Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 121
  • 122
  • 123
  • 124
  • 125
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2441 Пользователь офлайн   KAHAT   15 Февраль 2015 - 01:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Асманда машине
айдаарыбызга аз калды


Эгер уча турган машине
алгыңыз келсе, аны 2021-
жылдан тарта сатып алсаңыз
болот. Адистердин
айтымында, 2030-жылдан
тарта айрым өлкөлөрдө
канаттуу машинелер кадимки
көрүнүш болуп калат.
Ал ортодо астрономдор
жашоого ылайыктуу бир
миллиард планета бар деген
тыянакка келишти. Ал эми
тамекини таштайм дегендерге
банан көмөктөшө алаарын
америкалык илимпоздор
аныкташты.
Машине менен уччу күн алыс
эмес
Белгилүү америкалык
автомобиль куруучу Генри
Форд 1940-жылы учак менен
машинени айкалыштырылып,
асман жиреген машинелер
пайда болоорун айткан.
Албетте, Форддун сөзүн ал
учурда эч ким олуттуу кабыл
албай, шылдыңдашкандар да
болгон. Арадан 70 жыл өтүп,
азыр бир эмес, канаттуу
машинелердин он чакты түрү
пайда болду. Алардын эң
акыркысы "АэроМобиль–3түн"
бет ачары 2014-жылы
Словакияда болот. Словак
инженери Штефан Клайн
"АэроМобиль–2. 5" үлгүсүндөгү
учма машинени жакында эле
баштапкы сыноодон өткөрдү.
Учма машиненин бет ачары
Канаданын Монреаль
шаарында өттү.
Бул "флайиң кар" же "скай кар"
деп аталып жүргөн канаттуу
машине эки жүргүнчүгө
ылайыкташтырылып, саатына
200 километрге чейин
ылдамдыкта 700 чакырым
аралыкка учууга кудуреттүү.
Аталган учма машине бир
саатта 15 литр бензин
сарптайт. 1965-жылы белгилүү
француз актёру Луи де Фюнес
тартылган "Фантомас
жинденди" кинотасмасындагы
учуучу машине кичинекей
Штефанды абдан
таасирленткен. Ошондон кийин
ал канаттуу машинени курууга
далалаттанат.
Фантастика
кинотасмаларындагы учма
машинелер анык иш экени
талашсыз. Бирок канаттуу
машинелер көп талаш-
тартышты да жаратты.
Биринчиден, учуу коопсуздугу
жана аэронавигация адистери
учуучу машинелер учактарга
жолтоо болоорун жана
канаттуу машинелер асманда
жүрүүчү так аба жолдор
жоктугун эскертти. Алардын
айтымында учуучу машинелер
кайсыл бийиктикте, кандай
ылдамдыкта жана кайсыл
багытка учаарын тактоо зарыл.
Ал эми жарандык авиация
адистери канаттуу
машинелерди чакан мини-учак
катары сертификациялоо керек
деп жатышат. Кандай болгону
менен, адистердин
болжолунда, 2030-жылдан
тарта айрым өлкөлөрдө учма
машинелер кадимки көрүнүш
болуп калаары күмөнсүз деген
тыянакка келишти.
"АэроМобилден" тышкары, "Экс
Хок" жана "Моллер СкайКар
М400" канаттуу машинелери
тийиштүү сыноодон кийин өз
кардарларын табат деген үмүт
бар. Ал эми ток жана бензин
менен жүрүүчү "Террафуга ТФ-
Экс" гибриддик учма машине
2021-жылдан баштап
сатылаарын "Террафуга"
компаниясы маалымдады.
Тоолуу Кыргызстандын
шартында да капчыгы
чоңдордун арасында канаттуу
машинелер өз ордун тапчудай.
Учма машинелердин учурдагы
орточо баасы 280 миң доллар.
Бара-бара канаттуу машинелер
массалык түрдө чыгарыла
баштаганда баасы түшөт деген
божомолдор бар.
Жашоого ылайыктуу
миллиард планета бар
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2442 Пользователь офлайн   KAHAT   15 Февраль 2015 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Коп балалуу болууда ылдамдык жагынан дуйнолук рекорд Марокко султаны Мулай Исмаилге таандык.Ал бир жылда 58 балалуу болгон,анын гареминде 500 аялзаты кармалып,31 жашында 525 уулдуу,342 кыздуу болууга жетишкен.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2443 Пользователь офлайн   KAHAT   15 Февраль 2015 - 01:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

• Ак киттин жүрөгүнүн көлөмү болжол менен Фольксваген Жук автоунаасы менен тең.
• Киндиктин илимий аталышы – умбиликус.
• Күнүнө бир куту тамеки чеккен адам бир жылда жарым чыны чайыр ичкендей болот.
• 1 млрд кишинин арасынан 1 гана киши 116 жыл жашайт.
• Кумурскада эки ашказан болот. Биринчисине өзү жеген, ал эми экинчисине үйүнө алып барчу тамагы түшөт.
• Белгилүү Эйфель мунарасыкышында 14 санитметрге кысылат.
• Биринчилерден болуп жаңы жылды автралиялыктар тосот. Болгондо да көл жээгинде. Себеби январь айында Австралияда аба ырайы 30 градуска чейин ысыйт.
• Адамдын оозунда 40 000 бактерия бар.
• Коала бир күндө 22 саат уктайт.
• Адам организминен бир пайыз сууну жоготсо, аябай суусай баштайт.
• 5000 градуска чейин ысыг8ан темир газдуу болуп калат.
• Сол жагына караганда оң өпкө өзүнө көп аба сарптайт.
• Мышыктардын жаагы эки капталга кыймылдабайт.
• Эң эски сорпо рецеби б.з.ч. 6000 жылдары пайда болгон. Анын негизги ингредиенти бегемоттун этинен болгон.
• Аары өз жашоосунда эки аш кашыкка чейин бал табат.
• Байыркы Римде бир топ кулдарды “фамилия” деп аташчу.
• 7 UP суусундугу банкасынын атынан коюлган, б.а. алгачкы кезинде банканын сыйымдуулугу 7 унций болгон.
• Көпөлөктөр даамды буту менен тартышат.
• Айымдар арсында эң кеңири кездешкен бут кийим өлчөму – 39.
• Кээ бир африкалык урууларда кызыктай жөрөлгө бар: баш кошуунун биринчи түнүндө күйөөсү жубайынын алдыңкы эки тишин уруп сындырат.
• Адам баласы тамактын даамын өзүнүн шилекейи менен аралаштырмайынча сезе албайт.
• Иттер бири биринин көлөмүн көрбөй туруп ырылдаганы аркылуу аныктай алышат.
• Иттин жыт билүүсү адамдыкына салыштырмалуу 1000 эсе күчтүү өрчүгөн
• Компьютерде иштөө фобиясы “Киберфобия” деп аталат.
• Эң алгачкы домен (Symbolics.com) 1985 жылы катталган, домен бүгүнкү күнгө чейин иштейт.
• Абдан берилип өбүшүү адамдын мээсинде парашют менен бийиктиктен секирүү, тапанча менен атуудагыдай реакцияларды чакырат.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2444 Пользователь офлайн   KAHAT   15 Февраль 2015 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 421
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 03 Июн 2017 00:45
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Фейсбуктун жаратуучусу Марк Цукерберг дальтонизм дарты менен жабыркайт. Кызыл жана жашыл тусторду жакшы ажырата албагандыктан биз билгендей фейсбуктун дизайны кок тусто. Цукерберг кок ондун бардык турун гана жакшы айырмалай алат.
Жизнь – театр. Только актёры на
земле, а зрители на небесах!!!


Максатың оюңда толук жаралган болсо, анын ишке ашуусу - убакыттан гана көз каранды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2445 Пользователь офлайн   Oceana   15 Февраль 2015 - 14:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

Укмушко ошончуй фейсбуктун тусу озгорбойт экенда.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2446 Пользователь офлайн   ALMAAAN   15 Февраль 2015 - 14:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 202
  • Катталган: 28 Январь 15
  • Соңку аракети: 30 Авг 2020 03:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер инфо

Шумдугуң кургур
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2447 Пользователь офлайн   vankuver.   15 Февраль 2015 - 15:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Дүйнө жүзүндөгү эң сараң миллионерлер
Бир центти издеп таң атырган миллионер, тамагынан, жашоосунан аяган байлар жөнүндө уктуңуз беле?
.
Кыргыздар "эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө" деген макалды туу тутуп, каражатты үнөмдөгөндү жакшы биле беришпейт. Ал эми дүйнө жүзүндө миллиарддардын ээси болгон бай адамдар өздөрүнүн тамак-ашынан, баскан турганынан да абдан үнөмдөшөт экен.
.
АКШнын ар бир төртүнчү миллионери 100 доллардан кымбат эмес бут кийим кийишет экен. Ал эми ар бир онунчу миллионери 200 доллардан ашык костюм албайт. Миллионерлердин жарымы гана 240 долларлык саат алышат. Ар бир үчүнчү миллионер эски делген үч жылдык машинени минишет. Ошол миллионерлердин арасында өзүнүн байлыгына чиренбей көпчүлүк кийген арзан кийимдерди, арзан тамактарды ичишет экен. Аларды көргөндөр Апенди деп коюшат.
.
Өтө зыкым миллиардер аял баласынан да аяган

.
Дүйнөдөгү эң сараң миллионерлердин бири Генриетта Хоуленд Грин болгон. Ал 20 кылымдагы Американын финансисти. Бул аял өлгөндөн кийин 1916-жылы 20 миллиард доллары калган. Ал өзүнүн акчасын үнөмдөш үчүн таруу боткосун батареяга жылытып жечү. Себеби, ал ошол кездеги заманбап мештерди өтө кымбат деп эсептеген. Өмүр бою ал эң арзан үйдө жашаган. Ошол учурда ал Чикагодогу бир кварталдын кожоюну эле. Бир жолу ал эки центин жоготуп алып түнү бою издеп таң атырган экен.
Бир жолу анын өтө сарамжалдуулугунун да зыяны тийген. Ал аялдын өтө үнөмчүлдүгүнөн баласынын бутун кестирүүгө туура келген. Себеби анын уулу бутун оорутуп, ириңдетип алганда бекер оорукана издеп, үч күн өтүп кеткендигине байланыштуу гангрена оорусуна чалдыгып, буту кесилген. Ал эми ошол миллиардер аял 82 жашында ашпозчу бир бөтөлкө сүттү кымбатыраак алганы үчүн аны сабаганга чейин барган.
.
Небересинин кесилген кулагы үчүн чыгым болгон миллионер

.
Нефть падышасы атыккан Джон Пол Гетти мындан 30 жыл илгери төрт миллиард доллары менен дүйнөдөгү эң бай адам деп таанылган. Ал баардык нерсени өтө үнөмдөчү. Мисалы, өзүнүн үйүнө коноктор үчүн атайын таксофон орнотуп койгон. Себеби, келген коноктор ошол таксофонго өздөрү акча салып сүйлөшсүн деп эсептеген. 1973-жылы анын небереси Джонду кимдир-бирөөлөр уурдап кетип 17 миллион доллар талап кылган. Бирок сараң чоң ата аны төлөөдөн баш тарткан. Бирок уурдаган адамдар небересинин бир кулагын кесип, конвертке салып жибергенде гана ал акча төлөөгө мажбур болгон. Ошондо да ал 2,7 миллион доллар гана берген.
.
Эски батирде жашаган миллиарддер

.
Дагы бир америкалык финансист Уоррен Баффет. Анын 44 миллиард доллары бар. Ал дагы дайыма эски машинеси менен жүргөнү көпчүлүктү кызыктырат. Мындан 40 жыл мурда 30 миң долларга сатып алган эски батиринде жашайт. Баффет бапырап жашоону анча деле жактыра бербейт. Болгону өзүнүн менчик учагы бар. Көпчүлүк учурда көчөдөн арзан ашканаларга кирип тамактанып алат. Ал дүкөндөргө киргенде же бир жерден соода кылса дайыма соодалашып, баасын түшүрүп анан алат экен.
.
32 жыл бою эскирген креслодо отурган миллиарддер

.
IKEA компаниясынын түзүүчүсү Ингвар Кампрад мектепте 3-класста окуп жүргөндө эле карандаштарды дүңү менен сатып алып, классташтарына кайра үч эсе кымбат сатып ошондо эле акча чогултканды үйрөнгөн. Азыр анын 28 миллиард доллары бар. Ал азыркыга чейин арзан ресторандарда тамактанып, арзан мейманкана жана арзан коомдук транспортторду пайдаланат. Щвециялык бул миллиардер эмгек эс алуусун да ошол эле аймактагы көлмөлөргө барып балык уулап өткөрөт экен. Ингвар 32 жыл бою бир эле креслосунда отурат, аялы бул отургучту алмаштыралы десе болбойт экен. Башкалардан эч айырмасы жок, болгону кирдеп эле калды деп жооп берет.
.
Миллиондун айынан итке да турмушка чыккан

.
Ал эми америкалык 23 жаштагы актриса Уэнди Доркас миллионер-кинорежиссер Роджер Доркаска турмушка чыккан. Роджер аялынан үч эсе улуу болчу. Жаш актриса миллионер күйөөсүнүн миллиондоруна маарыйм деп ойлосо керек. Бирок, анын ар бир центти эсептегенинен тажап, карт күйөөсүнүн өлүмүн күтүп жүргөн. Бир жылдан кийин карт күйөө кокусунан каза болот. Тилекке каршы Уэндиге болгону бир эле цент мураска калган. Калган 64 миллион долларды режиссер өзүнүн ити Максимилианага калтырганын көрүп жүрөгү жарылып кете жаздады. Жергиликтүү сот да миллионду иттин кызыкчылыгына чечип берип койгон. Себеби Роджер банктан эсеп-кысап ачканда аны итин АКШнын жараны катары каттатып документ алып, ошонун эсебине жазган. Баардык документтер жайында болгондуктан эмне кылаарын билбеген жесир аял, ошол итке да турмушка чыгууга макул болуп, расмий түрдө документ алып, акыры байлыкка ээ болуп калган.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2448 Пользователь офлайн   -rusalka-   15 Февраль 2015 - 18:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 23 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 20 Сен 2015 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:(БАЭ) Дубай шаары

Мына шумдук!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2449 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   16 Февраль 2015 - 15:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2025 15:38
  • Жынысы:Аялзаты

Бул тема МАСКА эже жок,кызыгы кетип жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2450 Пользователь офлайн   vankuver.   16 Февраль 2015 - 18:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Жыландардын кызыктуу жана кызыктай ааламы
.
Жаратылыштын өзгөчө жаныбары
Жыландардын кулагы жок, бир чети, алар эң мыкты көрүшөт.
Жыландардын мурду жок, бирок жытты эң сонун сезишет.
Жыландардын азуулары ааламдагы табигый биологиялык куралдардын системасына кирет.
.
Таңкалыштуу ааламы

.
Ар бир жаныбар ар түрдүү өзгөчөлүккө ээ болушат. Алардын негизги айырмалары да ушунда жана жашоолору, ааламы адамдарга дайыма кызык жаратып, көп жылдар бою изилдөөлөрүн токтотпостон улам кызыктуу фактыларды көрсөтүп келишет. Өзгөчө кебетеси, коркунучтуу сүрү бар жаныбарлар аталган жыландардын эң укмуштуу жана таңкалыштуу жашоолору кызыктырбай койбойт.
.
Өзгөчө табити

.
Жылан өзүнө окшош же өзүнөн узундугу боюнча чоң башка жыланды жей алат.
Жыландардын өздөрүнөн чоң жыландарды жеп коюшу көп жылдар бою сыр боюча калып, көпчүлүктү таң калтырып келген. Бирок Торонто университетинин кызматкери Кейт Джэксон менен анын кесиптештери аларды видеого тартып, окуяны изилдеп, баамдап көрүшкөн.
Ханышалардын тукумуна кирген жылан курмандыгына кол салгандан кийин аны аккордеондой болуп ороп алып, сыгып, жутат. Тамактанып, тойгондон кийин ичинде эрибей калган жыландын калган бөлүгүн кайра жерге кусуп салат.
.
Жыландар өздөрүнүн тукумдарын жешет

.
Окумуштуулар 2009-жылдын февраль айында жыландар жөнүндө кызыктуу, бир чети кызыктай фактыларды аныкташкан. Көрсө, кемиргич жыландар өлүп калган балдарын жеп салышат экен. Аларда “тукумдан кийинки каннибализм” деген түшүнүк бар. Изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча жыландар өздөрүнүн 11% жумурткаларын жана өлүп калган балдарын жеп салышкан. Эмнеге? Мындай жол менен жыландар коротулган энергияларын калыптандырышат. Себеби алар азык табууда абдан кыйналышып, көп убактысын, көп энергиясын коротушат
.
Жыландар уча алышат

.
Жыландардын сойлогондон башка, уча алган да түрлөрү бар. Мындай жыландар бир дарактан, экинчи даракка учкулары келишсе оңой эле жерге кулабай экинчи даракка секирип кетишет. Алар жерге кулап түшкөн учурда да зыянга учурашпайт.
.
Курмандыктарын бүтүн жеп, кальцийин сорушат

.
Тажрыйбалуу жыландар бир айлап азыктанбай жашай беришет, бирок тамактанышканда эч нерсе калтырбай жеп салышат. Бул жыландар олжолорунун кальцийин соруп алганга көнүшкөн. Ушул себептен улам алар азыктандыруучу заттардын запасын көбүрөөк чогулутуп алышып, көпкө чейин тамактанбай жүрө беришет.
.
Кобралар:

.
Кобралар көзгө карап иш кылышат.
Кобралардын булчуңдары темирди сыгып, ууну иштеп чыгат. Мунун жардамы менен кобранын уусу 2 метрге чейин чачырайт. Эгер ал адамдын көзүнө тийе турган болсо, уудагы нейротоксиндер көздү сокур кылып коюшу толук ыктымал.
.
Кобранын уусу эреже боюнча, бир көзгө тийген учурда да эки көздү тең сокур кылып салышы мүмкүн.
Белгилүү жыландар
.
Дүйнөдөгү эң кичинекей жылан тыйынга батат.

.
Бүгүнкү күндөгү эң белгилүү кичинекей жылан 2008-жылы Барбадосто табылган. Ал 10 сантиметрден кичинекей жана абдан ичке.
.
Тамактануусу:

.
Жыландар айлап тамактанышпай, бирок ушул эле учурда өсө беришет.
Бир нече ай тамак жебей, бирок ошол эле учурда өздөрүн жакшы сезип жүргөндөрдү элестете албасак керек.
.
Маршалл Макку жана анын кесиптештери 6 ай бою лабораториясындагы 62 ар түрдүү жыландарды азыктандырбай кармашкан. Жыландар дароо зат алмашуусун 72 пайызга түшүрүп жиберишкен. Таң калыштуусу алар майларын ээритип жатышып, узарып кетишкен.
.
Кызыктуу фактылар:

.
• Кара мамба – эң шамдагай жылан. Алардын ылдамдыгы бир саатта 20 км. АКШда жылына 8000 адам жыландардын уусунан жабыркашат.
.
• Уулу жыландардын ичинен уусу күчтүү жыландар булар – австралиянын тайпан тукумундагы жыландары.
.
• Жыландардын көпчүлүк түрү өздөрүн тынч алып жүрүшөт жана себепсиз адамдарга кол салышпайт.
.
• Көпчүлүк учурда кобралар тиштегенде уусу чыкпай калат.
.
• Анаконда жыландарынын курмандыктары керек болсо таш бакалар дагы боло алышат.
.
• Кобралар адамдын белине же боюна чейин көтөрүлө алышат.
.
• Үңкүрлөрдө жашаган жыландар жарганаттарга көп мергенчилик кылышат.
• Эң көлөмдүү жыландардын жаагында 80дей курч тиштери бар.
• Мамбалар адамдарга көбүнчө мөмөлүү талаалардан, дарактуу жерлерден кол салышат. Анткени алар дарактардын арасында сойлогонду жактырышат.
.
• Анаконда сдавливает жертву с силой более 360 кг на грудную клетку.
.
Ууга каршы каражат

.
Жыландын уусунан ар кандай каражаттарды, биологиялык куралдарды, ал тургай тамактарды, арактарды, айтор, көп нерселерге колдонушат. Жыландардын уусуна каршы каражаттар да бар. Анын жардамы менен дүйнөдө азыр жыландын уусунан курман болгондордун саны азайып калган.
.
Уламыш

.
Кытайдын кафе, ресторандарынан жылан салынган арактын идиштерин көрүп таң калчу болсок, кээ бирлери аны пайдалуу деп ичишээри белгилүү.
Уламыштар боюнча бул арактын жаралышы абдан кызыктай эле болгон.
Кайсы бир айылда арак саткан сатуучу бир күнү кардарлар көп болуп, даяр арактар түгөнүп калып, кожоюн Ли Бону складдан арак алып келүүсүн буйруйт. Ли Бо складга барса бир чоң жылан арак идишине жабышып алып арак ичип жаткан болот. Аны көргөн Ли Бо коркуп кайра кыйкырып эшикке качып чыгат. Анын кыйкырыгынан улам башка адамдар дагы анын жанына келип , жыланды көрүп коркуп, ичке кире албай качып кетишет. Бирок жылан бат эле мас болуп, арактын ичине кулап түшөт. Ли Бо аны байкап дароо идиштин капкагын жаап, үстүнө таш коюп салат.
Арадан билинбей эки жыл өтүп, тиги идиштен бир да жолу үн чыкпайт. Ли Бо жыланды эбак эле өлүп калса керек деп ойлоп, коркпостон капкакты ачып текшерип көрөт. Жылан албетте чындап эле өлүп калган болот жана арактын өңү өзгөрүп калат. Муну билген кожоюн аракты төгүп салуусун буйруйт.
Бул айылда дагы башка бейбаш адам жашачу. Ал дайыма Ли Бого арак ичкени келчү, бирок акчасы жок болчу. Ли Бо андан коркконунан ага арак берчү. Бир күнү ал адатынча арак ичкени келгенде Ли Бо баягы жылан салынган аракты эстеп, андан кутулуш үчүн тобокелге салып ага берип салат. Кызыгы, ал арак жагымдуу жыттанып, даамы өзгөрүп калганын айтат. Ошондон кийин жылан салынган арак белгилүү болуп кетиптир.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2451 Пользователь офлайн   vankuver.   16 Февраль 2015 - 18:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Табышмактуу үч бурчтук
.
Бермуд аралдары 1503-жылы испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Бермуд тарабынан ачылган да, анын атынан аталып калган. Ал эми табышмактуу аймак Бермуд аралдарынын тегерегинде жайгашкандыктан, Бермуд үч бурчтугу деген атка ээ болгон. Бул үч бурчтук Флоридадан Бермуд аралдарына, андан Пуэрто-Рикого жана Багам аралдары менен Флоридага чейинки аймакты өзүнө камтыйт. Сырдуу аймактын аты учактардын жана кемелердин табышмактуу жоголуусунун эң жогорку көрсөткүчтөрү менен чыккан. Бул көрүнүштүн чыныгы себеби алиге чейин табышмак бойдон калууда. Албетте, окумуштуулар табигаттын бул табышмактуу сырын ачууга далай ирет аракет кылышкан, азыр да изилдеп келишет. Бирок теория жүзүндө гана аныктамалар болбосо, «үч бурчтук» өз сырын ачууга шашылган жок.
.
Уламыштардын келип чыгышы
Бермуд үч бурчтугу тууралуу ар кандай мистикалык уламыштардын келип чыгышы деңиз саякатчысы Христофор Колумбдун мезгилине барып такалат. Атлантика океанын азыр биз Бермуд үч бурчтугу деп атап койгон Саргассово деңизи аркылуу биринчи жолу Колумб сүзүп өткөн. Анын кемесиндеги күндөлүк журналы деңиздеги таң калыштуу атмосфера, компастардын башаламан көргөзүшү, таң калыштуу балырлардын деңиздин бетин жыш каптап калышы, асмандан капыстан пайда болгон жалындар, аппак тумандын жылып жүрүшү ж. б. у. с. таң калычтуу окуяларды сүрөттөгөн жазууларга толгон эле. Ар бир окуя ансыз да жерди көрөбүзбү деп келаткан моряктардын жүрөгүнүн үшүн алган. Мындай коркунучтуу кабарлар моряктардын арасында желдей тараган да, бул аймак тез эле коркунучтуу жана табышмактуу аймакка айланган. Ал эми ансыз да сенсациялуу жаңылыкты аңдып турган журналисттер үчүн бул чоң табылга болгон.
.
Саргассово деңизи түндүк Атлантика океанынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Анын аянты Түндүк Американын аймагынчалык чоңдукта. Ал эми анын аты португал тилинен алганда «sагgасо» – «деңиз балыры» деген сөздөн келип чыккан. Чынында эле бул жерде суу үстүндө балырлар өтө жыш өсүп, шамал сейрек жүрөт, булуттар да көп кармалбай, жаан жаашы да сейрек көрүнүш болуп эсептелет. Бардык жагынан күчтүү атлантикалык агымдар курчап тургандыктан, суусу саат жебеси боюнча өтө жай айланат. Ал гана эмес, үлп эткен жел жоктугунан жана жөргөмүштүн желесиндей туткундап алган балырлардын айынан кемелердин суткалап ордунан жылбай калган учурлары да көп болот. Ушулардын баары ал аймактын дагы да коркунучтуу жана табышмактуу болушуна салым кошкон. Ал эми мындай табигаттын тарткан торунан кемелердин моряктары кутулуп кеткен учурлар сейрек болгон. Ал аймактан көптөгөн ээси жок кемелер табылгандыктан, Кемелер көрүстөнү деген кошумча атты да ыйгарып жиберишкен. Мындан тышкары, Атлантика көрүстөнү, Өлүм үч бурчтугу, Шайтандын үч бурчтугу ж. б. аттар менен да аташкан.
.
Популярдуулуктун артышы
Бермуд үч бурчтугу тууралуу алгачкылардан болуп 1950-жылы «Associated Press» агенттиги иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада бул аймак эң кырсыктуу аймактардын алдыңкы катарында орун алган. Андан кийин ушул эле агенттиктин кабарчысы бул тууралуу кичинекей китеп чыгарган, бирок ал убакта китеп анчалык деле ийгиликти багындырган эмес. Эки жылдан кийин ар кандай табышмактуу сырларга арналган «Тагдыр» («Fate») журналына Атлантика океанындагы табышмактуу жоголуулар тууралуу макала жарык көргөн. Бул да көпчүлүктүн көңүлүн бура алган эмес. Ал эми 1964-жылы «Кеме» («Argosy») журналы макала басып чыккан. Ошол эле жылы Винсент Гаддис «Чексиз мейкиндик» китеби менен Бермуд үч бурчтугуна коомчулуктун көңүлүн бурдура алган. Андан көп өтпөй эле Джон Спенсердин «Каргышка калгандардын тозогу» деген китеби жарык көргөн. Ошондон кийин үч бучтуктун популярдуулугу геометриялык прогрессия менен өсө баштаган.
Ал эми 1974-жылы Чарльз Берлицтин «Бермуд үч бурчтугу» деген китебинин жарыкка чыгышы Бермуд үч бурчтугун «легендарлуу» кылып койгон. Анда үч бурчтуктун сырларынын тизмеленип, мистикалык жактан түс кошулуп сүрөттөлүшү, ансыз да башка планеталыктар бар деген оюн таңуулап келе жаткан батыштагы айрым уфологдордун чырагына май тамызган жана алар үчүн да бул окуялар өтө чоң изилдөө обьектисине айланган. Алар бул кырсыктардын артында башка планеталык аң-сезимге ээ болгон жандыктар турарын белгилеген бир топ версияларын айтып чыгышкан. Андай версиялардын бири сырдуу үч бурчтуктун аймагында башка планеталыктардын эксперименттик базасы бар деген көз караш болгон. Бирок кийин Берлицтин китептериндеги айрым маалыматтар туура эмес экендиги такталган.
Лоренс Кушенин аныктамасы
Бермуд үч бурчтугунун аймагы 4 миллион чарчы/метрди түзөт да, Бермуд аралдары, Пуэрто-Рико жана Флорида жарым аралынын түштүк чеги менен чектелет. Чынында эле Бермуд үч бурчтугунун аймагынан радиоприборлор, компастар, электрондук бардык көргөзгүч аппараттар иштен чыгып калат. Англиялык окумуштуу Лоренс Д. Куше «Бермуд үч бурчтугунун сыры ачылды» деген китебинде (1975-жылы чыккан) ага чейинки феноменалдык популярдуулукка жеткен «негизсиз» уламыштарга чекит коюуга жана илимий аныктама берүүгө аракет кылган. Ал өз эмгегинде көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын, күбөлөрдүн айткандарын комплекстүү түрдө карап, эске алуу менен акыркы жылдардагы эң популярдуу (элүүдөн ашык) окуяларды изилдөөгө алган да, «Бермуд үч бурчтугун аномалдуу аймак деп атоого болбойт жана ал тууралуу айтылган нерселердин бардыгы – деталдуу ойлонулган уламыш. Бул алгач так изилденген эмес да, сенсация издеген журналисттердин колуна түшүп калган», – деген пикирин билдирген. Кушенин айтуусу боюнча, бул аймактан өтө көп деңиз жана аба жолдорунун каттамы өткөндүктөн, мындай көрсөткүчтөгү кырсыктардын болуп турушу – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул көз карашты советтик академик Л. М. Бреховских ж. б. окумуштуулар дагы карманышкан. Бул «анчалык коркунучтуу» болбогон жерден, башкача айтканда, Атлантика океанынын үч бурчтук жайгашкан аймагынан чынында эле өтө көп сандаган аба жана суу каттамдары өтөрү жогорку көз карашты кармангандардын пайдасына далил болуп калган.
.
Бермуд үч бурчтугунун сыры ачылды… бы?
.
Жакында англиялык ВВС компаниясы өзүнүн Антлантика океанындагы эң табышмактуу жердин сырларына илимий аныктама берген макалалары «Corriere della Sera» сайтына басылып чыккандыгын кабарлаган. Ал макалаларда ВВС радиоберүүсүнүн авторлору 1950-жылдары Бермуд үч бурчтугунун популярдуу болуп кетишине себеп болгон эки учактын жоголуу себебин илимий түрдө аныктап бере алышкан.
Алгач, илимий жактан изилдей келгенде, учактардын жоголуп кетүүсүнүн чындыкка жакын деп табылган теориясы аныкталган. Биринчиден, «Авро Тюдор» учагынын сырткы түзүлүшү ишенимдүү болгон эмес. Алар 9 000 метр бийиктикте учууга ылайыкталган. Бирок мындай бийиктикте температура -40 градус цельсий болгондуктан, жылыткычтарды иштетүү керек эле. Ал учактын жылыткычы иштебей калгандыктан, 600 метр бийиктикке чейин төмөндөгөн. Ал эми бул төмөндөө өз кезегинде башка проблемаларды жараткан. Учактар канчалык төмөн учса, абанын каршылык күчү ошончолук чоң болот. Демек, күйүүчү майды сарптоо да артат. А эгер ал өз багытынан адашканын эске алсак, анда анын күйүүчү майы жетпей калуусу толук мүмкүн.
.
Экинчи проблемасы – эгер аба чуңкуруна туш келип калса, андай төмөндүктөн учактын абалын оңдоп кетүүгө бир нече секунд жетпей калышы да мүмкүн эле. Бул учурда учактын деңизге кулап түшүүсү дагы толук мүмкүн экендигин айткан авиакырсыктарды изилдөө боюнча адис Эрик Ньютон.
.
Чынында эле ал учурда учактардын коопсуздук системасы начар эле. Ал эми спутник аркылуу багыт берүүчү система тууралуу сөз козгобосо да болот. Ал гана эмес, кийинки эле чыккан, бардык системасы заманбап технология менен жабдылган А330 лайнери да Атлантика океанынан дайынсыз жоголуп кеткени белгилүү.
Окумуштуулар сырдуу үч бурчтуктун аймагындагы дайынсыз жоголуу фактылары тууралуу маалыматтарды бир нече түргө бөлүп карашкан:
.
1. Ойдон чыгарылган; кээде аша чаап, болбогон окуяларды болгондой кылып жазып жибериши.
.
2. Олуттуу каталар; кеме же учактын аттарынын төп келбеши же алардын жоголгон даталарынын дал келбеши; кээде жоголду деген кемелер же учактар андан кийин да көпкө кызмат кылган учурлар да кездешкен.
.
3. Кырсык болгону менен, ал тууралуу маалыматтардын бурмаланып берилиши; мында конкреттүү бир кырсыктын болгону жана анын экипажы куткарылып калганы, кырсык болгон жерден кеменин же учактын калдыктарынын табылышы ж. б. у. с. маалыматтар ачык берилбей, табышмактуу түрдө дайынсыз жоголгондордун катарына кошулушу.
.
4. Кырсык фактысын так көргөзгөнү менен, анын себептерин өтө эле көркөмдөп, көбүртүп-жабыртып жиберүү.
.
5. Чындыгында эле табышмактуу түрдө дайынсыз жоголуу.
Кызыктуу теориялар
Бермуд үч бурчтугу тууралуу көптөгөн теориялар айтылган, бирок алардын бирөөсү да учурда илимий жактан так аныктала элек. Айрымдар ал аймактын табышмактуулугуна ишенишсе, кээ бирөөлөр башка жакта дагы мындай жоголуулар, кырсыктар болорун, мында аномалдуу эч нерсе жоктугун айтышат. Ошентсе да, негизги теориялар төмөндө орун алган.
.
1. Изилдөөчү Алан Джаддын теориясы боюнча, суу түбүндөгү топурактын курамында зор өлчөмдөгү метан бар. Ал суу үстүнө чыгып, андан атмосферага таралат. Метан суу түбүндөгү айрым шарттардан улам сыртка чыгарылып турат. Ошол учурда суунун тыгыздыгы азайып, кемелерди суу үстүндө кармай албай калат. Суудан чыккан метан абага да тарап, абанын тыгыздыгынын азайышы бийиктиктеги учактардын кулап түшүүсүн шарттайт. Мындан тышкары, абадагы метан учактардын кыймылдаткыч моторун токтотуп коюшу мүмкүн. Метан суунун жана абанын тыгыздыгын азайтып коёрун калифорниялык окумуштуу Брюс Денардо дагы лабораториялык тажрыйба аркылуу далилдеген.
.
2. Окумуштуу Уоллис Спенсердин ою боюнча, океандын түбүндө башка планеталык жогорку акыл күчүнө ээ болгон келгиндер бар. Алар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрү үчүн кемелерди жана учактарды андагы адамдары менен кошо алып кетет. Бул гипотезаны жактагандар 1945-жылы алгачкы беш учак кырсыкка учураган убакта, учкучтардын бири-бири менен болгон сүйлөшүүлөрүн далил катары карманышат. Ал сөздөр диспетчерге түшкөн «менин артыман келбе, алар башка планеталыктарга окшош экен…» деген сыяктуу сөздөр эле.
.
3. Ал эми, айрымдардын ою боюнча, азыркы Бермуд үч бурчтугунун аймагына, океандын түбүнө, 11 000 жыл мурун комета түшкөн. Бул асман телосу абдан күчтүү электромагниттик күчкө ээ болгондуктан, ал жерден өткөн учактардын жана кемелердин навигациялык приборлорун жана моторлорун иштен чыгарып салат.
.
4. Ушундай эле теориялардын биринде Бермуд үч бурчтугунун аймагынан чыккан кандайдыр бир күчтүү бир магниттик таасирдин алдында физиканын закондору иштебей калары айтылат. Башкача айтканда, техникалык приборлор иштебей, компастар башка тараптарды көргөзүп калат да, кырсыктарга себеп болот.
Кемелердин жоголуусунун башка да, чындыкка бир аз жакындашкан теориялары тууралуу дагы унчукпай коюуга болбойт. Мисалы, айрымдар көз боёмочулук кылып, кемесин атайын чөгөрүп жиберишет. Мындан тышкары, каракчылар кемени талап-тоноп, андагы адамдарды өлтүрүп, кемени же чөгөрүп жиберишет, же ээн таштап салышат. Буга кубалык моряктардын 1981-жылы ичинде кармашуунун жана октун издери калган бош кемени табышканы далил.
.
Ошентип, табигаттын дагы бир табышмагынын сырын жашырып келген Бермуд үч бурчтугу азырынча аны ачууга ашыккан жок.
.
Мүмкүн, ай-жылдызды изилдеп, ар кандай иштин болорун алдын ала эсептеп билген азыркы технологиянын күчүнө ишенип алган адамзатына, ар нерсенин чеги болорун, канчалык өнүгүп-өспөсүн, пенденин күчү чектелүү экенин эскерткен бир белги болуп жүрбөсүн. Жараткан каалаган нерсесин ачык көрсөтүп, каалабаганын сыр кылып коюу кудуретине ээ эмеспи. Болбосо, адамды Айга алпарган нерсенин өзү дагы табигаттан табылган заттардан (элементтерден) жасалганын ким тана алат?..
.
Кызыктуу фактылар

.
- «Бермуд үч бурчтугу» деген сөздү алгач америкалык Е. Джоунс 1950-жылы Флоридада колдонгон. 1964-жылы Винцент Гаддис «Аргосы» журналына берген макаласын жогорудагы ат менен чыгаргандан кийин бул сөз кеңири тарап кеткен.
.
- Атлантика океаны аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча биринчилерден болуп иш жүргүзгөн «Түштүк Америка-Британия» аба жолдору аттуу компания Бермуд үч бурчтугунан эң көп жапа чеккен компания катары белгилүү. Анын тарыхында үч жылдын ичинде 11 кырсык болуп, беш учак жоголуп, 723 жүргүнчү жана 22 экипаж мүчөлөрү каза болгон.
.
1945-жылы ВВСтин беш учагы жоголгон. Ал эми 1948-жылдын 30-январында жана 1949-жылдын 17-январында болгон кырсыктар табышмактуу үч бурчтуктун сырынын таралышына чоң салым кошкон.
.
- 1880-жылы Бермуд аралдарынан Англияга сапар тарткан «Атланта» кемеси 290 экипажы менен дайынсыз жоголгон. Дыкат изилдөөлөр эч кандай жыйынтык берген эмес.
.
- 1918-жылы АКШга таандык «Циклоп» кемеси дайынсыз жоголгон. Узундугу 500 фут, сыйымдуулугу 19,5 000 тонна болгон кеме 309 экипажы менен Барбадостон сүзүп чыкканынан башка эч кандай факты катталбаган. Бул ХХ кылымдын алгачкы эң сырдуу табышмагы катары тарыхта калган.
.
Кемелер табышмактуу түрдө жоголгон фактылар гана эмес, табышмактуу түрдө табылган фактылар да таң калууну жараткан.
.
Мисалы:
- 1932-жылы Бермуд аралдарынын түштүгүнөн «Джон жана Мери» кемеси табылган. Анын парустары дыкат чогултулуп, баары өз жайында болгон. Болгону кемеде бир дагы адам болгон эмес.
.
- 1944-жылы кубалык жүк ташуучу «Рубикон» кемеси Флориданын жээктеринен табылган. Анда жалгыз иттен башка эч ким болгон эмес.
.
- Албетте, Бермуд үч бурчтугу боюнча дайынсыз жоголгон учактардын жана кемелердин саны жүздөп саналат. Жогоруда бир аз гана маалыматка токтолдук. Негизи ушул убакка чейин, расмий гана статистика боюнча, 428 кеме дайынсыз жоголгон.
Ал эми окумуштуулар атайын эксперимент катары ар кандай шартта болгон кырсыктардын 57 окуясын изилдөөгө алышкан. «Кырсыктарга аба ырайынын таасири болгонбу?» деген суроонун тегерегинде жүргүзүлгөн дыкат иликтөөлөрдүн жыйынтыгында кырсык болгон 15 учурда (26%) аба ырайы ачык жана жакшы, 29 учурда (52%) катуу шамал же жамгыр, ал эми калган 13 учурда (22%) аба ырайы белгисиз болгон.

Билдирүүнү түзөткөн: vankuver.: 16 Февраль 2015 - 18:50


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2452 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   16 Февраль 2015 - 20:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Мугалим болуп иштеген аял эки баласын да бычактап олтуруп салыптыр. Шумдугун кургур, ойлонуп олтурам...
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2453 Пользователь офлайн   Nurmuhammad.   16 Февраль 2015 - 20:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 894
  • Катталган: 14 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2015 13:28

Ушунча нерсени ванкувер зеерикпей жазганына ШУМДУГУН КУРГУР десе болот.
Кесибин жазуучу эмеспи деги Ваня?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2454 Пользователь офлайн   vankuver.   18 Февраль 2015 - 20:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Бир үй-бүлөдө 205 жылдан бери алгачкы жолу кыз төрөлгөн
.
Бул үй-бүлөнүн түпкүлүгүндө акыркы жолу 1809- жылы акыркы жолу кыз бала төрөлгөн. Андан кийин бүгүнкү күнгө чейин жалаң эркек балдар төрөлүп келишкен
.
Британдык Кент графына таандык үй-бүлөдө 205 жылдан бери биринчи жолу Майла аттуу кыз төрөлгөн. Бул тууралуу The Daily Mail булагы жазат.
.
Маалыматка ылайык, ал өткөн 2014- жылдын октябрь айында эле жарык дүйнөгө келген, бирок, коомчулукка эми гана жарыяланган. Майлинин ата-энеси атайын ыкма колдонуп, анын натыйжасында кыз төрөлгөн.
Белгилей кетсек, бул үй-бүлөнүн түпкүлүгүндө акыркы жолу 1809- жылы акыркы жолу кыз бала төрөлгөн. Андан кийин бүгүнкү күнгө чейин жалаң эркек балдар төрөлүп келишкен.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2455 Пользователь офлайн   vankuver.   18 Февраль 2015 - 20:33

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Пицца уурдаган жаран 13 жылдан кийин акчасын төлөдү
.
2002-жылы ресторандардын биринен пицца уурдаган жаран арадан 13 жыл өткөндөн кийин анын акчасын берүүгө келип, пайызы менен кошо төлөп кеткен.
.
2002-жылы ресторандардын биринен пицца уурдаган жаран арадан 13 жыл өткөндөн кийин анын акчасын берүүгө келип, пайызы менен кошо төлөп кеткен.Бул тууралуу Лента.Ру булагы жазат.
.
Белгилүү болгондой, аталган ресторандын ээси, өздөрүнүн сайтына бул кабар тууралуу жайгаштырган. Пицца уурдаган жарандын айтымында, анын баласы үйдө ачка күтүп жаткандыктан уурулук кадамына барган. Ошондой эле, ал уурдаган учурда пиццанын баасы 20 доллар болсо, бүгүнкү күнгө чейин 8 пайыздык үстөк кошуу менен ресторандын ээсине 54,39 доллар берген. Мындан сырткары, ал акыркы учурда абдан көп иштеп, өзүнүн бизнесин ачууга жетишкендигин айткан. Бирок, ошондогу уурулугу үчүн өзүнө жек көрүп жүргөн.
Кошумчалай келсек, ресторан кайсы өлкөдө экендиги жана жарандын өздүгү сыр сакталган.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2456 Пользователь офлайн   vankuver.   18 Февраль 2015 - 20:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Эчкини зордуктаган киши 10 жылга эркинен ажыратылды
.
Кенияда зордукталган эчкини күбө катары сот жараянына алып келишти
.
Кенияда 28 жаштагы Китсао Гона кошунасынын эчкисин зордуктаганы үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу cumhuriyet.com агентиги жазууда.
.
Кения өлкөсүнүн мыйзамдары жана сот бийлигинин усулдары баардыгын таң калтырып келет. Дабасо кыштагындагы болгон окуяга байланыштуу сот жараянынада күбө катарында эки мүйүздүү эчкини алып келишти. Эчки 10 жылга эркинен ажыраган зоофилди карап турду. Айылдаштары Кениянын тургуну жаныбарларга болгон мамилеси үчүн рекорддук мөөнөт алды деп эсептешет. Китсао Гона коңшусунун эчкисин бактар арасында зордуктап жатканда кармалган. Ал сырткы кийимин дагы бакка илип койгон.Бул окуя бардык айылга тарап кеткенде эчкинин кожоюну полицияга арыз жазган. Айыпкер акыркы сөзүндө майып келинчеги бар экендигин аны карай турган кишиси болбогондугун жалдырап суранган.Бирок, сот ага карабай 10 жылга эркинен ажыраткан.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2457 Пользователь офлайн   vankuver.   18 Февраль 2015 - 20:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Жарык дүйнө менен кош айтышкан аял 13 аптадан соң көз жарды
.
Венгрияда кош бойлуу аял инсульт алгандан кийин ага дарыгерлер "мээнин өлүмү" деген диагноз коюшкан. Дарыгерлер аялды жасалма дем алдырып, 13 апта бою кармап турушту жана кесарево төрөтүнүнүн жардамы менен дени соо баланы жарык дүйнөгө алып келишти.
31 жаштагы аял өзүн жаман сезген учурда түйүлдүккө 15 апта болгон экен. Үйүндө отуруп капысынан жыгылган аялды мээсине кан куюлуп кеткен, аны ооруканага алып келишип, чукул түрдө оперция жасашкан, бирок дарыгерлердин болгон аракеттерине карабай аялдын мээсинин жашоосу токтогон.
.
Ал эми эненин ичиндеги түйүлдүктө эч кандай оорунун белгилери байкалган эмес жана ал тирүү болгон. Ошондуктан дарыгерлер аялдын өпкөсүн жасалма дем алдырган аппаратка кошуп, жүрөгүн иштетип баланы сактап калууну чечишкен.
.
Венгриядагы Медицина жана саламаттык борборунун профессору György Balla: "Биз эненин өмүрүн сактап кала албаганыбызга көзүбүз жеткен кезде, 15 апта болгон анын түйүлдүгүн сактап калууну ойлодук", -дейт.
Ошентип баланын атасы менен кайтыш болгон аялдын жакындарына үмүт отун жандырган жаңы жашоо күрөшү башталган. Бир нече ай бою эненин организминдеги гармоналдык тең салмакты сактоо үчүн аракет кылышкан
20 апта болгондо аялдын үй-бүлөсү төрөлө элек балага ат коюшкан. Медайымдар түйүлдүк бала адамдын үнүн угуп өссүн деп радио коюп берип, сүйлөшүп турушкан. Баланын чоң атасы, чоң апасы дайыма келип карашкан.
27 апта болгон бала 1 420 грамм салмак менен жарык дүйнөгө келди, дагы 10 апта болгондон кийин аны үйгө чыгарышты.
Ал эми аялдын органдарын үй-бүлөсү трансплантация кылууга макулдук беришти. Анын боорун, бөйрөгүн, уйку безин жана жүрөгүн 2 күндөн соң башка оорулууларга көчүрүп салып, башка адамдардын өмүрүн алып калууга мүмкүндүк түзүштү.
Бул окуя өлүмгө учурган аялда түйүлдүктү 90 күндөн ашык чоңойткон тарыхтагы биринчи учур катары катталды.


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2458 Пользователь офлайн   Oceana.   18 Февраль 2015 - 23:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 053
  • Катталган: 04 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 30 Мар 2021 03:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Superstan

Тобаа кызык окуялар болутатко.
Жашоодо эч нерсе туболук эмес,
Жыргалчылык болуп атабы ыраахатын тат,кыйын кундор отуп жатса капа болбо булда убактылуу!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2459 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   19 Февраль 2015 - 00:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Шумдугуң кургур. Кандай гана таң калыштуу фактылар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2460 Пользователь офлайн   vankuver.   20 Февраль 2015 - 22:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Сеулда койлор эс алган кафе ачылды
.
Койлор үчүн кафеде уктоого жана эс алууга кенен-кесири жай салынды.
.
Түштүк Кореянын тургуну Ли Кван-хо өзүнүн кафесинин кардарларын койдун жардамы менен көбөйтүп жатат.
Бүгүн, 19-февралда чыгыш календары боюнча Кой жылы башталат. Мындан улам Ли Кван-хо Сеул шаарындагы "Nature Cafe" деп аталган өзүнүн кафесине бир нече койду киргизип алып багып жатат.
Койлор үчүн кафеде уктоого жана эс алууга кенен-кесири жай салынды. Эгер кокус кардардар койлорду көргүсү келсе аларды жалпы залга чыгарышат.
Сеулда койлор эс алган кафе ачылды


Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 121
  • 122
  • 123
  • 124
  • 125
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:53

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: