Суперстан: Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Жылдыздар жана биз
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (10 бет)

• « 1

• 7
• 8
• 9
• 10

• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер

#161 Пользователь офлайн   WwWwWwW   25 Декабрь 2013 - 17:24

• Активист
• PipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 811
• Катталган: 21 Сентябрь 13
• Соңку аракети: 22 Дек 2016 14:52
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Кыргызстан

Толик сынчы супер
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   Begai_kg   26 Декабрь 2013 - 19:19

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 318
• Катталган: 20 Апрель 13
• Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Суперсиз Толик сынчы
Salam baaryna
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   Altyndai   06 Январь 2014 - 15:12

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 697
• Катталган: 16 Июль 13
• Соңку аракети: 25 Ноя 2020 18:50
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош обласынын.Кара-Кулжа району!

Катуу сындайт го,озу кандай болду экен? Сынчынын сынаарындай отугу майрык болуп журбосун!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   alibekova94   19 Ноябрь 2014 - 03:01

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 5 307
• Катталган: 18 Июль 13
• Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Плутон

Ушул бала такыр жакпайт

Жүрөгүмсүң
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Oceana   22 Ноябрь 2014 - 12:10

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 6 942
• Катталган: 17 Март 14
• Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

90.60.90.деген ырынан кийин башка ыр чыгарбады окшойт,укпаган экем.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:10

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

САМАРАНЫН КОНЦЕРТИНДЕ АБИДИН ТЕМИРОВ ЫЙЛАДЫ

Өткөн күндөрү – 3-4-5-6-7-8 (2 сеанс)-9-март
Өткөн орду – Ош Улуттук драма театры
Башталышы – 19:45 (20-30-45 мүнөт кечигип жатты)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучулар – Жаныбек Алыкулов, Гүлжанат Момбекова
Коноктор – Каныкей Эралиева, Гүлнур Асанова, Абидин Темиров жана башкалар
Мыкты номер – Самара Каримованын аспаптардын коштоосунда жандуу аткарган ырлары, Каныкей Эралиева, «Жаз»
Билет баасы – 250 сом
Ырчы Самара Каримова Ошто катарынан 7 күн концерт берерин угуп, Ошко сапар алдым.
Алгачкы күн, 3-март. Сахнанын жасалгасы Рим стилинде экен, өзгөчөлүк ошол деп койдум. Кече ачык деп жарыяланган соң сахнанын чаңын сапырып көк көйнөкчөн Самара карындашым чыга келди. Алгач Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени» деген ыры менен баштап, залдагылардын баарын термелтти да койду.
Концерттин сценарийин жакшы түзүшүптүр, кайталап барып көргөндүктөн, кайсы учурда эмне болорун жаттап калдым. Алып баруучулар мектеп окуучусундай сценарийде жазылган бир сөздүн да ордун алмаштырышпады. Айрым ырлар аткарылып жатканда сахнада, байкашымча, ырдын маанисине ылайык постановка аткарылып жатты. Бирок аны түз көз менен да, аңтарылган көз менен да карап маанисин эч түшүнбөй койдум. Кыйналып отурсам жанымдагы апа «Эмне болуп жатышат тигилер?» дейт... Ийинимди куушурганга аргасыз болдум. Концертке конок катары Каныкей Эралиева эжекебиз да чакырылган экен. Дүркүрөгөн кол чабуулар бүтпөй, ырчы айым кайра-кайра элге жүгүнүп жатты.
Бир убакта кеченин негизги каарманы башка тилдеги ырлардан созуп кирди. Мен өзүнүн репертуарындагы кыргызча жакшы ырларын көбүрөөк ырдаса деп күттүм эле. Таң калганым, бир ырында эл аралап жөнөп калбаспы. Сценарийде ушундай жазылган белем, күйөрмандар артынан ээрчип, гүл берип эле болбой калышты. Гүл саткандар жыргаган экен деп отурсам, Самара айым көтөрүп кирип кеткен гүл кайра эле күйөрмандар тараптан сахнага чыгып баратат. «Ошто гүлдөр ушунчалык окшошпу?» деп кала бердим.
Бир маалда Самара айымдын иниси чыкты сахнага. Өзү менен тең аккордеонду көтөрүп алып «микробу жок тоолордун арасында, чындык жашайт наристе өңү менен...» дейт таң калтырып. «Жаш экенсиң, иним, микробу көп сахнадан этият бол» дегим келди. 7 күнгө созулган концерттин ар бир кечесинде жаңы жүздөр кошулуп турду. Бир күнү Гүлнур Асанова да пайда болуп калыптыр. Ал эми 8-март күнү шаша-буша аккордеонун көтөрүп «жасанбай калдым» деп Абидин Темиров чыкты. Аяшы Самара Каримованы куттуктап, Ош элин, жерин өзгөчө сагынып келгенин айтып көзүнө жаш алды.
Концерттен кийин күйөрмандарга кулак салсам, баары эле ыраазы болгондой. Сахна, кийген формалары, жандуу үн коноктордун көңүлүнө толсо, орун жетпей калса да кетпей туруп концерт көргөн коноктор Самара айымды кубандырды окшойт. Ошентип, 7 күндүк концерт да аяктап, борборго кайттым.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:12

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

ЭЛДИ УКТАТКАН «БИЗ» ТОБУНУН КОНЦЕРТИ
< br>Концерттин датасы – 9-май Концерттин аталышы – «Биз» тобу жана Лейлек таланттары< br>Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:00
Көрүүчүлөр< /span> – Залдын 95 пайызы (анын ичинен болжол менен 80 пайызы лейлектиктер болду окшойт)
Алып баруучу – Шайбек Акматов
Мыкты номерлер</ span> – «Биз» тобунун «Элимдин патриоту болгум келди», «Адина» анан, албетте, «Ыза» («Буй-буй»)< /span> аттуу ырлары
Билет баасы – 300 сомдон 700 сомго чейин
< span style=" font-style:italic;" >«Жеңиш күнүнүн урматына «Биз» тобу Спорт Ордосунда концерт берет экен» дешкенинен жөнөп калдым. «Иши кылып кечинде келе бергиле»</ span> дегенби, айтор, билетте концерт качан башталары жазылбаптыр. Антип-минтип отуруп кечки 20:00дө башталды. Башында «Биз» тобу чыгып, 2-3 ыр ырдап кеткен соң лейлектик таланттар биринин артынан бири сахнага чыга башташканынан «Баары эле бул жакка келе беришкен го, Лейлекте киши калдыбы?» деп ойлонуп ийдим.
Үн режиссёру жаңы иштеп жатканбы, музыка дүңкүлдөп, ырчылардын үндөрү күңкүлдөп, элге жакшы угулбады. Тааныбаган ырчылар катар-катары менен чыга бергенинен уйкум келгенин айтпагыла. 1-2 мүнөткө чырм этип да алдым. Бир кезде залда отургандар деле тажашты окшойт «Биз» тобу чыксын» деп кыйкыра башташты. Элдин суранычы менен сахнага чыккан алар кайра бат эле «жылт» коюшту. Ошентип Бактияр Токторовдун ырларына чөлдө жүргөндөн бетер суусаган угармандары бир тамчы суу менен эрдилерин нымдап алгандай эле болду окшойт. Көпчүлүгү моокуму канбай түн бир оокумда үйлөрүнө тарашты. Кызыгы, көрүүчүлөр концерттин жарымына чейин эле эшиктен топурап кире беришти, жарымынан кийин чыга качкандар да болду.

Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:12

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:13

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

ДАЙЫР «МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИН» "АВАНСКА" АЛДЫ

Концерттин датасы – 4-октябрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:20 (50 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы
Алып баруучулар – Максат Давранов, Анжелика Бекболиева, Юлия Руцкая
Мыкты номерлер – Дайыр Исмадияровдун «Кара көзүм», «Добулбас» тобунун «Аселдейим», Юлия Руцкаянын «Аппак сүйүү» ыры
Билет баасы – 300-500 сом
Кумурскадан кем калышпаган эмгекчил ырчы Дайыр Исмадияровдун концертине «айттап» барууну эп көрүп, калем-кагазымды чөнтөгүмө сала жөнөп калдым. Алгач эле концерттин ээси «Ассалоому алейкум» деген ырын аткарып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Андан соң концерт айт майрамына туш келгендиктенби, улуттук кийим кийген кыздар көрөрмандарга боорсок менен каймактан ооз тийгизишти.
Ошентип көптөн күткөн концерт башталып, конок катары келген ырчылар Динара Акулова, Өктөм Сапар уулу, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Мээри Шакулина, Бегимай Бекбоева, KG Эльмурат жана «Добулбас» тобу ыр сунушту. Булардан сырткары театр артисттери сахнада өнөрлөрүн көрсөтүштү. Дайырдын даярдыгы жакшы экени ар бир номерде байкалып жатты. Коноктордун айрымдары алпаруучуларды чакырттырбастан эле сахнага чыгып жатышканын Дайыр «бул менин идеям, башка концерттерден өзгөчө болсун дедим» деп баса белгиледи. Анан «Маданият министрлиги менин концертимди куттуктап «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын «аванс» катары белекке берди» деп сүйүнчүлөдү. Аңгыча артымда отургандардын «Наамды үнү барына деле, жогуна деле концерт койсо белек кыла берсе болобу? Мындан да кыйындар албай эле жүрүшөт го же сатып алдыбы?» деп таң кала шыбырашкандары кулагыма шак дей түштү.
Көрүүчүлөр суукта отура берип тоңуштубу, айтор, ары-бери баскандар көп болду. Ошентип түнкү саат 11лерде концерт аяктап, үйгө жол алдым.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:13

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

ГҮЛНУР СЫЙЛЫКТАРГА КӨМҮЛҮП КАЛА ЖАЗДАДЫ
< br>Концерттин датасы – 16-ноябрь
Концерттин аталышы – «Күн нурунан күмүш кайрык»
Өткөн орду – Улуттук филармония< br>Башталышы – 18:20 (20 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 70 пайызы
Алып баруучулар – Элмара Турсуналиева, Алмаз Касымалиев< br>Мыкты номер – Гүлнур Асанова менен Аскат Мусабековдун дуэти
Билет баасы – 500 сомдон 700 сомго чейин
< span style=" font-weight:600;" >Гүлнур алгачкы жеке концерти болгон үчүнбү, конокторго чү дегенде эле бала кезинде чыгармачылыктын казанында кайнап, тың чыкмалардын алды болгонун баяндаган видеобаянын көрсөттү. Мындай баяндар бир нече бөлүккө бөлүнүп, кино тармагындагы, сахнадагы жетишкендиктери, басып өткөн жолу чагылдырылган экен.
Министри, министрдин кеңешчиси, аппараттын өкүлү, депутаты болуп, айтор, ырчыны колдоп келген чиновниктер көп болду. Куттуктоо үчүн чыккан маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов</ span> «кагаз карап отурамбы»< /span> деген окшойт, сөзүн кагазы жок баштап, айтайын деген оюн талаалатып ийип, кайра чогулта албай бир топ убара тартты. Андан соң микрофонду депутат Ыргал Кадыралиева< /span> алганда «ии, элдин чыдамын сынабай, эми мунусу кыска-нуска сүйлөп түшүп кетет го» деп карап калдык. Ыргал айым «кечирип койгула, кесиптешимди чакырып албасам уят» деп концерт көргөнү келген депутат Ажыбай Калмаматовду< /span> сахнага чакырды. Сөз сүйлөйм деген оюнда жок үй-бүлөсүн, куда-сөөгүн алып ыр укканы келген экен, Ажыбай Калмаматов кыска сүйлөп ырчыны куттуктап, четке чыга берди. Куудулдар< span style=" font-style:italic;" > «саясатчыларга микрофон бере көрбө» деп бекеринен тамашалашпайт окшобойбу. Депутат айым, оо, көпкө чейин сүйлөдү. Өктөм үнүнөн улам алгач «бул айым элди урушканы келгенби?»< /span> деп ойлоп, сөзүн тыңдап калдым. «Эмнени айтканы жатат?» деп көпкө күттүк. Көрсө, куттуктап, ийгилик каалап, анан «өзүңдөй сулуу, таланттуу уул-кыздуу бол» деп эне болуусун каалап өтмөкчү экен. Ошентип Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырып кетти. Мындан сырткары Гүлнурга өкмөттүн жана президенттин иш башкармалыгынын Ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле «Түрксой» эл аралык уюму Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналып чыгарылган медалды, «Түрксой» эл аралык уюмунун 20 жылдык алтын медалын да ыйгарды.
Ырчы жандуу үн менен да, фонограмма менен да ыр куржунундагы бир топ жакшы ырларын аткарып берди. Арасында элге жарыялана элеги да бар экен. Мисалы, Аскат Мусабеков< /span> менен дуэти. Экөө жетелеше басып, «сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын» деп үн созуп жатышканда образга ушунчалык кирип кетишти дейсиз. Эгер Аскаттын үй-бүлөлүү экенин билбегенимде «аа, экөө чын эле бактылуу түгөйлөр тура» демекмин. Сүйүшкөндөрдүн жүрөгүнөн орун алып хит боло турган ыр экен.
Бул күнү Бишкекте гүл саткандардын базары укмуш жүрүптүр. Анткени Гүлнур сыйлыктарга эле эмес, гүлдөргө да көмүлүп кала жаздады.
Акыркы күндөрү ырчыларга сыйлык тапшыруу модага айланып бараткандай. Албетте, муну менен «Гүлнур сыйлыкка татыктуу эмес» дебейм. Таланттуу, демек, сыйлыктарга да татыктуу кыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:14

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:14

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

5 СААТКА СОЗУЛГАН НУРЛАН НАСИПТИН КОНЦЕРТИ

Концерттин датасы – 16-17-ноябрь< br>Өткөн орду – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:40 (1 саат 10 мүнөткө кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 101 пайызы
Алып баруучулар – Азамат Исмаилов жана Асел Кадырбекова< br>Мыкты номерлер – Нурлан Насиптин «Көпөлөгүм», «Токтогулга кетесиңби?» аттуу ырлары
БИЛЕТ БААСЫ – 300-700 СОМБул апта концертке бай болду. Ошентип Нурлан Насиптин</ span> Студенттер күнүнө карата өткөргөн концертине бет алдым. Залга толгон элди көрүп, «Кимдин, кимдин заманы, Нурлан Насиптин заманы» болуп жатыптыр деп койдум. Концерт башталып, бети-башы кара плащ менен жабылган Нурлан Насип элди аралап «Эркелетсемби? » аттуу ыры менен катуу бийлеп чыга келсе болобу. Көрсө, ал Нурлан эмес, кеченин алып баруучусу Азамат Исмаилов</ span> экен.
Концерттин эки тизгин бир чылбырын Асел Кадырбекованын< /span> колунан көргөндө таң калганымдан оозум жыйылбай калды. Асел тыпылдаган Азаматтан сөз тийгенде араң үн катпаса, калган учурда кооз балатыдай жылмайып гана туруп берди.
Концерт жогорку деңгээлде даярдалыптыр. Сахнанын жасалгасынан тартып Нурландын кийимдерине чейин кылдаттык менен иштелип чыкканы билинип турду.
Спорт Ордосунун чоң залы 101 пайызга толгонун көргөндө эле Нурландын «фирменный» жылмаюусу жүзүнөн кетпей калды. Алып баруучулар «кыздарга сюрприз»</ span> дешип, бир кызды тандоого залга жумшак оюнчук ыргытышты. Кудай сакта, кыздар оюнчукка жулунуп, бири-бирин тебелеп кете жаздашса болобу. Эптүүрөөгү илип кетти окшойт, сахнага бир сулуу чыкты. Нурлан кызды ого бетер сүрдөтүп, тизелеп ырдап кирди.
Баса, конокко Казакстандан «Арай» тобу,  Димаш Кудайбергенов,  Алтынбек< /span> аттуу ырчылар келди. Байкасам, казак туугандар кыргыздын ырларын которуп жан багышат окшойт. Нурландын «Эки жаш», «Туулган күн» аттуу ырларынын казакча вариантын ырдаган соң «эми өзүбүздүн репертуардан бир ырды аткаралы»< /span> дешсе, «ии, эми казактардын ырын ырдайт окшойт»  деп кулак төшөп калыптырмын. Баурдастар кайра эле Ильяз Абдыразаковдун< /span> «Эргүү» аттуу ырынын казакчасын ырдап жатпайбы.< br>Ошентип кезек дуэттерге келди. Бали, дуэт жаздырганыңар жакшы дегилечи, бирок сөздөрүн жаттап алсаңар андан да жакшы болмок. Динара Акулова  менен ырдап жатып Нурлан сөзүн таппай калганы менден башкаларга деле билинип калды.
Ырчы мырза Түгөлбай Казаковдун< /span> «Жамгыр төктүсүн» өзгөчө төгүп жиберди эле, эл кайра-кайра суранып жатып калышты. Ошентип Нурлан жамгырды кайра-кайра төктүрдү. 5 саатка жакын созулган концерттен эл башталышында кандай шаңдуу отурса, ошондой маанайда үйлөрүнө тарашты.

Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:14

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:15

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

Эски тамашаларды эске салган «АР БИР АЙДЫН АЛТЫСЫ»

Концерттин датасы – 5-6-декабрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:00 (6-декабрь күнү)
Көрүүчүлөр – Залдын 70 пайызы
Алып баруучу – Канат Шанаев
Мыкты номерлер – Тынар менен Борончунун айтышы, Абдылда Иманкуловдун катышуусундагы бардык тамашалар
Билет баасы – 350-500 сом

Куудулдардын башын бириктирген «Ар бир айдын алтысы» долбоору жабылып жатканын угуп, акыркы концертине барууну чечтим. Сүйүнчүлөп кетейин, концерт өз убагында башталды. Мына, кыргызчылыкты жойсо болот экен го. Сахна жасалгасынан издесем да өзгөчөлүк таппадым, баягы эле короосу тосулган үйдү алып келип коюшуптур.
Спорт Ордосунун микрофондорун пенсияга кетирчү мезгил келген окшойт. Дегеним, бул мекеменин техникалык тейлөө кызматы өтө начар иштеп жатканын көптөн бери байкап жүрөм. Бая күнү «Тамашоунун» оюндарында да микрофон улам өчүп жүдөшкөнүнө күбө болгон элем. Бул ирет да куудулдардын сүйлөгөнү начар угулуп, жанымда отурган айым «эмне деди?» деп улам сурап шайымды оодарды.
Тамашаларга келсек, 5 жыл ичинде долбоордун алкагында 150дөн ашык сатиралар коюлуптур. Жаӊы эч нерсе таппай калышканбы, куудулдар жалаӊ эски интермедия, тамашаларын аткарышты. Рахман Разыков булуттан чыккан айга окшоп бир убакта пайда болгон эле, ошол бойдон сахнадан караанын таппай калдык.
Борончу менен Тынардын айтышы бул сапар да уланды. Тынар тамашаларынын биринде «нарындыктардын костюмду шымга шымданып кийгенинен эле нарындык экенин билсе болот» десе, Борончу ага жооп кылып, «мен деле жакында Ошко бардым, газ жок, баары үшүп жердештериӊ пальтону да шымданып кийип калышыптыр» дебеспи.
Тамашасы тамаша, бирок куудулдардын белден ылдый тамашаларды көп айтканы анча жага берген жок. Ошол эле бутун колго алмаштырган, букага уйун качырган интермедияларда бул нерсе ачык-айкын берилиптир. Уят болсо да кагазга ороп, кыйыр түрүндө аткарса, мынчалык өөн учурабайт беле?..
Ошентип баш-аягы 3 саатка созулган концертке ичим чыкпай үйгө кайттым.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:16

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

ГҮЛЖИГИТТИН «РЕПЕТИЦИЯСЫ» ЭЛДИН БИЙИ МЕНЕН АЯКТАДЫ
< br>«Кожомкулдун атын алып жүргөн Спорт Ордосунда Гүлжигит Сатыбеков концерт берет» деп уккам. Концерттерден калбаган жаным бардым. Барбай арманда калган окурманга баяндап беришим керек да, эт жебесе да шорпо ичкендей болуп калышсын...
Аталышы – «Репетиция»< /span>
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күндөрү – 2-3-февраль< br>Башталышы – 19:10, 19:45 (билетте 18:30)
</ span>Көрүүчүлөр – Залдын 99 пайызы
Билет баасы – 400-600 сом< br>Гүлжигиттин концерти деле салтты бузбай, бир топ кечигип башталды. Бир чети мага жакшы болду. «Сахна кандай жасалган, кимдер келди, угуучулары жаштарбы же улууларбы, тоолуктарбы же шаардыктарбы? » деп байкап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сахнанын дал ортосуна килейген экран коюп, «Гүлжигит Сатыбеков» деп жазып, ырчынын ойлуу түшкөн сүрөтүн бакыйтып чыгарып коюшуптур. Мурун мындайды көрбөгөн элем, сахнанын эки тарабына чоӊ экран коюшкан экен, кымыӊдап алдым. Ананчы, көрүүсү жүз пайызга жетпеген мага окшогондордун баары эле уюштуруучулардын мындай аракетине ыраазы болуп, ошо эки капталдагы экранды тиктеп отурдук. Жарк-журк деген жарыктары бир укмуш, ал эле эмес, Гүлжигиттин бут жагына да экран коюп салышыптыр. Ар кайсы жерде сороюп музыкалык аспаптар, бэк-вокалчыларды микрофон күтүп турганынан «аа, жандуу үн менен ырдашат окшойт» деп ынтаа коюп, күтүп калдым.
Акыры концерт да башталды. Тыныгууларда элдин көӊүлүн ачсын деп «Беш тапан» куудулдар тобун чакырышкан экен, кээде тамашаларын ашыкча созуп салышканы эле болбосо, Рахман Разыковдун «балдары» коюлган милдетти жакшы эле аркалашты. Бэк-вокалчыларга да кызык болуп кетти окшойт, музыканттар кетсе да алар кетпей, ошо микрофондорду кармаган тейинче «Беш тапандын» тамашаларын күзөтүп турушту.
«Муӊдуу ырлардын рыцары» наамын акырындап Асылбек Өзүбековдон тартып алып бараткан Гүлжигит чү дегенде эле жүрөк кылдарын черткен сүйүү азабын баштайбы десем, жок, алгач шаӊдуу, тамашалуу ырларын аткарды. Сахнада гитарачы, барабанчылар менен кошо жата калып, тура калып, атүгүл тердеп чыккан Гүлжигиттин терин аарчый калганга да жетишип, шылдыракчы бирөө жүрдү. Чоӊ экранга чыкканында карасам Токтогулдун тургуну, шылдырак ойноп интернетти «жарган» Кадырбек Мураталиев экен. Ал кызуусуна кирип кеткенде Спорт Ордосунун тээ төрүнө чейин элди аралап кетип жатты.
Тээ бир убакта жанына гитарасы менен Чыӊгыз Турдубековду коштотуп, өзү аккордеонун көтөрүп дагы чыкты Гүлжигит. Бир кайрыкты жакшы эле ойноп, ырдап баштаган сөзүн унутуп кетти окшойт, «бул репетиция, чыныгы концерт эртеӊ болот» деп абалдан чыкты. Буга чейин «Гүлжигит Түркияга барат экен» деп укканым бар эле, ошол үчүн концертин «Репетиция» деп атаган го, даярдык окшойт деп ойлоп койгом. Кийинчерээк ырчы өзү да айтып калды. «Буга чейин чет жактардан көп чакыруулар келди. Аларга дискти чөнтөгүӊө салып эле барып кала албайт экенсиӊ. Ошолордун деӊгээлине туура келчүдөй тасмага түшүрүлгөн мыкты бир концерт керек болду. Ошондуктан атайы «Старики разбойники» деп атап, кыргыздын мыкты музыканттарынан тандап топ түздүк. Эми кыдырып концерт беребиз. Бул жагы Орусия, тигил жагы Түркияга чейин» деди. Концертинин ортосунда сахнаны кайтаруучу эки жигиттин коштоосунда барып апасына гүлдесте берип, «сендей ырчы жигитти кандай аял төрөдү экен», деген сөздү көп угам. Мына, көрүп алгыла, мени төрөп, эрезеге жеткизген ушул кишилер»,< /span> деп атасы менен энесин элге тааныштырды.
Саат 7ден өтүп башталган концерт түнкү 11ге барып бүттү. Аягында көрүүчүлөр сахнага жакын келип бийлеп, Гүлжигиттин «акыркы ыр» дегенине койбой бир нече ырын ырдатып, куудулдар тамашалагандай «сахнаны чаӊдата» бийлеп, анан тарап кетишти. Менин чыгарган жыйынтыгым, бул жигит өзүн да, келген элдин кулагын да кыйнабай 3 саат бою жандуу үн менен ырдай алат экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:17

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:17

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

ГҮЛШАЙЫР ЭЖЕМ УРМА АСПАПТА ОЙНОП, ЭЛДИ ТАҢ КАЛТЫРДЫ

Концерттин датасы – 5-6-декабрь
Өткөн орду – Улуттук филармония
Концерттин аталышы – Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык юбилейлик концерти
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алып баруучулар – Гүлшан Молдоева, Кыргызбай Осмонов
Мыкты номерлер – Гүлшайыр Садыбакасованын барабан урганы, Гүлмайрам Момушева «Балама», Сайкал Садыбакасова «Апама», Гүлшайыр Садыбакасова «Ошол менин элге кошкон үлүшүм»
Билет баасы – 500-900 сом

«Гүлшайыр Садыбакасованын юбилейлик концерти болот» дегенди угуп шашкан боюнча филармонияга кирип барсам, сахнада депутат Өмүрбек Текебаев сүйлөп жатыптыр. Жанында Жогорку Кеӊештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, Бөдөш Мамырова, Асия Сасыкбаева, Жылдызкан Жолдошевалар турат. Мен «Кудай сакта, адашып Жогорку Кеӊешке кирип алдымбы?» деп шектенип артка бурула бергенимде Гүлшайыр эжемди көрүп калбадымбы.
«Кылым алмашты, заман алмашты, СССР урады, көп нерсе өзгөрсө да, Гүлшайыр эжекем ошол боюнча. Дагы деле рейтингден түшпөй келе жатат» деп Текебаев сөз сүйлөдү. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов да куттуктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Эл аралык музыкалык композитор сыйлыгын тапшырды. Ошондой эле өкмөт өкүлдөрү, экс-министр Султан Раев, Замира Акбагышевалар да келишти. Эжебиздин сахналаш досторунан да чиновник достору көптөй туюлду.
Ошентип куттуктоолорго, сыйлыктарга маарып, гүлдөргө оронгон инсанды сахнанын артына жиберип, концертке кезек берилди. Концерттин экинчи бөлүгү оркестрдин коштоосундагы ырлар менен уланды. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө жалаӊ гана Гүлшайыр айымга таандык ырларды мындан 20 жыл мурун популярдуу болгон ырчылар ырдашкандыктан, ошол кезге барып келгендей эле болдук. Ызы-чуу, ышкырык-кыйкырык тоскоол боло турган, телефонго тарткан күйөрмандар жок, тынч, жыргап эс ала турган концерт болду.
Кыргыз эстрадасынын жылдыздары кезек-кезеги менен ырдап жатышты. Ал ортодо Гүлнара Калдарова чыкты эле, Гүлнаранын ырдаганына эмес, эжеси менен элдешкенине эл кубанып кеткендей болду. Анын артынан Кенже, Айжамалдар да келет го деп тилек кылган күйөрмандардын ою орундалбады.
Гүлмайрам Момушеванын жандуу үн менен созгон «Балама» деген чыгармасы элдин өзгөчө кол чабуусуна арзыды. Оштук туугандар айтмакчы, Гүлшайыр «акем» микрофон кармап ырдагандан тышкары урма аспапта ойноп, элди таӊ калтырды. Ошондой эле Сайкал Садыбакасова апасын жетелеп «Апама» аттуу ырды тартуулап, залдагы көрөрмандарды бир сыйра жашытты. Мирбек Атабековдун «Садагам Оштой жеримди» аттуу ыры менен концерт жыйынтыкталды.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   Aisuluu7   04 Март 2015 - 11:19

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 318
• Катталган: 15 Февраль 13
• Соңку аракети: 28 Фев 2017 09:14
• Жынысы:Аялзаты

"Сынчынын сынары өтүгү майрык" -дечу беле
Пы. Сы: Макалды эстеп кетип эле жазып койдум.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:22

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

АБДЫЛДАНЫН КОНЦЕРТИНДЕ АЯЛДАР ЭМНЕГЕ ЫЗЫЛДАШТЫ?

Аталышы – «Нананей»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күнү – 17-февраль
Башталышы – 19:05 (5 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 300-500 сом
Тобо, Спорт Ордосунда өткөн концерттердин ичинен араң эле беш мүнөт кечигип башталган 1-концертти көрдүм. Чү дегенде эле Борончу Кудайбергенов чыгып элге ыр десте сунуп, колуна алып баруучулук чылбырды кармады. Бул куудул Тынар Курбаналиевсиз баспайт эмеспи, экөөлөп адаттагыдай түндүк, түштүк юморлорун залга ыргытып киришти. Бул жерде Борончунун маанайы көтөрүлүп калды көрүнөт. Анткени концерттен калбаган мен Борончунун ушул маселеге келгенде эле Тынардан утулуп кала бергенин байкачумун. Тынар «менин туугандарым, оштуктар, барсыңарбы? » десе, зал жарыла кол чаап, «нарындыктар, кол чапкыла!» дегенде ар кайсы жерден 4-5 адамдын алаканы эле чабылчу. Анан кичинекей Борончу ого бетер кичирейип... Бул жолкусунда нарындыктар шатырата алакан чаап, Бокеге эргүү беришти. Борончу: «кызыксыңар, филармонияда 200 ырчы катышкан «Сармерден» болуп жатса, тээтиги чокусуна чейин чыгып бул жерде отурасыңар» деди эле, Тынар «биз деле азыр көрүнүп коюп кетебиз» деп адыраңдады. Чын эле экөө ошону менен жок болду. Көрсө, башкаруучу тизгин Абдылданын өзүндө экен. Ал сахнанын дал ортосунда коюлган столго жайгашты да, концерт бүткүчө ошол жерди байырлады.
Саясаттын күнгөй-тескейи, болуп өткөн окуялар туурасында бир топ жакшы сатираларды ойногон куудулга кол чабуулар сурантпай жаап жатты. Ал ортодо 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө алыстан туугандары келип, батир таппай кыйналганын да айтып кейиди. «Мейманканалардын баарына сүйүшкөндөр жайгашып алыптыр. Шаар го шаар, айылдагылар кыйналбадыбы же ал жакта мейманкана болбосо. Бул майрамды жайкыга жылдыруу керек, болбосо күн суукта тоңуп калышпайбы. Бул маселени депутаттарга берсек бат эле талкуулап берет эле» деп элдин боорун эзди.
Куттуктап чапан, калпак көтөрүп келгендер да болду. Токтогулдан чыккан таланттардан түзүлгөн «Тогуз кайрык» тобундагы шеринелештери келип, куудулга куюлушкан саптарын, каалоо-тилектерин жаадырышты.
Негизи концерт Абдылда Иманкуловдун сатира-юмор театрынын алгачкы концерти дегендей эле болду. Куудулдун жанындагы жигиттер калың журтка таанымал эмес, тамашакөйлөрдөн экен. Өнөктөштөрүнүн тажрыйбасы азыраак болгондонбу же даярдык катуу болбой калгангабы, айтор, бул жолу Абдылданын мурунку сатира-юморлоруна жетпей калды өңдүү. Эмнегедир өзү да сахнада өтө ишенимдүү турбагандай сезилди. Баса, күлкүгө суусап келген элге шаңдуу ырлар керек экени да эстен чыгыптыр. Театрдын курамын түзгөн жаштар аккордеон менен Асанкалый Керимбаевдин ырларын созуп элдин алдын ыйлатып, артын уктатып салышты.
Эл көп артист катышкан ашар концертке көнүп алышканын куудул билет да, «меникинде эч ким деле катышпайт» деп элге «намёк» кылгандагысыбы, «жакында эле орустардын «Новые русские бабки» дуэти келип кетишти. Билет баасы 1500 сомдон өйдө экен. Эки киши эле бир жарым саат сүйлөдү» деп божурап жатты. Муну түшүнгөндөр «жеке концерт деген ошо да» десе, түшүнбөгөндөр «кана, белгилүү ырчылар? Өзү эле кечке сүйлөй береби?» деп нааразы болору бышык. Куудул аз жерден ырчы болуп кете жаздады. Ошентип, тамашасынан өзү аткарган ыры көп болгон куудулдун концерти 21:40та аяктады. Мен эле тойбой калдымбы десем көпчүлүк деле ошондой болуптур. Залга жык-жыйма эл бир убакта туруп сыртка жөнөгөндө укмуш тыгын болот экен. Эми ошондогу аялдардын албууттанганын сурабаңыз. Билетте «бул чоң концерт, Абдылда алдабайт» деп жазылган үчүнбү, «Абдылда алдап кетти! 1-2 ырчыны ырдатса болмок. 400-500 сом талаада жатыптырбы? ! Барып сурап келем»,- деп нааразы болгондор да четтен чыкты.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   04 Март 2015 - 11:24

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 06 Ноябрь 08
• Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

Просмотр сообщения Aisuluu7 (04 Март 2015 - 11:19) жазган:

" Сынчынын сынары өтүгү майрык" -дечу беле
Пы. Сы: Макалды эстеп кетип эле жазып койдум.

Пы.Сы. Сүрөт

Флуддабай, макалдарды бөлөк темага жазыңыз, чоң кыз!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   aqua-94mema   04 Март 2015 - 11:39

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 497
• Катталган: 03 Декабрь 13
• Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

Канча жашта экен .
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   Baby_come_back   04 Март 2015 - 11:55

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 19
• Катталган: 27 Июнь 14
• Соңку аракети: 26 Ноя 2016 22:56

Сынчыдан алыс ойноюн, ыйлатып койбосун Сүрөт
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   EdikoKG   04 Март 2015 - 12:03

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 816
• Катталган: 11 Ноябрь 14
• Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

Сынчы демекчи,кыйла эле бар экенсин)))
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   GORDIY.KG   04 Март 2015 - 12:04

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 182
• Катталган: 17 Декабрь 14
• Соңку аракети: 10 Янв 2019 14:10
• Жынысы:Эркек

нананей жактыда
БИРИГЕЛИ ЭР МАНАСТЫН ТУШУНДАЙ!!!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Жылдыздар жана биз
• Кийинки тема →

• (10 бет)

• « 1

• 7
• 8
• 9
• 10

• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 27 Авг 2025 21:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: