Жүрөгүмдөгү сыр
#161 25 Февраль 2015 - 02:39
#162 25 Февраль 2015 - 03:09
#163 25 Февраль 2015 - 08:07
#164 25 Февраль 2015 - 16:40
#165 25 Февраль 2015 - 16:41
Ал эми уулуна жасаган мамилесин озуда жогоруда жазып откондой, атасынан ала албаган кегин уулунан алганга аракет кылган. Апасынын олумуно ошол уулунун атасы куноолудой коргон( себеби жазып жататго, апам мен учун азап чегип эле бул дуйнодон эртте кетти деп). Апасын жоготкондон кийин уулун ан сайын жек коруп калгандай.
Эже качан гана озу айткандай супер-инфону форумду окуп, озунун кетирген катачылыктарын ондоого бел байлады.
Чыныгы суйуу эмнеде экенинда андап жетти корунот.
Автор эже мен сизге эч кандай кенешда, акылда айта албайм. Озунузду Бактылуу сезип жаман ойлордон алыс болсонуз эле болгону. Ден соолугунузга караныз, сиздин азапты бироо кошо тартпайт. Сиз ооруп калсаныз албетте озунуз азабын тартып каласыз. Сизди жашоого умуттондурор ай чырактай балдарыныз бар, балдарынызга коп конул болуп жашоонун чыныгы ырахатын алын. Балдарыныз сиздин бактыныз, жанада Чоон Женишиниз!
#166 25 Февраль 2015 - 16:57

#167 25 Февраль 2015 - 16:59
#168 25 Февраль 2015 - 23:33
#169 26 Февраль 2015 - 02:06
#170 26 Февраль 2015 - 17:12
Aikoo2014 (25 Февраль 2015 - 16:41) жазган:
Ал эми уулуна жасаган мамилесин озуда жогоруда жазып откондой, атасынан ала албаган кегин уулунан алганга аракет кылган. Апасынын олумуно ошол уулунун атасы куноолудой коргон( себеби жазып жататго, апам мен учун азап чегип эле бул дуйнодон эртте кетти деп). Апасын жоготкондон кийин уулун ан сайын жек коруп калгандай.
Эже качан гана озу айткандай супер-инфону форумду окуп, озунун кетирген катачылыктарын ондоого бел байлады.
Чыныгы суйуу эмнеде экенинда андап жетти корунот.
Автор эже мен сизге эч кандай кенешда, акылда айта албайм. Озунузду Бактылуу сезип жаман ойлордон алыс болсонуз эле болгону. Ден соолугунузга караныз, сиздин азапты бироо кошо тартпайт. Сиз ооруп калсаныз албетте озунуз азабын тартып каласыз. Сизди жашоого умуттондурор ай чырактай балдарыныз бар, балдарынызга коп конул болуп жашоонун чыныгы ырахатын алын. Балдарыныз сиздин бактыныз, жанада Чоон Женишиниз!
Сизге рахмат! Мени менен бирге жашап, жакын курбу-курдаш болуп жүргөндөй сезилдин. Анткени сен менин баары ички дүйнөмдү туюп, канчалык ачуулугун, жашоомдун маңызын түщүнүп сездиң. Сага ийгилик .
#171 26 Февраль 2015 - 17:50
Анан дагы байлыгым бар, жогоруда учуп жүрөм деп мактанганым жок, болгонун айтып өзүмдү жемеледим, мага эмне жетишбейт, мынчалык азап чеккени, менин башкалардан эмнем кем деп. Мен эч качан чычалабаймын, чычалап жүрсөм, баш көтөрө албасам мен бул форумга кирип жазбайт да болчумун. Эч ким билбеген өз сырымды, өз абийримди айрандай төкбөйт болчумун. ооба сүйүүм жөнүндө жазып ката кылдым, бул жерге жазбашым керек эле. Аллага шүгүр кээ бирки коментарийлерден кийин ал сүйүү да мен үчүн жок болду. Ушул жерде жазган кээ бир айымдар канча жигит менен сүйүшүп, канчасынан азап чектинер, өзүңөрчө олтуруп эсептеп көргүлөчү. Меникинен ашып түшбөсө эле деп ойлойм. А менде болсо өзүнөр билгендей. Азыр мектепте эле жигиттерин тез-тез алмаштырганддар ого эле көп. А мен алмаштырганым жок. Бирине бирин окушоттум. Болгону мурдагы чыныгы сүйүүмдүн көлөкөсү азырга чейин мени кыйнап келет. Аябай жиним келип чыкты, тим гана окуп койбостон, мени жемелеп кирдиңер. Андай укукту силерге ким берди. Эгерде шарият жолунда жүрсөнүздөр анда айтылган, биринин үстүнөн бири күлгөн, шылдыңдаган да оор күнөө деп. Мен аша чаап кеттим окшойт. Кечириңиздер. Дагы билгиңиздер келсе мен коллега-сүйгөнүм менен акыркы күндөрү өтө алысбыз. Сезимдер болсо алда канча келгис жака учуп кеткен. Кайтып келбейт деген үмүттөмүн. Көңүл бурганыңыздарга чоооооооң ырахмат!
#172 27 Февраль 2015 - 13:04
#173 27 Февраль 2015 - 13:28
Эже мени бир топ улуу деп, кеминде 10 жылга картайтып жибергенин, баян жазып атып, көзүм чалып калды эле... Балким, чон энедей болуп жазсам керек...

Т.б. Форумчулардын айткан кеншетери сизге бир топ жардам бериптир. Ошол учурда да сиз аларга кошулбасаныз да, форумчулар туура экенин көп өтпөй, тагдыр сиздин көзду ачып коюптур... Кээ бир форумчулар, баш жагындагы каталарынызды окуп алып, жинденип жатышса керек. Кыргызда айтат эмеспи, "Дос- күйдүрүп айтат, душман сүйдуруп айтат" -деп. Анысы сынары, сиздин көйгөйду туура жакка чечиш үчун ушунча форумчулар, акыл-насаатттарын айтып жатканын четке какканыныз туура эмес го дейм. Сиз, кенеш сураш үчун ачкансызбы теманы, же жөн эле зээриккенденби, же кандай максатта ачтыныз эле... ?
Өзүмдүкү боюнча айтсам, башында эле эскертип, "Менин катаман анча-мынчага сабак болуш үчун..." деп эскерткем. Ошого карабай, көпчүлүк деген көпчүлүк. Ар кандай, тике да, кыйыр да, орчундуу да, таамай да айтылган билдирүүлөр жазылган. Арасынан аргасыз жооп бере турганым да болгон. Бирок, ар бири менен акыйлашып отурганым акылсыздыкка эле жатмак да...
Сиз, баардык сын пикирди туура кабыл алып, мүмкүн бир чечимге келсениз, же форумчулардын айтканы ого бетер сизди кыйнап жатса, теманы жаптырып эле койгонунуз он го...?
Дагы айтайын дегеним, сиз кесиптешинизге аябай көнуп алгансыз. Анда сизге деген сезим жок. Жөн гана сизди пайдалануу үчүн гана жакшы сөздөрду айтып жүргөн чыгаар. Форумчу катары теманызды окуп алып, бул жактагы билдирүүлөрду окуп, кол үзуш керек экенин тушунгөндур. Эркектерде эрктүүлук көбүүрөөк. Аялзатында азыраак. Ошондуктан, ичинизге туз куйгандай кыйналып жаткандырсыз. .. Билесизби, ар бир жакшы да, жаман да бурулуш, жакшылык үчун гана экен... Болгону биз ошону ар кайсы сезимдерге алданбай, туура кабыл алышыбыз керек тура!.
Мисал катары, "Күтүүсүз буруш" аттуу темадагы автор абдан туура чечим кылган. Руслан менен болгон мамиле, үзүлгөндө бир аз кыйналды да, байлап турган жипти үзуп салды. А мен Мырзайым, Нурбек менен байланган жипти, салбыратып канчага чейин сүйрөп, сүйрөлгөн быт-чыт байланыштан чалынып, чачышып,жыгылып, аягында, ошол жиптин арасынан өзүмдү таппай канча кыйналгам. Ошондуктан, сизге айтаарым, сезимдеринизди тарс үзүп туруп, эшигинизди жаап салыныз! Ошондо гана өзүнүздүн сүйрөлгөн жиптерден арылып, өзүнуздү таап аласыз. Эгерде бул нерсе сиздин колдон келбесе, психоллогго баруунузду сунуштайм...
Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 27 Февраль 2015 - 14:11
#174 27 Февраль 2015 - 23:10
#175 28 Февраль 2015 - 02:39
#176 05 Март 2015 - 01:16
Талаш тартыштар кагуу силкуулор.жана таарыны\чтар. ..
Кызым сен оз кылган ишинди билип куноонду озун тушунуп турасын.Менимче баарын ойлонуп толгонупсун го менимче бир нерсени ойлонбопсун. Ар бир пенде аялыдыр,эркегидир турмуш жолуна аттап атканда ушул адам менен мен бактылуу болом.Турмуш арабасын чогуу бир тартып кетем.Балдарлуу болом бактылуу болом деп турмуш жолун аттайт.Чон умут менен чон тилек менен.Сен балдарындын атасын бактылуу кыла алдымбы? же бактылуу кылаламбы деп толгонуп,ойлонуп кордунбу?Сага окшоп балалык суйуусун унутпаган бир эле сен эмес,жетпей калган аял заты да бир сен эмес.Эгер куйон биринчи суйуусун сага окшоп издеп туруп алса сен кантмексин ошону ойлонуп кордун бекен?
-Оба аял заты ар кандай болгондой,суйууго кабылган аял заты да ар кандай.Бирди суйуп омур бойу журогундо аздектеп абайлап асырап алгандар да жок эмес.Андай аял журогунун ичине ороп туруп катып алат аны эри эмес,кошуна колон да эмес,озу,озу да таппай калгандай катып бекитип алат.Мына суйуу деп ошону айтат.Суйуу тунук таза,бейгубар таза болгондо ошондо анан суйуу болот.Мына жашым кыйлага барып калса да уулум урумга ,кызым кырымга жетип калса да мен балдарымдын атасын бактылуу кылалдым бекен деп ойлоном...
Болбосо омуру оозума ичкилик ичпегем,балдарымдын атасыз бей чеки жерге баспагам.Ошонтсе да ушул адам мени алыстан суйуп,суйунуп омурлук жар кылды эле.Ушул адам мени менен бактылуу боло алдыбы?.Балдарын, кыздарына туура тарбия бере алдым бекен деген дайыма ойлор келет.
Ошон учун кыздарым озундуу эмес,алган жарынарды ойлогула.Ал бактылуу болсо сен да уй булоон да бактылуу болот.Мен кандай эне болдум,мен кандай жар болдум деп озунорго озунор суроо берсенер менимче жаман жолго бара албайсынар Ар бир аялдын оздук абийир соту озу менен жанма жан жашап,оз абийирин соттоп турмагы абзел.Аял заты озу эле эмес сезими да суттой ак,кун нурундай мээримдуу болсо,кыргыз эли эч качан жаман болбойт...
Катуу кетсем кечирип койгула....
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 05 Март 2015 - 01:25
#177 05 Март 2015 - 20:05
raia (05 Март 2015 - 01:16) жазган:

Рахмат эже. Сиз аябай таасирдуу кылып жазыпсыз, мен сизге капа болгонум жок тескерисинче бул кенешинизди чын журоктон кабыл алдым. Мага эч качан бул суроолор оюма келбеген экен, ойлонуп корсом чынында эле куйоомду бактылуу кылып жатамбы, ал мени менен турмуш курганына чындыгында ыраазыбы деп ойго баттым. Куйоомдун эн биринчи суйгон адамы мен болгонумданбы, айтор ар дайым куйоом мага аллага шугур сени мага бергенге десе, ал бактылуу суйгон адамы жанында деп журо бериптирмин. Сизге дагы бир жолу рахмат. Бактылуулук, бакубат турмуш каалайм. Ар дайым ден-соолукта болунуз.
#178 05 Март 2015 - 21:12
Билдирүүнү түзөткөн: umutarman: 05 Март 2015 - 21:16
#179 05 Март 2015 - 21:14
#180 05 Март 2015 - 21:24
Анан куйоонуз эмне болду олдубу калдыбы?
Бакыт менен омур сурот.