Суперстан: Бактылуу адамдардын эң негизги 7 белгиси - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бактылуу адамдардын эң негизги 7 белгиси

#1 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Конул коюп окуп коюнуздар кереги тийет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

"Бактылуу өмүр жок, бактылуу мүнөттөр гана бар"...

Бул кепти сиз көп эле жолу уксаңыз керек. Дегеле бакытты көргөн киши такыр жок, аны бир гана туюу мүмкүн. Өзүн бактылуу сезген кишилер деп кимди айтабыз? Алардын сырткы көрүнүшү, өзүн алып жүрүүсү кандай болот? Дегеле бактылуу кишилер өздөрүн кандай учурда бактылуу сезишет. Изилдөөлөрдүн натыйжасында бактылуу кишинин эң негизги 7 адаты бар экен. Карап көрүңүз:

1. Башкалардын ал жөнүндөгү ою менен таптакыр кызыкпайт.

Алар айланасындагылардын ошол бактылуу сезимине терс таасир беришин каалашпайт. Ким кандай пикир айтпасын, ал сөздөр суудай эле агылып түшүп кетет. Себеби алардын ою боюнча:"Татыктуу киши - ал кемчиликтери бар киши эмес. Ал өзгөчөлүктөрү көп адам!".. .

2. Айланасындагы адамдардын жалаң жакшы жактарын көрөт.

Бардык жаман нерсенин жакшы да тараптары болот. Капкара нерседен кичи болсо да, ак чекитти табуу мүмкүн эмеспи? Маанай түшүрчү кырдаалды жакшы тарапка өзгөртүп кете албаса да ал адамдар өздөрү жакшы маанай болуп бере алышат. Алар эч качан өкүнүшпөйт. Жөнөкөй маанайдагы кишилер үчүн "жакшы" болгон нерсе алар үчүн "сонун" деп аталат.

3. Ар дайым кимгедир ыраазы болуп, бат тил табышат.

Бактылуу кишиге сиздин ким экениңиз, кайсы шаардан, райондон экениңиз, үстү-баш, кийимиңиз маанилүү эмес. Аларга кошо жылмайып, кошо бактылуу болчу киши болсо болду..! Башкаларга ыраазычылык айтуу үчүн алар убактысын аянышпайт. Ыраазы болуп, жылмайып жүрүшөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Adilet94   04 Март 2015 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 463
  • Катталган: 16 Август 14
  • Соңку аракети: 13 Мар 2017 23:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

4. Алардын жүзүндө ар дайым жылмаюу уялап турат. Шайыр, кубанычтуу жүрүшөт.

Уильям Джеймс "Биз бактылуу болгонубуз үчүн жылмайбайбыз. Жылмайганыбыз үчүн бактылуу болобуз" деген пикирин айткан экен. Жылмаюу жана күлкү - бактылуу адамдардын айрый алгыс жан жолдошу. Биз эң көп убактыбыз өткөргөн адамдар биздин жашообузга өтө чоң таасирин тийгизет. Эгерде сиз да бактылуу адамдар менен көп убакытка чейин чогуу журө берсеңиз, анда алардын жакшы маанайы сизге албетте таасирин берерин изилдөөчүлөр далилдешкен. Канчалык маанайы мыкты адамдар менен жүрсөк, биздин жашоо ошончолук түрдүү түстөргө боёлот экен.

5. Бактылуулар ар бир учурду баалай билишет.

Алар жума күндү же жекшембинин таңын, жаңы унаанын сатып алынуусун күтүшпөйт. Жаз, жай, кыш жана жазды алар ылгашпайт. Себеби, эң чоң ката бул - керебетте өлүм менен алышып жатып, өмүрдүн узарышын күтүү эмеспи?..

6. Алар бактылуу учур жана бул өмүр - убактылуу экенин жакшы билишет.

Өзүндө бар нерсени бардай кабыл алуу - өтө кыйын көрүнүш. Акыры бардык аткарылган да, аткарылбаган да нерсе - жакшылык үчүн да... Алар чыныгы жыйынтыкка жетүүнү эмес, ага умтулган аракетти баалай билишкендиги үчүн-бактылуудур. Кемчилиги үчүн жана эмнегедир жетишпей калгандыгы үчүн алар эч качан өкүнүшпөйт. Алар баарына каниет кыла билишет. Алар өздөрүн аябай сүйүшөт жана ар дайым баалай билишет. Эгерде кээ бир пландалган нерселер ойдогудай болбой жатса да, алар үчүн ошол нерсе - нормалдуу. Анткени бардык нерсени бирдей калыпта, тең салмакта кармап туруу пенденин колунда эмес..!

7. Алар тоону омкорушпайт. ..

Бактылуу кишилер үчүн өзүн бактылуу сезүүнүн эң бир жөнөкөй "формуласы" - дүйнөнү өзгөртүү. Ааламды өзгөртүү үчүн кандайдыр тоону омкоруп же бир цунамини токтотуп калуу керек эмес. Жөн гана жылмаюуда аалам камтылбайт деп ким айта алат? Жөн гана жылмайып, досторго жардам берип, аларга белектерди арнап, жагымдуу сөздөрдү айтуу - дүйнөгө жылмаюу, аны өзгөртүү демектир..!

Адатта көз алдыбыздагы бакытты да тааныбай калабыз. Пенделер - адашуучулар, алар бакытты кечигип түшүнүшөт экен. Канча бир убакыттан кийин артына көз салып көргөн киши гана бактылуу учурларын "тааный билет". Бар бакытты баалай билүү - керемет көрөгөчтүк. Ошон үчүн ар бир мүнөттү жакшы маанайда жашай билели. Бактылуу болгондо жылмаям дебеңиз. Балким бакыт сезими сиздин жылмаюуңуздун артында жашынып жаткандыр... Жылмайып жүрүңүз, анткени жылмаюу - садака деп айтылат экен илимде. Бактылуу жылмаюулар ар дайым жүзүңүздү уялап турсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   zloy.   06 Март 2015 - 00:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 600
  • Катталган: 26 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 24 Фев 2016 15:41
  • Жынысы:Эркек

жакшы экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Anhel   06 Март 2015 - 08:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 01 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 20 Фев 2020 17:42
  • Жынысы:Аялзаты

:78:



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Baktyluumun   06 Март 2015 - 08:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Июл 2025 17:38
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Дайыма жылмайып журуш керек экенда... Сүрөт
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Anhel   06 Март 2015 - 08:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 01 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 20 Фев 2020 17:42
  • Жынысы:Аялзаты


Сен жылмайсан дуйно сага жылмайат дейт беле. :)


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Kursanai   06 Март 2015 - 09:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 703
  • Катталган: 26 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 04 Сен 2017 21:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

соонун маалыматтар экен)))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Bermet_Kasymova   06 Март 2015 - 12:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 269
  • Катталган: 05 Август 14
  • Соңку аракети: 05 Дек 2019 23:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Баардыгы менден байкалат тура)). Демек мен бактылуу адаммын!)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   rnurzida   06 Март 2015 - 14:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Сонун маалымат го. Авторго ыраазычылык.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   orhideya   06 Март 2015 - 17:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

:oilonup: Аракет кылыш керек экен...

Билдирүүнү түзөткөн: orhideya: 06 Март 2015 - 17:29

А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   sagyn91   06 Март 2015 - 17:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 041
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2016 01:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

ОО эми дайыма жылмайганга аракет кылыш керек экен да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   aijan   06 Март 2015 - 18:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Бактылуулуктун бир минусу бар- илхом/ эргуу келбейт. Себеби токпейил журосун да, бакытка козун тумандап.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   uliana   06 Март 2015 - 19:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 91
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 13 Июн 2015 23:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Керектуу маалыматтар. Чон рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Geran   06 Март 2015 - 21:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Демек менде бактылуулуктун бир белгиси да жокпу ошондо:89:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   nooken.kg   06 Март 2015 - 21:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 682
  • Катталган: 22 Июнь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ноокен району. ТАШТАК айылы.

Просмотр сообщения Geran (06 Март 2015 - 18:23) жазган:

Демек менде бактылуулуктун бир белгиси да жокпу ошондо:89:



Кузкуго карап моонтсениз :). Мына пайда боло баштады.

Билдирүүнү түзөткөн: nooken.kg: 06 Март 2015 - 21:48

Кудай буйруса АТА болом!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Angel92   06 Март 2015 - 22:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Кудайга шугур БАКТЫЛУУМУН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Март 2015 - 22:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бактылуулукту да убагында баалай билуу керек. Бирок баарыбыз эле учурундагы бактыбызды убагында сезе бербейбиз. Качан гана бакыт бизден кол жууп кеткенде гана "эхх ошол учурда кандай гана бактылуу болгон экем ээ" деп откон кунго сарэсеп салып калабыз.
А бирок бул бир келген кыска жашоодо ар бир секундда бактылуу болууга "улгуруп" калышыбыз керектигин да эстен чыгарбоо керек. Жалпысынан алганда баары озубузго байланыштуу
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Geran   06 Март 2015 - 23:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 413
  • Катталган: 03 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Янв 2021 12:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения nooken.kg (06 Март 2015 - 21:48) жазган:



Кузкуго карап моонтсениз :). Мына пайда боло баштады.


Рахмат чын эле карап корсом мен бактылуу экем...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   nooken.kg   06 Март 2015 - 23:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 682
  • Катталган: 22 Июнь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ноокен району. ТАШТАК айылы.

Просмотр сообщения Geran (06 Март 2015 - 20:39) жазган:

Рахмат чын эле карап корсом мен бактылуу экем...



2 дүйнө бактылуу болуңуз!


Кудай буйруса АТА болом!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 04:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: