„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#801 12 Февраль 2015 - 09:17
АЛЛАХКА БОЛГОН СҮЙҮҮНҮН БЕЛГИЛЕРИ:
Аллахка болгон сүйүүнүн белгилери:
1. Ибаадат кылуу
2. Күнөөдөн тыйылуу
3. Аллах сүйгөн адамдарды жана нерселерди сүйүү
4. Аллах жаман көргөн адамдарды жана нерселерди жаман көрүү
5. Аллахты зикир кылуу
6. Куранды окуп, түшүнүп, ага амал кылуу
7. Нафил ибаадаттарды көп кылуу
8. Аллахтын ысым-сыпаттарын жаттап, түшүнүү
9. Аллахтан алыстатуучу амалдардан сактануу
10. Аллахка көбүрөөк тооба кылуу жана Андан кечирим тилөө.
АЛЬ-ХАДИИ! АР-РОШИЙД!
АЛЛАХ КИМДИ КААЛАСА, АНЫ ТУУРА ЖОЛГО САЛАТ!
"Чындыгында, ЖАКШЫ КӨРГӨНҮҢДҮ ТУУРА ЖОЛГО сала албайсың. Бирок, АЛЛАХ кимди КААЛАСА, аны ТУУРА ЖОЛГО САЛАТ. Анткени, Ал- туура жолду ТАБА ТУРГАНДАРДЫ ЖАКШЫ БИЛЕТ."
(Касас, 56-аят)
#802 13 Февраль 2015 - 09:06
АЛЛАХ ТААЛА айтты:
"Пенделериме айт: "ЖАКШЫ ГАНА (СОЗДОРДУ) суйлошсун (бироонун ЖУРОГУН ООРУТПАСЫН). Акыйкатта, шайтан (журокту оорута турган соз менен) алардын ортолоруна кастык салат. Анткени, шайтан ИНСАНДЫН АНЫК ДУШМАНЫ".
(Исра суросу,53-аят).
#803 13 Февраль 2015 - 09:14
Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллям сахабалары менен жихаттан келе жатып Али радиаллаху анху нун уйундо конок болуп калышат дастаркон жайылып тапканын койуп бир алтындай нурдуу идиште бал коюлат ал балга кыл тушуп калган эле' аны коргон Али радиаллаху анху соз баштайт кайсы нерсе ушул идиштен нурдуу жана балдан таттуу жана кылдан ичке деп сурайт.
1.
Абу Бакр радиаллаху анху жооп берет:
Аллахтын пенделериге берген белеги намаз' бул идиштен нурдуу ошол пенделердин окуган намазы балдан таттуу' ошол намаздын парз важиб суннот амалдарыга бекем болуу кылдан ичке.
2.
Умар радиаллаху анху жооп берет:
Эшиктен кирген мусаапыр конокту кадырлаган уй ээси бул идиштен нурдуу' коноктун конулун алып суйлош балдан таттуу' меймандын колун кармап ишин кылып жардам беруу кылдан ичкедир.
3.
Усман радиаллаху анху жооп берет:
Куран окуган адам нурдуудур бул идиштен' аалымдар менен бирге болуу балдан таттуу' курандын манызын чагып туура тафсирлоо кылдан ичкедир.
4.
Али радиаллаху анху озуда жооп берди:
Менин уйумо келген коноктордун (сахабалардын) жузу нурдуудур бул идиштен' алардын создору таттуу балдан' алардын конулу ичкедир кылдан.
5.
Фатима радиаллаху анху да жооп айткысы келди:
Эрине моюн сунуп итьаат кылган аял нурдуудур бул идиштен' жамандыка жакшылык кылуу балдан таттуудур' куйосунун ыраазылыгын алуу кылдан ичкедир:
6.
Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллям жооп берди:
Уммотумдун калбы нурдуу бул идиштен куранга жана менин суннотумо бекем болуу таттуу балдан' бирок омур бою бекем болуу кылдан ичке.
7.
Ошол замат Жабраил периште алейхи салям келип жооп берди:
Аллахтын вахии жана хабибимдин набуваты нурдуу бул идиштен' жаннаттагы каусар суусу таттуу бул балдан' сироот копроосу ото-ото ичкедир бул кылдан.
Ошондо пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллям дуа кылды
Оо Аллах ушул бал окуясын ким уккан же окуган уммотторумо бардык пайгамбарлардын сообун каалаймын деди.
Ошондо Аллахтан жооп келди:
Ар ким бул бал окуясын укса же окуса бардык пайгамбарлардын сообун берем деди:
биз окудук сизге окуттук сизда башкаларга окутунуз бардык пайгамбарлардын сообуна жетишели иншааллах оомиин!
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 13 Февраль 2015 - 09:17
#804 13 Февраль 2015 - 09:34
1. Такыбаларды (Аллахтан коркуучуларды)
2. Пайгамбарды ээрчигендерди
3.Тооба кылуучуларды
4. Таза жүрүүчүлөрдү
5. Башкаларга жакшылык кылуучуларды
6. Сабырдууларды
7. Тобокел кылуучуларды
8. Аллах жолунда жихад кылуучуларды
9. Зикир кылуучуларды
10. Нафил ибадаттарды аткаруучуларды.
#805 15 Февраль 2015 - 16:54
ROZI (13 Февраль 2015 - 09:14) жазган:
Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллям сахабалары менен жихаттан келе жатып Али радиаллаху анху нун уйундо конок болуп калышат дастаркон жайылып тапканын койуп бир алтындай нурдуу идиште бал коюлат ал балга кыл тушуп калган эле' аны коргон Али радиаллаху анху соз баштайт кайсы нерсе ушул идиштен нурдуу жана балдан таттуу жана кылдан ичке деп сурайт.
1.
Абу Бакр радиаллаху анху жооп берет:
Аллахтын пенделериге берген белеги намаз' бул идиштен нурдуу ошол пенделердин окуган намазы балдан таттуу' ошол намаздын парз важиб суннот амалдарыга бекем болуу кылдан ичке.
2.
Умар радиаллаху анху жооп берет:
Эшиктен кирген мусаапыр конокту кадырлаган уй ээси бул идиштен нурдуу' коноктун конулун алып суйлош балдан таттуу' меймандын колун кармап ишин кылып жардам беруу кылдан ичкедир.
3.
Усман радиаллаху анху жооп берет:
Куран окуган адам нурдуудур бул идиштен' аалымдар менен бирге болуу балдан таттуу' курандын манызын чагып туура тафсирлоо кылдан ичкедир.
4.
Али радиаллаху анху озуда жооп берди:
Менин уйумо келген коноктордун (сахабалардын) жузу нурдуудур бул идиштен' алардын создору таттуу балдан' алардын конулу ичкедир кылдан.
5.
Фатима радиаллаху анху да жооп айткысы келди:
Эрине моюн сунуп итьаат кылган аял нурдуудур бул идиштен' жамандыка жакшылык кылуу балдан таттуудур' куйосунун ыраазылыгын алуу кылдан ичкедир:
6.
Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллям жооп берди:
Уммотумдун калбы нурдуу бул идиштен куранга жана менин суннотумо бекем болуу таттуу балдан' бирок омур бою бекем болуу кылдан ичке.
7.
Ошол замат Жабраил периште алейхи салям келип жооп берди:
Аллахтын вахии жана хабибимдин набуваты нурдуу бул идиштен' жаннаттагы каусар суусу таттуу бул балдан' сироот копроосу ото-ото ичкедир бул кылдан.
Ошондо пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллям дуа кылды
Оо Аллах ушул бал окуясын ким уккан же окуган уммотторумо бардык пайгамбарлардын сообун каалаймын деди.
Ошондо Аллахтан жооп келди:
Ар ким бул бал окуясын укса же окуса бардык пайгамбарлардын сообун берем деди:
биз окудук сизге окуттук сизда башкаларга окутунуз бардык пайгамбарлардын сообуна жетишели иншааллах оомиин!
рахмат АЛЛАХ ыраазы болсун
#806 16 Февраль 2015 - 08:51
АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ саллаллоху алайхи уа саллам айтты:
"Кимде- ким бир жамандыкты көрсө, аны КОЛУ менен оңдосун. Колу менен оңдой албаса, ТИЛИ менен жайгарсын. Буга да күчү жетпесе, анда ЖҮРӨГҮ менен КАРШЫ чыксын (ДУА кылсын). Бул болсо ЫЙМАНДЫН эң төмөнкү даражасы."
(Муслим, Абу Дауд)
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 16 Февраль 2015 - 08:55
#807 16 Февраль 2015 - 09:36
АССАЛАМУ АЛАЙКУМ УА РАХМАТУЛЛОХИ УА БАРАКАТУХУ- СИЗГЕ АЛЛАХТЫН ТЫНЧТЫГЫ, МЭЭРИМИ ЖАНА БЕРЕКЕСИ БОЛСУН!
АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ (саллаллоху алайхи уа саллам) айтты:
"Биринчи болуп САЛАМ берген тарап-АЛЛАХТЫН даргойундо эн барктуу жана Ага жакын адам"
(Тирмизий)
#808 17 Февраль 2015 - 08:55
(30. Рум, 39)
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 17 Февраль 2015 - 08:55
#809 17 Февраль 2015 - 09:21
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 17 Февраль 2015 - 09:21
#810 17 Февраль 2015 - 09:25
Аллах Таала айткан: “Оо, өздөрүнө зыян келтирип жаткан пенделерим! Аллахтын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө. Аллах Баардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер”. (Зумар, 53-аят).
Аллах Таала айткан: “Менин ырайымым баардык нерсени камтыйт”. (Аьраф, 156-аят).
Аллах Таала айткан: “Биз каапырларды гана жазалайбыз”. (Саба, 17-аят).
Жаабир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
“Силер Аллах Тааладан жакшылыкты гана үмүт кылган абалда өлгүлө” – деп айткан. (Муслим).
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисул-кудусийде, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллах Тааланын: “Оо, Адам балдары! Сен Мага дуба кылууңду жана Менден үмүт кылууңду токтотконуңа чейин күнөөңө карабастан, сени кечиргенимди токтотпоймун” – деген сөзүн айткан. (Тирмизий).
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
“Эгерде ыймандуулар Аллахтын сыноосунун катуулугун билишкенде, анда алар Бейишти самамак эмес. Эгерде каапырлар Аллахтын ырайымынын кенендигин билишкенде, анда алар Бейиштен үмүт үзүшмөк эмес” – деп айткан. (Муслим).
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өлүм төшөгүндө жаткан бир адамга кирип:
- Кандай абалдасың? – деп сурады.
- Аллахтын ырайымынан үмүт кылып, күнөөлөрүм үчүн коркуп жатамын, - деди тиги. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
“Кимде ушул эки сыпат болсо. Аллах ага үмүт кылганын берип, коркконунан сактайт” – деди. (Тирмизий).
*****************************************
АЛЛАХКА ТОБОКЕЛ
Ыймандын он төртүнчү бутагы: Аллахка тобокел кылууда
Ыймандуу адам баардык иштеринде бир гана Аллахка тобокел кылуусу керек. Аллахка тобокел кылуу ыймандын бир бөлүгү. Аллах Таала Куранда: “Ага ыймандуулар гана тобокел кылышат” – деп айткан.
Тобокел кылуунун мааниси, Аллахка таянуу болуп эсептелет. Пенденин баардык иши Аллахтын колунда болгондуктан пенде ошол иштерди аткарууда Аллахка гана таянуусу керек. Аллах Таала Куранда: «Кимде-ким Аллахка тобокел кылса, Ал Өзү ага жетиштүү» - деп айткан. Демек, Аллахка тобокел кылуу эч качан жамандыкка алып келбейт жана ал Аллах Таалага болгон ыймандын күчтүүлүгүн далилдеп турат. Анткени, ыймандуулар гана Аллахка чындап тобокел кылышат. Аллах Таала уруш талаасына чогулган мусулмандардын Аллахка болгон бекем ишеним-тобокелин сыпаттап: «Момундар душман топторун көргөн кезде: «Мына Аллахтын жана Анын Элчисинин бизге убада кылган нерсеси. Аллах да, Аллахтын Элчиси да туура айтуучу» - дешти. Ошондуктан алардын ишенимдерин жана моюн сунууларын андан бетер арттырды» - деп айткан. (Ахзаб, 22-аят). Чындыгында, ушул урушта эки жүз миңге жакын душманга каршы чыккан аз сандагы мусулмандар Аллахка гана тобокел кылышкан болчу. Ал эми ошол урушка катышуудан коркушкан эки жүздүүлөрдүн абалы тууралуу Аллах Таала: «Ошол убакта мунафыктар менен жүрөгүндө дарты барлар: «Бизге Аллах да, Анын Элчиси да алдап убада берген экен» - дешти» - деп айткан. (Ахзаб, 12-аят).
Аллахка тобокел кылуунун эки шарты бар. Биринчи, ошол иштин себебин жасоо керек. Экинчи, себебин жасаган иштин ийгилиги бир гана Аллахтын колунда экендигине ишенип, Аллахка тобокел кылуусу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Эгерде Аллахка талаптагыдай тобокел кылганыңарда, анда Ал силерге эртең менен ач карын учуп кетип, кечинде тоюп келген чымчыкка бергендей ырыскы берип турмак» - деп айткан. Хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тобокел кылуучуга эртең менен учуп кеткен чымчыкты мисал келтирген. Ошол сыяктуу эле ырыскы издеген адам да биринчи кезекте себебин издеп жумуш кылуусу б.а. үйдөн чыгуусу керек. Андан соң ошол ишинде Аллахка таянып, тобокел кылуусу керек. Эч кандай себебин жасабастан туруп эле: “Мен Аллахка тобокел кылам" – деп, чыгып кетүү адамдын илимсиздигин далилдейт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салваты болсун) Мираж кечесинде, Акса мечитине кирип баратып “Бурак” аттуу жаныбардын чылбырын дубалга байлай кирген. Албетте, Пайгамбарыбыз Аллах Таала Өзү жиберген “Бурак” кайра качып кетет деп корккон эмес. Болгону “Аллахка тобокел кылдым” деп баардык нерсени таштап коюуу туура эмес экендигин үммөтүнө далил кылган.
#811 17 Февраль 2015 - 09:32
Пайгамбар алейхи салам : Кимдин жүрөгүндө кыпындай текеберчилик болсо ал бейишке кирбейт.
Усман бин Аффан (разияллооху анху)дан риваят: ,,Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай айтканын уктум: ,,Кимде-ким бул дубаны кечинде окуса, таңга чейин күтүүсүз балээ жетпейт. Эртең менен окуса, кечке чейин күтүүсүз балээ жетпейт. Ал келиме: ,,Бисмиллахи- ллазий лаа ядурру маъас михи шайун фил арзи ва лаа фис самааи ва хувас самииъул ъалиим”. (Алланын аты менен биз таң атырдык жана күндү батырдык.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 17 Февраль 2015 - 09:34
#812 18 Февраль 2015 - 09:29
Сөздү көзөмөлдөңүз, анткени ал ишке айланат.
Ишти көзөмөлдөңүз, анткени ал адатка айланат...
«Аллага баш ийгиле, Элчиге баш ийгиле жана өзүңөрдөн болгон *буйрук ээлерине» (Куран 4:59)
*буйрук ээлери: эл башчылар жана аалымдар.
Алла Таала айтты : Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллаh ыраазы болду, алар дагы Аллаhтан ыраазы болушту. Жана Аллаh аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу Бейиштерди даярдап койду. Бул – чоң жеңиш!
Тооба сүрөөсү 100 - аят
Абу Катада (р.а) дан риваят: Мен Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) дын мындай деп айтып жатканын уктум: "Жакшы түш Аллах Таала тараптан болот. Жаман (анда коркунучу бар) түш шайтандан болот. Силердин бирөөңөр жаман түш көрсөңөр, сол жагына үч жолу түкүрүп ал түштүн жамандыгынан Аллахтан сактануу сурасын. Ал түш ага зыян бере албайт".
(Бухари)
Аллахым, эмне максат менен жараткан болсон ошого жараша жашат Ин шаа Аллах. Амин.
ЖАКШЫЛЫК КЫЛ.
АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ Мухаммад (саллаллоху алайхи уа саллам) айтты:
"Кай жерде болбо, АЛЛАХТАН КОРК! Жасаган жамандыгындын артынан ЖАКШЫЛЫК КЫЛ ! Жакшылыгын жамандыгынды жок кылсын!.... "
ХАДИС. МҮНӨЗДҮН МЫКТЫЛЫГЫ
Абу Зарра Жундуб ибн Жунад жана Абу Абд ар Рахман Муаз ибн Жабалдын (ал экөөнө тең Алланын ыраазылыгы болсун) айтымында:
Алланын Элчиси айтты: «Алла Тааладан кайда болсо да, качан болсо да корккунуң. Эгер бир жаман иш кылып койсоң аны жууп кетсин үчүн артынан дароо жакшы иш кылгының жана адамдар менен жакшы мамиледе бол!» (Тирмизиден).
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (АЛЕЙХИ САЛАМ)ДЫ СҮЙҮҮ ҮЧҮН:
1. Аллах тарабынан Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) берилген Ислам динин чыныгы дин катары ишенүү керек.
2. Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эң акыркы пайгамбар деп ишенүү керек.
3. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүннөтөрүн туура деп ишенип, аларды четке какпастан аткаруу керек.
4. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) атын атаганда, окуганда жана жазганда ага салават айтуу керек.
5. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өмүр-жолу тууралуу жазылган китептерди окуу керек.
6. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) туулуп өскөн Мекке жана Мадина шаарларын зыярат кылып көрүү керек.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 18 Февраль 2015 - 09:36
#813 18 Февраль 2015 - 12:49
#814 19 Февраль 2015 - 10:02
********************************
“О,ыйман келтиргендер! (Аллахтан) сабырдуулук жана намаз аркылуу жардам сурагыла. Чындыгында Аллах – сабырдуулар менен бирге” (Бакара153)
********************************
"Астагфир Алла уа атуубу илайк" деген истигфарды коп айтыныз.
********************************
Тообонун шарттары :
- Кылган ишине чындап окунуу
- Ошол иштен толугу менен арылуу
- Кайра кайтып барбоого бел байлоо
********************************
Чындыгында, Аллах Өз пендесинин тообасына силердин бирөөңөр чөлдө төөсүн жоготуп жиберип,кайра таап алганданда катуураак сүйүнөт.(Бухарий)
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 19 Февраль 2015 - 10:04
#815 20 Февраль 2015 - 11:26
ҮМҮТ ТУУРАЛУУ АЯТТАР, ХАДИСТЕР ЖАНА НАКЫЛ СӨЗДӨР:
Аллах Таала айткан: “Оо, өздөрүнө зыян келтирип жаткан пенделерим! Аллахтын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө. Аллах Баардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер”. (Зумар, 53-аят).
Аллах Таала айткан: “Менин ырайымым баардык нерсени камтыйт”. (Аьраф, 156-аят).
Аллах Таала айткан: “Биз каапырларды гана жазалайбыз”. (Саба, 17-аят).
Жаабир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
“Силер Аллах Тааладан жакшылыкты гана үмүт кылган абалда өлгүлө” – деп айткан. (Муслим).
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисул-кудусийде, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллах Тааланын: “Оо, Адам балдары! Сен Мага дуба кылууңду жана Менден үмүт кылууңду токтотконуңа чейин күнөөңө карабастан, сени кечиргенимди токтотпоймун” – деген сөзүн айткан. (Тирмизий).
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
“Эгерде ыймандуулар Аллахтын сыноосунун катуулугун билишкенде, анда алар Бейишти самамак эмес. Эгерде каапырлар Аллахтын ырайымынын кенендигин билишкенде, анда алар Бейиштен үмүт үзүшмөк эмес” – деп айткан. (Муслим).
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өлүм төшөгүндө жаткан бир адамга кирип:
- Кандай абалдасың? – деп сурады.
- Аллахтын ырайымынан үмүт кылып, күнөөлөрүм үчүн коркуп жатамын, - деди тиги. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
“Кимде ушул эки сыпат болсо. Аллах ага үмүт кылганын берип, коркконунан сактайт” – деди. (Тирмизий).
#816 20 Февраль 2015 - 11:34
АстагфируЛлах! !!
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 20 Февраль 2015 - 11:34
#817 20 Февраль 2015 - 11:40
- Кедейдин алдында,дүнүйөң тууралуу.
- Оорукчандын алдында,саламаттыгың тууралуу.
- Алсыздын алдында,күч- кубатың тууралуу.
- Жолу болбой жаткан кишинин алдында,бактылуу экендигиң тууралуу.
- Абактагы кишинин алдында,эркиндигиң тууралуу.
- Бөбөк көрбөгөн кишинин алдында,балдарың тууралуу.
- Жетимдин алдында, ата-энең тууралуу.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 20 Февраль 2015 - 11:41
#818 24 Февраль 2015 - 11:18
КИМ АЛЛАХТАН ЖАКШЫЛЫК АЛУУНУ КААЛАСА, АДАМДАР ЖӨНҮНДӨ ЖАКШЫ ОЙДО БОЛСУН.
Имам Аш-Шафии (Ага Аллахтын рахматы болсун)
#819 24 Февраль 2015 - 11:20
Периштелердин дуба-салаваты кабыл болгон сыяктуу эле, алардын лаанат-каргышы да кабыл болот.
Төмөндө периштелер каргыш айтуучу он түрдүу адам тууралуу айтылат:
* Куйоосу тошокко чакырган учурда, себепсиз келбей койгон аялга.
* Мусулманга курал которгон адамга (тамашалап
болсо да)
* Мусулманды жазыксыз өлтүргөн адамга
* Сахабаларга карата жаман соз айткан адамга
* Динге жанылык киргизген адамга
* Алсыздарга заалымдык кылган адамга
* Адамдардын эс алуучу жайларына жана жолдоруна даарат ушатуучу адамга
* Пара беруучу жана пара алуучу адамга
* Суткорлукка акча беруучу, алуучу жана аларга кубо болуучу адамга
* Арак жасоочу, ичуучу, ичируучу, ташуучу, сатуучу адамдарга.
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 24 Февраль 2015 - 11:32
#820 26 Февраль 2015 - 07:40
(Куран: Бакара сүрөсү, 155-аят).
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 26 Февраль 2015 - 07:46