Жүрөгүмдөгү сыр
#142 17 Февраль 2015 - 23:33
#144 18 Февраль 2015 - 00:01
#146 18 Февраль 2015 - 15:00
Ооба мен бул теманы ачып алып кайра өзүмдү кээ бир адамдарга жаман көрсөтүп алдым. Ооба сүүйүү акылды аздырып, жолуңдан адаштырат экен, бирок кээ бириңиздердин берген коментарийлериңиздердин жана дагы ошол жоопсуз сүйүү деп айтып жаткан адамдын мага болгон мамилесинин өзгөргөндүгүнөн мен биротоло кыскача темамды жазып токтомун деп чечтим. Бир окурманыбыздын ачкан темасын окуп калып өзүмдүн коментарийимди калтырсам деп, бирок кайсыл бири тууралыгын биле албай, чечкиндүү боло албастан жаза албай калган болчуумун, эми өзүмдүн акыркы чечимимди жазсам болот экен "Сүйүү күчтүүбү же көңүл калуубу" деген темага мындайча жазат болчуумун. Мурда мен сүйүү деп өтүп ушул күнгө чейин сүйүү деп баарын кечирип, канча кыйынчылыктарды башымдан өткөрсөм да, намысымды сүййү үчүн төксөм да, сүйүүнүн четине кара так калтырбастан "баарынан сүйүү күчтүү" деп өз сүйүүмдү коргоп келсем, бүгүнкү күндө башкача ойдо калдым. Баарынан эң жаманы "Көңүл калуу экен". Мен мурда эч сезбептирмин. Же мен сүйгөнүм экөөбүз катуу урушбастан жөн гана биринчи сүйгөн адамым эркектик эрки жоктугунан дайыны жок болуп мени таштап кеткендигине карабастан "сүйүү күчтүү" деп жүрө бериптирмин. Азыр болсо сүйгөн адамың сени жемелеп катуу капа кылса, аны түбөлүк жек көрүп калат экенсиң. Мен аны көргүм жок, көрмөк тургай үнүн да уккум жок. Ушунча жылдык сүйүүм болбогон бир 15 минутага жетбеген уруштун кесепетинен талкаланды. Бирок мен аябай кубанычтамын, акыркы эки күндүн ичинде үй-бүлөөдөгү тынчтыгым, бактылуулугум андан бетер бекемделип, тынч жашап калдым. Менин акылымды өз жайына келтиргендигиңиздер үчүн сиздерге урматтуу окурмандар жана дагы ушул форумга ыраазычылык билдирем.
"Мен сени жек көрөм, сени сүйүп жүргөн күндөрүмө миң наалат, ушунчалык акмактыгынды билбептирмин" дегениме өзүм кубанычтамын. Бул сөздөр ээсин табаарына ишенемин.
#147 18 Февраль 2015 - 16:32
#148 18 Февраль 2015 - 18:09
#150 24 Февраль 2015 - 16:52
Мага сиздердин колдоонор, кенешиниздер керек. Ал эмне учун ушундай? Эмне кылсам болот?
#151 24 Февраль 2015 - 18:03
#153 24 Февраль 2015 - 20:16
Менин биринчи суйуп жургон жигитим, башкача айтканда баламдын атасы эмне болгону кээ бириниздерге кызык болсо, ал азыр алыста, анын энеси да кайтыш болуп, аны да мендей эне мээримине зар кылып кудай аны жазалады. Ал менден кийин уч аял алыптыр. Экинчи аялынан эки кызы бар экен, ал кыздарына жардам берип, кабар да албайт экен. Учунчу аялынан болсо бир уулу бар. Ал эми мендеги баласы болсо акылдуу, боорукер болуп чонойгон. Мектепте эн алдынкы окуучу. Анысына карабастан баламды жек коруп канча жолу тилдеп, баарына аны куноолудой деп билип, баламды коргондо атасынын кылган мамилелерин, анын корсоткон азаптарын эстеп, балама жиним келчу. Балама болгон энелик мээримим жок болчу. Аны кобунчо: "атан жакшылык корсотбоду, сен мага эмне жакшылык корсотмоксун" деп эч кандай себепсиз да урушуп, тилдеп кээде келтектеп да койчуумун. Куйоом да мени тилдеп, оз балана огой энедейсин, мамиленди озгорт деп коп жолу айтканына карабастан, баламды коп жемелечуумун. Анан бир куну жумуштагы жанагы жигиттин форумдагы окуп жаткан темаларын коруп, мен да кызыгып калдым. Бул форумга кирген мага бул жагынан да жакшылыгын алып келди. Андагы Мырзайым аттуу форумчунун жазган темасындагы энесинин оз баласына жасаган мамилесин окуп, Мырзайымдын энеси келесообу балада эмне куноо деп, ал суроону озумо да бердим. Оз баламды Мырзайымдын ордуна коюп, ал эми озумду Мырзайымдын энесине салыштырдым, оз балама озум азап берип, кылган мамилелериме озум ирээнжидим. Азыр баламдын окууларына кызыгып, мектептеги жанылыктарынан сурап анча-мынча суйлошчу болдук. Азыр мен аны анча урушбайм, кол которгонду да токтотком, эми ага жакшы мамиле жасап, мурда бере албаган энелик мээримимди бере баштадым. Бир куну балам менден эмне мени коп урушасыз, эмне мынчалык жаман коросуз дегенинен, ага башымдан откоргон азап кундорду, ал кантип, кайсыл жерде торолгондугу жонундо, эмне учун тайэнесинин колунда чонойгондугун тушундуруп, баарын айтып бердим. Ал башкадан уккандан коро озумдон укканы он деп чечтим да. Эми болсо ойлоном эмнеге айттым экен, мени эмне деп ойлоп калды, мени жек коруп калдыбы деп анын оюн биле албай журом.
Билдирүүнү түзөткөн: umutarman: 24 Февраль 2015 - 20:49
#154 24 Февраль 2015 - 20:33
madina.87 (24 Февраль 2015 - 18:03) жазган:
Рахмат сизге урматтуу окурман. Айыгып кетууго озум да аракет кылып жатам. Менин жашоом астын-устун болуп, жашоо кызыксыз болуп калса да, балдарым жана омурлук, суйуктуу, баа жеткис жолдошум учун жашашым керек, мен аларга керекмин. Откон сыноолорго туруштук берип, чыдап келдим жана дагы алдыда кутуп турган сыноолорго тике карап, моюн сунуп, куч-кубат жыйнап чыдоого аракеттенем.
#155 24 Февраль 2015 - 20:44
SULUU-KYZ (19 Февраль 2015 - 10:18) жазган:
Ал байке super.kg нин эн алдынкы окурманы, кээ кундору эртеден кечке да интернетте олтуруудан тажабайт



Билдирүүнү түзөткөн: umutarman: 24 Февраль 2015 - 20:45
#156 24 Февраль 2015 - 20:50
Алда мендей болуп энесинен ажырап..Кудай аны жазалады деп табааныз аябай эле кангандай... Тообо...
Ал эми баланызга токтоло турган болсок, сиз таш боор экенсиз.Суйгонунузго болгон очунузду баланыздан алыпсыз.Баракелде! Азаматсыз! ...Балада эмне куноо? Антип меерим бербейт экенсиз эмнеге тородунуз? Чынын айтсам баланызга кылган мамиленизди окуп, баланыздын абалын элестетип журогум тилинип кетти...Тее башында кее бир форумчулар уй булоолу болсонузда акылынызга кирбепсиз сыяктуу ойлорун жазса бир аз жаман кордум эле.Эми ошолорго толугу менен эле кошулам.Анткени сизди сыйлаган куйоонуз,бала чаканыз боло туруп дагын деле коллега-суйгонунуздон кол узбогонунузго сизге жиним келди.Барга каниет кылып,шугурчулукту унуткандайсыз. .Кандай болгон кундо да аман эле болунуз.Баса, батыраак айыгып кетиниз.
#157 24 Февраль 2015 - 21:41
Билдирүүнү түзөткөн: umutarman: 24 Февраль 2015 - 22:17
#158 24 Февраль 2015 - 21:47
umutarman (24 Февраль 2015 - 21:41) жазган:
Намазга жыгылыныз дегим келет.Коптогон диний китептерди окунуз.Адеп Башаты фондунун баян-сабактарына барыныз.Жогорудагы суроолорунузга Ислам дининен жооп табасыз деп ишеничтуу айткым келет.
#159 24 Февраль 2015 - 22:14
zzari-83 (24 Февраль 2015 - 20:50) жазган:
Алда мендей болуп энесинен ажырап..Кудай аны жазалады деп табааныз аябай эле кангандай... Тообо...
Ал эми баланызга токтоло турган болсок, сиз таш боор экенсиз.Суйгонунузго болгон очунузду баланыздан алыпсыз.Баракелде! Азаматсыз! ...Балада эмне куноо? Антип меерим бербейт экенсиз эмнеге тородунуз? Чынын айтсам баланызга кылган мамиленизди окуп, баланыздын абалын элестетип журогум тилинип кетти...Тее башында кее бир форумчулар уй булоолу болсонузда акылынызга кирбепсиз сыяктуу ойлорун жазса бир аз жаман кордум эле.Эми ошолорго толугу менен эле кошулам.Анткени сизди сыйлаган куйоонуз,бала чаканыз боло туруп дагын деле коллега-суйгонунуздон кол узбогонунузго сизге жиним келди.Барга каниет кылып,шугурчулукту унуткандайсыз. .Кандай болгон кундо да аман эле болунуз.Баса, батыраак айыгып кетиниз.
Сиздин жазганынызды конул коюп окуп чыктым. Сизге эч капа болбодум. Ооба мен да озумо озум тушунбой келем. Менин уй-буллом досторумдун, жакындарымдын алдында эн алдынкы улгулуу деп билишет. Ал эми менин откоргон оор турмушумду жада калса жакын досторум да билген эмес, апам ырааматылык эч кимге билдирбестен жаап-жашырып, мени канчалаган жаман коздон, жаман создон сактап калган. Мен коллегамды кандай ардактап суйсом, куйоомду, жолдошумду да ошончолук каттуу суйом. Бир журок бир убакта экоону суйсо болобу деген суроо берсе мен тике карап, ооба болот демекмин. Корея сериалдарын коруп озум жиним келчу, озу кайсы бирин суйуп жактырганын да билбейт деп. Озум ошондой абалга кабылып олтурам. Коллегам экообуздун ортобузда эч кандай жакындык жок, бир гана саламдашуу, мен озумдун журогумду башкара албай калган болчумун. Азыр эми бир жактуу болууга озумо озум соз берип буткул оюм суйуктуу жолдошумда. Ал эми коллегама келсек, ага болгон суйуум баары отту да кетти. Мага айкырып, кыйкырганы аша тушту. Мен аны жек коруп калдым. Мен аны ойлоп, эстегим да келбейт. Балким ал мага жакшы болсун деп ушундай жолго баргандыр. Бирок мен аны тушунгум да келбейт. Баары бутту. Мен аны жек кором, конулум калды, эстегим да келбейт.
Балам экообуздун мамилебиз болсо ушул форумга киргенден баштап озгорду. Ал эркек бала болгондугуна карабастан отличник, жакшы окуйт. Мен андан андан башта эле эч нерсени аябачуумун, кийим-кече, акча башка дегендей, эн алдынкы болуп кийинип, ар дайым тен туштарынан алда канча алдыда журот. Мен аны озумдун жашоомдо куноолудой кылгандыгым менин акмактыгым. Апам кайтыш болгондон кийин ото мерез болуп кеттим. Мен жонундо чынын билишбегендиктен, копчулук сенин турмушуна суктанабыз дегендер коп, бирок ичтен сызып жургонум бир гана озумо маалым. Мен балама болгон мамилемди озгортуп жатам. Албетте жакшы жака. Азыр ал куноо иш кылса да, балдарымдын учоон тен бирдей урушамын. Эне болгондон кийин аларга тарбия беришин керек да. Бирок колумду эч качан которбоймун. Мырзайымдын кийинки турмушун окуп мен озумдун балама андай кыйынчылыктарды каалабайм. Мен ушул татынакай балдарымдын энеси экендигиме сыймыктанамын.
#160 24 Февраль 2015 - 23:25