Суперстан: „Хадис” . - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.

#841 Пользователь офлайн   ROZI   02 Март 2015 - 11:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ ХАДИСТЕР ~
•Мусулман мусулмандардын бир тууганы, ага зулумдук кылбайт, кыйынчылыкта жалгыз таштабайт.

(Бухарий, Мазалим-3; Муслим, Бирр-58)

•Акылдуу адам өзүн-өзү суракка тартып, өлүмдөн кийинкиси үчүн кам көрөт. Алсыз, акмак адам напсиси каалаганды ээрчип, Аллахтан курулай үмүткөр болот. (Тирмизий, Кыяма-25; Ибн Маажа, Зухд-31)

•Үч киши болсоңор, экөөңөр досуңардан четтеп шыбырашпагыла (бул анын көңүлүн оорутат).
(Бухарий, Истизан-47; Муслим, Салам-37)

•Аллахка жаккан иш – аз болсо да уланып турган иш.
(Муслим, Салатул-Мусафирин- 218) <br data-reactid=".78. 1:3:1:$comment41319

•Элге ишеничтүү, чынчыл, туура-так жүргөн соодагер Кыяматта шейиттер менен бирге болот.
(Тирмизий, Буйуу-4; Ибн Маажа, Тижарат-1)

•Аййуб бин Муса атасы аркылуу чоң атасынан бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты: “Эч бир ата, балага жакшы тарбиядан дагы баалуу белек бере албайт”.
(Тирмизий)

•Сахабалардан Абу Сайид ал-Худрий бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты:
“Ким үч кыз чоңойтуп, жакшы тарбиялап, күйөөгө узаткан болсо, ал үчүн Бейиш бар”. (Абу Дауд)

•Айша энебиз баяндаган хадисте:
Чөлдө жашаган бир араб пайгамбарыбыз Мухаммадка (саллаллаху алейхи уа саллям) келип мындай деп айтты:
“Силер балдарыңарды өбөсүңөрбү? Биз болсо өппөйбүз.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) : ”Аллах сенин жүрөгүңөн мээримдүүлүктү алып койсо, мен эмне кылайын? (мен сенин жүрөгүңө мээрим бере албайм) деген”. (Бухарий жана Муслим)

•Сахабалардан Зарбий бул хадисти баяндаган:
Анас бин Малик мындай дегенин уктум: “Карыган бир адам пайгамбарыбыз Мухаммадды (саллаллаху алейхи уа саллям) көрүү үчүн келди.
Ал жердегилер тосуп алып, кары адамга жер бошотууда кечигишет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) : “Кичүүлөрүнө ырайым кылбаган, улууларына урмат көрсөтпөгөн бизден эмес (мусулман эмес)” деп айтты”.
(Тирмизий)

•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) айтты: “Ырыскысынын кенен, өмүрүнүн узун болуусун каалаган адам (тууган-уруктарына каралашсын) алар менен болгон байланышын үзбөсүн”.
(Бухарий, Муслим жана Абу Дауд)

•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты: «Адамдын бейиште даражасы көтөрүлөт. Буга таң калган адам: «Бул кайдан чыкты?»- деп сурады.
Ага: «Балаң сенин күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүүчүн дуба кылуудан улам”,- деп айтылат.»
(Ибн Маажа)

•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты:
“Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, мейманын сыйласын.
Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, тууган-уруктары менен карым-катнашта болсун (аларга каралашсын).
Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”.
(Бухарий жана Муслим)

•Айша энебиз баяндаган бул хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты:
“Сообуна эң тез жете турган кайырдуу иштер, жакшылык кылуу жана тууган-уруктар менен карым-катнашта болуу.
Жазасы эң тез келе турган жамандыктар, чектен чыгуу жана тууган-уруктар менен болгон карым-катнашты үзүү”. (Ибн Маажа)

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 02 Март 2015 - 11:11

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#842 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 08:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

40 хаадис.

1. Журөгундө кымындай ыйманы бар инсан бейишке кирет.
2. Мусулмандардын арасында ыйманы эң толугу кулк-мунөзу эң жакшысы.
3. Тазалык ыймандын жарымы.
4. Адамдын эң жакшысы, адамдарга пайдасы болгону.
5. Силердин эң жакшыңар. Куранды уйрөнгөндөр жана аны башкаларга уйрөткөндөр.
6. Мусулман мусулмандын бир тууганы.
7. Калп айтуу жамандыкка алып келет.
8. Алла Таала силердин келбетиңерге эмес, журөктөруңөргө жана жасаган амалдарыңарга карайт.
9. Адамдарга ыраазычылык билдире албаган адам, Алла Таалага да шугурчулук келтире албай.
10. Ар дайым Аллахты эстеп журсөң, АЛЛАХ ТААЛА да сени менен бирге болот.
11. Жакшы соопту иштерди жасаганга умтулгула.
12. Чыныгы мусулман тилинен да, колунан да башкаларга зыяны тийбеген адам.
13. Тамагын жеп, суусун ичкенден кийин, Жаратканга мактоо айткан пендесине Аллах ыраазы болот.
14. Бирөөнун унаага минүүсүнө жардам берип, жугун же азыгын жуктөшуп берүү да садака. Жакшы сөз да садака. Мечитке баргандагы ар бир кадам да садака. Жолдон тоскоолдуктарды да алып салуу садака.
15. Адамдарга мээрим төкпөгөнгө, Аллах Таалада мээримин төкпөйт.
16. Жарым курма болсо да садака бергиле.
17. Кимде ким мусулман бир тууганына жардам берсе, Аллах Таала да ага жардам берет.
18. Кимде ким акырет кунунө жана Алла Таалага ишенсе кошунасына жакшылык жасасын.
19. Адепсиздиктен сактангыла. Анткени Аллах Таала адепсиздикти жакшы көрбөйт.
20. Намаз диндин тиреги.
21. Дуба мээримдуулуктун ачкычы.
22. Бейиштин ачкычы Намаз, ал эми намаздын ачкычы даарат.
23. Өзуңө да, башкаларга зыян кылба.
24. Алланын ысмын айтпастан көп суйлөбөгулө. Анткени Алланын ысмын оозго албай туруп суйлой берүү бул журөктун каттуулугу.
25. Дуйнөгө кызыкпа Аллахка жагасың. Адамдарда бар нерсеге көз артпа адамдарга жагасың.
26. Аллага ишенем деп айткын жана туз жур.
27. Өзуңөргө каалаган нерсени, башкаларга да кааламайынча толук момун боло албайсыңар.
28. Ислам беш нерсеге негизделет.
Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН кулу жана элчиси деп кубөлук берүү, беш маал намаз окуу. Рамазан айында орозо тутуу, Зекет беруү, Ажылыкка баруу.
29. Дин бул насыйкат.
30. Аалымдар пайгамбардын мураскорлору.
31. Ыйманыңарды "Лаа илааха иллаллох" , менен жанылап тургула.
32. Бейиш энелер таманы астында.
33. Сенин эң чоң душманың напсиң.
34.Эң чоң сыйлык бар.Адамдар көбу анын баркын билишпейт.Булар ден соолук жана бош убакыт.
35. Адам баласынын ар бири ката кетирет.Бирок алардын эң жакшылары тооба кылгандар.
36. Журөгундө кыпындай текебердик бар адам бейишке кирбейт.
37. Ачуулануу шайтандан, шайтан болсо оттон жаралган. От болсо суу менен өчурулөт.
Ошондуктан ачуулансаңар дароо даарат алгыла.
38. Кимде ким кайгы капасын унутуп бир гана акыреттин кайгысын ойлосо, Алла Таала анын дуйнөлук кайгы капаларын жок кылат. Кимде ким дуйнөнун кайгы капасын ойло берсе, Алла Таала анын кайсы жерде өлуп, калышына маани бербейт.
39. Эки жуздуулуктун уч белгиси бар.
жалган суйлөйт, сөзунө турбайт жана аманатка кыянат кылат.
40. Кимде билип туруп менин атымдан жалган хадис чыгарса, Тозоктон орун даярдай берсин.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1484676_1795318254026069_5699545498839655283_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 03 Март 2015 - 08:59

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#843 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 09:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

~ ХАДИС ~

Ибн Аббас (разияллаху анху)дан риваят: " Расуулуллоох ( саллаллооху алайхи ва саллам ) айтат: " Чындыгында, Аллах Таала жакшы менен жаман амалдар туралуу аныктама берип, анан мындайча баяндама берген: " Ким жакшы амал кылууга ниеттенип, бирок (кайсы бир себептен ) аны кыла албай калса, Аллах Таала ага толук сооп жазат. Ал эми ниеттенгенден кийин аны аткарса, Аллах Таала ондон жети жузго чейин, балким анданда бир канча эсе коп сооп жазат. Ким куноо жасоого ниет кылып, бирок аны кылбай койсо Аллах Таала ага бир толук сооп жазат. ( Себеби, ал Аллах Тааладан корккондуктан куноону таштады). Ал эми ниеттенгенден кийин аны аткарса, анда Аллах Таала ага бир эле (куноо) жазат". ( Бухари ).


АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#844 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Ал: Эй элим! Силер эмне учун жакшылыктын ордуна жамандыка шашыласынар? Силер эмнеге Аллахтан кечирим сурабайсыңар? Мүмкүн силерге ырайым кылынаар -деди". (Намл 46)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11002665_1574159369531666_7253676397277836492_n.jpg
  • Прикрепленное изображение: 11046923_1406951386283555_3657507400970093752_n.jpg

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#845 Пользователь офлайн   ROZI   03 Март 2015 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Хурайра (р.а) дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам) айтты: "Кимди ыйман даамын татуу кубандырса, ал Аллахтын ыраазачылыгы үчүн кана башка мусулманды жакшы көрсүн". (Ахмад)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 11045318_882557958474670_7206710152616747380_n.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 03 Март 2015 - 14:56

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#846 Пользователь офлайн   TAYNAYA   04 Март 2015 - 01:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

ИСЛАМДА КАЙСЫ АМАЛ ЭҢ ЖАКШЫ?

Амр бин Ааьс (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, бир адам Пайгамбарыбызга келип:

- Исламда кайсы амал эң жакшы? – деп сурады эле, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

- Ачкаларга тамак бер, тааныган-тааныбагандарга салам айт – деди. (Бухарий).

Али (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

- Бейиште алды тарабынан арты, арт тарабынан алды көрүнүп турган бөлмөлөр бар” – деди эле, бир адам:

- Ал бөлмөлөр кимдер үчүн? – деп сурады. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

- Жакшы сөздүү, саламды кенен айткан, ачкаларды тойгузган, адамдар уктап жаткан мезгилде намаз окуган адамдар үчүн – деп жооп берди. (Ибн Мажих).

Али бин Абу Талиб айтат: «Жоомарттык – бул, сураганга чейин берүү. Ал эми, сурагандан кийин берүү – бул, уяттуулуктан».
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#847 Пользователь офлайн   TAYNAYA   04 Март 2015 - 01:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#848 Пользователь офлайн   TAYNAYA   04 Март 2015 - 01:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#849 Пользователь офлайн   TAYNAYA   04 Март 2015 - 01:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

Чыныгы достор үчүн белек!

-Умар ибн Хаттаб (разияллаху анху) айтты:
"Пендеге Ислам неъматынан келген, солих
достон жакшыраак нерсе берилген эмес. Кимде
ким досунан жакшылыкты тапса, аны бекем
кармасын" .

Имам Шаафи (рахимахуллах) айтты: "Эгерде
сага ибадатта жардам бере турган досуң болсо,
аны бекем кармагын, себеби дос табуу кыйын,
андан ажыроо болсо оңой".

Хасан Басрий (рахимахуллах) айтты:
"Досторубуз биз үчүн, үй-бүлө жана
перзенттерибизден да сүйүктүрөөк. Себеби, үй-
бүлөбүз бизди бул дүйнөдө гана эстешет.
Досторубуз болсо акыретте да эстейт жана бул
алардын сыпатынан (өздөрүнөн мурун
өзгөлөрдү эстейт)".
Дагы айтат: "момун
досторду көбөйткүлө, кыяматта алар жардам
берет”.

Лукман уулуна насаат кылат: -Эй уулум,
ыймандан кийинки биринчи кыла турган ишиң
садакаттуу дос табуу болсун. Себеби, дос
мөмөлүү даракка окшойт, эгерде анын
көлөкөсүндө отурсаң салкындатат. Мөмөсү
менен тойгузат, пайдаланбаган убакта да
зыяны тийбейт.

.Адамдар бейишке киргенде, бул дүйнөюдө
бирге жүргөн досторун көрбөсө Алла Тааладан
"Эй Раббим дүйнөдө биз менен бирге намаз
окуган, орозо туткан досубуз бар эле, таппай
жатабыз” деп сурашат. Алла Таала тозокко
барып, жүрөгүндө кыпындай ыйманы барларды
да алып чыккыла деп мээрим кылат экен!
...Мен да араңыздарда болбой калсам, издеп,
сураштырганды унутпаңыздар. ..бир жолу болсо
дагы Алланы эстеткеним үчүн... Аллахым
баарыбызга өзүңдүн жолуңда бекем досторду
насип кылгын! Бири-бирибизди Жаннатка
жетелеп кире турган достордон кылсын.
Амиинь
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#850 Пользователь офлайн   TAYNAYA   04 Март 2015 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

УКТААРДЫН АЛДЫНДА

Бир куну Пайгамбарыбыз (с.а.в) уйундо
Айша энебизге 4 нерсени аткармайынча
жатпагын деп айтты да мечитке намаз окуу
учун чыгып кетти:

- 1- Куранды толук хатмы кылмайынча
жатпагын.

- 2- Кабатулланы таваф кылмайынча
жатпагын.

- 3-Пайгамбарларды озуно шафаатчы
кылмайынча жатпагын.

- 4-Мусулмандарды озундон ыраазы
кылмайынча жатпагын.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) намаздан уйно
келгенче, Айша энебиз уктай албастан,
кабатыр болуп кантип эми бул торт нерсени
кыска убакыт ичинде кандай аткарат
экенмин деп катуу ойлонуп отурган кезде
Пайгамбарыбыз (с.а.в) эшиктен кирип келди
да Айша энебизди карап, ээй Айша эмне
болду ойлонуп калыпсын, деп сурады.
Ошондо Айша энебиз сиз мага айабай оор нерсени жуктоп койдунуз. Ошондуктан эмне
кыларымды билбей, айлам кетип олтурам
деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) жылмайып
туруп, ээй Айша эгерде ушул амалдарды
аткарган болсон. анда мен айткан 4 амалды
аткарган болосун. деди.

- Эгерде ихлас суросун 3 жолу окуган болсон,
анда Куранды толук хатмы кылган болосун.



"ИХЛАС" суроосу Бисмиллаахир рохмаанир рохиим "Кулхуваллооху ахад. Аллоохуссомад. Лам ялид, валам ювлад. Валам якун лаху куфуван ахад".


Себеби ихлас суросу курандын учтен бирин
тузот.

- “Субхааналлахи вал хамду лиллаахи ва лаа
илааха иллаллооху валлааху акбар. Лаа
хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил
ъалийил ъазиим. Маа шаа аллааху каана ва
маа лам яшаъ лам якун".


Деген келмени
айткан болсон. Каабатуллону таваф кылган
болосун.

- Ал эми


“Аллахумма солли ъалаа
Мухаммадин, ва ъалал анбияи вал
мурсалин, ва ъалаа аалихи асхаабихим
ажмаъиин" .


Деп ушул салаватты айткан
болсон„ баардык Пайгамбарлар сага
шафаатчы болот. (кыйамат куну сенин
куноон, учун кечирим сурап, бейишке
киришине себепчи болот) Себеби сен
баардык Пайгамбарларга Алланын
рахматын тартуулап жатасын.

- “Аллохумма магфирли вали ваалидайя
валил муьминина явма якуумул хисааб".

Деген дубаны айткан болсон анда
мусулмандар сенден ыраазы болот. Себеби
сен алар учун дуба кылып жана алар учун
Жараткандан кечирим сурап жатасын.

Окуган маалыматтарынызды озгортпостон Аллаа ыраазычылыгы учун башка мусулман биртуугандарыма жиберип турсаныздар кубанаар элем

Билдирүүнү түзөткөн: TAYNAYA: 04 Март 2015 - 01:55

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#851 Пользователь офлайн   TAYNAYA   04 Март 2015 - 01:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

.

Билдирүүнү түзөткөн: TAYNAYA: 04 Март 2015 - 01:57

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#852 Пользователь офлайн   TAYNAYA   04 Март 2015 - 01:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 009
  • Катталган: 23 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 12:22

НАМАЗ
ЖАМАНДЫКТАРДАН ТЫЯТ
Чын ыклас менен окулган намаз ээсин жаман
ыплас нерселерден тыйып жакшы түз жолго
баштайт. Ошон үчүн кобүнчө намаз окугандарды
түз туура жүргөнүн көрөсүң.
Аллах Таала Куранда: “Намазды (калтырбай)
орундат. Чынында, намаз бузук жана күнөө
иштерден кайтарат.” -деп айткан. (Анкабут:45)
Эгерде инсандын намазы оңолсо, башка
амалдары да оңолот. Аллах Тааланын элчиси
(ага Аллахтын салават саламдары болсун):
“Кыямат күнү пенде эң биринчи суралган нерсе
бул анын намазы, эгерде намазы оңолсо башка
амалыда оңолот,” – деди. {Хадис сахих}

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: image.jpg

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#853 Пользователь офлайн   Naimanka-kg   04 Март 2015 - 02:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 202
  • Катталган: 05 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 30 Сен 2016 00:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Просмотр сообщения TAYNAYA (04 Март 2015 - 01:54) жазган:

��УКТААРДЫН АЛДЫНДА��

Бир куну Пайгамбарыбыз (с.а.в) уйундо
Айша энебизге 4 нерсени аткармайынча
жатпагын деп айтты да мечитке намаз окуу
учун чыгып кетти:

��- 1- Куранды толук хатмы кылмайынча
жатпагын.

��- 2- Кабатулланы таваф кылмайынча
жатпагын.

��- 3-Пайгамбарларды озуно шафаатчы
кылмайынча жатпагын.

��- 4-Мусулмандарды озундон ыраазы
кылмайынча жатпагын.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) намаздан уйно
келгенче, Айша энебиз уктай албастан,
кабатыр болуп кантип эми бул торт нерсени
кыска убакыт ичинде кандай аткарат
экенмин деп катуу ойлонуп отурган кезде
Пайгамбарыбыз (с.а.в) эшиктен кирип келди
да Айша энебизди карап, ээй Айша эмне
болду ойлонуп калыпсын, деп сурады.
Ошондо Айша энебиз сиз мага айабай оор нерсени жуктоп койдунуз. Ошондуктан эмне
кыларымды билбей, айлам кетип олтурам
деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) жылмайып
туруп, ээй Айша эгерде ушул амалдарды
аткарган болсон. анда мен айткан 4 амалды
аткарган болосун. деди.

- Эгерде ихлас суросун 3 жолу окуган болсон,
анда Куранды толук хатмы кылган болосун.



��"ИХЛАС" �� суроосу Бисмиллаахир рохмаанир рохиим "Кулхуваллооху ахад. Аллоохуссомад. Лам ялид, валам ювлад. Валам якун лаху куфуван ахад".


Себеби ихлас суросу курандын учтен бирин
тузот.

��- “Субхааналлахи вал хамду лиллаахи ва лаа
илааха иллаллооху валлааху акбар. Лаа
хавла ва лаа куввата иллаа биллаахил
ъалийил ъазиим. Маа шаа аллааху каана ва
маа лам яшаъ лам якун".��


Деген келмени
айткан болсон. Каабатуллону таваф кылган
болосун.

- Ал эми


��“Аллахумма солли ъалаа
Мухаммадин, ва ъалал анбияи вал
мурсалин, ва ъалаа аалихи асхаабихим
ажмаъиин" .��


Деп ушул салаватты айткан
болсон„ баардык Пайгамбарлар сага
шафаатчы болот. (кыйамат куну сенин
куноон, учун кечирим сурап, бейишке
киришине себепчи болот) Себеби сен
баардык Пайгамбарларга Алланын
рахматын тартуулап жатасын.

��- “Аллохумма магфирли вали ваалидайя
валил муьминина явма якуумул хисааб".��

Деген дубаны айткан болсон анда
мусулмандар сенден ыраазы болот. Себеби
сен алар учун дуба кылып жана алар учун
Жараткандан кечирим сурап жатасын.

��Окуган маалыматтарынызды озгортпостон Аллаа ыраазычылыгы учун башка мусулман биртуугандарыма жиберип турсаныздар кубанаар элем��

~Мечта - аванс успеха ...~

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#854 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 10:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Али разияллоху анхудан риваят.Пайгамбарыбыз Муххаммад саллаллоху аллейхи ва салам айтты.
"Мусулман мусулманга алты милдетти бар.
1.Жолукса салам айтуу.
2.Чакырса кабыл алуу.
3.Чучкурсө Алхамдулиллах десе,"Ярхамуколлох" деп жооп берүү.
4.Ооруса кабар алуу.
5.Өлсө жаназага баруу.
6.Өзунө жакшы көргөн нерсен, ага да жакшы көрөт.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 10:28

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#855 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 10:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"Пайгамбарыбыз Муххаммад саллаллоху алейхи ва салам айтты"Кыямат куну пендеден эң биринчи анын намазы тууралуу суралат.Эгер намазы туура болсо,калган амалдары да туура болот.Эгер намазы туура эмес болсо,анда калган амалдары да туура эмес болот".
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#856 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 10:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

"Чындыгында адамдарга жалганчы жылдар келет. Ал кезде жалганчыга ишенип,чындыкты суйлөгөн адамды,жалганчы дешет. Кыянатчыга аманат иш тапшырылып, аманатка бекем адамды, кыянатчы дешет,жана ошол кезде ар— Рубайбиде суйлөп калат. Сурашты. "Оо Аллахтын элчиси,ар— Рубайбида деген эмне? Ал айтты "Ал жалпы коомчулук,иштери боюнча суйлөгөн, эч бир нерсеге татыксыз адам. Аллахтын элчиси, өзунун хадисинде мындай деп айтты. "Кимде ким өзун кандайдыр бир коомго окшотсо, анда ал ошолордон.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 10:31

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#857 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 10:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Азирети Умар разияллоху анху, бир куну, Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллоху аллейхи ва салламдын куттуу уйунө киргенде, жупуну көрунуштөн улам өзуну кармай албай ыйлап баштайт. Пайгамбарыбыз саллалоху аллейхи ва саллам, анын эмне учун ыйлаганын сураганда,азирети Умар разияллоху анху, "Эй Алланын элчиси! Бул дуйнөдөгу падышалар,х андар, байлыкка көкөсунөн батып журушөт, а сенин алдыңа салаар нерсең да жок, төшөгуңда жупуну....ал эми бут аалам сен учун жаратылды элего. Аллахтын элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллоху аллейхи ва саллам, ошондо мындай деди."
Эй Умар! Бул дуйнө алардыкы, акырет биздики болушун каалабайсыңбы?

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 10:35

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#858 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 10:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Абу Хурайра (разияллоху анху ) дан риваят: Пайгамбар Мухаммад (саллаллооху алейхи ва саллам) айтты:
"Аллах Таала айтат: "Мен пенденин Мага кылган күмөнүнө жараша мамиле кылам, ал Мени эстесе Мен аны менен бирге болом. Өз оюнда эстесе, Мен дагы аны Өз оюмда эстеймин, эгерде бир топ жамаат менен эстесе Мен анын жамаатынан жакшыраак (периштелер менен) эстеймин, эгер пенде Мага бир карыш жакындаса, Мен ага бир чыканак жакындаймын, эгер бир чыканак жакындаса бир кулач жакындаймын, эгер Мага басып келсе, Мен ага чуркап келем ".

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 10:41

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#859 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 10:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Аллах Таала айтат: "Эй, ыймандуулар! Аллахка чындап тооба кылгыла! (Жүрөктө күнөөнүн кыялы да калбасын) ". (Тахрим 8)

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 04 Март 2015 - 10:44

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#860 Пользователь офлайн   ROZI   04 Март 2015 - 17:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллаhтын Жолунан адаштырып салышат. (Ан'ам 116)
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (61 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Сен 2025 20:31

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: