Суперстан: Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (37 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Шайлоо-2015: Парламентке кайсы партиялар өтөт?

#1 Пользователь офлайн   Xanif   26 Февраль 2015 - 02:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 684
  • Катталган: 03 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 16 Окт 2015 04:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олко...

Саламатсыздарбы мекендештер! Озунуздорго белгилуу болгондой эле, биздин Чиновниктердин даагы бир Ат салышмай ойундары жакындап келе жатат.

Бирок 24-жылдан бери, алдай берип Депутаттар чарчабады...

Арбир создоруно ишене берип, же биз шайлап чарчабадык. ..

Дегеним, кандидат кезинде ойлонбой эле биртоп убада, создорду берип алышатта, шайлангандан кийин эчеле таппай калабыз ал кыйындарды. Же ЖК да уктап жатканын, же оозуна талкан салып алганын кееде коруп калабыз. Ошого, быйылда эмитен эле башталгандай корунот актанып-мактангандар.

Мен саясатты тушунбосомда, бирок булардын жасаган жумуштары жанды кашайтып жатпайбы, же бир пайдалуу-маанилуу демилге менен чыгышпайт...

Ошого быйылкы шайлоодо, ким, кайсы партияга добуш берсееем деп ойлонуп жатат?!

Бирок биз ишенген партиялардын жузунуда коруп отурабызго, ошого татыктуусу ким десе болот???!!!

Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 26 Февраль 2015 - 02:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   sezimai93   26 Февраль 2015 - 06:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 464
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Июн 2017 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ииииии айтпай эле койоюнчууууу

Камчыбек Ташиев,Омурбек Бабанов,Акматбек Келдибеков, Мелис Мырзакматов, булар азыр,бир партия деп уктум мен, ушуларды колдоп добуш беретлем анан болсо,биздикилер бири ,бирин когортпой бутап коюшчу адаты бар элего
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Unikum   26 Февраль 2015 - 09:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 409
  • Катталган: 30 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Дек 2020 09:29
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения sezimai93 (26 Февраль 2015 - 06:07) жазган:

Камчыбек Ташиев,Омурбек Бабанов,Акматбек Келдибеков, Мелис Мырзакматов, булар азыр,бир партия деп уктум мен, ушуларды колдоп добуш беретлем анан болсо,биздикилер бири ,бирин когортпой бутап коюшчу адаты бар элего



Болбогон партиялар булар



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   sezimai93   26 Февраль 2015 - 09:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 464
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Июн 2017 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ииииии айтпай эле койоюнчууууу

Просмотр сообщения Unikum (26 Февраль 2015 - 09:20) жазган:

Болбогон партиялар булар

Болгон партиянын озу жокго баарыле окшошкондорда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   edu.kg   26 Февраль 2015 - 10:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Парламенттик шайлоо жакындап, мансабынан, депутаттык мандатынан айрылып калуу коркунучу жаралгандан тарта айрым аттуу-баштуу саясатчылар эптеп эле элге жагынуунун айла-амалын издеп калышты. Азырынча ал ыкма боюнча «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов алдына киши сала элек. Буга далил катары эки чоң саясатчынын акыркы аракеттерин мисалга тарталы.



