Суперстан: Эркектер эмнеге үйдөн качышат? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эркектер эмнеге үйдөн качышат?

#1 Пользователь офлайн   Alibekova2   28 Февраль 2015 - 15:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 859
  • Катталган: 31 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 18:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

ЭРКЕКТЕР ЭМНЕГЕ УЙДОН КАЧАТ?

Эркектер табиятынан каалаганын кылып көргөндү жактырышат. Эгер көңүлүнө бир аз эле туура келбей калса, ал мамиледен же иштен баш тартып кетери бышык. Акыркы кездерде үй-бүлөлүк чыр-чатактын башкы себеби эркектин үйүнө эрте келбегени, андан күмөндөнгөн аялынын кызганычы болуп жатканын адистер белгилешүүдө. Анда эркектермдин үйүнө эрте келүүнү каалабагандарынын көйгөйү эмнеде экендигин изилдеп көрөлү.

1-себеп: Баарлашканга эч нерсе жок

Ага аялы менен баарлашуу кызыксыз, бат эригип кетет. Ошондуктан жумушунда кармала турууну максат кылып, бардык убактысын ишке арноону жактырышат же иштен кийин достору менен көңүл ачууну каалашат. Анткени ал сүйгөн, билген темасында үйүндө сүйлөшө турган адам жок. Сиз жолдошуңузга жубай гана болбостон, сырдашар досу болууга да умтулушуңуз абзел. Ал үчүн дүйнө таанымыңызды жогорулатууга аракет кылыңыз. Бактыбызга жараша, ар бирибиздин колубузда интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү турганда андан кызыктуу маалыматтарды, китептерди көчүрүп алып окууну салт кылып алыңыз.

2-себеп: Үйдөгү иретсиздик

Жылуулук, тынчтык жана тазалык жок жерге барууну эч ким каалабайт. Муздаган үй, аялдын үйдө бар экендиги билинбеген иретсиздик негативдүү гана сезимдерди ойготот. Өз турак жайыңызга жан дилиңиз менен берилип мамиле кылыңыз. Эркек эшиктен кирип келгенде азаптан кутулуп, жыргалга келгендей өзүн ырахаттуу сезиши керек. Ага өтө маанилүү деп саналган буюмдарды көрүнө турган жерге аздектеп коюп коюңуз. Мисалы, жолдошуңуз футболду жактырса, текчеге символдуу түрдө топ же кубокту коюп коюңуз. Үйүңүздүн дизайнына улам жаңы өзгөчөлүктөрдү киргизип турууну унутпаңыз.

3-себеп: Сырткы келбет келишпейт

«Эмне кылуу керек? Аяшыңа үйлөнөрүмдө назик, чырайлуу кыз экенине карап алгам. Ал биздин ар бир жолугушуубуз үчүн дайыма жасанып, жарашыктуу кийинип келчү. Азырчы, жөн гана ##ёбадай. Ага арыктоого, мурдагыдай сындуу болушуна эмне тоскоолдук кылып жатканын билбейм. Бул тууралуу кеп баштасам эле чыр чыгат. Ошон үчүн үйгө баргым да келбейт» деген өңдүү сөздөрдү сиздин жолдошуңуз да айтып жүрбөсүн. Андай болушуна сиздин май же уктап тургандагы жыт менен жолугушуңуз себеп. Эки кызыл дипломдуу билимдүү, үйүңүздү болгон кооздукта кармап, бирок ар убак эски көйнөгүңүз менен «боло берет» деп жүрө берсеңиз, жолдошуңуздун кызыгуусун жоготуп аласыз.

4-себеп: Кайталанма тамактар

"Эркектин жүрөгү ашказанында" деген кеп бар. Андыктан ар бир күнү жасаган тамагыңызды өзгөчөлөнткөнгө аракет кылыңыз. Кайталанма тамактар анын табитин гана эмес, көңүлүн дагы калтырат. Ойлоп тапкычтыгыңыз, фантазияңызды иштетип улам жаңы даамдарды тартуулап турсаңыз, «бүгүн дагы эмне жасады болду экен?» деген кызыгуу менен жумуштан үйгө шашып калуусуна шарт түзүлөт. Болбосо ар дайым өтөсүнө чыгара жасаган «фирмалуу» ашыңызды даярдайм десеңиз, жумуш убактысы бүткөнчө ашыгат.

5-себеп: Ар ким жашообузду тескейт

Кыргызда бекеринен «сөз ташыган эмес, төш ташыган келин бол» деп айтылбаса керек. Ата-эне, бир туугандарыңызга кайын журт жагыңыздагы оң, терс жаңылыктын бардыгын айта берип жашооңузга башаламандык жаратып албаңыз. Турмушуна кайын журту кийлигишип, алардын жемесин угууга эркектин намысы жол бербейт. Ар кандай жемеден качып жаныңызда болуу убактысын азайта баштайт.

6-себеп: Тынчтык жок

Ар дайым үйдө чыр-чатактар боло берсе, үйгө шашмак түгүл, иш убактысы аяктап бара жаткан сайын жүрөк заада болуп кайда барарын билбей кайсалайт. Жан дүйнө тынчтыгын издөөгө аракет кылып, жеңил ойлуулукка да баруусу ыктымал.

Сүйүктүүңүз үйгө шашуусу үчүн бул эрежелерди сактаңыз

1-эреже: Жакшынакай маанай менен жолдошуңузду тосуп алууну үйрөнүңүз. «Куш келипсиң», «мен сени күтүп жатам» деген сыктуу сөздөрдү айтып бетинен же оозунан өөп кучак жайыңыз.

2-эреже: Бир нерсени үмүттөнүп күтпөңүз. Фантазияларыңызды реалдуулукка жакындатып ойлонуңуз. Айлык алгандыгын билсеңиз, “балким, мага таттуу торт ала келер” деген куру кыялдар менен күтсөңүз, ал аны албай келсе маанайыңыз түшүп калат.

3-эреже: Жолдошуңуз ачка болуп турганда маанилүү маселелерди сүйлөбөңүз. Кагуу жеп же сиз күткөн жоопту ала албай каласыз.

4-эреже: Ал үчүн жакшы болот го деп кайсы бир маселелерди чечип койбоңуз. Чоң адам эмне кийип, каякка барып, ким менен сүйлөшүштү өзү билет. Маселени ал үчүн чечип коюу ортодогу чыр-чатакты көбөйтүп, ажырымды гана пайда кылат.

5-эреже: Бир нерсени кааласа, анын токтоосуз ишке ашуусун талап кылган аялдардын категориясы бар. Чарчаганына, убактысы, мүмкүнчүлүгүнө карабай бир гана талап кыла берүү сабырдуу эркектин да эсин оодарат. Алгач күйөөңүздүн кызыкчылыктары менен эсептешүү шарт.

6-эреже: Түнт мүнөз күтпөңүз. Тамашалуу сөздөрдү сүйлөп көңүлүн ачканга аракет кылыңыз. Ар дайым жаркылдап турууңуз жолдошуңуздун сизге болгон сезимин күчөтөт.

7-эреже: Эркектин үйдөн жардам берүүсү эң сонун көрүнүш, бирок “аялдын ордуна бардык оокатты кылат” дегендик эмес. Жардамын сый деп кабыл алып андан ары жумшай берүүнү токтотуңуз.

8-эреже: “Эрди-катын урушат, эртеси кайра табышат” дейт эмеспи. Чыр-чатак болуп жатканда ачууга алдырып ар-намысына тийишип, кемсинтип сүйлөбөңүз. Көңүл калуулардын аягында элдешүү татаалдайт. Сизге болгон сезими жок болгондон кийин жылуулукту башка жактан издеп, ар кандай шылтоолор менен белгисиз жактарга жоголуусу арбыйт.

9-эреже: Төшөк мамилесинде жолдошуңуздун сунушунан баш тартпаңыз.

10-эреже: Куру бекер күмөндөнүү менен “эмнеге үйгө кеч келди?” деп чөнтөгүн, телефонун, электрондук дарегин аңтарып, күмөндүү эч нерсе табылбаса деле “балким, минтип жүргөндүр” деп жаман ойлой берүүнү токтотуңуз. Күнөөнү андан эмес, өзүңүздөн издеңиз.

11-эреже: Обу жок, маанисиз сөздөрдү сүйлөп башын оорутпаңыз. Мисалы, «Канышай сонун шуба алыптыр, бирок тумагы жарашпай калыптыр» деген сыяктуу сөздөр аны эч кызыктырбайт. Ал билген, кызыккан нерсе тууралуу маектешсеңиз, туура кылган болосуз.

12-эреже: Сапаттуу кийимдерди жана косметикалык каражаттарды алып колдонууга аракет кылыңыз. Ар убак боёнуп, жаш көрүнүүнүн, чырайлуулукту жоготпоонун сырларын издеп таап колдонуу
Мен бактылуумун! АлхамдулилЛях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   fittoniya   28 Февраль 2015 - 18:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Ушу сен даярданып баштасан керек.Темаларындан байкап атам деп эле.Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   meerim8793   28 Февраль 2015 - 18:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Аялдан көз каранды негизи.
Аял жакшы болсо күйөө үйгө шашат, жаман болсо үйдөн качат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Alibekova2   28 Февраль 2015 - 18:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 859
  • Катталган: 31 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 18:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Просмотр сообщения fittoniya (28 Февраль 2015 - 18:20) жазган:

Ушу сен даярданып баштасан керек.Темаларындан байкап атам деп эле.Сүрөт



:crazy-girl: жакшы гатын болоюн да :tongue:
Мен бактылуумун! АлхамдулилЛях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Delfinchik   28 Февраль 2015 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 042
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 19:46

Просмотр сообщения Alibekova2 (28 Февраль 2015 - 18:43) жазган:

:crazy-girl: жакшы гатын болоюн да :tongue:

Гатын болгонго даярданып жатасынбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Alibekova2   28 Февраль 2015 - 18:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 859
  • Катталган: 31 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 18:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Просмотр сообщения Delfinchik (28 Февраль 2015 - 18:49) жазган:

Гатын болгонго даярданып жатасынбы?


Форумда клейлер жаман кобойду да :crazy-girl: негизи даярлемин, бойдокчулуктун доорун суруп журбоймунбу)) бул теманы ачканымдын себеби: азыр жаш уй-булолордо (копчулукто албетте) мындай эрежелер жок да. Ошондой уй-булолорго кенеш болсун дегеним.
Мен бактылуумун! АлхамдулилЛях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   01 Март 2015 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Жакшы кеңештер экен
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   jon_jurbos1   01 Март 2015 - 12:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 17 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 23:07
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения meerim8793 (28 Февраль 2015 - 18:29) жазган:

Аялдан көз каранды негизи.
Аял жакшы болсо күйөө үйгө шашат, жаман болсо үйдөн качат.






СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   SherKhan   01 Март 2015 - 12:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2016 14:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан. Сокулук

Кошумча:

Бугун айлык бериптир го, келе акчаларды же кана акчалар деген суроолорду такыр унутуш керек.

Озундун машинен(эгер бар болсо) бузулуп калса куйооно телефон чалып чакырып ачуусуна тийбей туз эле эвакуаторго же сервистин адисине чалганды уйронуш керек.

Мени менен торкунумо барып келгенге убакытын барбы деп жылуу сурап кор, унчукпай олтура берсе же жок дегенсип баш чайкаса кайра кыстап барасын деп чыр чыгаруунун кереги жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   02 Март 2015 - 00:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

name='SherKhan' date='01 Март 2015 - 09:54' timestamp='1425192896' post='2228262' ]
Кошумча:

Бугун айлык бериптир го, келе акчаларды же кана акчалар деген суроолорду такыр унутуш керек.
А эмнеге унутуш керек? Билесизби мен сизге кошула албайм. Эгерде аял только эркектин колун карап жашаса, продуктасына, балдарына акча керек болсо да сурабай ачка күтүп отура бериш керекпи? Андай эркек менен жашаштын не кереги бар.

Озундун машинен(эгер бар болсо) бузулуп калса куйооно телефон чалып чакырып ачуусуна тийбей туз эле эвакуаторго же сервистин адисине чалганды уйронуш керек.

Эгерде сурап телефон чалбаса, кайсы ойношуң менен бардың деп сурака алышы турган кеп (беш манжа тең эмес да)

Мени менен торкунумо барып келгенге убакытын барбы деп жылуу сурап кор, унчукпай олтура берсе же жок дегенсип баш чайкаса кайра кыстап барасын деп чыр чыгаруунун кереги жок.


Моол сөзүңүзгө бир аз гана кошулуп кетем. :rolleyes: Бирок эркек өзү эле алпарып келгени оң, жалгыз жөнөтпөй.

Билдирүүнү түзөткөн: zaika.tvo9.1990: 02 Март 2015 - 00:19

Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   jon_jurbos1   02 Март 2015 - 00:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 195
  • Катталган: 17 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Сен 2016 23:07
  • Жынысы:Эркек

Бул жакты Зайкатвоя рулит го!Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   02 Март 2015 - 00:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения jon_jurbos1 (01 Март 2015 - 21:21) жазган:

Бул жакты Зайкатвоя рулит го!Сүрөт

Кечиресиз мен тиги жактан суроо бердим эле жооп берип коёсузбу? :макоо:
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   sterva   02 Март 2015 - 13:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 17 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 08:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Кыскача айтканда,аялы "кобра,анаконда, гадюка" болсо кача баштайт))))
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   uliana   02 Март 2015 - 15:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Alibekova2 кенештеринизге чон рахмат мага жана биз сыяктуу жаш уй-булололорго аябай керектуу маалыматтар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   sezimai93   02 Март 2015 - 15:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 464
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Июн 2017 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ииииии айтпай эле койоюнчууууу

Эркектер жети кадам нары басып бойдок болуш учун качат деп койсо э

Билдирүүнү түзөткөн: sezimai93: 02 Март 2015 - 15:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Бродяга   02 Март 2015 - 15:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 020
  • Катталган: 07 Март 09
  • Соңку аракети: 20 Май 2025 17:37
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения sterva (02 Март 2015 - 13:16) жазган:

Кыскача айтканда,аялы "кобра,анаконда, гадюка" болсо кача баштайт))))




Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Alibekova2   02 Март 2015 - 18:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 859
  • Катталган: 31 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Авг 2021 18:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Просмотр сообщения uliana (02 Март 2015 - 15:02) жазган:

Alibekova2 кенештеринизге чон рахмат мага жана биз сыяктуу жаш уй-булололорго аябай керектуу маалыматтар экен.




Уй-булолук бакыт каалайм Сүрөт (баарына)
Мен бактылуумун! АлхамдулилЛях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   fittoniya   03 Март 2015 - 19:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Ий анан дайыма эле бир муноздо журбош керек.Кээде эрке,кээде оор басырыктуу, Кээде айлакер,кээде жоош эч нерсе билбеген киши болуп коюш керек.Сүрөт
Эркектер озу кунуго окшош нерседен тез эле тажап кетишет.
Жолдошунар силер менен зерикпей турган болсо эле болду иштин буткону.Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   madina.87   03 Март 2015 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Ошондо эфирде только ЭРКЕКТЕР экенда ээ.Айымдардын оюу менен качан эсептешет эркектер.Мисалы: айлантып келейинби,не жегин келет,дс жакшыбы,кийим киесинби,торкунуно алпарып келейин деген сыяктуу.Талап кыла бербестен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Gulumkanbu   03 Март 2015 - 22:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 02 Июнь 13
  • Соңку аракети: 08 Фев 2020 00:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Менин да жолдошум уйдон жада калса менден качкандай сезиле берет. Мени менен чогуу болгондон коро старшинасы менен нарда ойногон жакшы ал учун. Кучактап, ооп жармашсан деле эптеп бир шылтоо таап качып турчу деп айтат. Бирок айткан нерсендин баарын аткарат. Азыр 6 айлык боюмда бар, уйдомун кечке. Мага кобуроок конул буруусун каалайм, жакшы смстерди жазсам да бир да ответ келбейт. Уйго кетсем да сагындым деп айтып койбойт, суйом деген созун акыркы жолу качан укканымды да эстей албайм. Туну болсо ары карап жатып алат, кучактап, эркелетсе болот го. Мына азыр да мен жабышып ала тургансып ары карап уктап калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 03:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: