо лыжасы үчүн жасалган жолдору боюнча абдан популярдуу.
Ошондой эле айрымдар Финляндияны «Аяз атанын мекени» деп келишкен. Эми 2008-жылдан баштап Кыргызстан «Аяз атанын мекени» болуп калды.
.
Билим берүүсү
.
Өлкөдө жалпы билим берүү 9 жылдык, балдар 7 жашынан тартып мектепке барышат. Бул жагынан биздикине окшош болгону менен, Финляндиянын жалпы билим берүү системасы дүйнөдө 1-орунга чыккан. Биздеги жалпы билим берүү боюнча мектептерде 1200 саат өтүлсө, аларда 900 сааттын тегерегинде эле экен. Финляндияда 21 жогорку окуу жай болсо, анын ону – университет,
ону – атайын адистештирилген институт, бирөөсү – аскер академиясы.
Турку шаарында 1640-жылы Падышалык академия катары негизделген Хельсинки университети абдан популярдуу.
1827-жылкы өрт кырсыгынан кийин жаңы борборго көчүрүлгөн.
Жакшы жагы: жогорку билим берүү, жалпы билим берүү сыяктуу эле, өз жарандары үчүн да, чет элдиктер үчүн да акысыз. Бул – Финляндиядагы байыртан бери калыптанып калган принцип. Чет элдик студенттердин саны көбөйүп баратканынан улам жакын арада жогорку билим акылуу болуп калышы да мүмкүн.
Дүйнөгө саякат. География. (Мамлекеттер, шаарлар) Дуйно мамлекеттери шаарлары тууралуу.
#1 18 February 2015 - 02:06
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#2 18 February 2015 - 02:08
Франция
.
Урааны: «Liberté, Égalité, Fraternité (Эркиндик, Теңдик, Боордоштук)»
.
Гимни: «Марсельеза»
.
Түзүлгөн жылы: 843-жылы (Верден келишими)
.
1958-жылы (Бешинчи республика)
.
Расмий тили: француз тили
.
Борбору: Париж шаары
.
Ири шаарлары: Париж, Лион, Марсель, Лилль, Бордо
.
Башкаруу формасы: Президенттик- парламенттик республика
.
Мамлекеттик дини: христиан, ислам (суннилер агымы)
.
Аймагы: дүйнөдө 47-орунда
•Баары: 674 843 км²
.
• Калкы: дүйнөдө 20-орунда
•Баары: 64млн 473 140 киши
•Жыштыгы: 114 киши/км²
.
Акча бирдиги: Евро (EUR, код 978)
.
Интернет-домени: .fr
.
Телефон коду: +33
Саат желеси: UTC +1
.
Фра́нция (фр. La France)
Расмий аталышы: Францу́з Респу́бликасы (République française)
Өлкөдө калктын көбүн роман тилинде сүйлөгөн галло-романдыктар түзсө да, өлкөнүн аталышы герман уруусунун франк деген этнониминен келип чыккан. Административдик- аймактык бөлүнүшү: 26 аймак (22 метрополия жана 4 алыскы аймак), 100 департамент (96 метрополия жана 4 алыскы департамент).
Улуттук курамы:94 % француздар, калгандары – португалдыктар, алжирлер, итальяндар, марокколуктар, түрктөр ж. б.
.
Дини: 2007-жылкы сурамжылоо боюнча француздардын 51 % өздөрүн католиктер деп эсептесе, 31 % агностиктер же атеисттер деп эсептешет. 10 % башка агымдарга кирет, 4 % – мусулмандар, 3 % – протестанттар, 1 % – иудейлер. Le Mondeнин маалыматы боюнча, Францияда 5 миллион эл буддизмди жакташат, бирок, чындыгында 600 000 киши тутунат экен. Анын 65 % дзэн-буддизмин карманат.
.
Галлдан Бешинчи Республикага чейинки кыскача тарыхы:
.
•Коло жана темир доорунда Францияда галлдар (кельттер) жана иберлер (Франциянын түштүк-батышы) отурукташкан.
•Б. з. ч. I-V кылымдарда Франциянын аймагында Римге караган Галлия мамлекети болгон. Азыркы француз тили түптөлгөн латын тилинде сүйлөгөн галл-рим калкы пайда болгон.
•V-IX кылымдарда Галлия германдардын Франк мамлекетинин карамагында болгон.
•1789-жылы Улуу француз революциясы болуп өткөн.
•1792-жылы Биринчи республика түзүлгөн.
1848-1852-жылдары Экинчи республика өкүм сүргөн.
•1870-1940-жылдары Үчүнчү республика доорон сүргөн, ал Наполеон III франк-прусс согушунан кийин Седанды басып алганда жарыяланган (1870-71). 1879-1880-жылдары Жумушчулар партиясы түзүлгөн. XX кылымда Ж. Гед, П. Лафарг ж. б. тарабынан Франциянын Социалисттик партиясы жана Ж. Жорестин тарабынан Француз социалисттик партиясы түзүлгөн, бирок, алар 1905-жылы биригишкен. XIX кылымдын аягында негизинен француз колониалдуу империясын кеңейтүү иш-чарасы бүткөн. Франция Африкада жана Азияда колониясын аябай кеңейткен.
•1946-1958-жылдары Төртүнчү республиканын арааны жүрүп турган.
.
1958-жылы Бешинчи республиканын аткаруу бийлигинин укуктарын кеңейткен конституция кабыл алынган. Өлкөнүн президенти болуп генерал Шарль де Голль шайланган. 1960-жылы Франциянын Африкадагы колониялары эркиндикке чыга баштаган.
.
Тышкы саясаты жана эл аралык мамилелери:
.
Франция Европа биримдигин түзгөн негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат, ошондой эле анын саясатын аныктоодо негизги ролду ойнойт. Францияда ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы жайгашкан, Экономикалык жактан кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, Интерполдун кеңселери бар. Франция көптөгөн дүйнөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташат. Атап айтканда:
•1945-жылдан бери БУУнун Коопсуздук кызматынын дайымкы мүчөсү (башкача айтканда, вето укугуна ээ);
•Тынч океан бирикмесинин катчылыгынын демилгечи өлкөсү;
•Индия океаны комиссиясынын мүчөсү;
•Кариб мамлекеттеринин ассоциациясынын мүчөсү;
•1986-жылдан бери Франкофониянын алып баруучу катышуучусу;
•1949-жылдан бери Европа кеңешинин мүчөсү;
•Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ОБСЕ) мүчөсү.
.
Экономикасы:
.
Франция экономикасы боюнча дүйнөдө АКШ, Япония, Германия, Кытайдан кийинки 5-орунда турат.
.
Бирок, өзүнүн метрополиядагы 551 602 км² аймагы жана 64 миллион калкы менен Франция “ири держава” болуп саналбайт. Ошентсе да, өзүнүн экономикасы менен эл аралык мамиледе орду бар. Франция өзүнүн Батыш Европадагы Жер ортолук деңизи, Ла-Манш, Атлантикалары менен коммерциялык канжолдорго ээ.
Өнөр жайы боюнча дүйнөдөгү өнүккөн индустриалдык- агрардык өлкө болуп саналат. ИДПсы 2,84 триллион евро (2008). Башкаларын айтпаганда да, дүйнөлүк базарда француз кийимдери, бут кийимдер, зер буюмдары, парфюмерия жана косметика, коньяктар, сырлар (анын 400 сорту иштетилет) сатыкка чыккан. Ал эми айыл чарбасы боюнча бодо мал багуу, чочко чарбасы, канаттуулар чарбасы, жумуртка, сүт, эт өндүрүү жагынан Европадагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Буудай, арпа, жүгөрү, жүзүм, гүл өстүрүү, балык чарбалары мыкты өнүккөн. Энергетика жагынан 59 АЭСке ээ. Электр тармагы «Electricite de France» деген мамлекеттик компанияга карайт.
.
Туризми:
.
Франция – дүйнөдөгү эң көп турист барган өлкө. Париж алдыңкы туристтик шаар болуп саналат. Эйфел мунарасы – дүйнөдөгү туристтер зыяратка көп кылган монумент. Франция туризмдин талашсыз борбору. Бирок туризмден түшкөн киреше АКШныкына жетпейт. АКШныкы 81,7 миллиард доллар, Францияныкы 42,3 миллиард доллар. 2000-жылы Францияга 75,5 миллион киши зыяратка келген. Бул эң жогорку көрсөткүч болгон. Андан түшкөн киреше 32,78 миллиард еврону түзгөн.

#3 18 February 2015 - 02:09
Cауд Арабия
.
.
Сауд Арабия хандыгы (аль-Мамляка аль-Арабия ас-Саудия) – Арабия жарым аралындагы эң чоң мамлекет. Мекке менен Медина шаарлары болгондуктан, Сауд Арабияны «Эки мечиттин өлкөсү» деп аташат. Азыркы учурда Сауд Арабия – дүйнөдөгү династия башкарган үч өлкөнүн бирөөсү (Иорданиянын Хашимит хандыгы, Лихтенштейн хандыгы). Ошондой эле, дүйнөдө мунайзатты экспорттоо боюнча 1-орунда турат. Ал 95 пайызды жана өлкө кирешесинин 75 пайызын түзөт.
.
Урааны:«Алладан башка кудай жок, Мухаммед – анын элчиси!»
.
Гимни:«Саламатта бол, ханым!»
.
Түзүлгөн жылы:23/09/1932
.
Расмий тили:Араб тили
.
Борбору:Эр-Рияд шаары
.
Ири шаарлары: Ар-Рияд, Жидда, Мекке, Медина, Даммам, Джубайль, Хафжи
.
Башкаруу формасы:Мураскорлук абсолюттук теократиялык монархия
.
Ханы: Абдылла ибн Абдель Азиз
.
Мамлекеттик дини: ислам (суннилер агымы)
.
Аймагы:2 218 000 км2 (дүйнөдө 4-орунда)
.
Калкы:дүйнөдө 43-орунда – Баары: 27млн 019 731 киши, Жыштыгы: 12 киши/км?
.
Акча бирдиги:Сауд риялы
.
Интернет-домени: .sa
.
Телефон коду: +966
Саат желеси:UTC +3
.
Тарыхы
.
Исламдын жайылышы
Мухаммед (с.а.в.) пайгамбардын Мединага көчүп келишинен кийин 622-жылы пайгамбарыбыз башында турган мусулмандар менен жергиликтүү араб жана иудей урууларынын ортосунда келишим түзүлгөн. Жөөттөр исламга көңүл бурбай коюшкандыктан, арабдар менен жөөттөрдүн арасында душмандык пайда болгон. 632-жылы борбору менен Меккеде Араб халифаты негизделген. Бул – бүгүнкү Сауд Арабиясынын аймагы. Ошондой эле, Хиджаз деп да аталган. IX кылымда араб мамлекетинин кулашына байланыштуу бүтүндөй мамлекет Жакынкы Чыгышка, Персияга, Орто Азияга, Закавказьеге, Түндүк Африкага, Түштүк Европага чачыраган.
.
Арабия орто кылымда
.
1574-жылы Селим II башында турган Осмон империясы толугу менен Араб жарым аралын басып алган. Махмуд I (1730-1754) саясий эрксиздигинен пайдаланып арабдар өздөрүнүн мамлекетин куруу үчүн биринчи кадамдарды жасай баштаган. Ошол учурда Хиджаздагы эң таасирлүү үй-бүлө Сауд жана Рашиддер болгон.
.
Биринчи Сауд мамлекети
.
Сауд мамлекети 1744-жылы Араб жарым аралынын борборунда пайда боло баштаган. Жергиликтүү башкаруучу Мухаммед ибн Сауд жана ислам жактоочусу Мухаммед Абдуль-Ваххаб күчтүү бир мамлекет түзүү үчүн биригишкен. XVIII кылымдагы бул биригүү бүгүнкү күнгө чейин башкарып келген Сауд династиясынын башталышы болчу. Бир канча убакыттан кийин кичинекей мамлекет Осмон империясы тарабынан кысым көрө баштаган. 1817-жылы Осмон султаны Араб жарым аралына Мухаммед Али-Паша башында турган кол жиберет. Ага Имам Абдалланын аскерлери каршы тура албагандыктан биринчи Сауд мамлекети 73 жыл гана жашаган.
.
Экинчи Сауд мамлекети
.
Түрктөрдүн талкалаганына карабастан 7 жылдан кийин (1824) борбору Ар-Рияд болгон Экинчи Сауд мамлекети негизделген. Бул мамлекет 67 жыл жашаган жана өзүнүн мурунку душмандары ха’ил уруусунун Рашид династиясы тарабынан талкаланган. Сауд үй-бүлөсү Кувейтке качууга рагасыз болушкан.
.
Үчүнчү Сауд мамлекети
.
Сауд Арабиянын биринчи ханы – Абдель Азиз ибн Сауд. 1902-жылы 22 жаштагы Сауд үй-бүлөсүнөн Абдель АзизРашид үй-бүлөсүнүн губернатору менен салгылашып жатып Ар-Риядды басып алат. 1904-жылы Рашиддер Осмон империясына жардамга кайрылат. Алар өз аскерлерин алып келишкени менен мунусунда жеңилип калышат. 1912-жылы Абдель Азиз Неджд аймагын толугу менен каратып алат. 1920-жылы англичандардын материалдык жардамы аркылуу Рашиддерди толук талкалайт. 1925-жылы Мекке алынган. 1926-жылы үчтүн айынын онунда Абдель Азиз аль-Сауд Хиджаздын ханы болуп шайланат. Бир нече жылдан кийин Абдель Азиз дээрлик бардык Арабия жарым аралын басып алат. 1932-жылы аяк оона айынын жыйырма үчүндө Неджд жана Хиджаз Сауд Арабия аталыштагы бир мамлекетке биригет.
.
1938-жылы жалган куранда Сауд Арабияда мунай зат өндүрүүчү жерлер ачылат. Экинчи дүйнөлүк согуштун айынан 1946-жылы гана иштей баштайт да 1949-жылы өлкөдө толук мунай зат индустриясы пайда болот. Мунай зат өлкөнүн өнүгүшү үчүн негизги байлык болуп калат.
.
Саясий, административдик түзүлүшү жана негизги шаарлары
Мамлекеттин түзүлүшү
.
1992-жылы кабыл алынган Базалык өкмөттүк документтер акылуу аныкталат. Ага ылайык Сауд Аабия абсолюттук монархиялуу, биринчи хан Абдель Азиздин уулдары, неберелери тарабынан башкарылат. Куран – Сауд Арабиянын конституциясы болуп саналат. Мыйзадар ислам укуктарынын негизинде түзүлгөн. Сауд Арабия Аль-Баха, Аль-Худуд Аш-Шамалийя, Аль-Джауф, Аль-Мадина, Аль-Касим, Ар-Рияд, Аш-Шаркийя, Асир, Ха’иль, Жизан, Мекке, Нажран, Табук деген 13 аймакка бөлүнөт. Калктын 88 пайызы шаарда отурукташкан. Эң ири шаар, хандыктын борбору, экономикалык жана саясий жер, 4260 миң адам жашаган – Эр-Рияд шаары болуп саналат. Жидда – чоңдугу жагынан экинчи шаар, Кызыл деңиздеги эң маанилүү порт бар. Мекке жана Медина мамлекеттин символу болуу менен ислам дүнөсүндөгү ыйык шаарлар. Персид коругундагы: Даммам, Жубайль жана Хафжи шаарларында эң көп мунай зат өндүрүүчү жерлер бар.
.
Куралдуу күчтөрү
.
Аскер кызматын келишимдик негизде 224 500 адам өтөйт. Кызмат өтөөгө чет өлкөлүктөр да кызыкдар. Сауд Арабия куралдуу күчтөрүн каржылаган дүйнөдөгү он өлкөнүн ичине кирет. 2006-жылы 31,255 млрд. АКШ долларын түзгөн, ИДПнын 10 пайызы. Негизги курал менен камсыздандыруучусу АКШ болуп саналат (85 пайызды түзөт). Өлкөдө өздөрү иштеп чыгарган бронетранспортерлор чыгат. 6 аскерий аймакка бөлүнгөн.
.
Тышкы саясат жана эл аралык мамиле
.
Сауд Арабиянын тышкы саясаты Араб жарым аралында, ислам мамлекеттеринде, мунай зат экспорттогон өлкөлөрдө хандыктын позициясы сакталышына арналган. Сауд Арабиянын дипломатиясы бүткүл дүйнөдө исламдын кызыкчылыктарын коргойт. Сауд Арабия Араб өлкөлөрүнүн лигасы, Ислам конференциясы уюмунун, мунай зат экспоттоочу мамлекеттери уюмунун маанилүү мүчөсү. 2007-жылы Сауд Арабия менен Пап престолу ортосунда дипломатиялык мамилелер бекитилген.
.
Маданияты жана дини
.
Сауд Арабиянын маданияты ислам менен тыгыз байланыштуу. Күн сайын мусуламандарды азанчы намаз окууга чакырат. Башка динге кызмат кылууга, чиркөөлөрдү курууга тыюу салынган. Исламда чочкону жана алкоголду колдонууга тыюу салынган. Салттуу тамак-аштарга тоок эти, фалафель, шаурма, люля-кебаб, кусса махши, хубз наны кирет. Суусундуктары кофе, чай. Өлкөнүн тургундары ачык кийинүүдөн сактануу менен ислам канондорун жана салттарын сакташат. Мырзалар жүндөн, кебезден тигилген узун көйнөктөрдү, башына гутра салттуу баш кийимин кийишет. Айымдар салттуу болуп калган уруунун белгилери бар монеталарды, кооздолгон кийимдерди кийишет. Эшикке чыкканда аял киши милдеттүү түрдө денесин абай менен, башын хиджаб менен жабыш керек. Чет өлкөлүк аялдарга да абай сөзсүз түрдө кийилет, анын ичинен кааласа көйнөк же шым кийсе болот.
.
Коомдук театр, кино театрларга исламга туура келбегендиктен тыюу салынган. Ошентсе да айрым жерлерден өзгөчө батыштан келген жумушчулар тараптан учуратса болот (мисалы, Дахран). Уй кино театры абдан өнүккөн. Батыш кино тасмалары негизинен цензурага тиешеси жоктугунан калк арасында аны атып алуу күчөгөн. Эс алуу күндөрү бейшемби жана жума. Расмий жана жалгыз дини – ислам. Калктын көбү салафияга ишенишет. 15 пайызы шииттер, алар чыгыш аймактарында орун алган. Сауд Арабиянын бийлиги башка динге ишенгендерге өлкөгө келүүгө уруксат берет, бирок өзүнүн динин жайылтууга уруксат жок. Өлкөдө дин полициясы (муттава) иштейт. Шариат гвардиясынын жоокерлери дайыма көчөнү, коомдук жайларды исламдын принциптери бузулбаш үчүн карашат. Эгер андай кылмыш катталса күнөөкөр тиешелүү жазасын алат.

#4 18 February 2015 - 02:10
Улуу Британия – улуу өлкө
.
Урааны: « Dieu et mon droit» «(Кудай жана менин укугум)»
.
Түзүлгөн күнү: 1801-жылдын 1-январы
.
(Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын бириккен хандыктары)
.
Расмийтили: англис тили
.
Борбору: Лондон шаары
.
Ири шаарлары: Лондон, Бирмингем, Глазго, Манчестер, Эдинбург, Ливерпуль
.
Башкарууформасы: Парламенттик монархия
.
Ханыша: Елизавета II
.
Аймагы: дүйнөдө76-орунда
• Баары: 244 820 км²
• Суу катмары: 1,3 %
.
Калкы: дүйнөдө 21-орунда
• Баары: ( 2007-ж.) 60млн 776 238 киши
• Жыштыгы: 247 киши/км²
.
Акчабирдиги: Стерлинг фунту(GBP)
.
Интернет-домени: .uk, .eu( Евробиримдиктин мүчөсү катары), .gb(колдонулбайт)
.
Телефон коду: +44
Саатжелеси: UTC+0
.
Улуу Британия ( англ.United Kingdom), толук аталышы – Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын бириккен хандыктары ( англ.United Kingdom of Great Britain and Northern Ireland) – батыш Европадагы аралдагы мамлекет, өлкөнүн аталышы англис тилиндеги Great Britain дегенди билдирет. Британиядеген аталыш брит уруусуна байланыштуу келип чыккан.
.
Администрациялык бөлүнүшү
.
Улуу Британия 4 администрациялык- саясий бөлүктөн турат (тарыхый жерлер):
· Англия(39 графтыгы, 6 метрополитен графтыгы жана Чоң Лондон) – администрациялык борбору – Лондон;
· Уэльс(22 унитардык бөлүнүшү: 9 графтыгы, 3 шаар жана 10 шаарлар-графтыгы) – администрациялык борбору – Кардифф;
· Шотландия(12 область: 9 өрөөн жана 3 негизги аймак), администрациялык борбору – Эдинбург;
· Түндүк Ирландия(26 өрөөн), администрациялык борбору – Белфаст.
Көз каранды аймактар (борбору менен):
Британ аралдары
· Мэнаралы ( Дуглас)
· Нормандаралдары
o Гернси( Сент-Питер-Порт)
o Жерси( Сент-Хельер)
Европа
· Гибралтар(Гибралтар)
Америка
· Ангилья(Валли)
· Бермуды(Гамильтон)
· Британ Виргин аралдары(Род- Таун)
· Кайманов аралдары(Жоржтаун)
· Монтсерратаралы (Плимут)
· Тёркс жана Кайкосаралдары (Кукбурнтаун)
· Фолкленд аралдары(Порт- Стэнли)
· Түштүк Георгияжана Түштүк Сандвичевдер аралдары
Атлантика океаны
· ЫйыкЕленанын аралы (Жеймстаун) жана анын көз каранды аймактары –Вознесения, Тристан-да-Кунья аралдары
· Питкэрнаралы (Адамстаун)
Индия океаны
· Индия океанындагы Британ аймактары– архипелаг Чагос
Этникалык курамы
· англичандар– 83,6 %,
· шотланддар(негизинен Шотландияда) – 8,5 %,
· валлийлер(негизинен Уэльсте) – 4,9 %,
· ирланддар(негизинен Түндүк Ирландияда, ольстерлер) – 2,9 %.
Иммигранттар жана алардын балдары Чоң Лондондун тегерегинде жашайт. Жалпы 8 пайызды түзүшөт:
· Индия, Пакистанжана Бангладештен келгендер – 3,6 %,
·Кытайдан келгендер – 0,4 %,
·Африка өлкөлөрүнөн келгендер – 0,8 %,
· Кариб деңизи аралдарынан келген ынды каралар– 1 %.
.
Британ улуту
.
Клавдий императору басып алганга чейин өздөрүн бриттер деп атаган кельт уруулары жашаган. V кылымга чейин Рим империясынын карамагында болгон. Рим Британисы анын жардамысыз варвар-германдыктарга каршы тура алган эмес. Бриттер кельт урууларын пикт, скоттордон коргонуу үчүн чакырышкан, келгиндер өздөрүн ют, сакс, англикандар деп аташкан. Бриттердин жерлерин басып алган германдар тарабынан хандыктар түзүлө баштаган, алсак, «Англ-саксдык гептархиясы» (7 хандыктын биримдиги). Мезгилдин өтүшү менен жетинин бири, тагыраак айтканда, «Бритвальда» (котормосу – Британиянын башкаруусу) Англиянын көп бөлүгүн көзөмөлдөй баштаган. Англияда Библиябашка европалык мамлекеттерге караганда англис тилине биринчи которулган, ошондуктан, британдар арасында бирдиктүү англис тили колдонула баштаган. Ошондой эле, Британия дүйнөдөгү эң көп колониялуу өлкөгө айланган. Алар француз, испандарга окшоп колониялык башкаруусунда бөлөк элдерди өздөрүнө жуурулуштуруп албай, “Биз англиканбыз, алар туземдер”, – деп башкарышкан. Бирок, империянын кыйрашы менен улуттук кыймылдар күчөй баштаган. Калктын көп бөлүгү өздөрүн британбыз дегендин ордуна шотланбыз, ирланбыз, валлийбиз деп атай баштаган. Англияда болгону 1/3 бөлүгү өздөрүн британбыз дешкен. Көп жылдардан бери элди протестантизм, бийликтеги патриархалдык институттар, монархия, империя бириктирип келген. 2001-жылдан тартып ‘Британия’ сөзү Бириккен Хандык менен алмашылган.
.
Тарыхы
.
Британ аралдары V- VIкылымдарда англосакстар тарабынан басылып алынган.1066-жылы Англияны норманддар басып алгандан кийин саясий биримдикке алып келаткан феодализация кыймылы талкаланган. XIII кылымдын 2-жарымында англис парламенти пайда болуп, монархиятүзүлгөн. Соода тармагынын өнүгүшү жана дыйкандардын көтөрүлүшү ( 1381-жылы болгон) жүрүп-жүрүп отуруп аларды жеке укуктарынан да ажыраткан. Ошол эле учурда алар жерге ээ болуу укугунан ажырап, майда өндүрүштүк ишканаларга бөлүнүшкөн. 1534-жылы Реформалоо учурунда Англия чиркөөсү түзүлгөн. XVI Iкылымдагы Англия көтөрүлүшү капитализмдин орношун камсыз кылган. XVII кылымда тори жана виги деген саясий партиялар пайда болгон ( XIX кылымда Консервативдүү жана Либералдуу партияларга бөлүнүшкөн). 1707-жылы Шотландия кошулгандан кийин ( 1649- 1651-жылдары Ирландия басылып алынган), бириккен хандыктардан Улуу Британия аталышы келип чыккан. XVIII кылымдын аягында, XIX кылымдын 2-жарымында өндүрүш төңкөрүшү болот. Бай Бенгалиянын Ост-Инд мекемеси басылып алынгандан кийин, британ колониялуу империясы башталат. Ушул убактагы көпчүлүк англис инвестициялары индустан келип чыккан. 1830-жылдары өндүрүштө фабрикалык система бекитилген. 1830- 1840-жылдары пролетариаттан чартизмге карата биринчи массалык кыймыл болот. 1840-жылы Ирландияны ачарчылык каптап, 1 миллиондон ашуун адам өлгөн. 1868-жылы тред-юниондордун Британ конгресси түзүлөт. 1900-жылы Улуу Британиянын Лейбор партиясы негизделет. XIX кылымдаУлуу Британия дүйнөдөгү эң көп колонияга ээ мамлекет болуп калат ( Британ империясы). Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Улуу Британия Гитлерге каршы коалициянын башкы катышуучуларынан болгон. 1970-жылы Британ колониалдуу империясы урап, дээрлик бардык англис колониялары көз карандысыздыкка жетишкен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Улуу Британиянын өкмөтүн маал-маалы менен лейборчулар ( 1945- 1951, 1964- 1970, 1974- 1979, 1997-жылдан бери) жана консерваторлор( 1951- 1964, 1970- 1974, 1979- 1997) түзүп келишкен.
.
Жарандык
.
2005-жылдын жетинин айынын биринен баштапбритан жарандыгын алууну каалагандар « Life in the UK» (“УБдагы жашоо”) боюнча атайын сынак беришет. Анда тарыхты, маданиятты, каада-салттарды жана мамлекеттин түзүлүшүнүн негиздерин, коомдук жашоосун билиш керек. Сынак 24 суроодон туруп, 45 мүнөт болот. Мурун Лондонмилдеттүү түрдө англис тили жана иммигранттардын эмгек шарттарын билүү боюнча сынак өткөрчү. Жарандыкты алгысы келгендер атайын уюмдарга кайрылышса болот, ал уюмдар өз укуктарыңызды билүүгө, британ коомуна тез көнүп кетүүңүзгө жардам беришет. 2004-жылы Улуу Британиянын жарандыгын алууга 140870 адам арыз берген.
.
Маданияты жана дини
.
Улуу Британиянын маданияты абдан бай жана ар жактуу. Негизинен дүйнөлүк деңгээлде таасири бар. Британия өзгөчө англис тилин мамлекеттик тил катары санаган жана Британиянын мурунку колониясы болгон өлкөлөр менен маданий жактан тыгыз байланышта. Индиянын жана Кариб деңизинин иммигранттары акыркы жарым жылдыкта өздөрүнүн бараандуу салымдарын кошушкан.
Негизги диндери: Христиан: (42,079,000) – 71,6 %, Буддизм: (152,000) – 0,3 %, Индуизм: (559,000) – 1 %, Иудаизм: (267,000) – 0,5 %, Ислам: (1,591,000) – 2,7 %, Сикхизм: (336,000) – 0,6 %, башка диндегилер: (179,000) – 0,3 %, кудайга ишенбегендер: (9,104,000) – 15,5 %.
Англияда мамлекеттик статуска ээ “Англиянын чиркөөсү” деген чиркөө бар, аны ак сөөктүк башкаруучу – британ монархы башкарат. Ал – Архиепископ Кентерберийбашында турган Англикан Бирикмесинин жергиликтүү чиркөөлөрүнүн бири.

#5 18 February 2015 - 02:12
KATAP
.
Перс булуңунун бермети
.
Катар мамлекети (арабча аталышы Давла’тКата’р)- түштүк-батыш Азиядагы чакан өлкө. Аравия жарым аралында жайгашып, түштүгүнөн Сауд Аравиясы менен чектешет. Ал эми калган бөлүгүн Перс булуңунун суулары чулгап турат.
.
Жалпы аянты:11, 437 км2 (Дүйнөдө 158-орунда)
.
Борбор: Доха шаары
.
Калкы: 841 000 киши (2007-жылкы эсептөө боюнча)
Жыштыгы: 72 киши/км2 (Дүйнө жүзү боюнча 158-орунда)
.
Расмий тили: Араб тили
.
Улуттук валютасы: Риял (QAR)
.
Мамлекеттик түзүлүшү: Абсолюттук монархия
.
Эгемендүүлүк күнү:3-сентябрь (1971-жылы Улуу Британиядан бошонгон)
.
Калкы жана дини
.
Калкынын 40 пайызын жергиликтүү арабдар түзөт. Андан сырткары, Пакистандын (18
, Индиянын (18
, Ирандын (10
ж. б. араб өлкөлөрүнүн атуулдары да кездешет. Араб тилинен сырткары, англис тили өнүккөн.
.
Сунниттик мүнөздөгү ислам өлкөдөгү мамлекеттик дин болуп саналат, ирандыктар болсо шийит динин тутушат. Калкынын 90 пайызга жакыны Доха шаарында жана анын тегерегинде жашайт.
.
Табияты
.
өлкө аймагынын бардык бөлүгүн чөл ээлейт. Түндүгүндө сейрек кездешүүчү оазистери бар жапыз кыймылдуу кум дөңсөөлөр басымдуулук кылса, жарым аралдын ортосун анда-санда кезигүүчү солончактуу (туздуу дөңсөө) таштак чөл ээлейт. Ал эми түштүк бөлүгүндө бийик-бийик кум тоолор орун алган. Климаты континенталдуу болгондуктан, тропикалуу жана кургак келет. Ошондуктан, жарым арал сууга жарды. Жайында абанын температурасы 50 °C чейин көтөрүлөт. Мунун кесепетинен дайыма агып турган дарыялары жок, ичүүгө жарактуу сууну деңиз суусун тазалоодон алышат. Жер алдындагы суулар жана оазистердин көбү өлкөнүн түндүгүндө орун алган. Жаныбарлар дүйнөсү жарды келип, негизинен сойлоп жүрүүчүлөр жана чычкан сымал айбанаттар басымдуулук кылышат.
.
Экономикасы
.
Катарлыктар негизинен берметти өндүрүү, балык уулоо, төө жана кой багуу менен алектенишет. Жер иштетүү аз өлчөмдө жүргүзүлөт. Бирок, бул жерде эмгек ресурсунун 10 гана пайызы камтылган. Катардын экономикасынын негизин нефть жана газ өндүрүү түзөт. өндүрүү тышкы дүң продукциясынын 55 пайызын, экспорттук кирешенин 85 пайызга жакынын, мамлекеттик кирешенин 70 пайызын ээлейт. Нефтиден жана газдан түшкөн кирешенин аркасы менен Катар заманбап, мыкты өнүккөн инфраструктурасы бар, бай өлкөгө айланды. Андан тышкары, жер семирткич өндүрүү, металл, цемент, химиялык жана ун иштетүүчү өнөр жайлары жаңыдан ишке кирүүдө. Катарда таза суу тартыш болгондуктан, ичүүгө жарактуу сууну өнөр жайдын деңгээлинде өндүрүүгө туура келет. Деңиз суусун тазалоодо газды жагуудан келип чыккан энергияны колдонушат. Бир жылда 9,3 миллиард кВт/с электр энергиясы иштелип чыгат. Ишканалардын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттин менчиги болуп саналат. Умм-Саид жана Доха – өлкөнүн негизги порттору. Катарда төрт аэропорт (анын ичинде бир эл аралык аэропорт), бир вертолеттук аэропорт жүргүнчүлөрдү тейлейт. Ички дүң продукциясы бир адамга 31 397 долларды түзөт (2005).
.
Мамлекеттик түзүлүшү
.
өлкөнү салтка ылайык Аль Тан династиясынын өкүлү, эмир башкарат. 1971-жылы эркиндикке жеткен Катардын бийлик ээлери өлкөнүн убактылуу конституциясын кабыл алышкан. 1999-жылы эмирдин көрсөтмөсү менен түзүлгөн комитет өлкөнүн туруктуу конституциясын иштеп чыгып, жаңы баш мыйзам 2003-жылкы референдумда кабыл алынган. Бийликтин бир бутагы болуп бир палаталуу Мажилис эль-шура кеңеши саналат. Жаңы конституция боюнча аталган кеңештин үчтөн бир бөлүгүн эмир тандаса, калган эки бөлүгүн эл шайлайт. Жарандык, Апелляциялык жана Шарият соттору адилеттүү иш жүргүзүшөт. өлкө ичинде саясий партиялардын иш-аракеттерине тыюу салынган.
.
Тарыхы
.
Катарда байыркы мезгилден бери эле эл жашап келген. өлкө жөнүндө байыркы Рим тарыхчысы Плиний (I к.) эскерген. Б. з. ч. VI кылымда Перс мамлекетине баш ийип турган. Бир кылымдан кийин, Сасаниддик Иран бийликке келген соң, өлкөгө ислам дини кеңири тарай баштаган. XX кылымга чейин ар кайсы мамлекетке көз каранды болуп келип, эркиндикке кийинчерээк эле ээ болгон. Ага чейин уруулар арасында бийлик үчүн араздашуулар ар дайым болуп турган. Мисалы, 1972-жылдын февралындагы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында Ахмед эмирдин аталаш тууганы Халиф бен Хамад Аль Тан бийликке келген. 2001-жылы Катар Сауд Аравиясы жана Бахрейн менен чек ара боюнча талаштуу маселелерин жөнгө салган.

#6 18 February 2015 - 02:13
Египет Араб республикасы
.
Египет (арабча аталышы Джумхурийят Миср аль-Арабийя) мамлекети Африканын түндүк-чыгышындагы Синай жарым аралында жайгашкан, Нил дарыясынын жээгин бойлой Сахара чөлү менен Кызыл деңиздин ортосунан орун алган. Түндүк-чыгышынан Израиль, батышынан Ливия, түштүгүнөн Судан өлкөлөрү менен чектешет.
Аталыштын төркүнү
20-династиянын аягында Шумер державасы Жогорку жана Төмөнкү деп экиге бөлүнүп, бийлик башында эки адам турган. Ике патша – ике+пат = Египет деген аталыш келип чыккан. Ушундан тартып Улуу державалуу Самара “Египет” деп атала баштаган. Кийинчерээк Египеттин өзүн, Тухалды, Скиф падышачылыгын, Улуу Скифияны – баарын чогуусу менен ушундайча атай башташкан. Бирок, аталыштын келип чыгуусу боюнча көптөгөн талаш-тартыштар бар.
.
Калкы жана дини
.
Жергиликтүү эл Түндүк-чыгыш Африкадагы жана алдыңкы Азиядагы уруулардан куралган. Калктын 98 пайызын египеттиктер (хамиттер), калган бөлүгүн нубийлер, бедуиндер, берберлер жана майда көчмөн уруулары түзөт. өлкө тургундарынын 80 пайызы – дыйкандар. Аялдардын саны 38 миллион болсо, эркектердики 35 миллионго жетет. Египетте 23 секунд сайын бала төрөлүп турат. Ушундан улам, бийликтегилер элди көп балалуу болуудан баш тартууга үндөшүүдө. Негизинен үй-бүлөдө 4-5 балалуу болушат. Калктын негизги бөлүгү ислам динин тутат, эл ичинде християн-копт динин туткандар да кездешет.
.
Табияты
.
Египеттин табиятына аба ырайынын кескин өзгөрүшү, кургак аба жана сейрек жаан мүнөздүү. өлкөнүн түндүгүндө субтропикалуу деңиз климаты орун алса, ал эми калган бөлүгүндө тропикалуу кургак жана чөл климаты басымдуулук кылат. Катуу шамалдар көп болуп, кыска агымдар үстөмдүк кылат. Жайында суунун температурасы +27°С, кышында болсо +18°С гана төмөндөйт.
.
Экономикасы
.
Египеттин экономикасынын өнүгүшүнө негизинен табигый газ менен нефтинин бай запастары түрткү болгон. Андан тышкары, туристтерди тейлөө инфраструктурасы да жолго коюлган. Египетте негизинен жеңил өнөр жайы жакшы өнүккөн. Айыл чарба продукциясын, айрыкча пахтаны сатуудан эле бир топ пайда көрүшөт. Суэц каналынан өткөн жүктөрдөн салык алуу, чет өлкөдө иштеген жарандардын акча которуу иштеринен келип түшкөн кирешелер өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошот. өлкөдө балдардын көп санда төрөлүшү, байыркы мамлекеттин башка өлкөлөрдөн алынып келинген технологияларга көз каранды болушу Египеттин экономикасына өз таасирин тийгизбей койбойт. Акыркы жылдары, террордук актылардын айынан, өлкөнүн туризм тармагы да аксап келүүдө.
.
Египет медиасы
2002-жылы Каирде, кино-телепродукция чыгаруу максатында, “Чыгыш Голливуду” шаарчасынын курулушу аяктаган. Комплекстин аянты 3 миллион м2. Ал үч “А”, “В”, “С” студиялык павильондордон, ачык асман алдында тартууга арналган “Magic Land” жана “Media Free-Zone” аянттарынан, чет өлкөлүк спутник компанияларынын борборунан жана Мубарака студиялык комплексинен (жалпы 29 студия) турат.
.
Маданияты
.
Байыркы Египеттин маданияты өлкөнүн өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Египеттиктер биринчилерден болуп айнекти ойлоп табышкан. Дүйнөдөгү кереметтердин бири делген пирамидалар Египетте байыр алган. Саккарадагы Жосер деген фараонго таандык пирамида – алардын алгачкысы. Андан соң Мейдумда курулуп, кийин үч чоң пирамида жана Гизадагы Чоң Сфинкс (граниттен кертилип жасалган арстан денелүү Хефрен аттуу фараондун келбети) тургузулган. Ал эми Падышалар өрөөнүнөн 64 көрүстөн казылып алынган. Көрүстөндөрдүн архитектурасы оригиналдуу: 100 метр тереңдикте жайгашып, дубалдары фреска (ката элек шыбакка суу боёк менен тартылган сүрөт) менен жабдылган 4 бөлмөгө алып барчу 200 метр узундуктагы коридордон турат.

#7 18 February 2015 - 02:14
Кылым кыйырындагы Кытай
.
Кытай Эл Республикасы (кытайча аталышы Чжунхуа жэнминь гунхэго) – Борбордук жана Чыгыш Азияда орун алган мамлекет. Чыгыш жээгин Сары, Чыгыш-Кытай жана Түштүк-Кытай деңиздери чулгап турат. Ал эми түндүк-чыгыш чек арасы Орусия жана Түндүк Корея менен курчалса, түндүгү – Монголия, батышы – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан, түштүгү – Индия, Непал, Бутан, Мьянма, Лаос жана Вьетнам менен чектешет.
.
Жалпы аянты: 9 596 960 [2] км2 (Дүйнө жүзү боюнча 3-орунда)
.
Борбору: Бээжин шаары
.
Калкы: 1млрд 322млн 178 190 киши (2008)
Жыштыгы:140 киши/км2 (Дүйнө жүзү боюнча 1-орунда)
.
Расмий тили: кытай
.
Улуттук валютасы: Юань (CNY)
.
Мамлекеттик түзүлүшү: Социалисттик Республика элдин демократиялуу диктатурасы менен (Конституциясы боюнча)
.
Калкы жана дини
.
Калкынын 91,6 пайызын кытайлыктар түзөт (аталышы хань). 55 ар башка элдин ичиндеги 18 улуттун өкүлдөрүнүн саны – 1 миллиондон ашуун. Алар: чжуандар, маньчжурлар, хуэй (дунгандар), мяо, уйгурлар, ицзу, туцзя, монголдор, тибеттиктер, буи, дун, яо, корей, бай, хани, ли, казактар, тайлыктар. Алардан тышкары, Уйгур автономиялуу районунда 13,5 000 орустар жана 4,9 000 татарлар жашашат. Калктын 43 пайызы шаар калкы деп саналат. 80 пайызга жакыны мамлекеттин чыгыш бөлүгүндө жашайт. Негизги тутунган дини – буддизм, даосизм, конфуцианство.
.
Табияты
.
Кытай субтропикалуу жана тропикалуу агымдарда жайгашкандыктан, климаты континенталдуу болуп, чыгыш тарабы мусондуу келет. Январдагы орточо температура -24 градуска, июлдагы температура +20-28 градуска жетет. Күзүндө тайфундар көп болуп, жаан-чачын түштүктөн түндүктү, чыгыштан батышты карай себелейт. Жалпы аянтынын 8 гана пайызын токой ээлейт. Кытайдын калган бөлүгүндө Гималай, Каракорум, Куньлунь, Наньшань сымал тоо системалары жайгашкан. Негизги дарыялары болуп Янцзы, Хуанхэ, Сунгари, Чжуцзян эсептелет. Кукунор, Дунтинху, Поянху сыяктуу көлдөрү бар. Андан тышкары, Такла-Макан, Гоби чөлдөрү жана Улуу Кытай түздүгү орун алган.
.
Экономикасы
.
Кытай социалисттик республика болгону менен, экономикасы базар мамилесинде өнүгүп, жеке менчик ишканалар аркылуу өсөт. Конституциясында айтылгандай, жеке менчик ишкана “кол тийбестикке” ээ болсо, мамлекеттик ишкана “улуу” деп эсептелет.
2003-жылы ички дүң продуктусу 10 пайызга көбөйгөн, азыркы мезгилде бир адамга 2 968 доллар туура келет. Экономикасынын өнүгүү жолдорунун бири – нефть өндүрүү, жылына 170 миллион тонна нефть алышат. Кытай өзүнүн Шэньчжэнь, Чжухай, Шаньтоу, Сямэнь аттуу эркин экономикалык аймактарына байланыштуу да алдыга жылып келет. Андан тышкары, 14 эркин сатуу аймагы, 53 жаңы жана бийик технологиялар, чет өлкөдөн билим алган жетимиштен ашуун адис үчүн илимий-техникалык, экспортко чыгарууга ылайыкташкан 38 кайра иштетүүчү аймак иш алпарат.
.
Тарыхы
.
Б. з. ч. XIV кылымда, кул ээлөөчүлүк доорунда, Инь өлкөсү пайда болгон. XXI кылымда аны чжоу уруусу басып алып, VII кылымда мамлекет бир канча майда өлкөлөргө бөлүнүп кеткен. III кылымдын аягында түзүлгөн бирдиктүү Цинь империясынын ордуна б. з. ч. 206-жылы Хань империясы негизделген. XIII кылымда кытайлыктарды монголдор басып алышкан. 1368-жылы монголдорду куугандан кийин дыйкандардын көтөрүлүшү башталган. Минь династиясынын өтүнүчү боюнча төңкөрүштү басуу үчүн келген маньчжурлар өздөрүнүн бийлигин орнотушкан. 1911-жылы Сунь Ятсендин башчылыгы алдында улуттук-боштондук кыймылы жүрүп, Кытай Республикасы түзүлгөн. 1921-жылы Кытай коммунисттик партиясы түзүлүп, ал 1949-жылы 1-октябрда Кытай Эл Республикасы деп жарыяланат. Мао башында турган бийлик менчик ишканаларды улутташтырып, айыл-чарбаны колхоздоштурган. 1976-жылы Мао Цзэдун дүйнөдөн кайткандан кийин, партиянын ишмердиги кайрадан каралып чыгып, экономикалык реформанын курсу аныкталган. Ишканаларга өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берилип, чет элдик капиталды тартуу үчүн ачык экономикалык райондор, атайын экономикалык аймактар ачылган. 1990-жылдардан баштап Кытай социалистик нарк экономикасын тандап алып, ошондон бери булл багытта эч кимди алдына чыгарбаган улуу державага айланды.

#8 18 February 2015 - 02:15
Түркүн түстүү Түркия
.
Түркия Республикасы Чыгыш жана Батыш маданиятынын чордонунда орун алып, түндүгүнөн Кара, чыгышынан Эге жана түштүгүнөн Жер Ортолук деўиздер менен чулганып турат. Жалпы аянты – 814 578 кв./км. Жери Болгария, Греция, Грузия, Армения, Иран, Ирак жана Сирия менен чектешет. Мамлекеттик түзүлүшү боюнча Президенттик жана парламенттик башкаруу формасына ээ унитардык мамлекет. өлкө президенти парламенттик шайлоонун негизинде 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Конституцияга ылайык, ал кандайдыр бир партияда турбашы керек. Административдик- аймактык түзүлүшү боюнча 7 аймак, 80 провинция, 849 округ жана 681 волосттон турат. Мамлекеттин көпчүлүк бөлүгү эс алуучу жайларга, курортторго, пансионаттарга, туристтик борборлорго бөлүнгөн.
.
өлкөнүн борбору – Анкара. Анкара – Түркиянын эң байыркы шаарларынан, ал жөнүндөгү алгачкы эскерүүлөр б. з. ч. 1200-жылдарга тиешелүү. Эң ири шаарлары – Стамбул, Измир, Бурса, Анталия, Эфес, Пергама, Приены, Милеет. Алардын ичинен Стамбул – бул эки материкте тең орун алган жападан-жалгыз шаар. Стамбулда дүйнөнү дүңгүрөткөн Ыйык София тарых музейи, Султан Ахмет, Сүлейман Абу Аюб ал-Ансари ж.б. көптөгөн мечиттери жана Азия менен Европа жээктерин байланыштырган Босфор көпүрөсү сыяктуу көптөгөн архитектуралык эң кооз курулуштар жайгашкан. Ал эми Измир – Анкара менен Стамбулдан кийинки орунду ээлеген шаар. Ал – айтылуу Гомердин мекени. Эфес, Пергама, Приены, Милеет – дүйнөлүк тарых калдыктарын өзүнө каткан эң байыркы шаарлардан. Эске сала кетүүчү нерсе – Жердин жети кереметинин экөөсү – Артемида храмы жана Мавсол ханынын мавзолейи да Түркиядан орун алган.
.
Тарыхы
.
Түркиянын тарыхы 7 000 жылдан ашуун убакытты камтыйт. Тарыхчылардын көбү Түркияны “өркүндөп-өсүү маданиятынын бешиги” деп аташат. Анткени, дал ушул чөлкөмдө тарыхта белгилүү из калтырып кеткен хетт, перс, фригийц, македониялык уруулар жашаган. Түркиянын тарыхы XI кылымда түрк уруулары Кичи Азияны басып киргенде башталган. Ал эми Анадолу чөлкөмүндөгү алгачкы түрк мамлекети 13-кылымда Чыңгыз хандын жортуулунан улам Орто Азиядагы огуз түрктөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн азыркы Ирандын түндүгүнө Түркиянын чыгышына сүрүлүп барып, түрк урууларынын хандыктарынын пайда болуусу менен түптөлө башталган. Алардын басымдуу бөлүгүн түрк-селжуктар түзгөн. Ошол учурда Түркия Византия империясынын бийлигинде турган. Манцкерттеги чечүүчү салгылашуудан кийин византиялык аскерлер талкаланып, Византиядагы бийлик селжуктарга өткөн. Бийликке Сулайман хан келип, жаңы мамлекеттин пайдубалын түптөгөн. 15-кылымдан баштап айтылуу Улуу Осмон империясы түзүлгөн. Адамзат жана ислам тарыхында өзгөчө маанилүү ролду ойногон Осмон империясы XIX кылымдын акырында тарыхый жана саясий себептерден улам кыйроого учурап, анын ордуна азыркы Түркия Республикасы курулган. Түркиянын тарыхы Мустафа Кемаль Ататүрк менен байланыштуу. Грек аскерлери менен көз карандысыздык үчүн болгон согушта жеңишке жетишкен Мустафа Кемалдын иш-аракети коомчулук тарабынан колдоого алынып, 1923-жылы 29-октябрда Түркия көз карандысыз республика болуп таанылган. Мустафа Кемаль өлкөнүн президенти болуп шайланып, мамлекеттин батыштык типтеги түзүлүшүнө маани берип, милдеттүү түрдө жалпы билим берүү, латын алфавитин кабыл алуу ж.б.у.с. реформаларды жасаган.
.
Экономикасы
.
Улуттук акчасы – түрк лирасы. Экономикасы боюнча өнүккөн тармагы өнөр жай болуп эсептелет. Тамак-аш, темир жана жыгач иштетүү, автоунаа жана самолёт куруу, айнек чыгаруу тармактары жаңыланып, өнүгүп келүүдө. Нефть жана химиялык өнөр жай, электротехника, полиграфия сыяктуу жаңы тармактар пайда болууда. Жаратылыш байлыктарынан сурьмага, көмүргө, хромго, боратка жана күмүшкө бай, айдоо аянттары кенен, суу энергетикасы мол десек болот. Түркия айыл чарба азыктары менен өзүн-өзү толук камсыздай алган өлкөлөрдүн катарына кирет. Айыл чарба тармагында калктын дээрлик жарымынан көбү дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет.
.
Калкы, тили жана дини
.
Азыркы учурда Түркиянын калкы 65-70 миллионго жетти. Негизги калктын 82 пайызын түрктөр түзөт. Түркияны 10 миллионго жакын курд, 1 миллиондой араб, бир нече миң гректер, армяндар, испаниялык еврейлер жана черкестер да мекендешет. Кээ бир маалыматтарга ылайык, өлкөдөн сырткары жашаган 3 миллиондой түрк чет өлкөлөрдө эмгектенет. 1982-жылы кабыл алынган Конституциянын 66-статьясына ылайык, “түрк менен баш кошкон жана атасы же апасы жагынан түрк каны барлардын баары – түрк атуулдары” болуп саналат. Мамлекет боюнча калкы ар кандай жыштыкта отурукташкан. Эң көп калкы бар шаар болуп Стамбул (15 миллион) эсептелет. Кийинки орундарда Анкара (6 миллион) жана Измир (3,5 миллион) шаарлары турат. Калк тутунган негизги дин – ислам дини. Ислам дини бул өлкөдө VIII кылымдан баштап эле кенен жайылган. Түркия мусулман өлкөсү болуп саналат, андыктан, калктын көпчүлүгү – мусулман-суниттер. Расмий тили – түрк тили. Чоң-чоң борбордук шаарларда англис, немец, француз тилдери да колдонулат.
.
Маданияты
.
Түркиянын исламга негизделген улуттук маданияты бекем сакталган. Коомчулукта үрп-адаттарга, көпчүлүктө өзүн алып жүрүү эрежелерине, аял-эркек ортосундагы мамилелерге өзгөчө көңүл бурулат. Салт боюнча бирөөнүн үйүнө келсең бутуңду чечип кирүү үй ээсин сыйлагандык болуп эсептелет. Ал эми конок болуп барып калсаң, сага көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн үй ээсине акча берүүдөн этият болгонуң оң. Анткени, мындай көрүнүш кожоюнду жаман акыбалга калтырышы мүмкүн. Коомдо аял затынын баш кийимсиз жүрүүсү жакшы кабылданбайт. Түрк элинин маданиятында музыка да абдан маанилүү орунда турат. Улуттук элдик музыка жана классикалык чыгармалар абдан бааланат.

#9 18 February 2015 - 02:16
Австралия
.
Австралия бирлиги – жер шарынын түштүк жарымындагы бүтүндөй бир материкти ээлеген жалгыз мамлекет. Түштүк жана батышжээктерин Инд океаны, ал эми түндүк жана чыгыш жээктерин Тынч океан чулгап турат.
.
Аталыштын төркүнү
.
“Австралия” деген аталыш латын тилиндеги “australis” деген сөздөн алынган, “түштүк” деген маанини түшүндүрөт. “Белгисиз түштүк жери” жөнүндөгүуламыштар Рим империясынын тушунда эле айтылчу. Бирок аларда эч кандайтүшүнүк камтылган эмес. “Australische”сөзү адегенде голландиялык чиновниктер арасында гана колдонулуп, 1638-жылдары жаңы ачылган түштүк жерлери ушундайча атала баштаган.”Australia” деген аталыш капитан Мэтью Флиндерстин (ал материкти толугуменен айланып чыккан биринчи адамболгон) “Түштүк Австралияга саякат” аттуу эмгеги жарыкка чыккандан кийинатактуу боло баштаган. Натыйжада бул аталышты Жаңы Түштүк Уэльстин губернатору Лаклан Маккуори Англияга жиберген расмий билдирүүлөрүндө колдоно баштаган. Ал 1817-жылы 12-декабрда Улуу Британия империясынын колония боюнча министрлигине “Australia” деген аталышты расмий түрдө бекитип берүүсүн сунуштаган. Ошентип, 1824-жылы Британ бийлиги булл аталышты континентке толугу менен ыйгарган.
.
Калкы жана дини
.
Калкынын көпчүлүгүн XIX-XX кылымдардагы иммигранттардын уруктары түзөт. Алардын негизги бөлүгү Улуу Британиядан жана Ирландиядан келген иммигранттар болгон. Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин калкынын саны 4 эсеге көбөйгөн. Калкынын жыштыгы 2,7 киши/км2туура келип, түрдүүчө отурукташкан. Элдин 60 пайызын шаардыктар, калган бөлүгүн райондордун жашоочулары түзүшөт. Негизги тутунган дини – христиан дини.
.
Табияты
.
Австралиянын аймагы абдан кенен болгондуктан, климаты башкалардан кескин айырмаланып турат. Жери негизинен түздүктүү келип, климаты өтө эле ысык болот. Жыл бою абанын температурасы, орто эсеп менен алганда, 26 °С кармалып турат. Жалпы аянтынын 1 пайызын гана суулар ээлейт. Көпчүлүк бөлүгү чөл жана жарым чөл болсо да, флорасы менен фаунасы абдан бай. Алардын белгилүүлөрү: өрдөк тумшук, ехидна, ар түрдүү баштыктуу жаныбарлар (коала, кенгуру, вомбат) жана эму, какаду жана кукабарра сыяктуу куштар.
.
Экономикасы
.
Австралиянын экономикасы абданөнүккөн. Билим берүү, туризм, банк ж.б. тармактардан түшкөн каражат ичкидүң продукциянын 69 пайызын түзсө,айыл чарбасы 3 пайызды, ал эми кенбайлыктарды казып алуу 5 пайызды түзөт. Айтмакчы, Австралия жаратылыш ресурстарына абдан бай. Табигый кен байлыктары менен камсыздалышы жа-гынан дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Мисалы, бокситтердин сактамыбоюнча 1-орунда (дүйнөлүк сактамдын1/3 жана казып алуулардын 40 пайызы), урандын сактамы боюнча 2-орунда, көмүр казып алуу боюнча 6-орунда турат. Марганецтин, алтындын, алмаздын, нефтинин жана жаратылыш газынында бир кыйла сактамдары бар. Ал эми өлкөнүн айыл чарба продукциясынын маанилүү бөлүгүн экспорт түзөт. Негизги кардарлары: Жапония, Кытай, АКШ,Түштүк Корея жана Жаңы Зеландия.
.
Тарыхы
.
Австралияны 1606-жылы голландиялык капитан Виллем Янцзачкан. XVII кылымда голландиялыктар Жаңы Голландиянын чыгыш жана түндүк жээктерин картага түшүрүшкөн, бирок, ал жерлерди өздөштүрүүгө умтулушкан эмес. 1770-жылы Джеймс Кук Австралиянын батыш жээктерин ачып, аны “Жаңы Түштүк Уэльс” деп атап, британдык ээлик деп жарыялаган. Жаңы Түштүк Уэльске, колония катары, 1788-жылдын 26-январынан тартып эл көчүп келе баштаган. Кийинчерээк аны капитан Артур Филип “Сидней” деп атаган. 1829-жылы Улуу Британия бүткүл Австралияны колонияга айландырган. Калктын саны көбөйүп отуруп, XIX кылымдадагы 5 колония негизделген. 1901-жылы 1-январда ушул 6колония өзүнчө федерация аталып, Австралия бирлиги түзүлгөн. 1931-жылы Австралия Вестминстердик статусту алган. Ага ылайык өлкө башкаруучусу британиялык монарх болуп калган. Ошентсе да, Австралия бүгүнкү күндө өз алдынча көз карандысыз мамлекет катары саналат.
.
Жалпы аянты: 7 686 850 км2 (дүйнө жүзү боюнча 6-орунда)
.
Борбору: Канберра
Калкы: 21млн 065 592 киши (2007-жылкы санак боюнча) (дүйнө жүзү боюнча 52-орунда)
.
Расмий тили: англис тили
.
Улуттук валютасы: Австралия доллары (AUD)
.
Эгемендүүлүккө ээ болгон күнү:1986-жылдын 3-марты
.
Улуттук урааны:“Алга, ажайып Австралия! ”
.
Мамлекеттик түзүлүшү:конституциялык монархия

#10 18 February 2015 - 02:18
БРУНЕЙ
.
Бруней, Бруней-Даруссалам – Калимантан аралынын түндүк-батыш жээгинде орун алган, Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүгүнөн Кытай деңизи менен чулганып, түндүгүнөн Малайзия менен чектешип турат.
.
Калкы жана дини
.
Этникалык түзүлүшү бирдей эмес: элинин жарымынан көбүн малайлыктар (65 пайыз) түзүшөт, ал эми аларга тектеш улуттар: келаяндар, ибандар, меланаулар, дусундар, муруттар, даяктар ж. б. калктын 8 пайызын, ал эми кытайлыктар 20 пайызын түзүшөт. Булардан тышкары, европалыктар, индиялыктар да кездешет. Негизги тутунган дини – ислам (калктын 2/3 бөлүгү тутунат), 10 пайызы – христиандар. Калктын жыштыгы боюнча 62,1 киши км? туура келет. Элинин 58 пайызы – шаар тургундары, калган бөлүгү нефть иштетүүчү райондордо отурукташкан.
.
Жаратылышы
.
Жери негизинен түздүктүү келип, климаты экватордук деп саналат. Жыл бою абанын температурасы, орто эсеп менен алганда, 26 °С кармалып турат. Жалпы аянтынын 75 пайызын суулуу тропикалык токойлор ээлейт. Жылуу агым бар жерде мангра токою кездешет.
.
Экономикасы
.
Бруней экономикасы негизинен нефть (жыл ичинде 10 миллион тоннадан ашуун) жана жаратылыш газын (12 миллиард метр?) алуунун натыйжасында өнүгүп келе жатат. Буларды экспортко чыгаруудан келип түшкөн каражат кирешенин 99 пайызын түзүп, калкынын жашоо шартын жакшыртууга бир кыйла жардам берет. Мисалы, улуттук дүң продукция жан башына 23 000 доллардан туура келет. Бирок, айыл чарбасы жакшы өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу, тамак-аш продукциясынын 80 пайызын импорттоого аргасыз болушат. Учурда Бруней өкмөтү, туристтерди кызыктыруу максатында, тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп, финансылык жана банктык институттардын ачылышына көмөк көрсөтүп жаткан кези.
.
Тарыхы
.
XVI кылымда Бруней Калимантан жана кошуна аралдардын басымдуу бөлүгүн ээлеген феодалдык күчтүү мамлекет болгон. 1522-жылы Ф. Магеллан кемелери менен сапарга чыккан кезде, Брунейдин абалы ушундай эле. 1839-жылы султандын кол алдында иштеген англиялык авантюрист Дж. Брук көтөрүлүш чыгарып, Брунейдин түндүгүндөгү жерлерди (Саравак) каратып алган. Кийин Брукка султан «раджа» наамын ыйгарууга аргасыз болгон. 1888-жылы Бруней толугу менен Англиянын протектораты болуп калат. 1959-жылкы бир нече улуттук-боштондук көтөрүлүштөрүнөн кийин, Улуу Британия Брунейге башкаруу системасында бир кыйла эркиндик берген. Ушул эле жылы 29-сентябрда Брунейдин алгачкы конституциясы кабыл алынган. Конституцияга ылайык, Бруней мамлекети Белайт, Бруней-Муара, Тембуронг, Тутонг деп аталган төрт администрациялык округга – даерага бөлүнгөн. Тембуронг округу башка даералардан Малайзиянын аймагы аркылуу бөлүнүп турат. Округдар да өз ара чакан райондорго – мукимдерге бөлүнгөн.
.
Жалпы аянты: 5,8 миң км2
.
Борбору: Бандар-Сери- Бегаван (малай тилинен алынган, «Ханзаада шаары» дегенди билдирет, 1970-жылы мурунку султан Омар Али Сайфуддиндин урматына уулу Хасанал Болкиах (азыркы султан) шаардын атын өзгөрткөн)
.
Калкы: 372 361 киши (2005-жылкы санак боюнча)
.
Расмий тили: малай жана англис тилдери
.
Улуттук акчасы: Бруней доллары
Көз карандысыздык күнү:
.
1984-жылдын 1-январы
Улуттук урааны: «Бруней – ааламдын жашоочусу»
.
Мамлекеттик түзүлүшү: абсолюттук монархия, өкмөттү жана мамлекетти султан жетектейт.

#11 18 February 2015 - 02:19
ТОКИО ШААРЫ
.
Тарыхы
.
Токио шаарынын тарыхы 400 жылдан ашуун убакытты ичине камтыйт. Токио шаары алгач Эдо (Куймага кирүү) деп аталган. Бул жерде 1603-жылы Токугава Иеясу Токугава сёгунатын (1603-1867-жж.) түзгөн. Ошондон тартып шаар дүркүрөп өнүккөн. Киото шаары мурда Япониянын борбору эле, 1868-жылы император Эдого көчүп келет да, шаардын атын Токио (Чыгыш борбору) деп өзгөртөт. Ошентип, ал Япониянын борбору болуп калат.
Мейдзинин тушунда (1868-1912-жж.) батыш цивилизациясынын таасири менен шаардагы эски үйлөрдүн ордуна кирпичтен имараттар тургузулган. 1962-жылы биринчи телебайланыш орнотулуп, 1972-жылы алгачкы буу паровозу ишке кирген. 1923-жылы Кантодо болгон зилзала шаар үчүн көптөгөн жоготууларды алып келген, расмий маалыматтарда 140000 адам дайынсыз жоголду же каза болду, 300000 үй кыйроого учурады деп жазылган. Шаарды кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, 1927-жылы биринчи метро линиясы салынган, ал эми 1931-жылы дүйнөгө таанымал Ханеда аэропорту жүргүнчүлөрдү тейлей баштаган. 1935-жылы Токионун тургундарынын саны 6,36 миллионго жетип, Лондон менен Нью-Йорктун элинин санына теңелген.
.
1941-жылы башталган согуш шаардын өнүгүшүнө оор залакасын тийгизген. 1943-жылы чоң мегаполис түзүү максатында Токио префектурасы менен Токио-ши шаары бириктирилип, губернатор шайланган. 1947-жылы Япониянын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ага ылайык, Токио шаары 23 районго бөлүнгөн. 1960-жылдары шаардын экономикасы атайын техника чыгаруу менен катуу өнүккөн. 1964-жылы Токиодо кезектеги олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн.
.
Географиясы
.
Токио Япония архипелагынын ортосунан орун алган Канто түштүк аймагында жайгашкан. Шаар чыгышынан Эдогава суусу жана Чиба префектурасы, батышынан тоолор жана Яманаши префектурасы, түндүгүнөн Сайтама префектурасы, түштүгүнөн Тамагава суусу жана Канагава префектурасы менен чектешет. Изу, Огасавара аралдары шаардан окчун турса да, Токионун администрациялык- аймактык бөлүгү катары саналат.
.
Дини
.
Шаардыктардын тутунган диндери – синтоизм (айтмакчы, синтоизм дини 1945-жылга чейин мамлекеттик дин деп саналган) жана буддизм, андан тышкары, христиан динине ишенүүчүлөр да бар. Азыркы мезгилде Япония мамлекети тарабынан атайы кабыл алынган дин жок. Бирок, жогоруда аталган диндер жапондордун каада-салттарынын калыптанышына бир топ эле таасирин тийгизген. үйлөнүү үлпөтү синтоисттик салтта өтсө, сөөктү көмүү зыйнатында буддисттик шарттар сакталат. Калктын эки пайызы христиан динин тутат. Ошондуктан, шаардан ар кайсы багыттагы сыйынуучу жайларды кезиктирүүгө болот.
.
Экономикасы
.
Шаардын өнөр жайынын негизин автоунаа куруу, самолёт куруу, темир жана жыгач иштетүү, электроника, электротехника, полиграфия, химия жана тамак-аш тармактары түзөт.
.
Райондору
.
Шаардын негизги көчөсү – Гинза көчөсү. Бул жерде эң кымбат ресторандар, дүкөндөр, мейманканалар жайгашкан. Синдзюку району бийик-бийик имараттары, сайрандоо жайлары менен таанымал болсо, Акихабара электроника жана компьютердик оюндар борбору катары каралат. Асакусанын эски көчөлөрү дүкөндөргө, сувенир саткан жайларга жана сайрандоо борборлоруна толгондуктан, күнү-түнү эл аягы суюлбайт. Дал ушул жерден жергиликтүү жапон матрёшкаларын табууга болот. Токио Диснейленди да бүйүр кызытпай койбойт.

#12 18 February 2015 - 02:20
СИНГАПУР (ШААР МАМЛЕКЕТ)
.
Тарыхы
.
Сингапур деген ат “siмha” деген санскрит сөзүнөн келип чыккан, малай тилинин синга (арстан) сөзүнөн жана санкрит pura (шаар) сөздөрүнөн алынган. Бул шаар жөнүндө III кылымдагы кытай тарыхый булактарында айтылат. Арал Шривиджая империясынын тиреги болуп, алгач Темасек деп аталган. XV-XVI кылымдарда Сингапур Джохор султандыгынын карамагында турган, ал эми 1867-жылы Англиянын колониясына айланган. II дүйнөлүк согуштун тушунда Сингапурду Япония басып алган. Бирок, согушта Япониянын жеңилип калышы Сингапурдун багын ачкан. Мындайча айтканда, Сингапур өзүн өзү башкарган колонияга айланып, Ли Куан Ю премьер-министрдин милдетин аткара баштаган. Кийинчерээк өлкөдө референдум өткөрүлүп, натыйжада Сингапур Малайзия Федерациясынын курамына кирген. Бирок, чыр-чатактын айынан 1965-жылы андан чыгарылып, ошол эле жылы 9-августта көзкарандысыз мамлекет деп жарыяланган. Ли Куан Ю бийликте турган тушта Сингапур кедейликтен кутулуп, эң алдыңкы өлкөгө айланган.
.
Сингапурдун модернизацияланышы
Жаңыдан көзкарандылыкка жеткен убакта Сингапур, жада калса, таза суу менен кумду да импорттогон, коррупцияга белчесинен баткан, кичинекей, кедей өлкө болгон. Ли Куан Юнун түзгөн экономикалык өнүгүү стратегиясынын өзөгүн чет элдик инвесторлорго таянып, Сингапурду Түштүк-Чыгыш Азиянын каржы жана соода борборуна айландыруу түзгөн. Натыйжада америкалык трансулуттук корпорациялар каражат бөлүп, республиканын жогорку технологиялык өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөкчү болушкан. Ошентип, Сингапур электроника чыгарган зор мамлекетке айланып чыга келген. Ли Куан Ю билгичтик менен “мыйзам алдында бардыгы бирдей” деген саясатын жүргүзгөн. Сот өкүлдөрүнүн акыйкат болуусу үчүн айлык акысын көбөйткөн. Соттордун маянасын 1990-жылы 1 миллион долларга чейин жеткирген. Натыйжада Сингапур дүйнө жүзү боюнча коррупциясы аз мамлекеттердин тизмесине кирген.
өлкөнүн билим берүү системасы да реформаланган. Бир нече улуттук мектептер бирдей стандартта окутууга милдеттүү болуп, аларда англис тили сөзсүз окутулган. ЖОЖдордо болсо окуу англис тилинде жүргүзүлө баштаган. Кээ бир студенттерди чет өлкөгө жиберип окутуу үчүн мамлекеттик бюджеттен чоң каражат сарпталган.
Бийлик калктын көпчүлүгү менчик үйгө ээ болсун деген ниет менен 1960-жылдары ипотекалык кредит системасын түзөр замат курулуш иштери катуу жанданып, 1995-жылдары батирде жашагандар калктын 9 пайызын гана түзүп калган.
.
Мыйзамдары жана түзүлүшү
Сингапурда “Эл кыймылы” партиясын көпчүлүк колдойт. Базар экономикасынын жана бийликтин акыйкат, таза болушун эл жактырат. Мыйзамдарынын катаал болушу кылмышкерлердин аз болушун шарттайт. Кылмыштын түрлөрүнө жараша балак уруу, өлүм жазасына тартуу сыяктуу ырайымсыз чаралар колдонулат. Кишини кыйнап өлтүргөндөр, баңгизаттар менен шугулдангандар өлүм жазасына тартылат.
.
Экономикасы
.
Сингапурдун базар экономикасы абдан жакшы өнүккөн, салык системасы жеңил жана аз өлчөмдө. Ички дүң продуктусу жан башына эсептегенде, дүйнө жүзү боюнча эң жогору. Тез арада кедей өлкөдөн өнүккөн өлкөгө айланганы үчүн Сингапурду Азиялык “жолборстордун” катарына кошушат. Бул жерде электроника, кеме куруу жана каржы кызматтары өнүккөн. Андан сырткары, Сингапур авиакомпаниясы бүткүл элге таанымал. Жумушсуздук 2005-жылы 3,3 пайызды түзгөн.
.
Калкы жана дини
.
Калкынын көпчүлүгүн кытайлар (76,8
, түрдүү жолдор менен келип чыккан малайлыктар (13,9
, индиялыктар (7,9
түзөт. Арабдар, еврейлер, тайлыктар, жапондор жана аргындардын чакан топтору да кездешет. Калкы ар кайсы улуттан чогулгандыктан,
дини да ар түрдүү. Буддизмге калкынын 40 пайызы ишенет. Ал эми 14 пайызы христиан динин тутат. Даосизмге, конфуцианствого,
анимизмге ишенгендер да жок эмес. 1960-жылы чыккан улуттар арасындагы чыр-чатактан кийин бийлик көзөмөлдү күчөтүп, ынтымак-ырашкерликте жашоо принцибин жарыялаган.
.
Маданияты
.
Түпкү калкы делген малайлыктар аз санда болуп, кытай, индия, араб имигранттары өлкөдө басымдуулук кылгандыктан, спецификалуу сингапурдук маданият жөнүндө сөз кылуу оор. Бирок, аралашкан, сингапур калкына гана тиешелүү маданият келип чыккан. Мектептер аркылуу кирген англис тили “синглиш” аталган “көчө” формасына ээ болгон, буга “манглиш” малай-англис тилинин аралашмасын кошууга болот.
Сингапурда этникалык Литл-Индия (“Кичинекей Индия”), “Чайнатаун” сыяктуу райондор кездешет. Бул райондор британдык Ост-Индия компаниясынын өкүлү Раффлздын жаңы имигранттардын ыңгайлашуусу боюнча планынын натыйжасында пайда болгон.
Сингапур Республикасы – Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан шаар-республика. Малайзиянын курамына кирген Джохор султандыгы, Индонезиянын Риау аралдары менен чектешип, экватордон 137 км алыс, түндүк жакта жайгашкан.
.
Аянты: 692,7 км? (дүйнө жүзү боюнча 175-орунда)
.
Калкы: 4млн 483 900 киши (2006), (дүйнө жүзү боюнча 118-орунда)
.
Жыштыгы:6 369 киши/км?
.
Расмий тили:англис, кытай, малай, тамиль
.
Улуттук валютасы:Сингапур доллары (SGD)
.
Улуттук урааны:“Алга, Сингапур! ” (“Majulah Singapura!”)
.
Тарыхы
.
Сингапур деген ат “siмha” деген санскрит сөзүнөн келип чыккан, малай тилинин синга (арстан) сөзүнөн жана санкрит pura (шаар) сөздөрүнөн алынган. Бул шаар жөнүндө III кылымдагы кытай тарыхый булактарында айтылат. Арал Шривиджая империясынын тиреги болуп, алгач Темасек деп аталган. XV-XVI кылымдарда Сингапур Джохор султандыгынын карамагында турган, ал эми 1867-жылы Англиянын колониясына айланган. II дүйнөлүк согуштун тушунда Сингапурду Япония басып алган. Бирок, согушта Япониянын жеңилип калышы Сингапурдун багын ачкан. Мындайча айтканда, Сингапур өзүн өзү башкарган колонияга айланып, Ли Куан Ю премьер-министрдин милдетин аткара баштаган. Кийинчерээк өлкөдө референдум өткөрүлүп, натыйжада Сингапур Малайзия Федерациясынын курамына кирген. Бирок, чыр-чатактын айынан 1965-жылы андан чыгарылып, ошол эле жылы 9-августта көзкарандысыз мамлекет деп жарыяланган. Ли Куан Ю бийликте турган тушта Сингапур кедейликтен кутулуп, эң алдыңкы өлкөгө айланган.
.
Сингапурдун модернизацияланышы
Жаңыдан көзкарандылыкка жеткен убакта Сингапур, жада калса, таза суу менен кумду да импорттогон, коррупцияга белчесинен баткан, кичинекей, кедей өлкө болгон. Ли Куан Юнун түзгөн экономикалык өнүгүү стратегиясынын өзөгүн чет элдик инвесторлорго таянып, Сингапурду Түштүк-Чыгыш Азиянын каржы жана соода борборуна айландыруу түзгөн. Натыйжада америкалык трансулуттук корпорациялар каражат бөлүп, республиканын жогорку технологиялык өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөкчү болушкан. Ошентип, Сингапур электроника чыгарган зор мамлекетке айланып чыга келген. Ли Куан Ю билгичтик менен “мыйзам алдында бардыгы бирдей” деген саясатын жүргүзгөн. Сот өкүлдөрүнүн акыйкат болуусу үчүн айлык акысын көбөйткөн. Соттордун маянасын 1990-жылы 1 миллион долларга чейин жеткирген. Натыйжада Сингапур дүйнө жүзү боюнча коррупциясы аз мамлекеттердин тизмесине кирген.
өлкөнүн билим берүү системасы да реформаланган. Бир нече улуттук мектептер бирдей стандартта окутууга милдеттүү болуп, аларда англис тили сөзсүз окутулган. ЖОЖдордо болсо окуу англис тилинде жүргүзүлө баштаган. Кээ бир студенттерди чет өлкөгө жиберип окутуу үчүн мамлекеттик бюджеттен чоң каражат сарпталган.
Бийлик калктын көпчүлүгү менчик үйгө ээ болсун деген ниет менен 1960-жылдары ипотекалык кредит системасын түзөр замат курулуш иштери катуу жанданып, 1995-жылдары батирде жашагандар калктын 9 пайызын гана түзүп калган.
.
Мыйзамдары жана түзүлүшү
Сингапурда “Эл кыймылы” партиясын көпчүлүк колдойт. Базар экономикасынын жана бийликтин акыйкат, таза болушун эл жактырат. Мыйзамдарынын катаал болушу кылмышкерлердин аз болушун шарттайт. Кылмыштын түрлөрүнө жараша балак уруу, өлүм жазасына тартуу сыяктуу ырайымсыз чаралар колдонулат. Кишини кыйнап өлтүргөндөр, баңгизаттар менен шугулдангандар өлүм жазасына тартылат.
.
Экономикасы
.
Сингапурдун базар экономикасы абдан жакшы өнүккөн, салык системасы жеңил жана аз өлчөмдө. Ички дүң продуктусу жан башына эсептегенде, дүйнө жүзү боюнча эң жогору. Тез арада кедей өлкөдөн өнүккөн өлкөгө айланганы үчүн Сингапурду Азиялык “жолборстордун” катарына кошушат. Бул жерде электроника, кеме куруу жана каржы кызматтары өнүккөн. Андан сырткары, Сингапур авиакомпаниясы бүткүл элге таанымал. Жумушсуздук 2005-жылы 3,3 пайызды түзгөн.
.
Калкы жана дини
.
Калкынын көпчүлүгүн кытайлар (76,8
.
Маданияты
.
Түпкү калкы делген малайлыктар аз санда болуп, кытай, индия, араб имигранттары өлкөдө басымдуулук кылгандыктан, спецификалуу сингапурдук маданият жөнүндө сөз кылуу оор. Бирок, аралашкан, сингапур калкына гана тиешелүү маданият келип чыккан. Мектептер аркылуу кирген англис тили “синглиш” аталган “көчө” формасына ээ болгон, буга “манглиш” малай-англис тилинин аралашмасын кошууга болот.
Сингапурда этникалык Литл-Индия (“Кичинекей Индия”), “Чайнатаун” сыяктуу райондор кездешет. Бул райондор британдык Ост-Индия компаниясынын өкүлү Раффлздын жаңы имигранттардын ыңгайлашуусу боюнча планынын натыйжасында пайда болгон.
Сингапур Республикасы – Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан шаар-республика. Малайзиянын курамына кирген Джохор султандыгы, Индонезиянын Риау аралдары менен чектешип, экватордон 137 км алыс, түндүк жакта жайгашкан.
.
Аянты: 692,7 км? (дүйнө жүзү боюнча 175-орунда)
.
Калкы: 4млн 483 900 киши (2006), (дүйнө жүзү боюнча 118-орунда)
.
Жыштыгы:6 369 киши/км?
.
Расмий тили:англис, кытай, малай, тамиль
.
Улуттук валютасы:Сингапур доллары (SGD)
.
Улуттук урааны:“Алга, Сингапур! ” (“Majulah Singapura!”)
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#13 18 February 2015 - 02:21
ДУБАЙ ШААРЫ
.
.
Тарыхы
.
Дубай шаары, болжол менен, 1830-жылдары түзүлүп, алгач балык уулоочулардын отурукташкан аймагы катары каралган. Башкаруучулук Лива оазисинен келген Банияс уругуна тиешелүү Мактум уруусуна берилген. Ал убакта көбүнчө малчылык, балык уулоо жана бермет чогултуу менен алектенишкен. Ошону менен бирге жергиликтүү калк соода-сатык ишин да өнүктүргөн. Өткөн кылымдын баш ченинде Дубай өзүнүн чоң базарлары менен Перс куймасынын жээктерине таанылган. Бир гана Дейри районунда 350 дүкөн болгон. Коммерциялык ийгиликтер менен Дубай башкаруучуларынын либералдык көз караштары Индия, Иран сатуучуларын өзүнө кызыктырып, алар тез өнүгүп келаткан шаарда отурукташа башташкан. Соодасы өнүккөнү менен, алар Улуу Британиянын протектораты катары кала беришкен. 1971-жылы Англия протектораттан баш тарткан, Дубай жаңы түзүлгөн Бириккен Араб эмираттарынын курамына 7 эмираттын бири катары кирген. 1966-жылы нефтинин табылышы шаардын келечегин толугу менен өзгөттү. Эң биринчи нефтинин экспортко чыгарылышы азыркы мамлекеттин пайда болушуна түрткү болгон. Мында Шейх Рашид бин Саид Аль Мактумдун да салымы чоң. Ал Перс куймасынын жээгиндеги кээ бир аймактарга салыштырмалуу нефтинин запасы аз болсо да, максималдуу колдонууга жетишкен.
.
Географиясы
.
Борбору Абу-Дабиден түндүк-чыгышыраак тарапта, Перс куймасынын жээгинде жайгашкан. Географиялык абалы: 25°27′ түндүк кеңдиги, 55°33′ чыгыш узундугу.
.
Климаты
.
Субтропикалык алкак. Сентябрь айынан тартып майга чейин жагымдуу абарайы болот. Жайкысын абанын температурасы 45° градусту түзүп, жаан-чачындуу келет. Жылдын көп мезгилин жеңил кийимчен өткөзсө болот, кыш айларында гана жылуу кийим киесиң.
.
Шаар райондору
.
Негизги райондору: Дейра – соода-сатык жүргүзүлүүчү түштүк бөлүгү, Бур Дубай – тарыхый борбору, Шейх Заид Роуд – шаардын бизнес борбору, Джумейра – жээктеги адамдар жашоочу району, Дубай Марина – жашаганга ыңгайлуу, келечектүү, жаңы курулуп жаткан району.
.
Экономикасы
.
Дубай – Жакынкы Чыгыштын соода-сатык, финансы жана туризм тармактары боюнча эң чоң борборлорунун бири. Дүйнөдө экспорт борборунун маанилүүлүгү жагынан Гонконг менен Сингапурдун шаарларынан кийинки 3-орунду ээлейт. Шаарда 2 деңиз порту жана эларалык аэропорт жайгашкан.
.
Курулушу
.
Акыркы жылдары Дубайда курулуш иштери катуу өнүгө баштады, масштабы боюнча Кытайдын мегаполистери менен катарлаш. Азыр Дубайда дүйнө жүзү боюнча эң бийик имарат болуп саналган Бурдж Дубай имаратынын, андан сырткары, жасалма Пальма аралдарынын, The World архипелагынын курулуш иштери жүрүүдө.
.
Сыймыктанчу жайлары
.
Ski Dubai жабык тоолуу лыжа курорту Жакынкы Чыгыштагы алгачкы курорттук жайлардан болуп саналат, ал эми чоңдугу боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Анын аянты 22,5 миң квадрат/ метрди түзүп, 1,5 миң адамга эсептелинген 3 футболдук аянтчага туура келет.
.
Дубай (арабча) – Бириккен Араб эмираттарындагы эң чоң шаарлардын бири жана Дубай эмиратынын административдик борбору.
.
Калкы – 1млн,492,000 киши (2006-жылкы эсептөө боюнча)
.
Сүйлөгөн тили– араб тили
.
Тутунган дини– ислам дини

#14 18 February 2015 - 02:22
КОРЕЯ
.
Тарыхы
.
Кореянын тарыхы б. з. ч. 3000 жылдарга чейин тереңдеп барат. Алар кытайлардын кол астына өтүшкөндөн кийин, буддизм дининин жана кытай маданиятынын таасиринде калышкан. Б. з. 7-кылымынан тартып 20-кылымга чейин түрдүү хандыктардын бийлиги астында жашашкан. 1910-жылдан 1945-жылга чейин жапандардын колониясында турушкан. Дүйнөлүк экинчи согушта Япония жеңилгенден кийин,Түштүк КореяныАКШ, Түндүк Кореяны Россия басып алган. Ошентип, Түндүк Кореяда коммунисттик, Түштүк Кореяда демократиялык режим курулган. 1953-жылы 27-июлда Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын чегаралары такталган.
Географиялык өзгөчөлүктөрү
Түштүк Кореянын түштүк жана батыш тарабы көптөгөн майда жарым аралдар менен курчалган. Бул бөлүктөрүндө Пусан жана Инчон деп аталган чоң порттор бар. Чыгыш тарабы тоолуу болгонуна карабастан, батыш бөлүгү кеңири аймактар, өрөөндөр жана дөңсөөлөр менен капталган. Тоолору негизинен жапыз. Эң бийик чокусу 1915 метрлик Чири Сан тоосу болуп саналат. Негизги чоң дарыялардан Нактонг, Хан жана Инчон дарыяларын атоого болот. Түштүк Кореянын климаты негизинен өтө салкын. өлкөдө аба ырайы 250С сууктуктан 380С жылуулукка жетет. Мурда калың токой, бак-дарактар менен капталган өлкө кийинчерээк өрт, илдет жана согуш апааттарынын айынан бак-дарактан куру-жалак калган. Кийинчерээк мамлекет башчыларынын атайын буйругу менен арча, карагайлар өстүрүлгөн. Кен байлык жагынан өтө бай деп эсептелинбейт. Бирок, көмүр, темир, графит, алтын, жез жана коргошун ж. б. кен байлыктар аз өлчөмдө алынат.
.
Калкы
.
Корей калкынын саны 1945-жылы 15 миллион болгон болсо, Түндүк Кореядан келген көчмөндөрдүн эсебинен азыркы күндө 50 миллионго жеткен. Калктын 32 пайызы шаарларда жашашат. Борбору жана эң чоң шаары – Сеул. Корея Кытай менен Япониянын ортосундагы көпүрө болгонуна карабастан, өздөрүнө таандык маданиятты түзүп өнүктүрүшкөн. Айылдарда жашаган корейлер бир канча кылым мурдагыдай кийинишип, ошондогудай эле жашашат. Шаарларда жашагандар батыш өлкөлөрүнүн таасиринде калышканын байкоого болот. Элдин көпчүлүк бөлүгү конфуций жана буддизм ишенимин карманышат. Калктын 10 пайызын христиандар түзөт. Ислам динин кармангандар да бар. Расмий тили – корей тили.
.
Билим берүү тармагы
.
6-12 жаш курактагылар милдеттүү түрдө жана акысыз окутулат. өлкөдө сабаттуулар 92 пайызды түзөт. Түштүк Кореяда жалпысынан 72 университет бар.
.
Саясий түзүлүшү
.
Түштүк Кореянын Парламентинин 299 мүчөсү бар. Мажилис өкүлдөрү эл тарабынан 4 жылга шайланат. Мамлекет башчысы парламентти таркатып жиберүү укугуна ээ. Түштүк Кореяда башкаруу системасы негизги орунда турат. өлкөнү 1972-жылкы Конституциянын негизинде Эларалык Конферанс тарабынан беш жылга шайланган мамлекет башчысы башкарат. Башкаруу системасына байланыштуу чечимдер толугу менен мамлекет башчысынын көзөмөлүндө турат. Мамлекет башчысына талапкерлигин коюуну каалагандар шайлоого бир жыл калганда партия мүчөлүгүнөн же депутаттык мандаттан баш тартышы керек.
.
Экономикасы
.
өлкөнүн экономикасы технологиялык өндүрүштөргө таянат. Ошону менен бирге, дыйканчылык, балыкчылык жана тунгстен кени экономикада маанилүү орунда турат. Корея жарым аралынын мол түшүмдүү жерлери Түштүк Кореянын чегинде калган. Дыйканчылыкта күрүч өстүрүү негизги орунда турат жана жылына 7 миллион тонна күрүч алынат. Электр приборлору жана автомашиналар негизги экспорттук товар болуп эсептелинет. Узчулук, кагаз чыгаруу алдыңкы орунда турат. Пластикалык буюмдар, сыр, жер семирткич, цемент, айнек чыгаруучу фабрикалары жана машина жасап чыгаруучу заводдору иштейт. Түштүк Корея сырткы өлкөлөргө экспортко көп түрдүү товарларды жөнөтүп турат. Жылдык экспорту 20 миллиард доллардын айланасында.
Жайгашкан жери:Чыгыш Азия, Корея жарым аралы, Жапан жана Сары деңиздин жээги
.
Жеринин аянты: 98,480 км2
Калкынын саны: 48млн 849 823
.
өлкөнүн аты: Корея Республикасы
Кеңири белгилүү болгон аты: Түштүк Корея
өздөрүнүн атоосу боюнча:Таехан- мингук
.
Мамлекеттик түзүлүшү:Республика
.
Борбору:Сеул
.
Азаттык алган күнү:1945-жылдын 15-августу
.
Конституция кабыл алган күнү:1988-жылдын 25-февралы

#15 18 February 2015 - 02:24
Швейцария – тоо койнундагы бейиш
.
Швейцария Европанын борбордук бөлүгүндө жайгашып, Германия, Австрия, Лихтенштейн жана Франция менен чектеш. Бул өлкөнүн аты менен кошо эле чет элдиктердин көз алдына миллиондогон акчалар катылган банктар, майлуу сырлар, куну кымбат сааттар менен туризми абдан өнүккөн ак карлуу тоолор элестейт. Ошондой эле, бул өлкө – өзүнүн жүздөгөн кылымдык бейтарап саясаты менен көптөгөн эларалык уюмдарды батырып турган уникалдуу өлкө. Лиммат дарыясынын жээгинде жайгашкан Цюрих шаары өлкөнүн көп сандагы туристтерди өзүнө тарткан интеллектуалдык жана экономикалык борбору болуп саналат. Айтмакчы, Цюрих шаары жакында эле “2006-жылдын дүйнөдөгү эң мыкты шаары” наамына арзыды. Ал эми эки жүздөн ашык эларалык уюмдардын штаб-квартираларын өзүнө батырып турган Женева шаары Рона дарыясынын жээгинде жайгашкан. Женевадан Ыйык Петр соборун, сааттар музейин, гүлдөн жасалган ажайып саатты көрүүгө болот.
Швейцария – туризмди дүйнөлүк деңгээлдеги модага айланткан өлкө. Спорттун бардык түрү, туризмдин бардык тармагы бул өлкөдө эң жогорку деңгээлде. Мисалы, салыштыра турган болсок, Кыргызстанга эң көп дегенде жылына 1 миллион турист келсе, Швейцарияга жыл сайын 18 миллиондон ашуун турист келет. Алардан түшкөн бир жылдык киреше эле, болжол менен алганда, 10 миллиард долларга жакын.
Өлкө тарыхы Женевадан башталат
Аллоброж аттуу кельт уруусу жайгашкан жердин аты Генаве деп аталган. Женева тууралуу жазуу түрүндөгү алгачкы маалымат Юлий Цезардын учурундагы «Галл согушу тууралуу эскермелер» аттуу эмгекте кездешет. 443-жылы бургунд уруулары бул аймакты ээлеп алып, Женева шаары отуз жыл бою Бургунд королдугунун борбору болгон. Бир нече кылым бою франктар менен бургунддардын ээлигинде болуп тургандан кийин, Джон Кальвиндин демилгеси менен 16-кылымдагы “Реформа доорунда” Женева өз алдынча республика болгон. 1798-1814-жылдары Женеваны Франция каратып алып, Наполеондун доору бүткөндө, Швейцария кантонунун карамагына кирген. Женевага жайгашкан алгачкы эларалык уюм 1859-жылдагы Анри Дюан ачкан Эларалык “Кызыл Крест” уюму болгон.
.
Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде бардык өлкөлөр негизги көңүлдү согушка буруп, экономика да согушка багытталып жатса, Швейцария, тескерисинче, коммерцияны, финансы жана өндүрүш системасын өнүктүрүүнү ишке ашырган. Согуш мезгилинде Женевада жайгашкан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Дүйнөлүк чиркөөлөр кеңеши ж.б. көптөгөн эларалык уюмдарда иштеген чет элдик атуулдардын күчү менен шаар жана өлкө өнүгүү жолуна түшкөн. Ылдам темптеги өнүгүүгө өлкө саясатындагы эркиндик жана тең укуктуулук чоң түрткү берген. Өзүнүн дүйнөдөгү бейтарап саясатын сактап калуу максатында, Швейцария БУУга, НАТОго, ЮНЕСКОго (штаб-квартирасы Женевада жайгашса да) жана Европа эркин соода ассоциациясына мүчө болуудан баш тарткан. 1992-жылы Швейцарияда улуттук реформа болуп, анын негизинде эч кандай саясий милдеттенмесиз Евросоюзга кирүү чечими кабыл алынган.
Өндүрүш тармагы
Дүйнөлүк импортто Швейцариянын шоколады жана сыры абдан таанымал. Мындан тышкары, автоунаа тетиктери, электрондук жана химия өндүрүшү боюнча импорт өлкө кирешесинин жарымын түзөт. Швейцария дүйнөгө тигүү станокторун, кагаз жана типоргафиялык станокторду, металлды кайра иштетүү боюнча станокторду, экскалаторлорду жана лифттерди, ошондой эле, темир жол тетиктерин экспорттойт. Өлкөнүн эң ири кардарлары – Франция, Италия жана Улуу Британия. Импорттун 60 пайызы Евросоюзга кирген өлкөлөргө жасалат.
.
Швейцариядан билим алгыңыз келсе…
.
Швейцарияда абдан көп жылдык тарыхы бар мектептер жана жогорку окуу жайлар бар. Алардын ирилеринин бири – Швейцариянын Туризм жана Госпиталь мектеби (Швейцарияда университет же институттар жок, жогорку окуу жайларын жалпысынан мектеп дешет). Так ушул өлкө туризмди өнүктүрүүнүн устаты болгондуктан, үйрөнө турган, өрнөк ала турган жактары өтө көп. Ошол туризм мектебинин эң негизги максаты чет элдик студенттерге заманбап менеджментти үйрөтүү жана туризм секторундагы өзгөчөлүктөр менен тааныштыруу делинет. Муну менен бирге бүтүрүүчүлөрдүн бардыгы англис тилинде эркин сүйлөп чыгышат. Албетте, швейцарлар билим берүүсүн да ийгиликтүү түрдө сатышып, байлыгына байлык кошууда. Мектеп 1967-жылы ачылып, беш жүзгө жакын студентке билим берет. Мектепте дүйнөнүн элүү өлкөсүнөн келген жаштар төмөндөгүдөй факультеттер боюнча билим алышат:
“Эларалык мейман тосуу багытындагы менеджмент” (1,2 жыл);
“Мейманкана ресторанынын межеджменти” (3 жыл);
“Мейманкана башкаруу” (1,2 жыл).
Талап кылынган шарттар:
– Жыйырма бир жашка чейинкилер кабыл алынбайт;
– Бакалавр даражасы же үч жылдык жетекчилик иш тажрыйбасы болушу шарт;
– Англис тилин билгендиги тууралуу сертификаты (TOEFL 223/550, IELTS 5.5-6.6) болууга тийиш.
Дареги:
Tourism and Hospitality Management
Comercialstrasse 19, P/O. Box, 7007 Chur
Тел.: 41 81 255 11 11
Факсы: 41 81 255 11 19
Сайты: www.ssth.ch
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#16 18 February 2015 - 16:16
Кыргызстанды да жазып койгула, президент кууш боюнча биринчи орунда деп.

Супер-Инфо
super.kg
видео