Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#41 Пользователь офлайн   Guzii   23 Декабрь 2014 - 19:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 13 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Май 2016 07:50

Эмил карындашын бир демге тиктеп туруп, колун бир катуу силкип алып, дарбазадан чыга жоноду. Мен бир демге эмне кылаарымды билбей, эки анжы болуп, Эмилдин аркасынан ээрчий бастым.
-Толкунбек байке,- деди Зыйнат, ыйлап жиберчудой ызалуу ун менен,-ал барсада сен барбачы, тилимди алчы. Артынан барып айтчы Эмилге, кайра тартсын. Коросунго, бул журушу аны жакшы жакка алып бапбайт. Ай кудай ай, кантем эми.
Мен Эмилге жете келдим. Кумарга барбай эле коёлу деп отундум. Зыйнаттын капа болуп калганын айттым. Бирок ал уккан жок, мени. Биз ушинтип бири бирибиздин созубузду укпай журуп олтуруп, учунчу кочого жеткенде бир туюк кочого салынган, усту майда кызыл черписа менен жабылган эски уйго туш келдик.
-Аа, келдинби,- дешти балдар.
-Коркпой эле коногун менен жогору ото бер. Булар менен сенин карызын жонундо суйлошуп, бир жумуга кечирим кылып созуп койдук,- деди узун бойлуу чымырынан келген кара тору жигит.
Эмил экообуз жогору чыгып, корсотулгон орунга барып олтуруп калдык. Бардыгы шайдоот, баардыгы конулдуу дуулдошот. Биринен бири тынсынып, биринен бири билимдуусунушот.
Карта ойноо узакка созулду. Эми данагы жайдары мейман дос муноздорун биооо уурдап кеткенсип, дароо озгопушту. Сугалак ач коздук менен талашып тартышуулар барган сайын куч алып баратты. Бири бирне уттуруп, бирде утуп жатышты. Эмил картаны чындыгындале жакшы ойнойт экен.Бул сапар Эмил уч сом менен жыйырма сом утуп алды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Guzii   23 Декабрь 2014 - 22:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 13 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Май 2016 07:50

Кумарчылардын жанында журуп, карта ойноону мен тез эле оздоштуруп алдым. Бирок бир нече жолу ойноп, бир жолу да утушка ээ болбогонум мени чунчутуп жиберди. Жанымда болгон акчадан бут кагылдым. Анткени менен "Жыгылган курошко тойбойт" дегендей, умутум узулбой, акыл эсимдин баарын карта деген балекет ээлеп алды.
Эмил экообуз учун акча табуу-биринчи максатыбыз болуп калды. Мен бир куну "тунку жортуул" жонундо Эмилден дагы уктум.
-Акча таппасак болбой калды. Маянамды энем сураса эмне деп жооп айтам. Анын устуно тигил балдарга экообуз тен карыз болуп калдык. Эмки оюнда ала барып кутулбасак, экообузду ьирдей асып салышат алар.
- Тунку жортуул, тунку жортуул эле дейсин, ал эмне деген жортуул?- дедим. Жортуул деген создун жакшы эмесин тушунгонум менен ачыгына козум жетпей турду.
- Жортуулду барганда коросун,- деди Эмил анын жай маанисин тушудурбой эле.
Ошол кундун тунундо дагы эки бала болуп тортообуз кочого чыктык. Балдардын суйлошкон создорунон улам, тунку жортуулдун маанисине дароо тушундум. Булардын коздогон максаты бироо гана экен. Ал болсо : эркектики болобу, аялдыкы болобу, ончой суусар, кундуз тумак менен тебетейге ууга чыгышат экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Guzii   23 Декабрь 2014 - 23:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 13 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Май 2016 07:50

Кун кыскарып, суук тушуп, адамдар жылуу кийимдерин кийип калган учур болчу. Бул куну анчалык жолубуз боло берген жок. Эмил баш болгон уч бала ар кайсы уйго болунуп болунуп кетишти. Анткени алар подъезддерге кирип, капанныда жашынып, жумуштан уйуно келаткан адамдардын башындагы тумагын жулуп кетишет экен. Айтор эки тумактуу болуп кайттык. Алар ошол эле замат оздорунун товарларын алуучу аларманга алып барып, акча алып чыгышты.
Ошентип, Эмил экообуз кичине акча боло калса эле карта оюнуна жоночу болдук. Бара бара мен кийим учунда, тамак учунда акча издебей эле, жалгыз гана кумар ойнош учун акча табуунун аркасынан тушуп калдым. Качан болсо да бир утуш чыгып, тигилерге уттуруп кан жуткан кундорумдун акыбети кайтаар деген умут менен жашай бердим.
Ошентип акча деген балекеттин айынан менин адам тоногнго чейин жеткенимди озун кордун го. Анан калса сага кезиккен туну акча бизге ушунчалык зарыл керек болчу. Эмилди иштеп журот деп Аккыз эжени ишендирип, ай сайын уурдап тапкан акчадан маяана узбой берип турдук. Акыры биздин ар кимдин коз жаш, кокурок дартын аркалап тапкан табылгабызга мойноп журуп Зыйнат да конду. "Малыбызды" алып туручу кардарыбыз аял болучу. Анткени биз дуйнобузду ото эле марттык менен арзан откорчубуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Guzii   28 Декабрь 2014 - 20:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 13 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Май 2016 07:50

" Алдырар куну жаздырар" болуп, Ошол мезгилде Эмил экообуз тен уйдо жок болуп калыптырбыз. Зыйнат болсо окуусунан кеч келуучу. Ушундай беймараал кезде кутулбогрн жерден баягы биздин "аларманыбыз" келип, тошокто жатткан Аккыз эжеден мынтип сураптыр:
-Мени кечирип коюнуз, замандаш. Эмил менен Толкунбек деген балдар ушул уйдотурушабы?
-Ооба, ушул уйдо турушат,- эже тошоктон башын которо берип сураптыр. - Жайчылыкпы деги?
-Жайчылык эле. Сиз деле билсенз керек , аларманы мен эмесмини. Мага аялдын бир суусар борку керек болуп, ошону айтайын деп келдим эле.
-Суусар борк дейсинби?- Аккыз эже тандана сураптыр. -Кагылайын синдим, андай баалу боркту кайдан табышат булар?
-Менден чочулабай эле коюнуз. Адамдын ажатына чыкканым болбосо, абийирин ачкан жан эмесмин. Алар алып келген аял тумак болобу, эркек тумак болобу, кайра согуп, турун озгортуп, ичин башка менен ичтеп, жигин билгизбей кайра жасайм.
-Жасап аны кайра эмне кыласын?
-Э, кокуй, сатпамбы. Жан багыш керекда.
-Сиз менин балдарымды, аты уйкаш башка бироолор менен алмаштырып жатат окшойсуз. Алар андай кымбат баалуу тебетей менен тумактарды кайдан тапмак эле. Барыныз, андай соодагерлер мында жашабайт.
-Кантип жашабайт? Так ушул уйдо жашайт алар.
- Жашаганы менен да менин балдарым андай жаман ишке барбайт.
-Актанбай эле коюнуз. Оз уулунуз Эмилда, аяш уулунуз Толкунбекда ууру. Эч жерде иштебесе, акчаны кандай таап жатат деп ойлобойсузбу, акылыныз болсо. Тим эле тоо турбайсызбы, чайнаганды билип жутканды билбеген.
-Жок, жок, жалган айтпа антип. Эмилим иштейтда курулушта.
- Мына, иштейт. - Аял баш бармагын салаасына чыгарып корсотуптур. -Балдарыныз келсе, мени келип кетти деп айтып коюнуз. - Анан ал шарт бурулуп чыгып кетиптир...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   fittoniya   01 Март 2015 - 22:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

Уландысы
Биз келгенде Аккыз эже керебеттен учуп тушуп,жерде ич кийимчен томолонуп жатыптыр.Жанында турган Эмир мене Темир,Кымбат учоо энеинин устуно тушо калып:Апаке! Апакебайым! !!!-дешип, кулундай чынырып жатышканын коруп,журогум атып кетти.Мен ал кишини олуп калган экен деп ойлоптурмун.
-Апа-ке-е! -деп Эмил энесин коздой шашты.-Эмне болду сага?Жерге ким тушурду?
-Эч ким тушургон жок,озу кулап....-Эмир унулдоду.
Аккыз эже коздорун бардап,экообузду алмай-термейкарап алып,таза колу менен оз башын озу койгулап,улуп уншуп ыйлап жиберди.
Эч нерсеге тушунбогон биз,эженин тошогун ондоп салып,ордуна которуп жаткырдык.
-Эмне болду?-сурадым мен Эмирден.-Толуктап тушундурчу.
-Мен огороддо жургон болчумун.Уйго кирсем бир чоочун аял апама кыйкырып суйлоп жатыптыр.Апамдан Эмил байкем экоонду сурады.Ал аял кеткенден кийин апам озунчо ыйлап жатып эле,турам деди окшойт,мен жетип кармаганча болбой кулап кетти.
Аккыз эженин ачуу уну мени селт эттирди.
-Оо,шумдук, ушундай да шумдук болот экен ээ.Эй жузу кара Эмил!Эмнеге мага калп айтып,алдап журосун.Ак сутум урсун сени.
-Ап-а-а!- деди Эмил мукактанып. -Мен....
Аккыз эже булактай аккан коз жашын токкон калыбында,кирпик ирмебей уулун тиктей берип,созун болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   fittoniya   01 Март 2015 - 23:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 133
  • Катталган: 19 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Июл 2016 09:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Апамдын журогу,дайым ошол жердемин.

-Коё турчу,атанын наамын булгаган ит,акыл эсим ордунда турганда суйлошуп калайын сени менен.Толкунбек, сен да угуп тур.Алты саны аман,ден соолугу ашып-ташып турган жаш жигиттер силердей болобу.Аккыз эже созду болуп-болуп суйлоп,улам- улам тыныгып,демиккенин басып,уктап кетчудой болуп созула тушуп барып,кайра козун алсыз ачып,кеберсиген когуш эриндерин ###### коюп акырын суйлоп жатты: Иштеп ишке тойьой,тоону томкоруп ойду омкорор кезинерде жаман жолго тушуп кетипсинер го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   05 Март 2015 - 01:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Мен баарын уктум.Оо Жараткан каракчы болот деген эмне деген шумдук.Мага арам тамак берип,арам өлтүрөйүн деген турбайсыңарбы. Сенин күйүтүңдү көтөрө албай мезгилимден эрте өлүп баратам.Байкуш Зыйнатты Толкунбек сага,сени Кудайга тапшырдым.Ал сага ылайыктуу жуп болот.Мен өлгөндөн кийин балдарды интернатка бергиле.Уурулукту таш-т-аа...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   05 Март 2015 - 01:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Аккыз эженин чарасына толуп мөлмүлдөп турган жашы сыртка сызылып чыга албай,көзүнүн эки кычыгында жалбыракка турган шүүдүрүмдүн тамчысындай мөлтүрөп турду.Ал көзүн ирмебей ,шыпты тиктеген калыбынды кежигеси тартылгансып, кареги жайылып,төбөсүн көздөй жылып бараткансыды. Көздү ачып жумганча Аккыз эже кыймылсыз жатты.
Зыйнат келгенде ,эже эчак муздап калган болчу.Ал энесин кучактап алып,бети башынан туш келди өпкүлөп,көкүрөгүн аймалап,төөчө боздоп ыйлап жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   05 Март 2015 - 01:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

- мен сени өлбөйт дечүү эмес белем.Оо,армандуу дүнүйө,бизди кимге таштап кеттиң?Ак сүтүңдү актай албай калдык.Бул арман,бул өкүнүч менин өмүрүм менен бирге жашап көз жумаар!Оо, менин мезгилсиз кеткен алтын апам...
А Эмил болсо апасын ажалдан мурда эле,өзү жыга чапкансып,унсүз, сөзсүз катып турду.
-Эй балдар тургула өйдө.Эми ыйдан пайда жок.Байкуш Аккыз жакшы киши эле.Жаш да болчу.Акыл эсиңерди жыйнап,өлүктү коюунун камын кылгыла эми.Акчанар барбы?-деп сураган кошуналардын сөзүнөн улам эсиме келе түштүм.Көрсө менда санаага катуу чөгүп кетиптирмин.
-Канча керек дедим көз жашымды сүртүп.
-Миң сом болсо жетээр бекен?
-Миң сом?- Мен чочуп кеттим.
Эмил катуу уйкудан жаңы ойгонгон немеден бетер,башын, көтөрө берип,сүйлөп жаткан адамды максатсыз карагандай томсорду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   05 Март 2015 - 21:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

-Ооба миң сом.Ошондо да шан-шөөкөтсүз койгондо ,деди кошуна карыя менин сөзүмө жооп кылып.- көр казган,кепин алган,куран түшүргөн ,андан башка жаназа дооран дегендер болот.Кара ашына эмне соёсунар?Муну кошо эсептеш керек.Күрүч ,май,боорсок бышыргандай ун,анан дагы кант,чайы.Мындан тышкары жуучуга берүүчү кийимдерин толуктайсынар. ..
Бул сөздү угуп көңүлүм караңылай түштү.Бир кезде Эмил менен Зыйнатты карасам менден беш бетер тигил кишинин оозун жансыз тикиеп муздай тоңуп турушуптур. Эненин күйүтүнөн оор кайгы,бизге эми акча деген балакет оор болуп турду.Мурда мындай оор кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрө элек биз үчүн ,өлүк коюу өзүнчө эле бир кыямат болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   06 Март 2015 - 17:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Тигил кишинин суроосуна жооп кайтара албай эстен танып турдук.Абалабызга тушунгондой болгон бироого бизге минтип кайрылды; -Эмилим курулушта иштейт дечуу эмес беле апан,ошол иштеген жерине барып,энем олду деп жардам сура. Ушул айтылган соз Эмилге кандай таасир берди билбейм менин журогувумдон чыккан жагымсыз толкун мээме барып урулуп анан эки чыкыйым кысылып чыкты. Кошуналар олукту алып,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   06 Март 2015 - 18:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

устун шейшеп менен жаап кошого тартып кеткен кийин ,эженин кроватынын баш аягын тытып жатып 150 срм таптык.Бул арзыбаган неме эмнеге жетет. Эки уч бала кенешип тунку жортуулга чыгып ,Эмилге жардам бермекчи болдук.Бизде азыр мындан башка арга жок болуучу.Баягы жоболондуу алармандан карызга акча сурасак товарынарды алып келип коргозмойун бир тыйын бере албайм деп созубузду укпай койду.Анан эн зарыл болгон товары норка же суусар экен.Биз анын сезону эмес экенин айтып жалдырадык. Акыры аял бизди зекий карады:Мурда алтын шакек алтын иймек дегендерди алып келип калуучу эмес беленер .Эмне анын сезону да бутуп калыптырбы? Биз ундобой кайра чыктык.Четки аялдамалардын биринен болбосо биринен болуп калаар деген ойдо автобуска тушуп жоноп калдык.Жургунчулордун арасынан башкалардан озгочо айырмаланып колуна жарашыктуу алтын шакек салынып турган ,улгайып калган салабаттуу аялга козубуз тушту.Ал тушууго камына баштаганда бизда ордубуздан жылып эшик жака бет алдык.Машинадан кудай жалгап тигил аялдан башка жан адам тушподу.Сонун болду деп ойлдук.Шырт алдырбай артынан жете келип:Кыйкырба олосун!,-дедик бычак корсотуп.Аял калтырап унсуз турду.Колтугуна кыскан сумкасын жулуп алып ичинен намиянын анын колундагы кош шакекти сууруп алдык.Аял бизден бошоноор бошонбостон эле : Оо, журт, оо эл журт, жарда-а-м-аа, жардам бергиле, каракчылар тоноп кетти,-деп айгайлап кала берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   06 Март 2015 - 18:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

устун шейшеп менен жаап кошого тартып кеткен кийин ,эженин кроватынын баш аягын тытып жатып 150 срм таптык.Бул арзыбаган неме эмнеге жетет. Эки уч бала кенешип тунку жортуулга чыгып ,Эмилге жардам бермекчи болдук.Бизде азыр мындан башка арга жок болуучу.Баягы жоболондуу алармандан карызга акча сурасак товарынарды алып келип коргозмойун бир тыйын бере албайм деп созубузду укпай койду.Анан эн зарыл болгон товары норка же суусар экен.Биз анын сезону эмес экенин айтып жалдырадык. Акыры аял бизди зекий карады:Мурда алтын шакек алтын иймек дегендерди алып келип калуучу эмес беленер .Эмне анын сезону да бутуп калыптырбы? Биз ундобой кайра чыктык.Четки аялдамалардын биринен болбосо биринен болуп калаар деген ойдо автобуска тушуп жоноп калдык.Жургунчулордун арасынан башкалардан озгочо айырмаланып колуна жарашыктуу алтын шакек салынып турган ,улгайып калган салабаттуу аялга козубуз тушту.Ал тушууго камына баштаганда бизда ордубуздан жылып эшик жака бет алдык.Машинадан кудай жалгап тигил аялдан башка жан адам тушподу.Сонун болду деп ойлдук.Шырт алдырбай артынан жете келип:Кыйкырба олосун!,-дедик бычак корсотуп.Аял калтырап унсуз турду.Колтугуна кыскан сумкасын жулуп алып ичинен намиянын анын колундагы кош шакекти сууруп алдык.Аял бизден бошоноор бошонбостон эле : Оо, журт, оо эл журт, жарда-а-м-аа, жардам бергиле, каракчылар тоноп кетти,-деп айгайлап кала берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   06 Март 2015 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

БУл табылга биз учун жетишсиз болуучу.Анткени биздин алармааныбыз товарды эн апзан алуучу.Баса эсибизди жыйып,баякы акча салган наяманы карасак ичинде элуу сомго жетпеген акча бар экен.Учообуз тен суйлошпой унсуз келаттык.Журогумдун урушу али басылбай муундарым калтырайт.Кочо ээндеп машиналардын журушу ээндей бащтады
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   07 Март 2015 - 18:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Мемиреген ушул тынчтыкты кимдир бирөөнүн такылдай баскан добушу бузуп жибергендей болду.Биз бактын көлөкөсүнө жашынып тура калдык.Тура тушубузга келенгде шыңга бойлуу кыздын жалгыз келаткан сөлөкөтүн көрүп ,мышыктай болуп атып чыктык.Сен бакырып жибердиң.
Анда эмне болгонун мен айтпасам да ,өзүң жакшы билесиңда Жайнагүл.Ошол түндөгү ,сенин алдыңдагы күнөөмдү эстегенде жүрөгүм торго түшкөн жырткычтын жүрөгүндөй түрсүлдөгөнүн айтпа.Адам уялганынан өлбөйт тура.Алтындай болгон жазыгы жок адамды өлтүргөнүбүз ,арамдан тапкан акчабызды кошуп,Аккыз эжени акыркы сапарга узатып кала бердик.
Ошондо ,акылыбызды кудай алганда ,Эсен ага менен Аккыз эженин ага-тууганына ,жакшы санаалаш жоролоруна кабар берүү эч үимибиздин эсибизге келбептир.Вл жөнүндө эч ким да бизге эскертпептир. Кийин Эмилге көп кишилер таарынып,наразы болуп жүрүштү.Эми ойлосом өлүк көмүлбөй калчуудай болуп,бекер эле урунуп-беринип кетиптирбиз. Аккыз эженин бир кошунасы эл депутаттарынын шаардык совеьине барып,ал -абалды түшүндүрүп айткан имиш.Сөөктү коюуга ошол жактан бир топ жардам берип кетиши.Зыйнаттын окуган жеринен мугалимдер, окуучулар келишти." өлүктүн да өз ырыскысы болот " ,-деп айткан сөздүн чындыгы бар экенине ошондо түшүндүм.Эженин кыркынан кийин горОНО менен эл депутаттарынын шаардык аткаруу комитетинин кийлигишүүсү менен балдардын баары мектеп интернатка өткөрүлдү.Үйдө Эмил менен Зыйнат үчөөбүз калдык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   08 Март 2015 - 15:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Биз жаман жолдо кезиккенде күркүрөгөн күз болсо арадан айлар өтүп,кайра жаркыраган жаз келди.Баягы уурулук менен киши тоноону Эмил экөөбүз тен таштаганбыз. Мен тигилер менен жүрүп,экинчи жылы окууга өтөм деген тилегиме жете албай калдым.Аны билесиң.Окуу эмес учетумдун жоктугунан эч жерге ишке албады.Эмил болсо Ата Мекенди коргоо милдетин өтөгөнгө кеткен.Аккыз эженин өлүмүнө себепкер болуп ,эне алдында ачылган биздин айып,бизге чон сабак болду Жайнагүл.Жамандыктан оозу күйгөн Толкунбек,эми кайда,эмне кылып жүрөт болду экен дээрсиң.Каргышка калган киши оңойлук менен оңолбойт окшойт.Атам айтчуу эле:"Көп кишинин ырыскысы көп болот.Эалгыз кишинин ырыскысы жалгыз болот.Ошол жалгыз кишинин жан сактай албаганы кыйын"-деп. Эми ойлосом атам бул сөздү олуядай туура айтыптыр .Иына менда азыр жалгыз жанымды коерго жер таппай калдым.
Тишимдин кирин соруп,эрте туруп,кеч жатып иштемиш болуп жүрүп,"шабашкадан" түшкөн акчамды бүгүн сага добстребования менен борбордук почтага которуп жибердим.Менин өикөн-кеткен күнөөмдү кечирип алдырып ийген буюмдарынды кайра алып ал...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   08 Март 2015 - 15:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Кээде силер жака барып сенин караанынды көрүш үчүн,айланчыктап жүрүп кайра кетип жүргөнүмдү сезбестирсиң. Өгүнчөрөөк бир дем алышта тапкан табылгамды жаныма салып алып дагы бардым.Кокус оңой берди болуп көрүшүп калсак,акчаны өз кодңлум менен берсемби деп ойлогон болчумун.А үйүңө болсо даап кире албадым.Силердин микро район айрыкча бак шактуу эмеспи.Ортогу ачык аянттагы алма багынын бирине жөлөнүп ,силердин үй жакты карап турсам,бир кезде ага жеңең болуп подъезден чыша келдиңер.Сен ак көйнөк кийип,чачыңды эки өрүп артыңа бош таштап коюптурсуң. Бутуңа көйнөгүңө жарашак ак басаношка боюңа бой кошкондой жарашып калыптыр.Өзүңдү бакырайып карап туруп эле ,кайсыл тарапка бурулуп кеткениңди билбей,адашып калсам болобу.Артыңдан чуркагым келди."Жай- на-гү-ү-үүл! "-деп үнүмдүн бардыгынча жер-сууну бцзуп бакыргым келдңип,делебем козолуп барып токтодум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   22 Апрель 2015 - 12:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Менин сага өзүм жөнүндө айтып,мактана турган эч нерсем жок.Мындан аркы максатым бирөө гана.Ал болсо атам менен энемдин маңдайында барып ,алардын айткандарын айткандай аткарып ,акылын угуп адамча жашоо.Дегинкисин айтканда ,Аккыз эженин өлүмү мен үчүн өмүр ьою эсимден кеткис трагедия болду.Уйкудагы уятсыз сезимимди ойготуп,көзүмдү ачты.Кээде уялганымдан уу ичип өлүп кетким келет.Мен кетирген кемчилигимди ,жасаган күнөөмдү адамдык сапатым,ак эмгегим менен өтөп ,өзүңө берүүгө татыктуу болгон бактылуу мезгилди эңсейм.Ооба Жакин ,мен сени менен эми жакшы күн ,жакшы жолдо кезүүгүгө тийишмин.Ага жетүүгө канча күн зврп болоору мага али белгисиз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   22 Апрель 2015 - 12:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Жайнагүл катты эки-үч сыйра окуп чыкты.
Өзүнөн өзү каңырыгы түтөп ,өзүнөн өзү ыйлагысы келип турду."Байкуш Толкунбек! "-деди жүрөгү каарылып .-Ойдо жок жерден,онтобой ооруга жолуккан неме тура .Бечера аялдын ажалдан мурда өлгөнүн көр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Morskayazvezda   24 Апрель 2015 - 13:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 157
  • Катталган: 31 Март 14
  • Соңку аракети: 13 Июл 2025 12:43
  • Жынысы:Аялзаты

Кыз Толкунбектин канча акча жибергенин билген да жок.Бирок билбесе да шакек менен саатка жетээрин түшүндү.Почтага азыр барсам алат экенмин деп ойлоду,каттын жазылганына эки-үч күн болгонун көрүп.
Ошол күнү Жайнагүл Толкунбектин жиберген акчасына "Заря" маркасындагы кол саат менен колуна жарашыктуу ,татынакай алтын шакек сатып алды.Жолдо келатып оюна күтүлбөгөн жерден бир нерсе түштү.

Билдирүүнү түзөткөн: Morskayazvezda: 24 Апрель 2015 - 13:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июл 2025 04:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: