Sweet-Lika (25 Февраль 2015 - 03:01) жазган:

Бул билдирүүнү ой-боюна койбой сүйрөп келгендегимдин жөнү төмөнкүчө:
Ой-Алма деген жер бар экен го (Аксы тарапта болсо керек), ошол жердеги карагайларды чапсаң (кыйсаң) кан тамчылайт дегенди угуп тооба кылып жүрдүм эле.
Ошол жерди мазарлардын бейити деп да айтышты. Жогорудагы билдирүүдөн улам…
Карагайлардын бейиттерге тиешеси барбы деген суроого такалып калдым.
А бирок, ал бейиттерге уже каааанча жыл болду туурабы, кан эмес эч баляа калбаса керек маркумдарда.
Анда неге ошол жердеги карагайларга балта тийсе кан тамчылайт?
Же.
Бул нерсеге такыр акыл калчоонун кажети жок деп, ыйман келтиргенибиз жетиштүүбү…?
(Бейиши болгур Шейхтер, тытмалап же мыскылдабай акырын эле жооп берип койгула).
Сиздин суйроп келген билдируу сиздин суроонузга эч кандай тийешеси жок. Ал такыр башка маселе сиздики башка маселе.
Андай дарактар да Кудайдын жараткандыгы аны мындай жакыын барып карасан ал кан эмес эле желим болгон болот. Андай дарактарды мен оз козум менен коргонмун. Дарактан чыккан желим ошондой коруно берет анын эч кандай ыйыктыгы же башка озгочо касиети жок. Кееде адамдардын арасында ар кандай создор айтылып журот ыйык экен тиги бу дешип. Ошол жерге барып кой союп бата кылып ал жерди ыйык экен деп, дарака сыйынып кеткен адамдар да четтен чыгат. Чупурокторду байлашып ырым жырым кылгандар да бар мунун баарын адашуу дейт.
Андыктан биздин Ислам дини Аллахтан башка эч кандай куч кудурет жок,башка макулуктардан кандайдыр бир пайда зыян болот деген ишенимдердин баарын четке кагат.
Баардык нерсе Аллахтын колунда.
Баардык нерсе Аллахтан болот.
Жакшылыкта жамандыкта!
Эч кандай башка куч кудурет жок!