Биз жолдошум экөбүз Манас-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кечки 6да жолукмакпыз,
иштен чыгып, туугандар коноко чакырышкан.
Белгилешкен жерге мен биринчи келип алып улам чалып келе жатасынбы, жөө кележатасынбы деп кыйын болупатам. Анан жолдошум келдим каердесин деп чалды. Финкредит банктын алдында турам десем ал "мен да ошол жерде турам сен жоксун" деп бири бирибизди издеп баштадык. Мен бир ордумдан жылбай турабердим,
ал болсо ары бери чуркап издеп жүрөт. Мен кыйын болуп жаныңдагылардан сурачы сен адашып жүрөт окшойсун деп көгөрүп тура бердим. Ошентип карангы кирип кетти. Макул жолукпайле тиги тууганыбыздын үйүнө кире берели деп мен жинденип урушуп баштадым. Үйүн көздөй бассам эле таппайм, корсо мен Совет-Бөкөнбаев көчөлөрүнө туруп алып жинди кылыпмын, өзүмдүн күнөөмдү билип калп эле күлүп барып калдым))))<br>
<br>Өткөндө да тосуп ал баратам десем "маршруткандын өңү кандай?" дейт. Кебелбей ак деп койгом, көрсө кара маршруткага түшүп алып өтүп кетип өзүмдүн күнөөмдү билбей сен не тоспойсун деп чырдагам)
Ха ха ха хасызго Бет тырмачылык кылдым ден.

Супер-Инфо
super.kg
видео




















