Айланаңа кара!
Бактылуу болууну каалагандар үчүн жөнөкөй эреже:
Сеникине караганда көптүкүн эмес, сеникине караганда
аздыкын кара!
- Эгер сен ооруп жатсаң, соо адамга эмес, сенден да
каттуу ооруп жаткан адамга кара!
- Эгер сен аксап жатсаң, соо адамга эмес, баса албаган
адамга кара!
- Эгер сенин көрүүн начарласа, сокурларга кара!
- Эгер сен жарым жетим үй-бүлөдө чонойсоң, томолой
жетимдер жөнүндө ойло!
- Эгер сен автоунаанды жактырбай нааразы болсоң,
автоунаага жетпей жүргөндөрдү кара!
- Эгер сен кичинекей үйдө жашаганына нааразы болсоң,
хансарайлууларды эмес, үйсүздөрдү ойло!
- Эгер сен байлыгым аз деп нааразы болсоң, ачка
калгандарга, айласыздан кайырчылык сурагандарга
кара!
- Эгер сенин төрөтүң оор болсо, же кыйналып төрөдүм
десең, балалуу боло албай жүргөндөргө кара!
- Эгер сен жумуштан чарчасан, сеникинен да оор
жумушта иштегендерди ойло!
Өтүп кеткен жаштыгыңа кайгырып жатасыңбы?
Өзүңдөн улууларга, карыларга кара!
Көп ийгиликтерге жетише албай калдым десең, бир да
ийгиликке жете электерге кара!
- Айланаңды кара жана ойлон! Ошондо гана Аллахтын
берген көптөгөн жакшылыктарына күбө болосуң!
Аллахтын бергендерин баалаганды жана ошолорду
бергени үчүн ыраазычылык билдиргенди, шүгүр
кылганды үйрөн!

Супер-Инфо
super.kg
видео