Бир кезде «темир», андан кийин «жыгач» жана «желим» генерал атка конгон Куловдун учурдагы эси-дарты өкмөттүн структурасын өзгөртүү болуп турат. Ал азыркы 15 министрликти 9га кыскартып, бир канча мамлекеттик корпорацияларды түзүүнү сунуштап чыккандан бери 1 ай болду. Бул маселе алгач кызуу талкууга алынганы менен, акыркы учурда элдин эсинен чыгып калгандай болду. Жоюла турган министрликтердин катарына: Өзгөчө кырдаалдар, Энергетика жана өнөр жай, Айыл чарба жана мелиорация, Экономика, Маданият жана туризм, Жаштар, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу, Социалдык өнүктүрүү, Транспорт жана байланыш министрликтери кирет. Куловдун бул «ачылышында» ӨКМ менен миграция ИИМге, Социалдык өнүктүрүү, Жаштар министрликтерин Саламаттыкты сактоо министрлигине кошсо, Экономика, Айыл чарба, Маданият министрликтерин жаңы түзүлө турган Өнүгүү жана соода министрлигине караштуу департамент болорун жазган. Эгер бул айтылгандар айныксыз ишке ашып кетсе, анда мамлекеттик бюджеттен жылына 20 млрд. сомго жакын каражат үнөмдөлүп, мамлекеттик кызмат орундары 30 пайызга кыскарат экен. Ошондой эле айрым багыттар боюнча өзүн — өзү каржылаган бир катар мамлекеттик корпорацияларды түзүү сунушун айткан. Бирок Кулов өкмөттүн структурасын өзгөртүү маселесин көтөрүүдөн мурун бул маселени канчалык деңгээлде ийнине жеткире изилдеп чыкты? Тиешелүү адистер, ар тармактын чоо-жайын терең түшүнгөн атагы таш жарган доктор, академик, серепчилер акыл коштубу? Же шайлоонун шайтан оюну менен өзү эле үстүртөн чампалай салдыбы? Айтор буга да өзүнчө баа берип, көңүл буруу керек. Менимче, бул маселе азырынча ишке ашпайт. Анткени, азыр алдыдагы шайлоого кызуу даярдык менен алаксып калышты. Убакыт да тардык кылышы ыктымал. Демек, парламентке кийинки келе турган 6-чакырылыштын депутаттарынын «шыбагасына» тийиши мүмкүн.

Туура, өкмөттүн структурасын сөзсүз кыскартуу керек. Ага эч ким каршы эмес. Бул маселе элге майдай жагат. Муну жакшы билген Кулов шайлоо алдында маселени шашылыш кабыргасынан коюп, өзүнө жана намысы жок «Ар-Намыска» коомчулук тараптан упай алгысы келип турат го. Азыр өкмөттө 15 министрлик, 1 комитет, 7 мамлекеттик агенттик, 10 мамлекеттик кызмат бар. Булардын айрымдарынын функциялары окшош болуп, бирин-бирин кайталашат. Ошондой болсо да, жалпы иштин, жыйынтыгы начар. Мисалы, айрым мамлекеттик мекемелерде 4 — 5 адам аткара турган жумушту он адам аткарат. Эмне дегенде, миңдеген кереги жок штаттарды ачып алышкан. Жалпысынан орто жана чоң кызматтагы аткаминерлердин саны 18 миңди чапчыйт. Албетте, бул өтө көп. Ошон үчүн кыскартуу маселеси эчак бышкан. Ал эми айрым министрликтерди таптакыр жоюп салып, аларды кайсы бир министрликке караштуу департамент кылуу маселесин да кылдаттык менен карап чыгуу керек. Мисалы, Маданият министрлигин жоюп, атына заты коошпой турган Өнүгүү министрлигине каратуу канчалык деңгээлде акылга сыят?! «Жаман иттин аты бөрүбасар» дегендей, Өнүгүү деген министрлик ачып койсо эле, баары өнүгүп кетеби?! Жалпысынан 16-17 миң кызматкери бар көп багыттуу Маданият министрлигин өзөгү курук Өнүгүү министрлигине зордоп «тыгып» жиберүү ары болгондо аңкоолук, бери болгондо маңкуртчулук эмеспи. Маданият тармагынын кызматкерлери Куловдун мындай өзүм билемдигин колдомок тургай, аны ашата сөгүп турган кези. Бакиев баш, Кулов өзү төш болгон эси жок эски бийлик Маданият министрлиги агенттик, анан комитет да өзгөртүп, кыскарта чабышканда, жалпы коомчулук катуу нааразы болгон. 2010-жылы 7-апрелге чейин агенттикти азыр Түркияда элчи болуп жүргөн ырчы Ибрагим Жунусов башкарып турган. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Маданият министрлиги болуп кайра түзүлгөн. Эми Куловдун департамент кылабыз деп опурулуп турганы, эскини эңсеп турганы го. Маданият — бул керек болсо бардык тармактардын өзөгү! Маданият болбосо мамлекет да болбойт. Адамды адам кылган, ага руханий азык берген да маданият эмеспи. Маданият менен иши жок адам — маңкурт адам! Демек, Шаршенбай аксакалдын баласы Феликс мырза ушул сыпаттоолорго жакынбы? Эл го жакшы билет, калганын өзү ойлонушу керек. Негизи, Маданият министрлигин өкмөттүн курамынан чыгарып, президенттин карамагына өткөрсөк жакшы болмок. Ошондо азыр көйгөйү көп болуп, аксап жаткан министрликтин иши бир топ оңолмок. Кыскасы, кандай болгон күндө да өкмөттүн структурасы кандай болуп өзгөрсө да, эң биринчи маселе катары Маданият министрлиги жоюлбашы зарыл. Тескерисинче мыйзамда жазылгандай мамлекеттик бюджеттин 3 пайызын маданият тармагына толук түрдө бөлүп берүү маселеси ишке ашуусу керек. Ал эми 20 жылдан ашуун убакыттан бери маданият тармагына мамбюджеттин 1 гана (1 млрд. сомдон ашуун) пайызы берилип келет. Ал акчанын басымдуу бөлүгү айлык, коммуналдык төлөмдөргө кетип, өнүгүүгө болбогон акча калат. Ошон үчүн маданиятыбыз аксап турат. Андай эле акылдуу болсо Кулов ушул маселени айтып чыкса болмок. Болбосо, бул киши өкмөт башчы болуп эмнени кыйратты эле?! Чынын айтканда, пайдасына караганда зыяны көбүрөөк болду го. Кыйын экен, ошондо ушул маселени ишке ашырбайт беле?

Мыйзамсыз турак жайга мыйзамсыз мунапыс

Өмүрбек Чиркешовичти эл баш мыйзамдын «атасы» катары баалаганын жокко чыгарууга болбойт. Себеби ал узак жылдардан бери өз өмүрүн мыйзам жазуу жана аны аткарылышына көзөмөл кылганга арнап келет. Мына ушундай ашкере мыйзамчыл адам шайлоого жакындаган сайын мыйзамдан өзү негиздеген партиясынын кызыкчылыгын бийик коюп, тескери «ушатып» турат. Айтсак, ал Кыргызстандагы, айрыкча Бишкектеги мыйзамсыз салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети менен жандалбастап, бул мыйзамга каршы чыккан депутаттар менен кызыл чеке болуп талашып-тартышуу менен алек.

Маалымат катары айта кетсек, Кыргызстан боюнча 52 миңден ашуун турак-жайдын тиешелүү документтери жок, анын 6 миңден ашууну Бишкектин 47 конушуна тиешелүү. Кандай болгон күндө да мыйзамсыз ишке барып, мамлекеттин мүлкүн (жерин) өзүм билемдик менен мыйзамсыз басып алгандар мыйзам алдында жооп берип, жазаланууга тийиш. Жок дегенде административдик жоопко тартылышы зарыл. Өмүрбек мырза, бул аракетин: «Эркинен ажыратылган кылмышкерлерге карата маал-маалы менен мунапыс жарыялап келебиз. Мыйзамсыз үй салынган жер тилкелерине деле жок дегенде бир жолу мунапыс жарыялап, аларды легалдаштырып коюуга эмне үчүн болбосун»- деп уялбай — этпей эле сайрап турат. Маселени тереңдетип айтканда, Текебаев мыйзамсыз үйлөрдү көздү жумуп мыйзамдаштыруу аракети менен мындан аркы ушундай чатак маселеге даңгыр жол ачканы турат. Албетте, бул абдан кооптуу көрүнүш. Андыктан, шайлоонун шайтан оюнуна азгырылып мансапты эңсеп, акылга да, мыйзамга да сыйбаган иштерге көп эле мурунду тыга берүүнүн эмне кереги бар. Мунун баарын Өмүкебиз эң жакшы билет, бирок эң сонун билип туруп, өзү жазган мыйзамдарды каратып туруп тебелеп-тепсеп жатканына жол болсун! Ошондуктан, акылы ай чапчыган эл өкүлү бул маселеден өз партиясына упай топтоо аракетин токтотсо өзүнө да, элге да, эң ириде мамлекетке жакшы болмок.

Акыркы төрт жылдан бери «Ата Мекендин» кадыры болуп көрбөгөндөй түшүп кеткени жалпыга маалым. Ошондуктан Өмүрбек мырза, шайлоого жакын калган кезде элдин колдоосуна жетишүү жана партиясынын кадырын аз да болсо көтөрүү үчүн ушундай көйгөйлүү маселелерге басым жасап олтурат. Маселен, эгер бул маселени депутаттар колдоп койсо, мыйзамсыз курулган турак-жайларда жашап жаткан 6 миң үй-бүлөнүн көктөн тилегени жерден чыккандай болору турган иш. Баарылап Текебаевге батасын беришер. Анан шайлоодо ошол 6 миң үй-бүлөнүн добушу «Ата Мекенге» «агып» кетиши толук мүмкүн. Ошон үчүн Өмүке эмитеден өлдүм-талдым деп арыктын нугун чаап турган чагы. Бирок мамлекетке андай кооптуу «арыктын» кереги жок. Кеч боло электе бөйрөктөн шыйрак чыгарууну токтотуу зарыл.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   edu.kg   26 Февраль 2015 - 10:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

СДПК,Ата-Мекен, Ар-Намыс УШУЛ УЧ ПАРТИЯДАН БАШКАСЫ!! !
кийинки шайлоого келсе мен ойлойм онугуу го бираз болсо да мамлекетибиз жакындайтго. Анткени ушул уч партия мамлекетибиз туптолгондон баштап илеешип эле келе жатат, ээч пайдасы, жок зыян чыгаша алып келуудо олкобузго. Анан дагы кучтуу тиригиреек саясатчы жэ эл камын ойлогон адам чыга калса сразу жок кылышат ушу уч партия аны оз козунуздор менен коруп байкап атасыздарго. Ушул уч партидан башка да жаш партияларга мумкундук берип корсок иштегенге ,мумкун алга жылуу онугуу болоор беле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Февраль 2015 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Ата-Мекен партиясы Акаевдин доорунда катуу чыгып жаткан эле, акыркы кездерде эмне жумуш жасап, эмне кылып жатканында тушунбойсун. Азыр айыл ичиндеда партия-партия болуп тымызын тирешмейлер куч. Бакиевдин доорунда биздин айылда Ак Жол менен Ата Мекенчилер шумдук эле болушкан. Себеби экс айыл окмотубуз, азыр акимби билбейм, айтылуу Бекмамат Осмоновдун иниси Айтмамат Осмонов Бакиевдерден кыз алып, ошолордон кудаа куткон. Анан албетте Ак Жол дегенде кантип жайыл дасторкон болуп тошолбой койсун. Ал эми Ата-Мекендин лидери О.Текебаевдин тууган-уругу жоро-жолдоштору, классташ атпайларынын баары Ата-Мекен учун буту куйгон тооктой эле чуркап калышкан шайлоо маалында. Бир айылдын суусун ичип, бир айылдын ыссык-сууугун чогу тарткан тургундар ушул шайлоонун кесепетинен эки жаат болуп болунуп, атугул Ата Мекенчилерге кызмат кылган айрым айылдаштарыбыз Бакиевдердин тузагынан аварияга учурап, жаш 87-жылкы кыз набыт болгон деген кептер бар. (Чын тогунун бир Алла билет) Бул атын очкур партиялардын кедергиси карапайм калкка да тийип келет. Жоюп эле салса сооп болмок, казынанын эсебинен бекер бакпай

Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 26 Февраль 2015 - 11:08


Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Февраль 2015 - 11:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

2010-жылкы улуттар аралык кагылышуудан кийин Ата-Журтту сыйлап калгам. Улут учун куйгондордон бирден бир атуулубуз К.Ташиев экен деп, калганы ийинге кирген суурдай болуп, Бишкекте башын катып жатышпадыбы. Анан эле жыгачтан мылтык которуп, ээсиз калган короолордо атышып ойногон алты жашар баладай болуп, рещеткадан ашып отуп, ак уйду басып алам деп Камчыкебиз этегин жаман жерден айрып алган. ))) Кыскасы азырынча эч бир партияга ишеним жок!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   26 Февраль 2015 - 11:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Олкобуздо 10го жакын саясатчыларды баалайм. Шайлоого жакын келгенде ону он партияга мучо болуп алышат, кимисине беришинди билбейсин. Бир адам учун бир партияга добуш берсен ал партиянын ичинде аты жыты белгисиз адамдар. Шайлоодо коробузго.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   aikow92   26 Февраль 2015 - 12:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

СДПК, Ата-Мекен, Республика- АТажурт келет Парламентке, Салянованын партиясы жакшы аракет кылса отуп калышы мумкун аз депутаты менен. Мен шайлоого катышпайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   edu.kg   26 Февраль 2015 - 12:42

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:26
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек шаары.

Просмотр сообщения Nurmuxammet (26 Февраль 2015 - 11:41) жазган:

Олкобуздо 10го жакын саясатчыларды баалайм. Шайлоого жакын келгенде ону он партияга мучо болуп алышат, кимисине беришинди билбейсин. Бир адам учун бир партияга добуш берсен ал партиянын ичинде аты жыты белгисиз адамдар. Шайлоодо коробузго.

Туура айтасыз! Шайло башталды трибунага чыгып жэ болбосо кандайдыр бир ишчараларга катышып ,озун эл алдында коргозо салгандар акыркы мезгилде кобойуп барат. Ушул беш жыл ичинде кайда журду эле ,журушту да оз бизнестеринин камын ойлоп ,эмнеси болсо да дагы бирьжанылуудан абайлап татыктуурак адамдар келишине шайлоо учурунда аракет кылсак. Ким билет эми шайлоого чейин канча озгоруп апенди болушат экен аны коро жатаарбыз.

Билдирүүнү түзөткөн: edu.kg: 26 Февраль 2015 - 12:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   al79mi   26 Февраль 2015 - 14:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 28 Январь 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 15:06
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Баягы эле партиялар келет да. Бир аз озгоруу болушу мумкун. Азыркыларынан да кийинки шайлана тургандарынан да эч кандай озгоруу кутпойм! Тенинен кобу бизнесмендер эптеп оз бизнестерин коргоо учун депутат болуп журушот. Мыйзамды да оз кызыкчылыктарына карап кабыл алышат.

Билдирүүнү түзөткөн: al79mi: 26 Февраль 2015 - 14:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Topchubai   26 Февраль 2015 - 16:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 814
  • Катталган: 05 Июнь 14
  • Соңку аракети: 19 Апр 2021 11:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана 2-МКР.Э.Эгембердиев 44

Болбогон кепти айтып,куру убада менен элди алдап,кресло дегенде энесин дагы саткан,креслого отургандан кийин эч кимди тааныбаган атка минерлерди жек кором.Мага баары бир кимиси отот,кимиси отпойт.Мага бир гана элдин тынчтыгы,биримдиги кызыктырат. Калганы мага демектен отпой,чачкан акчасына куйуп,ичин тырмаса да баары бир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Speznaz41   27 Февраль 2015 - 04:34

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

САЯСАТ
Бийлик сунуштаган шайлоо эрежеси өтпөдү

Жарыяланган учуру: 25.02.2015

Парламенттик шайлоо ушул жылдын соңунда өтүшү керек.

Парламенттеги башкаруучу эки фракциянын лидерлери сунуштап, андагы үчүнчү фракция лидери, атургай президент колдогон шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов шайлоо босогосун жогорулатууну сунуштаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып кирген. Анда партия шайлоого катышкан шайлоочулардын 10 пайыздан кем эмес добушун алалбаса парламентке кире албай турганы көрсөтүлгөн.

Ошол эле сунуштун дагы бир пунктуна ылайык, парламентте төрттөн кем эмес партия өкүлдөрү келүүсү шарт экени жазылган. Бул тууралуу "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов мындай дейт:

- Кандай гана болбосун 4 партия келиши керек. Бир партия 10 же 50 пайыз добуш алса, калган үч партия 1 пайыздан добуш алса да парламентке келет. Алардан аз добуш алган бешинчи партия парламентке кире албайт. Бул демократиялык, жакшы вариант.

Жогорку Кеңеш

Өткөн парламенттик шайлоодо 5 пайыздык босогону 5 гана партия басып өткөнүн эске алсак, он пайыздык ченди андан көп партия өтүшү күмөн. Мыйзамдын негизги максаты да парламентке келе турган партиялардын санын чектөө болчу.

Бул сунушту “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев, атургай саясий туруктуулук үчүн Жогорку Кеңешке үч-төрт гана партия келиши керек деп эсептеп, президент Алмазбек Атамбаев да кубаттаган.

Бирок көпчүлүк депутаттар, анын ичинде Мирлан Бакиров мындай босого жаш партиялар үчүн бийиктик кылат деп каршы чыгышты:

- Ар бир партияга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бүгүнкү 7 пайыздык босого эң оптималдуу. Ошондо жаш партиялар да, аксакал партиялар да бирдей шартта күч сынашат. Күчтүү партиябы, же башка партиябы, 7 пайызды багындырдыбы - ал парламентке келиш керек. Канчалык көп шайлоочулардын пикири эске алынса, ошончо жакшы. Демек босого мындан да төмөн түшүш керек.

Ошентип, жалпы жыйындагы добуш берүүдө сунуш колдоо тапкан жок. Жогорку Кеңештеги Регламент жана депутаттык этика боюнча комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева сунуш ушуну менен актуалдуулугун жоготконун билдирди:


Айнуру Алтыбаева

​ - Бул Конституциялык мыйзам болгондуктан 80 добуш менен өтүшү керек эле. Бирок 50 депутат макул, 49у каршы болуп, сунуш өтпөй калды. Регламент боюнча жалпы жыйынга алты айдан кийин алып келе алат. Башкача айтканда бул мыйзам алдыдагы шайлоого кечигип калды. Кийинки чакырылыштагы депутаттар караса болот эми.

Мыйзам долбоору өлкөдөгү эң үлкөн төрт саясатчынын колдоосуна ээ болсо да өтпөй калганы башкаруучу коалициянын ичинде ача пикир арбындыгынан кабар берет дейт саясат талдоочу Марс Сариев:

- Шайлоого жакындап калганда ушундай сунуштар жараянды көзөмөлдөп, атайын долбоор менен кайсы бир партияларды парламентке келтирүүгө аракет кылды деген шекти туудурат. Эртерээк болсо да бир жөн эле. Негизинен мыйзам өтүшү керек болчу. Өтпөй калганы - көпчүлүк коалиция ичинде ойлогондой ынтымактын жоктугунан болду.


Парламенттик шайлоо ушул жылдын соңунда өтүшү керек. 2011-жылы депутаттар шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип, парламентке келүү босогосун 5тен 7 пайызга көтөрүшкөн. Бул мыйзам менен Жогорку Кеңешке шайлоо өтө элек.

Бирок мында дагы талаштуу жактары көп дегендер бар. Алсак, шайлоо мыйзамдарына ылайык, бир партия канчалык көп добуш алса дагы парламентте 65тен көп орун ала албайт.

Мындай шартта 7% бир гана партия багындырса кандай болот? Ал эми эки гана партия босогодон өтө алса бийликти белгилүү, аз гана адамдар тобу ээлеп калбайбы деген чочулоо бар. Бул боюнча эгер өзгөртүү киргизебиз десе, депутаттарда азырынча убакыт бар...
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Speznaz41   27 Февраль 2015 - 04:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

Бул жылы, че то УЛУТТАР БИРИМДИГИ партиясы алдына чыгатко баарынын...
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Speznaz41   27 Февраль 2015 - 04:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

Allax.jalgyz
Кечээ, 06:51
Ар намыс партиясы (ф Кулов)

Республика АТА ЖУРТ партиясы ( К Ташиев . О Бабанов )

Улуттар Биримдиги партиясы ( М Мырзакматов )

Мекенчил партиясы (С Жапаров . М Аспеков )

Ата Мекен Партиясы (О Текебаев )

Бутун Кыргызстан партиясы ( А Мадумаров )

Кучту Кыргызстан партиясы ( А Салянова )

Мекен Ынтымагы партиясы ( Т Асанбеков)

СДПК партиясы ( А Атамбаев)

Эмгек партия ( А Аалымбеков)

Тундук Кыргызстанда, Салянованын партиясында катуу кететко таннгору...

Билдирүүнү түзөткөн: Speznaz41: 27 Февраль 2015 - 04:38

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   gerakl   27 Февраль 2015 - 12:04

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 99
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2015 09:45
  • Жынысы:Эркек

Кыскасы Ата-Мекен менен СДПК кандай кылып болсо да келет да.Бул нерсеге көнүп деле бүттүк.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Speznaz41   27 Февраль 2015 - 19:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 495
  • Катталган: 22 Май 13
  • Соңку аракети: 22 Дек 2018 01:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чет олкодо

Ушундайларыда бар экенда...


“Ата-Журт” саясий партиясын негиздегендер аталган партия азыркы лидерлерине убактылуу гана берилгенин айтып, кайра кайтарып алганы жатат.

“Республика” партиясына биригип, жаңы “Республика Ата-Журт” партиясын түзгөн "атажуртчулар" болсо мындан баш тартууда.

Ал арада айрым маалымат каражаттар түзүлгөнүнө беш жыл болгон партия сатыкка коюлат деген өңдүү жарнамалар пайда боло баштаганын жазып чыгышты.

Күзгө белгиленген парламенттик шайлоону утурлай партиялар жанданып, айрымдарынын лидерлери өзгөрүп, атургай аттары алмашып, кайра каттоодон өткөн көрүнүштөр көбөйгөнү байкалат.

Былтыр күзүндө азыр Жогорку Кеңеште отурган, оппозициялык азчылыкты түзгөн “Республика” менен “Ата-Журт” партиялары биригип, “Республика Ата-Журт” партиясы болуп кайра түзүлгөн эле. Азыр эми “Ата-Журт” партиясын негиздегендер бул партия учурдагы лидерлерине 2015-жылга чейин гана убактылуу берилгенин, ушундан улам аны кайтарып ала тургандарын айтып чыгышты.

"Республика Ата-Журт" партиясынын жыйыны, 20-октябрь.

Партияга көп жыл төрагалык кылган Базарбай Темишевдин айтымында, партияны 1995-жылы илимпоз-окумуштуулар түзгөн. Март ыңкылабынан кийин партиянын идеяларын ишке ашыра турган саясий лидер изделип, 2006-жылы ошол кездеги Социалдык фондду жетектеп турган Акматбек Келдибековго сунушталган.

Базарбай Темишев Келдибеков апрель ыңкылабына чейин төрагалык деле кылбаганын айтууда:

- 2006-жылдан 2010-жылга чейин мен эле төрагалык кылгам. Ал кезде партиялык тизме менен шайлоо өтчү эмес эле. Алар партиянын ишине аралашып-аралашпай, көп деле кызыкпай жүрүшкөн. Ар бир региондон бирден депутаттын тизмесин берип, саясий кеңеште теңтөрага кылып коелу деп беришкен. Бирок ал убакта алардын фамилиясы эле жүргөн. Анан Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы түзүлгөндө баары ошол жакка өтүп кеткен. Экинчи революция болуп кеткенде кайра келип суранышканынан мен бергим келбей “койгула, силерге ишенбейм”, деп эки айдай качып жүргөм. Анан кайра келишим түзүп, ишеним кат жазып, партиянын идеясын аткарабыз деп мени кызыктырышкан. Биз, окумуштуулар иштеп чыккан идея – бул элдик Конституция менен элдик мамлекет түзүү эле. Демократиялык- либералдык Конституция эмес, элдин кызыкчылыгын ойлогон бийликтин моделин түзүү болчу.

2010-жылы түзүлгөн келишим боюнча “Ата-Журт” азыркы лидерлерине 2015-жылга чейин берилген. Азыр эми Базарбай Темишев кайра партияны кайтарып алганы жатат:

- Келишим түзүүчү кеңеш, саясий кеңештердин чечими менен мөөр басылып, нотариалдык кеңседен өткөн. Бардыгы мыйзамдуу болгон, мыйзамдуу бергем. Ошол токтомдордун этегинде булардын “кайтарып беребиз” деген колдору бар. Сабырдуулук менен беш жыл чыдадык. Токтомдордо, келишимде “партияны эл үчүн колдонобуз, жаман жолго алып барбайбыз, ошол милдетти алдык” деп жазышкан. Эми азыр болсо бөлүнүп, партиянын атына шек кете баштагандан кийин кайра албасак болбойт.

“Ата-Журтту” кайтарып берүүгө анын теңтөрагалары болгон Акматбек Келдибеков менен Садыр Жапаров макул болгон экен. Бирок “Республика” партиясына кошулуп, жаңы партия түзүп кеткен Камчыбек Ташиев үн ката элек.

"Партияны бербейбиз"

“Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурланбек Шакиев “Ата-Журтту” кайра сурап жаткандардын талаптарын негизсиз деп атады. Анын маалымдашынча, партия 2012-жылы кайра каттоодон өткөн:

- Алардан алгандан кийин бул партиянын бир эмес, үч жолу курултайы өткөн. Аталышы, мекенчил партия деп багыты өзгөрүп, кайра жаңы партия сымал эле кайра катоодон өткөн. Жалгыз төрага болсун деп Ташиев шайланган. Бул жерде эч кандай маселе жок. Менин билишимче, ошол Базарбай Темишев 2012-жылы партиянын уставдарын өзгөрткөнгө катышкан. Өзгөртүүлөргө макул болгон. Партия эч кимге берилбейт. Бул деген жаңы, башка партия да.

Айтор “Ата-Журт” партиясы боюнча чыккан талаш эмне менен бүтөрү белгисиз. Тараптар керек болсо соттошууга чейин барабыз деп жатышат.


Ушул айда мурунку башкы прокурор Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” партиясынын төрайымы болуп шайланган. Аталган партиянын мурдагы аталышы “Жарык Кыргызстан” болгон жана 2005-жылы жайында түзүлгөн.

Бул партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Расул Үмбөталиев партиянын сатылганы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды. Аида Салянова кантип партияга келип калганын айтып берди:

- Февралдын башында сүйлөшүүлөр болду. Мен партиянын төрагасы катары Аида Салянованы 7-февралда партияга кабыл алгам. Андан бир күндөн кийин партиянын кезексиз курултайы болуп, атын “Күчтүү Кыргызстан” деп өзгөртүп, жаңы уставды, жаңы программаны бекиттик. Партия кайра каттоодон 18-февралда өттү. Анан 20-февралда кайра кезексиз курултай өткөрүп, мен өз арызым менен төрагалыктан бошодум. Менин ордума Аида Салянованы сунуштап, курултайда ал төрайым болуп шайланды. Мен орун басары болуп калдым. Саясий кеңештемин. Азыр “бул партиясын сатты” деген сөздөр чыгып жатпайбы. Мен андайга эч качан барбайм.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча ушул тушта каттоодон өткөн жана кайра катталган партиялардын саны эки жүзгө чамалады. Бирок алардын ичинен онго жакыны жер-жерлерде штабдарын ачып туруктуу иштейт. Аталган министрликтин өкүлү Эмир Зулпиев партиянын кайра каттоодон өтө турган жоболорун айтып берди:

- Эгер партиянын негиздөөчүлөрү өзгөрсө, кайра каттоодон өтпөйт. Партия түзүлгөндө мүчөлүк болуп кетет. Жогорку орган болуп партиянын жалпы мүчөлөрүнүн курултайы эсептелет. Эгер партиянын уставы, аталышы, дагы башка мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайлар өзгөрсө кайра каттоодон өтөт. Жетекчиси өзгөрсө да кайра каттоодон өтпөйт.

Кыргызстанда саясий партиялар боюнча эксперттер бир топ сын айтып келет. Дээрлик көбүнүн идеологиялык багыты так аныкталган эмес, мындан улам коомдун кызыкчылыгын сүрөгөн саясий күч деп атоого болбойт, кайсы бир топтор бийликке жетүү үчүн гана бириге калышкан деген пикирлер коомдо басымдуулук кылат.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Vo_i_ni   27 Февраль 2015 - 22:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 08 Январь 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2015 21:35
  • Жынысы:Эркек

Шайлоонун шайтан оюндарынан тажап буткoм, эч бир партияга ишене албайм, чын журoктoн баары бир!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   MoXiTo   28 Февраль 2015 - 00:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 384
  • Катталган: 14 Июль 14
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2016 21:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эгер шайлоодо болуп калсам блютенге балчайтып " Баарынар жарылып олгуло!! !" деп жазып коймокмун... эсептебей эле койушсун блютенимди. Бири дагы татыктуу эмес.
I'm not PERFECT at least I'm not - FAKE
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (37 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: