Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер
#163 06 Январь 2014 - 15:12
#165 22 Ноябрь 2014 - 12:10
#166 04 Март 2015 - 11:10
Өткөн күндөрү – 3-4-5-6-7-8 (2 сеанс)-9-март
Өткөн орду – Ош Улуттук драма театры
Башталышы – 19:45 (20-30-45 мүнөт кечигип жатты)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучулар – Жаныбек Алыкулов, Гүлжанат Момбекова
Коноктор – Каныкей Эралиева, Гүлнур Асанова, Абидин Темиров жана башкалар
Мыкты номер – Самара Каримованын аспаптардын коштоосунда жандуу аткарган ырлары, Каныкей Эралиева, «Жаз»
Билет баасы – 250 сом
Ырчы Самара Каримова Ошто катарынан 7 күн концерт берерин угуп, Ошко сапар алдым.
Алгачкы күн, 3-март. Сахнанын жасалгасы Рим стилинде экен, өзгөчөлүк ошол деп койдум. Кече ачык деп жарыяланган соң сахнанын чаңын сапырып көк көйнөкчөн Самара карындашым чыга келди. Алгач Рыспай Абдыкадыровдун «Издейм сени» деген ыры менен баштап, залдагылардын баарын термелтти да койду.
Концерттин сценарийин жакшы түзүшүптүр, кайталап барып көргөндүктөн, кайсы учурда эмне болорун жаттап калдым. Алып баруучулар мектеп окуучусундай сценарийде жазылган бир сөздүн да ордун алмаштырышпады. Айрым ырлар аткарылып жатканда сахнада, байкашымча, ырдын маанисине ылайык постановка аткарылып жатты. Бирок аны түз көз менен да, аңтарылган көз менен да карап маанисин эч түшүнбөй койдум. Кыйналып отурсам жанымдагы апа «Эмне болуп жатышат тигилер?» дейт... Ийинимди куушурганга аргасыз болдум. Концертке конок катары Каныкей Эралиева эжекебиз да чакырылган экен. Дүркүрөгөн кол чабуулар бүтпөй, ырчы айым кайра-кайра элге жүгүнүп жатты.
Бир убакта кеченин негизги каарманы башка тилдеги ырлардан созуп кирди. Мен өзүнүн репертуарындагы кыргызча жакшы ырларын көбүрөөк ырдаса деп күттүм эле. Таң калганым, бир ырында эл аралап жөнөп калбаспы. Сценарийде ушундай жазылган белем, күйөрмандар артынан ээрчип, гүл берип эле болбой калышты. Гүл саткандар жыргаган экен деп отурсам, Самара айым көтөрүп кирип кеткен гүл кайра эле күйөрмандар тараптан сахнага чыгып баратат. «Ошто гүлдөр ушунчалык окшошпу?» деп кала бердим.
Бир маалда Самара айымдын иниси чыкты сахнага. Өзү менен тең аккордеонду көтөрүп алып «микробу жок тоолордун арасында, чындык жашайт наристе өңү менен...» дейт таң калтырып. «Жаш экенсиң, иним, микробу көп сахнадан этият бол» дегим келди. 7 күнгө созулган концерттин ар бир кечесинде жаңы жүздөр кошулуп турду. Бир күнү Гүлнур Асанова да пайда болуп калыптыр. Ал эми 8-март күнү шаша-буша аккордеонун көтөрүп «жасанбай калдым» деп Абидин Темиров чыкты. Аяшы Самара Каримованы куттуктап, Ош элин, жерин өзгөчө сагынып келгенин айтып көзүнө жаш алды.
Концерттен кийин күйөрмандарга кулак салсам, баары эле ыраазы болгондой. Сахна, кийген формалары, жандуу үн коноктордун көңүлүнө толсо, орун жетпей калса да кетпей туруп концерт көргөн коноктор Самара айымды кубандырды окшойт. Ошентип, 7 күндүк концерт да аяктап, борборго кайттым.
#167 04 Март 2015 - 11:12
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:12
#168 04 Март 2015 - 11:13
Концерттин датасы – 4-октябрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:20 (50 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы
Алып баруучулар – Максат Давранов, Анжелика Бекболиева, Юлия Руцкая
Мыкты номерлер – Дайыр Исмадияровдун «Кара көзүм», «Добулбас» тобунун «Аселдейим», Юлия Руцкаянын «Аппак сүйүү» ыры
Билет баасы – 300-500 сом
Кумурскадан кем калышпаган эмгекчил ырчы Дайыр Исмадияровдун концертине «айттап» барууну эп көрүп, калем-кагазымды чөнтөгүмө сала жөнөп калдым. Алгач эле концерттин ээси «Ассалоому алейкум» деген ырын аткарып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Андан соң концерт айт майрамына туш келгендиктенби, улуттук кийим кийген кыздар көрөрмандарга боорсок менен каймактан ооз тийгизишти.
Ошентип көптөн күткөн концерт башталып, конок катары келген ырчылар Динара Акулова, Өктөм Сапар уулу, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Мээри Шакулина, Бегимай Бекбоева, KG Эльмурат жана «Добулбас» тобу ыр сунушту. Булардан сырткары театр артисттери сахнада өнөрлөрүн көрсөтүштү. Дайырдын даярдыгы жакшы экени ар бир номерде байкалып жатты. Коноктордун айрымдары алпаруучуларды чакырттырбастан эле сахнага чыгып жатышканын Дайыр «бул менин идеям, башка концерттерден өзгөчө болсун дедим» деп баса белгиледи. Анан «Маданият министрлиги менин концертимди куттуктап «Маданияттын мыкты кызматкери» наамын «аванс» катары белекке берди» деп сүйүнчүлөдү. Аңгыча артымда отургандардын «Наамды үнү барына деле, жогуна деле концерт койсо белек кыла берсе болобу? Мындан да кыйындар албай эле жүрүшөт го же сатып алдыбы?» деп таң кала шыбырашкандары кулагыма шак дей түштү.
Көрүүчүлөр суукта отура берип тоңуштубу, айтор, ары-бери баскандар көп болду. Ошентип түнкү саат 11лерде концерт аяктап, үйгө жол алдым.
#169 04 Март 2015 - 11:13
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:14
#170 04 Март 2015 - 11:14
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:14
#171 04 Март 2015 - 11:15
Концерттин датасы – 5-6-декабрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:00 (6-декабрь күнү)
Көрүүчүлөр – Залдын 70 пайызы
Алып баруучу – Канат Шанаев
Мыкты номерлер – Тынар менен Борончунун айтышы, Абдылда Иманкуловдун катышуусундагы бардык тамашалар
Билет баасы – 350-500 сом
Куудулдардын башын бириктирген «Ар бир айдын алтысы» долбоору жабылып жатканын угуп, акыркы концертине барууну чечтим. Сүйүнчүлөп кетейин, концерт өз убагында башталды. Мына, кыргызчылыкты жойсо болот экен го. Сахна жасалгасынан издесем да өзгөчөлүк таппадым, баягы эле короосу тосулган үйдү алып келип коюшуптур.
Спорт Ордосунун микрофондорун пенсияга кетирчү мезгил келген окшойт. Дегеним, бул мекеменин техникалык тейлөө кызматы өтө начар иштеп жатканын көптөн бери байкап жүрөм. Бая күнү «Тамашоунун» оюндарында да микрофон улам өчүп жүдөшкөнүнө күбө болгон элем. Бул ирет да куудулдардын сүйлөгөнү начар угулуп, жанымда отурган айым «эмне деди?» деп улам сурап шайымды оодарды.
Тамашаларга келсек, 5 жыл ичинде долбоордун алкагында 150дөн ашык сатиралар коюлуптур. Жаӊы эч нерсе таппай калышканбы, куудулдар жалаӊ эски интермедия, тамашаларын аткарышты. Рахман Разыков булуттан чыккан айга окшоп бир убакта пайда болгон эле, ошол бойдон сахнадан караанын таппай калдык.
Борончу менен Тынардын айтышы бул сапар да уланды. Тынар тамашаларынын биринде «нарындыктардын костюмду шымга шымданып кийгенинен эле нарындык экенин билсе болот» десе, Борончу ага жооп кылып, «мен деле жакында Ошко бардым, газ жок, баары үшүп жердештериӊ пальтону да шымданып кийип калышыптыр» дебеспи.
Тамашасы тамаша, бирок куудулдардын белден ылдый тамашаларды көп айтканы анча жага берген жок. Ошол эле бутун колго алмаштырган, букага уйун качырган интермедияларда бул нерсе ачык-айкын берилиптир. Уят болсо да кагазга ороп, кыйыр түрүндө аткарса, мынчалык өөн учурабайт беле?..
Ошентип баш-аягы 3 саатка созулган концертке ичим чыкпай үйгө кайттым.
#172 04 Март 2015 - 11:16
Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 04 Март 2015 - 11:17
#173 04 Март 2015 - 11:17
Концерттин датасы – 5-6-декабрь
Өткөн орду – Улуттук филармония
Концерттин аталышы – Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык юбилейлик концерти
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алып баруучулар – Гүлшан Молдоева, Кыргызбай Осмонов
Мыкты номерлер – Гүлшайыр Садыбакасованын барабан урганы, Гүлмайрам Момушева «Балама», Сайкал Садыбакасова «Апама», Гүлшайыр Садыбакасова «Ошол менин элге кошкон үлүшүм»
Билет баасы – 500-900 сом
«Гүлшайыр Садыбакасованын юбилейлик концерти болот» дегенди угуп шашкан боюнча филармонияга кирип барсам, сахнада депутат Өмүрбек Текебаев сүйлөп жатыптыр. Жанында Жогорку Кеӊештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, Бөдөш Мамырова, Асия Сасыкбаева, Жылдызкан Жолдошевалар турат. Мен «Кудай сакта, адашып Жогорку Кеӊешке кирип алдымбы?» деп шектенип артка бурула бергенимде Гүлшайыр эжемди көрүп калбадымбы.
«Кылым алмашты, заман алмашты, СССР урады, көп нерсе өзгөрсө да, Гүлшайыр эжекем ошол боюнча. Дагы деле рейтингден түшпөй келе жатат» деп Текебаев сөз сүйлөдү. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов да куттуктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Эл аралык музыкалык композитор сыйлыгын тапшырды. Ошондой эле өкмөт өкүлдөрү, экс-министр Султан Раев, Замира Акбагышевалар да келишти. Эжебиздин сахналаш досторунан да чиновник достору көптөй туюлду.
Ошентип куттуктоолорго, сыйлыктарга маарып, гүлдөргө оронгон инсанды сахнанын артына жиберип, концертке кезек берилди. Концерттин экинчи бөлүгү оркестрдин коштоосундагы ырлар менен уланды. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө жалаӊ гана Гүлшайыр айымга таандык ырларды мындан 20 жыл мурун популярдуу болгон ырчылар ырдашкандыктан, ошол кезге барып келгендей эле болдук. Ызы-чуу, ышкырык-кыйкырык тоскоол боло турган, телефонго тарткан күйөрмандар жок, тынч, жыргап эс ала турган концерт болду.
Кыргыз эстрадасынын жылдыздары кезек-кезеги менен ырдап жатышты. Ал ортодо Гүлнара Калдарова чыкты эле, Гүлнаранын ырдаганына эмес, эжеси менен элдешкенине эл кубанып кеткендей болду. Анын артынан Кенже, Айжамалдар да келет го деп тилек кылган күйөрмандардын ою орундалбады.
Гүлмайрам Момушеванын жандуу үн менен созгон «Балама» деген чыгармасы элдин өзгөчө кол чабуусуна арзыды. Оштук туугандар айтмакчы, Гүлшайыр «акем» микрофон кармап ырдагандан тышкары урма аспапта ойноп, элди таӊ калтырды. Ошондой эле Сайкал Садыбакасова апасын жетелеп «Апама» аттуу ырды тартуулап, залдагы көрөрмандарды бир сыйра жашытты. Мирбек Атабековдун «Садагам Оштой жеримди» аттуу ыры менен концерт жыйынтыкталды.
#174 04 Март 2015 - 11:19
Пы. Сы: Макалды эстеп кетип эле жазып койдум.
#175 04 Март 2015 - 11:22
Аталышы – «Нананей»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күнү – 17-февраль
Башталышы – 19:05 (5 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 300-500 сом
Тобо, Спорт Ордосунда өткөн концерттердин ичинен араң эле беш мүнөт кечигип башталган 1-концертти көрдүм. Чү дегенде эле Борончу Кудайбергенов чыгып элге ыр десте сунуп, колуна алып баруучулук чылбырды кармады. Бул куудул Тынар Курбаналиевсиз баспайт эмеспи, экөөлөп адаттагыдай түндүк, түштүк юморлорун залга ыргытып киришти. Бул жерде Борончунун маанайы көтөрүлүп калды көрүнөт. Анткени концерттен калбаган мен Борончунун ушул маселеге келгенде эле Тынардан утулуп кала бергенин байкачумун. Тынар «менин туугандарым, оштуктар, барсыңарбы? » десе, зал жарыла кол чаап, «нарындыктар, кол чапкыла!» дегенде ар кайсы жерден 4-5 адамдын алаканы эле чабылчу. Анан кичинекей Борончу ого бетер кичирейип... Бул жолкусунда нарындыктар шатырата алакан чаап, Бокеге эргүү беришти. Борончу: «кызыксыңар, филармонияда 200 ырчы катышкан «Сармерден» болуп жатса, тээтиги чокусуна чейин чыгып бул жерде отурасыңар» деди эле, Тынар «биз деле азыр көрүнүп коюп кетебиз» деп адыраңдады. Чын эле экөө ошону менен жок болду. Көрсө, башкаруучу тизгин Абдылданын өзүндө экен. Ал сахнанын дал ортосунда коюлган столго жайгашты да, концерт бүткүчө ошол жерди байырлады.
Саясаттын күнгөй-тескейи, болуп өткөн окуялар туурасында бир топ жакшы сатираларды ойногон куудулга кол чабуулар сурантпай жаап жатты. Ал ортодо 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө алыстан туугандары келип, батир таппай кыйналганын да айтып кейиди. «Мейманканалардын баарына сүйүшкөндөр жайгашып алыптыр. Шаар го шаар, айылдагылар кыйналбадыбы же ал жакта мейманкана болбосо. Бул майрамды жайкыга жылдыруу керек, болбосо күн суукта тоңуп калышпайбы. Бул маселени депутаттарга берсек бат эле талкуулап берет эле» деп элдин боорун эзди.
Куттуктап чапан, калпак көтөрүп келгендер да болду. Токтогулдан чыккан таланттардан түзүлгөн «Тогуз кайрык» тобундагы шеринелештери келип, куудулга куюлушкан саптарын, каалоо-тилектерин жаадырышты.
Негизи концерт Абдылда Иманкуловдун сатира-юмор театрынын алгачкы концерти дегендей эле болду. Куудулдун жанындагы жигиттер калың журтка таанымал эмес, тамашакөйлөрдөн экен. Өнөктөштөрүнүн тажрыйбасы азыраак болгондонбу же даярдык катуу болбой калгангабы, айтор, бул жолу Абдылданын мурунку сатира-юморлоруна жетпей калды өңдүү. Эмнегедир өзү да сахнада өтө ишенимдүү турбагандай сезилди. Баса, күлкүгө суусап келген элге шаңдуу ырлар керек экени да эстен чыгыптыр. Театрдын курамын түзгөн жаштар аккордеон менен Асанкалый Керимбаевдин ырларын созуп элдин алдын ыйлатып, артын уктатып салышты.
Эл көп артист катышкан ашар концертке көнүп алышканын куудул билет да, «меникинде эч ким деле катышпайт» деп элге «намёк» кылгандагысыбы, «жакында эле орустардын «Новые русские бабки» дуэти келип кетишти. Билет баасы 1500 сомдон өйдө экен. Эки киши эле бир жарым саат сүйлөдү» деп божурап жатты. Муну түшүнгөндөр «жеке концерт деген ошо да» десе, түшүнбөгөндөр «кана, белгилүү ырчылар? Өзү эле кечке сүйлөй береби?» деп нааразы болору бышык. Куудул аз жерден ырчы болуп кете жаздады. Ошентип, тамашасынан өзү аткарган ыры көп болгон куудулдун концерти 21:40та аяктады. Мен эле тойбой калдымбы десем көпчүлүк деле ошондой болуптур. Залга жык-жыйма эл бир убакта туруп сыртка жөнөгөндө укмуш тыгын болот экен. Эми ошондогу аялдардын албууттанганын сурабаңыз. Билетте «бул чоң концерт, Абдылда алдабайт» деп жазылган үчүнбү, «Абдылда алдап кетти! 1-2 ырчыны ырдатса болмок. 400-500 сом талаада жатыптырбы? ! Барып сурап келем»,- деп нааразы болгондор да четтен чыкты.
#176 04 Март 2015 - 11:24
#177 04 Март 2015 - 11:39
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .