Калганын улантып коюнузчуууууу
Кара пояс Жоголгон казына баяны
#223 25 February 2015 - 01:40
Азаматсын иним омурун узун болсун!Коп элдин сообуна калдын чоон рахмат,эми экинчисин жазганга аракет кылсан биз окуп сени кошо сұрөп турабыз кол чаап)))
#224 25 February 2015 - 05:37
Азаматсынар!
Ээринбей жазып чыкканынарга рахмат. Экинчи китепти кутобуз.
Жыгылып баратсанда,
жалгандан алыс бол!
#225 26 February 2015 - 00:02
Экинчи китепти баштайын да колдон келишинче кыбыратып турайын,балдарым уктаганда гана телефондон жазам, андыктан шаштырбагыла ээ? Мекенчи жигит жардамга келээрсин ээ иним,мен баштай берейин.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#226 26 February 2015 - 00:27
АРГАСЫЗДЫК
(Азыркы заман)
Биринин артынан бири ээрчишкен эки кара волга Балыкчы шаарын басып отуп,колдун тундук тарабы менен зангыраган асфальт жолдо кетип баратышты. Аларды жол карата бир дагы автоинспекторлор токтоткон жок,оздору дагы эч жакка токтоп кайрылышпады. Эки волганын ичинде Калашников автоматы,Макаров пистолети менен куралданышкан Абдурахман жетектеген он киши чамалуу.
"Кой минтип убакытты созуп отурсак казына тугул таш балакет жок куру жалак,талаада калабыз. Ишти тездетели болбосо биздин устубуздон андыгандар кобоюп баратышат. Боододон боодо картаны аларга тарттырып жиберебиз. Казынаны издоо операциясын ушул жумадан калбай баштайбыз" деп оз кишилерин чогултуп Абдурахман эскертип откон. Арадан коп убакыт откорбой эле Каныбек баш болгон ишенимдуу он кишини алып,бардыгын текши жакшы куралдандырып, жолдон андыгандар, тоскондор,кутуусуздон кол салгандар болуп калбасын деп алдын ала даярдыктарды корушуп,сапарга аябай камданып чыгышкан болчу. Ошол эле мезгилде С.Карабаев жетектеген ички иштер болумунун атайын тобу аркылуу жашыруун турдо вертолет менен да, машине менен да жоголгон кенчтин ордун издоо операциясы катуу даярдыкта журуп жаткан. Каныбек аларга казынанын картасынын кочурмосун Толуну менен кочуруп алып барып берген эле. Казына издоо операциясына кандайдыр бир белгисиз кучтуу куралданышкан топ бар экенин С.Карабаев Каныбекке эскертип откон.
-Смотри,озунорго аябай сак болбосонор болбойт. Бул жакта силердин да кучтуу куралданышкан топ,мындайча айтканда банда бар. Алардын связы чет олко тургай,бизге ички иштер болумуно да сунгуп кирип,аралашып кеткен. Алар силерден картаны алып алса,силердин топту жон гана муунтуп жок кылып коюшу мумкун. Сак болгула, эгер казына алардын колуна тийди дегиче биз да улгуро албай калышыбыз мумкун. Жашыруун турдо тенинен кобу чет олкого отуп кетет. Дагы бир айта кетчу нерсе силердин аранарда да бар болушу мумкун алардын кишилери,кыска мы сак болгула.

#227 26 February 2015 - 01:21
Жол карата Каныбек ушуларды ойлоп кетип баратты. "Эми тигилердин операциясы ийгиликтуу ишке ашса болду,канча убакыттан бери уй-буломдон алыс болуп корунгон жерде журом тентип.Ушунун кесепетинен турмого да отуруп чыктым. Мунун баары чет мамлекетке отуп кетпей,же бир аз кишинин жекече байлыгына айланбай озубуздун мекенибизге,
эли-журтубуздун жакшы жашоосуна анча-мынча болсо да комок болсо экен".
Эки женил машине Бишкектен тан атпай чыгышкандыктан Балыкчыдан отушкондо тушко чукулдап калган маал болчу. Кун тободон сызгырып,анын устуно жайдын саратан мезгили болгондуктан машинеде отургандар улам кол жакта тушуп атышкандарды карап,акырындап азгырылып кетип баратышты.
-Кун тободон куйкалап бизди кыйнамай болду го,анын устуно торт-беш сааттан бери жол журуп келатабыз. Жок дегенде бир жерге токтоп туш тонуп алсак болот эле,-Сулайман Улам кол жакты карай озунчо наалып келатты.

#228 26 February 2015 - 01:31
-Эч кандай ашканаларга,
кафелерге барып тамактануу болбосун деп шаардан чыга электе эле эскертпедим беле. Бир аз чыдай тургула,Балыкчы шаарынан алысыраак отуп кетели. Ээн жерге барганда токтоп, анан тамактанабыз.
Ошончолук эле курсагын ачып баратса,волганы токтотпой эле,ичинен тамактанып кете бер. Откон жолкудай бизди сыртыбыздан андып жургондор болуп калбасын.-Абдурахман машинеде отургандарга кайра-кайра айтып эскертип кетип бара жатты.
Ошо боюнча биринин артынан бири куушкан эки машине эч жерге токтобой катуу ылдамдык менен эки-уч айылды басып отушту. Дардан деген айылды басып отушкондо сон алдынкысы кутулбогон жерден сол жакка,кол тарапка бурулду эле арткысы аны кошо ээрчиди. Алар калын бадалдуу кумдун устунон отуп барып эл жок ээн,далдоо жерге келишти да,анан токтошту.эки машине кумдун устуно Катар тизилип,исиндегилер сыртка чыгышты.
Ошо боюнча биринин артынан бири куушкан эки машине эч жерге токтобой катуу ылдамдык менен эки-уч айылды басып отушту. Дардан деген айылды басып отушкондо сон алдынкысы кутулбогон жерден сол жакка,кол тарапка бурулду эле арткысы аны кошо ээрчиди. Алар калын бадалдуу кумдун устунон отуп барып эл жок ээн,далдоо жерге келишти да,анан токтошту.эки машине кумдун устуно Катар тизилип,исиндегилер сыртка чыгышты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#229 26 February 2015 - 01:38
-Болду ушул жерден эс алып туштонуп алгыла. Кудай буюрса аз калдык окшойт,-Абдурахмандын оозунан жел чыга электе эле беркилер машинеден жолго деп алган ар кандай азык-заттарды алып келишип кумдун устуно ак чупурок жайып,аны айлана отура кетишти.
-Сактыкка кордук жок дегендей бироонор тигил жакка барып ары-бери жакка коз жугуртуп,кароолчулукка тургула. Сен бар Рустам,жергиликтуу элдерден да сак бол. Куралчан кишилер журушот деп милицияга жеткирип коюшу ыктымал.
-Сактыкка кордук жок дегендей бироонор тигил жакка барып ары-бери жакка коз жугуртуп,кароолчулукка тургула. Сен бар Рустам,жергиликтуу элдерден да сак бол. Куралчан кишилер журушот деп милицияга жеткирип коюшу ыктымал.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#231 26 February 2015 - 15:50
Башында башталганда казынаны издеп баратышкан анан Абдрахман Каныбеке казына табылса калганын олтуробуз деп анан ортосундагы башында эмне болгондору Каныбектин эстегени боюнча да да
#232 27 February 2015 - 23:24
-Жарайт,ары жактагы жашыраагы өзу менен кошо кока-кола куюлган желим бөтөлкөнү,жумшак нан,жумуртканы алып автоматын артына асына бадал тарапты көздөй басып кетти.Алар көл жээгинен анча алыс эмес жерде отурушкан.Көпкөк болуп мелтиреген Ысык-Көл кадимкидей беркилерди өзунө тартып азгырып турду.
-Балким бир сыйрадан чумкунуп алсак кандай болот,жетээр жерибизге аз эле калбадыкпы. Карачы көл тубубүздө эле турат.Күн да төбөдөн аябай ысып чыкты,бир сыйрадан чөмүлүп сергип албасак болбойт го.Айланада бир да адам көрүнбөйт,анын үстүнө эч ким көрбөгөн далдоо жерже турабыз.Тигил жакта каролчубуз да ары-бери жакка көз салып турат.Бир нерсе болсо эле дароо эскертет бизге...,-бардыгы Абдурахманды карап калышты эле,ал бир азга ойлонуп туруп,башын чайкай жооп берди.
-Болуптур он-беш жыйырма мүнөт,андан ашык кармалбагыла.
Ушуну эле күтүп тургандай бардыгы арыдан-бери чечине салышып көлдү карай чуркап кетишти.Көл алардан элүү-алтымыш кадамдай эле аралыкта болчу.Катар тизилип турган машиненин жанында Абдурахман, Каныбек анан Хасан деген уйгур жигит гана калды.
-Сен эмне түшпойсүң?-деп Каныбек ага кайрылды эле,тигил "түшкүм келбейт,анын үстүнө сүзгөндү да билбейм" деп жөн гана кайдигер жооп берип койду.
Абдурахман гезиттеги жаңылыктарды окуп,Каныбек болсо көйнөгүн чечип ысык кумга чалкасынан жата кетти.Күндүн ысык табына денесин тосо,озуна чөптүн бир талын тиштеп,көзүн жумуп ойлоно кетти.
Бир кезде шырп эткен дабышка акырын көзүн ачты эле,бет маңдайында өзун карай автомат сунуп турушкан беш-алты кишилерди көрдү.Көзүн чоң ачып ордунан атып тура калганда,артынан бирөө бирнерсе менен башка катуу шилтеп жибергенде кайра чалкасынан кулады.Көзүнөн от чагылыша айланасы караңгылап барып кайра эсине келди.Акырын башын көтөрүп айланасына көз жүгүрттү.Дээрлик он чактыдай куралчан кишилер аларды курчап алышыптыр.Ангыча катуу ылдамдык менен беш-алтыдай жеңил машине бадалдан атып чыгышып,катар тизилип турган эки волганы курчай токтошту.Алардын ичинен да бир топ куралчан адамдар чыгышты.Үч-төртөө барып көлдө тушүп аткандарды колдорун желкелерине алдыра бер алып келишип,кумга көмкөрөлөрүнөн жаткырышты. Каныбекти үч адам автоматы менен тегеректей мээлешип,ар- бир кыймыл-аракетин аңдып турушту.
-Өткөн жолкудай каршылык көрсөтөм деп ойлобо Абдурасул мырза,ит аткандай атып таштайбыз бобул кумдун үстүнө.-бейтааныш сакал-мурутчан адам келип Каныбектин ээгинен пистолети менен жогору көтөрдү.Анан ары жакта чалкасынан жаткан Абдурахмандын жанына басып келди.
-Бардыгыңар аман-эсен,тирүү калгыңар келсе картаны алып чыгып бергиле бизге.Болбосо тигил бадалдын түбүнө бардыгыңардын өлүгүңөрдү корумдап,же мойнуңарга таш байлап көлгө чөктүрүп жиберебиз.Балыктарга жем болосуңар.
-Бизде эч кандай карта жок...
-Арамзаланба Абдурахман мырза,баары бир таап алабыз,анда жанагыл сөзүбүзгө турабыз.
Абдурахман бир аз ойлонуп турду да,акырын ордунан козголду.
-Болуптур, бирок чыныгы сөзүңөрдү бергиле бизди өлтүрбөйбүз деп.
-Картаны колума карматсаңар аман каласыңар,бирок эч жакка кайрылбай кайра Бишкек тарапка кетесиңер.Эскертип коеюн,кылтың- мултуң этсеңер ар бир кадамыңарды ажал күтүп турат.
Абдурахман кыйналып жатып ордунан турду да,волганын ичинен жалтырак кара папкасын алып чыкты.Кабагы бүргөлө,колдору калтырай папкасынын оозун ачып,анда кагазга тыкан оролгон бир нерсени тигилерге сунду.Баарын жетектеп жүргөн алиги сакалчан киши аны шап ала коюп,кагазды ачып,картаны жайып жиберди.Бир- экөөсү келип ага тыкан көз жүгүртүшкөн соң,бири-бирине башийкеше кайра мурункудай кылып кагазга тыкан ороп,өздөрүрүн сумкаларына салып алышты.

#233 27 February 2015 - 23:38
-Болуптур биз да сөзүбүзгө туралы,силер эч жакка кайрылбай түз Бишкекке жөнөгүлө.Силерди тигил бир машинебиз узатып барат.Эскертип койчу нерсе,эки машинеге тең мина коюлду,кылт этсеңер эле жардырып жиберет.Эмесе,
жолуңар шыдыр болсун,-алиги сакалчан киши ары карай басып кетти эле,калгандары эки волганын ичиндеги куралдардын эч нерсесин калтырбай өз машинелерине жүктөп,от алдырышып заматта көздөн кайым болуп кетишти.Ооздорунан алдырган түлкүдөй болуп бардыгынын көздөрү алайыша бири-бирин карап жалдырап туруп калышты.
-Ушинтип жөндөн жөн эле картаны берип коебузбу тигилерге?.. -Жафар тим эле чебелектеп жиберди.
-Сага жан керекпи,карта керекпи?-Абдурахман анын сөзүн бөлө сүйлөдү.
-Анда эмне азап тартып ушунча убакыттан бери тентип жүрөбүз көрүнгөн жерде,тынч эле оокатыбызды кыла бербейт белек бир жерде отуруп.
-Болду жетишет,сөз бирөө кеттик кайра шаарга,-бардыгы Абдурахманды жеп жибере тургандай карап калышты эле,Каныбек да аны коштоп кетти.
-Мина чын эле коюлуптурбу карагылачы!
-Жакшылап карап чыктык,жок эч жерде.
-Кеттик кайра шаарга,калганын тигил жактан сүйлөшөбүз.
Волгалар от алып ордунан козголо кайра Бишкек тарапты көздөй сапар тартты.Жолдо кетип баратканда кабагын бүркөй үн-сөссүз кетип бараткан Каныбектин кулагына Абдурахман акырын шыбырады:
-Кам санабай кайгырбай эле кой.Чыныгы оригинал карта өзүмдө,надежный жерде катылуу.
-Ыя,кандайча?
-Чш-щ акырын,арабызда чыккынчылар да болуп калышы мүмкүн.Ушундай болоорун жүрөгүм сезип,алдын ала картанын дал өзүндөй кылып эки-үч карта жасатып алгам.Биок тигилерде казынанын кайсыл жерде экенин башкача кылып белгилеп койгом.Тим гой,баштары айланышып,жердин баарын тинтип,издеп жүрө беришсин.
Муну укканда Каныбектин жүрөгү ордуна келе,оор жүктү алып ыргыткандай жеңилдей түштү.Эки волга Балыкчыдан өтүп кайрадан Бишкек тарапты көздөй биринин артынан бири ээрчип зымырап кетип баратты.

#234 28 February 2015 - 00:15
АЛГАЧКЫ СЫНОО
(мурунку заман)
Хабибулло Улукбекти сынай көпкө тиктеп турду.
-Сен менден бирнерсени жашырып жатканың көзүңдөн эле билинип турат.Бул уютулган алтындарды каяктан алганымды билесиңби?Билбесең сен менен дайыма чогуу жүргөн,тигил жарчанын түбундө өлүп жаткан дервиштин жан жеринен таап алдым.Ал эми атайын ушундай көлөм менен уютулган алтындар кимге тиешелүү экенин билесиңби?Мындай алтындар Кокон хандыгынын казынасына гана тиешелүү алтындар.Ал эми казынанын төрттөн бир бөлүгү дал эле силер качып чыккан Кызыл-Үңкүрдөн кыргыз-кыпчактар менен Кокон хандыгынын Армиясы салгылашып жаткан мезгилде жоголгон.Ошол катуу салгылашуу жүрүп жатканда силер Кызыл-Үңкүрдөн анча алыс эмес аралыкта болгонсуңар. Жоголгон казына болсо алыс узаган эмес,ошол эле тоолордун бир жерине жашырылган. Тиги жар түбүндөгү кандуу окуя,дервиштин чөнтөгүнөн табылган бул уюутлган алтындар бекеринен чыккан жок.Сен анын бирнерсесин билесиң...
-Мен эч нерсе билбейм мырза...
Улукбектин кууланып айтып аткан бул сөзүнө Хабибулло чыдай албай жарылып кетти.
-Калп айтпа чынңды айт,катылган алтындардын негизги бөлүгү кайда?!

#235 28 February 2015 - 00:46
ЖОГОЛГОН ЖОЛБАШЧЫ
(мурунку заман)
Хамза Элүүбайдын эң ишенимдүү деген оң колу болчу.Өзүнүн жолбашчысынын үч күндөн бери эч кабарсыз,дайынсыз жоголгонунан дүрбөлөң түшүшө бирнерседен күмөн санагандай ордодогу болгон адамдарын бүт чакырып өзүнчө жыйын курду.
-Биздин улуу жолбашчыбыз жөндөн жөн мындай болуп жоголуп кетиши мүмкүн эмес болчу.Алыс бир жакка кетсе сөссүз биз менен кабарлашмак же дайынын айттырмак.Кудай анын бетин ары кылсын дечи,бирок болду-болбоду алар бир кырсыкка кабылышты же кыргыз-кыпчактар менен кагылыша кетишти,а балким орумтарды солдаттарына колго тушуп калышы да мүмкүн.Кандай болсо да алардын дайынын билиш керек.Эгер кармалып калышкан болсо,кандай болсо да аларды туткундан бошотуп чыгышыбыз абзел.
Бийик тоонун арасындагы чоң үңүрдүн ичинде топтолушкан каракчылар унчугушпай тунжураша Хамзанын сөзүн угуп турушту.Баш- аягын эсептей келгенде жүздөн ашып барган бул каракчылар ар кайсы жаштагы,ар кайсы улуттагы адамдар эле.Күнүнө жортуулга чыгышып,сөссүз түрдө дайыма олжолуу кайтышчу.Дээрлик бир жылдан бери элдин үшүн алган бул кааркчылар өздөрүнө хандын казынасынын төрттөн бир бөлүгү болгон байлыкты топтоп коюшкан.
-Эмесе мындай кылалы,улуу жолбашчыбызды издөөгө элүү киши алып,аларды беш-бештен он топко бөлөбүз да,бул аймактардын баарына издөө салабыз.Анча- мынча маалымат алсаңар эле бизге кабарлап тургула.Өзүңөргө сак болгула!
Беш-бештен бөлүнүшкөн атчандар Хамзанын сөзүн угуп турушту.
-Биринчи топ Кызыл-Үңкүр сепили жакка чалгынга баргыла,экинчи топ чий-камыштын арасын издегиле.Ал эми үчүнчү топ болсо алиги Хабибулло көпөс Кытай тарапка кетчү жолдон издегиле.Ош, Андижан,Пами- Алай,Маргелан, Мерке жактарга атүгүл Ташкенге чейин баргыла.Жолбашчыбыздын жөндөн жөн дайынсыз жоголуп кетиши мүмкүн эмес.Буктурмадагы күтүлбөгөн кол салууга туш болуп калды,анын үстүнө өзү менен беш гана киши алып кетпеди беле.Ал сагызгандан да сак жүрчү эмес беле,эмне болуп калды экен кырсыктабай Кудайым сактаса экен.Кана жигиттер жөнөгүлө,оомийин жолуңар болсун!
Куралчан катар тизилип турушкан атчандар,оомийин деп бата беришти да,топ-топко бөлүнүшүп,биринин артынан бири ээрчише кууш коктуга түшүп алышып төмөн карай аттарын чаап жөнөштү.

#236 28 February 2015 - 01:06
ДУШМАНГА АЙЛАНЫШКАН ДОСТОР
(бүгүнкү заман)
Каныбек калаада жүргөндө тааныш кишилер кокусунан жолугуп калбаш үчүн жөө баспай дайыма жеңил машине менен жүрчү.Алардын алгачкы иш сапары жолсуз болгондуктан, экинчи жолкусунда көлдүн түндүк тарабы аркылуу алиги куралдуу топок көрүнүшпөй Чолпон-Ата жагы менен айланып өтүшмөй болушту.
Каныбек Панфилов сейил паркы менен жөө үйүн карай кетип бараткан.Карпа- курпа так эле бет мандайынан айылдаш,мурун мектепте чогуу окуган Токтобек деген классташы чыга калды.Мындай күтүлбөгөндүккө эмне кылаарын билбей шаштысы кете түштү.Көрмөксөн, таанымаксан болуп жакшы эле өтүп кетейин деди эле,ал так эле анын алдын тосо утурлай чыкты.
-Оо,Каныбек дос кандай,дайының таптакыр чыкпай кетти го.
Каныбек көзүнүн кыры менен дароо айланасына бир сыйра көз жүгүртүп өттү.Шектүү эч нерсе жок болгондуктан тиги менен кол алышып көрүшө,кишиси жок ээн жерге ээрчитип барды.Айылдагы жаңылыктарды, өзүнүн үй-бүлөсүн сураган соң,тез эле кайра коштошууга туура келди.
-Кыскасы мындай,кимдир бирөөлөр сени кармап алып сурашса,сен мени тааныбайсың, мен сени тааныбайм.Жөн гана тамеки сурадым дейсиң.Себебин сураба,кийин шашапай айтып берем,анда эмесе мени көргөнүң тууралуу эч кимге оозуңан чыкпасын уктуңбу.Сак бол,бирөолөрдүн көзүнө илинсең өлтүрүп кетишет.
-Жарайт.-көзү алаңдап бир нерседен чочулап калган классташы эки жагын элеңдей карап дароо Каныбектен оолак болууга ашыкты.Каныбек да экинчи мындай каталыкты кетирбөөгө өзүнө өзү сөз берди.Ийгиликсиз аяктаган алгачкы иштери кандайдыр белгисиз катуу куралданган адамдар тууралуу Садыр Карабаевге маалымат берди.

#237 01 March 2015 - 03:12
-Булар кимдер болду экен,өткөндөгү силерге кол салган банда толугу менен колго түшүрүлбөдү беле.Же дагы казына издеген башка куралдуу топ барбы.Бул биз үчүн дагы жакшы маалымат болду.Аларды тез аранын ичинде кармап,куралсыздандырыш керек.Демек,
куралдуу топ азыр көлдүн түштүк тарабында жоголгон казынаны издеп жүрушөт экен да.Бул маалымат боюнча тез арада захват операциясын уюштурбаса болбойт.Ал жакка эртең эле вертолеттор менен чалгындоо группасын жөнөтөбуз.
Анын сөзүн Каныбек бөлдү.
-Силерде казынаны издөө операциясы кандай жүрүп жатат?
-Ал секрет,бирок анын үстүнөн атайын адистер иштеп жатышат.Азырынча жоголгон кенчтин дайыны билине элек.Картанын кээ бир секреттери ачылбай жатат.Бирок ал көл тараптагы бийик тоолордун арасында экени айкын болду,азырынча кайсыл жерде экени белгисиз.
Ошол боюнча Каныбек Карабаев менен жаңы эле коштошуп үйүнө жөнөгөн.Айланага күүгүм кирип караңгылап калган болчу.Эшикти ачып,жарыкты күйгүзмөккө эми эле босогону аттаганда кандайдыр беш-алты караан дүпө-дүп болуп камдантпай аны басып калышты,атүгүл колун артына кайрып байлап да жиберишти.Кыймылдайын деди эле,экөө үстүнөн ныгыра басып кекиртегине бычак такалып калды.Жымжырт боло бир аздан кийин электр жарыгы жанды.Мандайында Абдурахман, айланасында өзүнүн эле кишилери экен.Эмне болуп жатканын өзу да түшүнбөй атты чынында,ичинде "Карабаев сүйлөшүп атканымды артыман аңдышып баарын билип калышкан экен да" деп ойлоп атты.Анын колун да,бутун да чырмап байлап,ары жактагы креслого отургузуп коюшту.Сулаймандын колунда кош миздүү шамшар.
-Силерге эмне жин тийдиби,колумду эмнеге байлап таштадыңар?
-Андан көрө сен жооп берчи азыр каякка барып келдиң?
"Демек точно билишкен экен да" буларга эмне деп жооп бериштин жолун ойлонуштура баштады.
-Эмне унчукпайсың, кекиртегиңе бирнерсе тыгылып калдыбы?Кана айтпайсыңбы каякка бардың?-Абдурахмандын жандоосу боюнча аны Сулайман болгон күчү менен ичке уруп калды.
-Эмне сыртка чыгып сейилдеп келсе болбойбу? Үйдө камалып эле отура берелиби?
-Эмне үчүн дайыма көчөгө жалгыз чыгып кетесиң да,көпкө жүрүп анан кеч келесиң?Бобул коркунучтуу кылмышкерлер түрмөдөн качышты,издөө салынат деген баракчаларды көрдүңбү?Анда төртөөбүздүн сүрөтүбүз бажырайып алыстан кишилерге байкалып турат.А сен эмне үчүн эч нерседен коркпой көчөдө ээн-эркин басып жүрөсүң?Бирде болбосо бирде милициялар кармап алат деп чочулабайсыңбы?
-Бул сүрөттөгү менен азыркы айырмам асман менен жердей болуп турбайбы.Мени таанып же байкап калууга эч мүмкүн эмес.
-Болуптур, ал го ал дейли,азыр ушунча убакыттан бери жалгыздап каякта жүрдүң?Кимдер менен байланышып, кимдерге бардың?
-Эмне менден шек санап жатасыңарбы?
-Шек албай эле точно ишенип жатабыз.Эмне үчүн сен жаныбызга отурганда дайыма тоскоолдуктар болот?Өткөн жолку Чоң-Арык тараптагы жолдогу окуя.Мындан эки күн мурунку көлдөгү окуя.Эмне себептен баары көлгө түшүп атканда,сен да көлгө түшкөн жоксуң?Демек тигил бандалар менен сенин байланышың бар.Мына жолубуз болбой көлдөн кайра келдик,тигилерге жалган карта бергенимди жалгыз сенин гана кулагыңа шыбырап айткам.Мына сен аны уккандан кийин кайдадыр жоголуп барып кайра келдиң.Кана кимге бардың чыныңды айт.Биз баарыбир билип алабыз.
Муну укканда өх деп Каныбектин жүрөгү ордуна келди.Ал ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен байланышып жүргөнүн билип калышкан экен деп аябай чочулап жаткан".Эң жакшы-деп ойлоду ичинен,-мындан эптеп жолун таап чыгып кетсе болот".

#239 02 March 2015 - 03:09
ӨЗГӨЧӨ ТАПШЫРМА
(мурунку заман)
Кызыл-Үңкүр сепилинин тушундагы жарчага келишкен топ жар түбүндө өлүп жаткан үч адамды көрүштү.Бирөөсүнун башы жок болчу.Алардын үстүнө бир таз жору,үч-төрт карга отуруп алышып өлүктөрдү чокулап жеп атышыптыр.Өздөрүнө жакындап келаткан атчандарды көрушкөндө каркылдап,канаттарын эки жакка жайыша өлүктөрдөн оолак боло беришти.
Топ атчандардын бир-экөөсү жерге түшө калып жыттанып бараткан эски өлүк экенин көрүшүп,тигилерге башкалар экен дегендей баштарын чайкап белги беришти.Кайра аттарына минип кайдадыр чаап жөнөштү да,көп өтпөй кайра кайрылып келишти.
-Кой,мусулман баласы болгондон кийин өлүктөрдү ачыкка таштабай көмүп кетели.
Бардыгы жабылыша шапа-шупа аттарынан түшө калышып өлүктөрдү колдон буттан кармаша чуңкурга ыргытышты да үстүнөн топурак менен көмүп жиберишти,анан аларга багыштап куран окушуп,кайра аттарына шашыла минише Кызыл-Үңкүр тарапты көздөй чаап кетишти.Ооздорунан алдырган жемдеринен ажырашкандай алиги каргалар жаңы гана көмүлгөн өлүктөрдүн үстүндөгү топуракка кайрадан учуп келип конушту да,тээ алыста узап бараткан атчандарды карап калышты.
Өздөрүнүн жолбашчысын кимдир бирөөлөр өлтүрүп кетишпесин деп калың камыш-чийлерди аралап чыгышкан экинчи топ топ чоң камыштын түбүндө ар кайсы жерде чачыла,күнгө чагылышып жарк-журк этип жаркырап жаткан баалуу таштарды көрдү.Жакындап барышса бриллиант,алтын- күмүш,каухардан жасалган ар-кандай буюмдар экен.Бул өткөн жолу Хабибулло жолборстон качканда баштыгынан чачылып түшкөн казынанын буюмдарынын бир бөлүгү болчу.
Күтүлбөгөн жерден кандуу окуя болуп кетти.Бешөө тең жерге аттарынан секирип түшүшүп,чачылып жаткан баалуу буюмдарды терип киришти.Анан биринен бири талашып бири-бирин ата башташты.Бешөөнун үчөөсү өлүп экөосү гана калды.Олжо тең экиге бөлундү,бирок экинчисинин ичи ачышып тигиге ыраа көрбөй турду.Тигил жаңы эле ордунан туруп ары бурула бергенде байкатпай аны желкеге сайып калды.Жол бою бири-бирине тамаша сөз ыргытышып,көңүлдүү келатышкан бешөөнун төртөөсү заматтын ортосунда биринин канын бири агызганга үлгүрүштү.Ал өзүнө өзү ыраазы боло,болгон жалтырак-жултурактардын баарын чогултуп баштыгына салды да,атына мингени ордунан туруп айланасына көз жүгүрттү.Эртеден берки ызы-чуудан аттардын баары эбакта эле үркүп калың чийди аралап качып кетишкен болчу.Ал чочулай айланасына дагы бир жолу көз жүгүртө калың чийди аралай бет алды,жөө жүгүрүп жөнөдү.
Калың коюу өскөн чийди аралап өтуп баратып кайра бакырып артка кетенчиктей берди.Анын бет маңдайында чоң жолборс далдайып акырын күрүлдөй өзүн карай басып келаткан эле.
ххх
Ташкент-Кытай соода жолу менен өздөрунун жол башчысын издеп чыгышкан үчүнчү топ чек арага чейин барып кайра кайтышмак.Топ аттардын изи менен жүрүп отурушуп анча бийик эмес тоонун тайпакчасына жете бергенде аттардын туяктарынын бир жерде үймөлөктөшкөндөй изин байкашты.Атүгүл кумга уюп калган кандардын тактарын да көрүштү.
-Демек,ушул жерде бир кандуу окуя болуп кеткенсийт. Айлананы бир сыйра карап текшерип чыккылачы балким бир нерсе табылаар.
Бешөөнүн үчөөсү аттарынан түшө калып,туш-туш жакка чачырай ойдуңдарды, бадалдарды аңтарып карашып,эч нерсени калтырбай издей башташты.Бир кезде калың бадалдын арасындагы чоң таштын түбунө барган жигиттердин бирөөсу кыйкырып жиберди.
-Бери келгилечи быякка!
Эмне болуп кетти дегендей,туш- туш жакка чачырап кеткендер кайра бир жерге чогулуша үймөлөктөшүп калышты.
-Эмне болду?
-Тээтигил таштын түбүндөгү топуракты карагылачы. Мен жаңылбасам топурактын үстүнө кишинин колдору чыгып турат го.
Чын эле жаңы гана көмүлгөн топурактын үстүнө кишинин колунун манжалары көрүнүп чыгып калган эле.Бардыгы жабыла аны ары-бери казып жиберишип,өздөрунүн тааныш адамын алып чыгышты.Ага удаа эле дагы беш кишинин өлугун алып чыгышты.Өлүктөрдүн эң алдында өздөрунүн жолбашчысы Элүүбайдын өлугү жаткан.Эмнегедир денелеринин бардыгы капкара болуп карарып кетиптир.Алардын арасында алиги көпөс соодагер Хабибуллонун денеси жок болчу.
Алтоонун өлугүн жайына тапшырышып жолбашчысын акыркы сапарга узатып келгенден кийин,жаңы жолбашчы болуп шайланган Хамза тоодогу өзүнүн кишилеринин баарын чогултту.
-Нечендеген салгылаштарда, курчоолордо дайыма аман-эсен кутулуп чыгып кеткен сагызгандан сак,кыраакы биздин улуу жолбашчыбыз киши колдуу болуп бизди таштап кете берди.Бул да болсо Кудайдын буйругу,катуу салгылашууларда курман болбой,жөнөкөй гана бир кишинин,көпөстүн колунан курман болду.Аны тиги Үрүмчулук Хабибулло көпөс алдап уу берип өлтурүптүр. Бул ишти Жанузак менен Бахтиярга табыштайм.Экөөңөр кандай болсо да Үрүмчүгө барып көпөс Хабибуллону таап тирүүлөй же башын кесип алып келесиңер.Бул ишти аткармайын кайра кайтап келебиз деп ойлобогула. Кандай болсо да менин буйругумду иш жүзүнө ашыргыла.Аны алты кабат асмандын ары жагына,жети кабат жердин түбүнө кирип кетсе да таап,улуу жолбашчыбыздын өчүн алып келгендей болгула.Эрте күндү кеч кылбай дароо эле жөнөгүлө!
-Куп болот мырза,буйругуңуз сөзсүз орундалат!
Эки атчан шапа-шупа аттарына миништи да,калың топтон бөлүнүп чыгышты.
ТОБОКЕЛДИК
(мурунку заман)
Улукбектин Үрүмчүдө жүргөнүнө дээрлик үч айга чукулдап калган.Сынган кабыргалары кадимкидей калыптанып, октон жараланган өпкөсү айыгып,мурун кандай болсо ошондой табына келген.Хабибулло көпөстүн жумушун кылып жүрүп,анын үчүнчү катыны он жети жаштагы уйгур кызы Мэхрибан менен кандай жакындашып кеткенин өзү да сезбей калды.Анын бир гана максаты бар болчу кандай да болсо кырдаалдан пайдаланып Үрүмчүдөн качып чыгып,Кытай чек арасынан өтүп кетүү.Ал үчүн эң жакшы күлүк ат керек.Хабибуллонун сарайына барып аттарына жем,чөп салып жатканда аппак болгон маңдайында кара кашкасы бар зоот айгырга көзү түшүп жүргөн.Ал Элүүбайдын өзүнүн олжого түшкөн аты болчу.
Бир күнү оңдой берди болуп кожоюну Турпан тарапка соода иштери менен кетээрин билипүч күн мурунтан эле качуу планын тузө баштады.Анын үстүнө жоголгон казына кайда экенин сен гана билесиң деп Кудайдын куттуу күнү жекече алып чыгып алып сурап да,алдап да,коркутуп да жанын койбой аткан.Андан эч нерсе чыкпасын билип,ойлонгонго бир жума мөөнөт берген. "Эгер ушул жуманын ичинде өзүң айтып бербесең,сага башкача чара колдонуп,сени менен башкача сүйлөшөм" деп катуу эскертип өткөн.Анын үстүнө качып кетпесин деп көзөмөлгө да салдырып койгон болчу.Ал Турпандан кайра үч күндүн ичинде кайтып келмек.Кетип баратып"тигиге сак болгула,качып кетпесин,эгер качырып жиберсеңер бир көзүңөрдөн кан,бир көзүңөрдөн жан алам"деп катуу эскерткен." Мэхрибанга чогуу качалы деп айтсамбы,же ал чабалдык кылып билгизип коёбу?"ал өзүнчө ойллнуп турду.Мэхрибан өзү уйгур кызы болгону менен жердиги Андижандан болчу.Эне-атасы анча бай эмес,кедей эмес орто турушчу.Күүгүм талаш сыртка чыга калганда,атайын аңдып турушкан белгисиз уурулар тарабынан уурдалып кеткен.Бактын далдоосунан чыга калган үч караан дароо эле анын оозун басып,колу-бутун таңып жиберишип атка өңөрө сала,кайдадыр караңгыга сиңип жоголушкан. Каякка баратканын ал өзу да билген эмес,эки аптадан өткөндөн кийин туткун кызды кандайдыр бир кишинин колуна тапшырып берген.Ал киши болсо дагы эки аптадай өзу менен кармап,кокусунан кербен тобунун башчысы ушул Хабибулло көпөскө жолугуп калып жети күмүш билерик,эки төөгө сатып жиберген болчу.Хабибулло мындай кыздардын далайын сатып алып,кайра үстунө баа кошуп сатып жиберчү.Бирок бул кыздын бой мүчөсү,сулуулугу, жаштыгы эмнегедир ага жагып,үй кызматчы кылып алууну чечкен.Өзу да уйгур болгондуктан бул кыздын уйгур экенин билип,таза кандуу уйгур төрөп берет деген ниетте өзүнө үчүнчү аялдыкка алган.Анын үстүнө эки аялы тең таза уйгурдан эмес,башка улуттан болчу.Мэхрибанга өзунчө үй бөлуп,алдына кызматчыларды берген."Аны өзүм менен кошо ала кетсемби?Мекенимди, бир туугандарымды, ата-энемди сагындым" деп атпады беле,же мага ал тоскоолдук кылабы?Эмне кылсам?Аны азгырып көрсөмбү?Чыккынчылык кылып тигилерге билгизип койсо эмне кылам?Андайга бара койбос...Өзүнун атасынан да улуу кишини күйөө кылып,бөтөн эл,бөтөн жерде кор болуп жашаганча өз мекенине,бир туугандарына качып кеткен менимче алда канча жакшы иш эмеспи?Кой азгырып көрөйүн аны өзүм аялдыкка алып алсам деле жаман аял болбойт".
Экөө күүгүм киргенде дайыма бийик дубалдын жанындагы бак түбүнөн жолугушуп турушчу.Анын үстүнө бири-бирин да жакшы көрө башташкан.Бул жолу барганда аны бал тилге салып азгыра баштады.Адегенде Мэхрибан Хабибуллодон аябай коркуп,чочулап турду.Анткени ал анын эң жакшы көргөн,эң эле жаш эрке токолу болчу.
-Баары бир мен сенсиз кетпейм,жакшы мүмкүнчүлүк болуп турганда өз мекениңе,бир туугандарыңа кетип кал.Бул мүмкүнчүлүктү коё берсең өмүр бою бөтөн эл,бөтөн жерде кор болуп журүп отөсүң.Ойлон ылдам эки ат,бир жумалык азык зат даярдап койгом.Болгондо да эң тандалма күлүк аттар.Бир аздан кийин Хабибуллонун бардык жигиттери,кызматкерлери уйкуга кетишет.Түн жарымы болуп калганда ушул жерде күтүп тур,эки ат менен келем.Ошол боюнча көздөн кайым болуп жоголобуз.

Супер-Инфо
super.kg
видео